САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: АЖЫРАШУУ

АҢГЕМЕ

Бирөө аябай көкүтсө керек, менден көңүлү сууп, ак кар-көк музга айланып алгансып, күндөрдүн биринде эле Букешимдин сиркеси суу көтөрбөй зиркилдеп калыптыр.

— Жетишет! — деди ал чырайлуу жүзүн мисирейтип. — Мындан ары чыдай албаймын! Тойдум ушундай тириликтен! Он гүлүмдөн бир гүлүм ачыла элек жатып солуй турган болду. Сага кор болгон кайран гана өмүрүм. Кайран гана…

«Э-эй, укмушуң кургурдуку! Мурда биздин үйгө баш бага элек мындай чоочун сөздөр каяктан келип калды экен? Букештин минтмей адаты жок эле го? Кой, байбичемдин тамырын тартып, бул сөздөрдүн төркүнүн билейин» — деген ойдо:

— Букеш, таң атпай наалып калыпсың, менден эмне жамандык көрдүң? — деп сурап койдум.

— Эр деп этегиңди кармаганы эмне жакшылык көрдүм? Же, айлап-жылдап үйүңдүн төрт дубалын кайтартып койгонуң жакшылыгыңбы? Кап-кап акча таап, дүйнө-мүлктү басып коюп, мени шаан-шөкөткө марытып, апта сайын айылга алпарып төркүлөтүп келип жүргөн немедей көңүлүң ток сүйлөйсүң да! Башка жыргалыңды айтпай эле коёюн, театрга барбаганыбызга канча болду, ыя?

— Тириликтин жагдайына карайбыз да, байбиче,— дедим аны бир аз жоошуткум келип. — Апта сайын деп айта албайм. Шарты келгенде барып эле турабыз го, айлыңа. Театрга деле ошондой. Акыры, сени үйгө отургузуп коюп, өзүм ойноп жүргөн жерим жок ко…

— Ооба, ошенткениң эле жетпей атты эле. Мен акмак сенин көңүлүңө карап, алыс-жакын менен катышпай, элден-журттан да чыгып кала турган болдум. Качан болбосун үңкүйүп үстөлүңдү кучактап отурганың-отурган. Же бир жарытылуу бирдеме жазган неме болсоң экен…

— Букеш! Жарытабы, жарытпайбы бул менин көңүл кушум. Мындан пайда көрөйүн деп жазып жаткан жерим жок. Анча-мынча жарык көргөндөрүнүн тырмак акысын алып деле жатабыз го, кудай жалгагыр. Сен наалыгандай, турмуш-тирилигибиз деле эч кимдикинен кем эмес. Жалаң жазгандан тийгенден «Волгага» да жеттик ко… Гарнитур, телевизор, килем-силем дегендерден да куру эмеспиз. Кийим-кечеден деле өксүгөн жериң жок, баарын чогулта келсе, чаканыраак дүкөндүн дүйнөсүнөн ашып түшсө ашып түшөт, бирок кемибейт. Дагы сага эмне керек?

— И-ий, күлкүмдү келтирбечи, менин чопкуттарымды сөз кылып! Менин даражамдагылардын эң эле байкушумун, билгиң келсе! Көчөдөн учураган тааныштардын баарысы тамшанып гана турушчу эле кыз кезимде, менин кийингенимди көрүшкөндө. Эмичи? Бериси, үч жыл кием бир пальтону. Институтта окуп жүргөнүбүздө эч ким карабаган Разия деген бир кеңкейген кыз бар эле, күйөөдөн бакыт айтып койгон экен, мына азыр: кызматка машине менен гана барып келет, күндө жаңыны кийип, өзү да жыргап, тууган-туушкандарын да жыргатып, каерге барбасын сый-урматтын үстүндө. Көйнөктүн өзүнөн 500, норка ичик, сүлөөсүн ичик, жылуу пальто, жеңил пальто, иран кофта, япон жоолуктарына эсеп жетпейт экен. Башкасын айтпай эле коёюн, ар бир салаасына бирден «Волга» салынып жүрөт дейт. А сен, шалдырканы чыккан эски «Волгаңа» «мачинебиш бай» деп манчыркап каласың!

— О, баары сен айткандай болсо, биздин аларга теңелишибиз кыйыныраак экен.

— Кыйыныраак эмей эле өмүр бою теңеле албайбыз. Анын күйөөсү сага окшогон тар неме эмес.

