САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: АЖЫРОО

АҢГЕМЕ

Сиз мени, балким, кээ бир күлүңдөгөн сулуу аялга көөнү түшүп калаар деп ойлоорсуз. Сөзсүз жаңыласыз! Анткени, өз кезинде ошондой бир сулууга кадимки жанар тоо өңдүү жалындадым да өчтүм. Биз, эркектер, чынында өз өмүрүбүздү сулуу аялдардын жалооруй караган көзүн, күмүш коңгуроодой шыңгыраган күлкүсүн, жан эргиткен ширин сөзүн көп кезиктире албайбыз. Бул – сулуулардын мыктылыгынан эмес, бул сулуулардын кымбатын сактоо үчүн турмуш койгон ченем! Эркектердин сулууларга кыйылып түшөр себеби да ушундан.

Мен да аял затынын бирине ашык болуп, анын балдан ширин азабын тартуудан мурдараак торго түштүм.

Турмуш куруу мезгили жетет экен, ага жолтоо болор нерсени издебейт эмеспизби. Изделүүчү нерсе өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Суугуна тоңуп, ысыгына бышкан өмүрлүк бир шерик керек дейбиз. Эгер ал чырайлуу болсо, артык оокат баш жармак беле, көз менен көңүлдүн курту уу сепкендей четинен кырыла бермек!

Мен боз балалык өмүрүмдөн оңой кутулдум. Азыр аны эңсеп отурганым болбосо, өз кезинде анын кымбаты мен үчүн бир эле жез тыйынга турарлык болучу. Эми болсо, алтын акчаларымды артынан жүрүп сатып ала албаймын!

Ошончодон карагат көзү ойноктогон; кара каш, ичкерээк келген жапалдаш бойлуу, субай-салтаң, кара тору келин кайырмагыма илиниптир. Чындыгында кимдин кайырмагына ким илингенин бир кудайдын өзү билет. Канча мээлесең да ок ажалдууга тиет эмеспи. Ал жанымда басып бара жатканда эмчегин титиретип, анда-санда күлө карап, маа ыктай кеткенде аял алуунун касиеттүүлүгү боюма жылуу кан ойнотуп, «сүйүү, махабат» дегендерге ыраазы болгон минуталарым эсепсиз.

Жок, окуучум, азыр эсепсиз деп айталбайм. Турмуш, кийинчерээк эсепсиз нерсе жок экенин, баарынын эсеби бар экенин, баштан өткөн жакшылыктын да, жамандыктын да акыры өз чөнтөгүңөн төлөнөрүн далилдеп берди. Мындан кишилер качып кутула албасын да көрдүм. Мага турмушка чыккандан кийин туптуура сегиз ай өткөндө, ай-күнү толуп аялым эркек төрөп берди. Төрөткананын эшиги алдында кубанганымдан ары-бери басып, жакамды муунта кармап, мына бул сөздөрдү кайталадым:

– Кудуретиңен айланайын, кудайым, баламды эртерээк колума карматканыңан миң тегеренсем аздык кылар…

Мен динге ишенбеймин. Кудайдын бул кудуретине жалынуу оозума кандай келгенин билбейм. Төрөт үйүнүн терезесине жабыша калып, сүйгөн жарымдын, башкача айтканда, баламдын энесинин дидарын көрүүгө ынтызарландым. Акыры аны көрдүм. Кроватта халатчан жаткан экен. Чүпүрөккө оролгон кол башындай наристем да жаткансыйт. Аялым ак жуумал тартып, мурдакыдан да өңдүүрөк. Ал мени көрө койду да, акырын жылмайды. Мен эки жамажайым канча чоюлса, ошончо чоюп, ал түгүл, оозумду аңырайта ачып, тартынбай эле каткырып жиберипмин!

Терезеден аялыма колумду булгадым да, шарт бурулуп дүкөнгө чуркадым. Көрүндүк үчүн сестраларга шоколад алып жатканымда колдорум калтырап, эстен тана арсалаңдап, кубанганымды сездим, көргөндөр күлүшөт!

