ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: АЛЫМ – ЖУРНАЛИСТ

1. Алым — кезең 

2. Орус Алым

3. Жабыктагы ойлор 

4. Алым сабак

Алымдын артында калган мурасына көз чаптырып отурсак, ал 1971-74-жж. гана үзгүлтүксүз иштегенин көрөбүз. Кийинки жарык көргөн ырлары, котормолору – «Ала-Тоого» 60-жылдардын аягында жарык көргөн жаштык ырларын айтпаганда, негизинен, бүт ошол жылдары жазылган. Кийин экен-токондо гана айрым чарт бышкан ырларын эрксиз шилтеп салган. Бул сейрек ырларын мен саны, өӊү-түсүнөн өйдө билем. Анткени, ушул ыр өзү эле жазылып кетти деп көөндөнүп окуп койчу.

Эми Алым неге ыр жазбай калган деген суроого, арийне, ар кыл жооп айтууга болот. Ушуну мен да кезегинде андан тике сурагам. «Эми поэзия деген жаштыктын, фантазиянын иши экен да» — деп койгон, салкын, күрсүнүп… Баса, дубалында Поль Валеринин сүрөтү илинип туруучу, алдындагы жазуусу менен: «Үшкүрүк – ойлордун туу чокусу…»

Атургай, андан: «Ой, байболгур, баягы «Ала-Тоого» чыккан ырларыӊды бир чыгарып койчу» — деп канча сурандым. «Эми анын кимге кереги бар?» — деп кеп жебей койду, кежир. Кийин-кийин гана 60 жылдыгына карата чогуу иштешкендери кысмактап жатып чыгартышкан «Эски дептер» жыйнагына кирди бул ырлары. Кырк жылдан кийин!

70-жылдардын соӊ жагында Алым «Кыргызстан маданияты» гезитинин сын бөлүмүндө иштеп калды. Бул эми, билгенге, адабияттын кара жумушу, айрыкча, гезиттеги. Сын макала жазмай, бирөөлөрдүкүн уюштурмай, кээде өзүӊ алардын атынан жазып, болбоду дегенде, үзүктөй сындарын үтүктөп, кызыл-жаян редакцияламай! Орус тилинен олуттуу материалдарды котормой. Жазуучулар Союзунун белгилүү иш-чараларына (пленум, съезд ж.б.) байланыштуу Союз жетекчилеринин докладдарына колкабыш да ушул бөлүмдүн иши. Ушинтип жүрүшүп, дегеле, ырдан башканы жазбай турчу эрендер Сүкөӊ менен Алым сынчы болуп кетишти. Акын эмес, «сынчы С. Тургумбаев, сынчы А.Токтомушев» деп аталышчу болду гезитте, жыйындарда. Ушунун баары, албетте, ит өлгөн жердин баарында иш бүтүргөн универсал Алымдын мээсин бурду, убактысын жеди, жаштык кызуусун алды. Шыӊгырап күүлөнүп турган аяр комуз кылы турган нымыртта шылдырады.

Бул эле эмес, Алым кийин-кийин атактуу журналист да болуп чыга келди. Эгемендик жылдарында. Эми Алымдын журналисттиги өзүнчө сөз. Биерде, тек, кыска кайрырым – Адабият менен иши чыккан жазуучу журтунан башка калк Алымды акын эмес публицист катары гана таанышат. Бирок бул эми «жыргаганымдан жылкы багыпмынбы» дегендей кеп, Алым үчүн аабалда аргасыз эле иш болгон. Жан багуунун бир айласы. Гезит анын өмүрүн алды. Бир интервьюсунда ал: «Мен макала түгүл информацияны да кан менен тердин ортосунда жазам» дегени бар. Ушул – чын. Өз ысымын аздектеп, окурманын тереӊ сыйлаган киши ошентет. Табияты аналитик ага сырттай кайпытып айтып, койгулаштырып коюу такыр жат эле. «Рынок» аталган татаал жаӊы турмушту, экономикалык мыйзамдарын ичтен түшүнүүгө аракет акындын жашын сурады. Акыры, жаӊы образына кирди Акын. Тыкыр рухий Алым такыр эле коомчул-публицист болуп алды. Алым журналистикасы жайында атайын изилдөөчүлөр кеп салар. Мен биерде, тек, адистердин, саясатчылардын оозун ачырган анын алакандай аналитикалык макалаларынын сыры эмнеде, күчү эмнеде, булагы кайдан – ушул багытта чалгын кеп салайын. Акындык тагдыры менен байланышкан!

