САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ТООДОЙ ЖӨЛӨК

АҢГЕМЕ

Эжем Ырысбүбүгө арнаймын.

РайОНОнун башчысы «Алмалуудагы» орто мектепке бара тургандыгымды, азыр аерде баары такталып, жалгыз гана тил-адабият мугалими жетишпей жатканын айтты. Жок дебедим. «Алмалууга» жөнөдүм.

Директордун кабинетинде үч-төрт мугалим отурушуптур… Алар менен тааныштырып келип:

— Бу киши — биздин мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Сатар аке деген болот,— деп директор башын жаңсай жанындагы жашы кырктардан бир аз ары карай ооп калган ак куба кишини көргөздү. — Кем-кемчилиңизди ушу агайыңызга айтып турасыз…

— Куп болот…

— Дурус, дурус… Таанышып болсо деги алдык,— деп сөзүн улады директор,— «Кары келсе ашка, жаш келсе ишке» дегендей, жашыңызга карап, түз эле ишке өтсөк кантет?

— Өтсө өтөлү…

— Окуу башталарына аз эле күн калбадыбы… Кийин, алагды болуп кызматка залакасын тийгизбесин десеңиз, үй-бүлөңүздү сентябрга чейин көчүрүп келип алыңыз… Минткениңиз өзүңүзгө да жакшы, бизге да тынч. Мектебибизди болсо көрүп турасыз, жаңы эле кирдик. Окуу куралдары, керектүү шарттары толук болбосо да көпчүлүгү бар. Эми кемтиги болсо, силер — жаштар толтурасыңар да… Туура айтып атамбы?

— Туура, туура! Биротоло көчүп келип алганга не жетсин! — деп беркилер да кубаттай кетишти…

— Каршылыгым жок! — Өзүм да макул болдум…

— Жакшы, абдан жакшы,— деди директор эми санаасы тынгандай. — Айып көрбөсөңүз, эмеректериңиздин канча экенин айтып коёр бекенсиз?..

— Эмне дедиңиз? |

— Бир жүк ташуучу машине менен көчүп келе аласызбы деп атам?

— Ха… ха… мени биротоло көчүп келген экен деп койсоңуздар боло берет! — деп биерге келгенде өзүм көтөрө кирген жалгыз чемоданымды көргөздүм. — Машинанын кереги жок. Бар болгон мүлкүм — ушул!

— Кандайча, үй-бүлөңүз жокпу?

— Ата-энем айылда, анан өзүм азырынча бойдокмун…

— Аа… Ошондой деңиз… Айтам да, бизге «балалуу-чакалуу неме келет» дешти эле, бул жигит жапжаш бойдон экен деп.

— Ошондой болмок,— дедим мен анын сөзүн ырастап. — Мурда сиздерге чектелген мугалим, фамилиясы меникиндей, балалуу-чакалуу неме болчу. Тиричилигине карап өз учурунда окуй албай калган экен, университетти чогуу бүткөнбүз. Дипломду алгандан кийин өз айлынан орун чыгып, суранып ошоякка кетти…

— Мм… Ошондой деңиз…

Директор астыңкы ээрдин тиштеп сол колунун манчалары менен таптаза кырылган ээгин сыйпалады…

— Эми, сизге турак-жай маселесин канттик?

— Эптеп эле бир кичинекей бурчек болсо, жетишет мага,— дедим. Шарты жок болсо, директорду жөнү жок эле кыйнай бербейин деген ойдо.

— Мына ошо «бурчек» маселеси кыйын болуп жатпайбы! – деп директор «бурчек» деген сөздү баса айтты да, чылымын тутандырып мага да узатты. — Чегиңиз…

— Чекчү эмес элем…

— О, мунуңуз дурус… Чекпегениңиз жакшы…

Сатар акеге сунуш кылды эле, а да тарткан жок.

