САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: КАЙТЫП КЕЛҮҮ

АҢГЕМЕ

Сереңбай деген жигит Кашымды көп урат. Кашым болсо, айылдагы кадыресе келиндердин бири. Бирок ал өзүнүн күлгүн жаштыгын, туңгуч сүйүүсүн арнап деп коёлук… Сереңбай менен жашаганына беш жылга аяк басты. Бул беш жыл – чындыгын айтканда, өзүн чырмаган, бактысыздык жылдары болду. Ал эми Сереңбайдын өзү барып турган эси жок жигиттерден эмес. Жүрүм-туруму, айткан сөздөрү башка жигиттерден көп айырмаланбайт. Анын бир эле «арзыбаган» жаман адаты бар – ичет!

Ал ичип үйгө келип, босогодон теңселе аттаганда, Кашым кекиликтей жорголой баштайт. Бир кездери жорголобой, шакылыктап сайрап да көргөн. Азыр болсо жорголоп өзү да көндү, башканы да көндүрдү. Эгер жаза тайып Сереңбайдын көңүлүнө кыпындай эле жик кетирдиби, алды менен ыргытылган бир буюм бир жерине шак дей түшөт да, анын артынан эле чачы Сереңбайдын салааларына оролуп, кабыргасына дүпүлдөп муштумдар тие баштайт. Кашым чыңырат. Чыңырган сайын муштум жейт.

Үйдүн ичинде ары томолотуп, бери томолотуп, омдоп-домдоп алгандан кийин Сереңбай акактап эшикти көздөй жөнөйт. Кашым болсо өзүнүн тайкы тагдырына миң бир наалат айтып, чырылдап ыйлаган баласын бооруна тартат. Соорото баштайт.

Кошуналарынын айтаары: «Кашым байкушта эмне жазык!» дешет, бирок бир да бирөө буга жооп болорлук түйүндүн учун таба алган жок. Алардын көндүм адаты башкаларды да көндүрдү. Элдин көнбөскө эмне чарасы бар, эгер бирөө Кашымга болушса, Кашым эки эсе таяк жейт. Эч ким болушпаса, Кашым өзү чыңырбаса эле таяк аз болот. Муну айыл-апанын баары билет. «Баякы ит иттигин карматып жатат, ээ!» дешет да тим болушат.

Кашымдын жүрөгүн уялаган тилектин бири: Сереңбайдын эси кирип, жакшы кишиге айланышы. Уруп-тилдегенди коюп, эл катары үй-бүлө күтүшү. Бирок Кашымдын бул жакшы тилеги узак жылдар таш капты. Бала экиге чыкты. Төрөгөн соң ырыстуу болормун деп, баланын атын Ырысбек койду. Бирок ал эрди-катындын ынтымагына данекер боло алган жок. Анын үстүнө кийинки эки-үч жылдан бери үйгө бир дагы жаңы кашык сатып алынган жок. Эл турмушун жакшыртуу үстүндө. Жадагалса, эркеги жок жесир аялдардын турмушу да кадыресе. Ал эми Сереңбайдын турмушу жакшырбайт, бир орунда турат. Тагыраак айтканда, бир орунда туруу – акырындык менен артына чегинип, ирип-чирип, баратат дегендик эмеспи!

Кашымдын төркүнүнүн оокаты орточо кишилер. Алар да Кашымдын башынан өтүп жаткан кордукту билишет. Бирок Кашым аларга өз турмушу жөнүндө арызданып, бир ооз сөз менен болсо да кайрылганын эл билбейт. Ал түгүл, бети-башы көк ала болуп, кордук тамгалары басылганда да, төркүнү жактан каттаган бирер кишинин төбөсү көрүнсө, боюн жашырууга тырыша турган. Өз оозунан бирдеме укпаган соң, күйөөгө бир бергенден кийин,анын артынан эгедерчилик кылып кожоңдогонду төркүнү ылайык таппады.

Эмгек акы таратылып жаткан бир күнү Кашым Ырысбегин көтөрүп кассага келди. Өзүнө жыйырма жети сом тийди, ал эми Сереңбайга он сегиз сом чыккан экен, аны баертен эле алып жолго түшүптүр. Муну билгенден кийин, Кашым таяк жей турганына эртең мененки күндүн чыгаарына кандай ишенсе дал ошондой ишеним менен үйүнө келе жатты. Ун түгөнгөн. Кашым үйгө келээри менен Ырысбекти калтырды да мүшөгүн колтугуна кысып, дүкөндү көздөй лыпылдай басып жөнөдү.