Алым поэзиясы тууралуу сөз кылганда, ал ХIX-XX кылым орус поэзиясын, жалпы эле көркөм, публицистикалык адабиятын чагып окуганын, чөмүлүп жашаганын айткан элек.

Эмесе, тарых өзүнүн баскан жолун спиралдык өнүгүштө кайра бир кайталайт деген философий аныктама бар. XIX к. экинчи жарымынан тарта крепостнойчулук чынжырларын үзүп, өнүгүүнүн жаӊы күжүлдөгөн капиталисттик тилкесине кирген зор Российдин коомдук турмушунда, аӊ-сезиминде, бууракан өзгөрүштөр жүргөнү белгилүү.

Феодализмден капитализмди баспай социализмге секирип, кийин мунун өнүккөн этабына өтүп, коомдук мамиле, аӊ-сезиминде кыйла өскүлөӊ деӊгээлге жеткен социалчыл кыргыз эл, соӊунда Совет державасы кыйрап, дал ошол бир кез кеӊ Россий баскан кир тилкеге кирди. Ушул кездеги биздеги жана андагы падышалык Российдин коомдук мамиле, аӊ-сезиминдеги жүргөн, болгон кыйла окшоштуктарды тарых эми алдыга өкчөп, таштап койгон эле. Буга кошумча – ушул эле окуялар, идеялар, көйгөйлөр эми жаӊы деӊгээлде жаӊы эгемен ельциндик Россияны да кучагына алган эле. Жаӊы Россия башынан кечирүүгө өткөн жаӊы экономикалык, идеологиялык, эл аралык саясат, жалпысынан, дээрлик күзгү чагылышында (жергилик кээ бир мүнөзүн эстегенибиз жок) Эгемен Кыргызстанда да өкүм сүрүп жатты.

Алым тээ илгери күндөн танбай окуган А.С.Пушкин алгачкы редактору болгон бир адабий-коомдук басылма бар эле, – «Современник» журналы. Орус духун салтанаттаган рупор! Совет заманында жана эгемен Россияда жаӊы орусчулар муну «Наш Современник» деп жаӊырта аташып, кайра чыгарышты, орусчул духту мураскор катары кайрадан салтанатташты.

Народниктер, разночиндер, утописттер, демократтар, демократ-революционерлер…;

Некрасовдор, Белинскийлер, Тургеневдер, Гончаровдор, Герцендер, Добролюбовдор, Чернышевскийлер, Огарёвдор, Плехановдор…

— кылым өткөн соӊ кайрадан кыжып, жаӊы заман менен (эгемен кыргыз, орус!) жаӊырыкташкан, идеялар илинчектешкен кезеӊ келди. Демек, Алымдын идеологий-философий ориентири бийикте эле, жаӊы заманга кыйыштыра таштаган якору тереӊде эле. Кыргыз заманы, тайкы саясатчылары, эгемен турмушу, ориентирсиз тербелип турган жылдары Каракуштай асманга калкып алган Алым заман агымын аӊдап-кармап, кардыгып шаӊшып турганы ушул эле. Албетте, өз идеологий дүрбүсүнөн карап. Дүрбү-Идеал, негизинен, окшош эле: оруста – общиналык аӊ-сезим, общиналык социализм, социалдык рынок, собордуулук;

кыргызда – жамаатчыл аӊ-сезим, теӊчил коом, нарк экономика, элдик бийлик.

Бекеринен Алым ой-толгоолоруна орустун эртеги ойчулдарынын айткан-дегендери эң эле мол эпиграф, цитат болуп алынбайт – семитизм, антисемитизм, сионизм, русофобия, демократия ж.б. идеялар менен тепчилишип, бүгүнкү саясаттын күүгүм жактарын жарытып турбайт. Бул жагынан Алымдын заманга кызматы – кезиӊдеги Герцендин, Добролюбов, Чернышевский, Огаревдордун элине өтөгөн эмгегин эске салат. Анын ар бир «Жолбүгүнү» кыргыз коом турмушу үчүн «Асабадан» кагылып турган өзүнчө герцендик «Коӊгуроо» («Колокол») сыяк эле.

Арийне, жогорудагы дүйнөтаанымдык-концептуалдык өӊүттөн айтылган ойлор Алым публицистикасын чектебейт. Тек, Алым поэзиясы менен публицистикасынын киндиктештик жайынан кабар айтат. Анын күндөлүк турмуштун күрөөсүн кармаган миӊкыл ой-толгоо макалаларынын кайсынысы учурдук гана, кайсынысы өтпөс мааниге ээ – ушуларды кыраа карап, сынаа зерттеп, тарыхка «Алым-публицистти» да таза (тандалма) калтыруу кажет.

