МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ТОКТОГУЛ АБАКТАН КАЧКАНБЫ ЖЕ БОШОТУЛГАНБЫ?

Бул маселе көптөгөн изилдөөчүлөрдүн башын катырып келет, 1988-жылы Ж.Таштемиров «Током Сибирден качан качкан» деген макаласын жазат[1].

«Баскан жол» деген эскерүүсүндө Калык Акиев Тытты-Сай деген жердеги Ыса болуштун үйүндө Токтогулдун:

Капыстан чыкса душманым,

Кабынан таят жүрөгүм.

Бул коркунуч башымда,

Бүтпөй келгем сүрөгүм, — ырдаганын айтат[2]. Демек, акын качып келгени ырастайт.

Ал кантип качкан, аны ким качырган?

О.Сооронов макаласында[3] мисал кылган Ж.Жылкыбаевдин эскерүүсүндө Токтогул менен бирге он бир киши качып чыгат, жолдо тогуз казак өздөрү бара турган жакка бөлүнүп, Токтогул дагы бир жолдошу менен гана калат. Жолдо жамгырда калып, бир орустукуна келип, анын кызы комуз чертип бер деп, кечинде кыздын атасы менен сүйлөшкөнүн, ал киши Орто Азияда иштеп кеткенин, документи жок буларга поездге билет сатылбагандан улам тааныштарына айтып билет алып бергендигин, алардын акчасы бар экендигин, ошол поезд менен чоюн жол түгөнгөнгө чейин келгенин, анан зым карагайлар менен жүрүп отуруп, Алма-Атага, анан Олуя-Атага, анан акыры Таластагы Шатманалыныкына келгенин, алар бир нече күн эс алдырып, акынды жолдошу менен эки атка мингизип, киши кошуп берип Кетмен-Төбөгө узатканын айтып бериптир.

Айрым эскерүүлөрдө Таласка Түлөкабыл дегендикине түшөт (С.Сапаров), айрымдардыкы боюнча Миңбайдыкына түшөт (М.Токтоназаров), кээ бирлеринен айтуусунда Төрө Бешкемпировдун өлгөнүн угузуу үчүн анын жан досу Эчкилүү тоонун этегинде жайгашкан Арал айылындагы Ширгээлиникине түшүп, жамандыкты угузуп, акбай-бабыр журтунда бир айдай жүрүп, алар аттап, тондоп Беш-Таш ашырып келет (А.Үсөнбаев, С.Көчөрбаев[4]).

Дагы бир маалыматта (К.Кыпчакбаев) Токтогул тогуз киши болуп качат, айылына келгенде арасында алайлык бир узун бойлуу, сары жигит кошо келип, кыштап кеткен, ал жигит Токтогул баспай калганда көтөрүп алчу экен.

Токтогул качып келе жатканда кайсыл жол менен келген деген суроо туулат. Булактарга караганда үч айрылыш жол менен кездешебиз: биринчиси – азыркы Кытай аркылуу, экинчиси – Оренбург, Жамбыл аркылуу, үчүнчүсү Омбу, Алматы аркылуу. Булардын кайсынысы туура болушу мүмкүн же ушундай айланып жүргөнбү?

Бул жагынан акындын биографиясын үйрөнүүдө анын үч ырына токтололу. Биринчиси – «Эриктим эки ай жол жүрүп». Анда эки айдан бери пияда келе жатканда Жоламай деген адамга жолугат. Ага «Комузумду колго алдым, шаңкылдатып күү чалдым» дейт, ошондо жарылган таманы бүткөнчө үч ай жатат. Жоламайдын элинде итке чана чегет, иттери кой кайтарат, бугуга чана чегет, ак коюн ити кайтарат, тилдери акын үчүн түшүнүксүз. Буга караганда ал Сибирь жеринде суук жакта жүргөн сыяктанат. Экинчи ыры «Казак балдарына» деп аталат, ал балдарга насаат түрүндө айтылган ыр, бирок ошол ырда Кызыл-Жар, Семей жери, Жайсаң, Жусаң жери тууралуу айтылат, б.а. ыр ошол жердин балдарына арналат.

Жогорудагы «Эриктим эки ай жол жүрүп» деген ырдагы Жоламай менен коштошкондо качып чыкканга үч ай, үч күн болот, дагы алты күнү жол жүрүп эл табасың деп узатат. Жыйырма төрт күндө казак жерине жетет. Андан ары акындын ырынан Оролдогу (Уралбы?) ормондуу тоодо, Байкал көлдүн жанында тордо, жалпысы он жыл болгонун айтканын угабыз. Бул ыр казак байы Сулаймандын тоюнда ырдалган. Той башчысы Довран бий. Ошол жерде Токтогул мындай маалыматтарды билдирет:

Жыйырма беш жылга кесилгем.
…………………………..

