МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ТОКОМДУН УСТАТТАРЫ КИМДЕР ЭЛЕ?

 Чыгармачылыкта, анын эң жогорку, уникалдуу формасы болгон төкмөлүк өнөрүндө устатчылык жана шакиртчилик феномени өзгөчө мааниге ээ болору түшүнүктүү. Бул жагынан биздин адабиятчылар Токтогул Сатылган уулунун улуу устат болгондугун, аны айланып-тегеренип, баш-аягы алтымыштай шакирт жүргөнүн айтып келет. Албетте, дүйнөлүк оозеки адабиятта сейрек кездешүүчү тагдыр-шыбага. Бирок акындын устаттары, ага өнөр үйрөткөн, тапка келтирип, байгеге сайган саяпкерлери, акындык гана эмес адамдык нарк-насили менен өрнөк берген адамдар тууралуу анчалык кеп кыла бербейбиз. Эгерде өзүнөн кыйын, өзүнөн таланттуу инсандар менен чыгармачылык алакада болбосо, кандай гана талант болбосун жоголот, ичтен ирийт, «устаттан шакирт өтүшү» үчүн ошондой татыктуу таланттардан таалим алышы керек болот. Бул кыргыз ырчылар чыгармачылыгынын айныгыс мыйзамы.

Айрым гана адабияттарда Токтогулдун устаттары катары Чоңду, Сартбай, Көчүбай, комузчу Ныязалы Борош уулу экендиги тууралуу маалыматтар берилет[1]. Булардын ичинен Көчүбай тууралуу кабарлар бүдөмүк, азырынча жокко эсе десек да болот.

Ныязаалы (1856-1941) болсо аксылык чоң комузчу. Ал тууралуу маалыматтар көп эле айтылган. Экөөнүн мамилесин Т.Касымбеков «Келкелде» келиштирип жазган. Токтогул андан негизинен күүлөрдү, комуз чертүүнүн сырларын үйрөнгөн сыяктанат. Аксылык Ныязаалы менен жакындаткан дагы бир нерсе Токтогулдун апасы Бурманын (Бурмаке) саруу болушу, саруунун ичинде сатыкейдин кызы болуп комузчуга жээн экендиги.

Чоңду (Сары ырчы) жашаган мезгили болжолу 1826-1912-жылдар. Ал кушчунун колпоч уругунан, таластык (туулган жери тууралуу «Беш-Таштын алкым жагында, Калбанын Кара-Оюнда» дегени бар). Санатчы, нускоочу, манасчы, Арстанбек, Калмырза менен беттешет, табышмактуу айтышка чыккан чыныгы талант. Алайга барганы жана ал жерде «Айтам» деген ыры ырдалганы белгилүү. Эл башылар, баатырлар Балбай, Кыдыр аке, Боронбай менен жолуккан, Тилекматтын колунан устукан алганы маалым. Ушуларына караганда ал бүт кыргызды түрө кыдырып чыккан. Демек, Токтогулга ыр өнөрүн, анын ичинде манасчылыкты, санатчылыкты, айтыштын түрлөрүн үйрөтүү менен бирге кыргыздын оң-сол жакшылары тууралуу айтып, этномаданий жана географиялык, тарыхый эмприкалык билимдерди да берген өңдөнөт. Токтогул Таласка Чоңду менен жолугушууга барганда казактын Майкөт акыны, кыргыздын Эсенаман ырчысы менен айтышат, ошондо Чоңду Токого «сага эч ким тең келе албайт» деп баа-батасын берет[2].

Дагы бир устаты Сартбай Байжигит уулу (1839-1919). Таластын Кеңколунда Чырканактын оозунда туулган. Кушчу. Көзүм өткөн соң ордумду ушул Токтогул басат дечү экен. Ал акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы. Казак тилин абдан жакшы билген, казакча ырдаган. «Саринжи-Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжан», «Кожожаш», «Жаныш-Байыш», «Ак Мөөр» дастандарын айткан. Ал ушул чыгармаларды айтып жатканда бүт тулку бою кыймылдап турчу экен. Жашында Күңөтай деген кызга үйлөнөмүн, аны үчүн калыңга каражат таап келемин деп Анжианга кетип, кайра келсе, кызды атасы башка бирөөгө берип коёт. Ошондо:

Атың сонун Күңөтай,
Ар дайым сенде үмүт ай.
Айдап-айдап мал берип,
Алып койсом түгөт ай…[3], — деп ырдайт.