СОҢКУ ОЙЛОР

Албетте, биз буга дейре, негизинен, Алым Токтомушевдин өзү жөнүндө айттык. Бирок белгилүү, ар кандай күч, кубулуш жалгыз чыкпайт, чокон бүтпөйт, ошол эле физиктердин айтуунча, анын таасир этишкен «талаасы» бар. «Пушкин кыркаары» (пушкинская плеяда) дегендей, не, И.Христоско («Иоан алгы») (предтеча) сыӊары. Алымдын керт тагдыры, жеке мастерлиги өзүнүкү, ал эми жалпы эле ошо кездеги жаш толкун чыгармачыл атмосфера жайында кеп жүргөндө, Алымга эӊ жакын «талаа», таасир этишкен чукул чөйрө тууралуу эскербей кетишке эч болбойт. Баян башында бул тууралуу азыноолак чалгын кеп салдым. Акыйкатта, Алым «кыркаары» – Табылды, Тургунбай, Асан, эки Роза, Сагын жана жаздыкташ жары Шербеттин ар биринин кайталангыс адамдык-акындык ажырагыс тагдырлары өзүнчө кеӊири сөзгө арзыйт. Булар менин да замандаштарым, ээрчишип далайын эӊ жакындан билдим. Кези келсе, ар бири тууралуу арналуу кеп салынар. Бүгүн мен «ини алтымышынчылардын» кыргыз рухий-маданий турмушундагы өзүлөрүнө гана таандык ээлеген өз орду барбы, болсо, канчалык; сиӊирген эмгектеринин өзгөчөлүгү, өзүнчөлүгү эмнеде эле өӊдүү жообу азырынча анык бериле элек суроолорго «Алым контекстинде» жалпыланган ой айтмакчымын. Бул үчүн «алгыларга» кайрылышым милдет, зарыл!

«Алгылар» – үчөө: Беганас Сартов, Аман Токтогулов, Сүйөркул Тургумбаев.

Үчөө теӊ жаш гений Алымга рухий тууган да, дос-устат да болгон эӊ жакын адамдар. Артылып – жаш муунга мээри, жарыгы булактап ачылып, чачылып калган жаркындар. Эми үчөөнүн орду өзүнчө кайталангыс. Соӊкулар үчүн, шарттуу айтканда:

Беганас – коомдук жетек;

Аман – адабий жетек;

Сүйөркул – рухий жетек сыяктуу эле.

Дагы айтайын, эмки муунга түшүнүктүүрөөк болсун үчүн гана ар биринин өзгөчөлөнгөн жагына басым коюп жатканым бул.

Беганас ыр жазчу. Өз мезгили үчүн кыйла жаӊычыл эле ырлары. Баамымда, даӊкан аткан Дайырбек, Алым инилерин көрүп туруп эле жол бошотуп, бийик поэзияны сыйлап, фантастиканы беттеп кетти, сыягы. Бирок Беганастын Беганастыгы башкада эле – ал эч кимден тапшырма албай же өйдөтөн милдет да тагылбай кыргыз чыгармачыл жаштарынын бүт түйшүгүн өзыктыярлуу жонуна жүктөп алганы эле. Беганаска чейин да, Беганастан бери да, мына жарым кылым убакыт өттү, өзүнүн жеке ишин жетинчи орунга жылдырып салып, жаш талант, жаӊы муун үчүн жанын төшөп салган мынчалык фанат камкор ага чыкпады. Чыкпайт да экен!

Беганас чыгармасы эмес, өзү фантастика экен! Ал чыны менен жаштардын рухий атасындай эле жана жаштар да аны милдеттүү камкор, коргоочусундай сезип алган. Фрунзе шаар, мүлдө чыгармачыл жаштарын, акын эле эмес, абанчы, сүрөтчү да – башын кошуп, “Тоо Жылдызы” адабий ийриминде топтоп салган ушул Бекең эле. “Мектеп” басмасынан эӊ жаш авторлор үчүн “Жаштар үнү” деген поэзия сериясын артынан сая түшүп жүрүп ачтырган да ушул Бекеӊ эле. Атургай акын кыздар кандайдыр “казан-аяк институтуна” басылып же башка себеп болуп ыры демебей калса, ушунда да кайран Бекеӊ кайненесин же күйөөсүн “коверго” чакырып жиберип, үйдө чыгармачыл атмосферанын түзүлүшү үчүн “коомдук таасир” этип иймей да жайы бар эле. Ошентип, акын кыздардын өзүлөрү эле эмес, күйөөлөрү да эрксиз жаш кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө “күйөөлүк салым” кошуп калган учурлары аз эмес эле.

Ошол кез акын кыздар ырында – Роза Карагулова, Роза Мукашева, Шербет Келдибекова, Алымкан Тыналиева, Калбүбү Сариева, Чынар Бектурова, кийинки Айгүл Узакова ж.б. “Дос” деген атама-кайрылуу мол. Алардын көбүндө – Бекеӊдин карааны. Бул ушундай бир аяр, таза, камкор дос, чыгармачыл союз эле. Беганас өлгөндө туусу жыгылып, бүт чыгармачыл жаштар өксүп аза күткөн. Алымдын Беганаска арналган “Досту эскерүү” деген ыры, андыктан, бир кишинин эмес, бир муундун аза-муӊу, ыйы. Ал эми Алымдын өзү үчүн Беганас баары эле – саяпкер да, устат да, ага да, дос да, чыгармачылыгын кайтарган чакчыгай сакчы да эле.

Баарыбыз барар жай шол. Бардыгыбыз
бу жерге убактылуу калтырылдык.
Качандыр күндүн күмүш кирпигинен
кулайбыз көз жаш сындуу, тамчы сындуу.

Канчалар келип жатат, узап жатат,
айрылат, кайрылышат, кучакташат.
А дүйнө асман менен, жамгыр менен,
жер менен бир керемет китеп жазат…

Аман тууралуу да ушуну айтууга болот. Тек, Аман ишмердүүлүгү, көбүнчө, адабий айдыӊда эле. Филфакты бүтөрү менен “КМнын” сын бөлүмүндө иштеп калган ал адабий сынды чукул жандандырып, халтурага каршы аёосуз казат жарыялап жиберген. Алгачкы курста окуп жүргөн студент бизди гезит редакциясына атайлап чакырып (о десеӊ, Аман Токтогуловдун өзүнүн кабыл алуусунда сын бөлүмүндө каадалуу отурушуӊ – Парнастын туу кырында турганыңдай эле кеп эле!), колдорубузга бир-бир халтура китепчелерди карматып, “көптүн арасында, көчтүн карасында” деп өзү ачкан рубрикага ылайык биринчи там-туӊ макалаларыбызды шилтеткен да ушул Аман эле. Ал улам жаӊы бир талаш ойлоп таап, агымдагы адабий турмушту кызуу жандандырып турган мотор болчу.

Аман кийин КГБда (коопсуздук комитети) иштеп кетти. Ошол жактан да, билгенге, айдыӊы кыргыз жазуучуларына кыйла эле тийип турду.

Дилин берсе, бирөөнү жактабаймын,
Аталардын батасын аттабаймын,
Тирүү жүрсүн кайкалап өзүм менен
Калпагымды музейге сактабаймын
  (Т.Эргешов) –

өӊдүү ырлар (бүгүн жөпжөнөкөй көрүнгөн!) “улутчулдук” деп саясы кынтыкталып турган тушта – “бейкүнөө эчен баш кетмек”. Аман ошондой “бөрк ал десе, баш алган” ашкере москвачыл жагымпаздыктын мүйүзэгин кайрып турган. Жеӊижоктун биринчи чыккан китебине “Айтматов авторитетине” аралаш ал жактын азуусун да алгач жумшарткан ушул Аман.

Аман менен Алымдын мамилеси ысык эле. Экөөнүн теӊ чечекейин чеч сүйлөштүргөн – дүйнөлүк, орус адабиятын, учурдагы адабий процессти мыкты билишкени эле.

Аман Токтогуловдун казасы – “каз элек катар учуп каркылдаган” деп көк карап калган сыӊар Алымды да бир жолу достон өксүттү:

Тиленип тийбей калган бата сыӊар,
Тирелип ар кай жерде жатасыӊар!
Ар бириӊ кеткен сайын ойлой берем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар.

Алым ошол тизмеге эми өзү илингиси келгендей, башка досторун андан көргүсү келбегендей жашады…

Сүкөӊ – “ага алтымышынчылардын” ичинде Алым менен Шербетке эӊ жакыны. Чыгармачыл духу боюнча да, бир жерде узакка чогуу иштешкендиги боюнча да.

