МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ТОКТОГУЛ ЖАНА АНЫН АБАК ЖЫЛДАРЫ

Токтогул Сатылгановдун Сибирь сүргүнү окуу китептеринде, хрестоматияларда, а түгүл адабий, тарыхый изилдөөлөрдө негизинен жалпы сөздөр менен коштолуп келет. Ырас, соңку учурдагы адабиятчы О.Соороновдун бир катар макалалары[1] бул багытта жаңы маалыматтарды берет. Анын тапканы боюнча Кетмен-Төбөнүн Мазар-Сай жагына барган өкмөттүк комиссиянын башчысы Николай Ладушев акынды 1927-жылдан 1931-жылга чейин котормочу катары алып жүрүп «веселчак и комик, музыкант, певец, прекрасный и толковый переводчик» деп баалаган. Композитор А.И.Власов да Токтогул орус тилинде дурус сүйлөп, комузда орус обондорун ойнойт дейт. Бир катар маалыматтарга ишенгенде ал орустардын «Барыня», татарлардын «Урал күйү», «Макаржа», «Каз канаты», өзбектердин «Йар-Йар», «Фергана» ж.б. күүлөрүн комузда жана балалайкада катыра чертчү экен.

Бул эми кийин, ал эми түрмөгө барганда айрым маалыматчылардын пикиринче «Тутулуп келип болуштан, тууганды таптым орустан, айдалып келип болуштан, ага-ини таптым орустан» деп ырдаган эмес экен, «Тутулуп келип болуштан, тозокту таптым орустан, айдалып келип болуштан, азапты көрдүм орустан» деген экен[2]. Неге мындай деп атат, чын эле бул саптар бузулганбы – ал дагы изилдөөнү талап кылат деңизчи.

Э.Малгараевдин эскерүүсүнө караганда[3] Сибирге сүргүн болгондор айдалып чыккандан жетинчи күндө деңиздин жээгине жетип параходго салынат, андан кийин поезд менен Саратовго барат, андан Москөөнүн түрмөсүнө камайт (Б.Жыртаковдун эскерүүсү боюнча алты ай). Ушул жерде бир да орусча билбегендерге орус тилин үйрөтөт, психологиялык жактан адаптациялоодон өткөрөт. Тоголок Молдо менен жолугушууда Токтогулдун «Булбул Токоң Маскөөдө, акыл эсин жыйнады», — деп айтканы ошондон. Москвадан соң Үркүт (Иркутск), Забайкал түрмөлөрү тил үйрөнүүсүн тереңдетет.

Акын негизинен 1873-жылы кылмышкерлердин, 1889-жылдан сүргүндөгүлөрдүн, 1903-жылдан саясый айыпкерлердин, 1918-1919-жылдарда адмирал Колчактын ак гвардиячыларынын концлагерине айланган, 1920-1950-жылдарда советтик түрмө болгон жерде жаткан, ал азыр да бар – жиндикана. Иркутск шаарынан 76 чакырым түндүк-батыш тараптагы Бохан районундагы Александровский деген кыштактагы Александровский централы деген абак жай. 1873-жылы падыша Александра IIнин жарлыгы менен ишке берилген бул жайда иркутскилик большевиктер М.К.Ветошкин, А.А.Ширямов, биринчи орус революционерлери (1905-1907), тарыхта «якут протести» деген ат менен калган окуянын айыпкерлери В.К.Курнатовский, А.А.Костюшко-Валюжанич (1904), Ф.Э.Дзержинский (1902), Ф.А.Артем (1910), М.В.Фрунзе (1914), Г.К.Орджоникидзе (1915-1916) ж.б. таанымал адамдар «отуруп» чыккан.

