МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: МЕКЕНЧИЛ МЭЭНЕТКЕЧ КЕҢЕШ ЖУСУПОВ

Дөөлөттүү карыя

Кеңеш Жусупов «Жаз» деген эссесинде өзүнүн балалык учуру тууралуу мындай баяндарды жазат: «…Атам Кара жорго деген атты кабактан сугарып кел деди. Жоргону жетелеп, колума чака алып, коктуга түштүм. Жазгысын атты дайрадан сугаруу биздин айылда оңой эмес. Көктөмдө кокту-колоттун кары сарыгып, дайранын жээгин муз каптап, суу күкүктөп турат. Ат күбүргө барбай ыргыштап, суу ичпей коет. Аны чакалап сугарабыз.
Бир жолу чакага суу сузуп алсам, балык кошо түшүп калыптыр. Чакадагы сууну көтөргөн бойдон, атымды унутуп, дегдеңдеп үйгө чуркапмын. Балык кармаганымды атама айттым.
— Убал болот, — деди атам. – Жазында эми балык көбөйө берет. Бар да, балыкты кое бер.
Мен чаканы кайра сууга көтөрүп барып, нымжан муздак балыктын оозуна шилекейимди тамызып, достошуп коё бердим…»
«Наристе кезибизден эле бизди табият энедей алпештеп, жыгылсаң алдыңа өлөң чөбүн төшөп, бооруна басып, колдон жетелеп, дүйнө тааныткан.
Тоолуктардын балдары адегенде табияттан сабак, таалим алганбыз.
Мадыра беш кезиңде биринчи көргөн кушуң, гүлүң, булагың өмүр бою эстен кетеби?
Эшик алдындагы карагай отун жарсак тоо бизге жаңырып турчу.
Күңгөйдүн кары кетээри менен жерден буу чыгып, дымып, нымшып калар эле. Жаңыдан кылайган көктү саяң кези нымжан чөпкө аралаш жоогазын гүлү чыга келет. Биз темир шишти көтөрүп, боорубуз менен жер сайгылап, алгачкы жер ырыскысынан элден мурун ооз тийчү элек. Данын жеп, гүл сабагын жерге көөмп койчубуз, кайрадан өсүп чыгар деп жүрбөйбүзбү!»
Кеңеш Жусупов дал ушундай табият койнунда, жаратылыш кучагында, ошол кыргыз жеринин кереметин көрүп да, андан тарбия-таалим алып да чоңойду. Өзгөчө ал кезде тоо арасында жашаган эл табият менен танымсыз карым-катышта болуп гана калбай, ага сыйынып, ыйык көрүп, сактап турган. Анан ошол эле жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо учурунда узун сөздүн учугун улап, оозеки сөз өнөрүнө балдарды аралаштырчу. Бул иште чоң энеси Уулбаланын ролу айрыкча чоң болгон. «Бала чагымда эмне сонундарды көрсөм, ажайып нерселер туурасында эргип кыялдансам, кандай максат-тилектерди ойлосом, кандай жакшы сөздөрдү уксам, турмушта не бир адамдардын адил сапаттарын үйрөнсөм – мына ушулардын баары үчүн, ошо чоң энеме милдеттүүмүн. Ыраматылык далайды көргөн, нарктуу, акылман, сөзмөр, ымандуу киши эле», — деп эскерет жазуучу кийин чоң энеси тууралуу.
К.Жусупов Нарын жериндеги Тян-Шань районунун Эчки-Башы деген айылында 1937-жылы жарык дүйнөгө келди. Жашынан жанагындай табият койнунда өсүү, сөзгө кунтун коюп угуу анын адабиятка болгон ышкысын ойготкон белем, орто мектепти бүткөн соң университеттин филология факультетине келип кирди. Студенттик кезинде чыгармачылыгы башталып, «Күтүү», «Акын», «Эненин жүрөгү» деген сыяктуу үйрөнчүк аңгемелерин жазган. Университетте окуу ага жазуучулуктун сырларын үйрөттү. 1961-жылы окууну бүткөндөн кийин эки жылдай Нарын областтык «Нарын правдасы» газетасында иштеди. Газетада иштөө анын эл турмушуна дагы тереңирээк үңүлүүсүнө шарт түздү. 1964-жылы жаш акын-жазуучулардын «Жаштак сапар» деген адабий альманахы чыккан.