— Мен тармынбы?

— Анан кеңсиңби? Катындардын ишине аралашкан эркекти «кенен» деп коёбу силер жакта?

— Мен сенин эмнеңе аралаштым?

— Баарына. Баягыда, азыркы ургаачылардын баары жасаган иш, тырмагымды кызартып, оозуму боёп алсам кыйлага чейин кыр көрсөтүп коркутуп жүргөнүң жалганбы? «Бирге иштеген келиндердин баары чачын кырктырып алышты, мен деле ошентейин» десем, кыжыйып болбой койгон ким эле? Дем алыш, майрам-сайрамда эл катары оозума бирдеке алсам, балээге калганым, кабагыңа кар жаайт да турат. Ушуларды кенендигиңен жасап жүрөсүңбү?

— Анын баарынын өзүнчө себеби бар. Сен эл катары ичкениң менен, элге окшоп көтөрө албасаң, айтпаганда кантем? Мас болгон сайын үйгө жолобой ар кайсы бактын түбүндө жатып калсаң, же эки-үч күн жоголуп кетип араң табылсаң, канчалык «кенен» болсом да эркек эмесминби, «кичине тарта ич» деп айтса айткандырмын.

— Качанкы бир өткөн ишти бетиме чүркоо кылганга жанталашпай эле кой. Бактын түбүндө жатып калсам, келиндер менен кичине үлпөт куруп, сенин көзүңө кызуу көрүнгөндөн айбыкканыман ошенткенмин. Эки-үч күнгө жоголуп кетсем, теңтуштук карызымды аткарып кыз жеткизип баргам. Ошондо, бир колхоздун байлыгын тутамдап турган бугалтир жигит «алып кетейин» деп жакшы эле кыйылды эле, ошону ээрчип кете бербей сага кайра келген мен акмакмын…

Баш кошкону, «сен-мен дешип сексее караша» элек болчубуз, эми экөөбүздүн тең тилибиз буудай кууруп, унутулуп бараткан ич күптүлүктөр кайра жаңырып, айтылбай жүргөн айыптар чукулуп, таза балээ болду. Ачуу үстүндө чындап эле көңүл калаарлык сөздөр да айтылып кетти. Менден мындай сөздөр чыкпайт деп ойлосо керек, баш теримди байкаганда, Букеш ого бетер көгөрүп алды. Ортобузда «дүрт» дей түшкөн өрттү өчүрүүгө экөөбүз тең далалат кылбай, тим койдук.

— Сен деп жүрүп, жакын туугандарыман алыстадым. Бейшебүбү, Кенжекан, Базараалылар менен катышпай калганыма канча болду! — деп буркан-шаркан түштү.

— Букеш! Катышсаң өзүң катыша бер, бирок мени аларга жалгаштырып ием деген ой, үч уктасаң түшүңө кирбесин! — деп мен да тажаалданып алдым. — Кызыл тумшук Базараалыңа кайнасам каным кошулбайт! Андай аракеч менен катышкан мындай турсун, бир талаада отургандан жийиркенемин. Бейшебүбүңдү жоош, момун түзүк неме деп жүрчү элем, бирок ичи арамдыкка жык толгон анык жүзү каранын өзү ошол экенине кийин көзүм жетти. Эки адамды эриктирбей эбиреп-жебирегеп бузуку Кенжеканыңдын элге-журтка кантип батып жүргөнүн билбейм, тиги дүйнөгө барганда тозоктун да тос-тополоңун чыгарып, азреилдин өзүн, алыс-жакынга бөлүп-жара турган немени, куттуу үйүмдүн босогосуна жакын жолотпойм!

— Ооба, элдин баары эле жаман, сен өзүң жалгыз жакшы болуп жаралып калган турбайсыңбы бул дүйнөгө…

— Мен өзүмдү элдин жакшысымын деп аткан жерим жок, бирок жанагыларың жакшы адамдардын катарына кирсе, мен өзүмдү алардан көрө айбандардын катарына кошконду артык көрөм!

— Андай болсо, мен алар менен кол үзүшүп, сени менен жашай албайт экенмин.

— Ошондойбу?

— Ошондой.

— Ажырашабызбы?

— Ажырашабыз.

— Кийин, экөөбүз тең өкүнүп калып жүрбөйлү?

— Өкүнүчтөн өлбөйбүз.

— Биздин сүйүүбүзчү?