Аягөз, Семей калаасы,
……………………………

Омбудан бери жөө келем
Орус жерин аралап

…………………….
Байкалда сексен тешкен тоо,
Басып өтүп келатам.

……………………..
Токойлуу жерди аралап
Тогуз ай болду качканым.

…………………………………

Анан анын кандайча качкандыгын сурап жаткан Жаке (Жамантай) менен Сулайманга мындайча айтып берет:

Мойнумдагы чынжырды
Семёнум бурап сындырды.
Кусейин ыйлап бышактап,
Харитон өптү көзүмдөн.

……………………………………..

Айланайын Семёнум:
Айлыңа аман кайткын деп,
Айлыңа барып айткын деп,
Аманат сөз тапшырды.
Кайыкчыга кат жазып.
«Тез жөнө!» деп шаштырды.
Алты күн жүрүп акмалай,
Кайыкка келдим кат алып.
Кайыкчы орус жигити
Окуп көрдү бат алып.
Дарыядан өткөрдү
Кайык менен түн катып.

Демек, Токтогул чоң дайралардын биринен өткөн.Ошол казак тоюнда Сулаймандын үйүндө үч, Жамантайдын үйүндө үч күн жатканын, Сарсенбай, Узакбай, Эсентай деген адамдардын аттарын угабыз, тойдон кийин да 15 күн айыл аралап ырдай бергендигин ыр менен таанышкан соң билебиз. Анан ушул эле жерде Абдылда деген адамдын үйүндө олтуруп, Авитай жана Ахмат деген адамдар менен таанышат. Алар:

Козу союп, эт берди,

Алдыма чобур ат берди.

Азык кылып кеткин деп,

Актаган таруу сөк берди.

Ээрчитип келип Авитай

Көпүрөдөн өткөрдү.

Ушул жерде ыр бузулганбы деймин. Анткени ошол Абдылдага барууну, анын айылы Бейсейитке барууну Авитай айтып атат. Кантип Абдылданын үйүндө отуруп Абдылдага бар деп айтсын. Байсейит бул жерде башка айыл болушу мүмкүн. Ал жерде башка туугандары, же башка киши болушу ыктымал.

Акын ошентип жол жүрүп отурган.

Аягөз, арка Семейден,

Караганда, Соркөлдөн

Караңгыда өтөйүн, — деген жерине караганда Караганда, Соркөл менен келет. Алар шаарлар болгон жана мындай жерлерден түн киргизе өтөт. Аттуу болот. Жанындагы адамдары тууралуу ал ырларда айтылбайт.

Семей – 2007-жылга чейин Семипалатинск деп аталган шаар. Чыгыш Казакстанда, Ыртыш дайрасынын эки жээгинде. Токтогул бул шаарда Аягөзгө чейин болот. Ал Орусия менен чектешип турган аймакта. Казак жерине өткөндө эле Семейге келет. Токтогул качкан мезгилде эле кыйла өнүккөн шаар болуп калган. Дал ошол 1903-жылдын 23-сентябрынан ушул калаада Мухтар Ауэзов жана Каныш Сатпаев мугалимдер семинариясында окуй баштаган.

Караганда – Казакстандагы шаар. Картага караганда Токтогул Семейден Батыш-Түштүккө карап жүрүп отурган, анан ушул аймакка келген. Караган көп өскөндүктөн ушундайча аталып калган жерден 1833-жылы койчу бала Аппак Байжан уулу «күйө турган таш» таап алып, Токтогул өтүп келе жаткан жылдарда адегенде орус көпөстөрү, анан француздар, анан англичандар көмүр казып ала баштаган кез болчу. Демек, Токтогул үчүн бул жерден өтүү да кооптуу болгон.

Аягөз – Чыгыш Казакстан облусунда, Сары-Арканын оң түштүк-чыгышында, Сибирь жактан келе жатканда Балхаш көлүнө жетпейт. Азыр тогуз жолдун тоому: Түркстан – Сибирь магистралы, Алматы – Өскемен даңгыр жолу өтөт, Сары-Арканын оң түштүк-чыгышында. Айтылуу Козу Көпөш-Баян Сулуунун жери деп аталат. 1860-жылы эле ал жерде Семей облусу, кейин Жетису облусу Лепси уезди Сергиополь бекети (станциясы) аталган. Көрүнүп тургандай, Токтогул бул жерден сөзсүз өтүшү керек, болбосо бир жагы кирсе чыккыс Сары-Арка, бир жагы Кытай болуп калмак.

