ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: ТУУ ТҮБҮ ЭР

Кыргызда «баатыр» деген байыры ат бар.

«Туу түбү эр» деген ага эгизделген экинчи кеп бар.

Баатыр Жер чайпалтып казатка кол баштаган.

Туу түбү эр Көк жайкалтып колго туу аштаган.

Кан майданда  каршылаштардын туусу көрүнөө бийикке тигилген.

Туу кырда туйлап турган. ТУУ кызыл кыргындагы эрлерге дем болгон, душманга айбар сүр болгон.

Туу кырдан жалп өчкөн ТУУ Эр көөнүнө зил болгон, башка каран түн болгон.

Андыктан, Туу Түбү Эр кол-аягы мүлдө кылычталып, бүт денеси мунжуланып бүткөн күндө да, өзөгүнөн коройтуп Туу туткасын көкөлөтүп тутуп берген, туруп берген – акыркы деми чыккычаӊ…

Андыктан, Жоочабар Баатырдын багын ачкан да Туу эле, багын кескен да Туу эле.

Мундуктан, Туу түбүнө турмак – миӊдердин ичинен чыккан миӊдин Бир Эренинин тагдырлуу Жолу эле.

Ал, ырас, заманга жараша «Баатыр», «Туу Түбү Эр» атагы маанисин кеӊейте, өзгөртө да келди. Эсеби, тагдыры эӊ бир кооптуу-жооптуу сыноого тушугуп турганда бир айласын таап, туюктан жол чаап аман алып чыккан азаматын да эл «Баатыр» атады. Кечээги, орус менен билги алакалашып, элинин келечегин түздөгөн Шабдан, Рахматулланы Бишкек чептен сүргөн Байтик ушундай Баатырлардан. Аркы Какшаал Кытай бети менен акылгөй алакалаша билген Чокону да, моӊолдорду эки суу арасына эптүү жыйган Жакыпбекти да замандаштары Баатыр атыктырышкан. Мындай мисалдар кыргыздын ар жеринен табылат.

Элдин наркын айт, салтын айт, кеменгерлигин айт, кеӊдигин айт – ошол бир жолку эрдиги, акылгөйлүгү, чечкиндүүлүгү үчүн эле бир Эр өмүр бою сый-урматка ээ болуп, улам кийинкилерге «Баатыр» аты  даӊазаланган.

Эл ошон үчүн эӊшерилгис кен келген;

Калк ошон үчүн кемибес казына калган.

Эмесе, бир ирээт эле ажат ачкан Эрге элдин сыйы ушунчалык болсо – анда бүтүндөй бир Дүйнөнү «чаап берген» Эрге Элдин сыйы канчалык болууга тийиш?!.

Чыңгыз Айтматов кыргыздын бир элдик эмес, кырчын «отуз беш» жашынан тарта ноюбай туруп берген – Кыргыздын дүйнөлүк Туу Түбү Эри эле;

Кыргыздын дүйнөлүк Баатыры эле!

Чыңгыз Айтматов турганда кыргыздын дүйнөлүк санаасы тынч эле. Пейли ток эле.

Бирок аттиӊ, ошентсе да, «бир аттиӊ» көӊүл бучкагын болбой эле булуттап туру: биз, замандаштары, дайыма эле залкарга көзүнүн тирүүсүндө кыргыз элдин ошол кылымдык нарк-салтынын, кеменгер-кеӊдигинин даражасында мамиле жасай алдыкпы, не…

А залкар, качан да болсо залкар. Ал жасады. Айтпай, дебей, эч кимден эчтеке да сурабай өзүнүн ишин жасады. Жасап өттү. Залкар башкача боло да албайт. Башкача болуу тагдыры буйрулбаган ага…

Ал, ырас, Эпикурдун кудайларындай болуп Асмандын алтынчы-алтымышынчы кабаттарында жашап калуу да буйрулбаганы соӊ, анын деле кара жер менен иши чыгат. Кишичиликтүү турмушу болот. Бирок ошондо да залкар паска түшпөйт. Түшкүсү келбегенден эмес, жөн эле аны ошол чалкар бийикке калкытып алып чыккан Жолдун анты түшүрбөйт. Тескерисинче, жердин көрөн-шөрөндөрү өзү залкар бийигине калкып, залкар затында чайкалып, нурланып-сырланып калат. Алтындалып!