Ошого кийин кыргыз адабиятынын оор жүгүн колдон алган ал кездеги адабий талапкерлердин тырмак алды чыгармалары жарыяланган эле. Ушулардын ичинен К.Жусуповдун «Эне кудурети» деген аңгемеси өзгөчө чыйрак жазылгандыгы менен өзүнчө бөлүнүп турган. Анын башкы каарманы – кат ташыган Батма аттуу аял, эне. Анын аңгемеде баяндалган бир күнү өтө оор күн – ал дал ушул күн өлүм кабарын алып келе жатат. Согуш майданынан алыс турган тоо айлындагы тоолук эненин жүрөгү аркылуу почтадан үйгө чейинки аралыктагы эненин абалы, анын трагедиясы жалпы ааламдык трагедия менен айкалышып, жазуучу тарабынан психологиялык кырдаалдарда ишенимдүү турмуштук кырдаалдарда ачылып берилет.
«Нарын правдасынан» соң борбор шаар Фрунзеге келип, Кыргыз ССРинин Министрлер Советине караган Басма сөздө мамлекеттик сырды сактоо боюнча комитетте (1964-1966), «Кыргызстан» басмасында иштеди. Ушул жылдары, тагыраак айтканда, 1965-жылы «Жашоо кумары» деген ат менен биринчи китеби чыгат. Алгачкы китеби менен эле ал өзүнүн оригиналдуу жазуу ыкмасына умтулган, эл турмушун жакшы билген автор экендигин көрсөттү. Мисалы, жыйнакка «Аянкул» аттуу повесть киргизилген. Аеолуу адам Аянкулдун тагдыры баяндоочу каарман жаш баланын жүрөгү аркылуу өтөт. Аянкул – эки көзү көрбөгөн азиз адам, ал эми анын жан дүйнөсү жарыкты, кеңдикти, алыс-алысты эңсейт, бирок анын жараткан берген ошол көрүү бактысын согушта адам баласы аксатып салган. Бир жагында азиз адам, бир жагында роматикалалуу дүйнөсү менен жашоону башкача караган бала турат, экөө биригип, повесттин драмалык да, оптимисттик да маанайын аныктап берет.
Бул чыгарманын жазылышы тууралуу автор «мен согуштан кийин, Аянкул деген майдандан эки көзүнөн айрылып келген агабызда кээде жетелеп да жүрдүм» деп жазат. Ырасында эле анын согуш жана согуш бүткөндөн кийинки алгачкы жылдардагы көрүп-билгендери «Күтүү», «Мен байкемди сагындым», «Эне кудурети», «Аянкул», «Жашоо кумары» деген сыяктуу бир топ чыгармаларында чагылдырып, анда согуш трагедиясын балалык баео жүрөк менен таасирдүү кылып айтып берет.
Ушул жылдарда жаш жазуучунун «Каралдым тоолор» (1966), «Жүрөгүм менен тоолордо» (1967) деген китептери чыгат. Бул китептердеги өзгөчө көрүнгөн нерсе – прозадагы лиризм эле, б.а. карасөз менен эле жазуучунун өзүнүн ички толгонууларын, ички сезимдерин: кайгысын, кубанычын, ырахатын, ыйын, толкундануусун, кооптонуусун ж.б. билдирүүсү. Ошол эле кезде бул чыгармаларда кыргыз тоолорун даңазалоо мотиви күчтүү көрүнөт. Демек, ушул өзгөчөлүктөрү аркылуу жусуповдук өзүнчө үн угулуп, жалпы адабиятыбыздын хорунан бөлүнө баштаган.
Ушул жылдарда «Карагайчылар» деген повестти орус тилине которулуп, жалпы союздук адабий сында жакшы баасын алды. Чыгарма карагай кескени айылдан алыс барган чакан жамаатты түзгөн адамдардын ким экендигин, аларды эл ичинен бөлүп, алыска, кыйынчылыкка алып барып караганда өздөрүн кандай жактан көрсөтө тургандыгын аныктаганды менен кызыктуу эле. Ошондой эле бул повестте жаш адамдын жетилиши, ага таасир эткен шарт-жагдайлар, адамдар, деги эле ыймандык проблемалар курч да, билгичтик менен да коюлгандагы өз кезегинде адабий сында белгиленген.
