САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: КУЛПУ

АҢГЕМЕ

Күн ысыкта утур-утур жол каратып кемпирди убара кылгыбыз келбегендиктен, мурдатан «баратабыз» деп кабар бербестен, Букеш экөөбүз тең отпуск алып айылга жөнөп калдык…

Самолёттон түшөрүбүз менен, бактыбызга, автобус даяр турган экен, түш оой «Апыртанда» болдук… Айлыман кеткени арадан жылдар өтпөдүбү. Быякка сейрек каттаганымдан биздин үй аттын кашкасы сымал таанымал бойдон экен…

Түбү түптөлгөн, үстү тунукелүү, заңгыраган стандарттуу үйлөрдүн катарында «жүдөп» турган ыйманы ысык жепирейген жер тамдын карааны көрүнгөндө көңүлүм делөөрүп, ага жеткенче шаштым… Бирок каалгада илинип турган чоң кара кулпу көзгө урунганда, Букеш экөөбүз мостоюп бири бирибизди карап туруп калдык… Аңгыча жан жактап:

— Бул ким, Нурлансыңбы, айланайын? — деген Алтынай эненин үнү угулду. Илгертеден бери кошунабыз, апамын эң жакын теңтушу Алтынай энени добушунан жазбай тааныдым.

— Кандай, күүлүү-күчтүү жатасызбы, апа?

— Шүгүрчүлүк айланайын, шүгүрчүлүк! Өзүң кандайсың? Бала-бакыраң менен аман-эсен жүрөсүңбү? Бери эңкей, бетиңен өөп коёюн! Кандай, келин балам, сен дагы тынч жүрөсүңбү?.. О, окшошкон какмарлар! Бизди чангыңар келдиби? Дагы кудайга шүгүр, жанагы сары кемпирдин көзү бар, үч-төрт жылда бир келип турасыңар… Болбосо, таптакыр унутмак экенсиңер!

— Апам көрүнбөйт да? — дедим байбиченин сөзүн бөлүп…

— Апаңды ууру алмак беле?.. Жүргөндүр да куюндап… Эми эле бакылдап үнү чыгып аткан, уюн аркандаганы кеткен го… А келгенче, жүргүлө, биздикине…

— Жок, апам келгенче ушуерде эле отура туралычы…

— Ха, ха… апасын көрмөйүнчө санаасы тынбайт бул какмарлардын! — деп Алтынай эне чын дили менен курсант боло сүйлөдү. — Болуптур анда, мен үйдү кулпулап келип, балдардын бирөөнө апаңарды таптырайын…

Анан ал чач учтугундагы шагыраган ачкычтарын кармалап, үйүн бекиткени жөнөдү…

Биздин эшиктеги чоң кара кулпу көзүмө дагы урунду…

Илгери мен «биерлик» кезимде мындай кулпу биз эле эмес, башка кошуналарда да болбой турган. Азыр, тиги кулпуну карап туруп алда качанкы бир окуяны эске түшүрдүм…

*     *     *

Тоо этектей, адыр арасына жайгашкан биздин чакан айылды — «Апыртан» — деп коюшат… Эмне үчүн антип аталып калганы азыр да мага белгисиз. Мен жаш кезимде, ошо «Апыртандагы» былк эткен жаңылык эмнегедир, эң оболу топуракка оонап ойноп жүрүшкөн балдарга угулуп, анан ошолор аркылуу гана башкаларга тарачу…

— Чаар Абдыракмандын ую тууптур…

— Мааданбек аялы менен ажырашыптыр…

— Уулжан кемпирдин уулу аскерден келиптир дейт.

— Алайлык Асан менен, Абдыракман чолок мушташа кетип, Абдыракман чолок уруп койду. Иттей күчтүү экен.

— Эртең менен Мусаны милийса айдап кеткенин көрдүңөрбү?..

Ушуга окшогон олуттуу да олуттуу эмес да, ар кыл мазмундагы «акыркы кабарларды», ошондогу — чердейген курсактарын кыска көйнөгүнүн этегинен кылтыйтып көрсөтүп койгонуна карабастан, колун аркасына алып, кез-кезде чыйт түкүрүп коюп, корсоюп басып жүргөн, кебете-кешпиринен бири бирин ажырата алгыс, кудум: мага окшош кара торусунан келген менин каадалуу курбуларым табышаар эле…

Аскерден киши кайтканда же кино, же артисттер келгенде, бирөө бизди «ошенткиле» дебесе да, шымдын багалегин түрүп алып, жазында шатырактата баткак кечип, кургакчылык жайында тизеге жеткен топурак малтап, үймө-үй кыдырып, сүйүнчүлөп чыгар элек…

Күндөрдүн биринде:

— Жүр… Төмөнкү айылдагы Акимдин эски тамына «жаңы тууган» киргени аткан имиш, ошону корүп келели! — деп Абдрасул энтигип жетип келди.

— Жүр!

Эдиреңдеп чү койдук. Жарышып келатабыз…

Башка кыштактан биздин айылга көчүп келгендерди чоңдор «Жаңы тууган» дешкендиктен, биз дагы аларды туурап ошентип коёбуз.

— Качан келишиптир?

— Жаңы эле дейт…

— Ким?

— Дубанакул.

— Баласы бар бекен?

— Билалбадым.

Өзүм билбегендин баарын ушул Абдрасулдан сурайм. Анткени, ал менден аш ичээр улуу. Атамдар ушинтип айтышкан. Аны Абдрасул өзү да билет.

— Каерден келиптир?

