САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: АТ КОЮУ

АҢГЕМЕ

Башка убактарда ааламды сел каптаганы менен иши жок үргүлөп отурчу эшик кайтарган эткээл байбиче куду мен өтүп баратканда ойгонуп кетип, киргизбей койсо болобу…

— Күнүгө эле келип жүрчү эмес белем, сиз мени тааныйсыз го энекебай! — деп жалбарып ийдим. — Келинчегим ушерде жатат, бир дарегин билип эле кайра чыгам…

Байбиче бир оокумга дейре менден жийиркенгенсип «жаман көзү» менен карап турду да, анан оозун кере эстеп алып, эриндерин болор-болбос кыбыратып койду.

— Ыя, бирдеке дегендей болдуңузбу?

Ал дагы ошентти. Чамасы менин аты-жөнүмдү сурап жатат окшойт деген болжол менен эбиреп-жебиреп: атым, атамдын аты, улутум, билимим, соттоло электигимди айтканым мындай турсун, Букештин жети ата, тууган, урук, жек-жааттарын түгөл санап, жогор жактагы кошунабыз Мустафанын үчүнчү кудасынын бешинчи атасына жеткенимде, байбиче баягы калыбынан жазбай ак халатынын чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагазды сууруп чыгып колума карматты. Кагазды ачаар замат, ийрелеңдеген ариптеринен Букешимдин колун жазбай таанып окуганча шаштым.

«Атасы! — деп жазыптыр ал,— кантели, кыз болуп калды. Эми көп кайгырба, алтын башың аман турса, уул да болор. Биердеги тартип ушундай экен, бир жумага чейин кызыңды көрө албайсың. Андан көрө кызың чоңойгондо «башка ат таппай калгансып, ушуну кантип койдуңар?» — деп доомат кылбай турган түзүгүрөк ат таап кел. Сенин Букешиң».

Ошол эле күнү кечинде жамандык-жакшылыкты чогуу көрчү досторум: Мусабек, Жолчубек, Имангазы, Жуманаалыларды үйгө чакырып:

— Достор, аяшыңар кыз төрөп берди! — деп кубанчымды ортого салдым. — Эми, жарык дүйнөгө жаңыдан келген «жамаш кызыңарга, бир жакшыраак ат коюп беришээр бекен деп өзүңөрдү чогултуп отурам…

— Түзүк иш кылган экенсиң,— деп Жуманаалы сөз тизгинин колуна алды. — Анда достор, азыр элде көп кайталанбаган, мааниси терең, уккан кулакка жагымдуу, назик десең назик, заманбап десең заманбап аттарды издештирели…

— Туура, туура.

— Кыздын аты нукура кыргызча болсун.

— Кыргызча болбогондо, кытайча болсун деген киши барбы биерде. Атасы Нурлан, энеси Букеш болсо, кызына Матильда деген ат коймок белек?

— Ошону айтсаң, кыргызда деле эң сонун аттар толуп атпайбы… Мисалы, замандын жагдайына жараша, уккулуктуу, назик: Салтанат деген ысымды наристеге ыйгарсак жаман болбо-ос эле…

— Мен каршымын! — Мусабек туурадан чыкты.

— Неге?

— Кийин универмагдын атын коюпсуңар деп кыздын балээсине калабыз… Азыр ар бир райондо «Салтанат» деген универмаг бар…

— Аның да туура, анда Айнур…

— Бу да болбойт, бир фабрика, эки автовокзал, алты наавайкананын аты «Айнур».

— Эй, автовокзал менен наавайкананын «Айнурга» кандай тиешеси бар?

— Аны мен кайдан билдим, андан көрө — Назгүл…

— Жо, болбойт!.. Микрорайондо «Назгүл» деген пивокана бар.

— Кайран гана ат, ысырап болгон экен, а балким — Ак Бермет…

— Шаардагы көмүр склады, машинелерди техникалык жактан тейлөөчү станция, көк базардагы ашкананын аты «Ак Бермет».

— Айчүрөкчү?

— Эки универмаг, үч оорукана, бир стадион, төрт автобазанын аты «Айчүрөк».

— Таза балакет баскан турбайбы…

Ошентип, бешөөбүз таң агарып атканча талашып-тартышсак да менин кызыма ылайыктуу ат таба албадык. Купулга толоорлук аттын баарын ресторан, почта, мантуукана, чачтарачкана, майда-чуйда темир-тезек саткан дүкөн, үй башкармасы өңдүү мекемелер ээлеп, бадырайта жазып маңдайларына илип алышыптыр. Азыр өзүнө кандай ат коюлаарын күтүп, төрөт үйүндө жаткан менин ымыркай кызыма, элде сейрек учурап, ишканалар талашпай турган, уккулуктуу десең уккулуктуу: «КурулушкөмүртехмонтажэлектроАлымкан» — деген ат коюуну туура таптык.