САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ДОС ЖАНА ГАЗИК

АҢГЕМЕ

Узакка созулган ооруга кирептер болдум да, кызматыман бошонуп айылга келдим. Эни бир чакырым, узундугу он нече чакырым келген Көк-Терек токоюнун бир бурчуна үй салдым да, бала-чакам менен узагыраак дем алууну көздөп туруп калдым.

Апрель айынын аяк ченинде токойдоку моюлдар кудум ак сирень өңдүү быжыгыр ак гүл ачып, чар тарапка атыр жытын бүркө баштайт. Эртели-кеч жыш өскөн моюлдарды аралап, таза абадан кангыча жутуп, үйгө кайрылам. Врачтардын кеңешинин эң бир майда-чүйдөлөрүнө чейин аткарышым керек. Элдин баары жазгы өндүрүшкө киришип кетип, кийинки күндөрү аздап зериккеним болбосо, турмуш өз алынча көңүлдүү өтүп жатты. Бирок жай жаанчыл болду да кызыл жүгүрүгүмдү козгоп жиберди. Күн бүркөлдү болду, мен дагы салынуу турган төшөгүмө келип кыйшаям.

Шаардык досум Хусайынов почта аркылуу Эмиль Золяны салып жибериптир. Эртели-кеч эрмегим ошол болду, окуп жата бердим. Ден соолук бирде жакшы, бирде жаман дегендей олку-солкулук менен күндөр өтүп жатты.

Бир күнү биздин үйдүн батыш жагындакы кара жол менен бир «газик» зырылдаган бойдон өтө чыкты. Мен китеп окуп эшиктин алдындакы кайыңдын дүмүрүндө отургам. «Булар ким болду экен? Басма сөздөрдө кийинки күндөрдө, элдин турмушун жакшырта түшүү маселеси коюлуп жаткан эле, мүмкүн, алыскы айылдарга кишилер келе баштаса керек», дегенди ойлодум.

Айтканымдай эле менин оюм ордунан чыкты – эртеси кошунам келип мага мындай кабар айтты:

– Жогорудан үч киши келиптир, көчөкү машина ошолордуку экен.

– Алар кимдер экенин сурап билдиңизби?

– Жок, айтор ичинде бир кыргызы бар деп уктум.

«Кыргызы ким болду экен? Жогорудагы кыргыз кадрларынын көбүн жакшы билем. Баары менен өз кезинде ынак дос элек. Мүмкүн, ошол достордун бири чыгаар, бир сүйлөшүп алат окшоймун», деп кубанып да калдым. Аңгыча жергиликтүү активдин бири келип, жай-маанисин ошол айтты: элди аралоо максатында жогорудан үч киши келиптир. Анын бири Шакен деген жигит экен. Калган экөө башка улуттардан болсо керек.

– Сиздин атыңызды айтып, ошол кыргыз жигит кеп сурады, – деди ал.

– Мен Шакенди жакшы билем, – дедим (байкоосуз, эптеп мактанып да алдым окшойт). – Ал анда мени издеп келбей койбойт. Кыйбас достордун бири да…

Тигил адам ошол меймандарга бараарын укканымдан кийин, ага мындай деп тапшырдым:

– Мен жөнүндө айтыңыз. Ден соолугу жакшы болуп келатат, сизди жолдоштору менен келет деп күтүнүп жатат. Бир чер жазышып алалы, досторду сагындым, – ушул сөздөр оозуман чыкканда көңүлүм да көтөрүлдү.

Шакен жолдоштору менен бизге келээрин аялыма салтанаттуу кабарладым да, өзүм айдаган жашылчалардан жулуп келдим. Үйдө аз да болсо эт да даярдатып койдум. Чынында да достор менен дуулдашып бир отурууну көптөн эле сагынып жүрөм. Ушул Шакен менен да көп ирет бирге болгонбуз. Жекшемби күндөрү шаар четиндеки токойго барып тамаша кылаар элек. Кымыз, козу, «каз моюн» ала чыгып, кечке чейин сейил куруп, жарпыбызды жазып, жыргап кайтчубуз. Ал эми кээ бир жекшембилерде Шакен бала-чакасын алып биздин үйгө келчү да, кеч киргизип, бирер кино же концерт көрүп, анан үйлөрүнө кетүүчү. Өтө караңгы же жаандуу күндөрү боло калса, мага күлө карап туруп (анын сүйкүмдүүлүгүн жакшы көрөм) мындай дечү:

– Аксакал, арабаңызды кошпосоңуз эле бизди кетире албайсыз.

Анын «араба» деп тергегени мекеменин газиги. Шоферду чакыртчумун да, конокторду жеткизип коюусун өтүнүчүмүн. Ал күндөр өз алдынча, эми болсо башкача. Алыстан келген ошондой дос үйүңө кирип сыйыңды көрүп, моокумуңуз канганча аңгемелешип кетсе, курган жандын бир жадырап калмасы бар эмеспи. Биз үй ичибиз менен эртеси кечке Шакенди күттүк.

