САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ЖЫРГАП КЕЛДИК

АҢГЕМЕ

— Эрте келгениң ырас болбодубу,— деди келинчегим, босогодон тосуп чыгып. — Ме, ачкычтарды. Ылдамыраак гаражга барып машинени жүргүзүп кел.

— Эмне, Букентай, базарга барабызбы? — деп этияттана сурап койдум.

— Базарга эмес, айылга төркүндөрүмө барабыз! — деди Букеш, «эр болсоң бирдеме деп көрчү!» дегенсип жүзүмө тике карап.

— Айылга өткөн жумада эле…

— Анда таажеңемин табын сураганы барганбыз, бүгүн болсо, Ысагаалы байкемкине барабыз.

— Ошондой байкең бар беле?

— Анан жок беле? Кызыктай сүйлөй бересиң да!

— Мурда укпаганыман эле…

— Эми уксаң да кеч эмес. Арадан бар болгону алты-жети ата өткөн тууганыбыз болот,— деп Букеш түшүндүрө баштады. — Ошонун биз үйлөнгөн жылы төрөлгөн Тоту деген кызы жакында күйөөгө качкан экен, эртең кудалары алдыга түшкөнү келишет имиш. «Бир чети отко чакырганыбыз болсун, экинчи чети, сени аты чыгып калган неме эмеспи, Тотунун тоюна баш-көз болуп берсин», — деп чакыртып ийишиптир. Барбасак, элден-журттан чыгып калабыз. Өзүң деле элди көрүп, той жеп жыргап келесиң. Бол эми, батыраак машинаны жүргүзүп кел, үйгө бирөө жарымы келип кала электе жогололу. Алып барчуларды күн мурунтан даярдап койгом.

Букеш бир жакка жөнөгөнү калганда, кыйыктануу эч пайда бербесин эң сонун билгендиктен «кыңк» дебей айтканын аткарууга туура келди. Агасыныкына бардык. Ал түнү ошээрге кондук. Эртеси үрөң-бараңдан кайнагам мени ойготуп алып жүйөөлүү сөздөн баштады.

— Күйөө! Ушунча жылдан бери эшик-төрүмдү эми гана көрүп жатсаң да, «тигилерге» караганда өз киши эмессиңби… Бар, жогумду өзүңдөн башка кимге айтам?.. Бир керекке жарап бербесең болбойт.

— Айтыңыз, байке, айта бериңиз, колдон келээр иш болсо…

— «Күйөөнүн аты менен күл ташы»— деген илгеркилер, макул десең, сенин машинаң менен суу ташыйлы. Болбосо биздин айылда суу тартыш. Тээтиги Абдыракмандын айдоосунун ары жагындагы Сасык-Булактан ичип жүрөбүз сууну.

Мейли, азыр эле барып алып келе коёюн, куя турган идиш барбы? — дедим жан-дилим менен жардам бергим келип.

— Идиштен көп неме жок. Үч фляга, эки бочке бар. Аны менен бир эки жолу алып келгениң той болуп аткан үйдүн жумуруна жук болмок беле?.. Сууну керээли кечке ташыш керек. Бирок «Ысагаалы күйөөсүнө суу ташытып коюптур»,— деп элдин сөзүнө калам го… Андан көрө, ачкычыңды тиги Акматбек кайниңе бер, ошол ташысын.

— Ал машина айдачу беле?

— Анысын кайдан билдим? Жайды жайлата тиги Токтораалынын тракторун чукуламыш болуп жүргөн бирдеке билээр чунак бала. Билбесе бирар жарым саат ичинде үйрөнүп деле алат да. Өзүңө болсо биерден эле жумуш чыгат. Сен чарба жагын башкарып бер. Эмне кылыш керек экенин өзүм айтып турам.

Айла канча? Ачкычты Акматбек кайниме берип, алгач, кайнагамдын кой-эчкилерине чөп салып чыктым. Анан уюн сугарып келип алты самоор чай кайнатып, ошол айылдагылардын баласынан-карысына чейин, үч сыйра чайга тойгуздум. Шашке ченде короосун мисирейтип шыпырып, малканасын тазалап бүтө жаздап калганымда, бир автобуска шыкай басылган кудалар келип түшүп калышты. Алардын чал-кемпирлеринин гөлөштөрүн жууп-тазалап, колтуктап эшик-эликке чыгарып келип, коноктордун колдоруна суу куюп, дасторкон жайып, чай сунуш да толук бойдон менин мойнума жүктөлүп «жыргап» жүрөм… Түш оой эки тарап тең алагүү болуп алышканда Тотунун тоюнун эң кызык бөлүгү башталды.