Эсеби, жаш Айтматовдун биринчи күндөн дүйнөлүк даӊкка жараша жүгүн ноюбай нар көтөрүп кеткени таӊ калтырат; биринчи күндөн дүйнөлүк бийигин бербей нарк карманып өткөнү ойлондурат.  Баатырлык табияты…

Эстесек, тушундагы кыргыздын Бакай, Кошойго тете дааналары Токомбаев, Сыдыкбеков баштап, Бейшеналиев, Байтемиров коштоп, бир Азис Салиевден башкасы десек болот, кыргыздын кадырман калемгерлери мүлдө – «жазуучу эмес, журналисттин» «бузулган Жамийласы» баштаган «дезертир чыгармаларын» кабылдабай, дембе-дем сындап турган тушта муну калбаат көтөрүш үчүн канча эрк, неткен сабыр керек эле.

Мунун баары эки жазуучунун эмес, ириде, эки – эски-жаӊы адабияттын ортосундагы күрөш экенин билип, тааныш үчүн канча билим, талант зарыл эле. Анан да мындай чыгармалары бир зор держава алкагынан артылып дүйнөлүк мейкиндикке аргып кеткенден кийин да жаӊычыл адабияттын жалындуу көчбашы катары, улут рухунун камкорчусу катары кала бериш үчүн канчалык кенендик, тереӊдик керек эле. Туу Түбү Эр жайы…

Айтматовдун  дагы эрдиги – ошол алгачкы жаӊычыл чыгармалары менен эле социалисттик реализм методун тушунда сенектетип ийген жансерек агымды жарып-буруп жибергени аз болгонсуп (ушул нукта эле кыдыӊдап жортуп кете берсе бир өмүргө жетерлик олжо эле го!), жок эми болбой, сенек соцреализмди эмес, сенек социалисттик коом тартибин жарып жибергендегиси эле – Танабай, Эдигей, Маӊкурт, Авдий-Христос жаӊы каармандары аркылуу жаӊынын да жаӊы адабиятын (гумандуу реализм!) жарыялап! Көркөм Жаӊы Манифестти!

Жана эрдиги – адабият адабият менен болсун, «маӊкурт» көркөм сөздө калсын, – соӊу советтик кошмиз (кошжүз) – идеологияга соккон заманда (шовинизм!) улуттун тагдырын ачык талашууга дааналардын да даанасы оӊой менен даабаган. Чыкеӊ найзанын учу, кылычтын мизинде талашты.

Мисалы, эларалык заманбап аэропорттун МАНАС деп аталышы, бул, бүгүнкү  эске-көзгө, анчейин, жөнөкөй көрүнөөр, а тушунда, буга тымызын оңбогондой каршылык көрсөтүлгөн. Муну жеңүү, бул – элдин рухун-жүзүн сырткы дүйнөгө ачык тааныткан улуттук күрөштүн жемиши болгон!

Лениндин эстелиги турган өлкөнүн башкы аянтын «ЛЕНИН» эмес, Улуу Тоолорго колун созгон кеменгер жолбашчынын урматына «АЛА-ТОО» аянты деп аташ керек деп батыл сунуштоо баатырлык гана эмес эле, зор акылмандык да болчу. Бул сунуш да жогортон жолу канча тосулду.

«Акыйкат», «чындык» деген тузу касиеттүү сөзү жок эл-эл эмес, Октябрдын шарапаты менен нагыз улутка айланган кыргыз элдин гезиттерин «ПРАВДА» деп атоо элди кемсинтүү, ал «АКЫЙКАТ» деп гана аталууга тийиш деп жар салуу, бул да кезинде тилдик гана эмес, тил артында турган улуттук саясаттын урааны болгон.

