МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ЧЫНДЫК ИЗДЕП ДҮЙНӨНҮ ЧАРК АЙЛАНГАН МАШРАБ ДУБАНА

УЛУКТААНУУ

Чыгыш поэзиясында адам, анын тагдыры, кызыл ыраңдай кашкайып көрүнсө, мына ошол дүйнөкарашта, ааламтаанууда инсанийлик, б.а. адамгерчилик баш планга чыгат. Адам, чыгармачыл киши бүт Көк, Жер, Караңгылык жана Жарыктык менен татаал, кыйма-чийме байланышат да, өзү ошол бүтүн системанын түйүнүндө турат, уюлунда уютку болот. Адамдык, пакизалык, актык – инсан жашоосун улап кетер көрөңгө, дүйнөнү тиреп турар түркүк, ошолор сүрөткердин жан дүйнөсүнүн дүрбөлөңчүсү катары аракеттенет.
Мына ошол Улуу Вазийпаны ишке ашыруу үчүн сүрөткер аалам кезип, жер кыдырып, эл аралап, дервиш болуп Чындык издеп жүрө берет. Ал эми Чындык жолу катаал, ошол жолдо Сулуулук менен Куниктик, Караниеттик менен Акниеттик эчен мертебе кагылышат. Бирөөлөр дервиштикти кыял дүйнөсүндө, фантазия аркылуу ишке ашырса, башкалары буту менен жер таптап тоо кыялары менен биёбан чөлдөрдү, ормондор менен шамалдуу талааларды кезип, өз көзү менен чөйрөнү, адамдардын жашоосун «кармалап», «татып», «тебелеп» чыгат.
Байыркы жапон, кытай, инди акындары хансарайларын кечип, календерлык кылып, гүл ачылган убакты көрүш үчүн тумандуу тоолордо уктап, койчунун алачыгында алар менен кошо түнөп, анан ошолорун ырга айланткан. Бул салт орто жана кийинки кылымдагы чыгыш мусурман акындарынын да өмүрүн коштоп, алардын мусапырчылыктан тапкан поэзиясы, девандары, кысса, риваят, жомоктору Чыгыш адабиятынын көркүн ачып гана турбастан дүйнөлүк көркөм өнөргө баалуу салым кошкону баарына дайын.
Мына ошол сапта Машрабдын жылдызы акын-дервиш катары Чыгыш асманында өзгөчө жаркырайт. Ал Борбор жана Чыгыш Азияны – Ош менен Индостанды, Кожент менен Балхты, Самарканд менен Наманганды, Букар менен Кашкарды, Түркстан менен Сайрамды, Ооган менен Баргананы түрө кыдырып, Мезгил менен Мейкиндикте поэзия изин калтырган.
Анын туулган жери жөнүндө талаштуу пикирлер болсо да (Наманганда жана Анжианда деген) бизди көбүрөк маакулдаттырганы Анжианда экендиги. Ал бир топ адабияттарда («Литературный энциклопедический словарь» М. 1987. 649-б., «История всемирной литературы» 9 томдуктун 4-тому. 1987. 413-б.) 1657-жылы туулган деп айтылат, бул да талаштуу. Анын жарык дүйнөгө 1640-жылы келгени көбүрөк изилдөөчүлөр тарабынан колдоо тапты, 71 жыл өмүр сүргөнү дайын. Жашаган мезгили эки түрдүү айтылат: (1640-1711) жана (1657-1711).
Ал Анжианда Вали баба деген бөзчүнүн (кездемечи) үй-бүлөсүндө туулган. Карыптык аларды Наманганга барууга, анын чет маалаларынан турак табууга түртүп, кийин ошерден медиресеге кирип билим алат. Балким атасы атайын уулун окутуу үчүн ошол жакка баргандыр деген да ой келет. Балалыгы ошерде өтөт. Туулган жери тууралуу эки шаардын бирдей айтылып жүрүшү да ошондон. Бирок ал чыгармачылыгын Кашкар шаарында өнүктүргөн.
Азыр Кытай мамлекетинин карамагында калган Кашкар анда азыркыдай эмес, накта мусулман шаары, болгондо да Борбор жана Чыгыш Азиянын эң ири диний, маданий, соода борбору эле. 23 жашында акын ошол Кашкарга сүргүндөлөт. Эки тилде – парсыча жана арабча жаза билген, өзүнө чейинки ушул тилдеги Наманганда болгон адабияттар менен канык таанышкан жетилген акын үчүн Кашкар мектеби анын поэзиясын жаңы баскычка көтөрдү. Азыркыга чейин уйгур адабиятында, шынжандыктарда анын орду өзгөчө белгиленип, аны ошол аймактын өкүлү катары эсептешет. Мунун жөнү бар, анткени ал дал ошол чөлкөмдө поэзияда өз стилин таап гана калбастан, өз мектебин түзгөн, артынан ээрчигендердин эшалонун сүйрөгөн.
Машраб намангандык устазы Базар Ахунддан алда канча бийикке көтөрүлүп калган кезде, ал киши менен көбүнчө пикири келишпей, улам ой кагылыштары күчөп отурат, ошондо не болсоң ошо бол деп устаты шакиртин Кашкарга Убайдулла Аппак кожо эшенге жиберет. Айтылуу Аппак кожо өзүнүн дүйнөкарашы бар дин өкүлү, бу дүйнөнүн жыргалынан кечкен сопу эле, сөзсүз анын таасири 18 жыл ошерде жашаган Машрабдын көкүрөк-көөдөнү аркылуу өтпөй койбойт болчу. Ошондой болду. Кашкарга баратканда ал мындай газелин чыгарат.
Наманган шаарынан кетсем,
мени жоктоор кишим барбы?
Карыптык шаарында өлсөм,
мени жоктоор кишим барбы?
Кана урук-тууганым
бу жолдо болсо жолдошум,
Көзүмдөн куюлтуп жашым
мени жоктоор кишим барбы?