Соркөл – Жем алабындағы көл. Актөбе (Актюбинск) областынан Байганин районунун Астаусалды деп аталган тоосунун оң түштүк-батышка карай 18 км жерде. Аянты13,3 км², суу жыйымынан алабы 1020 км². Эми кызык болду. Токтогул Балхаш жак менен келсе кыргыз жери бир топ жакын болмок. Ал дээрлик Казакстандын аймагын адамдын белиндеги кур сыяктуу ортосунан аралап, Батышка – Каспий деңизи тарапка кетип калды. Эмнеге? Адаштыбы? Качтыбы? Же ыр саптары бузулганбы?… Түшүнүксүз…

Андан кийин Байсейит айылы.

Байсейит – Казакстандын азыркы Алма-Ата облусунун Енбекшиказак районуна карайт. Соркөлдөн миңдеген чакырым Чыгышка жол жүрүп, Есикке келүү керек, андан да 76 чакырым жол жүрүү зарыл. Бул ортодо Токтогул Аягөздөн Кетмен-Төбөгө он жолу келип кетмек. Чын эле ушул жерге келгенби? Казакстандын картасынан мен башка ушул аттагы айылды таппадым. Ушул эле го деп болжолдодум. Анан калса Авитай:

Ашуусу бийик тар жолду,

Туздуу эчен көлдөрдү,

Жолдогу кургак чөлдөрдү.

Жакын казак эл деди.

Жатсаң шибер жер деди, — деп жолдун узактыгын айтып атпайбы.

Бул деген биздин Каркыранын этеги. Ысык-Көлдүн жели келип турган жер.

Жогорудагы ырдагы айтылгандарга караганда Токтогул Казакстанды аябай эле кыдырган сыяктанат. Буга бир-эки, үч… жыл убакыт жетпесе керек…

Башка факты: Акын Токо качып келе жатып Орунбордо конгонун, ал жерде татар киши коноктогонун, койду шериги Айдаралы «шыбырчы» («Сибирчи») сойгондугун айтканын Э.Малгараев эстеп Т.Абдиевге кеп салып берген[5]. Орунборго (Оренбургга) келгенине караганда акын жана аны менен кошо качкандар поезд менен келгенби деген ой жаралат. Анан Орунбордон казак жерине өткөн болуу керек. Акыры азыркы Олуя-Атанын тоо этектерине келип, Жамбыл акын менен бир топ күнүн чогуу өткөргөн сыяктанат.

1912-жылы күздө Кеминде Шабдандын даңазалуу ашы өтөт эмеспи. Ошондо казактан Жамбыл (1846-1945) акын да келет. Сый көрүп отурганда ашка кечигип келген Токтогулду да Жамбылдар отурган жерге киргизишет. Ошондо Токтогулдан он сегиз жаш улуу Жамбыл ордунан тура калып, кучакташып учурашып, оң жагынан жай берет жана өзүнө жапкан тонду Токтогулга жабат. Экинчи жолкусунда 1922-жылы Токмок тарапта Булан деген кишинин үйүндө учурашат. Ошондо Токтогул айткан экен, сиз мен Сибирден келе жатканда айылыңызда сый көрсөттүңүз эле, алдыма ат тарттыңыз эле, эми мен сизге ушул тартуумду берейин деп 500 сом берет экен. Жамбыл кыргыз акынынын колун суутпай, 100 сомун алып, калганын кайтып бериптир.

Жогорудагы биринчи жолугушууда (1912-жылы) Жамбыл менен кошо анын шакирти Кенен ырчы (Кенен Азербаев 1884-жылы Курдайдын Маты-Булак айылында туулган, акын жана жырау, аткаруучу жана композитор) да келген экен. Анын «Булбул», «16-жыл», «Базар Назар», «Али баатыр» деген чыгармаларынын катарында «Кыргызбай» поэмасы да бар. Ошол кишинин айтуусунда ал ашта Токтогул, Калмырза, Өмүрзак, Кенжекара, Аркабай ж.б. өнөрпоздор болгон.

