НАМАТБАЕВ Сагын: ВАСИЛИЙ ШУКШИН: ЭНЕНИН ТҮШҮ

АҢГЕМЕ

Апамдын бир нече түшүн айтып берейин. Эмне үчүн алар эмгиче эсимен чыкпай калды, аны өзүм да билбейм. А балким далай ирет айтып берип жүргөндөн уламдыр, апам түшүн өмүр бою эстеп жүрөт.

Биринчи түш:

— Мен анда кичинекей болчумун, жети-сегиздерде. Балким бир аз улуурактырмын. Түш көрдүм. Атамын үйүнөн эле чыккандай болом —- биздин короодо чокчо сакал ыйык киши эшек минип турат. Чүкөдөй болгон абышка экен, сакалы да аппак, чачы да аппак. «Эй кыз, короонун ичинде ары-бери жетелеп кой» — дейт. Мен ырас эмеспи дегенсип жетеледим. Эшекти тизгинден алып, жетелеп жүрөм. Мурда эшек дегенди түк көргөн эмесмин, ошондо түшүмө кирди.

Жетелеп жүрөм да, ойлоп коём: «Тиги дүйнөдө эмне болом деп сурап көрөйүнчү?» Сурадым. Абышка күлдү, этек алдынан кагаз алып чыгып мага берди… «Мына ушундай болосуң». Кагазды алып карасам бирдемелер эле чийилүү. Окуганды билчүмүн. Карасам, тамгалары биздикиндей, бирок эмне жазылганын биле албай койдум. Мейличи, деп коём ичимен, дагы бир аз жетелеп, үйгө киргенде шашпай окуп алам да. Жүрөгүм элеп-желеп!.. Өзүм жөнүндө билип алмай болдум деп сүйүнгөнүмдү айтпа.

Эшекти жетелеп жүргөнүм менен көзүм кагаздан өтөт. Окуган деле жокмун, карап коём, кубанам. Абышканы да унутуп салдым. Сүйүнүп атам, сүйүнүп атам — ойгонуп кеттим. Ушунчалык ыза болдум дейсиң — ыйлап ийипмин. Эртең менен апама айтсам, мындай дейт: «Кейбирим ай, кейбирим, тиги дүйнөдө эмне болорун сага ким айта алат? Эч ким айтпайт». Мен эмгиче эле ойлоп калам: мурдараак ойгонуп кетпегенде эки ооз сөзүн болсо да окуп алат элем.

Үйгө кирсем деп ашыкканымды айтпайсыңбы, баарынан да!.. Ойгонуп кетип, тим болдум. О дүйнө жөнүндө алдын ала билип болбойт деген ырас окшойт.

Экинчи түш:

— Анда силер төрөлүп калгансыңар… Макарды алып кеткен жыл болчу.

— Отуз үчүнчүбү?

— Ии. Аны жаңы эле алып кетишкен. Жазында. Түнкүсүн коркчумун, аябай коркчумун. Силер менен чогуу меште жатам, уйкум качып. Силер болсо мемиреп уктап жатасыңар, эрдиңер чормоюп. Менден күнөө арылбагыр, силерди атайы ойготуп алып, сүйлөшүп жатчумун — кантсе да анча коркунучтуу эмес да. Же силер бир чоң болсоңор экен… Таля болсо эмчектен да чыга элек болчу. Көзүм илинип кетиптир. Кимдир бирөө көчө тараптан каккылагансыйт. Баарын эле көрүп, билип тургансыйм: силер менен эле меште жаткансыйм. Эч нерседен коркпогон киши болуп мештен түшөм, үйдүн каалгасын ачам да «Бу ким?» деп сурайм. Көрсө, кире бериштеги бөлмөнүн каалгасын каккылап жатышыптыр. Ал жактан «Биз эле, балдарбыз. О дүйнөдөн келдик». «Менде эмне ишиңер бар? — дейм аларга. — Тиги Николай Погодинге баргыла, эркек, ага анча коркунучтуу эмес». — «Жок, сага келдик. Бизден коркпо».