Топтон учкан таранчы,
Тобунан бузбай саначы,
Топ кыздардын ичинен
Күңөтай барбы карачы…

Андан ары акын ушинтип каңкакшап зарлайт.

Кийин дал ушул ыргакты, ушул мотивди Токтогулдун алгачкы ырларынан деп жүргөн «Күлүйпа, Күлжар ашык кыз» деген чыгармасынан кездештиребиз:

Кереге таштан эл көчөт,
Кең арал дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Кейисем дартым кимге өтөт?

Үйгөн таштан эл көчөт,
Үч арал дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Үшкүрсөм дартым кимге өтөт?
 ж.б.

Ошол Сартбайдын кабарын 19 жашка келген чагында солтонун Осоке деген бийи угуп, Таластан Чүйгө чакыртып алат. Анын ошол барыштагы Байкабыл менен айтышы Токтогулдун Арзымат менен айтышына окшоп кетет. Сартбай казак акыны Акматбек кызы Мыскал менен да айтышып, ал кызды, байдын кызын жеңет. Бул акында да казак жырауларынын таасири күчтүү болгон, казактардын өлөңдөрүн, аларга окшотуп кыргыздын 11-12 муундуу өлөң формасындагы ырларын айткан. Кийин негедир өлөңдөр баткендик, анжиандык, сарколдук кыргыздарда гана көбүрөөк сакталып, аркалык, таластык, кетмен-төбөлүк кыргыздарда көп учурабай калган, же болбосо андай чыгармалары жазылып алынбаган.

Токтогул өзү айтканы боюнча Орозаалы деген ырчыны устат тутат. Анын бир учугун Кетмен-Төбөнү жердеген Өзүбек Атанаев мындай чубайт: «Токтогул айтчу экен, «он сегиз жашымда түш көрүп, токтоно албай жүрсөм, ак сакалдар: «Аксыдагы Ныязаалыга бар, ошондон жол үйрөн» дешти. Аксыга барсам, Алайдан тойго чакырган кат келди. Ныязаалы ээрчиткен бойдон жүрүп кеттик». Ошол барганда ал жердин мыктылары: «Биздин Алайда Орозаалы деген акын бар, ошону менен айтышасыңар» дептир. «Током үч күнү айтыштым. Үч күндөн кийин Орозаалы акын: «Жүзгө чыкканча үнүң бузулбасын» деп батасын берди. Орозаалынын батасын алганмын, жүзгө чыкканча үнүм бузулбайт» дечү экен. Бирок ал чыгармасы бизге дайынсыз»[4].

Ошондо, Токтогул Алайга 1882-жылы бардыбы? Ошондой болушу мүмкүн. Себеби ошол жылы Арзымат менен айтышып, аны «талкалап», кыйла канааттануу алып калат, аксакалдардын «Аксыдагы Ныязаалыга бар, ошондон жол үйрөн» дегени да ушуга байланыштуу болушу мүмкүн. Анан Токтогул Алайда айтылуу Орозаалы менен үч күн айтышып атпайбы. Бул эмне деген талант, эмне деген керемет? Үч күн… Орозаалы жөн киши эмес, «Ырдаса сайрап жаткан булбул токтой калып уккан» киши. Бул бааны ким айтып атат? Ыры жамгыр болуп төгүлүп турган, бир баштаса, бул дүйнөнүн бир эшигинен кирип, экинчи эшигинен чыкканга чейин чаалыкпаган Барпы апыз айтып атат. Орозаалы тууралуу айтканда анын абдан күчтүү ырчы экендиги, Кокон хандыгынын ырчысы болгондугу, анын ырларын Кудаяр хандын өзү муюп уккандыгы, ырчы катары гана эмес, дин жолуна түшүп, ажыга барып келгендиги айтылат. Илгери биз бала кезде Ноокатта Орозаалы Мекеге ажыга баратканда деңизден бир жандык (жаян балык) чыгып, кемелерин өткөрбөй койгондо тынбай ырдап, анан тиги жандык буларга жол берген экен деген сөз айтылчу. Азыр эми Өзбекстанга карап калган Каныя-Бостондо туулуп, өмүрүнүн көбүн тагаларында – Ноокаттын Кара-Ташында өткөргөн Ботобай Жунус уулу (1961-1944) да дал ошол Орозаалынын үйүндө он үч жыл кызматын кылып, акындыкты үйрөнгөн. Токтогул ошол устат туткан Орозаалы менен үч күн бою ырдашып, сөз өнөрүнүн не бир керемет сырларын үйрөнүп, аны өздөштүрүп, кийинки муунга өткөрүп берип жаткандыгы менен да бизге ырлары белгисиз муун менен кийинки анча-мынча ырлары ак кагазга түшүп калган муундун көпүрөсү сыяктанат.

