САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ДИССЕРТАЦИЯ

АҢГЕМЕ

Өйдө-ылдый сөз чыгып кетпесин үчүн эмитен эскертээрим: Букеш экөөбүз баягыдай эле ынтымактуубуз. Кудайга шүгүр, эл катары оокатыбыз бар, эч кимден кем эмеспиз.

Ырас, ал «окумуштуу болом» — деп оолукканга чейин мындан да ынтымактуураак элек. Баягыда эле, «мен дагы аспирантурага өтүп, башкаларчылап бир илимди бучкактап көрсөм кандай болор экен»? — деп калыптыр. Жок дебедим. Аялым аспирантурага өттү, аны менен кошо үй тиричилигинин түйшүгү жана жаңыдан тамтуң басып келаткан кызыбызды тарбиялоо милдети толук бойдон менин мойнума жүктөлдү. Мунусуна да көндүм.

Акыры мен феодалдык көз караштагы эмес, жаңы замандын маданияттуу адамымын го деген ойдо, аялымдын илимдин артынан сая кууп туш тарапка командировкалап кетип, көзгө сейрек көрүнгөнүнө да анчалык териккеним жок. Алгач, апасын сагынып ыйлап жүрдү эле, бара-бара кызым да көнүп кетти мындай турмушка. А Букеш болсо өзгөчө шарттарда, өтө маанилүү тажрыйбаларды өткөрүү үчүн бирде өзүбүздүн эле Кыргызстандын эң бийик жери Ала-Тоонун кылда чокусуна чыкса, бирде коңшулаш республикалардын эң жапыс жерин издеп Кызыл-Кум же Бетбак-Талаа тарапка узакка созулган илимий командировкага жөнөп калат. Алыска кетпей, ушул эле шаарда жүрсө да эки-үч айда бир учурашпасак, ал «илимине» жөнөгөндө кызым экөөбүз али ойгоно элек болуп же ал келгенде биз уктап калып, жүз көрүшмөйбүз да өзүнчө бир машакат. Ошентсе да ыйлап-сыктап жүрүп аспирантурасын бүтүрүп алдык. Эмики кезек диссертацияныкы…

Аны жазууга үй-бүлө, тууган-урук болуп жапатырмак кириштик. Букеш тажрыйбаларынын баарын бүткөн.

«Шарт түзүп берсек, диссертациясын үйдөн жазса энебиз кашыбызда болуп көөнүбүз ток жүрөт экенбиз» — деп кызым экөөбүз кудуңдап кубанып жүрдүк эле, андай болбоду… Тарткылыгыбыз али алдыда экен.

— Диссертациянын кол жазмасын машинкага бастыруу үчүн бир жарым миң барак нөлүнчү номурдагы актай кагаз керек,— деди Букеш бир күнү.

— Ошол эле болсо жарасы жеңил экен! — деп оозуман жаңылып кетиптирмин.

Көрсө андай кагаз оңой менен табылбайт турбайбы… Орто Азиянын орчундуу шаарларындагы дүкөндөрдү түп көтөрүп издесем да андай кагазды таба албадым. Каерге барбайын:

— Илгери бир түштү эле, азыр калбаптыр. Бирок өтө керек болсо жарымынчы же биринчи номурдагы кагаздардын деле нөлүнчүдөн айырмасы жок. Ушундан алыңыз… — деп кеңеш беришет.

Ошентейин десем Букеш көнбөйт.

— Ой деги, микроскоп менен караган киши да алардын айырмасын таба алгыдай эмес. Эмне жарымынчы кагазга басылса, диссертацияңдын баркы төмөндөп калабы?.. А деле апапак эле экен,— десем Букеш о бир оокумга дейре мени сырдуу тиктеп туруп:

— Эх, сен! Диссертациянын маанисине качан түшүнөр экенсиң? Башка кагазга басылса болбойт,— деп үзүл-кесил айтып салды.