К.Жусупов 1968-1973-жылдарда «Кыргызфильм» киностудиясында эмгек кылды, 1973-жылдан 1978-жылга чейин иштебей, жалаң эле чыгармачылык менен шугурланды. Дал ушул кезде анын чыгармачылыгынын жаңы кырлары ачылды, ал дүйнө кезип, бөтөн жерди тоолук кыргыздын көзү менен карап «Микеланджело мекенинде» (1971), «Япония элестери» (1978) деген китептерин чыгарды. Армения, Волга бойлоп саякат сапарларына чыгып, алар таасирлерин келиштирип жазды. Мында эң биринчи жолу чет жерлердин артыкчылыктары, алардын табияты, көркөм өнөрү, шаарлары, адамдары туристтин же саясатчынын көзү менен эмес, кыргыз гуманистинин, карасөздөгү лириктин көкүрөк-көөдөнү менен өтүп, окурмандарга суктанарлык да, кызыгарлык да, тамшантарлык да маанайда айтып берди. Бул китептерди окуган окурмандар Италияда, Арменияда, Орусияда же Японияда жазуучу менен кошо жүргөндөй боло берет.
Ушул жылдарда анын «Ыр сабындагы өмүр» (1974) деген эссеси чыгып, ал чыгарма кыргыз адабиятындагы жаңы көрүнүш катары адабий сында да, окурмандар чөйрөсүндө да жогору баасын алып, автор бул чыгармасы үчүн республиканын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болду. Эгер бул документалдуу баян акын Алыкул Осмоновдун өмүр үзүмдөрүн баяндаса, кийин ошондой эле негизде философ-окумуштуу Асанбек Табалдиев тууралуу «Бир өмүрдүн сабагы» деген биографиялык баянын жазды. Бул үндөш эки чыгармада улуу адамдардын улуулугу сөздүн керемет күчү менен тартылды.
Кеңеш Жусупов 1978-жылдан «Ала-Тоо» журналында адегенде адабий кызматкер, 1987-жылдан башкы редактор вазийпасында иштеп, улуттук кенчтерди, «унутулган адабиятты», тарыхтын «ак тактарын» элге жеткирүүдө эбегейсиз мээнеттенди. Ошол жылдары кыргыз эли бай мурасыбыздын катылган кабынын оозун ачкандай, журналдын ар бир санын талашып, колдон колго өткөрүп окушту. Ал материалдардын көпчүлүгү кейин «Кыргыздар» деген аталышта китептер сериясында чыгып жатып, 2004-жылы он томдук катары бир кыйла толук басылды. К.Жусупов түзүүчүсүнүн бири болгон бул китептер – 20-кылымдын соңку кылымдарга өткөрүп берген баа жеткис табериги, мааниси өлчөөсүз руханий кенчи.
Кеңеш Жусуповдун чыгармачылыгындагы дагы бир баскыч – «Манас» дастанын карасөзгө айлантуусу. Бул чыгармасы өзүнчө китеп түрүндө 1995-жылы жарык көрдү. Ошол китепке жазган баш сөзүндө Түгөлбай Сыдыкбеков мындай баа берген: «Мен жазуучу К.Жусуповдун «Манас» эпосун карасөз менен жазганын окуп чыгып, анын көркөм тилине, баяндоо ыкмасына, эпостун окуяларын толук камтыганына, дастандын духун түшүнгөнүнө, поэзияда уютулган кең дүйнөнү терең чечмелеп, жандырганына көңүлүм тойду».
К.Жусуповдун чыгармачылыгында тарыхый баяндар, публицистикалык жанрдагы чыгармалар, биографиялык эсселер өзгөчө орунда турат. Анын «Айылым жөнүндө баян» (1972), «Атажурт» (1974), «Тулпар» (1986) деген китептери кыргыз айылынын, кыргыз жеринин, кыргыз улутунун улуулугун, элдик салттардын көөнөрбөстүгүн даңазалоочу көрүнүктүү чыгармалар.
Жазуучу 2001-жылы «Байыркынын издери» деген китебин тартуулады. Бул китепти автор өзү улуттук дух жана рухий дүйнө жөнүндө деп атайт. Мында байыркы кыргыздардын тарыхына жана рухий маданиятына ой чабыт жасоо менен бирге эле, улутубуздун жоокерчилик өнөрү, бозүй маданият, элдик аңыздары, бакшычылыгы, ишенимдери, табынуу, сыйынуулары тууралуу, таш жазуулары, тулпарлары, оозеки сөз өнөрү жөнүндө тарыхый да, заманбап да материалдар менен коштоп, документалдуу-көркөм, публицистикалык баян курат. Бул китеби үчүн жазуучу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алууга арзыган.
Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов чыгармачылык активдүүлүктө иштеп жаткан агартуучу, жазуучу, тарыхчы, публицист жана эң негизгиси мекенчил инсан.