Дагы бир устат ырчы Нурмолдо Наркул уулу (1838-1920). Кезегинде ал Найманбай, Жеңижок, Бекназар, Токтогул, Мыса, Эшмамбет, Барпы, Нурбай, Наркул, Айдараалы, Эшкожо ж.б. ар кандай курактагы жана деңгээлдеги акындар менен айтышкан. Пайгамбарлар, сабаалар тууралуу кыссаларын ыр менен жазган, ашкере динчил, илими жогору киши болгон. Ал азыркы Ала-Бука районундагы Кош-Терек айылында туулган жана диний билимди Намангандан алып, шарият жолун өтө терең билген такыба кишилерге шакирт болгон. Диний ыйык жайлар катары эсептелген Кашкар, Меке калааларында илимий билимин улантып, кожо даражасына жеткен. Ал бул дүйнө-тиги дүйнө, алал-арам, сооп-күнөө, бейиш-тозок ж.б. түшүнүктөрдү Курандын аяттары, пайгамбардын хадистери менен чечмелеп берген жана аларды ыр менен түшүндүргөн, Чыгыштын классикалык адабиятын түп нускада окуй алган. Акындын ырлары эл арасына өтө кеңири тараган жана анын ошол диний мистикалык, философиялык поэзиясын Токтогул жетик өздөштүргөн. Ал аркылуу кыргыз төкмө акындарына, анын ичинде Токтогулга Саади, Низами, Рудаки, Жами, Хаём, Руми ж.б. көптөгөн акындардын идеялары оошуп өткөн деп айтууга негиз бар.

Жаныш ырчы (1843-1889) тууралуу да устаттардын катарында айтылган учурлар кездеше калат. Ал кушчунун сабатарынан. 33 жашына чейин казактар арасында жашап, илим алып, сабатын ачкан, колунда бар киши болгон, ырлары да казакча, кыргызча аралашып кеткен. 1876-жылы Таласка, Чат-Базарга көчүп келген, айтуудан анын аталары согуштабы, же жылкы тийүүдөбү, айтор, казактарга колго түшүп калган экен, анын тили казакча чыгып, казактын аргындарынын арасында өсөт. Диний билими жогору болгондуктан ырларынын тематикасы да ислам негиздерине таянылат. Талас сапарында К.Мифтаков анын «Каркул» поэмасын, «Коён жылы» ырын бирөөлөрдөн жазып алат. «Саринжи-Бөкөйдү» келиштере айтчу экен. Анын ырларынын текстин карап көргөндө[5] алардын муундары салттуу кыргыз фольклорундай эмес, жазма адабияттын формасында болуп, 11 – 12 муундан турат.

Токтогул дагы бир баа берген киши Айтыке ырчы (1816-1887). Уруусу – саяк, турагы – Жумгал, Суусамыр. Жазуучу А.Стамовдун маалыматы боюнча ал суусамырлык, жолукенин ичинен, козубек уулу[6]. Жантай хан ага жар чакыртканы айтылат. Токтогул ал акын тууралуу «үнү бийик заңкылдап», «булбул тилдүү шаңкылдап», «комузунун башында күмүшү бар жаркылдап», «пейли жумшак кебездей» деген мүнөздөмөлөрүн колдонот. Комузчулугу да, жомокчулугу да, нускоочулугу да мыкты бул адам Нарын, Талас, Көл тарапты кыдырган, Эсенаман, Чоңду менен үзөңгү кагышып жүргөн. Анын бизге жеткен ырлары «Айтикенин Чоңдуга айткан насааты», «О кудай ай, кудай ай», «Ким жакшы», «Тойбойт», «Чоңдунун Айтике менен саламдашуусу». Бул акындын санат-насыят, терме ырларын жогорку чеберчиликте айткандыгын айгинелейт. Мисалы:

О балам, көлсүз жерде куу болбойт,
Чатаксыз жерде чуу болбойт.
Жеңилген ханда туу болбойт.
Мөңгүсүз төрдө суу болбойт,
Жакшы-жатык кишинин,
Сөздөрүндө уу болбойт,
Деген сөз болсун эсиңде,
Кереги тиет кезинде[7].

