САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ГҮЛКАЙЫР

АҢГЕМЕ

Ар качан эртең мененки салкын абада өзүмдүн кунт коюп өстүрүп жаткан Гүлкайырыма, кишилерде болуучу зор мээримдүүлүктөн пайдаланып, эмгектенүүнү милдетиме алдым. Гүлкайыр мындан кыйла мурда жапан түздө жалбырагын кылтыйтып, болочок гүлдөрүн өзөгүнө жашырып турганын көргөм. Чегинен чыга жаздаган өзүмчүлдүгүм, аны мында көчүрүүгө мажбурлаган. Ошентип, ага тунук тоо суулары шылдырап агып жаткан арыгымдын кырынан орун бердим. Алда нече сабактар чыгарып, эркин гүл ачсын дедим. Көгү узара түшкөн ушул Гүлкайырдын жай мезгилинде биринчи гүл ачканы эсимде.

Күтүүсү жетилген Гүлкайырдын гүл ачуусунан мурда (табияттын чебердигин караңыз!) узарып калган жашыл жалбырактарынын түбүнө биринчи түйүлдүктөр пайда боло баштады. Ал куду нанды оозуна туура сугунуп алган кичине баламдын эриндерин элестетүүчү. Арийне, бул Гүлкайыр өмүрүмдөкү эң маанилүү иш! Күндө келип анын гүл ачуусун таакатсыз күткөндүгүмөн жанына өсө калган жапайы чөптөрдү жулдум, отогуч менен түбүн бошоттум. Эгер тим койсо инсанга пайдасыз – тез көктөп, гүлдүн тиричилигине ортоктош боло кетүүчү кадимки ыраң чөптөрдүн капарсыз өсө берерин жакшы билем. Чындыгында да, арам чөпкө караганда пайдалуу чөптөр күтүүмдү алда-канча артык талап кылат эмеспи.

Күн санап чоңоюп келе жаткан түйүлдүк, көзүмө нары тирүү, нары жалындуудай көрүнчү. Ал түгүл, менден бирдемени кызганып, кичине жалбыракчалары менен ортосун жаап жашырып туруучу. Бир күнү эртең менен арыктын тунук суусуна кумарым каңгыча жуундум да, адатым боюнча Гүлкайырыма келдим. Оо, дүйнө! Анын баякы түйүлдүгүнүн учунан ак гүл булайып чыгып келе жатыптыр. Бул мен үчүн айта калгыдай жаңылык болду. Өтө бир назик буюмдан кылдаттык менен жасалган ушул ак гүл, менин эмгектенген Гүлкайырымдын биринчи жеңишиндей сезилип, эбак унутулган нерселерди эсиме түшүрдү. Мүмкүн, мен ушул тоо этегиндеги өзүмө эң кымбат болгон жаңы дүйнөгө жыпжылаңач келип жатканымда, биздин үйдүн тегерегинде гүлдөрүн булайтып ушундай Гүлкайырлар жайкалып тургандыр. Мүмкүн бул, ошол Гүлкайырдын үрүмбутагыдыр. Бул ырас, эч кандай катасы жок! Эс тарткандан баштап «жарык дүйнөсү ушул турбайбы», деп кичине көздөрүм менен эки жагымды карагам. Мына ошондо, аппак гүлдөрү менен ушул Гүлкайырдын алдыңкы муундары мага дапдаана көрүнгөн.

Булайып чыгып турган ошол биринчи Гүлкайырымды астейдил карай чыкканымдан кийин, ага мурдакыдан да күчтүү ашык болуп калдым. Анткени, ал өзүнө деген үмүтүмдү актаарын далилдеди. Акыры, Гүлкайырымдын биринчи гүлү да толук ачылды. Чети кооздолгон фаянс чыныларын элестеткен нары назик, нары мээримдүү гүл коругумда элдин көөнүн бөлүп, жайкалып турууга тийиш. Мен ага деген эмгегимди аябастыгым керек. Алиде, копшутуум, алиде, арам чөптөрүн жулуум зарыл.

Кыйла күндөр өткөндөн кийин быжыгыр жашыл жалбырактар арасында сабакты бойлой ачылган гүлдөр сансыз болуп кетти. Чар тарапты караган гүлдөр өзүнүн назиктигинен бардык жандууларды баарман кыла баштады. Башка кенже сабактар да гүлүн ачып, ошол орунда тоонун эркин желине теңселген табигый гүлдесте пайда болду. Алар барган сайын жанданып табият дүйнөсүндө түбөлүккө жашоону көздөп, кулпунуп, толукшуй түштү.