Орус этнографы С.Е.Дмитровдун жазганы боюнча ал ашка кыргыз, казак, өзбек, каракалпактан кырк миңдей киши келиптир[6]. Анан ошондой калың журт чогулган жерде Жамбыл Жабаев менен Токтогул Сатылгановдун жогорудагыдай учурашуусу жөн жеринен чыкпайт, бири-бири менен өтө кадырлуу, сыйлуу экендигин көрсөтүүчү окуялардан.

Бир катар адабияттарда[7] Жамбыл кыргыздар арасында тез-тез болуп, Тыныбектин «Манасын», Токтогулдун «Беш каман», «Чоң кербез», «Ой, булбул», Муратаалынын «Камбаркан», «Ботонун зары» ж.б. күүлөрүн үйрөнгөн экен[8].

Мындай пикирлерди белгилүү күү изилдөөчү Асан Кайбылда уулу да тастыктайт[9].

Токтогул Сибирден качып келе жатканда казак акындары Тилемис, Жамбыл менен жолугушкандыгы, алар менен ырдашып, айтышканга катышкандыгы Б.Кебекованын «Кыргыз-казак акындарынын чыгармачылык байланышы» аттуу китебинде[10] кыргыз-казак акындар чыгармачылыгынын алкагында бир кыйла кеңири талдоого алынат. Дагы бир изилдөөчү Н.Төрөкулов акын 1910-жылы түрмөдөн качып келе жатып, казак акыны Жамбыл менен жолугушканын, алардын кездешүүсү Каракесте деген жерден башталып, андан соң Курдай, Каскелең, Май-Төбө, Узун-Агаш аймактарын бирге кыдырышкандыгын айтат[11]. Эстеңиз, 1910-жылы.

Жогорудагылардан улам айта турган нерсе – Токтогул Сибирден келе жатканда казак жеринде көп эле мезгил болгонсуйт, ал жердеги акындардын таасирин алып, өзү да аларга таасирин жакшы эле тийгизген окшойт жана анысы үчүн алардын сыйына татыган сыяктанат.

Алымкул менен жолугушуусунда айтат:

Алты ай бүтүн жөө басып,

Айланып келдим Сибирден.

Ж.Бөкөнбаевдин жазганы боюнча он жыл болгондо кеч күздө качып чыгат, жалаң жөө жүрөт, базарларга келип кайыр сурайт, орусча бий күүсүн чертет. Кыш ичи жөө жүрүп жаз чыкканда Омскиге келип, казактарды көрөт, аларга ырдап берет, кечинде бир казак абышка төөгө мингизип айылына алып кетет. Алар оокат, кийим берет. Эки күн турат. Жаз кетип, жай келди, жай кетип, күз келди (бир жыл өттүбү?). Кыш келди. Жаз келди, жаздын толук убагында Таласка берендерге келди (бир жарым жыл). Берендер Баш-Ташты ашырып коюшту[12].

А.Чоробаев акындын абдан көп чыгармаларын жаздырган, ал киши өзү да көркөм сөзгө кунту жогору, оозеки чыгармаларды жыйноонун теориясын да, практикасын да жакшы билген киши болгон, андыктан да аны Тоголок Молдого жардамчы-катчы кылып иштетишкен болсо керек. Ошол киши Токтогул Сибирден качып келгенден кийин Кетмен-Төбөнүн Шамшыкал мазарында жашырынып жүргөндүгүн, анан ал жактан атайын Куйручукту жиберишип Жумгал, Тогуз-Торо жакка алдырып алышканын жазат[13].

М.Өсөров жазып алган Эсенгул Малгараевдин Тууганбай акынга айтып берген эскерүүсү боюнча[14] Токтогулдун Сибирден качуусу дагы башкача. Токтогул түрмөдө аябай кыйналат, кен казганга жарабай калат, ошондо төрөнүн атын бактырат, ал киши олчойгон чоң, аракты көп ичкен киши экен, төрт кызы бар экен. Токо атын багып жүрүп, күү чертип, ырдап, айтор, ошол үй-бүлөнүн ишенимине кириптир, бир жолу төрө кыйнап туруп бирди ичирип да ийген экен. Ошентип төрө анын кандай кармалып, кандай кесилгенин угат, өзү шарт түзүп качып кетүүгө кам көрөт, жолуна акча, кийим-кече берет.

