ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: ОРУС АЛЫМ

Эмесе, эми бая белгиленген шарттуу чек – Учта кайкыган алым-мейкинден жанып, Түптө чөккөн Алым-тереӊге да кудуп кирер кез келди. Акын басып өткөн «адабий мектеп» жайы, «интеллектуалдык поэзия» дегенибиз не, чыныгы поэзияда «форма-мазмун катышы» кандай көрүнөт өӊдүү маселелерге Алым мисалында эми арналуу кайрылмакчыбыз.

Биз буга дейре, жазмыш буйругу – совет кенжежазма адабиятынын (кыргыз, казак, татар, башкыр ж.б.) жолу орус адабияты аркылуу батыш дүйнөсүнө төтөлөй салынганын айткан элек. Эми, дал кызыгы, дал эле ушул процесстин өзү, кезинде, орус адабиятынын да өзүндө жүрүп өткөн эле. Кандайча? Ушуган жалпы серп сала кетүү зарыл. Анткени, бул, Алым поэзия дүйнөсүн ичкериден түшүнүп алууга ыӊгай ачат, анын күүгүм жүзүнө жарык чачат.

XIX кылымдын эӊ аягы, ХХ кылымдын жыйырманчы жылдарына чейинки аралыктагы орус поэзиясы дүйнөлүк адабияттагы эӊ кызык кубулуш. Өзүнүн буркан-шаркан өнүгүшү боюнча, өнүккөн поэзиянын эстетикалык-философиялык өӊүттөрдө миӊ бир түрлөнгөн мүнөзү боюнча, ушундан келип чыккан бирин-бири курчуткан да, адабий аренадан четке сүргөн да идеологий келишкис жүрүштөрү жана революциячыл чечкин күрөштөрү боюнча да буга окшош окуя башка дүйнөлүк мейкиндикте жок, болсо да, кемде-кем гана деп кесе эле айтууга болот (ушул түспөл окуялар «Азиянын ойгонушуна» байланыштуу Японияда жана Кытайда да кеч кайталанган, кийин).

Бул кезеӊ – Россия рухий турмушунда буга дейре Батыш Европа руханияты басып өтүп кеткен тарыхый жол кайрадан бир кысылып, пресстелип кыска убакытта жашарып-жашалып жаткан чак эле. Арийне, руханий мейкинди кучагына алган бу азаптуу изденүүлөр, адашуулар, чаташуулар, табуулар ошо кездеги империялык Россия башынан кечирип жаткан коомдук-саясый турмушундагы зор окуяларга – самодержавие жана «кокочо орус» («немытая Россия») – колониалдык элдер алакасы, биринчи орус революциясы, биринчи дүйнөлүк согуш ж.б. маселелерге тыкыс байланыш жатканы айтпасак да түшүнүктүү. Александр Блоктун сөзү менен элестүү айтканда, калыӊ журттун бир уучун гана түзгөн орус интеллигенциясынын ошол кездери бири-бири менен айыгыша-кармашкан 50 лагерде бөлүнүп жатышы – бул, XV кылымдан бери орус түшүнө кире элек окуя болчу.

Кылым башы – ушундай бир бууракан Россия эле. Адабиятка калганда, асыресе, поэзияга келгенде, ал, негизинен, үч агымды-мектепти билет эле: символизм, акмеизм, футуризмди. Ар жагын айтпаганда, тээ Пушкин, Лермонтов, Некрасовдордон берки өнөгөлүү салты бар өнүккөн орус поэзиясы, анын жаратуучулары поэзиянын негизги (демек, Дүйнөлүк!) миссиясы эмнеде турганын, Акындын көздөй (демек, Ааламдык!) ролу неде тунганын өздөрү үчүн айгашка аныктап алышкан эле. Аӊ-сезимдүү түрдө! Пушкиндин качанкы канаттуу сабы («ты – Царь, живи один!») жаӊы заман, жаӊырган кылымда «Сен Акын – Жаратуучу!» («Ты – Демиург, ты – Творец!») деӊгээлде жаӊшанып уланып турган эле. Ансыз да Жаратканды «СӨЗ» деп билген христиандык духка айкаш («В начале было Слово, и Слово было у Бога, и это Слово был БОГ») Акын Сөзү – Кудайдан түшүрүлгөн Кут саналган кезеӊ эле.

Бул – символизм поэзиясынындагы эӊ биринчи зарыл шарт! Акыйкатта, бир символизмдин эле эмес, дегеле Касиеттүү Сөз өнөрүнүн! «В России поэт больше чем поэт» деген учкул кеп – сөздү кастарлаган башка да элдерге, ириде, мүлдө жашоо-гөйүн, рухий гүйүн сөзгө түйгөн көчмөн элдерге көздөй (!) тиешелүү. Бияк, эми, өзүнчө чоӊ сөз, ыгы келгенде (Алымга байланыштуу) айтылып кеткен бир кеп болду бул.

Мына ушул бууракан заман поэзиясы, буй түшкөн акындар армиясы кийин тарых бетине бир түрдүү боёк менен боёло «декаданс» – «ындыны өчкөн» адабият деп катталып кирди. Албетте, бул – талаштуу пикир, тапчыл тургудан берилген саясый баа. Албетте, чыныгы чоӊ поэзия ар кандай идеологияларга сыйбайт, багынбайт, тескерисинче, аны аныктайт. Нукура поэзия утурум саясаттан дайым бийик. Түбөлүктүү! Ошол эле тушунда, аёсуз сындалган Анненский, Бальмонт, Сологуб, Мандельштам, Брюсов (Ахматова, Пастернактарды айтпаганда) ж.б. «пессимист», «реакциячыл» деп саналган акындардын жылдызы Орусияда кийин кайра балбылдап жанып чыкканын эстесек, анда, «Айды этегиӊ менен жаба албагандай» эле, чыныгы поэзиянын жүзүн да идеологий илди-алда чүркөөлөр менен бүтөп салууга эч мүмкүн эмеси дагы бир ирет билинет. Бул эми чыныгы, кайталап бек айтайын, чыныгы (!) поэзияга карата айтылган кеп. Бул – талашсыз чындык. Бирок канжардын эки мизи болгон сыяк эле, алиги «декаданс» деген аныктаманын да жөн жерден чыкпаганы да анык. Башкасын койгондо да, ушул эле адабияттагы «социалисттик реализм» аталган кубаттуу агымдын тарыхый аренага келиши, бул – бир жагы, дал ушул «ындынсыз-декаданска» да сокку-жооп катары чыкканын эстөө, жетиштүү. Бул өӊүттө орус идеологий, адабий илимдеринде бүтпөгөн кылымдык талаш жатат, али да уланып келүүдө, жана оӊой менен да бүтпөс.