Жай мезгили ортолоп калды, барган сайын фаянс чынылар көбөйүп, сабактын учун көздөй талпына ачылышты. Бирок өзүм сүйүп кымбаттаган биринчи гүл, жашоосуна кажет болгон бардык нерсесин табият алдына тарта турса да, эмнегедир эскире баштаганын байкадым. Ошондо да анын биринчи болуп ачылгандагы көңүлүмдү толкутканы алиде өз кымбатын сактап, жүрөгүмдө турат. Ал өзү эч кандай кудурет күчү ажыратып калалбаган табияттын сырын жакшы түшүндүргөндүктөн болсо керек, гүлдөрүнүн соолуганына карабастан, тиричилигин мүлдө таштап койгону жок. Анда кайраттын, уландуу тымызын кыймылы жүрүп жатты.

– Мен гүлдөрдүн кандай болуп ачыла тургандыгын элге биринчи болуп көрсөттүм. Эми гүлдөр ачыла берсин. Гүлдүн кооздугунан наар алам десең менден жогору кара! – дегенсип көрүнөт.

Менин көңүлүмдө арийне:

– Сага чын жүрөктөн ыракмат! Сен гүлгө деген моокумумду биринчи болуп кандырдың, – деген пикир пайда болот.

Бул пикирдин жалпы эмес экенин да өзүм сезем. Гүлдөн бал соргучтардын менин оюм менен эсептешип отурууга убактысы бар бекен? Адатта, учуп жүргөн бир аары өзү конгон гүлүнүн ширесин соруп болгон соң, анда эми лаззат калбаганын менден жакшы билет. Аны эң кудуреттүү үгүтчү болуп да өзүм сүйгөн гүлгө келтире албаймын.

Бир күнү карасам жайнаган фаянс чынылардын эң төмөнкүсү– баякы биринчи гүлүм бүрүшүп мүлдө солуптур, анын тиричилиги эми токтогонун билдим. Ошондо да ал мага кадырман! Дагы бир күнү эмгектенүүгө келгенимде, биринчи гүл эң акыркы мезгили жетип жерге түшүптүр да, анын ордуна төө тапандын түбүндөй тегерек «топчу» калыптыр. Бир кездери гүлдүн түбүнө сөөнч болгон кичине жалбыракчалар эми дагы бирдемесин менден жашырып, ичине катып турду. Аны тынч койдум, ал акыркы жолу бир акылын кызгангансыйт. Ал эми сабактын баш жагында болсо, жайнаган фаянстар жарыша ачыла берди.

Күз айлары кирип, күн сууй баштады, сабактын эң учундакы түйүлдүктөр да чоңоюп гүл ачууга энтеледи.

Биринчи карлар тоо башына түшкөндө да Гүлкайырларым, бапестеп баккан жеринде аппак гүлдөрүн ачып жайнап турду. Бул көрүнүш мага кээ бир кишилердин чачына ак кирип, тегереги суук тартса да, көңүлү гүлкайырдай жайнап турарын элестетүүчү. Суук жел согуп, мөндүр аралаш жаан жааган түндүн эртеси да Гүлкайырларым кадимкисиндей кулпуна ачылып, алыстан көз тартып турду.

Кермек эрмендер жалбырагынан ажырап, сары куурайлары гана калды. Эртең менен жер боз кыроо түшүп, сагызгандар чакылыктай баштады. Ага карабастан Гүлкайырымдын акыркы түйүлдүктөрү да гүлдөрүн ачты. Эң биринчи ачылган кымбаттуу фаянстан бери төрт-беш ай өтсө да, сабактын боюна бүткөн түйүлдүктөр улам жогорулап уландуу гүл ачты. Гүлкайырдын кооздугунан мен да уландуу баарман болдум!

Кийинки мезгилдерде, биринчи ачылган кадырман Гүлкайырдын түбүндө калган тегерек «топчусу» бышып жетилгендиктен, ондогон жаңы уруктарын чар тарапка тарсылдатып чачып үлгүрдү. Ал, биринчи көңүл кубанычы болуунун тышында, келерки жайында алда нечелеген Гүлкайырлардын жарык көрүшү үчүн да кам жеген, эң мээримдүү фаянс болгон тура! Ал эми сабактын эң учундакы түйүлдүк өзүнүн жаш гүлүн ачып, алиде жайнап турат. Бул менин эмгегимдин жемиши. Анда нече кыш келсе да ушул Гүлкайыр түбөлүккө тозбочудай. Келерки жылы жайында да Гүлкайырлар ачылат, эл ичинен мен өңдүү гүл сүйгөндөр да табылат, бирок өзүмдүн киндик каным төгүлгөн жеримден көргөн биринчи Гүлкайырым – өмүрүмдүн акырына чейин көз алдымда жайнап, кулпуна берерине күмөнүм жок!