Тил демекчи, кыргыз республикасынын борбору Фрунзе шаарында кыргыз тилинде окуткан жападан жалгыз бир № 5-орто мектептин гана болгону, шаар балдары текши (болочок интеллигенция каймагы!) эне тилин жоготуп чоңойгону – бул да демейки көрүнүшкө айланган эле.

Айтматовдун ошол кездери борбордо кыргыз мектептердин санын көбөйтүү, кыргыз тилин, алтургай, бала бакчалардан үйрөтүп баштоо зарылдыгын көтөрүп чыгышы – бул да замандык коңгуроо кагыш болчу. Анткени, элдин тилин жоготушу, энесин унутушу, бул бир кишинин айрым маңкуртчулугу эмес, бул, бүтүндөй бир доорлук маңкуртчулукка тете трагедия болмок.

Дагы кайталайлы, мунун баары бир зор державанын элдин тарыхый эсин акырындап жылма өчүрүүгө өткөн саясатына (тымызын шовинизмге) каршы билги күрөш эле.

Буларды эл аралык зор бедел  – Туу Түбү Эр гана айтмак, иштемек жана күрөшмөк! Ана, ошол эр эми, балким, өзү кыйыта жазгандай, акыркы «Тоо кулаганда» романын керээз сунуп, соӊунан өзү сулады.

Акындар жоктоо айтмакчы:

Курдайдын тоосу эмес бул,
Кудайдын тоосу кулады.
Кеминдин тоосу эмес бул,
Тэӊирдин тоосу урады…

…Байертеӊден тарта улуу Уулу менен акыркы ирээт коштошуу үчүн келген эл филармониянын жан жагына батпай кетти. «Көкөй кести» сыздап, «Сынган Бугу» какшап, Замирбек менен Элмирбек улам биринен бири өтүп боздоп-жоктоп, залкарды акыркы сапарына узатуу зыйнаты өтүп жатты. Убакыт да өтүп жатты. Эл аягы тыйылбайт. Тыйылбайт эмес, улам жаӊы толкун демеп, калк карасы калыӊдагандан калыӊдайт. Филармониянын маӊдайынан ачылган кеӊ эшик түтпөй кетти. Залкар менен соӊку ирээт жүздөшүп-коштошуп үлгүрбөй калабызбы дегендей санаада түйшөлгөндөр сапка батпайт, эл дайрасы агылып, агылып… бүтпөйт, бүтпөйт…

Ушундай кезде филармониянын күнчыгыш бетинен кошумча эшик ачып жиберишти – улуулар, интеллигенция өкүлдөрү, сүрөткер журту кармалбай өтсүн, сөөк менен коштошуп үлгүрсүн деген нээт. Биз турган топ ошол жакка жапырылдык. Аӊгыча:

— Ой, ой, Төкөгө жол бергиле, аксакалга жол бергиле, өткөргүлө, — деген бек-бек үн чыгып, сап как жарыла берди. Карылуу жигиттер кош колтугунан сүйөй жөлөп, кээде тепкич өйдө так көтөрүшүп, экинчи атактуу жазуучу Төлөгөн Касымбековду өткөрүп баратышты. Биз да ачыла түшкөн сапта ага удаа салдык.

Ана, өзү көзү тирүүсүндө канча ирээт басып чыккан тирүү сахнада, эми суз сахна эмес кеӊ имарат өзү үп тар болуп, гүлгө оронгон табытына сыйбай чалкар чалкып жатыры. Дүйнөлүк залкар. Мынчалык Дүйнөлүк Залкардын казасы улуттук улуу аза гана эмес, калк өз башынан биринчи ирээт кечирип жаткан ошончолук улуу сынак да болуп, ар кимибиздин кишилик наркыбызды да күзгү болуп чагылтып турду – Акыркы Сүрөт.

Бир болсо Манас азасы ушундай болгондур… Тирүүсүндө канчабыз кадырын көтөрө албай кайыштык эле, эми өлгөнү соӊ кабырын көтөрө албай майышып турубуз, Кайран Эл! Мен да көп ичинде, алдымда турган Төкөӊдүн ийининен артылта Жасатты тиктей, сан ойлор самсып мээде Залкар менен коштошуп жаттым.