— Күлкүмдү келтирбе, жок нерсени айтып.

— Сот аркылуу ажырашабызбы?

— Албетте! Эркектик кылсаң арызды сен бер, болбосо өзүм берем.

— Кызыбызды кантебиз?

— Сен кандай десең, ошондой болот. Алып кетем десең талашпайм, таштап кетсең алып кет дебейм.

— Бул сөзүңө караганда үйдөн мен чыгып кетемин го?

— Эмне, талашайын дейсиңби? Коркпо сотто ажыраштыргандан кийин, бир комната бөлдүрүп берем же мени «чыгып кет» дегиң барбы?

— Жо, андай ойдон алысмын. Сыртта суук, жаңы квартира таап, күн жылыганча мурдагыбыздай эле тура турсак болбойбу?

— Болбойт. Сени менен ажыраштым деп эле бул дүйнөдөн так өтмөк белем. Эми мен башы бош аялмын, өзүмө жараша курбу-курдаш, тели-теңтуштарым келет дегендей…

Аңгыча эшиктин коңгуроосу зыңгыр дей түштү. Букеш эшикти ачты эле:

— Кандай, бүтүштүңөрбү? — деп жанагы мени таңгалтырып, биздин үйгө башбага элек чоочун сөздөрдүн төркүндөрү, дабыр-дабыр болуп кирип келишти.

— Үйдү ала алдыңбы?

— Ооба.

— Эмеректердичи?

— Аны сүйлөшө электе силер келип калбадыңарбы! — деди Букеш эмнегедир ыңгайсызданып, акырын сүйлөп.

— Анда сүйлөшкүлө, биз күтө турабыз,— деди Бейшебүбү, дакысы калган кара шубасын чечип жатып.

— Машиненин да башын ачып алгыла! — деди Базараалысы, борбойгон кыпкызыл мурдунун учун кармалап.

— Машинени өзү минбейби, өз акчасына алган,— деп Букеш беркилердин айтканына жакшы түшүнө бербеди эле, Кенжекан туурадан чыкты.

— Өз акчасына алса, анда сенин да акың бар. Жок дегенде жарым акчасын төлөп бер де. Ачуубуз келсе аны деле баш аягы менен алдырып беребиз, баягы Жумакадыр, сотто, жардамдашам деди.

— Койгулачы, деги силер эмне болуп калгансыңар? — деди Букеш ыйлап жибере жаздап. — Менин ишиме кийлигишпегиле дебедим беле…

— Эмне үчүн кийлигишпейбиз? Кийлигишебиз эле, сен биздин бөлөк-бөтөнүбүз эмессиң,— деп туугандары туш-туштан жаалап ийишти эле, Букеш унчукпай калды.

— Букеш! — дедим мен. — Бул үйдөн мага эчтекенин кереги жок, кааласаң машинаны деле ал.

— Анда, ошентип кагазга жазып кет! — деди Кенжекан.

Мен анын сөзүнө көңүл да буруп койбостон, Букештин көзүнө тике карап:

— Бул үйдөн силердей адамдарды эске ала турган эчтеке албайбыз, мына машинанын ачкычы! — деп ачкычтарды столго коюп, болгон кийим-кечебизди бир чемоданга салып, кызымды жетелеп сыртка жөнөдүм.

— Кош!

Биз чыгып баратканда Букеш бетин басып улуп-уңшуп ыйлап ийди эле, төркүндөрү жанталашып, өпкө-жүрөгүн көтөрө чаап:

— Сабыр кыл. Алтын башың аман болсо, андай кызды дагы төрөп алаарсың. Андан көрө, жанагы желмогуздан кутулганыңа тооба кыл! — дешип соорото башташты.

Сыртта лапылдап кар жаап жатыптыр. Кызым бышылдап ыйлап алган. Аны кой дешке чама жок, алкымыма кептелген муштумдай болгон ызалыкты өзүм араң-араң кармап келатам, ооз ачсам эле чыга качканы турат. Кардын жаап турганы да абийир болуптур, көчөдөн учурагандар, жылуу денеге тийген кар эрип, төмөн куюлуп аткан экен деп, сууланган бетти анча этибарга алышкан жок. Кар жаап жатты. Чычкандай болгон кызым экөөбүз жетелешип, чоң көчөгө түшүп алып башпаанек издеп бараттык…