Эшикти ачтым. Этек-жеңи жер чийген эки бала кирди. Кандайдырдыр бир жыт каңылжаарымды өрдөп чыкты. Жакшынакай жыт. Эмне болгон жыт экенин, эмненин жытына окшош экенин айта албайм. Алар текчеге отуруп алышып, мындай дешет: «Сенин сиңдиң бар экен, анын эки кызы тамак оорудан өлүптүр…» — «Ооба, бар дейм. Ваня жана Нюра деген эки кызы өлгөн.» — «Ал кыздарын жоктоп ыйлап жүрөт, күйүткө алдырып». — «Ыйлап жүрөт. Ичи ачышат да»,— дейм. — «Ага айтып кой, ыйлабасын, ыйлабай жүрсүн, антпесе кыздарына эле жаман болот. Ыйлабасын».

— Жарайт, айтайын. Эмне үчүн аларга жаман болот? Алар мага жооп айтпастан кетип калышты. Мен эртеси Авдотьяга айтсам, ал ыйлап кирди: «Кагылайындарым, чүрпөлөрүм, канткенде ыйлабай тура алам?» Экөөбүз тең өпкө-өпкөбүзгө батпай шолоктодук. Кантип ыйлабай коёсуң — жаңы эле тили чыккан кичинекей немелер болчу, аларды кантип жоктобойсуң.

Үчүнчү түш:

— Бул жолкусунда бейтап болуп жаткан болом. Чын эле ноокас болчумун. Катуу ооруп калдым. Макарды алып кетишкен жыл. Атамдардын үйүндө, керебетте жаткансыйм. Мен өзүмдү көбүнчө атамкынан көрөм. Ошентип ооруп жатам. Бир кезде көзүмдү ачып арт жагымды карасам, Авдотьянын өлүп калган эки кызы турат. Экөө тең табытка салгандагы көйнөктөрү менен, ал көйнөктөрүн мен жакшы билчүмүн, «Ой, дейм, Валенька, Нюронка!.. Секет болоюндарым, кайдан жүрөсүңөр?» — «Тияктан»,— дешет. —«Тиякта кандайсыңар?» — «Жакшы. Ой, Маруся таеже, тиякта жакшы турабыз!» Кичинекей наристелердин айтары ошо да… Анан Валя, улуусу, сөөмөйүн кезеп, мындай десе болобу: «Бизге куурчак жасап берем деп, жасабай койдуңбу». Чын эле: алар чырмыктап жатканда куурчак жасап берем деп койгом.

Ал кезде сатыкка да чыкчу эмес, өзүбүз жасоочубуз, ар кандай чүпүрөктөн көйнөк тигип ойночубуз. Күйүнгөндөн ыйлап да жибердим. Ыйлап жатып ойгонуп кетсем — көзүмдүн жашы он талаа. «Болуптур, деп коём, сакайсам эле силерге куурчак жасап берем». Айыктым, эки куурчак жасадым, татынакай кылып кийиндирдим да, жармачыраак жашаган коңшуларыбыздын кыздарына бердим. Жыргап-куунап ойноп жүргүлө деп.

Төртүнчү түш:

— Кийин, согуш башталганда түш көрдүм. Биздин эркектерди чакырып кетишкенден кийин адегенде аларды мында кармашты, анан Бийскиге алып кетишти — эшолондорго салыш үчүн. Эл быкбырдай кайнайт! Аларды бөлүп-бөлүп жөнөтүшкөндүктөн, биз вокзалдын алдындагы чоң аянтта алар менен чогуу болдук. Үч күн бирге болдук. Жайдын күнү. Бир жолу таламандын тал түшүндө мүшөктү жазданган бойдон көзүм илинип кетиптир. Павел[1] жанымда отурган. Дароо эле түш көрүп кирдим.