— Кан кудам! —деп нускалуу сөз учугун улантты кайнагам. — Биздин эл-журт, тууган-уруктарыбыз менен таанышкандай эле болуп калдыңар… Мына бул касканактап турган калайык, кан куданын оозунан кандай сөз чыгаарын күтүп отурушат. Өзүңөрдүн жайыңар кандай, эмнеңер бар, эмнеңер жок экенин ачык эле айткыла. Же натуура айтып атамбы?..

Кайнагам кара күчкө кабагын бүркөп, өз туугандары тарапты карап шыпшынып койду.

— Жок, жок эң туура айтылды, ак сөз, ак сөз, бек куда! — деп кудасы анын сөзүн кубаттай кетти. — Биз дагы биерге дал ошол максат менен келип олтурабыз. Аз болсо да көптөй, жок болсо да бардай көрүп, колубузду уялтпай таап келгенибизди алып калгыла! Мына, эки миң сом акчалай. Кийит-сийитин кудагыйлар өзүлөрү тактап алышаар, анан дагы бир саан уй, үч козулуу койду эртең айдап келип берели.

Кудасы да «кыйратып салдымбы?» дегенсип, мойнун койкойтуп көтөрүлө түшкөнүн жашырбай өз туугандары тарапка карап калды.

— Кудайды карабайсыңбы, кан куда! — деди Ысагаалы кайнагам «сендейдин далайын майыштырган адаммын мен дагы» — дегенсип, акчаны колунун сырты менен кудасы тарапка жылдырып койду. — «Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот» деген. Кудай кошкон адамдын сөзүн айтпадың го, кан куда! Же институт бүткөн, жогорку билимдүү кыздын калыңын берип, бизди кемсинткени келген немелерсиңерби? Андай оюңар болсо, ачыгын айткыла! Минтип отурсак айнышып кетип жүрбөйлү…

Кудалар бирин-бири капталга укушуп бир саамга күбүр-шыбыр боло түшүп, дагы эле намысты колдон чыгаргысы келбеген «кан куда»:

— Мейли эми, жүйөөлүү айтылган сөзгө баш ийбеске аргабыз жок,— деп нарктуу сөзгө өттү. — Бирок биздин шартыбызга карасаңар дурус болот эле… Жанагы жаман баланы институтка окутам деп мен дагы кыйла чабылып калган адаммын. Ошентсе да, тууган адамдыкы бириники бирине өтө берет да. Силердин мүлк меники эле эмеспи. Эң акыркы дареметим дагы 500 сом акча, бир козу кошоюн.

Кайнагам кудасы тарапты карап да койгон жок.

— Биз жакта мындай калыңды! — деди кайнагам тескери караган калыбында, — 10-классты бүткөн кыздарга беришет. А менин кызым бар болгону 6 классты гана бүткөн. Өзүң эле айтчы, кан куда, силердин айылда орто мектепти бүтпөгөн кыз табылабы?

— Ал ырас, табылбайт! — деп кудасы моюнга алууга аргасыз болду.

— Анан эмне дейсиң? — Кайнагам жандана түштү. — Акыр сенин үй-бүлөңө: бийик така өтүк, кенен багалек шым кийген, оозу кызыл, тырмагы узун, чачы кыска: «шаардан үй алып, кесибиме ылайык кызмат таап бергиле!» — дей турган дипломдуу бүлө кошуп берип жаткан жерибиз жок ко. Биз сага, айлыңан алыс чыкпай, айдаган жагыңа кете бере турган, ата-эне тарбиясын көргөн, чала сабат кызыбызды берип отурабыз. Ошондуктан, көп эле катуулук кылбай, дагы кошо түш, кан куда!

Кайнагамдын айлындагылар «Дагы кичине кошо түш, кан куда!» — деп жаалашып жиберишти эле, кудаларга дагы бир «тайм-аут» алууга туура келди… О, бир оокумда гана мойну шылкыя түшкөн куданын каргылданган үнү чыкты.

— Болуптур. Бирок ушул акыркысы болсун. 200 сом акча, бир жетим улак, бир эски лесепед кошоюн. Мындан нары менден кесип алсаңар кан чыкпайт. Ырас, үйдө түктүүдөн жападан жалгыз чолок эшегим калды аны берген менен да албайсыңар! — деп ымандай сырын жашырбай айтып салды эле, эки тараптын тең эли:

— Ысагаалы, болду эми!