Жок, мен булардын баарын «орус адабияты курсу» боюнча окурманымды агартып иейин деп айтып отурган жерим жок. Жок, биз адабий териштирүүгө алган Алым кезеӊин, асыресе, буга түптүз тиешеси бар, ушундан өсүп чыккан Алымдын өзүнүн мектеби-тегин алаканга салып алалы деген ниеттен улам айтып отурамын. Бая айтылган интеллектуалдык поэзия дегенибиздин табиятын ачыктап алалы деген ойдон улам айтып отурамын. Жана, соӊунда, бул сабак (Алым сабак) Алым менен эле бүтпөстүгүн, алгы кыргыз жаш поэзиясын, келечек алым поэзия рыцарларын келберсип күтүп жаткан «көтөрүлө элек дыӊ» (башка Шолохов) жатканын, Алым эптеп, ушунун бир четин түрүүгө аракет кылганын нускап коюш үчүн гана айтып жатамын. Эмесе, эмки келер кепти да дал ушунун өзүнөн – ХХ кылым башы орус адабиятына Алым жолу кандайча эриштелип калганынан баштайт өӊдөнөбүз.

Тарыхый өнүгүштүн эзелтен сыналган бир мыйзам-ченеми бар – бир мезгил, бир заман, бир коом үчүн регресс саналган кандайдыр бир кубулуш (идеялар, идеалдар) экинчи бир мезгил, заман, коом үчүн прогрессивдүү кызмат өтөп бериши мүмкүн же ушунун тескерисинче. Дал ушунун сыӊары, ХХ к. башы бууракан орус поэзиясы, мейли, аны «декаданс» маанисинде эле алалы, ага коюлган доолор:

катаал турмуш чындыгынан качкан, башын койнуна каткан, көзүнө көгүлтүр көз айнек таккан, кыялга азгырылган, эске эрмелбеген, көзгө ирмелбеген купуя бир дүйнөлөрдүн түбүнө че түшүп, зыйкырлар менен алпурушкан – символизм;

дал ушуган анти – кайыби дүйнөдөн кайтып, тумандуу символдорду жыртып, бу кыялый куумисин иллюзор идеал ордуна жагалдуу жаш дүйнөнүн өзүн салтанаттаган, чыныгы нурлуу гүлүзар (цвет, свет!) жашоону даӊазалаган – акмеизм;

соӊунда, булардын баарын жолдон тазалап, каткан сенек «академизм» жарыялап, адабий салонунда сасып-ирип поэзияны саздап салышкандар санап, бардык сасыткыларга каршы аёсосуз күрөш ачып чыккан («пощечина общественному вкусу») ультражаӊычыл – футуризм;

абай баксак, ушу доонун баары, алыскы Октябрь-Уруятка чейинки Орусия рухий турмушундагы кедерине кеткен кезеӊ катары саналса (кайталайлы, идеологий мөөрлүү «декаданс» маанисинде эле алганда да), тескерисинче, Октябрь Уруятынан соӊку замандары, асыресе, кечээги дуудамал 60-жылдары бул декаданс, биз үчүн лакмус кагазындай өӊ өзгөрттү, жаӊырган түрп-түспөл күттү; ал – эски кишендерди кыйратып; жаӊыга ачылып (Омор), белгисиздикке суусап (Жолон), горизонт артына ашыгып (Сүйөркул), космоско куюгуп (Рамис), символго ачылып (Алым) дүйнөгө Дүйнөлүк Таӊыркап жашап жаткан жаш кыргыз романтикалуу жан дүйнөсүнө (адабий айдыӊдан эле жылт мисал – 60-жылдардын «Акындарга үч суроо» талашын эстеӊиз) эӊ башкы маӊызында дал түштү, элестүү айтканда – «символизминде» да, «акмеизминде» да, «футуризминде» да.

Башкача айтканда, кечээ эле бир шартта жашоонун күрдөөл жаӊылыгынан (реалдуу турмуштан, тап күрөштөн д.у.с.) качты деп саналган «декаданс», эми экинчи шартта, дал ошол жашоонун күрдөөл жаӊылыгынын өзөгүнө өзү өтүп берди. Кечээ эле декаданстагы өз терисине үлүлдөй кирип жашынып алды деп айыпталган индивидуалисттик маанай, эми, ортозаар адабият сел каптап кеткен кезеӊде акындык өз алдынчалык, изгилик кайталангыстык катары кадыр-барк тапты (маселен, Ахматованын интим лирикасын изилдеген кыздар поэзиясы).

Ушундай бир оошук-коошуг дүйнө… (айтса, бул бизде эле эмес, орус дүйнөсүнүн өзүндө да ушундай болду, эчен «декаденттер» саясы-адабий акталды; бирок аякта, кантсе да кан төгүлүп калган улуу граждандык согушка байланыштуу декаденттик толук акталбайт же биздегидей адабий-рухий гана маселе эмес, саясый да маселе болуп кала берет. Бияк эми башка сөз, орустук кеп).

