САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ЖЫЛМАЮУ

АҢГЕМЕ

Күнүгө эртең менен ушундай болот, улуу-кичүүгө карамай жок, ар ким алына жараша жулуна бермей. Сол бутум жерде, оң бутум жаңыдан тепкичке илингенде автобус ордунан козголду. Менден кийинкилер кыйлага чейин аны ээрчип чуркап келишсе да эч кимиси чыга алган жок. Бир аз жүрө түшкөнүбүздө динамиктен автобус айдоочунун колдураган добушу угулду:

— Алдыга жылгыла, жолдош жүргүнчүлөр! Белет алгандан тартынбагыла, анын эч уяты жок. Майда тыйыны жоктор, акчаңарды бери узаткыла, менде толуп атат. Кызыл шапке кийген карындаш, жайлоодо жүргөнсүбөй кичине кыйгачтай турсаң садага, башкалар деле өтүшсүн да!.. Өөй, бапке колтуктаган боз күрмөчөн жигит, жаның барбы, өөдө жылбайсыңбы, эшикти тиреп алыпсың, жабылбай атат, өөдө чык!

— Ошентсем дегенде менин деле эки көзүм төрт, бирок кантип чыгам?

Ал менин жообумду уккан-укпаганын билбейм, иши кылып:

— Өөй, «профессор», мен сага айтып жатам, өөдө чык! Болбосо автобусту токтотуп коюп, эшик жабылмайын карыш жылбай отура берем!

— Бери, берээк жылып алчы айланайын, чын эле көшөрүп отуруп алып баарыбызды беймаза кылбасын,— деди улгайып калган сары мурутчан киши. — Ансыз деле кечигип атабыз, бери жыл!

— Жылганга такыр ылаажы болбой атпайбы, аксакал…

— Келе анда, колуңду бери сунчу!

— Жардам берип койгулачы, жолдоштор!

— Эй тууган, менин чөнтөгүмөн издегениң эмине?

— Өзүнүн чөнтөгүндө сокур тыйыны жок болсо, анан каяктан издемек эле…

— Мынчалык эмне ойдолойсуз карындаш, бутумду кырча басып салбадыңызбы…

— Өөй, болбодубу эми, менин жакамда сенин кандай акың бар? Коё бергин, кокус айрылып кетсе, алдагы иймейген мойнуңду толгоп туруп жулуп алам!

— Жула албайсың байкеси, иймейгени менен менин мойнум чылк эле тарамыш, анча-мынчаны тоотпойт. Андай күчтү бөөдө ысырап кылганча алдагы «профессорду» бери тартып албайсыңбы?

— Тартса тартып эле алам, эмне коркот деп турасыңбы? Кана, «профессор», деги сенин колуң каякта жүрөт?

— Мына! Байке, ал меники эмес, менин колум быякта.

Ушинткен көпчүлүк мени жогору тартып алганда арткы эшик кыйч-куйч, калдыр-шалдыр деп барып, акыры жабылды. Автобус оң жагына кыйшайып, мотору тим эле боздоп келатат. Салмагымды алдымдагы кодойгон неменин жонуна таштап жоюп тердеп-тепчип мен да келатам. Бир маалда, менин көзүм алдыңкы эшиктин оропарасында турган ак жуумал кыздын көздөрүнө урунуп алса болобу…

Ошол замат жүрөгүм зырп дей түштү, шашканыман учурашуу жөрөлгөсүн жасап, башымды ийкеп ийиптирмин. Баарынан кызыгы, а да мени туурап башын ийкеп койду.

«Бу ким эле, негедир өңү жылуу учурайт да? Биздин институттан окуган немеби? А балким мурдатан тааныш болуп жүрбөйлү? Же, бир мектептен окудук бекен?.. Чамасы ошондой го, булар онунчу «Б» да болсо керек. Аты?.. Тилимдин эле учунда тургансыйт, таппай атканымды карачы… «Атың ким эле?» — деп капа кылып алып жүрбөйүн,кийин жай сурашып жатканда ыгын таап билип алаармын». Ушул ой менен кызды көздөй жылып жөнөдүм.

— Эшикти көргөзсө, төр меники деген кандай бейадеп немесиң, мобулардын бирөөнү эле сындырсаң, кызыл жүзүңдү бозала кылып коюп жүрбөйүн!— деди бош бөтөлкөгө шыкалуу тор баштык көтөрүп турган ургаачы, жанынан өтүп баратканымда.

— Кечирип коюңуз, эмкиде түшмөк элем.

— Эмне? Ушу турган жерге жөө бассаң өлөсүңбү? — деди ага жакындабасам деле бети эжигейдей сапсары, мурдунун учу анардай кыпкызыл, каны-сөлү жок делдейген кулактуу, кебетеси бир кызыктай болгон киши.