Бирдеме гүр десе болду – эшикке чыга келебиз. Сүйүктүү коногун ким алдынан чыгып алгысы келбейт. Бирок Шакен ал күнү келген жок. Мүмкүн, менин мында экенимди билбеген чыгар… Жок, ал билди. Бул жерде ким эле болсо мени ага айтып бере алат. А балким, анын колу тийбегендир, кызмат адамын бирдеме дешке да болбойт. Мейли, элдик иш менин ишимен алда-канча артык, иши кылып элдин ишин иштесин. Ылайым көп убактысын ошого жумшасын. Кечинде баягы адам жолугуп калганда, айттырган саламымдын учугун сурап калдым.

– Айттым, – деди ал, – абдан тактап үйүңүздү да айтып бердим.

Мен жөнүндө тактап билгенин уктум да, анын келе албаганын кызмат жайы жагына күчтөп эле оодарып таштадым. Антпесем көөнүм да тынчыр эмес!

Эртеси да болду. Мен баягы кайыңдын дүмүрүндө китеп карап, бир жагынан досумду күтүп отура бериптирмин. Бир кезде газиктин тааныш үнү кулагыма шак дей түштү. Мен үйдү көздөй бастым, аялым баласын көтөрүп (Шакен жокто дагы бир бала туулган) жолго чыга калды. Бирок газик корообуздун алдынан теңселип өтө чыкты. Эгер дос сагынган көздөрдө кудуреттүү бир кубат болсо, анын дөңгөлөгү тып эле туруп калмак. Биз тек машинанын артынан чыккан чаңды жутуп, карап кала бердик. «Шакен жол боюнда турган аялымды таанышы керек эле, машинада ал жок болсо керек!» – деп өзүмдү жаңыдан сооротоюн дегенимче, газик узап барып негедир токтоп калды.

Аялым мени карап күлүп жиберди. «Баса, билбей өтүп кетти, кантип эле Шакен сенин абалыңды бир сурабай зыр коюп өтүп кетсин» дегенсиди.

Газик токтогондон кийин айылдагы балдар чымын-куюн болуп машинаны көздөй чуркап калышты. Машинанын каалгасы ачылып, андан кара костюм кийген киши чыкты. Тышкы тулкусунан эле анын Шакен экенин биле койдум. Шакен биринчи барган чоңураак баладан бирдеме сурагандай болду. «Сөзсүз биздин үйдү сурап жатат!» – деп ойлодум мен. Жок, бала Шакендин сөзүн уккандан кийин колу менен жаңсап биздикин көрсөтпөдү, кайра колун төбөсүнө алып уялгансып ары толгонуп кетти.

Шакен ары басып, зеригүү менен ары-бери карады. Анан чөнтөгүнөн сигарет чыгарып, машинаны карап туруп тамыза баштады.

– Барсаңчы, – деп аялым жанымды койбойт.

Мен унчукпай эле Шакендин бардык кыймылын алыстан карап тура бердим. Машина «гүр» этти да, артында чаң калтырып жүрүп кетти. «Эми төмөн барып кайра келээр!» деп ойлоодон уялдым. Байкуш аялым ыйлап жибере жаздап, үйгө араң эле кирип кетти. Мен кайыңдын дүмүрүн көздөй бастым. Эмне китеп окуй алайын, китепти таштадым да, токойду көздөй кеттим. Жерден сызылып чыккан кара суулардын жээгин жашыл дукаба өңдөнүп оңорчок каптап кетиптир. Шилби менен бөрү карагат өскөн бир аянтчада аз турдум. Анан колума урунган чөптөрдүн башын кармалап, кайра келатып, тезек талашып, өлө жаздап чыйкылдашкан эки сагызганды көрдүм да, андан бетер көңүлсүз болдум!

Мына ошол бойдон Шакенди көрбөгөнүмө бир-эки жыл өтүп кетти. Ден соолугум жакшырып, өз кызматыма келип да кириштим. Кат алышып турган досторум чын жүрөктөн тосуп алышты. Бир күнү, жекшембиде бала-чакасын ээрчитип, Шакеним кирип келди. Анын мүнөзү мурдакыдай, жайдары.

– Ой, салоомалейкум, аксакал, саламат келип калдыңыз. Жомоктогу периштедей бирде кайып болуп, бирде бар болосуз. Келген кабарыңызды угаарым менен салам берейин деп жетип келдим…

Биз меймандарды кучак жайып күтүп алдык, бирок аялым:

– Шакен автобус менен келдиңерби? – деп сурап калды. Ай, ушул аялдардын кекчили, ай! Мен сезе коюп көзүмдү кысып «козгобо!» дегиче болбой. – Баса, газик менен келсең, үйдөн өтүп кетээр белен, – деп салганы.

Амал канча, бул жерде Шакенбайды кызартуунун зарылдыгы аз болучу.