Мына ушинтип ыр кете берет. Бул форманы Токтогулдан кеңири кездештиребиз. А түгүл ал кийин-кийин өзү устат болгон кезде «эшиктен келген жаш бала» Барпыны сынап көрүү үчүн ушул «болбойт» деген сөз менен ырды бүтүрүү ыкмасын колдонот.

Ошол Айтике өлгөндө Чоңду «устатсыз калды бүт элиң», «бал сөзсүз калды бүт элиң», «айтышар акын калган жок» деп[8] арман кылгандай көп акындарга, анын ичинде жаш Токтогулга өзүнүн чыгармачылыгы менен гана эмес, сөөлөттүүлүгү, топуктуулугу менен да өрнөк боло алган.

Акындын өмүр жолунда Найманбай ырчынын өз орду болгон. Найманбай Балык уулу (1847 – 1913) акын жана айтуучу катары Талас, Чүй, Кетмен-Төбө тараптарга таанымал болгон. Анын Калмурза, Эсенаман, Жаманкул, Токтогул, Эшмамбет, Нурмолдо, Куйручук, Каракурман, Бекназар ж.б. менен айтыштары белгилүү. Атасы айтылуу манасчы жана ырчы Балык Чүйгө келип Байтик баатырды пааналап туруп калганда баласы Найманбай элге-журтка таанылып, сөздү өзгөчө тандай билгендиги, курчтугу, шылдыңпоздугу, айтышта өжөрлүгү менен айырмаланган. Аш-тойлор Найманбайсыз өтпөй калган. Токтогул аны менен биринчи жолу Тер-Жайлак тоосунда Райымбектин ашында, экинчиси Керимбайдын апасы Алтынайдын ашында 1910-жылы беттешкен деп айтылат. Аны устаты катары санабаганы менен Токтогул экөө ыр өнөрүндө бири-бирин сынап, бири-биринен үйрөнүп, өзгөчө Найманбайдын «Манас» айтканына шыктанганын эске алуу керек. Өз кезегинде Найманбай Кетмен-Төбөгө эки жолу келишинде тең Токтогулга жолугууну ниет кылган сыяктанат.

Токтогулдун устатчылык-шакиртчилик тууралуу Алымкул менен айтышын кунт коюп окусак көп нерсени байкай алабыз. Ал Алымкулга айтып атат:

Эсиңде болсун, унутпа,
Атаңдын айткан акылы.
Эскирип кетти өмүрүм,
Көрөмбү, балам, көрбөймбү,
Көргөндүн ушул акыры.

Калмырза, ырчы Найманбай,
Сарбагыш, солто элдеги.
Сартпай, Чоңду, Жеңижок,
Эсенаман, Конокбай,
Кадимки Талас жердеги.
Анжи
андын ырчысы,

Курман ырчы, Нурмолдо,
Булар да чыккан элдеги.
Эшмамбет менен Токтогул,
Арыттык кыргыз жергени.
Айдаралы, Аттокур,
Акындын жөнүн булгаган,
Эчтеме билбес келбеги.
Жеңижокто бар эле,
Түгөнбөс сөздүн кен жери.
Бардык эл көрүп отурсуң,
Баламдын ырын сынасам,
Багалаң козу этиндей,
Балам,
Балдай ширин сендеги.
Айылыңдан кайра кеткенче,
Алып кал, балам, нускамды,
Адашсам бир күн жалгандан,
Артымдан издеп таппайсың,
Балам,
Аккуунун өтү мендеги.

Буга караганда ырчылар бул жерде бир нече топко бөлүнөт: биринчилери – Токтогулга таасирин тийгизген устаттары (сарыбагыш, солтодон Калмырза, Найманбай, Таластан Сартпай, Чоңду, Жеңижок, Эсенаман, Конокбай, анжиандык ырчылар Курман, Нурмолдо); экинчилери – чогуу жүргөн үзөңгүлөш теңтуш акындары (Эшмамбет); үчүнчүлөрү – акындыкты булгагандар (Айдаралы, Аттокур).

