РАЕВ Султан: СУЛТАН РАЕВ: МОМПОСУЙ

АҢГЕМЕ

Ашым почточунун аты адам боюнан этибар бийик урулган сокмо дубалга келгенде адатынча басыгын кашаңдатып калат. Төрт тарабынан тең дубал менен тегерете тосулган бак-шактуу бу жерде заңгыраган үй бар. Көчө ушул уйдөн түгөнөт… Ат арымын жай таштап, жыгач дарбазага келгенде ооздугу артка тартыларын жаныбар болсо да көптөн бери сезип жүрөт. Ашым почточу ооздукту акырын өзүнө тарта бергиче болбой эле, ат тык токтоп калды. Почточу тамырлары оркоюп чыгып турган арык колун астындагы куржунга сунуп, гезиттен чеңгелине батканча сууруп чыкты.

Ашым почточу аттан акырын эңилип, бүртүк көздөрүн жүлжүйтүп, короо ичине көз чаптырды. Анын кичине көздөрү дубал ичиндеги алакандай короону бир ирмемде карап чыкты. Негедир короо ичи кулак-мурун кескендей жымжырт. Ээн. Көзүнө бирөө жарым илинбеген соң, кулагын дарбазанын үй көзүндөй тешигине кадады. Бир топ жашка» барып калса да кулагы түзүк угаар эле. Кулагына үзүл-кесил чыгып жаткан радионун үнү араң эшитилди. Ууру кылган адамдан бетер көчөнүн баш жагына утур-утур карап коёт. Мунусу бирөө жарымы байкап койбосун деген ишараты. Көчөдө кыбыр эткен адам көрүнбөдү. Саратанда бу жердегилер талаадан бошобойт, баары тамеки үзүмдө.

Эч ким көзүнө чалдыкпаган соң, кайрадан эски адатынча короо тарапка назар агытат. Ашым почточу аш бышым убакытка дейре жип менен байлангандай чоң дарбазалуу үйдүн айланасынан кете албады… «Бир көрүп алсам болду эле» почточунун көкүрөгүндө ушу сөз уюп чыгат. Көчөнүн бүгүнчө ээндей түшкөндүгү да бир чети анын карт жүрөгүн жибитип, көңүлүнө куп келгени да ырас. Чеңгелиндеги бир ууч гезитти бүктөй кармагандыгына да баам-парасаты жетпеди. Анткени анын бүт дити чоң короодо.

— Арбаңыз, Ашым аке,— артынан күтүүсүздөн чыккан аялдын үнү короого агытылган ойлорун бүт кууп салгансыды. Капыс чыккан үн анын денесин чагылган сайып өткөндөй дүркүрөттү. Оозунан сөзү ойт берип, баш ийкегенге араң жарады.

— Шүгүр,— деди почточу. — Мына бу гезиттерди коёр жеримди билбей…— ал актанган кыязда, колундагы мыжыга кармаган гезитти көрсөттү. — Же, булардын гезит салаарга жашыгы болсо не?..

— Шыйпыр үстүнө коюңуз, Ашым аке,— аял сөөмөйүн дарбаза үстүндөгү шиферге жаңсай көрсөттү.

— Кат да бар экен. Шамал-памал учуруп кетсе бөөдө…

— Кимден экен?— аял куштарлана сурады.

— Уулунан го… уулунан,— почточу сөздү аптыга айтып жиберди. —Армияга кеткен…

— Ырас болгон турбайбы, ботом. Акыйып бу катты аябай күтүштү эле. Сүйүнүп калышат экен. Мага эле бериң, коңшу эмеспизби. Сүйүнчүсүн да алайын,— аял колун почточуга сунду.

— Жоо… жок… Өзүм бербесем болбойт,— жок эле катты айтып жаткандыгынан абышканын бырыштуу жүзүнө кызыл тээп чыкты.

— Закүзнөй бекен?..

 
   

— И-ии… Закүзнөй. — Почточу жок жерден айткан сөзүнөн шек алдырбоого кебин чыйрак айтты. — Өз колуна бербесем болбойт.

— Менин балам менен чогуу кеткен,— аял дагы сөз таштады. — Экөө бир кеткен. Өгүнү кат бергенсиз, почточу аке. Эсиңиздеби?..

— Эсимде,— баш ийкеди Ашым почточу. — Эсимде эмей… Аман-соо болушса болду. Эки жыл кеп бекен. Жер көрүп, эл көрүп келишет… Андан көрө эсен-соосун тиле…

— Шүгүр аке,— аял Ашым почточуну тик карай албай башын дагы ийкеди. — Оюбуз да ошо…

— Коңшуң көрүнбөйт да, Бүсайра?— Ашым почточу сөз нугун башкага бурду.