Төрөтканадан чыгарып алаарда «Москвич» машинасы бар айылдаш бирөөгө жалынып-жалбарып, жатып аялымды наристеси менен үйгө жеткизүүгө көндүрдүм. Менин да өзүмө ылайык дос, душманым бар. Алардын көзүнчө араба же бортовой машинадан пайдаланууну ылайык көргөнүм жок. Биз жадырап-жайнап машинадан салтанаттуу түшүп жатканыбызда картаң жеңем бөйрөгүмө укуп өттү.

– Өпкөңдү бас, эмнеңе арсалаңдайсың?!

Мен салмактуу болууга тырыштым. Бирок салмактуу боло албадым. Үйгө аялдар келе баштады. Эмне иштешим керек экенин да билбедим. Колуман келгени эле көл-шал түшө тердеп, аялдарга белек суна берүү болуптур. Аялым кроватта отуруп алып чыканактай наристесине көкүрөгүн такап, ага мыйыгын козгой узактан узак карайт. Муну көрөм да: «Эх, энелер, – деймин ичимен. – Эненин милдетинен артык дагы дүйнөдө кандай ыйык милдет бар? Булар дүйнөгө адам берет, адам!»

Аялым тез тыңыды. Бардык шартын колуман келишинче жасадым. Турмуш жакшы болгон соң эмнесине аянайын. Бир айга чейин муздаткычтан жаш эт үзүлгөн жок. Балам үч айдан кийин эле күлүп келди. Аялым экөөбүздүн өңүбүз кара тору болсо да, балабыз чийкил сары келип, бетин аппак майда түк каптап турат. Анысына караймбы, жыпжылаңач чечинтип алам да, баланы курсагыма жаткызып коём. Бакадай тырбалаңдайт. Курч тырмактары менен боорумду тытат, кылжыңдап башын көтөрүүгө аракеттенет. Мен сары башымдын ушунусун өлөрчө жакшы көрөм!

Бир күнү күтүлбөгөн, таң каларлык бир окуя жүз берди. Эртең менен балам экөөбүз жогоркудай ойноп жатканыбызда, аялым балыктай толгонуп, тактайды солкулдата, боортоктоп жаныма жата кетти:

– Карачы, мурду кудум эле өзүңдүн мурдуңду тартыптыр, – деди ал күлүңдөп көзүмө карап.

– Жок, – дедим мен ак көңүлүм менен, – мунун мурду сенин мурдуңду тарткан. Менин мурдум, көрбөйсүңбү, аз бел баскак, а мунуку болсо кырдуу. Ал түгүл, кырында кичине дөңү да бар…

– Анда сага эмнеси тарткан? – деди аялым дагы тигиле карап.

Аялымдын бул сөзүн жактырганым жок.

– Бала сөзсүз мага окшоп төрөлүшү керек бекен? – дедим мен.

– Анан кимге окшош?

– Менимче, адамга окшойт. Анткени, мен дагы, сен дагы – бардыгыбыз эле адамбыз.

Аялым жаткан жеринен ачууланып тура калды:

– Эмне себептен мага окшош дебейсиң, – деди ал кабагын салып. – Андай айтпагандан кийин муну башка кишинин баласы дегениң да!

Жүрөгүм шуу дей түштү. Мен калп айтканды жек көрөм. Анткени, менде калп айтууга мажбурлай турган жаман нээт жок.

– Мен ошондой дедимби?

– Айтпаганың менен белгилүү да, мурду окшобойт дегениңчи…

– Кудай урбадыбы, баланын мурду менин мурдума окшоп турабы?

– Окшоп эле турат! – деди аялым мени карап мостоюп.

– Болуптур, – дедим амалсыз, – окшогону да окшобогону да баары бир.