Сүкөӊдүн “Ала-Тоо” журналына алгач ыр топтом болуп жарык көрүп, кийин “Кечки троллейбус” деген аталышта чыккан экинчи ыр жыйнагы кыргыз жаш поэзиясынын майрамы болгон. Сүкөӊ кыргыз поэзиясына сырдуу купуялыкты биринчи алып кирген акын. “Кайыптан сыр алган кайберен Сүйөркул” деп жаздым эле, бир канча жыл илгери. Символизм поэзиясы менен бир кез артыкча алпурушкан Алымга Сүкөӊ мына ушул кайыби духу менен айрыкча жакын эле. Ар ырдын маанайына ылайык сөз кынамын, добуш ордун, айрыкча эӊ жаш жана эӊ карт сөздөрдүн кунун мыкты билгендик ага-ини поэзиясын өөктөштүрүп туруучу. Алым көзү өтүп кеткен досторунун баарына ыр арнаган, тагдыры экен, акындык тамга-эни таасын белгиленип, өзүнө арналган акыркы шер ыр жалама аскада жалгыз калган ага дос Сүкөӊ тарабынан жазылып калды.

Ээрчишип өттү кош талант –
Алым менен Шербеттей,
Кыргызга сыймык эки асыл
Ырлары калды берметтей.
Жумулуп чырак көздөрү,
Жашоодон өттү өздөрү.
Жазылып калды даридей
Жагалмай канат сөздөрү.

Кармалгыс сырдуу ыр мөртүн
Алымдан табаар соӊку муун.
Аяндуу акын Шербеттин
Саптары шыӊгыр күмүш үн –
Кубулуп көзгө илешкис
Бедездеп сөздүн түр-түсүн,
Табылгыс түгөй эки акын
Таберик таштап кетишти
Кыргыз ыр кымбат үлгүсүн.

Алым тууралуу айтканда, анын стихиясына төп “ага дос” ушул кыркаар тууралуу айтпай кетүүгө эч болбойт. Алым муунунун өсүшүндө, калыптанышында, өз-өзүнчө өӊ алышында алардын тамырына ар өӊүттөн суу жайган – бири “туруктуу коомчул”, бири “жандуу адабийчил”, бири “көкүрөк-гөйчүл” ушул дайымкы булак тууралуу дебей коюуга эч мүмкүн эмес. Алым муун алгылары, дос-устаттары эле булар. Беганас менен Амандын артында калган көрүнөө мурастарынан тышкары, көрүнбөй мезгил бүктөмүндө калып кеткен, андан кем эмес, балким, ашкан, эӊ баалуусу – ушул көмүскө үлгү сабактары. Эсен бололу, эстей жүрөлү. Ал эми Сүкөӊ… Сүкөӊ, бул алым муундун эле эмес, дегеле соӊ муундун будуӊ түпкүрлөрүн булаӊгыр жаркытып ийген көөрлүү акын. Эскинин көзү, эсен болсун.

Эми, алым “алгыларынан” соӊ кепти жыйынтыктаар да кез жанды. Баягы соболго келели.

Кыргыз поэзиясын жаӊы деӊгээлге аргытып алып кеткен “ага алтымышынчыларга” удаа чыккан ини муундун өзүнө гана таандык кыргыз поэзиясындагы ээлеген орду барбы, өзүлөрүнө гана мүнөздүү жеӊип алган бийиктиги болдубу же алардын саясында саздап кала бериштиби? Буга Алым мисалындагы баяныбыз белгилүү деӊгээлде жооп түштү го деп ойлойбуз.

Эгерде “ага алтымышынчылар” дүйнөлүк, орус поэзиясын негизинен которуп жеткиришсе, өз чыгармачылыктарында сырттан өздөштүрүшсө (бул ченемге кайра эле баягы Кайс-Рамис, анан Омор сыйбайт!), эми ини муун өзүнүн авангард бир өкүлү, т.а. интеллектуалдык-философиялык поэзия жараткан ири өкүлү аркылуу анын (дүйнөлүк-орус поэзиясынын) ичине кирип кеткен, “тканына” айланып алган; не мазмундук, не формалык өӊүттөн болсун, кыргыздын поэзиясына жуурулуштуруп салган. Муну элестүү түрдө дүйнөлүк поэзияны кыргызга түшүрүү, не, кыргыздык поэзияны дүйнөгө жуукташтыруу деп айтсак болор. Ушундай эле өзгөчөлүктү өз өӊүт-багыттарында Сагын, Шербеттер да алып жүрүшөт. Поэзия деп жүрүшүп түгөнүп-түтөгүп кетишкен Табылды, Тургунбай тууралуу бир кеп кетти. Тек, поэзияга жолу түшүп калган кыз тагдыры кыйын келет экен.