Дагы издөөгө аргасыз болдум. Акыры барбаган жерим, сурабаган кишим калбай, нөлүнчү номурдагы кагазды издегенден көрө докторлук диссертация жазуу жеңилирээк экенине анык көзүм жетип «минтип жүргүчө бир эмес, эки диссертация жазып берип мындан биротоло кутулайын» — деп жакшы эле бел байлап калганымда, жанагындай кагаз «Одессанын атактуу базарынан табылат имиш» деген кабар угулду.

Кызымды алысыраак бир туугандардыкына таштап, ошоякка жөнөдүм. Айткандай эле издегеним колдон табылды. Аерде элүү тыйындан алдым эле, барып келгеним, ичкен-жегеним болуп, барагы бир сомдон айланды. Мен Одессадан кайткан күнү чабдар эшегин минип, береги эле өзүбүздүн Кой-Таштан Букештин таякеси келип калыптыр. Жашы сексенде болгону менен үчүнчү кабаттагы биздин квартирабызга эки көзү толтура бирдеке салынган куржунду ийнине илип чыгып келгенине караганда, дагы эле бакыбат бойдон экен. Кирип келгенде куржунду ала коём деп тумшугум менен жер сайып кала жаздадым.

— Бул эмне, таяке, таш салып келгенсизби мынчалык оор? — десем карыя куржундун оозун ачып, андагы жык толтура апаппак кагазды көргөздү.

— Муну кайдан алдыңыз?

Букеш экөөбүз жарыша сурап жибердик.

— Илгери мен кароолчу болуп турганымда кантор жаңы имаратка көчкөн,— деп түшүндүрө баштады карыя,— ошондо эки-үч таңгак ушундай кагазды эски канторго таштап кетишиптир. Бухгалтерге айтсам: «мешке салып күйгүзүп жибериңиз. Андай кагаз толуп атат, бизге кереги жок» деди эле, ак кагаз экен убал болот ко деп уйкананын шыбына чыгарып койдум эле. Өгүнү бир барагына баспай ороп жатсам Самар көрүп калып:

— Ата, мындай кагазды Букеш эжем качантан бери таппай жүрбөйбү! — дейт.

— Анчалык эле керек болсо, жеткизип берейин деп, калган-катканын чогултуп алып келип калдым, балам. Жерге кирсин, мындай кагаз көп болчу. Наспай-саспай оролуп, от тамызып жүрүп, ушул эле калыптыр.

— О, чоң рахмат, таяке! Ушуга деле он чакты диссертация жазууга болот,— дедим Одессадан келген кагаздын, таякебиз алып келген кагаздан айырмасы жок экенин Букешке көргөзүп жатып.

(Ошентип, кагазды болсо таптык. Эмики кезек диссертацияны жазышта калды. Анткени кагаз табылса эле ал өзүнөн өзү жазылып калбайт экен. Далай күндөрүм шаардагы ар кыл мекемелерге барып, Букештин «илимине» өтө керектүү болгон: схема, препарат, ар кыл семиздиктеги журналдарды таап келип, редакцияларга макалалар жеткирип, айрым адамдар менен мамиле түзгөнгө кетти. Мен антип жүрсөм кызымдын кулагы делдейип, көздөрү чүңүрөйүп өңүнөн азып алыптыр…