— Советскийден… Биздин тракторчуларга мукайлык[1] болот имиш…

— Аа…

Биз келгенде шатек [2] арабанын жарымынан жүк калган экен. Акимдин эски тамынын короосунун четине жетип токтодук… Бат эле биздин катарыбызга дагы башка балдар да кошулушту…

Окчунураактан карап турабыз.

Далылары дагдайган, сары чийкил киши килейген-килейген таңгактарды жепжеңил көтөрүп үйгө алып кирет. Ага дагы бир аял, биз курактуу бала көмөктөшүп жүрөт.

— Жардамдашпайлыбы? — деди бизден көрө тетигирээк балдардан бирөө.

— Жүр!

Эки бала бизден бөлүнүп барып, бир таңылчакты жаңыдан көтөргөнү калышканда, там тараптан:

— Эй! Токто, сага эмне керек? — деген мукайлыктын колдураган үнү угулду. Балдар таңылчакты таштап жиберишип, элеңдешип качып жөнөштү. Биз дагы качууга кам уруп калдык эле, мукайлыктын беркилердин артынан куубаганын көрүп, анткенибиз жок.

Аңгыча чоңдор да чогула баштады. Алар бизге окшоп алыстан карап турушпай, жанагы кишиге салам айтып, кол алышып учурашышты.

Менин атам да келди. Мукайлык экөө мурдатан тааныш экен. Биз да алардын аркасы менен, акырындап-акырындап жакындап отуруп, тамдын алдына толуп кеттик.

— Кулпу жок! — деди мукайлык, эски тамдын эшигинин кашегин кармалап. — Дүкөнүңөрдө да жок экен. Сизден артыкбаш кулпу чыкпас бекен? — деп атаман сурады.

— Таң… Эмнегедир үйдөн көзгө урунгандай болбоду. Бирок биерде кулпунун кереги жок.

— Ошо кантип болсун? — деп чочуп кетти мукайлык. — Бир жакшы кулпу керек. Туугандар! Силерден бир жумага артыкбаш кулпу чыкпайбы?

— Эч кимден чыкпады.

Деги мен эс тартканы бул айылдын эшиктеринде кулпу илинип турганын көрө элек болучумун. «Апыртандыктар» эки, үч күнгө мейманга баратышса да үйүн кошуналарына табыштап коюп эле кете берише турган.

— Биерге чоочун киши сейрек каттайт,— деди атам. — Анан баланчанын үйүнөн бирдеме жоголуптур деген сөздү дегеле уга элекмин. Кулпунун кереги жок.

Мукайлык ага көнбөдү. «Жаңы тууган» менен учурашканы келгендердин баарынан «Сизден артыкбаш кулпу чыкпас бекен?» деп сурай берди.

*     *    *

— Бизде кулпу барбы? — деди атам кечинде.

— Ыя?

— Кулпу дейм…

— Кулпу? Кандай кулпу? — деп апам да жакшы түшүнө бербеди.

— Ой, ушу сен кыргызча сөзгө түшүнбөй калгансың го… Кадимки эле кулпу! Жайлоого көчкөндө таар куржунуңдун ар бир көзүнө олчойгон темир кулпуларды салып коюп, дегеле андайга ынак эмес белең… Ошол кулпуларыңан бирөө жарымы калдыбы деп жатам?

— Билбесем, аны эмне кыласың?

Апам дагы эле эчтекеге түшүнбөдү.

— Мына бу соо эмес го!— атам кызуулана түштү. — Кулпу, кадимки эле эшик беките турган кулпуну сурап жатам!

— Эшикти бекитип эмне кыласың?

— Э-эй… Мына бу кишини көк мээ кылат ко… Деги бизде кулпу аттуу барбы, ошону айтчы?..

— Кишендин кулпусун мурдаагы жылы сарайдан көргөндөй болдум эле, эми жок болуп калыптыр, балаң тыяк-биякка көтөрүп жүрүп жоготсо керек,— деди апам…

*     *     *

Эртеси атам атына минип район тарапка кетип, кечке жуук келди. Аттан түшөр замат көмөч казандай болгон чоң кара кулпуну менин колума карматып:

— Балам! Мобуну эч кимге көргөзбөй мукайлыктын эшигинин алдына таштап кел… Өздөрү көрүп калса да, көңүлүнө кетип жүрбөсүн… — деди.

Мен барганда эшигинин алдында эч ким жок экен. Эчтек көрбөгөн-билбеген кишидей болуп басып бардым да, кулпуну этияттап терезенин түбүнө коюп, кайра жөнөй берээрде кудум эле мен алып келген кулпудай болгон кулпугун ончактысы ачкычтары менен жатканын көрдүм.

*     *     *

Мына эми… Биздин үйдү да ошондой кулпу кайтарып калыптыр.

Аңгыча «Айланайын, айланайын! Балакет-мээнетиңди алайыным келген турбайбы» — деп алыстан эле жалынып келаткан апамын үнү угулду…

*     *     *

— Апа, бул эмне? — дедим эртеси кара кулпуну кармалап.

— Кулпу, балакетиңди алайын.

— Кулпу? Эмне үчүн?..

— Эшикти бекитпейминби, алдыңа кетейин?..

— Эшикти бекитип эмне кыласың?..

— Таң… Элдин баары эле ошентишет ко. Азыр, кулпусу жок үй калган жок. Э, койчу балам карыганда энеңди көк мээ кылбай, бул кадимки эле кулпу да,— деди апам жүзү мостоюңку тартып…

[1] Мукайлык — механик.
[2]  Шатек — шатылуу араба.