Бирок жүрөгүмдүн толтосунан бирөө мыкчый кармап, аны чакадагы муздак сууга чылап тургансыды. Муну тышыма чыгарганым жок. Бул күтүлгөн эмес эле да. Аны кандай шайтан кытыгылап, ушул абалга келтирди болду экен?!

Аңгыча төшөгүмдө жаткан бала ыйлай баштады:

– Me, бөлө, – дедим аялыма, – уйкусу келди.

– Өзүң бөлө керек болсо, – деди аялым бултуңдап. – Адам экен деп тууп берсе… – ал терс мүнөз көрсөтүп, тактайды тарсылдата басып, эшикке чыгып кетти.

Мен анын артынан таң кала карап калдым. Сары башымды карасам ыйын токтотуп, көкүрөгүмдөн эмчек издеп жабышкак, муздак эриндерин денеме такайт. Кайра келеби деп эшик жакка кулак түрөм, шыбыш билинбейт. Үн чыгарып, селкилдетип ары-бери бастым. Бирок наристе сооронбоду. Акыры, айлам кетип, короого чыктым. Бейкут турган бак-дарак, кашаа түштү көзүмө. Жок дегенде бир минута мурда алардын жанынан өткөнү да билинбейт аялымдын. Бала чырылдаган сайын бирдемеге кыжырым келет. Наристенин үнү кардыгып, алсыз гана кыңылдай баштады. Кичинекей курсагы кабышат да кайра жазылат. Жарым сааттай убакыт өткөн соң бала уктап калды. Бир кезде чоң жеңем менен аялым кирип келди. Жеңем бирдемени сезип салмактуу болууга аракеттенгенин байкап калдым. Аялым болсо, эки көзү кызарып чыны менен ыйлап алыптыр.

Жеңем баланы алды да, бетин ачып, боргулдана тердегенин көрдү.

– Me, өпкөсү көөп калган тура, – деди аялыма.

– Баксын өзү баласын, – барк этти аялым. Өзү үй ичинде бирдемелерди кармалап, ары-бери тез-тез басып жүрөт. Эмне кылып жатканы белгисиз. Көзүм ошондо «Бул эмнеси? Кандай балээни баштап алды?»

– Ме, жаткыз!

– Жаткызбайм!

– И, өлүгүңдү көрөйүн-ий! – деп тилдеп жиберди жеңем. Бирок мыйыгынан күлө ордунан турду да, баланы кроватка жаткызды, анан менден: – Эмне болду, силер да урушасыңарбы? – деп сурады.

– Урушуптурбузбу?

– Анан эмне?

– Ой, жеңе, өзүнөн-өзү бултуңдап жүрөт, баланын мурду…

– Койчу, деги, – деди жеңем сөзүмдү бөлүп. – Баланын мурду эмне болуптур, сенин мурдуңа эле окшоп турат. Жаш бала болбогондон кийин ошондой сөз козгоп эмне кыласың?

– Ой, кара кашка ит болуп калайын ошол жөнүндө ойлосом.

– Анан, эми ойлоноюн дедиңби?

– Эми ойлонуунун деле кереги жок, мен жөн эле жаткам…

– Анан жата бербейсиңби, баланын мурду жамбашыңа сайылдыбы? Уят да…

– Ой, жеңе, сиз кызык экенсиз, – дедим чыдабаганымдан. – Билип анан сүйлөш керек да. Жок дегенде сөзүңүздүн кымбаты болсун да.

– Кой, көлөкөм, – деди жеңем ордунан туруп жатып. – Эл укпасын. Силер жашсыңар, антпегиле. Келиним ыйлап жетип барганында үйдө киши бар эле. Уялганым, ай! Жакшы жүр, сени элдин баары жоош дейт. Анан болор-болбос бирдемени козгогонуң уят. Кой, мен кетейин. Келиним сен дагы кечиримдүү бол. Эркектер бирдемелерди айта берет. Анын баарын териштирип отурсак, түбүнө жете албайбыз…

Жеңем чыгып кетти. Аялым болсо көзүнө жоолугун коюп, кудум менден катуу зыкым көргөнсүп, корголоп алыптыр!