Эми, кыргызга, Алымга келсек, анын адабий тагдыры, чыгармачылык жаштыгы дал ушул масштабдуу жаӊычыл, романтикалуу изденгич жылдарга туш келгенин көп айттык. Демек, «60-лардын» аргыган Дух-Хорунан өзүӊдү ажырат, өзүӊдү тап, өз жолуӊду чал. А бул үчүн, дегеле Поэзия өзү не, Акын ким, Сөз миссиясы эмнеде, т.а. ӨЗ МИССИЯӉ эмнеде – ушуну аӊда! Мунсуз поэзия жаратыш мүмкүн эмес же дагы, тагыраак айтканда, поэзия[сымак] жаратып кереги жок. Кыскасы, дүйнөлүк акын болгуӊ келсе, анда, оболу, ошол дүйнөнүн өзүн бил да, өзөгүнө жуурул!

Эмесе, жогоруда эскердик, кылым башындагы адабий бууракан Россияда, негизинен, үч толкун поэзия өркөчтөнгөнүн – символизм, акмеизм, футуризм. Арийне, бул багыттардын ар биринин алгы так программасы, айкын манифесттери болгонуна карабастан араларын тапатак ажыратып салган чыӊ кытайсепили да эч болбогон (чыныгы поэзия эч бир прокруст калыбына сыйбайт дедик), атургай, бир эле багыт ичинде бири-бирин макулдабаган терс тенденциялар да жашаган (м., эртеги символизм, соӊку символизм). Бирок баарында бир нерсе айкын эле – Поэзияга аӊ-сезимдүү мамиле.

Ооба, аӊ-сезимдүү! Поэзиянын миссиясын, Акындын ролун Христ крестиндей Тагдырына таӊуу! Ал эми Тагдырды таануу-таӊуу, кезинде, поэзияны жапан талант, илхам, жалаӊ көӊүл гүй стихиялуулугу (а бул – символизм поэзиясында эӊ башкы шарттын бири!) катары гана карабастан, Кудайлык аӊ-сезимдүү мамиле этүү дегендикти да билдирет. Идеалдар ошон үчүн жарыяланат. Манифесттер ошон үчүн жазылат. Программалар ошон үчүн такталат. Жөнөкөй тилде айтканда – жасаардан мурда билүү, жазаардан мурда түшүнүү. Поэзияга калганда, бул, «талант» түшүнүгүнө жамынып алып, стихиялуу агылып кете берүү эмес, эмнени каалаганыӊды айкын билип, аны аӊ-сезимдүү жаратуу, анткени: «сен – Кудурет Ээси, сен – Жаратуучу» – «ты – Демиург, ты – Творец!» (азис окурманым, бул айтылгандар менин сизге таӊууланган ойлорум эмес, Алымдын өзүнүн качанкы Жандептериндеги жазуулары экенине ананыраак барып күбө болосуз).

Алым ушинтип адабий дыӊды тушкелди челип кирбей, аавалым, өзүлөрүнүн манифестин жарыялашкан дыӊгыл акындардын салтында поэзияга өз мамилесин аӊ-сезимдүү аныктап алуунун машакаттуу жолуна түшкөн. Максаттуу иштеген, майнаптуу изденген. Демек, поэзиясы интеллектуалдык мүнөз күтпөй коймок эмес. Баса, «интеллектуалдык поэзия» дегенди ким, кандай түшүнөт? Ушуга тыналы.

«Интеллектуалдык поэзия» дегенде, албетте, муну кандайдыр «илим билимдүү» шөкөттөлгөн, не, карандай акылда күйлөнгөн, болбосо, кара таланттын канына забын колжойгон монстр катары түшүнүү – натуура. Жок, тескерисинче, мында, поэзияга тиешелүү же андан талап кылынуучу касиет болушунча бар – сезим, нукуралык, табигыйлык, изгилик, көӊүл гөйү д.у.с. Тек, ушунун баары теӊ ыр боюнда мол тунуп алган күндө да, ал кандайдыр сыӊар канаттанып, бир айлампада тебиренип, бир тузу кемип, мүчүп туруп алган кез болот, соӊку бир ДЕМ жетпей… Ал – Мектептин ДУХУ. Ооба, акын поэзиясын, соӊунан, ал басып өткөн кундуу мектептин касиети алдыртан шоолалап, нурга чайып, тээ тереӊден тынымсыз жаркытып турган чакта гана ал чыныгы профессионал жана нукура интеллектуал поэзияга айланат. Чоӊ Поэзиянын (демек, философиянын) мектебинен «өткөн» сырдуу тереӊдиктин, «өтпөгөн» куник жалаӊтыктын айырмасы ушул жакта.

Эмесе, Алым поэзиясы дал ушул критерийдин баарына далил жооп берген, соӊ кыргыз адабиятындагы уникалдуу көрүнүш, улуттук кубулуш. Буга анын батыш, төтөн, ХХ кылымбашы классикалык орус поэзиясынын мектебинен канык өткөн анык поэзиясы далил. Алымдын мурдагы-соӊку жазма акындардан айгашка айырмаланып турган жери – дал ушунда же да кайталап бышыктап айтсак, поэзиясы – чыныгы профессионал-интеллектуалдык жана чыгаан мектептик мүнөз күткөнүндө. Эми, айтылган кепти айрым мисалдар менен бышыктап барсак, болот.

Алымдын шакирттик жылдардагы, алгачкы этабындагы жазылган ырларга баксак, аларга мүнөздүү бир өзгөчөлүк бар – салыштыруу, метафора, эпитет өтө көп, атургай жыш. Тескерисинче, кийинчерээк жазылган ырларында булар аз учурайт, жокко эсе. Бул эмненин белгиси? Бир эле нерсенин – Алымдын аавалда символизм поэзиясы менен абдан алпурушкандыгынын, кийин китептик таасирлерден кайтып, турмушка өз көзү менен тик карай баштагандыгынын, ой-окуяны өз жүрөгүнөн өткөргөндүгүнүн, кыялда эмес, реалда жашагандыгынын. Бирок бул Алым символисттик поэзиядан кайтып кеткен дегендик эмес, – каймана айтуу, ишараат жаӊ, табышмак сырдуулук, атургай ашкере татаалдык Алым поэзиясынын башкы белгилеринин бирин түзүп кала берген.

