САСПАЕВ Аман: КЫРГЫЗ АҢГЕМЕСИНИН КЛАССИГИ

«РухЭш» сайтынан: Жакында таланттуу кыргыз кара сөзчүсү Аман Саспаевдин «Сарала ит. Аңгемелер» деген китеби жарык көрдү. Китепти түзүү, баш сөзүн жазуу жана редакциялоо түйшүгүн адабиятчы Абдыкерим Муратов ишке ашырган. Чыгаруунун каржылык көмөгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өз мойнуна алган жана өлкөнүн китепканаларына акысыз таркатылмай болууда.

Биз окурмандарыбызга мына ошол китепке жазылган баш сөздү тартуулайбыз жана кези келгенде жазуучунун аңгемелеринен сунуш кылып турабыз.

Аман Саспаевдин жазуучулук тагдырында кыргыздын көпчүлүк сөз чеберлерине окшобогон бир турмуштук жагдай бар: ал Түптүн Кең-Суусунда төрөлсө да, узак жылдар Кытайда жашады. Ал жакта адам катары да, сүрөткер катары да калыптануу жараянын башынан өткөрдү, казакча, уйгурча, кыргызча ыр-аңгемелер, очерктер жазды, кызыл-суулук улутташтардын оозеки чыгармаларын жыйноого катышып, Пекинде майда улуттар институтунда билим алды. Дүйнөлүк классикалык адабиятты биздин жазуучуларга окшоп «орус мектебинен», «европалык электен» өткөрүп кабыл албастан, анын баарын чыгыштык «көз менен көрүп», чыгыштык «жүрөк менен сезди» жана өзү түздөн-түз байыртан улуу философиясы, дини, адабияты бар кытай, жапон, уйгур, хинди маданиятына аралашып жүрдү. Ошол эле кезде анын дилин дүпөйүл кылып, дайыма эзип келген бир нерсе – Кытайда жүргөндө жүрөгүндө туулган жерин – Кең-Сууну эстөө, сагынып кусалануу, а кийин, Ала-Тоодо жүргөндө жаштык кези өткөн, жоро-жолдоштору, ынактары, көзгө сүйкүм жерлери бар Кытай оодандарына  куштарлануу.

Жазуучу Аман Саспаев ушундай тагдырда, ушундай турмуштук жагдайда көркөм сөз менен алпурушуп, ички дартын, арман-көйгөйүн, көргөн-билгенин, ойлогон-тилегенин кара сөздө айтып келди…

Анын экинчи бир өзгөчөлүгү – чыгармачылыгы кыргызстандыктар үчүн башталган, алгачкы аңгемелери жарыяланган тээ 60-жылдардын башынан тартып эле башка муундаштарына окшоп аңгеме менен үйрөнчүк мезгилин өткөрүп, анан биротоло повесть, романга ооп, «бактысын ошол жактан издеп» кетпей, аңгемеден орун-очок алып, эпикалык тектин ушул формасында алпурушуп келаткандыгы. Дал ошол жылдарда Аман Саспаевдин аңгемелериндеги назик лиризм, төшүн каккылабаган майин каармандар, астыртан акырын чымчый өткөн юмор, анан дагы башкысы турмушта болгонду болгондой кылып көрсөтүү окурмандарды өзүнө тартат.

«Сарала ит» аттуу аңгемеде айыпсыз каңгып жүргөн бир бечара итти ууруга чыгарып, аны атып өлтүрүшкөндөн кийин да «эртеси эле бир баштык сүзмө, дагы бир нече жумуртка жоголду». Бул адилетсиздикти аллегориялык ашкерелеген чыгармасы өз кезегинде чоңдорду «чок бастыртты». Аңгеме журналга басылганда бир топ жазуучулар авторду айыптап, беш жыл бою чыгармаларын басышпайт. Чыңгыз Айтматов жана жазуучунун аталаш тууганы Түгөлбай Сыдыкбеков аңгемени макташат, «Рыжая собака» деп орус тилине которулуп, Москва шаарынан басылып гана «Сарала ит» аңгемеси «акталат».

«Дос жана газик» деген чакан аңгемеде мындай бир көрүнүш бар. Каарман оорусуна байланыштуу кызматынан бошоп, айылга келип жашап калат, анан ошол айылга бир жумуш менен мурдагы кыйбас досторунун бири Шакен келет, каарман анын үйгө издеп келишин, жок дегенде учурашып чыгышын күтөт, бул учур абдан так тартылган психологиялык кырдаалдарда ачылат, бирок Шакен ага жарабайт, машинасын «гүр» эттирип, артынан чаң калтырып жүрүп кетет, мезгил өтөт, оорулуу кайра түзөлүп, мурдагы кызматына дагы орношот, ошондо үйүнө баягы Шакен келет: «-Ой, салоомалейкум, аксакал, саламат келип калдыңыз. Жомоктогу периштедей бирде кайып болуп, бирде бар болосуз. Келген кабарыңызды угаарым менен салам берейин деп жетип келдим…»

Турмушта ушундай окуялар болот, жазуучу эң негизгиси ушу эки-үч деталь менен эле адам мүнөзүн, деги эле көп кырдуу турмуштун бир көрүнүшүн ачып берет.