— Таң,— аял желкесин куушурду. — И-ии!— алакан чапты аял. — Эсим курусун, почточу аке. Кечээ күнү кызыма, Кара-Сууга барам деген.

— Кызыма?— абышканын үнү демиге чыкты.

— И, кызыма деген. Төрөгөн имиш… Мурда күнү күйөө баласы сүйүнчүлөп келген.

Ашым почточунун ындыны өчө түштү.

— Берки, үйдөгүсүчү? Ал кантти экен? Аны да ала кетти бекен?

— Кайсынысын?

— Үйдөгүсүнчү? Бу үйдөгү?— почточу табышмактатып сүйлөдү.

— А-а,— деди Бүсайра,— небереңиздиби?..

Ашым почточу унчукпады. Ага ушу сөздүн жообун угуу гана керек эле. Кайриет, акыры сөздүн кырааты келди. Дарбазанын тешигинен жанатан бери жан талпас түшүп издегени, үнүн угуп каламбы деп кулагын төшөгөнү да ушу баланын айынан эмес беле. Абышка балага бир каш кагып карап алса кыйла жеңилденип калмак.

— Аны да кошо алып кетсе керек. Айыл десе атенесинин артынан калбайт, ал чечек…

Ашым почточу ат тизгинин ылдый тартты.

— Кеттиңизби, аке?— аял суроолуу карады.

— Барайын,— Ашым почточу атына камчы салып, аялга түзүк жооп айтууга да жарабады. Ат багытын суу бойлой кеткен жалгыз аяк жолго бурду.

Айылдан ат чабымдай жерде көрүстөн бар. Ашым почточу ушул тарапка баратты…

Көрүстөн пакса дубал менен тегерете согулуп, күн чыгыш тарабынан ат араба кирчүдөй дарбазасы бар. Жорго жүрүштө келаткан ат ушу дарбазага жакындай берип, адатынча токтоп калды. Ашым аттан акырын түшүп, ат чылбырын дарбаза оозундагы талга байлады. Шыбак баскан жалгыз аяк жол аны көрүстөнгө алып келди.

Четтеги бейит уулунуку…

Абышка күндө бир маал ушул жерге келет. Куран окуп кетмей анын адаты. Ал акырын басып келип кетенчиктей отурду. «Бүгүн да бардым, уулум. Айылга кетиптир, таенесин ээрчип». Ооз учунан күбүрөдү абышка. Бейит унчукпады… Ободо муштумдай торгой безеленип жатты… Кол муштумдай болгон торгой, абышканын карт көкүрөгүнөн «тарс» жарылып чыккан жүрөгү сымал, тыным албай, түпкүрү жок асманда канат кагып дыркырап, жумурткадай болсо да, не бир назик, не бир укмуштуу безеленип жатты… Анын үнү бир укмуш безеленди…

Абышка ободогу торгойго карап: «О, кайгысы жок перенде. Ким билсин, кубанчың да, арманың да ушу үнүңдүр… Сайрап гана өтөт экенсиң го бу жарыктан». Ушул сөздү ичинен кайрыды. Анан демейдекидей тил учунан куран айтып, «Омийин!» деп оор улутуна бата кылды. «А, уулум аа, уулум, не күнгө салып кеттиң». Ашым почточу оор үшкүрдү. Бу үшкүрүктө жер-сууга сыйбас арман жатты…

Ал көпкө дейре ордунан туралбады. Какшыган көздөрүнөн бүгүн да жаш баш бакпады. Бир жашып алса бүгүн да жеңилдей түшмөк. Абышка «О, адамдар, ыйлабаса, көз жаш агызбаса, мындайга кантип чыдамак» деп бу сөздү үн чыгарып айтты… «А, караан күн, ай» ал араң туруп, оболкудай башын жерге сала, колдорун артка артып, талга байланган атына басып келди.

Абышка «чү» дегенде ат сарай тарапка бет алды.

Бу маалда отко салган теңгедей кызарган күн борчук адырлардын ары жагына батып бараткан…

*   *   *

Ат дарбазага келип токтоду.

— Эй, бала,— Ашым почточу үнүн акырын чыгарып, үн катты. — Эй, Бейшен, Бейшен ай!

Бала бу сөздү укпады. Ал колундагы алмадай топту ыргытат да, анын артынан бөйпөңдөй чуркап алат. Эми тобу дарбаза тарапка бет алды.

Абышка сүйүнүп кетти.

— Бейшен, эй, Бейшен,— дагы үнүн басмырт чыгарды.— Бери кел, кел, бери…

Бала ат үстүндөгү абышканы эми чындап көрдү, а түгүл «Бери кел… кел бери» деген кабат-кабат айтылган сөзүн да эшитти.