— Ушуга каниет кыл!

— Бар-береке дегиле!

— Мынчалык болчу эмес.

— Оомин! — дешип чуулдашып жиберишкенинен кан куда менен бек куда «бар-береке»! — дешип кол алышып, «оомин» деп бата кылууга аргасыз болушту.

*     *     *

Кудаларды узатып, өз туугандар үй-үйлөрүбүзгө тараганы атсак, Ысагаалы кайнагам:

— Акча, акча! Кагылайын калайык акча жок! — деп кокуйлап калбаспы. — Кудалардан алган акыркы 200 сомду мына бул эле чөнтөгүмө салгап болчумун, жок.

— Эмне дейт, кокуй алат күн!

— Ыбырсып эле жаныман кетпей калдың эле, сен алдың го! — деп кайнагам аялына ызырынды.

— Алсам эле колум сынсын, атасы, чөнтөгүңдү жакшылап кара! — деп аялы актанды.

— Анда ким алат? Мына, жок.

— Өзүңдүн таежең кымырып кетип жүрбөсүн?

— Оңолкан, оозуңа карап сүйлө! Өлбөгөн жерде калып жүрбөйүн!

— Тиги Колдоштун баласынын колу туткак деп жүрүшпөдү беле, ошол эле алды го.

— Ал тойго келген жок, бир жумадан бери милийсада жатат.

— Аа…

— А балким, Жаңыл алып жүрбөсүн?

— Эмне? О, өлүк-тиригиңди көрөйүн, Оңолкан, дагы мага асылдыңбы? Абийириңди айрандай төгүп салайынбы ушу жерден?

— Төкпө, айланайын жеңекебай, төкпө! Жаңылдым-жаздым, тообо кылдым. Байкоосуздан, оозуман чыгып кеткен турбайбы, кара басып… Экинчи сенин атыңды оозансам, макоо болоюн.

— А сенин оозуң эмне үчүн дайым эле менин атымды атайт? Башкаларды атаса кыйшайып калабы? Оозуң андай эле кара кылды как жарган калыс болсо, керээли кечке эзилишип эриңдин жанынан чыкпаган шаардык күйөөңөрдүн атын эмне атабайт?

— Оой, чатагыңарды койгула! Акчаны алган адам азыр биерде эмес, эң бериси көк базарда манту жеп отурат.

— Аны сен кайдан билдиң?

— Колунда 200 сому бар адам, базарга барбаганда, самандын кароолчусу Абдракмандыкына бармак беле?..

Кайнагам дарбазаны жаап, короодон эч кимди чыгарбай баарыбызга бир сыйрадан нан, куран карматып чыкты. Акча табылган жок. Баарынан да камыр жуурган дагарадагы тузга жанагинткенибиз жаман кордук болбодубу… Бирок баары бир акча табылбады. Биз ошентип жатканда кимдир бирөө милицияга кабар берип коюптур. Торпоктой болгон овчарка ит жетелеп келген милиционер жигит баарыбызды катар тизип тургузуп коюп, алгач кайнагамдын чөнтөгүн, анан бизди бир сыйра жыттатып чыкты. Ит алакандарымды жыттап, анан алдыңкы буттарын көкүрөгүмө коюп, ээгимден жалаганда да коркконуман козголбостон тура бердим. Көчөдө жүргөн мышыкты көргөндө көөнү азчу Букеш овчарка колунан жалап койгондо чалкасынан кетти. Жүрөгү түшүп энекелеп ыйлап жүргөн баладан көп неме жок. Кудай жалгап колу-башыбызды жалап-жуктаганы болбосо, ит кайнагаман башка эч кимибизге үргөн жок.

— Акчаңызга эч ким тийген эмес, чөнтөктөрүңүздү жакшылап караңыз! — деди милиционер жигит. — Кана, өзүм карайынчы…

Акча чын эле кайнагамын өзүнөн чыкты. Чөнтөгүнүн жыртыгынан кончуна түшүп кеткен экен.

Турдубек оңдоп бергенине араң эле бир ай болгон жапжаңы «Жигулибиздин» тумшугун бырбыйтып, куйругун чычайтып, белин кайкалатып, оң жактагы алдыңкы дөңгөлөгүн аксаңдатып айдаган бойдон, ит бизге үрбөгөнүнө курсант болуп, аман-эсен үйүбүзгө жетип алдык.