САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: АК ЧАЧ ЖӨНҮНДӨ КИЧИНЕ ТАРЫХ

(Документалдуу аңгеме)

Кең-суулук мурдагы жоокер Орозобаев Казак баш киймин алган сайын төбөсүндөгү ак чачына эрксиз көзүм түшөт. Адатта, саамайга буурул түс кирип, андан кийин чач акырындап бүт агара башташы керек эле. Бул, албетте, биологиялык процесстин бир нече жылга созулган закондуу жемиши. Казак кырктан жаңы эле ашты. Бул чач агарар мезгил эмес. Ал эми анын төбөсүндөгү капкара чачтын бир бармак басым жери гана куудай аппак!

– Бу, сиздин чачыңыз кызык экен?

– Чач согушта агарган, – дейт ал.

– Кайсы согушта болдуңуз эле?

Казак аз ойлонду да «биле бербейсиң го» деген кебете менен сүйлөдү – Манчжурияда, япондун Квантон деген армиясын талкалаганда…

Кырк жыл өмүр сүрүп, карапайым элдин канын суудай агызган, бирок эки жума ичинде гана быт-чыты чыккан бул армиянын тарыхы мага белгилүү.

1945-жылдын 8-августу. Көзгө сайса көрүнгүс түн. Океан булуттары каптап, Хасан-Көл өрөөнүнө нөшөр төгүп турду. Согуштук кырдаал – жоокерлер уктоого жатышкан эмес! Айлана тынч, убакыт өлчөгөн сааттар гана, ага кошулуп бирдеме сезген жүрөктөн гана тыкылдайт.

Түнкү саат он эки. Бардык даярдык бүткөн. Казак өзү айдап жүргөн эки дөңгөлөктүү араба кошулуп, ага телефон аппараты, башка да жарылуучу запас буюмдар тыкан жайгаштырылган. Дайыма жаркылдап, куудул сүйлөп, жоокерлерди күлдүрүп жүрүүчү шайыр Савин алиде даярдыгы менен алек. Ал самурайларга арналган «лимондорун» жайгаштырууда.

9-август. Түнкү саат бир. Бирден эле репродукторлор ишке кошулду. Башкы командованиенин буйругу түндү жарып заңкылдады. Томоголор тартылып, кыраандар көкөлөдү. Заматтын ортосунда бүт тегеректи мотордун жана атылган замбиректин үнү каптап калды… Жер – көктү титиреткен алп күч самурайларды баса-көктөп, чар тараптан куушуруп бара жатты. Душман коопсуз деп ойлогон тоо-токойлордогу жыгачтар сулап жыгылып кызыл жоокерлерге жол берди.

Моденжан (Моданцзян) шаарын ээлеп турган квантондуктар каршылыктан кийин түштүктү көздөй бет алышты. Бул көрүнөө качуу эле. Самурайлардан бошотулган жерлерде шаарды көздөй арабалар кербени келе жатты. Булардын ичинде Орозобаевдин чакан арабачасы да, шайыр Савиндин арабасы да бар эле. Жолдо квантондук туткундар кезиге кетти. Баары баткакка оонаган мегилжиндей чамбулала…

– Биздин «сулуулар» ушундай тура! – дейт Савин жайраңдап.

Бир кезде алдыңкы арабада келе жаткандар, эки кишинин боортоктоп жылып, жолду кесип өткөнүн көрүп калышты. Кербен токтоду. Алар жылып отуруп камыш жабылган ээн фанзага кирип кетишти.

Савин арабасынан ыргып түштү да:

– Жолдош командир, – деди. – Мен япондорго бир да «лимон» бере элекмин. Уруксат этиңиз!

Командир солдаттарга фанзаны курчоого буюрду.

Дайыма алдыңкы позицияны эңсеген Савин, жалпы бөлүктүн шаңдуу жүрүшүнөн толкунданып, самурайлардын боортоктоп жылып баратканына күмөн менен карай алган жок. Ал фанзага жетип барды да эшигин булкуп ача койду. Ошо замат тапанча атылып, Савин жерге жата калгансыды. Жоокерлер фанзага ок жаадырып жиберишти. Айласы кеткен эки самурай чыгышып, «Банзай!» деп кыйкырышты. Колдорунда япондук кичине желек. Анан көздү ачып-жумганча койнундагы гранаталарынын жибин жулкуп тартып алышты эле, жарык дүйнөдө бир нече секунда гана тик тура алышты!