Токтогул айлына келгенден кийин да из жашырып жүрөт. Балким ошол кезде кытай кыргыздарына кеткен болушу да мүмкүн. Ал мезгил тууралуу мындай айтылат: «Жети старчын эл – жети биргабор жазышты. «Токтогул Сатылган уулун эл ичине биротоло актап алабыз!» Парага бере турган акчаны ошо жерден эле чогултуп жиберишти. Ошол түнү көпчүлүктүн күчү менен ыстарчын, элүү башылар мөөрлөрүн басты. Үйөзгө, тилмечке пара берип, бир болуш эл биргаборду Токтогулдун Сибирде – сүргүндө турган жериндеги улугуна жөнөттүрдүк. Көпчүлүктүн жиберген биргаборуна макулдук колу коюлуп келгенче Токтогул Наманган түрмөсүндө алты ай жатып калды…» (К.Акиев «Баскан жол»)[15]. Демек, Токтогулдун качып келгенин билгендер, анын ичинде ыстарчын, элүү башылар өздөрү кошо кат жазышкан экен. Ал катты кайда, кимге жиберүүнү Токтогул өзү айткан болуу керек. Биздин дагы бир милдетибиз ошол Калык акын айтып аткан жети старчын элдин жети биргаборун архивдерден таап чыгууда турат.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Таштемиров Ж. Током Сибирден качан качкан, же улуу акындын таржымалындагы чаржайыттыктар жөнүндө [Текст] / Ж.Таштемиров // Советтик Кыргызстан. – 1988. – 9-авг.

[2]Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 385-б.

[3]Сооронов О. Тоо булбулу Токтогулду табериктеген Жумай Жылкыбаевдин эскерүүлөрү жана кошумча сөздөр [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011. – 31-май.

[4] Көчөрбаев С. Токтогул жана ырчы булак [Текст] / С.Көчөрбаев // Де-факто. – 2014. – 14-фев.

[5]Абдиев Т. Айтыштар, замандаштар, чоңколор, залкарлар [Текст] / Т.Абдиев. – Б.: 2004. – 10-б.

[6]Дмитриев С.Е. Байга у каракиргизов по случаю смерти Манапа Шабдана Джантаева в Пишпекском уезде [Текст] / С.Е.Дмитриев // Известия Императорского Русского Географического Общества. – 1912, т. X, VIII, вып, VI – X. – с. 3, 6.

[7]Виноградов В. Мураталы Куренкеев [Текст] / В.Виноградов. – Ф.: 1962; Алагушев Б. Кылымдардын кылдары [Текст] / Б.Алагушев. – Ф.: 1983; Жубанов А. Эн куу сапары [Текст] / А.Жубанов. – Алматы, 1976.; Дастан-ата. Жамбыл Жабаев туралы естелiктер [Текст] / Дастан ата. – 373 – 374-бб.; 401 – 403-бб.; Жолдасыбеков  М.  Жамбыл и его поэтические традиции [Текст]: Автореф. диссерт. докт. филол. наук. 10.01.02. / М.Жолдасыбеков. – Б.: 1993. – 20 с.

[8]Жолдасыбеков М.  Жамбыл и его поэтические традиции [Текст]: Автореф. диссерт. докт. филол. наук. 10.01.02. / М.Жолдасыбеков. – Б.: 1993. – 20 с.

[9]Кайбылда уулу А. Кыргыз күүлөрү. 1-китеп [Текст] / А.Кайбылда уулу. – Б.: БАУ, 2011. – 646 – 648-бб.

[10]Кебекова Б. Кыргыз-казак акындарынын чыгармачылык байланышы [Текст] / Б.Кебекова. – Ф.: Илим, 1985. – 56 – 65-бб.

[11]Төрөкулов Н. Жамбыл менен Токтогул: Казак жана кыргыз акынынын байланышы / Котор. Б.Абдукеримов [Текст] / Н.Төрөкулов // Мугалимдер гезетасы. – 1986. – 12-дек.; Төрөкулов Н. Эки дулдул: Токтогулдун туулган күнүнө 125 жыл [Текст] / Н.Төрөкулов // Советтик Кыргызстан. – 1989. – 30-май.

[12]Бөкөнбаев Ж. Токтогулдун өмүрү / Ж.Бөкөнбаев. 2 томдук. 2-т. [Текст] / Ж.Бөкөнбаев. – Ф.: 1954. – 244 – 249-бб.

[13]Чоробаев А. Токтогул эл оозунда [Текст] / А.Чоробаев // Советтик Кыргызстан. – 1964. – 16-сент.

[14]Өсөров М. Токтогулду сүргүндөн ким качырган?.. [Текст] / М.Өсөров // Эркин-Тоо. – 2007. – 6-фев.

[15]Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 424-б.