— Биз жанагинтип уккандан кийин,— деп сөзүн улады директор. — Короосу бак-дарактуу, огороддук жайы бар, төрт бөлмөлүү үй камдап койдук эле… Албетте, бул жалгыз бой немеге ыңгайсыз… Андай чоң короо жайда туруу үчүн ак жоолукчан үй ээси болуу керек. Ансыз кыйналып калар бекенсиз. Андан көрө башка нерсе ойлоп табыш керек.

Жанатан бери үн катпастан мени сынагансып башыман аягыма чейин көз жүгүртүп отурган Сатар аке эми гана сөзгө аралашты…

— Эгерде бул иним өзү макул көрүп,— деди ал шашпай сүйлөп,— үйүндө кишиси көп экен дебесе, меникинде турса да болот…

— Рахмат, аксакал! — дедим мен да ызаат кылып. — Андан көрө менин оорлугум тийбес бекен?..

— Сатар аке айтып жаткандан кийин, ошол оорлугуңузга кайыл болуп туруп ушинтип атат да,— деди директор. — Бул агайыңыз сиздей мугалимдердин далайын өз колунан үйлүү-жайлуу кылып чыгарган…

— Албетте, мен жан дилим менен макул болор элем, өзүм деле көп бүлөлүү үйдө чоңойгомун…

— Анда кеттик. Алгач барып эшик-төрдү көрүп кел! — деп Сатар аке мени ээрчитип жөнөдү…

*     *     *

Экөөбүз ээрчишип келатканда анын 24 жылдан бери мугалим экенин, аялы да ушул мектептеги башталгыч класстарга сабак берерин билдим. Мектептен анчалык алыс эмес жердеги мөмөлөрүнүн жыты аңкыган, бак-дарактуу чоң короого кирип келгенибизде:

— Биздин үй ушул,— деди Сатар аке колун жаңсап. — Алима, ээ Алима, бери чык, сага дагы бир уул таап келдим.

Үйдөн жашы отуз беш, отуз алтылардагы айы-күнүнө жетип турган аял чыгып, мага эчаккы таанышындай кол узатты.

— Алима!

Мен дагы өзүмдү атадым.

Сатар аке, кыскача менин жөн-жайымды түшүндүрдү.

— Ырас кылыпсың,— деди Алима эже кабагым-кашым дебестен. — Жапжаш бала экен, жалгыз өзү ошол ээн тамда эмне кылат! Жүрө берсин биздикинде эле… Киргиле үйгө, кирегой, кагылайын.

— Балдарды чакырчы, эң алды менен ошолорду байкеси менен тааныштырып коёюн,— деди Сатар аке үйгө кирип баратканыбызда. — Отур, иним, отур. Кудайга шүгүр, азырынча беш уул, төрт кыз — тогуз балабыз бар. Дагы күтүп атабыз…

Аңгыча бирин бири көтөрүшкөн бир топ балдар-кыздар кирип келишти. Балдар:

— Ассалоом алейкум! — деп кол сунуп калышты.

— Эркинбек.

— Созулкан.

— Кубанычбек.

— Жоомарт.

— Абдыкерим.

— Кеңешбек.

— Таир.

— Темир.

— Таалайбек.

— Дарияхани.

— Гүлсара.

— Нурлан.

Чынын айтсам, кайсынысы Асанбек, кимиси Созулкан экенин жакшы ажырата албай да калдым. Айлындагы балдарды бүт чогултуп келген го деген ойдо баары менен тең кол алыша бердим… Акыркысы менен таанышканымда, анысынын аты же Таалайбек, же Жоомарт болсо керек эле, а балким Абдыкеримдир, ким экенин ошондо эле унутуп калгам. Сатар акеге кайрылдым.

— Асакал, тогуз балам бар дедиңиз эле, биерде отуз чакты го!