РУХИЙ ХАН жатты табытта…

Биздин күндөрдүн хандары чубады көз алдымдан.

«Айтматов дүйнө салды» деген суук кабар жеткенде улуттук башкы телеканал европалык футболду көрсөтүп турду. Соӊунда концерт кетти.

Ак Ордо – жыӊ…

Расмий эч бир маалымат айтылбайт.

Оо, кайда барып гана башка телеканалдан берилген жаӊылыкта, диктор Ак Ордонун расмий Билдирүүсүн окуду. «Возможно, сам Президент возглавит похоронную комиссию» — деп бүттү текст аягы.

«Возможно…» ушуга жеткен экенбиз да!

Улут ТУУ түбүн сактаган Улуу Уулунан айрылып атса, Тоо кулап рухий Атасынан ажырап жатса, баардык радио-телеканалдарды бир мертем бууп туруп мамлекет башчысы Президент өзү чыгып, калкына расмий угузуп, кайрат айтуунун ордуна, сабырга чакыруунун ордуна, «балким…» деп эки анжылуу маалкатып, экинчи катардагы телекеналдын дежур дикторунун кешпири менен Генийдин, Дүйнөлүк Генийдин ЖОК болгону жобурап кабарланды. Жетишиптирбиз!.. Баарыдан да бул «балким-возможно…» анан эки күнгө созулду.

Эки күн бою Генийди жерлээр комиссия башы, мүчөлөрү белгисиз турду. Үчүнчү күнү гана болпойгон жакшы киши, Мамлекеттик Катчы Досбол Нур уулу Аза Комиссия Башчысы болгону маалымдалды. Президент эмес! Балким, жагымпаз кеӊешчилери ал арада: «Хан даражасы башка, ал жазуучу даражасына түшпөйт» — деп акылдуу-нарктуу кеӊеш беришкендир. Ким билет…

Бирок Айтматов БАШКА экенин билиш үчүн хандын өзүнө канча баш керек эле? Ана, биздин күндөрдүн хандарынын бир «наркы».

РУХИЙ ХАН жатты табытта…

Мурдагы президентти эстедим – Аскар Акаевди. А.Акаев да хандык образына толук кирип болуп толкуп турган чагында кечээги эле өзүн такка алып келген кишиге кайра кырданып калган. Кийин нике буйруп казак Президенти менен куда болду. Албетте, жеке нике болгону менен эки Президенттин – эки Мамлекеттин – Эки Намыстын ортосундагы (болгондо да, кыргыз-казак!) түзүлгөн өзгөчө мамиле эле бул. Кан куда А.Акаевдин Куда Башы кылып Эл Бакайы – Рухий Атасы Айтматовду баштатып алып казакка барышы бардык Мыйзам-Салтка төп, бар жагы жүйөөлүү иш эле. Башка Жол жок эле! Айтматов да, башкасы да, эч баш тарта албас Улуттук Намыс эле бул!

Бирок ушул жазмыштуу жылыган мамилени да ичинде кыйгылы бар кай бирлер «Айтматовдун Акаевге астейдил жагынышы» катары жазып, айтып жиберишти. Тек, бир курдай гана залкар өзү теледен берген кайсы бир интервьюсунда: «Эми Аскар деген, өзүӊөр билесиӊер, өзүнүн элчил ийкем мамилеси менен душманын да ийиктирип боюна тартып алган жан эмеспи…» — деп жүйөөнү бир ооз кыйытты. Бул сөздө баары айтылган. Ана, залкардын наркы.

