МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ТОКТОГУЛДУН ДИНГЕ МАМИЛЕСИ ЖЕ АКЫНДЫ КАНТИП АТЕИСТ КЫЛЫШКАН?

Токтогул тууралуу советтик идеологиянын дагы бир ойлоп тапканы аны атеист кылып көрсөтүү. Токтогулдун атеизми окуу китептерине чейин кирип, мектеп окуучуларынын кулагына кумдай куюлуп, анын «Үч кожо», «Эшендерге карата», «Эшен-калпа», «Токтогул менен Эшмамбеттин эшенге ырдаганы», «Чакырбай сүткор», «Үйчүлүк эшен», «Муратбек», «Папы калпа» ж.б. бир катар ырлары акындын ислам динине каршы турганын тастыктайт деген идея менен талданган. Чынында бул ырлардын бир тобу ойлоп табылган, же болбосо Токтогулдуку болгон күндө да аларда антидиний көз караш жок, аларда динге жамынып жаман жоруктарын көрсөткөн дин кызматкерлеринин (эшен, сопу, кожо, молдо) жеке инсандык сапаттары сынга алынган.

Буга чейинки бир канча адабияттарда көрсөтүлүп келгендей Т.Сатылганов динден чыккан, мусулманчылыкты тааныбаган каапыр болуп кеткен эмес. Абактагы анкетасында анын диний ишеними – Мухаммед пайгамбардын жолунда экендиги жазылат. Анын эң жакын кишиси жана айтканынан чыкпай жүргөн адамы Кетмен-Төбөнүн калпасы Шадыбек болгон. Шадыбек калпа болсо өз кезегинде Мадали эшендин мүрүтү эсептелген. Мадали же Мухаммадали (Мухаммадали калпа Мухаммад Сабыр уулу) атасы менен кошо Букара, Чоржуо, Самаркан шаарларында жүрүп, ошол жактан каары болуп, он сегиз жашында сопучулукка өтүп, кыраатын ачып, көп эл-жер көрүп, акыры жыйырмага толгондо Миң-Дөбөгө кайтып келет. Келет да, ошол кезде кыштагына гана эмес, Араван менен Асакеге аты дайын Султан хан төрөнүн кызматына өтөт. Жыйырма эки жашынан тамак-ашын тартып, талкан чайып гана суюктук ичип калат, Кулкожо Акматтын, Сулайман Бакырганийдин, Мавляна Жалилиддиндин жолуна түшүп, актыкка ооп, жыйырма тогуз жашында түшүндө пайгамбарды жана анын төрт халифин көрөт, алар Мадалиге тон жана башына сопулардын кулахын кийгизип кетет.

Мүрүттөрүнө ыйык адам (муршүт) болуу даражасына көтөрүлөт. Отуз жашында Индияга барып, Бомбейден кемеге түшүп Меккеге кетет. Кабатуллада Арафат тоосуна көтөрүлөрдө бир түш көрөт, түшүндө пайгамбар чарыярлары менен келип, алтын чөмүч берип, халиф наамын тартуулайт. Меке-Мединеде ал үч жылдай өмүр кечирет, диний билимин мыктылайт. Кийин жолдо Ыстамбулда болуп, Осмон дөөлөтүнүн султаны менен акылдашкан, анын зыяпатында отуруп, соң Кашкарда зыяратта болуп, Асхабат, Бакы, Одес, Кырым, Өфө, Севестопул, Ташкен, Узун-Ата сыяктуу шаарларды кыдырып келип, кадыр-барк жана турмуштук тажрыйба топтойт. Дервиштик жашоо кечирип, бул дүйнөнүн ырахатын унутуп, ак уруп жүрүп, адамдарга сооп кылуу, адамдарды кордуктан куткаруу анын инсандык вазийпасына айланат.

Анан ал Араван менен Асакенин орто чениндеги Шааркан суусунан көзө менен суу алып чыгып, ээн талаадан өткөн кербендерге жана жолоочуларга суу берип, чаңкоосун кандырып, алардын батасын алат, бул сооп издеген адамга өз ыкласы менен кайыр, садага, адия, назир, битир, зекет бергендер улам-улам артып отурат. Ал гана эмес, ийик жасап, ийик тартуулап, оңу келсе аларды сатып, «Ийикчи эшен» (өзбекче «Дукчу эшен») аталат. Ээн жерге бекет кылып, абатташтырып, «суу кудайы» кылган бул жигит бара-бара өткөн-кеткендер тарабынан оозго алынып, Көк-Арт, Кетмен-Төбө, Алай, Ноокат кыргыздары ал кишини ыйык көрүп, эшен дешип, зыярат кыла баштайт. Ооган табыптан үйрөнгөнү боюнча кеселдерди эмдөө да жүргүзөт, далай кишилерди ажалдан арачалап да калат.