«Ой, шумдугуң кургур, мунун мен билбеген сыры көп окшобойбу!» – деп ойлоп отурдум. Аялым: «Эмкиси бул!» дегенсип кыймылдап, баласын жаңылап ороду да, көтөрүп алып эшикке жөнөдү.

Дагы бир балээнин учугу саптала башталса керек деп тынчсыздандым.

– Кайда барасың?

Аялым өңүн суутуп, жоопсуз чыгып кетти.

Кетип баратканда анын балбылдаган көзү менин көзүмө бир секунда чагыла түштү. Өңү мурдагыдай болсо да, эмнегедир өтө жийиркеничтүү сезим пайда боло кетти мага. Тфу! Бул эмне деген жорук? Кимдир бирөөлөргө айтсам ишенээр беле? Аялымдын мындай мүнөзү барын билген эмес экенмин да. Өзүмдө бар нерселер мында да бар депмин, көрсө, мунуку артыгыраак тура! Көңүлүм сууп, өзүмөн-өзүм кылмышкер боло кеттим. Элдин баары билип койгонсуп, эшикке чыгуу мага барып турган адепсиздик өңдөндү. Чындыгында «Жетимге жөтөлдүн эмне кереги бар?» Мага мынчалык назиктиктин зарылдыгы жок экенин да ойлойм.

Ошол күнү аялым кеч келди. «Кайда бардың? Кайда турдун?» деп сураштырганым жок. Антүүгө акым да жок. Эмне үчүндүр анын үйгө келгенден кийинки кылык-жоругуна, сүйлөгөн сөзүнө кылдаттык менен байкоо жүргүзө баштадым. Бул күнгө чейин оюма келбеген иш! Шектүү эч нерсе билбеген соң, аздап жибидим окшойт. Бирок шектенүүнүн кандай маанайда болорун билсем буюрбасын!

– Сен эмне үчүн көңүлүңдөгүнү ачык айта албайсың?– деп сурап калды акырында.

– Менби, менде жашыра турган эч нерсе жок.

Аялым унчукпай ойлонуп жатты да:

– Мен мындай эркекти жаман көрөм, – деди бирден эле. – Азыр да жасап сүйлөп жатасың.

– Кудай урбадыбы, көр-жерди айта беришим керек бекен?..

Ал буга да жооп катпады. Мен этибар бергеним жок.

Эртеси иштен келсем, үй ичи жыпар жыттанып, айрыкча кооз жыйналыштырыптыр. Ал түгүл, короолор да шыпырылып, бардыгы таптаза!

Өткөн иштердин баары өзүнөн-өзү унутулду. Аялыма ыраазы болгонумду сиздерден жашыра албаймын, ал асмандагы жаркыраган жылдыздай сезилди мага…

* * *

Балам там-туң басып калган кезде аялым дагы боюна бүткөнүн айтты. Кубаныч! Мен балдарымдын энесин, аны-мунусуна карабай мойнума мингизип алып, көтөрүп жүрсөм арданбас элем. Анткени, ал төрөп берет. Үй оокатына тың. Анын үстүнө үй-бүлөдөгү кыжы-кужуну жек көрөм. Андай бирдеменин чыга калбастыгын көздөп, көбүнчө аялымдын кабак-кашына карайм. Бирок ойлонбогон дагы бир кырсык күтүп жүргөнүн билбепмин.

Кырсык деле эмес, эмне деп түшүндүрсөм, айтор бир бактысыздык! Бул бактысыздык ушул күнгө чейин жүрөгүмө айыкпас жара калтыргансыйт.

Бир күнү түшкө маал үйгө келсем, аялым эки бутун эркин сунуп таштап, кыңылдап ырдап, өзү ала келген жалгыз чемоданга кийимдерин иреттеп салып жатыптыр. Анысына этибар бергеним жок.