Экөөбүз чөп чабыкта жүргөнбүз… Чабынды колхоздуку эмес, өзүбүздүн менчик экен. Балаган[2] турат, балагандын жанында тулга… Шорпо жасап, тузун көрүп бер… деп ага бердим: «Ме, ичип көрчү, болбосо тузу аз болуп калыптыр дей берчү элең». Ал кашыкты алып даамын татыды да, кашыкты ыргытып ийип, тилдеп кирсе болобу. Бейиши болгур аз сөгүнчү, бу жолу аябай сөгүндү — тилин күйгүзүп алыптыр. Ойгонуп кетип кандай түш көргөнүмдү ага айтып бердим. Ал угуп-угуп кайгыга чөмүлдү… Ыраңы өзгөрүп, купкуу боло түштү. Кайгырып туруп: «Бүттү, Маня… Тегин түш эмес: тияктан да күйүп кетет окшойм». Чын чыкты ошондон кийин бар болгону жарым жылча жашады — өлтүрүп салышты.

Бешинчи түш:

— Дагы бир жолу түш көрдүм. Ооруканада болчумун, мени менен бир жетим кыз жатчу… Мен аны эркелетчүмүн, ал да мени жакшы көрүп калды. Аябай үйүр алып алды! Ооруканадан чыккандан кийин да мага келип конуп кетчү.

Складда таразачы болуп иштечү. Кечкурун айтып калчу: «Мария Сергеевна, мен бүгүн да сиздикине барам». Келегой садагам, кобурашып жаталы.

— Эмне, анын жатчу жайы жок беле?

— Андан эмес! Мага көнүп калыптыр. Мен да ага көнүп алдым. Экөөбүз аябай ынтымактуу жашадык! Кийин өлүп калды: плеврит, плевриттен бөйрөгүнө доо кетиптир. Өлүп калды шоруң каткыр. Өзүм көмдүм. Анан түш көрдүм. Мен өзөнгө баргансыйм. Гилёв аралы жактагы өйүздө шаар көрүнгөнсүйт. Аябагандай чоң шаар! Кооз, үйлөрү бийик… Үйлөрү бийик, бүт эле бак жамынып тургансып, жап-жашыл болуп көрүнөт. Гүлдөрү кулпурат эле кулпурат, суунун бул өйүзү мага да даана көрүнөт. Кудая тобо! Сууга отурдум да, ошол тарапка сүзүп жөнөдүм. Былк этпей отуруп, сүзүп баратам, колум менен гана бир аз шилеп коём. Ошол шаарга сүзүп жеттим.

Жээкке чыксам жан адам көрүнбөйт. Кайда барарымды билбей туруп калдым. Карасам менин жетим Ниночкам чыгып келатат. Кокуюң түшкүр!.. Мени көрүп алып аябай сүйүнүп, кучактап алып көкүрөгүнө бекем кысты. Мен ойлоп коём: «Күчтүүсүн карап кой, оорубаптыр». Ал чынында көп оорубай эле кайтыш болгон. «Эми мен кайда барам?— деп сурайм андан. —Чын эле мында эч ким жокпу?» — «Бар,— дейт,— эмнеге жок болмок эле. Сен тетиги жакка бар: мага көрсөтөт. Тээтигине, көрдүңбү?» Ал жакты карасам жайсызыраак, жупунураак, үйлөрү да кичине. «Өзүң кайдасың?» — деп Ниночкадан сурайм, «Өзүң кайда жашайсың?» — деп сурагандын ордуна. Ал өлүп калганын билем да, ошондуктан кайдыгер гана сурап коём:- «Өзүң кайдасың?»

— «Мен,— дейт ал,— борбордо жашайм». Канча жашады дейсиң. Күнөө жасаганга да чактысы келген жок. Мага болсо четкерээктен орун берилди… Четкерээк болсо да ошол жерде да. Аябай кооз, кудайым ай! Алигиче ал шаар көзүмөн кетпейт.

— Ал кезде телевизорлор бар беле?

— Кайдагы телевизорлор! Мунун болгону качан! — Сен анда аскерде болчусуң. Наташа институтта окучу. Ошол мезгилде болгон. Телевизордон көрүп алып, түшүнө ошондой шаар кирди демексиң го?

— Ии.

— Жок. Андай шаарларды кийин телевизордон да, кинодон да көргөн жокмун. Койсоңчу!..

Которгон Сагын Наматбаев

[1]  Өгөй атам.
[2]  Бизде чөп алачыкты ошентишчү.