Баш бербей калайын десем,
Наманганда жүрөйүн десем,
Ааламды кезип кетсем,
мени жоктоор кишим барбы?
Демек, ырдан көрүнгөндөй ал Кашкарга айласыздан, балким өмүр бою сүргүн кылынган. Мекенинен кетүү акын үчүн, анын сезимтал жүрөгү үчүн оңойго турбады. Ырга айланды: сагыныч, кусалык, эңсөө… Ошондо Кашкардан жердештерин көргөндө көкүрөгүнөн ыр чыгат:
Наманган шаарынан, достор, менин
меймандарым келди,
Атам менен энемди билген
жаранданым келди.
Тууган жер сагынычы оттуу ырларды, эллегиялуу мотивдерди жаратты, бу кусалыкты үстүрттөн жаза албайт эле, анын Кашкар доорундагы поэзиясындагы чоң агымдын бири ушул тематика болсо, экинчиси Чыгыш мусурмандарында кеңири таралган нерсе – мистика болгон, бул өзүнчө философия эле.
Машраб Кашкарга кеткен соң 40 жашында, он сегиз жылдан кийин гана Наманганга ооруп жаткан энесин көргөнү келип, аны ээсине берип, салт-ырасымынан кутулуп, кайра жер кезип кетет. Калган өмүрүн ал дервишчиликте өткөрдү. Мына калк турмушу: алдамчы дүйнө, жалганчылык, нааданчылык, көз жашы куюлган адамдар, көроокат үйүү…
Сайрам калаасына барат, анда устазы, Кулкожо Акматтын ата-энеси шайык Ибраим менен Карачач эненин кабырларына зыярат кылат, анан Түркстанга өтөт, кайра башка шаарлар менен кенддер, кыштактар менен жайлоолор анын бут алдында калат. Эл арасында аны кадырлап тосуп алышат, сөзүн угат, уламалар жана акындар арасындагы талаш-тартыштарда жеңип чыгат, пикирлештердин отурумдарынын көркүн ачып, мындай жерлердин гүлү болот, ал жүргөн жерлер өзүнчө майрамга айланат, газелдерин хафиздер ырдап-чордоп калкка жеткирет, а түгүл аны «Шах (падыша) Машраб» деп да аташкан. Чечендик, илим-билимдүүлүк, акындык, анан баарынан да инсандык сапаттарынын жогорулугу, жөө-жалаңдап дүйнө кезип жүрүшү, кербен сарайларга токтоп, калк көйгөйүнө жакын болушу анын даңазасын дагы бийиктетип, зоболосун зоого теңейт…
Мына ушул зоболо «дубана акынга» душман ашырат, анын курч тили, таамай сөзү бийлик башындагыларга жакпай калат. Балх акими Махмудбий Катаган 1711-жылы Кундуз шаарында дарга асууга өкүм чыгарат (Кундуз – Оогандагы шаар, кыргыздын катаган уруусунан чыккандар, тагыраак айтканда, XIX кылымдын 30-40-жылдарында Муратбек ошердеги мамлекетти башкарганын академик В.В.Бартольд жазат, «Манаста» да Кундуз шаары жөнүндө «беш уруу кыргыз эли бар» деп айтылат).
Кыргыздар арасында Машраб «дубана», «шаа» деген сыпаттоолору менен белгилүү болгон. Уламыш боюнча ал жер кезип жүрүп бир жерди көрсө чөл экен, кайра айланып ошерге келсе, эми шаар болуптур, кийин кайра бир келсе тоого айланганы айтылат, аса таягын минип Батыш менен Чыгышты аралай чаап күн өткөрөрү өзгөчө белгиленген.
Анын ырлары да оозеки жана жазуу формасында элге тараган. Бирок кийинки муун, совет мезгилиндегилер Машраб дубананы анча билбей калды, ошондуктан анын чыгармачылыгын элге жеткирүү милдети келип жетти.