— Булар жашабай атып, алчы-таасын жеп алышкан! — деп терезенин түбүндө отурган семиз кемпир аны кубаттай кетти. — Оюна койсоң, карыш жерге да жөө баспай калсын!

Мындай сөздөргө кулакты жапырып таштап, өлдүм-талдым дегенде кыздын жанына жетип бардым.

— Кандай, жакшы жүрөсүңбү?

— Шүгүр, өзүңчү?

— Жүрөм, эптеп-септеп эл катары.

«Жай сурашканына караганда мен жаңылган эмес окшоймун, эми эптеп атын билип алыш керек»,— деп кызды сөзгө алмак болдум.

— Биздин балдар-кыздарга учурап турасыңбы?

— Кээ бирөөлөрүнө.

— Мен кечээ Калдарды көрдүм, практикада жүрөбүз дейт.

— Аны, өтпөй калып, айылга кетиптир деп укпадым беле?

— Жо, өткөн, быйыл үчүнчү курсту бүтүп атпайбы…

— Жакшы болгон экен.

Аңгыча автобус жолдун өңгүл-дөңгүл жерине туш келип калды көрүнөт, эки-үч курдай өчүрөңдөп кетти эле, сүрдүккөн эл бизди бири-бирибизге жабыштыра коюп, кайра жылдырган жок. Кыз кучагыма толуп келатат. Анын буруксуган жыты каңылжарымды каптап, көзүм тумандай баштады. А да кулагынын учуна чейин кызарып, мурдунун учу чыбырчыктап тердеп алыптыр. «Кичине нараак, жылчы, байкеси» дегенсип, кыздын көздөрү жалбара карайт. Бирок былк эткенге чамабыз жок.

— Кичине чыда, автобус дагы бир силкинсе оңдолуп алабыз,— дедим анын колунан жумшак кармап. — Баса, Үтүрдү көрө албадыңбы?

Кыз бырс күлүп ийди.

— Жо, кайсы Үтүрдү?

— Ысмайылов Үтүрчү, онунчу «Б» дагы. Дайыма Самара экөө отурушчу эмес беле?

— Үтүр, Самара? — деди кыз таңданып. — Онунчу «Б» да андай немелердин окуганы эсимде жок.

— Кантип эсиңде жок, анда Өзгөрүш, Мажит, Карамат, Жаркул, Токобайларды да тааныбайм дегиң барбы?

— Чын эле тааныбайм! — деп кыз сол жак ууртундагы орсок тишин кашкайтып күлүп ийди эле анысы орсок болгону менен өз өңүнө куп гана жарашып, жылдыздуу жүзүн ого бетер чырайлуу кылып көргөзөт экен.

— Кой, бийкеч, минтип мени шакаба чекпе! — дедим оюн-чыны аралаш. — Башкабызды унутсаң да Болот эсиңдедир, баскетболистчи? Биздин класстагы бою эки метр Миңбаевчи? Элдин баары аны «Узун-Аажы» деп коюшчу эмес беле?

— «Узун-Аажыны» кантип унутайын, эсимде…

— Ушунуңа да шүгүр, эми кудай буюрса, калгандарыбызды да эстээрсиң,— десем кыз кайра кыткылыктап күлүп:

— Бирок анын аты Болот эмес Турарбек, фамилиясы да башкача болчу,— деп жанды кашайтып туруп алса болобу. Акыры аргам түгөнгөндө:

— Деги сен өзүң кимсиң? — деп сурадым.

— Менби, мени тааныбай турасыңбы? — деп кыз ого бетер экиленет.

— Таанырын го тааныдым, бирок айып көрбөсөң атыңды унутуп калыптырмын.

— Атым – Букеш.

— Ыя?

Кыз мостоё түштү. Мен дагы.

— Гм… Атың Букеш… Букеш, Букеш, Букеш… Мейли, сен Букеш болсоң, анда мен киммин?..

Кыз «бырс» деп дагы күлүп ийди.

— Букеш, сен Нурланды таанычу белең?

— Кайсы Нурланды?

— Онунчу «а» дагы Каарыев Нурланды?

— Жок. Башка класста болсо болгондур бирок, онунчу «а» да андай неме болгон эмес. Кантип эле өзүмдүн классымдагылардын аттарын унутуп калайын.

— Ошондой дечи?

— Ошондой, таанымак турсун уккан эмесмин.

— Анда угуп тур… Мындан 20 жыл илгери Жалал- Абаддын нары жагындагы «Апыртан» деген айылда төрөлгөн ымыркайына ыраматылык Каары аке, билимдүү киши эле, бейиши болгур, Нурлан деген ат койгон экен.

— Түзүк ат коюптур.