— Жо, отуз эмес. Он тогуз эле! — деп оңдоп койду Сатар аке, анан балдардын тобуна көз жүгүртүп: — Жок, калп айтыптырмын, жыйырма экен… Кечээ Жаңы Турмуштагы кайнагамдын уулу келди эле, аны унутуп калган турбаймынбы. Туура, бардыгы жыйырма… Тогузу өзүмдүкү… Бирөө кайнагамдыкы… Ону бажамдыкы… Тээтиги, бир үйдөн наркысын көрдүңбү?.. Аерде, аялымдын Салима деген уялаш эжеси турат. Ону ошонун балдары… Берки ортодогу жер там кайненемдики. Оңдоп берели десек, «Балам келгенде өзү жаңылап салат»,— деп көнбөй жүрөт. Азыр алар да келип калышат.

Ырас эле көп узабай үйгө алтымыштардагы байбичени ээрчитип, Алима эжеден улуураак, бирок ага союп каптагандай окшош аял кирди. Тура калып учураштым… Мунусу жанагы айткан Салима эжеси го деп болжолдодум.

— Каерден келдиң, балам? — деп сурады байбиче отуруп атып.

— Фрунзеден.

— Фрунзеден дейсиңби?

— Ооба, ошояктан.

— Зарлыкты көрө алдыңбы?

— Кайсы Зарлыкты?

— Үмөтүп Зарлыкты?

Көңүлүмдө Кыргызстандагы атактуу артисттердин, спортсмендердин, жазуучулардын, өзүм билген окумуштуулардын фамилияларын эсептеп чыгып, алардын арасынан Үмөтов Зарлыкты таба алганым жок.

— Ал өзү каерде окуйт?

— Окубайт ботом. Окуусун алда качан бүтүп, азыр иштеп атпайбы. Менин уулум болот.

— Тааныбайт экемин, апа! Фрунзе деген Алмалуудай чакан айыл эмес да, чоң шаар. Эл көп. Мен уулуңузду тааныбайт экемин…

— Ии… мүмкүн! — деп байбиче эриндерин анча-мынча бүлкүлдөткөндөй болду. Бирок анын али да болсо кайраты кайта элек көздөрүнөн: «Ушу Фрунзеден келгениң жалган го, балам… Аерден келгениң чын болсо, элдин баары билген менин баламды кантип көрбөдүң экен» деп турганын түшүндүм.

Ошентип ааламдагы тааныштарымдын саны, сыртынан болсо да, дагы бир кишиге көбөйдү. Ал гана эмес, ал таанышым кийин каерде жүрбөйүн, менден ажырагыс болуп калды.

*     *     *

Бат эле алардын үй-бүлөсү менен жуурулушуп «өз бала» болуп калдым. Кемпир «балам», балдарынын баары «байке» дешет. Сатар акеден кемпирдин эң улуусу — Салима, андан кийин — Алима, көкүрөк күчүгү — Зарлык болуп, үч баласы бар экендигин билдим. Зарлык мектепте окуп жүргөндө эле өзүнүн дилгирлиги, зээндүүлүгү менен эл оозуна алынып «Аман жүрсө керекке жарачу адам болот» деген балдардан экен. Кийин, мектепти бүткөндө окууга өтөм деп, Фрунзеге кеткен бойдон кайра келбеди дейт.

Мурда кат жазып турчу экен, эми анысы да сейректеп калыптыр. Айылдагылардын кайсы бирлери: «Инженердин окуусун бүтүп шаарда иштеп жүрөт» — дешсе, экинчиси, «Антпей эле артисттикти окуп, азыр ыр жазат имиш» деп, дагы башкалары «Окуу-мокууга өтпөй эле биерден кеткенден бери, көк базарда чайкоочулук кылып жүрүптүр» — дешип, ар кыл сөздөрдү жоромолдоп айта беришет экен. Ал эми энеси, эжелери: Алима менен Салима болсо Зарлыгынын каерде, эмне кылып жүргөнүн анык билишпесе да, аны тоодой жөлөк кылып, өткөндөгү таттуу эскерүүлөрүн, келечектеги жакшы тилек, илгери үмүттөрүн аны менен байланыштырып, басса-турса дайыма ооздорунан түшүрүшпөйт. Сурагандарга:

— Бир чоң кызматта! — деп коюшат.