Чочугандай тоолор калкыйт тумандан.
Чокулардын контурлары жыландай
сойлоп чыгып, чаӊырыктай тунуктук
чагылуудан чаӊгылт жарык чыгарат.

Жол жүз ачат унутулган урчуктан.
Бир окуя апкелеби ушу таӊ –
аян күтүп мисирейген нестиктин
бешенесин күн кирпиги ысытат.

… Аны билбейм, а коргондор үстүндө
кайыӊ эмес, качкы чөптөр үлпүлдөйт.
А тонолгон мүрзөлөрдүн торстору
сүйлөөр мүмкүн биз билбеген бир тилде.

                                                                          (Баллада, 71)

Символизм поэзиясынын да бир өзгөчөлүгү, ал – өзүнүн дүйнөлүк улуучабыт поэзия экенин даӊдамакка, даӊазаламакка, бир карасаӊ, тарыхый мезгилдик тереӊдикке кудуп кирип; кайра карасаӊ, географий мейкиндик кенендикке чалкып чыгат; масштабдардын катышында символ сыйымдуулугун нускагысы бар. Алым ырларында да ошол шоорат. Ренессанс, Сфинкс, Феникс (Мен – ИКС), Цезарь, Рим кулу, Спарта, Венера – жөн гана «ыр персонаждары» эмес, символдор катары кыргыз дүйнөсүнүн, кыргыз аӊ-сезиминин кандайдыр бир кыйырлары, кандайдыр бир булуӊдары-будуӊдары менен илинчектешип, кетишет, кетишет да, кыргыздын кылымдык (алымдык) бир касиетине шайкештелип калышат.

Зевстин небереси
Манастын каар духу
периштеси Ахиллестин
моолуту дендердин
майрамы акыл-эстин
мерт болду карт согушта…
                                                           (Миф, Х. 71)

Символизм поэзиясын артыкчалаган да бир касиет – ырлардагы ички бүтүндүк, эки ченем чек (м., Өмүр-Өлүм) арасын жалгаган кандайдыр сюжеттүүлүк, көрүстөн айыл арасын чырмаган муңайым түйшүктүүлүк, реалдуулук-ирреалдуулук ортосуна ыргытылган жөргөмүш желе-шайтан көпүрүк ж.б. – ушул сыяк образ, мазмун, маанай Алым ырларында ого эле мол.

Ал тирүү жүрөт:
Сулуу кыз сүйгүсү бар,
Күлүк ат мингиси бар,
Алгыр куш бүркүт сыӊар
Асмандап жүргүсү бар.

Ал өлүп жатат:
Тебелеп жатат аны –
Тирүүлүктүн чуулганы.
Аттардын дүбүрттөрү.
Сулуунун кыӊылдагы.
Канаттын шуулдагы.

(Кош сызык, V. 72)

Ырдагы жөпжөнөкөй, көзгө оӊой менен түшпөгөн бир ишаарат:

биринчи жумгакта – үзүлгүс жашоо, «үтүрлүү» турмуш;

экинчи жумгакта – үзүлгөн жашоо, «нокоттуу» өлүм.

Агылган өмүр – чабылып калган… Бул да – символ. Ыр – бүтүн.

Символизм поэзиясынын айрыкча балбылдаган дүйнөлүк жылдыздары – француз Поль Верлен, орус Константин Бальмонт. Верлен, Бальмонт ортосундагы жалпылык – өткөрө ички ыргактуулук, музыкалуулук, Алым эки булактан теӊ кана ичкен. Анан калса, бул кыргыздын да өзүнүн ыр стихиясы эле.

I.

Толтосунда титиреген эл күүсү
тоолор жердин катып калган эргүүсү.

II.

«Жүрөгүнө кубанч ырлар баксын деп
турмуш мени муӊдуу кылып таштаган,
«Жарык күндөй бу аскага батсын деп
чыгыш үчүн кайра башка аскадан»

ак таӊ менен атаарымда эми мен, –
деп ырдады Верлен.

III.

О не деген чөптөр чыгып быйыл жай
шуулдашат дүйнөдөгү тирүү ырдай…
                                                                       (Шаттык ырлары, 19. II. 72)

Баткан Күн, чыккан чөп кандай табигый болсо, ыр деле ушундай – аккан, тирүү…

Бальмонттун бир ыры бар:

Я изысканность русской медлительной речи,
Предо мною другие поэты предтечи,
Я впервые открыл в этой речи уклоны,
Перепевные, гневные, нежные звоны.

              Я – внезапный излом,
                        Я – играющий гром,
                        Я – прозрачный ручей,
                        Я – для всех и ничей.

Изилдөөчү аалымдар, бир ооздон, Бальмонт минтип айтышка («мүлдө акындар – менин жолумду тазалаш үчүн чыккандар») өзүнүн универсал поэзиясы менен укук алганын жазышат. Бальмонт колдонбогон оруста бир да бир ыр өлчөм, жанр калган эмес экен. Өзү сыртына ачык айтпаганы менен, кержейген Алымдын ичинде да «кербез гений» дайыма жашаган. Бул да орус Устатка окшоп кыргыз ыр мүмкүнчүлүгүнүн баардык чегинде узанган. Көндүм кыргыз гана эмес, көмүскө четтик өлчөмдөрдү мүлдө кыргыз тил мүмкүнчүлүгүндө жууруп ийген. Каалаганын калчап алган.

Агарган таң. Алешем кеч.
Чыкпадыӊ эстен, жан эркем эч.

Көшүгөн дүйнө. Көгөргөн мезгил.
Кетпедиӊ Бадал, көӊүлдөн эч бир.