Жоокерлер фанзага жетип барышса, ачык мүнөз Савин эбак курман болгон экен. Арабадагы бейжай жоокерлер душман жеринде өзүн кандай алып жүрүү керектигин түшүнүштү. Кечке маал буларга кубаттуу прожекторлор жүктөлгөн автомашиналар келип кошулду. Жол баткак, жүрүш акырын. Согуш жүргүзүп жаткан алдыңкы бөлүктөр канчалык узап кеткенин билүү кыйын…

Савиндин бөөдө өлүмү Казакка катуу таасир берди. Өлүмгө башын байлап койгон япондук солдаттар жөнүндөгү укмуштай сөздөр эсине түштү. Бирок согуш деген согуш! Сен душманды өлтүрбөсөң, душман сени сөзсүз өлтүрөт.

Орозобаевдин арабасы эң аркадан келе жатты. Кеч кирип, каш карайды. Аркадагы машиналардын жарыгы караңгылыкты көзөп өтүп, арабалар кербенин даана көрсөтөт. Жол шаарга жакындаганда бир дөңсөөнү ашып өтүүчү. Ал эми дөңсөөгө чыга берсе, Моданцзян шаары даана көрүнөт. Казактын аты өөдө чыкканда дайыма тынып чыга турган. Муну жолдоштору билгендиктен ага көп кылчактачу эмес. Арабалар дөңсөөгө түн киргенде жетишти. Казак атын эс алдыра жүрүп, кербенден алысыраак калды.

Дөңсөөгө чыга бергенде бир дарбаза ачыла кетти да, Казактын арабасы ошону көздөй бурулуп калды. Казак аттарды жолго салмак болду, бирок ага бой берген жок. Аңгыча, арабада турган мылтыкты бирөө тартып алып, атты айдап короого тез киргизип жиберди. Бул албетте, өз кишилер эмес, душман деген ушу да, аңдып жатышкан. Казак арабадан секирип түштү да, дарбазага умтулду. Бирок дарбаза кайра бекилип калган болучу. Ал койнунан гранатаны алды да арабадагы жарылуучу заттарга ыргытып жиберди. Араба жак бир жарк эткенин билет, андан ары эмне болгонун сезген жок!

Катуу жарылуудан соң Казактын жолдоштору жетип келишти. Алар короодо талкаланган ат араба, өлгөн үч самурай жана эч жараланбай сулк жаткан Казакты көрүштү. Савин бере албай кеткен «лимонду» Казак бергенин жолдоштору дароо түшүнүштү.

Бир нече күн өткөн соң согуштук ооруканада Казак көзүн ачты. Кулагы укпайт. Бирок сестралардын, врачтардын токтоо кыймылы ага жылуу таасир берип жатты. Анын угуу нервдери катуу дүүлүккөндүктөн нормалдуу иштебей калган эле.

Бир күнү түн ичинде Казак чочуп ойгонуп кетти. Ага жарылуулар, укмуштай күркүрөөлөр угулган эле. Ал башын көтөрүп тынч көрүнүштү байкай койду. Демек…

Экинчи сентябрь күнү кулагы кадимкидей ачылып калган Казак, репродуктордон Япон империалисттеринин шартсыз тизе бүккөндүгүн жана бир канча миллиондогон адамдардын канын суудай агызган, экинчи дүйнөлүк согушту, биротоло аякталгандыгын өз кулагы менен укту.

Көңүлү көтөрүлүп, туулуп-өскөн жери эсине түшкөн Казак акырын барып күзгүгө каранды. Укмуш! Дал эле төбөсүндө бир бармак басым чач бүтүндөй агарып калган. Казак ары-бери каранды да, көпкө дейре ак чачынан көзүн ала алган жок. Чындыгында, миңдеген досторунун төккөн канына караганда, ал арзыбаган эле иш! Көрсө, ак чач чейрек кылымга жуук убакыт өткөн соң да, жырткычтар тобунун – Квантон армиясынын талкаланганын эске салаар белги болуп калган тура…