Негизги корпусу эки кабат болуп, бир эле убакта миңдей арестант кармалган, аларды Иркутск жана Устькут туз кайнатуучу жана Николаев темир зоотуна иштеткен. Айлыктарын кадимки жумушчулардай эле берген. Абактын өзүндө эмерек жасашкан, кийим, шейшеп, жууркан тигүү цехтери болгон. Эң негизгиси абакка түшкөндөрдү тарбиялайбыз деп көп аракет кылынган. Үйлөмө аспаптар оркестри, өздүк-көркөм чыгармачылыгы иштептир, китепканасы бар экен, кол өнөрчүлүгү болуп, алардын Иркутскиде фирменный деп коёбузбу, айтор, өзүнчө дүкөнү ачылыптыр. Бул түрмө ошол кездеги Орусиядагы алдыңкы түрмөлөрдүн бири катары эсептелчү экен. Демек, мына ушулардын баары орус тилинде жүргүзүлгөн да. Төкмөлөр куйма кулак, эс тутуму бышык болот эмеспи, Токтогул тилди да, маданиятты да тез эле үйрөнүп, орусча ырдап, сүйлөп калган. «Мен Сибирде көп жүрүп кыргыздын обондорун унутуп кеттим эле, ырдасам ногойчо (татарча) ырдачу элем. Айдоодон келип, Эшмамбет менен учурашканымда кадимки обонум, ырчылардын үнү эсиме түштү» деп а түгүл кыргызча унутуп калгандыгын айткан жайы бар экен[4]. Устатын эң жакшы билген Калык ырчы болсо анын өзбекче, казакча, дунганча, татарча, орусча ырдап, күүлөрүн черткенин белгилейт[5].

Токтогулдун абак жылдарында анын ырларынан Семён, Харитон деген эки ысымды (же фамилиябы) учуратабыз. Ал эми О.Сооронов макаласында[6] келтирген Ж.Жылкыбаевдин эскерүүлөрүндө башка дагы бир катар ысымдар тууралуу айтылат. Ишенбешке негиз жок. Дегеним, Жумай Жылкыбаев кыйла сабаттуу киши болгон, 1930-жылы февралда Ош округдук компартиясынын токтомуна ылайык Кетмен-Төбөгө партиянын биринчи катчысы болуп дайындалып, ошол эле жазда Мазар-Сай айлында канал казылып, ошол канал казуу ашарына элди ыр менен чакырып жүргөндө биринчи жолу Токтогулду көргөн, кийин да канал казуу, пахта өстүрүү, совет бийлигине элди үндөө ж.б. иштерге ал кишини үгүтчү катары пайдаланган жана акын менен кеңири сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк тапкан. Ошол Ж.Жылкыбаев Токтогулдун өз оозунан Рудзутак, Киселев, Ярославский дегендер тууралуу укканын эскерет. Акындын көз карашынын калыптанышына Рудзутак, Киселев, Ярославский ж.б. орустар, тагыраагы, орус тилдүү революционерлери катуу таасир эткен сыяктанат. Эми булардын ичинен бирин карап көрөлү. Мен интернеттен аңтарып отуруп ал балким Ян Эрнестович Рудзутак болуп жүрбөсүн дедим. Ал киши латыш революционери, 1887-жылы туулган. 14 жашында айылда чабан болгон, 1898-жылдан бийликке каршы Либава жана Рига шаарында латыш жумушчуларынын массалык чыгууларына катышкан (Токтогул менен салыштырыңыз). Кийин «Ежемесячник», «Денас Лапа» сыяктуу басылмаларга оппозициялык макалаларды жаза баштайт, марксизм-ленинизм окуусу менен жакын таанышат, кыскасы, акыры «өлүм» статьясы коюлуп, бирок 15 жылга сүргүнгө айдалып, анысы 10 жылга кыскарат (дагы биздин акын менен салыштырыңыз). Абакта Амур темир жолунун курулушунда иштейт, француз, немис, англис тилдерин үйрөнүптүр, камалгандардын укугун талашып, бир нече жолу жетекчилер менен кер-мур айтышыптыр, пикет, ачкачылык жасап ийиптир.

Токтогулдун жогорудагы райондун биринчи катчысына айтып берген маалыматында[7] мындай сүйлөмдөр учурайт: «Орустар: ак орус (падыша жактагылар, чиновниктер), кара орус (карапайым калк, эзилген букаралар) болуп экиге бөлүнөт экен. Кара орустардын баштыгынын бири ошол Рудзутак экен дечү эле. Рудзутак, анын жолдоштору падышанын өкмөтү башынан-аягына чейин (бүткүл системасы) элге зыяндуу экенин ачык айтышчу дээр эле. Рудзутак деген чарчы бойлуу, кара тору киши болчу дечү экен Током. Алар тыш менен (эркин) кенен байланышып, тигиндей-мындай окуялар болуп жатканын түрмөчүлөргө (түрмөдөгүлөргө го) айтып берип тура турган; бөтөнчө (мусулмандардан барган) тил билбегендерге жан тартып, бизди полициялар уруп, ызгаар көрсөткөндө болуша кетип, тигилер менен уруша турган эле; өзүлөрү дайыма биздин арыздарыбызды жазып берип, жумшак мамиле кыла турган, илбериңки эл эле, — дей турган Током»[8].