Бир кез, поэзия таӊында, Алымдын Роза Карагуловага жазганы бар:

Чачтары сынык-сынык тарайт нурдай,
Кай доордун, кай замандын
шамалы бу,
бир дүйнө кылып аны селкилдеткен.
Эки көз күйөт анын жамалында,
эки көз – эки бакыт,
бири – эне, бири – акын
(акындык сүйөт бирок чоӊ казатты
баардык бакыттарды кыйратып, анан
акын калгысы келет жалгыз өзү!);
ка-айт,
ка-айт Роза,
бир бакыттан – бир көзүӊөн.

                                                                       (К.Розанын башы. 2. XII. 71)

Кайтты Роза бир көзүнөн, нур көзүнөн… Бирок ыр көзүнөн кайткан жок. “Капчыгай” деген дирилдеген карлыгач канат соӊку ыр жыйнагын калтырып, бул да жылдызданып кетти.

О, эсилдердин кайран көч! Бир көч, нур көч…

Мындай карасаӊ, бардыгы поэзиянын курмандыктары экен. Чыныгы Поэзиянын! Ырды – Тагдыр кылып алышкандардын. Ырды – Жашоонун маӊызына айлантып салышкандардын. Ыры, ыйы, муӊу… Эми абай баксак, бул көрсө, кыргыз рухунун өз кулундарынын чыӊырган тагдырлары аркылуу жан кубатын арттырып жатканына окшойт бейм. Кандайдыр бир деӊгээлдеги бир кубатты толук жагып болуп туруп гана, экинчи деӊгээлдеги кубатты алууга болот.

Быкшыган чычала от бербейт! Күйүш гана керек жалындап!

Соболдун биринчи жообу ушул.

Экинчи жообу..

Экинчи жообу биз үчүн саал көнүмүш эмес жолдон, адабий эмес тегизден – психоанализден изделет.

Батыш илими тегиз тааныган, Чыгыш рухий-мистик окуулары эбактан моюндаган бир Чындык бар – Тэрэӊги Эс (Тэреңги Эс – биздин таанымда кайыпкабар же жөн эле Кайып, бул улуттук кыртышта чечилер өзүнчө сөз. Биерде дүйнө моюндаган удулда кеп кетти).

Фрейддик эмес, Юнгдук концепциядан чыкканда, бул – “жалпы аңсыздык” (“коллективное бессознательное”), б.а. жапан чер, жаныбар жыш эмес, тескерисинче, Түпкүрдө тунган Улуу Аӊжарыкка (Жараткан Кудурети!) учу уланыш жаткан Туӊгак Аалам – АРХЕТИП!

Бул, Улуттун (психо-философий Биримдик) Кудай алдындагы акыркы Сөзү, соӊку Эси!

Бул – Эс, бул – Сөз, арийне, Жараткан ыбаа карап, алгач түшүрүлгөн Тал Нурдун Кара Жердин канча бир казаптуу калайман тарыхтарында өнүп, өсүп, көбөйүп, кайнап, ийленип, талкаланып, жанчылып, күлмайдаланып, кайра түзүлүп, бышырылып, кызытылып, өзөгүн жаркытып алып чыккан “ЭЛ” деген касиеттүү түшүнүктүн өзүн өзү Мезгил Күзгүсүнөн каранып, сыланып, таранып турушу өӊдүү.

Анан да, бул Бүтүндүктүн жүзү таӊ келечегине бурулган, байып турбаса, жүзү нурланбай калат, күӊгүрт тартат. Өзөгүнөн шоолалап турган бу рух андыктан сырттан да боюна дайыма жарык жыйып барууга милдеткер. Тэрэӊги Эске нур тундурууга милдеткер. Бул озуйпанын биринчи ээси, алып жүрүүчүсү – искусство, биринчи ирээтте Сөз өнөрү, анын да ичинде Поэзия.

Ал эми музыка… музыка, ал – ошол Архетиптин өзү, т.а. доошу-угум ачкычы. Демек, искусствонун бардык түрү ичинен табияты музыка менен боорлош бүткөн Поэзиянын миссиясы айрыкча!