*     *     *

Жылмаюудан төрөлүп, күлкүдөн куралган биздин тирилик, акыр аягы ушинтип бүтөрү кимдин оюна келиптир. Албетте, кызым экөөбүз талаада калган жокпуз дегилечи, менин да өзүмө жараша теңтуштарым бар экен, эртеси эле ысык суусу ичинде эки бөлмөлүү квартира таап, ар кимиси бирден-экиден көтөрүп келип олтуруп, мурдагыдан кем эмес, эмерек-семерек курап беришкен. Көпчүлүгү, күнү куру эмес, алыбыздан кабар алып, ал турсун, асылкеч курбуларыман кир-когумду жуудуруп бергенге шылтоолоп, өзүлөрү окуткан студенткаларынан ээрчитип келип:

— Мына бул тал чыбыктай буралган чүрөктөрдү байкап көрчү, дос! Купулуңа толгону болсо айт, тобокел, алып кала беребиз,— дегендери да болбой койгон жок.

Бирок мен анте ала турган эмесмин. Башкалар кантишээрин билбейм, мага чейрек кылымга жакын, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, турмуштун аркыл даамын чогуу татышкан жан бирге адамым менен, минтип, аз эле убакыттын ичинде жат болуп кетиш, оор тийгенин моюнга алууга аргасызмын. Эчтеке дебесе да утур-утур улутунуп, энесин эстеп кызымдын муңайганы кыйнап ийди жанымды.

Арадан күндөр өттү. «Арызды мынча кечиктирди? Дагы эле үмүтүн үзбөй жүргөн го, шордуу!» — деген сөз чыгып кетпесин деп, арыз жүгүрткөнү эл сотуна бардым. Мурда «өлүп көрбөгөн» жаным ажырашуунун аки-чүкүсүнөн такыр кабарым жок турбайбы, а да бир топ машакат болот экен.

— Он үчүнчү кабинеттеги юрист-кеңешчиге кирсеңиз, баарын түшүндүрүп берет,— деди менин турпатыма көз жүгүртүп чыккан кыз, соттун секретары.

— Руксат бекен?

Терезенин оропарасындагы столдо бирдеке жазып отурган тегерек көз айнекчен ургаачы башын жогору көтөргөндө, бири бирибизди жазбай тааныдык.

— Ап-пей! Нурлансыңбы?

— Чамасы ошондой го, руксатпы?

— Албетте, кир-кире бер! — деди Айгүл жайдарылана колун сунуп. — Мени кантип таап алдың?

— Атайы издеген киши таппай коймок беле?

— Эмне? Ха… Ха… Ха… Сен мени издедиңби? Күлкүмдү келтирбечи.

— Өзүң күлкүчү болсоң, күлө бересиң да… Издебесем, азыр маңдайыңда отурбайт элем го…

— Ушу сен маа күйөөлөп келгенден соосуңбу? — деди Айгүл оюн-чыны аралаш.

— Эмне, антүүгө картайып калдың дегиң келип турабы?

— Тескерисинче. Телевизордон көргөн сайын, «өңгө карыса да, ушу карыбас болду! — деп ичим күйүп калат. Жазгандарыңды үзбөй окуп жүрөм. Ишиңдеги ийгиликтериңен да кабардармын. Сен эми элге таанымал адам болбодуңбу…

— Өзгөчө, кийинки жумада, элдин баары таанып калды деп жүрүшөт.

— Кийинки жумада эмне болду?

Айгүл экөөбүз, илгери, жаш чагыбызда жакшы теңтуштардан элек. Мединститутта эки жыл чогуу окуганбыз.

Экөөбүз ашыктардын ролун ойногонбуз, драмкружокко катышып жүргөнүбүздө. Анан, а да мен сыяктуу, шыгына шылтоолоп башка окууга которулуп кеткен. Кийин ар кимибиз өз алдыбызча үйлүү-жайлуу болгондо, аралыгыбыз алыстап отуруп мамиле үзүлүп, көрүшпөгөнүбүзгө да көп болуп калган. Эми минтип… «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» дегендей, Айгүлгө баарын айтууга туура келди.

— Жаман болгон экен,— деди Айгүл менин таржымалымды кунт коюп угуп отуруп. — «Келинчеги акыл-эстүү, түзүк неме» деп уктум эле, өзүңдөн кетип жүрбөсүн?

— Андай болушу да ыктымал. Пендечилик… Мүдүрүлбөйм деп айтыш да кыйын… Иши кылып эми биздин отубуз күйүшпөй калды. Сот аркылуу ажырашууга арыз жүгүрткөнү келдим эле.