Баяндоочу каарман бир убакта туңгуч сүйүүсүн берген Жамиласын жоготуп кийинки куду эле ошол үйдөн ошого окшогон анын сиңдиси Райени кездештирди, баары окшош – «кудум Жамила өңдөнүп басканы менен Рейе бурулуп артынан бир дагы карап койгону жок», кийин ал «таң калууга караганда, жатсыраган кебете менен кайрылып бир карады», демек баары бир бул башка кыз экен, мурдагы жоготуунун, өксүктүн орду толбой кала берет экен, аңгеменин жалпы пафосу ушуга барат.

«Кара майда» канчалык бир азап менен тракторлор үчүн жанын үрөп май алып келген жигит түштөнөрдө эстен чыгып, көпчүлүккө берилген тамактан ооз да тийбей кур жалак калды. Мына ушундай ыкма – эки түрдүү контрасттуу көрүнүштөрдү сүрөттөө аркылуу автордун чечкен логикалык жыйынтыгы окурман үчүн алда канча таасирдүү болот. Бул усул А.Саспаевдин бир топ аңгемелеринин («Турмуш таразасынын граммы», «Ширеңке», «Шейшеп»…) көркөм структурасында өзүнчө бир чоң эстетикалык күчкө ээ болуп турат.

А.Саспаевдин аңгемелериндеги өзгөчө байкалган дагы бир көрүнүш – анын  сүрөттөө предметине кылган мамилесинин нукуралыгы, табигый көрүнүштөрдөн алыстап кетпегендиги. «Эски жолдо» деген аңгеменин башталыш жерин окуп көрөлү: «Эртең мененки күн жаадырап тийип турган шашке мезгилде, Койсун чоң эне абышкасына кадала кетти. Самоордун керинейин үйлөп, чаң ызгыган күлдөн бети-башын тырыштырган кемпир:

— Эмне деген жакшылык… Даяр немени,- деп сарай жакты карап койду. Кыязы, иш мындан да эртерээк козголгон өңдөнөт.

Абышка сарайдын үстүнөн тепкич аркылуу түшүп келе жатты. Үстүндө желбегей жамынган кара чийбаркут чепкен, башында кыргызча шырыма ак топу. Ал жерге түштү да илинүү турган «Сур жоргонун» жүгөнүн көздөй илбиди. Жашы сексенден ашкан карт, саал эңиш тартып, чебердеп басып бара жаткансыйт.

— Кудая тобо-о, – деди кемпир кыжыры келип. – Басканын карасаң. И, ошо жерге жыгылып мүрт кетер күнүң кайда!»

Жазуучу мына ушундай майда деталдарды жакшы берет, мына ушул майда нерселерден прозага керектүү компоненттерди көрө алат, деталдар менен иштөө анын чеберчилигинин туу чокусу.

«Татым туз» аңгемеси мекенге болгон сагыныч, кусалык тууралуу. Келгинбай Кытайдагы уйгурлар арасында жалгыз үйлүү көчүп келген отуздардагы жигит эле. Анан анын бүтүндөй өмүрү кыскача баяндалып өтөт. Балалуу болушу, жалпы элдин келте деген оорудан кырылышы, Келгинбайдын андан айыгып кетиши, кийин кемпиринин кайтыш болушу – кыскасы, бир өмүрдүн кыска үзүмдөрү. Ата журттан алыста калган Келгинбай мекенине кетейин деген менен кете албайт. Үркүн башталганда элдин баары Кытайга качканда жеринен ала келген бир татым тузду гана эш кылат. Ошол туз мекен туйгусун жаратып, Ата журтун эстетип турат. Жазуучу адамдын ички психологиясын, мекенсиз адамдын драмасын чагылдырат. Аңгемени окуп жатып Келгинбайды аябай аяйсың, ага бооруң ооруйт, аны менен кошо кайгырасың.

Жазуучунун аңгемелеринен анын стили таанылат, көбүнчө автор өзү баяндоочу катары көп катышып, каармандардын речтерин азыраак колдонот, андай речтерге да өз комментарийлерин кошуп олтурат, окуяларды кыска-кыска саптарда берет, курч коюлган күчтүү конфликттер жокко эсе, бүтүндөй чыгарманын тулку боюна табигыйлык, жөнөкөйлүк сиңип турат. «Адамдын натурасын сүрөткө түшүрүүгө кызыкпайт, жактаган каарманын кооз, бийик сөздөр менен мактабайт, сынга алган кишисин кыйкырып жемелебейт, окуянын жүрүшүн антти, минтти деп информациялап отурбайт. Адамдын ич дүйнөсүндө, психологиясында жүрүп жаткан процесстерди, ошолордун баарына себепчи болуп жаткан факторлорду ичкертен ачып көрсөтүүгө умтулат» (К.Даутов).

Өзгөчө бөлүп көрсөтө турган дагы бир нерсе – жазуучу  аңгемелеринин акыр-соңун (финалын) зергерлик менен өтө мыкты бүтүрөт, айрым авторлордо бар эмеспи, аңгемени жакшы жазып келатып эле бүтүрөрдө тескери кетет, а бул автордо баары жай жайында, кынаптап коёт, бүт аңгеменин башынан аягына чейин акыркы финал үчүн иштеп келет.

Чебер аңгемечи, нагыз сүрөткер Аман Саспаев уулунун бул аңгемелер жыйнагы кыргыз аңгеме жанрынын классигин азыркы окурмандарга тааныштырууда чоң милдет аткарат деген ойдобуз!

Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор