НАМАТБАЕВ Сагын: ВАСИЛИЙ ШУКШИН: ДЕЙДИ

АҢГЕМЕ

Анатолий Яковлевди айылдагылар кайдагы бир кудай аткан «Дейди» деген атка кондуруп алышты. «Дейди» деп классынан көчпөй калган, Вася аттуу ашынган тентек баланы аташчу. Кийин барып ал сөз атасына жабышты. Эчтеме дей албайсың. — Дейди деген дейди. Аялы да эри менен кежеңдешип калганда «Дейди» деп кордочу. Анатолий кыжырданчу, бир жолу аялын «көкала койдой» сойду. Эси чыгып ага далайга дейре: Дейди деп чоңоюп калган, окугусу келбей мугалимдердин мээсине чай кайнаткан кээ бир кейбир чалыш балдарды айтат деп жылуу-жумшак түшүндүрүп жүрдү.

«Мага дейдини байлап коюптурбу, жакында кыркка чыгам! Ойлосоң?.. Көгүлтүр көз, мөлмөлүм… Көзүңдү коргошун боёк менен боё. Боёк сатып берейинби?» Ал шордууну «дейди» дей берип жерине жеткиришти окшойт, район борборуна барып универмагдан калпак сатып алат. Дегинкиси ал калпакка көптөн бери кызыгып жүргөн. Шаарга бара калганда калпак саткан бөлүмгө барып далайга дейре жалдырап карап турчу. Калпак сатып алгысы келчү! Бирок… Акчасы деле бар, чечкиндүүлүгү эле жетишчү эмес.

Кыштактагылар шылдың кылышат: айылынан алыс чыга элек, калпак тири укмуштуудай эле көрүнөт аларга. Анатолий болсо түндүктө беш жыл жалданып иштеди, паспорт тартибин бузгандыгы үчүн эки жыл камакта болду — ал турмушту көрдү: калпак акылдуу адамдын ажарын ачарын да билчү. Андан да жазы бетине куп гана жарашып калчу. Аны кийгенде маданияттуу кытайга окшой түшчү. Түндүктө жүргөндө жайкысын калпак кийчү, калпагын аябай жакшы көрчү. Кээде басым менен сүйлөгүсү келчү.

Шаарга бул жолку келишинде кыжыры келип турса да кадыр-барктуу билимдүү окшоп, табалагандарды таназарына албастан калпак сатып алды. Болгондо да тасмалуу, төбөсүндө узата кеткен чуңкуру бар, кармап кийчү жери бир аз кабырылган татынакай калпак. Далай калпакты башына ченеп көрдү. Калпакты үч манжасы менен этият кармап, мамыктай болгон немени жеңил гана башына кондурат да, тегерек күзгүдөн көрүнөт.

Кубакайынан келген жаш сатуучу аял чыдабай кетип, катуу эскертти:

— Колукту тандап жатасызбы? Тандайт эле тандайт, адамдын итиркейин келтирип.

Анатолий жай гана суроо салды:

— Түндө жаман уктагансыз го?

Сатуучу түшүнгөн жок. Анатолий дагы эки «цивилизейшенди» (ал калпакты ушундай деп койчу) кийип көрдү, алардын атлас астарын сылап-сыйпады, калпактарды ары-бери салып тандап болуп, бирин четке алып койду да, мындай деди:

— Колуктуну тандабаса деле болот, урматтуум: баары бир жаңыласың. Калпак — адамдын көркү. Деталь. Ошондуктан мен тандап жатам. Түшүнүктүүбү? Ороңуз.

Жайма-жай, акылдуу ачууланбай кыябын келтирип туруп кыжыры кайнап турган сатуучу аялдын оозун жап кылганына кубанып калды. Калпакты сатып алгандан кийин жеп-жеңил немесин кутуга салып келатканда өзүн ишенимдүү сезип калганын да байкады. Түртүшпөй, шашылбай, котолошкон аңкоо адамдар сыртка чыгып кеткенде гана көчөгө чыкты.

— Макоолор,— деп ойлоду агылган эл жөнүндө. — Кайда шашасыңар? Урушканыбы? Кыжырланганыбы? Чатакташып алып арак ичкениби? Жетишесиңер да! Шашылбаса деле болот ко!

Жолдо келатып мебель дүкөнүнөн этажерка сатып алды. Таш жолдон үйүнө чейин шашылбай басып бара жатты; колтугунда этажерка, башында калпак. Сопсоо. Ары-бери өткөндөр аны таңдана карап жатышкандарын көрүп, төбөсү көккө жеткендей болду.

«Эмне, тишиңер өтпөйт rо? Көнө бергиле, көнө бергиле». Сүйлөй келгенде тилиңерден чаң чыгат, таң каларлык окуя боло калса көзүңөр төбөңөргө чыга түшөт. Кордошкондорун кантесиң! Өздөрү калпакты көрө сала дудук болуп калышты. Эгерде мен сомбреро кийсемчи? Ээгимди кур менен арчындап алсамчы, анда эмне болосуңар?

Анатолийдин аялына калпак аябагандай күчтүү таасир калтырды: ал чардап кирди (боору катып);

— Ой; өлмөй болдум!—деди ал араң дем алып.

— Көөмп коёбуз,— деди Анатолий камырабай, этажерканы керебеттин баш жагында коюп жатып. Өзүнүн бүт турпаты менен маданияттуулугун көрсөткүсү келип турду.

— Сага эмне жин тийдиби? — деп сурады аялы.

— Эмне болуптур?

— Муну эмне сатып алдың?

— Кийейин деп.

— Шапкең бар эмеспи!

— Шапкени сага белек кылам, синьорина,— уйканага кийип бар.

— Жеткен келесоо тура. Ал деген сага жарашпайт. Ашкабакка кумура кийгизгендей болуп.

Анатолий аялына жүлжүйө карады. Бирок маданияттуулугу жеңип кетти. Унчуккан жок.

— Кайкалата калпак кийгендей сен ким элең? — аялы бежиреп жатты. — Уят деген барбы, сенде? Чын-чынына келгенде сен слесарь болуп иштебей эле, талаага кык ташып жүрчү кейпиң бар, калпактан айлангыр. Деги эмне болгон жансың?!

Анатолий лагердин сөздөрүн билчү, кээ бирде колдоно да койчу.

— Кемпай,— деди ал,— көзүңдү көгала кылсам деп турам. Ошентейинби?

— Бар, бар — айылды аралап чык, чыдабай турганыңды көрүп турам го. Эл боорун тырмап күлүшсүн.

— Акыркы күлгөн катырып күлөт.

Ошентип коюп, Анатолий үйүнөн чыгып кетти. Чынында эле калпагын калайык журтка көргөзүп, колу таза жуулган адам чыкса карматып койгусу да келди.

Жекшемби күндөрү балык уулаган адамдар өзөндүн жээгине барды.

Калпакка ар кандай баа берилди: кээси күлдү, кээ бири жакшы экен деди, көздү күндөн калкалап… Айрымдары унчукпай тим болду — калпактай эле калпак, сагызгандын уясы эмес да, акыры. Бирөө гана…

Анатолий дал ошол адамды көргүсү келген. Ал — адабият мугалими, чүкөдөй болгон кер какшыкчыл киши. Көзү азезилдикиндей болуп жанып да, күлүп да турат. Какшыктабай тура албайт. Мени «дейди» атка кондурган ушунун эле колунан келди деп шекшип жүрчү Анатолий. Бир жолу экөө айтышып калышты. Анатолий жана дагы эки киши мектепте электр зымын кайра өткөзмөк болушат (мурдагысын акиташ чиритип, жарабай калган). Анатолий мугалимдер бөлмөсүнө зым өткөзүп жатканда, ушул чүкөдөй неме өтүнүп калды:

— Бир учун мына бул жерге түшүрүңүз: үстөлгө коюлуучу лампанын орду ушу жер болот.

— Үстөлгө эч кандай лампа коюлбайт,— деди Анатолий,— мурда кандай болсо азыр да ошондой болот — эски орду боюнча өткөзөбүз.

— Эскилик жоюлган.

— Качан?

— Он жетинчи жылы.

Анатолий ызалана түштү.

— Эмне… Сиз ошончо эле кыйын илимпозсузбу?

— Жок… Орточо. Эмне экен?

— Анча эле кер какшыктын кереги жоктур… Түшүнүктүүбү? Кереги жок.

— Экинчи антпейм,— мугалим макул болду. Зымдын учун жалпы линияга кошту да, аны билгичтик менен үстөлгө түшүрдү. Розетканы бурап койду.

Анатолий өз иши менен алек болуп жатып, тигини карап да койгон эмес. Мугалим бөлмөдөн бейкапар чыгар замат, Анатолий розетканы бурады да, зымдын учун үзүп салды. Алардын чатагы ошондон башталган. «Өзүм билемдикке салган болбойт! Кандай болсо ошол боюнча калат. Түшүнүктүүбү?» — деген Анатолий. Мугалим болсо: «Мен мынабу үстөлдүн үстү жарык болуп турушун каалайм. Сиз эмне үчүн кыянаттык кыласыз?» — «Анткен себебим… билесизби?— мени коркутам деп ойлобоңуз! Түшүнүктүүбү? Илимпоз дегениң иттин кара капталынан». Анатолий эмнегедир эле мугалимди жаман көрүп калды. Эмне үчүн экенин өзү да билбейт. Мугалим болсо сылык-сыпаа сүйлөп, ызаланткысы келген жок….

Анатолий мугалимди көчөдөн кезиктирген сайын, ал биринчи болуп сылык учурашчу да… Анатолийди күлмүңдөп карачу. Калыбы, дал ошо күлмүңдөгөн көзү жакпай калды окшойт. Суук көз! Ырасынан эле «дейди» деген _атты айылга жайылткан ошол экени бештен белгилүү.

Мугалим дүмүргө отуруп, калкымасынан көзүн албайт. Жакындап келген дабышка бурулуп койбостон эле саламдашты… Кайрадан өзүнүн калкымасына бурулду. Дагы бурулуп карады… Анатолий ага жогортон, жээк тараптан карап турган. Көзүн жүлжүйтүп, текебер карайт.

— Саламатсызбы! — деди мугалим. — Карасам эле сууда укмуштай көлөкө пайда болду. Эмне болуп кетти дедим ичимден. Калпак экенин кайдан билдим. Болгондо да калпактын төрөсү экен! Кайдан сатып алдыңыз?

— Шаардан,— Анатолий тигинин шылдыңын илип кетти,— камырап койбойт, бейкапар, илимпозду шылдың кылмай болду, биз деле башкалардан кем эмеспиз дегенсип. — Жактыбы?

— Ушундай калпак экен!

Анатолий жээктен түшүп келип, дүмүргө көчүк басты.

— Илинип жатабы?

— Жаман. Мындай калпак канча турат экен?

— Кымбат.

— Мгм. Анда, аны тута билиш керек. Түнкүсүн газетага ороп койгон жакшы. Торго салып, дубалга илип коюш керек. Антпесе жээги бырышып калат. — Мугалим Анатолийге, анын калпагына көзүнүн кыйыгы менен күлмүңдөй карады.

— Кеңешиңизге ыракмат. Ал эми сүзө караштын кереги эмне? Мм?

— Анысы кандай? — Мугалим түшүнгөн жок.

— Жактырбай караганыңызга жол болсун? Түз эле караса болбойт бекен? Адамдарды сүзө карагандан эмне пайда табасыз? Кереги эмне?

— Ии… Кеңешиңизге, сабагыңызга ыракмат. Экинчи антпейм… Кээде эле… Көзүмдүн кыйыгы менен карагым келип кетет, эмнеден экенин шайтан билсинби?

— Ал сыйлабагандык.

— Үстүнөн түштүңүз. Адепсиздик! Адептүү болуштун эрежесин окуй бересиң, окуй бересиң, болбой эле… Эскерткениңизге ыракмат. Мен дагы улуу муундун интеллигентимин деп жүргөн кишимин. Чоң ыракмат.

— Адептүү болуштун эрежеси дейсизби?

— Ооба. Эмне экен?

— Ошондой эрежени окушабы?

— Окушат.