Бирок Архетиптин да бир тереӊги шерти-анты бар – ал эч качан жалкы аӊ-мендик тэрэӊги эсти (личное бессознательное) өзүнө түз, жалаӊкат өткөрбөйт; ага Жалпы АӊЭлдик Тэрэӊги Эс (коллективное бессознательное) аркылуу гана кыйыр жол салынат – Архетиптүү Образдарда.

Поэзия (кеӊири, искусствонун духу маанисинде), ошол Архетип-Образдын өзү, бирок бул да бир гана шартта Архетип-Образдык деӊгээлге көтөрүлө алат;

а. мектептик мүнөз күтүп, топтук жалпылыкка ээ чыкканда;

б. поэзия жазылгандан да мурда – жашалганда! Же муну Тютчевдин бир сөзү менен айтсак, элестүү: “жашоону дилиӊден сызылтып жашоо” (“живя, умей все пережить”).

Дилден сызылып, чыныгы жашалып калган поэзия мектептик же топтук мүнөз күткөн мерчеминде гана ал чындап Архетип-Образга айланат, АРХЕТИПКЕ – түпкүрдө тунган, туӊгак Аӊ Жарыкка жолу түшөт.

Айтылган ойду кыргыз адабий тегиздигине салсак, кыргыз рухунун тыш мейкинди Архетип-Образдык мазмунда өздөштүрүүсү төмөнкү үч Мезгил-Мейкинди камтыйт:

  1. Ч.Айтматовдун образдуу мүнөздөөсү боюнча Токомбаевден башталган кыргыз совет жазма адабиятынын пионер доору (нукуралык, тазалык, тунуктук, баёолук, балалык мааниде – Ч.Ө.) негизинен, орус адабиятын жуукташтыруу тилкесинде өттү. А.Осмоновдун чыгармачылыгы аркылуу дүйнөлүк адабиятка чап салынды.
  2. Соӊку “алтымышынчылардын” заманында дүйнөлүк (негизи, батыш) рухту өздөштүрүүнүн жигиттик жигердүү доору башталды. Айтматов ж.б. мисалында орус, дүйнө адабияты кыргыз рухуна чукул жуукташты.
  3. Айтматов жана аны улай соӊку алтымышынчылардын кезинде дүйнө-орус адабиятын өздөштүрүү жаӊы тилкесине кирди; сап башында турушкан – прозада К. Жусубалиевдин (“төкмө проза” – “поток сознания”), поэзияда А.Токтомушевдин (батыш поэзия салты) чыгармачылыктары аркылуу дүйнөлүк мейкиндикти кыргыз рухуна тереӊден, ичкериден өөктөштүрүү башталды. Алдыда, баамыбызда, бул Чыгыш канатында (Кытай, Жапан, Индус) улануучу узаакы жаӊы тереӊдик.

Поэзия дервишине айланып кетишкен, ыр ааламына өмүрлөрү курман чалынып калган бир муундун Кыргыз Эл рухуна өтөлгөн кайталангыс кызматтары ушунда жана алардын өзүлөрү үчүн жеке тагдырлары канчалык кейиштүү бүтпөсүн, ал – Элдик Тэрэӊги Эс боюна [муӊайым] акжарык чөктү. Көздөн бир сыдырылып өткөн кайран каркыра көчкө элесибизде кол булгап, сооронорубуз да, сыймыктанаарыбыз да ушунда. Сөзүбүздүн аавал башында Алым жана анын кыркаарынын поэзий тагдыры улуттук кубулуш дегенибиздин жөнү ушул.

“Атак-даӊк деген кай бирлер үчүн жакшы жазышта болсо, ал эми айрымдар үчүн дегеле жазбай салышта” – деп француз ойчулу даана айткандай, Алымдын артына калтырган мурасы анын аздыгы менен эмес, саздыгы менен өлчөнөт. Кыргыз поэзиясындагы кайталангыс орду – турулуу.

ЭПИЛОГ

О, дүйнө кезген ыржолоочум!

Эгер качандыр бир сапар кайып Кыргызстан деген бир ажайып өлкөгө жолуӊуз түшүп калса, Борбор калаанын түштүк четиндеги калдайган Байтиктин Боз Бөлтөгү аталган мезгил кайыган Көк Дөбөнү көрөсүз. Дөбөнүн күнжүрүш бетинде калыӊ бейит бар. Чыгыш ыптасында – таӊ жарыгын алгач тоскон кыркаарда эрди-зайыптын жанаша түшкөн кош мүрзөсү. Бул жердеги миӊдеген мүрзөнүн бириндей үнсүз тунжурашат… Күн кечке ооп, иӊир басып, караӊгы өз бийлигин алган сайын, ар жерден өлүмсөк от жылтырап, булаӊгыр элес калкыта бейит кандайдыр жанданып кетет.