Кылт эткен өмүр. Шырт эткен Жаштык.
Кумардай оӊдук. Сүйүүдөй аздык.

Шактарда жемиш. Сабакта бүчүр.
Шаарыбыз калды, курулбай бүтүп.

Баладай таза. Баладай ою ууз,
Бакытым ушу – сени эстеп коюш.
                                                              (Бадал көз. 03. II. 71)

Мынча болду, бал жыйнаган аарыдай бардык ширеден искеген, бар жайдан поэзия издеген Алымдын да бир кутурий… опп-аа, футурий дегеним, («футуризм» ушинтип капыс бейуйкаш – уйкаш чочуйт эмеспи…), мектебине баш бага кетели. Ырас, футуризмдин Алымдагы изи аз, жок дээрлик, анткени, табияты башка эле, анан калса, ал ар кайсы мектеп салтын атайын максаттап эмес – ички муктаждык, көкүрөк талабында өздөштүргөн; мындан калса, бу футурий жайыттын баарын Кайс-Рамис, Мажнун-Жинди кайф Рамис чылк ээлеп алган. Киши киргизбейт, биякка! Бирок өзүн көөнүндө эгофутур Северяниндей («Я, гений Игорь Северянин,// своей победой упоен:// Я посвеградно оэкранен!// Я повсесердно утвержден!») сергек гений сезип алган биздин сейрек каарман да керек кезде көйрөӊдөнүп койгон:

Акын анык алхимик:
Кыймыл, мейкин убакыт,
тыбыш, боёк, таӊкы нур –
кыялдын иерархиясы.

Сепилиӊ сенин – эне тил,
сенектик менен өлчөбөс.
Акынга дайым келечек –
Ф.И.О.дой, бөрктөй энчилүү.

Асмандай барак. Жылдыздар –
калган сөз черновиктеги;
ымандай тилде кыргызча –
жөөлүгөн дүйнө түштөрү…
                                                           (Өнөркана, 31. XII. 74)

Бул да мектеп. Ооба, мектеби жок ким бирөө минтип шилтеп салса, эгер, ал, тек: «ымандай кыргыз тилинде жөөлүгөн дүйнө түшү» гана болуп калмак. Бирок бул ыр соӊунда – Ракеӊди (Алымды дегеним) чалчаӊ тайраӊдаткан, Күнбатышта, «туура поэзиялардын» жаагын түлөткөн («пощечина»!) футурий «Манифесттер» жатат; Күнчыгышта, дзэн поэзиясына омок – бүткүл шаблон, трафареттерди талкандаган буддалык «коандар» жатат. Рамистин (Алымдын дегеним) чеби ушунча бек, демек, Ыр Акеӊдин да бадыраӊдаганы эп!

Эми, футурий азилден кайтып түз айтканда, мектеп дегендин жайы-гүйү, күчү ушунда – ал Акын поэзиясын дамамат түптөн сүйөп, тереӊден шоолалап нурландырып турат. Өткөндөгү бир кепти ушжерге кайталап кыстара кетсек да, эп: «Чоӊ Поэзиянын (демек, философиянын) мектебинен «өткөн» сырдуу тереӊдиктин, «өтпөгөн» куник жалаӊтыктын айырмасы ушул жакта».

Эми, адабиятта эчактан сыналган да бир чындык бар: поэзиядагы кооздонуу чегинен ашып кеткенде, ал көтөнкорооздонууга өтүп кетет. Поэзиянын өзүн чокуп таштайт. Ушуга байланыштуу Алым турмушунан бир окуя эске түшөт. Муну ал мага өзү айтып берген эле.

«Бир күнү Омокеӊ (Султанов) мага: «Ой бала, сен кызык экенсиӊ, ар бир ырыӊдын туягына чейин түшүп, ышып-жышып тазалай берет экенсиӊ, минте берсеӊ ыр жазбай каласыӊ, көӊүлүӊ калып калат» — деп айтты дейт.

Омокеӊдин ушул айтканында кундуу чындык бар. Кандай болгондо да бир эргип төгүлүп кеткен ырга жеӊил кол тийгизишке болот, асты, кайра-кайра жыша бериш кыйын. Бул, ырдын абалкы (биринчи ууз сүйүүдөй!) табигыйлыгын зактап, жасалмалап да салат. Мындай мөөр Алымдын кыйла ырларында басылып калганы чын, ашкере эстетчилик жалаӊ максатка айланып, татына сөз, таза ыргак ырды кумсепилдеп салганы чын; бирок ушул эле кезде жанаша да бир чындык да чын – Алымыӊ түшкүрдүн адабиятка жолу, кыйгас кыргыз руханы дүйнөлүк суусоонун жаӊы тилкесине кирген мерчемге жолулаш түшүптүр, «дүйнөлүк кыргыздашуунун» (жаки, «дүйнөнү кыргыздаштыруунун») өзгөчө этабын өтүү буйрулуптур, Дүйнөнү поэзий өздөштүрүүнүн мерчемдүү авторлорунун бири болуу тагдырына жазылыптыр – ал башкача боло албаптыр, боло да алмак эмес экен!

Ал кайра эле ар бир ырын кырып-жышып, Мектептин салтында иштөөсүн улантты. Артка жолу жок эле. Эмики акылымда чактасам – ал кезде Алым аркылуу Элдик ТЭРЭӉГИ ЭС өзү алдыртан ишке салынып калгандай бейм… (Элдик Тэрэӊги Эс – «коллективное бессознательное» – Юнг тууралуу кеп алдыдан келет). Ушул ыӊгайда Алымдын «Мунар ырына» кайрыла кетүү кызыктуу. Ыр каламдаш курбусу Тургунбай Эргешевдин тумчуккан абазы катары берилет.