— Кийин, айнып калбайсыңарбы?

— Айныбасак керек… Мен айныган күндө да Букеш айныбайт ко… Андай өңдүү-түстүү немени тургузабы, илип кетет эми эле…

— Башыңды жерге салба, сен деле жерде калбайсың.

— А мени койчу, менин кимге керегим бар дейсиң?

— Эмне, мени эсепке кошкуң келбейби? — деп Айгүл олуттуу сөздү кайра тамашага айлантып ийди. Аргасыздан, мен да кошулумуш болдум.

*     *     *

Арыз таштагандан эки апта өткөндө соттон чакыруу келиптир. Айтылган маалында жетип келсем, Букеш таежеси Кенжекан экөө иши түшкөндөр чогулчу жерде отурушуптур. Алардан башка да бир топ киши бар экен. Мен кирип келгенде Букеш ордунан ыргып турду. Иреңи кер сары, жүзү мостоё түшүптүр. Көздөрү да мурдагыдай нур чачпайт. «Бирдеме дебейсиңби?» — дегенсип үмүткөр караганынан, а да мага окшоп санаа тартса керек деп ойлодум. Жанына барып, «кандайсың?» — деп чачынан сылагым келди, ошентсем эле кайра жарашып калганы турабыз, бирок антүүгө мени эки көзү менен тытыратып атып отурган таежесинен батына алган жокмуы.

Баш ийкемиш болуп жанынан өтүп барып залдын бир бурчундагы бош орунга отурдум. Букеш да отурду. Эки көзү өтүгүнүн тумшугунда, бирдекелерди айтып жебиреп жаткан таежеси тарапты карап да койгон жок. Аңгыча, ичкериден, колуна бир тутам кагаз кармаган Айгүл чыга калып туура мени көздөй басты.

— Ой, келдиңби, Нурланчик? — деп эмнегедир экилене учурашып, эки бетимден «чоп-чоп» дегизе өөп алды. Бул эмнеси? Мурда минтмейибиз жок эмес беле? Деги ургаачы аттуунун жорук-жосунуна түшүнүп болбойт экен го деп, эмне кылаарымды билбей, карбаластап калдым.

— Эртерээк келгениң жакшы болуптур,— деди Айгүл эми ишкердүү сөзгө өтүп,— азыр председатель менен сүйлөшүп чыктым. Аки-чүкүсү жок, алеки саатта ажыраштырып коём деди.

— Рахмат, Айгүл.

— Биз болсо кечээ эле бүтүшүп алганбыз.

— Эмнени бүтүшүп жүрөсүңөр?

— Ажырашпайбызбы…

— Ким менен?

— Күйөөм экөөбүз.

— Эмнеге?

— Эмнеге дегениң кандай? Экөөбүз сүйлөшпөдүк беле… Же бат эле унутуп калдыңбы?

— Эмне деп сүйлөштүк эле, Айгүл?

— Силер ажырашкандын эртеси, экөөбүз никелешкени барабыз деп…

— Эми сени колуман чыгарбай калайын,— деди Айгүл жакама жабышкан пыр-сырды тазалап. — Жанагы колунак коко тыйын иш келбеген менин «эр сөрөйүмөн» куткарганың үчүн мен да сенин кирпигиңе кир жугузбайм, баатыр. Катындардын тирилигине аралашкан, көр жемечи, жеткен майда неме эле. Театр дегенге айда-жылда сүйрөп атып араң алпарчумун, тобо! «Айылга баралы» десем эле итатайы кармап калчу, сен андайлардан эмессиң да, Нурланчик?

— Айгүл ал…

— Айгүл, мен…

— Жо, жо… Жаманмын деген сөзүңдү уккум да келбейт. Эркектин баары эле сендей болуп алса кана… Өзүң жазган аңгемелериңдегидей эле болсоң жетишет, мага башка эчтекеңдин кереги жок. Эми мындай кыл, жанагы жаман катыныңдан майда-чүйдө талашам деп баркыңды кетирбе. Кечээ менин «күйөө сөрөйүм», мага эчтекенин кереги жок, кичинекей уулубузду берсе, үй-жай, машине-сашине бардыгын аялыма калтырам! — деп чыга бербедиби кудай жалгап. Ага караганда сен аттуу-баштуу эркек эмессиңби… Сен дагы кызыңдан башка эчтеке сураба. Менде баары бар. Алганыбызга бир ай боло элек «ГАЗ-24», майы сүртүлбөгөн бойдон турат. Иши кылып, ушунча жылдан бери менин жыйнап тергеним, сенин кызың менен менин уулум төртөөбүздүн өмүрүбүздүн акырына чейин момундай жетет! — деп Айгүл сөөмөйүн кекиртегинин тушунан алып өттү. — Макул десең, дагы бирди төрөп берем…