— Ме, момпосуй берем, жейсиңби?— абышка чапанынын ички чөнтөгүнөн колуна бир ууч момпосуйду алып чыкты. — Чык, эшикке. Чыксаң… кө-өп момпосуй берем…

— Эшик жабык,— деди бала. — Таенем жаап койгон. Ыйгытсаң… ыйгытчы… тутуп алам,— бала дарбазанын жанына келип, эки колун өйдө созду.

— Ме,— Абышка бир ууч момпосуйду балага ыргытты.

Бала бирөө андан талашчудан бетер чачылган момпосуйларды шашкалактап жыйнап кирди. Бирөөнүн кагазын аарчып, сугунуп жиберди.

— Таттуу бекен?— абышканын көңүлү жылып кетти.— Таттуу бекен?— сөзүн дагы кайталады.

— И-ие,— бала баш ийкеди. — Мунусун таенеме берем. Бий киши бейди дейм. — Бала колу менен жылтырак кагазга оролгонун көрсөттү.

— Өзүң эле же,— деди абышка. — Сага атап апкелгем… Андан көрө «рахмат» десең боло… — Абышка баладан ушу сөздү угууну каалады.

— Тилим келбейт,— деди бала каадаланып.

— Айтып көрсөң,— Ашым атынан өйдө туруп, башын дарбазага созду. — Айтсаң?..

— Ый-ак-мат,— бала сөзүн бөлүп-бөлүп айтты.

— О, кадыресе адам болуп калыпсың, уулум,— абышканын маңдайы жарк этти. «О, окшошпосоң коё кал. Уулумун эле өзү… Атасын тартыптыр» деди абышка күбүрөнүп.— Эртең да келем, көчөгө чыксаң боло…

— Эйтең да момпосуй апкелесиңби?— бала суроолуу кадалды.

— Ооба!.. Апкелем… Сөзсүз апкелем… — Абышка баланы өзүнө имерип бараткандыгына жетине албай кетти. — Ме, мына бул гезитти,— деп куржундан бир топ гезитти, сүрөттөрү бар журналды дарбаза үстүнөн бала тарапка таштады.

Бала буга сүйүнүп, дардалаңдап кетти. Жердеги гезит- журналдарды быйтыйган колу менен чогултуп кирди. Абышканын балага «Мен сенин чоң атаңмын. Чоң атаң… Билесиңби мени» деп айткысы да келди. Бирок «ичкериден бирөө-жарым чыга калбасын» деп өзүн-өзү кармады.

Бала колдору менен гезиттерди кучагына кысып:

— Таене, мага бейди, каясаң,— деп үйгө карай чуркап жөнөдү.

Абышка баланын бу кылыгына жетине албай, башындагы калпагын бешенесинен өйдө түртүп, атын «чү» деп ары тартты…

*   *   *

Бала бүгүн көчөдө ойноп жүрүптүр…

Ашым почточу аны ыраактан эле көрүп, буга чейинки үйлөргө гезит таштабастан туура бала жакка жөнөп берди.

Бала да аны көрдү.

— Момпосуй алып келдиңби?— деди бала озунуп.

— Апкелдим. Апкелбей эмне?— Ме, ме, карачы кандай сонундарын апкелдим,— абышка шашкалактап ат үстүнөн эңилип, балага момпосуйдан уучтап сунду.

Баланын колу ага жете бербеди.

Ашым аттан түшүп, баланы колуна алып, ой-боюна койбой бетинен чопулдатып өөп-өөп жиберди. Абышкага бул баланын жыты керемет жыттанды. Анын мынчалык берилип өпкөнүн, ушунчалык бооруна кысып сүйгөнү неликтен экендиги менен баланын иши эмне. Ага абышканын колундагы момпосуй гана бу дүйнөнүн артыгы көрүндү.

— Атка өңөрүп ойнотуп келейинби, а уулум,— деди абышка балага жалооруй.

— Таенем уюшат да. Шени айтсам ал мени уюшту го. Жинди киси деди сени… Чыкыйса байба деди… — Бала бу сөздөрдү колундагыларды жеп жатып айтты.

— Бейшен, мен сенин чоң атаң болом. Чоң атаң. Сен менин уулумсуң, билдиңби? Уулумсуң,— абышка баланы бекем кысып, жүрөгү эзилип айтты. — Билдиңби?

Бала бу сөзгө бейкапар карады.

— Мен таенемин уулумун,— деди ал абышканын кучагынан суурулуп чыгууга аракет жасап. — Сени таенем жинди киси деген. Чыкыйса байба деген…

Абышканын көзүн жаш тээп чыкты. Бала муну байкаган жок.