– Чайың барбы? – дедим мен.

– Тигине кайнап турат, – ал плита жакка ээгин жаңдап койду.

Мен ойноп отурган сары башымды колума алып:

— Азыр ча-ай ичебиз, мамасы бизге ча-ай берет, – деп ойното баштадым.

– Куюп ич өзүң, – деди ал. Анан дагы кыңылдап ырдап отура берди.

– Эмне болду?

Аялым: «Эх, бечара!» дегенсип мени карап калды.

– Куюп ич, мен жок болсом кантесиң? Же мени малайлыкка бирөөдөн сатып алдың беле?!

– Мына, кызык… Айтор, сенин капысынан чыга калмай чырт этмең бар экен…

Бул сөздү капарына да албастан ал мурдагыдай эле кыңылдап ырдап отуруп, кийимдерин чемоданга салып бүттү. Улутунуп ордунан да турду.

– Кишилерде адамкерчилик деген бир ыйык касиет бар, – дедим мен. – Бу, сен, эмне ойлосоң ошону гана жасайт турбайсыңбы. Баертең мен кеткенде жакшы эле турбадың беле…

Аялым: «Эмне кылсам ушуну!» дегенсип улутуна мени бир нече секунда тиктеп алды да, сүйкүмдүү гана башын кыйшайтып, кийине баштады.

– Деги, эмне болуп кетти, садагаң кетейин, айтчы?

– Сен «Ыйык касиетиң» менен жашай бер, маа тийишпе!

– Мен сага тийишип жатамбы?

Ал: «билбейм» дегенсип ийнин козгоп койду да, плащын алып кие баштады. Өзгөргөн. Өңүндө кыпындай да жылуулук жок экенин байкадым.

– Кайда барасың? – дедим дагы тынчсызданып.

– Кетем! – деди аялым тике карап. Бул сөздү ал чоочун жерден үйгө кетүүчү кишидей эле кескин айтты. – Алдагы балаңды жакшы бак.

– Бул эмне дейт, кеткени эмнеси?!

Аялым сөзүмө жооп берген жок. Чемодан көтөрүп, сары башты өөп да койбостон чыгып бара жатты.

– А тигини кантесиң? – деп кыйкырып жибердим мен.

– Эмнени? – Кайрылып кайдигер сурады.

Ичиңдеги баланы!

– Бала жок, – деди ал колунун алаканы менен ичин тең сыдырып өтүп.

– Бар дебедиң беле?

Аял ызалана кетти:

– Ушу сенден да катын бала туйбу, итирейип! – Ал шарт чыгып кетти.

– Атаны шерменде-айе «итирейтип» дейт турбайбы! – Мен ызырындым. – Башын кесип алып сотко өзүм барар элем…

Опузалуу ушул сөздөрдү айтканым болбосо, эмне болуп жатканына өзүм да түшүнбөй, ордумда отурган бойдон калдым. Чай болсо плитада шарактап кайнап жатты. Бар болгону ушул гана. Көпкө чейин анын биротало кетип калганына ишене албадым. Бирок кеткен экен!

Андан бери кыйла жылдар өттү. Ал аялды эч жерден кезиктире албадым. Сары башым чоңойду. Эч нерсе сезбейт. Кызыл от кысыр калмак беле, ачуума чыдабай бат эле үйлөнүп алдым. Мени үйрүлүп күтөт, мүнөзү жумшак. Андан балалуу да болдум. Бирок тиги биринчи аялым эмне үчүндүр эсимен кетпейт. Кээде, сагынам. Ал, бул үйдөн жалгыз өзү эмес, менин рухий дүйнөмдөн бир үлүш бөлүп ала кеткенсийт. Ошон үчүн мен ал кеткенден бери өзүмдү бөксө сезем. «Ал мени таштап баса бергидей мен эмне кылдым» деп ойлоном…