Оо, анан, бир оокумда, сансыз жылдыз бар нурун текши жагып, аба чаӊгылт жарык чагып, көөдөй түн өзөгүнөн жаркый түшүп, Асман-Жер арасы көгүш шоокумда жүлүн кошуп, кыргыздар “түн бышкан маал” деп атаган керемет кезеӊ келет; ошондо, Жердин тээ жети түбүнөн кандайдыр сырдуу добуш эшитиле, ага үн алыша, Асман тереӊинен сунулган түн колдору сыяк кандайдыр Дүйнөлүк Улуу Чынардын аян карааны салааланып, шакталып, бейит үстүнө жай термеле түшүрүлөт, бариктеринде уялаган сан-миӊ, сан-миӊ жылдыздардын шобурту угулат, ага аралаш Дүйнөлүк Улуу Чынардын мүрзө көзөп өскөн миӊ-сан, миӊ-сан тамырлары аркылуу сызылып өткөн арбактардын доошу коштоп калат;

о, так ошо маалда жалпы хордон эки аваз айрыкча бөлүнүп, муӊайым бир ыр эшет, жүрөктү эзет, Эр-Үр затынын коӊур ыргак – сыбызгы зары Асман-Жер арасын шоолдоп ээлеп алат дешет.

Сыбызгы аваз:

Айтчы,
…Жаштыкка бүт дүйнөнү ороюнбу,
Жароокер кубанычыӊ болоюнбу,
Ааламга аптап чачып… Алоолонуп,
Жалбырттап жүрөгүӊө коноюнбу.

Көңүлүндү шайтанча ээлейинби,
Көрүмчүдөй капилет келейинби,
Кумар менен, кусадар жалын менен
Күйгүзүп тумчуктуруп өбөйүнбү.

Жанып туруп чырактай өчөйүнбү,
Түбүм менен жат болуп, чоочун болуп,
Түнөртүп көркоолорчо көздөрүмдү
Түбөлүктүү тентиреп кетейинби.

Уурудай турагыӊа кирейинби,
Удургуп жүрөгүӊө түнөйүнбү.
Өрт болуп, жалын болуп, алоо болуп,
Өлчөөсүз сени гана,
Өмүрдө сени гана… Сүйөйүнбү…

Коӊур доош:

Коӊурум менин, кайсарым менин,
Не болсун дейсиӊ?! Кана айтчы эми,
Кана айтчы эми?! Канаттуу перим!

…Ырыӊа болоюнбу жарык кептер,
Жылдыздай наркы тоого тайып кетпей
кушмаарек бешенеӊде бал-бал жанып,
лоолоюнбу жагалданып…
айтчы…

Таш болуп катайынбы, Сфинкстей
чөл болуп жатайынбы, бир суу ичпей?
Ойготуп өлгөндөрдү күлкан жагып
жанайынбы күндөн жарык…
асабаӊды жаркыратып…
айтчы…

Жалгызсыӊ ушунчалык… Жалгызымсың ушунчалык…
Жалгызсыӊ, жалгыздыкта жалгыз гана
керекмин саа!
Мен гана!
Мен гана!

Таӊ каракчыга дейре барик-жылдыз шоокумун себелеп, Дүйнөнү тербеп чыккан Кара Чынар шуулдагы акырын бастап-бастап, коӊурыргак – сыбызгы зарды таӊга жуук өз боюна жыйып, Көккө сөнүп кетет дешет. Ошол тушта таӊдын алгач булаӊгыр жарыгында бая эки мүрзөнүн таш жазуулары үрүл-бүрүл окулат экен:

Алым ТОКТОМУШЕВ                                        Шербет КЕЛДИБЕКОВА

 1.IX.1947 – 21.VII. 2014                             27.V.1949 – 29.XI.2013

О, дүйнө кезген ыржолоочум!

Кыргыз поэзиясы деп жүрөгүн жагып, өмүрүн түгөтүшкөн, лермонтовдук өлбөс сырлуу уйкуга өтүп кетишкен жаздыкташ эки жардын – Эки Акындын элесине, эмесе, сен да бир таазим этип кой.

Качандыр бир жолугушчу жолдор бар…
            24. XI. 2017Бишке