— Алима эжең менен мамилеңди бузгуң келбесе, Зарлык жөнүндө жаман сөз айта көрбө! — деп Сатар аке эскерткенден бери, менин дагы Зарлык тууралуу жакшы гана ойлогум келет.

Чоңдор минтишкен соң, балдарыныкын айта көрбө… Таекесин ушунчалык бел тутканын көрүп туруп: кыязы балдарына тил чыкканда «апа», «ата» дебестен, «Зарлык таекем» — деп чыгат өңдөнөт деген ойго кетесиң. Алардын ою боюнча, таекеси ааламдагы адам аттуунун мыктысы. Ал учкуч да, танкист да, артист да. Анын колунан келбей турган эч нерсе жок… Күч жагынан Алексеевден, акыл жагынан Эйнштейнден ал кыйла артыктык кылат. Акчасын болсо айта көрбө, самандан да көп. Анын өзүмдүк жеңил машинасы, эки комбайны жана бир бульдозеру бар. А мылтыктарына эсеп жетпейт. Он эки бөлмөлүү үйүнүн ар бир бөлмөсүндө жээндерине деп алып койгон он эки тапанча, ошончо эле автомат жана бир пулёмет сакталып турат. Алима эже аман-эсен көз жарып, анысы уул болуп калса, жанагылардын санына дагы бирден, а кокустан кыз болуп калса, сегиз кызды күтүп жаткан сегиз атлес көйнөктүн катарына дагы бирөө кошулмакчы… Ошолордун баарын алып келгенге бир жагы жээндери кичине болуп, экинчи жагы колу бошобой жүрбөйбү. Жыйын-терим бүткөндө баарыбыз барып, ошолорду чогултуп келебиз деп жүрөбүз…

Кээде таяке жөнүндө сөз болгондо кошуналар менен кагылышып калган учурлар да кездешет.

— Зарлык таякемдин танкеси бар! — деп мактанып койду Кеңешбек бир күнү курбусуна.

— Кантип?

Курбусу анын айтканына макул болгон жок.

— Баягы күнү эле лётчик дебедиң беле? Эми танкист боло койдубу?

— Ооба, анын колунан баары келет. Кааласа лётчик, кааласа танкист, жини келсе ырчы да боло алат.

— Ырдайбы?

— Ырдайт.

— Жаныңды жебе?

Кеңешбек бармагын тамагынын тушунан алып өтүп, ал кыймылын тилин таңдайына тийгизгенде чыккан «чыр- рыйк» эткен добуш менен коштоп койду.

— Радиодон да ырдайбы?

— Ырдайт. Кечээ эле ырдады.

— Кайсы ырды?

— «Алмашымды».

— Ооба, сага! Аны Рыспай аткарбадыбы!

— Рыспай да, менин таякем да аткарат.

— Калп айтасың! Радионун «Азыр, Абдыкадыровдун аткаруусунда «Алмашым» деген ырын уккула» дегенин мен да укпадымбы.

— Уксаң, уккандырсың… Экөөнүн үнү окшош да. Ал гана эмес, Зарлык таекемдин үнү кичине жакшыраак… А балким, атын айтып жатканда, радио жаңылып калгандыр… Сен деле кээде жаңыласың да… Өткөн жолу Зарлык Үмөтов аткарат дегенин биз дагы өз кулагыбыз менен укканбыз…

Кеңешбектин мындай кадиксиз далилдеринен кийин берки бала «жаңылыштыгын» мойнуна алууга аргасыз болду.

Бир ата, бир энеден туулгансыган, бири бирине күйүмдүү, ынтымактуу он тогуз баланын көпчүлүгү, аны менен жүзмө-жүз көрүшө элек болсо да, «таякем» дешип үлгү тутуп, ааламдагы жакшы сапаттардын баарын ошого берип коюп, аны тууроого далалаттанышы бир эсептен мага жагып калды. Адамга, өзгөчө тестиер балдарга — бирөөгө ишенип, бардык жагынан ага окшош болууну эңсөө жакшы да. Эгер андай адамың өз таекең болсо, ого бетер сонун эмеспи!..