РУХИЙ ХАН жатты табытта…

 

Түгөлбөй атаны эстедим. Түкөӊдүн көзү өткөндө аза митингинде Чыкеӊ коштошуп сүйлөдү. Ошондогу бир кеби жүрөгүмдү болкулдатып эсте калды. Болжолу, бул эле: «Түкө, бу азгырыктуу жашоодо баарыбыз бир-бир жаӊылат экенбиз, пенделикке алдырат экенбиз. Сиз гана өз жолу-ӊуздан, чындыгыӊыздан тайыбай түз өттүӊүз. Биз Сизге ыраазыбыз, бизге ыраазы бол…»

Кезинде, Түкөӊдүн «Көк Асаба» романы саясий кынтыкталып КП БК деӊгээлинде чоӊ тал-кууга салынганда Чыкеӊ чечкин коргобой коюптур, атургай айрым сын айтыптыр деген каӊшаар кеп жүрчү. Заман башка эле, анан калса, Чыкеӊдин деӊгээлинде чыгармага башкача баа берүүгө да болот эле…

Кандай болгондо да, жертүбү боюна түбөлүк тартып бараткан адам алдында жерүстү пен-денин түтпөгөн бир-бир өксөөсү болот. Чыкеӊ мага ошондо Түгөлбай Ата арбагынан түбөлүк алдында кечирим сурап жаткандай көрүнгөн… Бул да залкар наркы эле.

РУХИЙ ХАН жатты табытта…

Аалыкени эстедим. Аалыкенин өмүр соӊунда Чыке экөөнүн ортосундагы болгон оӊой эмес мамилени ойлодум. Анын баарынын агы-көгүн, көзгө түшпөгөн суу алды агымдарды, держава алкагындагы тымызын идеологияны, баарын-баарын, калыс тарых коет акыры орду-ордуна. Айтмагым, башка. Акыркы сапарына түбөлүк узап бараткан Аалыке алдында да Чыкеӊ ошондо Москвадан түбөлүктүү чындык сөздү айтты: «Аалы Токомбаевдин жол ачуучулук баасы эбегейсиз. ХХ кылымдын поэзиясынын жаӊы формасы кыргыз элинин аӊ-сезимине кириши Аалы Токомбаевдин ысымына түбөлүк байланыштуу…»

Бул да элдик улуу нарк эле – залкар дайым бийигинде турган…

Бул тек, Баа эмес эле бир залкар ордун экинчи залкар калыс аныктаган, бул – ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ, ЖАН АЙЛАСЫ жана… ЫЙЫКТЫК сабакташтыгы да эле, экөөнүн чыгармачылыгын бир тепчий өткөн.

Элчибек – Үкөй («Солдат элек». А.Т.) – Ысмайыл – Сейде («Куш-Өмүр». Ч.А.) сабакташтыгы. Чыны менен сырттанды сырттан таанып, кабыланды кабылан баалайт экен, көрсө…

РУХИЙ ХАН жатты табытта…

Кыргыздын Дүйнөлүк Туу Түбү  Эри.

Кыргыздын Дүйнөлүк Туу  Баатыры.

Чыкең бу Ааламдан өттү деген суук кабар угулганда мен да деӊдароо болуп, не кыларды, не иштерди билбей нес каттым. Анан жан дүйнөм тебиренип, кандайдыр бир нерсе деш керегин сезип, акыры, Асылдын алтын башы али караңгы көрдө чым жаздана электе, Жасаты Жарык Ааламда али калкып турган чагында, не деген Улуу Будайык Куш булуттап бара жатканын айтып үлгүрүш керек деген гана бир ой мээни эзип, жүрөктү мыжып туруп алды. Муң бөлүшөрүң жалгыз калам экен, Айтматов өзү да мындайда аргасыз төшөлчү ак кагазга көзүм жаштуу, көкүрөгүм дарттуу мен да эрксиз отурдум. Эсилге акыркы ЖОКТООму жаздым. Устаттан ыраазылык сурадым. Асылды жерлээр күнкү «Кыргыз Туусу» гезитине жарыялап үлгүрдүм.

Азыраак сооронуч таптым өзүмө. Бирок баары бир Залкар бир кез түбөлүк жералды узап бараткандардын алдында түтпөй кайышып тургандай, жер үстү мен да алдымдагы Төкөӊдүн ийнинен артылта, Залкардын Акыркы Сүрөтүн эӊ соӊку ирээт карекке чөгөрүп турган тушумда да: «Биз, замандаштары, интеллигенция өкүлдөрү, жөпжөнөкөй карапайым элдин бириндей кайран жандын кадырына жете алдыкпы көзүнүн тирүүсүндө, кыргыздын кылымдык нарксал-тынын, кеменгер кеӊдигинин даражасында мамиле эте алдыкпы, не…» — деп бая жанды эзген суроомо жооп таба албай майышып турдум.