1895-жылы Курманжан датка да баласынын азасы үстүндө Миң-Дөбөгө келип эшенге кол берип, экөөлөп көпкө эл келечегин сүйлөшөт. Колунан келген элет кыргыздары Миң-Дөбөдөн жай салып берип, тамын бүтүрүшүп, Ийикчи эшендин зоболосу артып, ага кол берип, мүрүт болушат. Жер-жерлерге, өзгөчө элетия кыргыздарынын арасына өз калыйпаларын койгон. Жалпы ага кол берип, мүрүт болгондордун саны акыры келип жыйырма миңге жетет. Алардын ичинен калыйпалар, казылар, манаптар чыгат, кыйласы жолун жолдоп шакирттикке өтөт. Кыргыз айылдарына өз каражаты менен мечиттерди, медреселерди салып берет, ал гана эмес Оштун базарына ашкана куруп, ал жерде намаз жума күндөрү бей-бечараларга бекер тамаш-аш таратып турат.

Эшен жазган «Ибрат ал – гофилин», «Макамат» деген китептер колдон колго көчүрүлүп таратылган, анын ханаканасында китепкана болуп, анда көптөгөн китептер боло турган, аларга Зыйабидин максым өзү карап, өзүнүн Кокон хандыгынын тарыхы тууралуу окуянаамаларын да койгон, Молло Ныйаз баш болгон кыпчактардын улуу даанышман акындары келип, жазгандарын кол китепке түшүрүп, мында коюп, мындагы китептерди айылындагы медресесине кол китеп кылып көчүрүп кетип турган, Түркия султаны Хамид халиб өз колу менен берген адиялар жана анын мөөрү басылган Мадалини пайгамбардын халифи деп тастыктаган күбөнаама да ушул жерде болор эле.

Анан ошол кишиге Кетмен-Төбөдөн Керимбай болуш да, Шадыбек калпа да, Токтогул да барып атпайбы, баргандан кийин «кол берет», эшенге «кол берүү» деген ага мүрүт болуу дегендик, а бул дин жолуна түшүү, беш маал намазын, отуз күн орозосун үзбөө, бу аманат дүйнөдө ак жашоо, оо жакты – акыреттик дүйнөнү ойлоо дегендик.

Кол берген эшен пирибиз

Кайтмакпыз андан кимибиз…

Кааба ташка сыйынып

Келиптир сурап билдик биз

Ишеничи ичтен зор экен,

Колдойт деп ислам динибиз.

Мусулман бүткүл калкына

Жетет дейт калыс үнүбүз.

Жакындап келип калды дейт

Тагдырды чечер күнүбүз[1], — деп атпайбы эшенге кол берген Токтогул Түркстан жергесинде мусулманабаддын орношуна тилектеш экендигин жана ошондой күндүн келишин кудайдан тилеп.

Акынды ээрчитип жүргөн Шадыбек калпа атактуу дин адамы болгон. Ал жетимишке келип калган, Мадали эшенге чейин эле Маргалаң уездинде жашоочу Искендер эшенден окуп, калпа деген күбөлүк-наам алган. Диний сабаты жогору бул адамдын жанында жүргөн Токтогул анан кантип эле атеист болуп чыга келсин? Анан калса, большевиктер бийлиги кыргыз жерине келгенге чейин туташ дин жолунда болуп, динге каршы чыккандар дээрлик учурабаган заман эле.

Молдо Багыш менен экинчи жолу жолугушууда Токтогул мындай деп атпайбы:

Жашыңдан болдуң илимдүү,

Жараткан эгем бергенби?

Дем салсаң оору-сыркоого

Демденип алсыз тердеди.

Ырдай гой акын Багышым.

Муну атеист адам айта койбостур. Же молдо киши Багыш алдындагы «атеист Токтогулга» минтип мактанмак беле:

Окуп мен Асан молдодон

Олуяны көп билгем.