Турмуштун иши турмуш да… Колумдан кагаз, карандашымды түшүрбөйм. Анткени, бирдеке жазып тыйын-тыпыр кошумчалабасам, жалаң эле эки кишинин алган айлыгына диссертация жазыш кыйын иш экен… Үй ичиндеги эмерек-семеректин көбү сатылып кетти. Өзүмдү «сен», ань! «сиз» деп алдап-соолап кийип жүргөн жалгыз шымым чийбаркуттугунан эле чыдап турат, кокус ал жыртылып калса, шорум кайнап, эшик-элике чыга албай диссертацияга залакамды тийгизип аламбы деп ичкеним ирим, жегеним желим. Анан калса, бу диссертация дегениң ыгымынан чыгымы көп түгөт болот экен. Мисалы, аны жазып коргогонго чейин Букеш онго жакын илимий макала жазып, республикалык деңгээлден кем эмес газет-журналдарга басып чыгарышы керек турбайбы. Ал макаласын бүтөр замат «Таң атканча ушуга жуп кылып бир күлкүлүү аңгеме жаз… Макала эртең редакцияда болушу керек» — деп катуу тапшырма берет. Айла канча? Аткаруу керек. Анткени, Букештин макаласын бастырыш үчүн редакцияга биз акы төлөшүбүз керек экен. А менин жазгандарым үчүн редакция мага акы төлөп, арасында анча-мынча күлкүсү бар аңгеме болсо, батыраак жарык көрөт. Ошентип, күлкүлүү аңгеме менен диссертация редакцияга чогуу барып, бири-бирине сиңишип кетет да, биз эчтеке албай да, бербей да кутулуп калабыз. Бара-бара аңгеме жазыш колдон келсе да, арасына күлкү себелеш кыйындагандан кыйындап, өзүм тургай жоро-жолдошторумдун күлкү запасы түгөнүп баратканда:

— Букеш, байболгур ордубузду алмаштыралычы… Диссертацияңдын аягын мен жазайын, сен күлкүлүү аңгемеге өт,— десем Букеш маңдайымы каңк-каңк дедире чертип:

— Караңгылыгың качан калар экен сенин! Диссертацияны аңгемеге салыштырууга кантип оозуң барды? Минтүүгө кантип батындың? — деп жемелеп койду.

Ырас эле, антип айтууга акым жок экенин өзүм да мойнума алдым. Башкалар билбесе да, аларды түк салыштырууга болбосун мен билишим керек эле… Ошондон кийин экөөнү салыштырганымды такыр койдум.

Диссертация жазылып жатты… Бир күнү кудай жалгап Букеш кызым экөөбүз уктай электе келип калыптыр. Кантсе да эне эмеспи, түтпөдү окшойт, жалынып-жалбарып Алымканды ала койду эле, кызым «Ата!» деп бакырып мени көздөй качып жөнөсө болобу. Ала койсом, мойнуман бекем кучактап, энеси жакты карагысы келбейт.

— Кызым… Коркпо алдыңа кетейин. Бул биздин апабыз эмеспи. Кана, апаңа барчы… Апабыз-аяй — деп алдап-сооласам да бышактап ыйлап барбай койду.

Чоочун немеге берип койбосун деп корктубу, айтор кызым мойнумду коё бербей кучактап, алдымда отурган бойдон уктап калды.

— Нурлан! Мен он күнгө Москвага баратам! — деп шыбырады Букеш кызымды ойготуп алуудан чочулап.

— Ии…

— Эмне үчүн? — деп сурабайсыңбы?

— Сурап эмне кылам, дагы бир илимий командировкадыр да… — дедим мен жөн гана.

— Азамат… кичине эле жаңылганың болбосо, негизинен туура таптың,— деп мактады Букеш. — Илимий командировка эмес, конференцияга баратам.

— Ал экөөнүн айырмасы кайсы?

— Айырмасы ошо, конференцияга жол каржыны өз жаныбыздан төлөп барат экенбиз.

— Ыя?..

Муну укканда менин өңүмдүн канте түшкөнүн көз алдыңарга элестетип жаткан чыгарсыздар.

Букеш да аны баамдай коюптур.

— Нурлан, баланы ордуна жаткырчы бай болгур,— деп кызымды жаткырууга жардамдашып, кайрадан маңдай-тескей олтурганыбызда гана сөзүн улады.

— Бул конференция менин илимий эмгегим үчүн өтө маанилүү экенин түшүнсөң. Мындай учур экинчи болбошу ыктымал. Анткени, аерге бүткүл Советтер Союзунун жаш окумуштуулары чогулушат. Сен феодал эмессиң да, Нурланчик. Ошондойбу?

