САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: КУУГУНЧУЛАР

АҢГЕМЕ

Жай күндөрү эле. Отпускелеп, айылда жүргөм. Бир жолу нары тууганчылыгы бар, теңтуштугу андан да калың Абдрасул келип:

— Келдибектин кенжеси келинчек алып келатыптыр. Жүр, барып көрүп келели! — деп көнбөгөн оюма койбой ээрчитип алды.

0, бир оокумга дейре Келдибек карыянын эшигинде опур-топур түшкөн элге аралашып жүрдүк, анан шашке маалда Келдибек карыянын үйүнүн тушуна келип токтогон таксиден: Кенжебек менен береги эле өзүбүздүн айылдык Акматаалы майрыктын Ырысбеги тим эле куурчак өңдөнүп опокшош кийинишкен татынакай эки кызды колтуктап түшүрүштү. Ырысбек менен кыздардын бирөө алдыга чыгып:

— Кана, келиниңердин көрүндүгүн бергиле! — дегенде, Келдибектин байбичеси экөөнүн колуна бирден шампан карматып, анан келининин маңдайынан өптү да, койнунан сууруп чыккан бушту жибек жоолукту үлпүлдөтө салынтканда, тегеректеп турган келин-кесек, калган ырым-жырымын жасашып, ичкери, үйдү көздөй алып жөнөштү.

Мен обочороокто туруп, Келдибек карыянын чарбасына көз жүгүртө баштадым. Тамы мыкты салыныптыр. Короосу бак-даракка оронгон. Тигинде, алманын куураган бутагында, рамасы дат баскан, алдыңкы дөңгөлөгү жок, эски велосипед илинип турат.

Чамасы Кенжебектин тестиер кездеги унаасы го. Ал эми атасынын унаасы боз эшек, тээтигинде коделегин жыттагылап коюп байланып турбайбы. Берирээкте, бастырманын мамысына байланган музоолуу уй, чабырага камалуу он чакты кой.

Деген менен беш азамат уулун үйлөнтүп-жайлантып чыгарганына карабай, Келдибек карыянын тирилиги али да болсо тың экен. Аңгыча кимдир бирөөнүн:

— Куда өзү баш болгон, куугунчулар келатышат, кокуй! — деген үнү угулуп калды.

Жанатан бери кубанганынан эмне кыларын билбей жүргөн Келдибек карыя калдактап сыртка чуркады. Үстүнө отуздай москоол эркектерди баскан жүк ташуучу машине эдиреңдеп келип, дарбазанын тушуна токтоп калды. Ага удаа-мудаа келген, кыпкызыл «жигулиден» алты карыя түштү. Үчүнчү болуп келген «ГАЗ-69» маркасындагы машинеден кээси бирден, көпчүлүгү экиден бала көтөрүнүшкөн ончакты аял чыкты.

— Кызыбыз кайда?

— Кызыңар ушул үйдө…

— Тездик менен колубузга салып бергиле!

— Ашыкпасаңар, кудалар, алгач үйгө киргиле, анан…

— Анан-мананы жок, көзүбүзгө көрсөткүлөчү, жанагы айтпай-дебей кызды ала качкан ээнбаш балаңарды! Тим эле машайыктын кулуну болсо да, туягын сындыра чабалы! Же бизди букара тукумунан деп ойлодуңарбы?

Келгендердин муруттары сербейип, көздөрү чакарактап, жүздөрү кумсарат. Айрымдары шымаланып жеңдерин түрүнө башташканда «Атаны курган Кенжебек-ай! Балалык кылбай сүйлөшүп эле алып келсе болмок экен. Бу кейиптеринде биздин эле айылды эмес, коңшулаш эки-үч айылды кошо чаап кете тургап болуп кол курап келишкен немелер го булар»,— деп же качып жөнөрүмдү, же ошээрде тура береримди билбей, «не бар, не жок» деп, эски кетмендин сабын колуман чыгарбай алманын бутагына далдаланып турдум.

— Кудалар! «Ачуу душмам, акыл дос» — деген эмеспи… Ичкери кирип, кичине демиңерди басып алгыла. Анан балабызды колуңарга салып беребиз, соттойсуңарбы, оттойсуңарбы, өзүңөр билгиле! — деп биздин айылдык карыялардын айтканына, кудай жалгап беркилер да жоошуй түшүп ичкери киришти. Биздин айылдык карыялар, Келдибектин эки бөлмөсүн керип-чотюп, кудаларды отургузуп чыгышып:

— Кана, Келдике! Төкчү болсоң төк эми кудаларыңа! — дешип үй ээсине кайрылышты.

Көлдибек да аяган жок. Эки кой союлду. Ичкиликтен өксүгөн адам да болбой, тамак-аш жайнап эле калды.

*      *       *

…Эртеси бешим ченде баягы эле Абдрасул:

— Кызыкты эми көрөсүң! — деп Келдибектикине дагы ээрчитип барды.

Эл суюлуп калган экен. Конок үйдүн терезесинин тушуна келип токтодук. Ичкеридегилердин сөздөрү угулбайт. Келдибек карыя бирдекелерди айтып келип, он сомдуктан үч пачка акчаны кудасынын алдына койду.

Кудасынын кабагына кар жаап, акчаны колунун сырты менен Келдибекти көздөй кайра жылдырды. Келдибек беш сомдуктан дагы эки пачка кошту. Кудасынын мурчуйганы жазылган жок. Аргасы түгөнгөн Келдибек кемпирине карады. Кемпири чач учтугундагы ачкычтарын кармалап сандыгы тарапка бет алды. Анан куугунчулардын ортосуна жая салынган одеялга, алгач төрдөгү илинип турган суусур түштү… Анан кийин калпак, маасы-көлөш жана башка кийим-кечелер — койчу жечээги келинине салган бушту жибек жоолуктан өйдө түшүп жатып, заматта чоң үймөк болду.

*      *      *

…Анан, сырттагы жүк ташуучу машиненин кузовунда көздөрүн жашылдантып, боз эшек коделеги менен, таргыл уй музоосу менен, кара кой козусу менен армандуу маарашып, эмнегедир бир нерсеге наалып жатышкансыды.

Куугунчулар, мурдагыдай мурчуюшпастан, жүздөрү жарык, көңүлдөрү куунак… Айрымдары ылжыган мас, көпчүлүгү алагүү. Ар биринин колунда бирден түйүнчөк. Ал турсун шыңга бойлуу шаа мурут бирөө жанагы алманын бутагындагы эски велосипеддин рамасын мойнуна илип алыптыр…

— Катуу келдик эле, кан кудам, жүзүңөрдү кыйбадык,— деди Келдибектин кудасы бак-бак сүйлөп. — Эми эки жаш ынтымактуу болушса, биз каякка бармак элек?.. Эптеп куда-сөөк болуп кетээрбиз. Жакшы калгыла.

Кудалар жанагы мал-сал, эмерек-семеректерге аралашып араң-араң эле машинелерине илингендей болушту.

Орун жетпей калган бирөө түйүнчөгүн колтугуна бекем кысып, кузовдо турган эшекке минип, калгандары жайдары кол булгап, жөнөп кетишти…