Байгамбар, сааба, олуя,

Окугам далай, эс кирген.

Наманган окуп, дарс окуп,

Курандын сөзүн жат билгем.

Акыл сөз күтүп Алладан,

Ар түрдүү дуба үйрөнгөм,

Байлама жинди сакайып,

Үй-бүлө күтүп, үйлөнгөн[2].

Токтогулдун Алымкул менен айтышында мындай деген жери бар эмеспи:

Сайраган саакы тилимди

Сан пайгамбар олуя

Сакыт кылсын дилимди

Салам айтып көрүшкөн

Саруудагы инимди

Салбасын кудай калкыма

Сен солдаттан көргөн күнүмдү

Олуя ачсын дилимди

Ой, ага деп көрүшкөн

Ордума калган ишимби

Он сан элге салбасын

Мен орустан көргөн күнүмдү.

Какшаган булбул тилимби

Кадыр бир ачсын дилимди

Кан ага деп көрүшкөн

Калкымда калган инимби

Калкка бир кудай салбасын

Мен капырдан көргөн күнүмдү[3].

Мына ушул сөздөрү биз жалган образын түзүп алган атеист Токтогул кантип айтат эле?

Алымкул айтып атпайбы: «Ак кагаз көрбөй окуган, молдом Током, эсенби, көрбөй кагаз, сөз айткан, молдом Током, эсенби?» Демек, Токтогулду жаш Алымкул бекер жерден «молдо» деген сөз менен сыпаттап жаткан жок да.

«Эшен калпа» деген ырында мындай саптар учурайт:

Эл ичинде кыдырган

Эшен болот дечү эле,

Элден алдап албаса,

Кесел болот дечү эле.

Эшен менен энчилеш

Калпа болот дечү эле.

Аркасында асынган

Калта болот дечү эле.

Ажалга бербей байларды

Калка болот дечү эле.

Бул жерде дин жөнүндө бир ооз сөз жок, акынды динбезер кылып көрсөтүүчү подтекст да учурабайт. Анда ал адамдардын алдамчылыгын, ачкөздүгүн айтып атат, мейли ал дин кызматкериби, башкабы, мындай мүнөздөмөлөр айтыла бериши мүмкүн.

Эшмамбет менен учурашуусунда акын мындай деп атат:

Ак кепиндеп, аруу жууп,

Айпооч салып, белин бууп,

Көмгөнүм жок, Эшмамбет.

Муну ким айтат? Мусулманча өлүк көмүү зыйнатында, анын эрежелерин жакшы билген жана ошол салтка катышып жүргөн гана адам айтат. Андай сөздөрдү атеист айтпайт.

Замандаштарынын бири Сражиддин Бурханов өзү жакшы билген Токтогулдун намаз окуй турганына күбө өтөт[4]. Мына ошондой эле ойду Омор Сооронов да бекемдеп, «…өмүрүнүн аягына чейин намаз окуп, ислам тарыхынан кабары бар» экендигин тастыктайт[5]. Карымшактыкында ырдаган ырында «Бозо менен аракты оозума алган эмесмин» деген ал шайтандын тамактарынан да оолак болуп, өзүн пакиза кармаган. Бул да динге берилген кишинин жолу.

Демек, Токтогулду динге каршы болгон, атеист акын эле деген ойлорду токтотушубуз керек.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Капаров А. Токтогул, Керимбай, Эсенбай жана Жоомарт [Текст] / А.Капаров // Zaman Кыргызстан. – 2004. – 13-фев.

[2]Кетмен-Төбө өрөнүндө жашаган Качкынбек аттуу көзү азиз кишиден Анарбек Сейдалы тегин Сары уулу жазып алган.

[3]Капаров А. Токтогул, Керимбай, Эсенбай жана Жоомарт [Текст] / А.Капаров // Zaman Кыргызстан. – 2004. – 13-фев.

[4]Бурханов С. Токтогул интерноционалист / Токтогулдун замандаштарынын эскермелери: Басмага даярдаган М.Сырдыбаев [Текст] / С.Бурханов. – Ф.: 1959. – 97-б.

[5]Сооронов О. Токтогул эң сонун тилмеч, адеми аңгемечи, тагын айткан тарыхчы да болгон [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011. – 18-нояб.