— Керкакшыктын эрежесичи?

— Э-э… аны табият өзү гана тартуулайт. Өзүңдүн чыгаандыгыңа, шыгыңа жараша болчу нерсе, билгиңиз келсе.

— Түштү!

Мугалим кайырмагын тартып алды… Бош чыкты.

— Майдалары ойноп жатат,— деди ал.

— Кибиректери.

— Эмне?

— Бизде андай балыктарды кибиректер деп коет. Кибирек деген майда балык болот. Тыптырмактай… Китеп окугандан көрө кайырмак салып отурган жакшы деп ойлойсуз го?

— Тойдум ошолорго!.. Аларыңан башым чирип кетмей болду. Окуй эле бересиң, окуй эле бересиң… Кээде ойлонуп алган да жакшы болот. Зыяны тийбейт. Чынбы?

— Ойлогондун да жөнү болот. Айталык кечке дейре баш катырып ойлонсоң — дүкөндү жик билгизбей көтөрүп кетем деп ойлонуп жаткан болосуң. Же болбосо кайын энеңе жамандык кылсам деп…

Мугалим күлдү.

— Жок, калпакчан кишиге андай ойлор келбейт. Билесизби, калпак ойду омоктуу кылат. Бирок кайнене жөнүндөгү оюңуз орунсуз чыгып калды.

— Өзүңүз эмне жөнүндө ойлоносуз? Кайырмак салып отурганда?

— Ар кайсыны.

— Ошентсе да?

— Ойлогондо эле… Канчага келдиңиз?

Мугалим Анатолийге күлмүңдөй карады. Эмнегедир дейдини эстеди, Анатолий.

— Кыркка. Эмне экен?

— Мен да кырктамын. Батинкеңизди, көйнөгүңүздү чечип салып, айылды жылаңайлак сүрө кыдырып чыккыңыз келбестир дейм? Ыя?

Анатолий тишин кычыратты. Унчукпай отурду да, күлүмүш болду.

— Жок, антким келбейт.

— Демек, жалгыз мен ошондой экемин… Ырас эле, кээде отуруп алып ойлоп коём: айылды жылаңайлак аралап чыксам ээ!— деп. Мугалим чын жүрөктөн айтты — Ах, сонун болбос беле? Кыдыра албайсың… Балээниби!

— Ооба… — деди Анатолий ортозаар. Бутунун алдындагы таштарды жыйнап алып, сууга ыргыткысы келди эле, бирок мугалим кайырмак салып отурганын эстеп, уучундагы ташты ары-бери аралаштырды да, ордуна койду. Жөндөн-жөн эле: — Ушундай-ушундай-ушундай… — деди.

— Кулак салыңызчы,— мугалим жан дили менен бакылдады,— батинкебизди, көйнөгүбүздү чечип салып, айылды бир аралап чыкпайлыбы! Эмне дешсе ошо дешсин. Экөөбүз жалгыз анте албай… Кирди-чыкты сүйлөшөбүз да эч кимге назар салбай, аралап чыгабыз. Сиз калпагыңызды кийип алсаңыз да болот!

Анатолий бети-башын тырыштырып, ордунан турду.

— Андай болсо шымды деле чечип салалы деген таклибим бар. Антпесек — ысуулап кетебиз го.

— Жо-жок, сиз мени түшүнгөн жоксуз.

— Баары түшүнүктүү кымбаттуу жолдош, баары түшүнүктүү. Ушул оюңуздан жазбай… Ойлонуп жүрө бериңиз.

Анатолий жээкти бойлой теңселе басты… Беш метрче узагандан кийин калпагын башынан алып, суу сузуп ичти… Калпагын силкип, кайра кийди да арылай басып жөнөдү. Мугалимди карап да койгон жок. Камырабастан, анткор ырдап баратты:

Бара жатып үйү-мөө,

Сиз жөнүндө ойло-дуум!

Санаам санга бөлүнүп,

Бүлүндү сонун ойлору-ум…

Унчукпай калды да, мындай деди:

— Көрүңөрдө өкүрүп калар күнүңөр кайда экен. Ак кепинчен.

Которгон Сагын НАМАТБАЕВ