Букештин минтип жатканынын да себеби бар. Анткени баягыда аялына али да феодалча мамиле кылган учурубуздун бир эркеги жөнүндө фельетон жазган элем. Ал гезитке чыгары менен Букеш мени жан-алы калбай мактап, ал турсун иштеген жерине ээрчитип барып биздин үй-бүлөлүк жакындыгыбыз тууралуу ооз ачып койбостон, кесиптештерине «кечээги фельетондун автору ушул» — деп тааныштырып чыккан. Ошондон бери ооз ачып келатсам эле «сен феодал эмессиң» — деп сүйлөтпөй коёт.

— Эми эмне кыл дейсиң?

— Мына, мунуң башка кеп, эми өзүңө окшодуң… Эртең кызматыңа барып үч айлык акыңды алдын-ала сурагын. Анан, кийинки кезде басылган үч аңгемең үчүн эчтеке ала элекпиз… Ошону түгөлдө. Дагы, көңүлү жакын редакторлоруң менен сүйлөшүп, кийин жазып бере турган эки аңгемеңе бирдеме өндүрүүгө аракеттенгин.

— Букеш, азыр менин башымда…

— Азыр жок болгону менен кийин түшөт башыңа ар кандай окуялар! — деп Букеш сөзүмдү жулуп кетти. — Отуруп алып ошолорду жаза бер… Деги мен келгиче тынбай жазгын. Келгенден кийин деле акча керек болот… Али диссертацияны бүтүрө элекпиз… Анан, эртең түнкү рейске самолетко эки билет ала кел… Бирөөнү Сагындыков Ашырбек дегенге. Мына паспорту. Ал дагы мени менен чогуу барат. Бирге иштейбиз, акчасын тиякка барганда берем деген.

— Букеш, кызым экөөбүз…

— «Элдүү түлкү ачка өлбөйт» деген. Кызың экөөң канткен менен үйдө калып жатпайсыңарбы… Эптеп бир арга табаарсыңар. Баса, унутуп кала жаздаган турбаймынбы… Мына бул схемаларды шашылыш түрдө фото-сүрөткө тарттырып, ар биринен үчтөн нуска бастырып кел. Мунун конференцияда жасай турган докладыма кереги тиет. Анчалык көп эмес, сексен эле схема… Сүрөт: туурасы – 18, узуну – 24 сантиметрлик фотокагазга басылсын. Эми кызың экөөң жакшы түш көрүп жата бергиле, мен жолго камынайын! — деп Букеш кабинетине чыгып кетти.

— Эртеси Букештин тапшырмаларын колдон келишинче аткарып, өзүнө тургай Ашырбегине кошо билет алып, анан сүрөтүн чыгартып келип жөнөтүп койдум.

— Э-эй! Диссертация жазылганча мындайдын далайы өтпөдүбү баштан. Букеш илимин коргогон күнкү окуяны дегеле айта көрбөгүлө. Аны кийин, өзүнчө жазып бербесем, бул жолку аңгемемдин көлөмүн ыксыз олчойтуп жибергени турат. Кыскасы, Букеш илимдин кандидаты болгон. Ал турсун ара-чолодо жүрүп, кызымды инилүү кылып койду эле, азыр Алымкан экөөбүз ошону менен алекпиз.

Уулум апасы менен анчалык иши жок болуп, кызыма караганда дурус чыкты. Букеш баягы таякеси алып келген кагаз бекер ысырап болбосун деди көрүнөт, шымаланып докторлук диссертациясын жазууга киришкен. Не бар, не жок, балким мунусуна да кереги тийип калып жүрбөсүн деп, балдар уктаган кезде кайгылуу аңгемелерди жазып коюп мен жүрөм… Жазган Трагедияларына караганда улуу Шекспирдин жубайы эң эле жок дегенде академик болсо керек…