— Анысын билбейм, иши кылып, ошондон ушул күнгө чейин ал атыман ажырай элекмин…

— Мейли, ажырабай эле кой,— деп Букеш айтаарын айтып алып, анан селт этип мага жалт карады. — Демек, сен… Ой кечиресиз, Сиз… Сиздин атыңыз Нурланбы?

Мен башымды ийкедим.

— Сиз онунчуну Токмоктогу номур биринчи мектентен бүткөн жок белеңиз?

— Атын эле укканым болбосо, аякты көрө да элекмин.

— Мен сизди Алчынбек экен деп алыптырмын. Ой тобо-ой, ушундай да окшош болот экен ээ? Анан биз кантип таанышпыз?

Аңгыча автобус айдоочунун:

— Тапкан экенсиңер эзилише тургай жерди! — деген колдураган үнү угулду. — Бошоткула автобусту, мен кайра кетишим керек!

Жалт бурулсак, автобуста жан киши калбаптыр. Үнүнүн эле колдурагы болбосо, өзү түзүк неме көрүнөт. Машинасынын моторун өчүрүп, бири-бирибизге шынаарлашкан Букеш экөөбүзгө жылмая карап күтүп отура берген турбайбы, жарыктык. Биз ток тийгендей ажыраша түштүк. Бирок ошол бойдоп кете бербей, жерге түшкөндө институтка чейин чогуу бардык. Көрсө, а да мединститутта окуйт турбайбы… Букеш экөөбүз алгач ушинтип таанышканбыз. Анан, бир жыл бою сабакка бирге жөнөп, кайра чогуу кайтып ынак болуп кеттик. Бара-бара 74—48 номурлуу автобустун айдоочусу, анын 4-маршруту менен дайыма жүргөн адамдарды биз, бизди алар таанып, ал турсун, шаардан кезигип калсак, баш ийкешип учурашып өтчү болдук.

*   *   *

…Эки жыл болду Букеш экөөбүздүн көрүшпөгөнүбүзгө, туз-насибиме жараша болсо керек, башка шаарга, башка окууга которулуп кеткем. Быйыл жайкы экзамендеримди эрте тапшырып, шашып келдим Фрунзеге. Поездден түн ортосунда түшүп, мурда, биерде окуп жүргөнүмдө жашаган үйгө барсам, үй ээлери мени унутуша элек экен, кондуруп калышты. Эртең менен Букешти издеп институтка бараарымды угушканда, аялы, короосундагы кыпкызыл болуп ачылган розалардан он чактысын үзүп, кооз букет жасап, колума карматып койду… Биерде, эчтеке өзгөрбөптүр, ал турсун автобус күтмөй азабы да, куду баягысындай экен. Алдымдагы ак көйнөкчөн жигитти, күчкө салып ичкери түртүп киргизип жаңыдан бутумду тепкичке коё берээрде мурдумдун учунан эшик жабылып калды.

— Келишиң менен, «профессор», алдыңкы эшикке өт,— деген баягы автобус айдоочунун колдураган үнү угулду.

Мен бир аз буйдала түштүм эле, жанагы эле үн: — Делдейбей, батыраак кыймылда кечигип атам! — деп ороңдоду.

Чуркап жеткенимде алдыңкы эшик шарт ачылды. Туурамда алапайын таппай, көзүн жашылдантып менин Букешим туруптур. Автобуска ыргып чыгып, кантип учурашаарымды билбей калтаарып туруп калдым. Кучактап ийгенден ыйбаа кылам. Эки жагымды карасам бизге назар салган эч ким жоктой, элдин баары атайылап бизден жүзүн буруп алыптыр. Эңкейип алды жакты карасам, баягы бизге таамыш шофер, а да көрмөксөнгө салып, мыйыгынан жылмайып турган экен, каракүчкө кабагын бүркөп койду. Акыры эмне болсо ошо болсун деп титиреген эриндеримди Букештин көзүнүн сурмасына тийгиздим. Жаныбыздагы кимдир бирөөнүн «өх!» — деп шоокумдуу улутунганы угулду. Ага удаа «өхөлөгөн» улутунуулар автобуска батпай кетти. Бери бурулсам, автобустагы жаш-карынын бакиси, баягы өңү тааныш адамдар, алар, эми бизге тике карап жылмайып келатыптыр. Чук эткен жан жок, элдин баары эле бизге карап жылмаят. Баары тең менин «табылганыма» кубанып жаткандай. Биз да аларга кошулдук. Ичине жылмайган адамдарды шыкап алган 4-маршруттагы автобус шаардын чордонуна жакындап келатты.

Кечинде Букеш экөөбүз суу жээгиндеги мажрүм талдын түбүндө турганыбызда:

— Мындан ары, башыбызга кандай гана күн түшпөсүн, дайыма бүгүнкүдөй жылмайып жүрөлүчү! — деп убадалаштык.