«Таза мени кудай уруп салган го… Өгүнү бир аз тамашаламыш болдум эле, ошондо ит болгон окшойм»,— деп ыңгайсызданып эки жагымды карансам, элдин баары биздин сөзгө кулак төшөп отурушкандай сыяктанды. Букештин иреңинде кан сөлү жок, бопбоз чүпүрөк болуп калыптыр.

— Эми, эң негизги маселе,— деди Айгүл жумшак алакандары менен жаагымдан сылагылап,— жакынкы күндөрдө кызыңды мага жаздырып алалы… Жерге кирсин, керек десе алиментин деле төлөп берип турабыз, бирок кызды өзүбүзгө жаздырып алышыбыз керек…

Муну укканда Букештин жаны чыгып кете жаздап, ордунан ыргып турду.

— Эмне? Кимди өзүңөргө жаздырып алганы атасыңар?

Айгүл Букеш тарапка жалт бурулуп, о, бир оокумга дейре тегерек көз айнегинин үстүнөн, теңсинбей карап турду да:

— Гражданка! Сизге эч ким сүйлөгөн жок, кыпчылбаңыз! — деп кайра мага бурулду.

— Эмне үчүн кыпчылбайт экем, кыпчылам эле!

Айгүл кайра кайрылды.

— Гражданка! Ордуңузга барып отуруңуз. Кезегиңиз келгенде чакырышат. Башка бирөөлөрдүн сөзүнө аралашпаңыз.

— Аралашам эле, эмнеге аралашпайт экенмин!

— Кечирип кой, Нурланчик? — деди Айгүл күтүлбөгөн жерден мага кайрылып. — Бизге келгендердин көпчүлүгү ушундай, нерви бош, этикадан түшүнүгү жок немелер болушат. Жүрчү, менин кабинетиме кирип, ээн-эркин сүйлөшүп алалы.

Айгүл мени колдон алып өзүнүн кабинети тарапка жетелеп жөнөдү.

— Каякка?

— Мындай болуңуз!

— Нурлан! — деди Букеш чый-пыйы чыгып,— сен эмне үлдүрөп мына бул катындын көзүн карап калгансың?

— Букеш мен…

— Сен куруп кал, коё бер колун! — деп Букеш Айгүлдүн колун кагып ийди. — Муну көр! Биерде кызмат кылбай эле, кимдин эри бошоор экен деп аңдып жүргөн неме турбайбы!

— Гражданка! Оозуңузга карап сүйлөңүз! Нурланда кандай акыңыз бар?

— Акым ошо. Азырынча бул менин эрим.

— Эриңиз болсо эмне экен, бүгүн ажырашсаңар, эртең меники болот. Туурабы, Нурлан?

— Болбойт! Кадырыңыз жан болсун, мен тирүү турсам, андай болбойт! Нурлан! Бас алдыга түшкүн!

— Каякка?

— Быякка арыз берип…

— Кийин келип «айнып калдык» деп айтып коёсуң…

— Ошентсе болор бекен?

— Бас дейм!..

— Айгүл, сен кечирип…

— «Кечийип кой» деп мунун илбериңкисин кантесиң бас!

— Букентай! Эмне кылып атасың? Эсиңди жый! — деп Кенжекан таежеси туурадан чыкты.

— Таеже! Силер менин ишиме кийлигишпегиле, жана ушинтип башкаларга да айтып коюңуз! Сен кылчактабай бас!

Букеш мени дугдуңдатып айдаган бойдон үйгө алып келди. Кызымдын сүйүнгөнүн айта көрбөгүлө. Анан… Анан баары кайра башынан башталды. «Кайра үйлөнүү» тоюбузга Айгүлдү күйөөсү менен чакырганбыз. А да сөз кадырын баалаган тамашөкөй неме экен. Айгүлдүн ошондогу атайылап жасаган амалына баарыбыз шарактап күлгөнүбүз, эмгиче эсимде.