                  Мунар ыры
Доордун ак тилектүү кароолундай
мезгилдин солк этпестен бороонуна
түнкүсү: бозоргон бейиттердин арасында,
күндүзү: бир жайыкта футбол тепкен
сандаган эскерүүдөн суру качкан
Өзгөндө… Карт мунардын түбүнөн мен
авансыз бул авазды эшиткенмин,
түштүктүн аптабына аралашып.

Шартылдап жылдар өттү андан бери,
өмүрлөр мезгил бойлоп тегеренди.
Дос кетти, аял чанды, атак чанды.
Чанган жок ушул аваз гана мени.
Баары өчтү: көз нур өчтү, көӊүл өчтү.
Өчкөн жок ушул аваз гана менде.

Аваз:
Азизмин, азиздигим мына мында:
Ата-Журт маӊдайдагы жалгыз көзүм.

Бирок кеч: арбак болгон убагымда
гана бир жарк-журк этип жанды сезим.

Дудукмун, дудуктугум мына мында:
жалгыз тил жаралгандан – эне тилим…
Бирок кеч: кайып болгон убагымда
Кыйырсыз ааламдыгым кийин билдим…

Жалгызмын, жалгыздыгым мына мында:
жапан күч бу турмушта тирүүлүгүм.
Бирок кеч: шейит кеткен убагымда
кур үмүт, жалгыздыгым кийин билдим.

Өлбөсөм муну кайдан билет элем,
кайтпасам, – кантип билем, – туура жолдон.
Өлгөндөр кадыржам бол, силер менен
өлгөмүн небак ушул турган бойдон.

Жаш элем деӊиз мисал. Тынчып уктум,
Жаӊырткан үнсүз-тилсиз түнкү ымыртты.
(12, VIII, 72.)

Бул ырдын өзү кызык. Аян…

Кызыгы – ыр жазылган кезде Тургунбай али эсил кете элек, тирүү эле. Ырдагы – келечегин көздөй көргөн ал көптөн кийин барып кайыды;

кызыгы – элдин кыйласы китепкөй, изденгич ителлектуалданып (Алымдын жүүнсүз варианты) турган тушта ырын бир шилтеп төгүп жазган нукура акын Тургунбай мурдагы өрт курагындагыдай анча илик алынбай калган эле;

кызыгы – кержейген гений Алым дүйнөлүк пъедесталынан түшүп келип, провинциал Тургунбайдын өлбөс генийлигин ошондо эле мезгил карыта таасын тааныганы; Алым – өзүнүн «антисин»!

Акыры, кызыгы, ыр – бая айтылган интеллектуалдуу Алымдын «ыр ийлегич» табиятын көз алдыга даана тартып турганы;

же, эми, ырга ошол кездеги жазылган автордук комментарийди окусак болот:

«Мунар» ырына комментарий

Көптөн бери башта жүргөн эле. Менимче, 68-жылдан… Кагазга да түшкөн, башкача болуп… Кийин Ата Журт жөнүндө ыр кылсамбы дедим эле. Анда мунаранын түбүндө бир орус ырдамак. Мас. Мисалы, «Россия, Россиям менин. Россия – жалгыз көзүм…» ж.б. у.с. Бирок дээрлик башкача чыгып калды, түндөрдүн бир түнүндө. Негедир… негедир…»
                                                                                                                                      (19. VIII. 72)

Тургунбай аянына айланып!

Комментарий – ыр жазылгандан кийин, акын бой токтоткондон соӊ, сегиз күн өтүп жазылыптыр. Ушул бир эле фактыдан билинет – Алымдын поэзияга канчалык калтаары сый мамиле кылгандыгы. Бир ырдын сюжет-идеясын төрт жыл бою (68-72) көкүрөктө ийлеп алып жүрөт деген эмине?! Мындайды ким көргөн? Анан да, ошончо ийленген идеясы – соӊунда түк башкача чыгып калганы. Мындайды ким уккан? Мына, Алымдын көмүскө бир портрети. Мына анын ар бир ырын маӊдайынан сылап, көкүлүн шүйшүп, туягын кырып, дүйнөлүк жарышка татыктуу салмакчы болгону. Христ крестин өз Көк Дөбөсүнө алып чыкпаска аргасы жок эле анын!

Алымдын машакаттуу адабий изи..

Алым мектебинин ою, кыры…

 

Поэт в изгнаньи и в сомненьи
На перепутье двух дорог.
Ночные гаснут впечатленья,
Восход и бледен, и далек.

Всё нет в прошедшем указанья,
Чего желать, куда идти?
И он в сомненьи и в изгнаньи
Остановился на пути.

                                               (А.Блок)

Таң кыйырына акыл калчаш үчүн…

Алым чыгармачылыгынын кийинки этаптарында, бая бир белгиленгендей – китептик таасирлерден кайтуу, салон адабиятынан аздап арылуу, турмушка реалдуу, жеке мамилесинин ырларында түз чагыла башташы, өздүк почерктин активдүү калыптанган процесси байкалат. Бул, Алымдын Александр Блок поэзиясы менен айрыкча алпурушкан жылдарына таандык. Ошол кезде Алым Блокту абдан көп которуп окуган экен. Бул анын кол жазмаларынан дайын. Блоктун адабий-эстетикалык да, акындык чеберчилик да сабагы – Алымдын кийинки эӊ байымдуу бир мектеби.

Эмесе, Блоктон бир кыска ыр жана Алымдын өзүнөн мисал тарта өтөлү:

Түн, көчө, шам, аптека,
Түркөй жарык мунары.
Көрөрүң шул. Башка не?!
Жаша жылдан жыйырманы.

…Кайра жашоо тынчыбай,
Кайталануу – өчөшкөн:
Каналда суу тумчугат,
Түн, аптека, көчө, шам.

(А.Блок)

                  * * *

Түн шоокумсуз үлбүрөйт…
Өмүр өттү канча бир.
Өчөр шамдай үлүңдөп,
Неге эрте чарчадым?