Аал, Сырттан – ар кимибиздин кишилик баабызды, наркыбызды өз-өзүбүзгө АКЫРКЫ СҮРҮНДӨ да күзгү чагылдырып жатты, жатты… Жалтайлатып!

АК  ТАӉ – КЫЗЫЛ  КҮҮГҮМ

Айтматов казасынын алдыӊкы жылдары…

Акаев мезгилинде айрым жазуучулардын Айтматовго башталган асылуусу кийин Бакиев кезеӊинде да токтобой койду. Биринчи президенттин ачык эмес, унчукпай тымызын колдоосуна ээ болгон чакан топ: «Болду, Айтматовдун заманы өттү, эми анын Кыргызстанга кириши кыйын болуп калды» — дегенчеликке чейин жетишип, ээн жердин бөрүсүндөй эркин жойлоп калышты. Экинчи президенттин унчукпас кайдыгер, а кийин мунун да тымызын кырданган маанайы бул топко үндөксүз сүрөөн-дем болду. Сөз эркиндигин бетке карманган айрым бир жагымпоз гезиттер аркылуу маал-маалы ачык аткылап да турушту…

Анан калса, булардын айрымдарынын жүйөөсү да «акылдуу» эле: «Айтматов чыгармаларынын көпчүлүгү социалисттик реализм нугунда жазылган. Эми социализм кыйрады. Айтматов социалисттик жазуучу катары доорун жашап болду. Чыгарманын чыныгы кунун калыс мезгил өзү гана бычат, жазуучунун анык тагдырын тарых өзү гана чечет. Ким чыныгы классик катары калат, ким демейки эле жазуучуга айланат – эми билинет. Демек, аренаны Айтматовдон бошото баштаса болот!..

Тарых аӊтарылып, идеологиялар көӊтөрүлүп жаткан будуӊ кезеӊдерде мындай «тарыхый-илимий» жүйөө-бүтүмдөргө тарыхый жооп бериш да кыйындыкка турат. Ошондой күндөрдүн биринде Кыргыз Жазуучулар Союзу уюштурган «Эгемендик жылдарындагы кыргыз поэзиясы» деген аталыштагы кеӊири талкуу-жыйын тарых музейинде өттү.

Белгилүү сынчы Кадыркул Даутов кеӊири доклад жасады. Аркан учун алыс таштаган ал эгемендик жылдарындагы кыргыз поэзиясы эле эмес, дегеле кыргыз совет жазма поэзиясынын башатынан бери кеп козгоп, чыныгы поэзия не экенин, кыргыз совет адабиятында анык Акындар катары кимдер гана калууга укуктуулугун ынанымдуу, далилдүү алдыга тартты. Сөз кызыды. Кеп поэзия чегинен чыгып, жалпы эле кыргыз адабиятынын өктөм проблемаларына ооду. Айланып келип, Айтматов маселеси да козголуп кетти.

Жогорку окуу жайдын белгилүү жаш окутуучуларынын бири, дагы эле, «социалисттик конъюнктура» өӊүттөн чыгып, Айтматовду өтө билимдүү, олуттуу, «заманбап» сындады. Кечээ эле пайгамбарга тете даӊазаланган залкарга улуу муун өкүлдөрү текөөр салып турганы аз болгонсуп, эми жаш муундун текеберленгени жыйын катышуучуларында ар кандай ойлорду пайда кылды. Залдын эӊ төрүндө ошол текөөрлүүлөр баштаган улуу муун тобу ойнолуп жаткан драмага кыраакы жана сынаакы көз чаптырып турушту.