Бул сөздөр Алымкулга айтылган насааттар, акын болуунун ыйыктыгын белгилеген, акындыктын чен-өлчөмүн аныктаган устаттын ырчылык жолго чыгар талапкерге берген батасынын бир бөлүгү.

М.И.Богданова кыргыз акындарынын чыгармачылыгын алгачкылардан болуп изилдеген адис окумуштуу. Медина Искендеровна дал мына ошол устат-шакирт маселесине өзгөчө көңүл бурган экен. Мисалы, Барпы апыз менен кезигишип, ырдашып жүргөн тогуз ырчы тууралуу мындай маалыматтары берет.

  1. Бекназар – уруусу кыпчак. Өзбекстандын Ворошилов району, Кош-Төбө кыштагында.
  2. Ботобай – Ноокат районунан.
  3. Ташмат – уруусу төөлөс, Жаңы-Ноокат районунан.
  4. Алим Токтор уулу – уругу кесек, Сүлүктүдөн.
  5. Орозаалы – тээке, Ош районунан.
  6. Көр Чокобай – сарык.
  7. Нишан – уругу кыпчак, Чөкө-Дөбөдөн, «кэттэ акын, Барпы акындын устазы».
  8. Арзыбай – уругу бөрү, Оштун үстү жагында.
  9. Казыбай – Арык үстүндө[9].

Эми ушулардын географиялык алкагын, уруулук этимологиясын карап көрсөңүз, ушунчалык кеңири алкакты жана этномаданий чөйрөнү ичине камтыганын көрөсүз. Ушундай таасирде гана акын бышат, жетилет, башкалардын арасынан суурулуп чыгат.

Демек, Токтогулдун устаттары ага казак-кыргыз төкмөлөрүнүн салттуу өнөрүн үйрөтүшкөн көп жактуу мектеп болгон, алар сарыбагыш, саяк, адигине, муңгуш, мундуз, кушчу, саруу, солто ж.б. уруулук топтордун өкүлдөрү, казактын оозеки жана жазма адабиятын боюна сиңиргендер, Чыгыштын классикалык поэзиясын тулку боюна жеткире өздөштүргөндөр, диний аалымдар, ичкилик кыргыздарынын өкүлдөрү, кыргыздын салттуу маданиятын муундардан бери алып келе жаткан айтылуу жомокчулар, күүчүлөр, куудулдар, төкмөлөр ж.б. Мына ошолор баары биригип улуу Токтогулду жаратты.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» аттуу китебинен

[1]Кебекова Б. Кыргыз эл ырчыларынын тарыхынын очерктери [Текст] / Б.Кебекова. – Б.: «Турар», 2009. – 206-б.

[2]Таштемиров Ж. Токтогулдун айтыштарынын өзгөчөлүктөрү. Адабий изилдөөлөр [Текст] / Ж.Таштемиров. – Ф.: Адабият, 1989. – 46-б.

[3]Кебекова Б. Кыргыз эл ырчыларынын тарыхынын очерктери [Текст] / Б.Кебекова. – Б.: «Турар», 2009. – 104-б.

[4]Таштемиров Ж. Токтогулдун айтыштарынын өзгөчөлүктөрү. Адабий изилдөөлөр [Текст] / Ж.Таштемиров. – Ф.: Адабият, 1989. – 45-б.

[5]Жаныш акын. Даярдаган Ж.Төлөев / Кыргыздар: санжыра, тарых, мурас, салт. Түз.: К.Жусупов. 1-т. [Текст] / Жаныш.  – Б.: Кыргызстан, 1993. – 492 – 504-бб.

[6]Обозканов А. Айтике / Залкар акындар. 4-т. Музооке, Айтыке, Коргол, Эшмамбет / А.Акматалиевдин редакциялоосунда [Текст] / Айтике. – Б.: Шам, 2006. – 18-б.

[7]Айтике / Залкар акындар. 4-т. Музооке, Айтыке, Коргол, Эшмамбет / А.Акматалиевдин редакциялоосунда [Текст] / Айтике. – Б.: Шам, 2006. – 23-б.

[8]Кебекова Б. Кыргыз эл ырчыларынын тарыхынын очерктери [Текст] / Б.Кебекова. – Б.: «Турар», 2009. – 132 – 134-бб.

[9]Бакинова Г. Барпыны биринчи ким алып чыккан? / Барпы: изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор. Түз.: Б.Шамшиев [Текст] / Г.Бакинова. – Б.: КЭБР, 1994. – 229-б.