*     *     *

“Албетте, жолугуп келем” деп убада берип койгондуктан, Фрунзеден Зарлыктын үйүн үч күн дегенде араң таптым. Иштеген жеринен үйүнүн адресин беришти. Заводдо инженер экен. Короосунун алдына токтоп, айланама көз жүгүртүп, айылдагылар айткандай өз оокатына тың экендигине эми кымындай да күмөн санабай калдым. Заңгыраган үй. Кудай билет, ончакты бөлмөсү болуш керек. Башкалар тамынын таманына салууга издеп таппай жүргөн карагай такталар менен бүтүн короосун кашаалап алыптыр.

Эшиктин алдындагы издерден улам, жеңил машинеси да бар экен деп болжодум. Көк боёк менен сырдалган чоң дарбазанын кыргагындагы коңгуроонун сургулт кнопкасына сөөмөйүмдү тийгиздим.

Бир аздан кийин, жашы элүүлөрдөгү жүдөңкү, арык орус аял чыкты. «Үй кызматчысы да бар экен» — дедим.

— Саламатсызбы!

— Саламатчылык… Сага ким керек эле? — деди аял.

— Үмөтов Зарлык ушиерде турабы?

— Сашабы?

— Жок, Зарлык…

— Ооба, Зарлык. Биз аны Саша деп коёбуз. Аты Зарлык болсо керек. Ушиерде турат. Кир, анда, алдагы бакты аралап өтсөң, нары жактагы жер тамда… Коркпой эле өтө бер, бул али күчүк.

— Мен аны бул үйдө турат экен дедим эле…

— Мында башкалар турушат. Ары жак бөлүгүндө, үч үйлүү студент, бери өзүбүз жагында эки үйлүү квартиранттар. Сашалар үч жылдан бери чогуу туруп, жакшы тааныш болуп калышпадыбы, былтыр: «Өз алдыбызча ээн-эркин бололу» — дешкенинен, бар болгону 30 гана сомго эки бөлмөлүү жер тамыбызды бердик. Эмне, өзүң квартира издеп жүрдүң беле, уулум?..

— Жок. Зарлыкты издеп келгем…

— Анда, кир ичкери, азыр үйүндө болуш керек.

— Жок, рахмат. Адресин эле билейин дегем… Айтыңызчы, булар өкмөттөн үй алыша элекпи?..

— Бооруң ооруйт бечараларга… Чиедей болгон үч баласы менен «ана үй алабыз, мына үй алабыз» дешкенине үч жыл болуп калды… Аялы да оорукчан. Эч жерде иштебейт.

— Бирок, качан үй тиери али белгисиз. Саша өзү үлдүрөгөн жоош да, башкалар анын ордунда болсо, капкачан алышмак.

— Ии… ошондой деңиз?

— Ошондой.

— Жакшы калыңыз анда.

— Жакшы бар. Кирбедиң да?..

— Дагы бир келээрмин…

*     *     *

«Азырынча ушуну ойной турсун, кийин өзүм кадимкидей чоңун ала барам» — деди таекең деп, оюнчук танкени Абдыкеримдин колуна карматтым. — Өздөрү болсо, бала-бакырасы менен аман-эсен. Чоң кызматта иштеп, чоң үйү бар экен. Өз оокатына тыңып алыптыр. Баарыңарга дубай салам айтты! — дедим мени басып калайын деп тегеректеп тургандарга. Балдардан обочолоп: — Карааныңдан кагылайын, көйнөгүңө ыраазымын, өзүң келсең болот эле.

Ушинтип эмшеңдеген байбиче: «Уулуңуз берди» деп, өзүм Фрунзенин универмагынан сатып келген төрт метр чытты жыттап, өзүнчө эле ийип отурду.