Көптүн ичинде жарыш сөзгө чыккан мен да өз оюмду айттым. Болжолу, бул эле: «ХХ кылымдын акыркы энциклопедист залкары философ Лосев өлгөндө «Литературная Газета» мындай некролог берди эле: «Жатаарда терезеӊден сыртты карасаӊ, калдайып горизонттун жарымын жаап Улуу Дөбө турган. Эртеӊ менен туруп карасаӊ, Дөбө жок. Орду аӊгырап бош калган. Лосевдин дүйнөдөн өтүшү орус руху үчүн ошол Опол Дүйнө көчүп кеткендей иш болду…

Эртеӊ кимибиз эмне болорубузду эч ким билбейт. Баарыбыз Бир Кудайдын колундабыз. Бирок эгер, эртеӊ Айтматов шамы өчөр болсо, анда мобул Көктүн жарымын жапкан Байтиктин Көк Дөбөсү көчүп кеткендей иш болот. Каӊгыраган боштукту эч ким эч качан толтура албайт. Айтматовду кол жоолук кыла бергенди токтотуш керек!»

Менден кийин чыгып сүйлөгөн айтматовчу аалым Лайли Үкүбаева жыйындагы сөзгө чекит койду: «Айтматовдун орду айкын, келечеги кебелгис. Жазуучуну жайына коюп, а көрөк көзү тирүүсүндө кадырлап алалы…»

Атына кылаапат айттырбай, жыйын ал жолу да Айтматовун колдоп, коргоп алды. Бул, Айтматовду өз мекенинде тымызын өгөйлөй баштаган качкын эки президенттин тушундагы бир жылт окуя.

Ана, Айтматов да өттү Ааламдан. Андан бери канча суу акты. Ал эми көчүп кеткен Көк Дөбө орду аӊгырап бош. Дүйнөлүк Кыргыз эми жок. Тек, элесин көзгө сүртүп эскерип отурбуз…

Ушул бир окуяны эскергеним, ошол кездери Айтматовго өгөй мамилеге чыдабаган көптүн бири, мен, бир чакан ой толгоомду сунуштаганы олтурам. Мындагы менин көӊүлүмдү бурган нерсе – Айтматовго айрымдардын учурундагы кырданган мамилесин гана чагылдырбастан, Айтматовдон кийин, балким, кыргыз прозасынын өнүгүү багыты кандай нукта кетиши мүмкүн экендигин да болжолдуу нускап тургандыгы. Арийне, бул бир кишинин, андагы айрым ою.

Эске салып алаарым, материал – Жазуучу Союз секретары – «Мелис Абакировго жазылган (17-июнь, 2005-ж. окуясына байланыштуу) ачык каттан» үзүндү. Кат Абакировго багышталганы менен, чынында, Мелис агадан артылтып, Айтматовго каршы быгышып алган топ мүчөлөрүнө багытталган болчу. Союздун жетекчиси катары Мелис агадан да жоопкерчилик алынбайт деген ишенимде элем.

Ушуга эле улай айтаарым, азис окурманым: эсиӊиздеби, «мендеги» Айтматовдун эӊ алгачкысы (мектеп сочинениеси) Айтматовдун 40тагы кезинде жазылыптыр; «мендеги» Айтматовдун акыркысы («Ачык кат»), дагы болжолдуу, ушундан 40 жуук жыл өтүп, Айтматовдун көзү тирүүсүндө жазылып отурат.

Биринде – дүйнөнү жаӊыдан жеӊип ала баштаган кырктагы жаш жазуучунун айжаркын бейнеси жана ага эриштелген, мектепти мына аяктап жаткан жаш уландын романтикалуу ой дүйнөсү;

экинчисинде – дүйнөнү толук багынтып болгон, 80ге таяган алп жазуучунун күнжарык жүзү жана анын ушул эӊ соӊку бийиктиги тууралу ой толгогон жетилген курак…

Ушул параллелден чыга отуруп, автор көӊкү-соӊку эки материалын теӊ эч бир оңдоосуз абалкы калыбында бир такта бетинде жанаша берүүнү эп көрдү.

Ак Таӊ, Кызыл Күүгүм арасы, билгенге, бул да бир Кызык Жол экен – жаш Айтматов-Алп Айтматов жана бир Окурманынын айрым-айрым тагдырларындагы…

(Уландысы бар)