Жылдыз учат зуу коюп
Эмин-эркин, эп-эркин…
Кеткен күндөр чуу болуп
Туманданат эртеңким…

Шамал ырдайт жулмалап
тирлик демди… Көр уктап…
Сөнүп турат бир гана
мен жак менен бейит жак…

…Көздүн нуру өчө элек.
Жол жылтырайт күндүзгү.
Тынч өмүргө жетелеп
алып барат түн духу…

(А.Токтомушев,72)

Ырлардагы жантолгоо, поэтикалык образ, ойчабыт жайында айтпайлы, бу тууралуу ананыраак арналуу кеп салабыз, биерде ыр техникасына байланыштуу азыраак ой бөлүшөлү. Мисал тартылган ыр, котормодо – сап менен кошо ой бүткөн же шыр уйкаш кеткен салттуу поэзиянын өкүмү аз. Биерде ырдын жасаты жаңы. Эмесе, ушул жасаатка тына кетүү зарыл. Зарыл, анткени, бул биринчиден, «ага алтымышынчылардан» «ини алтымышынчыларды» айырмалап турган муун аралык ченем-чек; экинчиден, ушул муун ичинде да Алымдын жана анын бирин-экин каламдаштарынын поэзиясын башкалардан айырмалап турган мерчемдүү жагдай; үчүнчүдөн, Алымдын өзүнүн акындык чеберчилигин соңку баскычына өстүрүп чыгарып кеткен шаты-тепкич. Андыктан буга атайын тына кетүү зарыл.

Мисал тартылган ырларда биздин поэзияда мурда жок, анын ичинде “алтымышынчыларда” да (С.Тургунбаевдин жөнү бөлөк), бир айкын өзгөчөлүк туру. Биерде – ыр куроонун техникасы, эстетикасы жаңы. Ырлар өтөле үнөмдүү жазылган. Ортодо борпоң, бошоң аралык жок. Ой кертими бир сапка сыйбай соңкуга сыйлыгышкан. Ошого тең, сырткы эмес, ички ыргак активдүү роль ойнойт, сөздөр да так – ар бири саат механизминдей өз кызматына гана чегилген. Ушунун баары жыйнала келип ыр уйкашынын да табиятын аныктаган. Эсеби, биерде, бая кыналган уйкаш сөз атасы Сүйүмбайдын элпек каламы жок – көндүм сөзуйкаш эмес, түк көндүм эмес доошуйкаш баскан: канча бир – чарчадым; көр уктап – бейит жак; күндүзү – түн духу; Блоктон котормодо болсо: аптека – башка не; тынчыбай – тумчугат; өчөшкөн – көчө шам д.у.с.

Улуттук поэзиябыз үчүн көндүм эмес мындай жаңы ыкманын табиятын окурман көз алдына элестүү тартыш үчүн мен эми эрксизден адабият чегинен чыгып башка бир терминди колдонгону турамын – физикадагы “энергия” түшүнүгүн. Акыйкатта, ыр дегениң деле, же анын айрым жумгактары, белгилүү бир энергиялык абал, же уйул сыяктуу. Мында ички-сырткы катыш барабар абалда болгонунда нерсе (ыр) гармониялуу абалын сактайт. А эгерде, кокус, бул катыш саал эле бузулса гармония бузулат. Алымдын жаңычыл ырлары дал ушул ички ыргак менен сырткы ыргактардын тал катыш-кыл мизинде түзүлөт. Сыртынан караганда – ирээттүү ыргакталбай, шыдыр уйкашпай тургансыган мындай мүргү саптарды, эпадам, кой, мүдүрүлтпөйүн деп, мисалы, сүйүнбайыргактап жиберсең, анда дароо ырдын бүткүл касиетине доо чабат, архитектоникасы бузулат, ички, сырткы гармониялык катыш кыйрайт. Ыр – жаңы болуудан калат.

Айтмакчы, мындай жаңычылдык жалаң максаттан (атайын-самоцель) эмес, салты өзгө поэзияны (орус, батыш) өздөштүрүүнүн өр жолунда жетишилген. Жазма өрнөгү жүздөгөн жылдарды камтыган поэзияны талыкпай окуп, которуп, изденип жүргөн тажрыйбасында Алым буга табигый жеткен. Эгерде буга дейре кыргыз акындары орус-батыш поэзиясын, негизинен, сырттай өздөштүрсө – Алымдын өзгөчөлүгү, ал батыш поэзиясынын терисинин ичине кирип кеткен, аны кыргыз поэзия өзгөчөлүгү менен ичтей кыйыштырып койгон. Алымдын кыргыз поэзиясына киргизген жаңылыгы, кызматы ушунда!

…Келесиң мени издеп
кекенич кээриң ичте.
Эшилип төккөн жамгыр
эскирет көнүмүштөй.

Турпатың тумандаган
тосмолор, дубалдар да
ыраактайт. Сен каласың,
мен калам. Турам карап:

Кездерден, убакыттан –
көздөрүң ыза жуткан
жан эмес, бүткөнсүйсүң
кумардан, кусалыктан…

                                   (Күтүү, V, 71)

Ушинтип жаңы ыр жасаты болушунча тыкан, кысылган, пружинадай чың, экспрессивдүү. Өзү которгон Пастернак тилинде айтканда:

Каалайсыңбы, сенин сымбат көркүңдү
Камап салам чээндей түнт ырга мен.