— А-ий!— Бөйрөгүн таянып, оозун чормойто үн салган таенесинин сөзү абышканын кулагынан жаңырып өттү. — Келип калыпсыз,— аял көзүнөн каарын чыгарып, арамзааланып айтты. — Наристе баланын башын айлантып. Эми бала керек болуп калдыбы, а?! Бир кезде ноокетек бала эле, эми шекерден таттуу болуп калдыбы?! Чекесин карматпайм, билдиңби бу баланын! Бас, бери… Боор издеген, өлүң отурайын,— деп баланы колдон альш катуу тартты.

Бала эчкирип ыйлап жиберди.

— Патилла, койчу!? Жаш балада эмне жазык? Уулуман калган туяк экен… — Абышканын мууну бошоп кетти.

— Туяк бекен?! Эми билдиңби?— Аял бу сөздү ары жактагы коңшу-колоңдору уксун деген кыязда кыйкырып айтты.— Экөө ажырашып жатканда ортосуна арачы түшкөндүн ордуна «балам жаштык кылыптыр» деп жер тиктедиң эле… Эми тиктеген жериңе, уулунду көмүп тындыңбы, куу сакал! Экинчи балага колуңду тийгизип көргүн, алдагы сакалыңды жулам, билдиңби?

— Патилла! Кой эми, эл укса эмне дейт, уят…— Абышка аялды жоошутайын деди.

— А-аа!— Ансайын беттен алды аял. — Элден уялып калыпсың да! Элди оозуңа албай эле кой! Уялып калат имиш,— аял оозунан көк түтүндөй чыккан бу сөздөрдү баланы короого жетелеп баратып айтты. — Уятың болсоушинтпей кал. Шаарда сүйгөнү бар деп уулуңа бир сербейген немени алып бердиң эле. Балаң пендечилик кылгандан кийин, аның бир жыл үйүңө баар албай, куйругун түйгөн бойдон кетти го. Куп болот ошо силерге!..

Абышка кеп-сөздөн калып, көчөдө атын кармаган бойдон селейип калды…

Ал турган жери тарс жарылып, анын кучагына кирип кетсе оюндагыдай болмок. Бу саам ал жүрөгүн сыздаткан ыза менен жер бетине батпай турду…

*   *   *

Бу жолу Ашым почточу дарбазасы бийик үйгө эки күн өткөрүп келди.

Күндөгүдөй атын дарбазанын жанына токтотту. Ашым почточу короо ичиндеги баланы үй көзүндөй тешиктен даана көрдү.

— Эй, Бейшен, Бейшен!— деди абышка үнүн чыгарып.

Бала сөздү укпады.

Дарбазанын жанында жаткан дөбөт сырттагы кишини байкай коюп, үрүп тен берди.

Бала ошондо гана эшик жакка көңүл бурду. Ал бу саам ат менен турган абышканы көрдү.

— Бейшен, уулум! Чыкчы, алып кетейин. Чыксаң,— абышка жалынып жиберди. — Баламдан калган туягым, жалгызым… Чыксаң эми. Атанды жалдыратпачы… Мен чоң атаң болом… — Абышканын сөзгө чамасы жетпей, көзүнөн жашы чыкты. Көзүнөн чыккан ысык жаш сакал-мурутун аралап кетти. — Уулум… уулум… — абышканын бу сөзү ый аралаш чыкты. Ал буулугуп ыйлады.

— Таене!—деп бакырды бала. — Жинди киси келди. Сен айткан жинди киси келди! Кет, буерден! Кет дейм. Итке талатам…

Дөбөт ансайын катуу үрүп кирди. Жибин үзсө жеп жиберчүдөй ырылдады…

— Уулум… уулум… — деди абышка.

— Кет, сен жинди кишисиң! Таенем айткан, жинди кишисиң,— бала ачуу бакырды.

Оозунан көбүгү бууланган дөбөттүн каны кайнап, ордунда туралбай, дарбаза тарапка карай секирип ырылдай берди, ырылдай берди… Дөбөттүн жиби үзүлүп кетти.

Ит дарбазанын астындагы тешиктен сойлоп өтүп, Ашым абышканын атын качырды. Ат дөбөттөн үркүп берди. Абышканын күчү аттын ооздугун тартууга жете бербеди. Ат туяк артынан чаң сапырып, чуркап баратты.

Ит кыйлага дейре кууп барды.

Өпкөсү көпкөн ат көрүстөнгө жете берип гана кадамын жайлантты. Абышка жаш баладан бетер эчкирип ыйлап жиберди. Салаа-салаа көз жашы бубак баскан сакалдарын аралап кетти…