Мына ошол киши чын эле Я.Э.Рудзутак болсо, кийин-соңу ал киши 1-7-чакырылышта СССР БАКтын мүчөсү, ВКП (б) БКнын мүчөсү (1920-1937), ВКП (б) БКнын саясый бюросунун мүчөсү (1926-1932) ж.б. болуп, сталиндик репрессияда атылып кеткен. Аны 1955-жылы С.Н.Хрущев өзү актап чыккан. Биздин Токтогул айткан чын эле мына ушул киши болсо, анда анын таасири аябай эле чоң болот. Балким Барпы менен жолугушуудагы «аракет кылган бирөө бар» дегени ушул Ян Эрнестович Рудзутак болуп жүрбөсүн дейсиң.

Дагы бир адам – казак жигити оролдук Осмон. Ал адам тууралуу Токтогул мындай ырдайт:

«…Казак элдин кулуну
Оёз менен кармашып,
Он жылга келген кесилип.
Оруста окуп, тил билген,
Окумуштуу жан эди
Орусча каты бар эди.
…Орустар менен сүйлөшүп
Оңолот, Токо заман дейт.

Бул адам уезд башчысына каршы чыккан, сабаттуу, орусча билген, саясый жактан жетик киши болгон экен, абакта падышалык бийликке каршы үгүт жүргүзгөндүгү үчүн көзөмөлдөөчүлөр өлтүрүп коёт, мына ошол окуя да Токтогулга катуу таасир этет[9].

Негедир биз Т.Сатылгановдун өмүр баяны менен таанышканда аны учак менен эле Иркутскиге жетип баргандай кабылдап келебиз. Ага жеткенге чейин 2 жылдай убакыт кетиптир, араба менен, поезд менен, кеме менен жүрүшүптүр (Самара – Москва – Иркутск), анан Александровский централда төрт жылдай гана болуп, Омскиге которуптур, ал жер кыйла эркинирээк болгон бейм, сыра (пиво) чыгаруучу зоотто төрт жыл иштептир (айрым маалыматтар боюнча). Бул жерде мусулмандар: татарлар, казактар кыйла көп иштешкен сыяктанат. Демек, ырдоого жакшы аудитория болгон сыяктанат. Өзү да:

Омбудагы түрмөнүн
Ортосунда зилдедим
 («Туткун ыры»), — деп айткан жайы бар.

Бирок бул жерде чаташуулар аябай эле көп өңдөнөт. Биз бири-бирине дал келбеген бир топ маалыматтар менен кездешебиз.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен»

[1]Сооронов О. Тоо булбулу Токтогулду табериктеген Жумай Жылкыбаевдин эскерүүлөрү жана кошумча сөздөр [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011 – 24-май.; Сооронов О. Токтогул котормочу болгон [Текст] / М.Сабыров менен маек // Учур. – 2012. – 9-фев.; Сооронов О. Токтогул эң сонун тилмеч, адеми аңгемечи, тагын айткан тарыхчы да болгон [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011. – 18-нояб., 25-нояб.; Сооронов О. Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшү жөнүндөгү аңгемеси [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011. – 9-дек., 16-дек.

[2]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 145-б.

[3]Абдиев Т. Айтыштар, замандаштар, чоңколор, залкарлар [Текст] / Т.Абдиев. – Б.: 2004. – 6-б.

[4]Бөкөнбаев Ж. Токтогул менен Эшмамбет [Текст] / Ж.Бөкөнбаев // Кызыл Кыргызстан. – 1938. – 24-нояб.

[5]Акиев К. Токтогулдун замандаштарынын эскермелери [Текст] / К.Акиев. – Ф.: 1959. – 38-б.

[6]Сооронов О. Тоо булбулу Токтогулду табериктеген Жумай Жылкыбаевдин эскерүүлөрү жана кошумча сөздөр [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011 – 24-май

[7]Сооронов О. Сооронов О. Тоо булбулу Токтогулду табериктеген Жумай Жылкыбаевдин эскерүүлөрү жана кошумча сөздөр [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011 – 24-май

[8]Сооронов О. Тоо булбулу Токтогулду табериктеген Жумай Жылкыбаевдин эскерүүлөрү жана кошумча сөздөр [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011 – 24-май.

[9] Чукубаев А.А. Токтогул. Эпоха, жизнь и творчество [Текст] / А.Чукубаев. – Ф.: Киргосиздат. – 1958. – 109 с.