Эми чээндей түнт ырга келгенде, Алымдын сөзгө мамилесине да атайын тына кетүү орундуу. Дегеле, сөздүн өзүнүн прозадагы орду, поэзиядагы куну ар башка. Алым поэзиясында кадыресе эле сөздөр ыр контекстинде бир башкача ажарланып бажырайып гүлдөп кетээр эле. Кайталангыс дух – элдин сөзүндө катылган. Алымга калганда, ал ошол духтун өзү сыяктанып кетчү. Алым өнтөлөп окуган өткөн кылым башындагы орус поэзиясында Хлебников да болгон. Учурунда, формализмдин жеткен жетинчи атасы катары жете сындалган Хлебников сөздү каалагандай калчап, эркин ойногон го. Иштеп атып, так ошол жерге келүүчү так ошол Сөз табылбай баратканда ал так ошол “Сөздү” оюнан чыгарып, так ошол жерге кынап ийген эмеспи: “Мейли, азыр болбосо кийин, качандыр бир чыгат ушул сөз, акыры бизге жеткен сөздөрдүн баары эле бирар күндө көктөн даяр түшө калган эмес эле го!” Ушинткен ал, чыдабай кеткенде жаңы сөздөрдү жазып эмес, жасап жиберген! Алым… жок, сөз жасаган эмес ал, сөздө жашаган – Духтун өзү сыяктанып. Айрыкча, качандыр бир таш доорунун аскасында адашып калган аркардай болгон архаик сөздөрдүн жаңы поэтикалык контекстте жанарланып жаңырып чыгышы: “Ай Алымың түшкүр-ай, Алым элесиң да! (“Ай-да, Пушкин, сукин сын! – А.С.Пушкин) дедиртип, эрксизден эсиңде эсил орусту тирилтип жибергендей болор эле! Алымдын сөзгө аярлыгы өзгөчө эле.

Баамыңызга эми илингендир, бул дух-сөздөр, бул уйкаштар, бул поэтикалык ыргак, эми баягыдан (м.: дале сүйүнбайыргактан) итапкан башка – орустун салттуу поэзия мектебине кыйла эле каныккан. Өйдөкү айтылган “ага алтымышынчылардан” Алымды өз мөөрүндө ажыратып кароого мүмкүндүк берген ченем-чектин бири ушул. Бул мектептин салты Алым каламдаштарынан Сагын, Шербет поэзиясында өзүнчө ийкем өздөштүрүлдү жана дал ушул авторлор кыргыз жаш поэзиясынын чабытын, мектептик мааниде алганда, дагын да кеңитип байытышты. Өзүлөрүнүн жаңычыл акындык жүздөрүн аныкташты. Бая, жаңы ыр жасаты дегенибиз ушул. Алым кыркаарынын “алтымышынчылардын” көлөкөсүндө калбай, эпигону болбой, поэзиялык жүзүн сактап калган бир белгиси эле бул. Ал эми Алымдын жаңы ыр жасат алкагында акындык чеберчилигин эң соңку баскычына өстүрүп чыгарган жагдай тууралуу кеп алдыдан келет. Ага барар алдын, орус классика поэзия мектебинин бир үзүрү – акындын кезектеги ырын окуй кетели.

                 Кайткан мезгил
Тааныймын чытырмандай жыш үндөрдөн –
тааныш үн – тагдыр өткөн ал чыйырдан
өрлөрдөн өргө качып… Жер өмүрдү
чарчаткан чаңкай асман, алтын уя –

жылдыздар. Жыңайлак кыз. Жүрөгүмдү
жашырам кайсыл жайга? – жашыл жайлоо
артыман аңдыйт шамал – пергамент жүз.
Жашырам жүрөгүмдү кайсыл жайга?

Түгөнөм сүйлөп бүтпөй. Кулач жеткис
теректер – ыйык мазар. Күндү беттеп
кеткен жол үлбүл этет. Жыңайлак кыз.
Жылдыздар башка жандай дир-дир эткен.

* * *

Алыста жатат уктап
түнкү ымырт, Көк – асаба.
Көгүлтүр мунарыкка
тымызын чөгөт талаа.

Шырт этпейт жалбырак да,
чаңдабайт жол карасы.
Чыдагын да бир азга
сен дагы эс аласың.

(13. II. 74)

Эми бир кептин этегин түрсөк болот, “орус Алымдын” жүзүн көрсөк болот. Орус поэзиясы, ар жагын айтпаганда, Пушкин, Лермонтов доорун басып, XX кылым башы заманын кезип, бир тамыры – Алым аздеги Пастернак кезеңине жетип, өзүнүн улаан-кыйыр поэтикалык жолун эволюциялуу басып отурду. Андыктан орус кишиси, орус дүйнөтаанымы үчүн бул табигый түшүнүктүү эле абал-жол. Өз жолу! Ал эми кыргыз окурманына калганда, албетте, бул башка жол, өзгө жол, “эволюция” дегендин эч жыты-изи жок мында. Ал эми Алым поэзиясында аркы Пушкин, Лермонтов доорун мындай коёлу, айтылган XX кылым башы орус поэзиясынын (ириде, Блок!) изи, берилей тартканда, Пастернак духу жатат. Жогорку жолдорду ырааттуу басып Пастернакка ал өз көкүрөгү менен келди. Кыскалык, сыйымдуулук, таамайлык, тереңдикке каныккан – Образ, Маанайга. Буларды табигый кабылдаш үчүн (мисалы, орус кишиси Пастернакты жыргап окугандай) “эволюция” дебесек да (бул, мүмкүн эмес), белгилүү бир Мезгил Аралыгы милдеттүү зарылданат.

Омор акындын эки сабы менен элестүү айтсак:

Добулдан келип жеткен чабагандай
“Топ!” этип жалгыз мөндүр жерге түштү,
 –

акын эле Алым, мезгилинен алга озуп кеткен… Эгерде Алымдын бышкан ырлары дал ушул даамында-бабында орус же батыш тилдеринин бирине (мисалы, француз, немис) которулса, анда ал дароо эле өзүнүн далай окурманын табар эле, кыргыз ыр-намыс желегин желбиретип берер эле деп ойлойм. Анткени, Алымда алардын классикалык мектеби жатат. Жакын аларга. Ушуну эле аңтара маңызында, кайталап айтсак, Алымдын кыйла кыргыз окурманына жетпей (же кыйынчылык менен жетип) турушунун да себеби тунат – эволюция бизде жок эле…

Ушундай бир “орус Алым” (“Йерусалым” – Северянинче айтканда).