Дүкөнгө кирип келген Кашымдын жүрөгү шуу дей түштү. Анткени, кара күрөң тарткан Сереңбай шапкесин көзүнө кийип, сол колун койнуна катып, он колунун манжалары менен тамекинин түбүн чымчый кармап, кишилерден оолак, тамга сүйөнүп турган болуучу. Мындайда ал өзү ооз ачып бирдеме айтпаса, Кашым мүлдө унчукпайт. Кайдигер кишини көргөндөй болот.

– Эмнеге жетип келдиң? – деди Сереңбай Кашымга үлүрөйө карап.

– Ун, ун алып алалы…

Сереңбайдын шишимик жүзү Кашымды карап турду. Ар бир кишинин жүзүндө бир түрдүү ысык нур болот. Ал эми мунун өңүндөгү нурду болсо, арак жууп кеткен. Ал ошол өң менен Кашымды бир аз карап турду да, чыпалагы менен тамексинин күлүн түшүрүп, дүкөнчүгө кайрылды:

– Биринчи, экинчи сорттогу ундан барбы?

– Бар.

– Кайсынысын аласың? – деди Сереңбай Кашымга. Мунусу элдин көзүнө оокат-жай жөнүндө аялы менен кеңеше турганын билгизген эле.

– Экинчи сорттогу унду эле алалы, – деди Кашым да сыр билгизбей. – Үйдө жарым мүшөктөй биринчиден бар эмеспи, кесмеге…

Чындыгында мындан бир күн мурда эле мүшөктү кагып нан жасаган. Ошентип, булар дүкөнчүнү ээрчий чыгышты да, ун койгон кичине кампадан экинчи сорт бир мүшөк ун алышты. Кашым акчасын төлөп жатты. Сереңбай таш жанында турган көкбашынын атын алды да, унду өңөрүп, үйүн көздөй бастырды. Шудуңдай басып жанында Кашым да келе жатты.

– Канча чыгыптыр? – деди Сереңбай Кашымга карабай кетип бара жатып.

– Канча чыгыптыр дейсиңби? Жайырма жети сом. Саачы? – деди Кашым билип турса да.

– Он сегиз…

Учурдан пайдаланып Кашым кыйтты:

– Ырысбекке батинке алып бересиңби. Кийип жүргөнүнүн такыр тамтыгы жок.

Сереңбай буга жооп берген жок. Тамекиси жамажайында, алды жагын сүзө карап кете берди. Ал үйгө жетээри менен унду түшүрүп, тышкы үйгө киргизип берди да, атына минип, дүкөндү көздөй бастырды. Кашым Ырысбекке печенье, чай ала келмек беле. Бирок күйөөсүн көргөндө баарын унутту. Муну ал үйдө жалгыз калганда гана эстеди. «Арак ичпесе адам өңдүү, ичсе эле жинди болуп чыга келет!» деп ойлонду Кашым. Чындыгында бул ой жалгыз Кашымдыкы эмес, тегерегиндегилерден да ушундай ойлогондор бар. Алар: «Кайран бала бузулду!» – деген сөздү да кошушат. Ал эми ага аракты койгузууга болобу? Бул жөнүндө азырынча бирдеме айтпай туралы.

Азыркы кезде ал өзүн турмуштун кулуна айлантып койгон киши. Турмуш жандайт экен, бешенеме ушул дегенсип, ошол жакты көздөй илбийт. Ал эми оокат-тиричиликтин тамырын кармап, аны-мунуга көз жүгүртүп, сабак алып, кайра турмуштун ич-койнуна кирип, сырын билип, анан аны өзүнүн жакшы жашоосун көздөй бурууга анын кудурети жетпейт. Эби келбестик, жалпы иштин оңуна тартпастыгы – мына ушунун бардыгы ал үчүн өзүнүн тагдыры, тагыраак айтканда, башынан өтүүгө тийиштүү болгон өмүрүнүн кезектеги баскычтары болуп эсептелет. Сереңбай буга илгерки молдолордун муриттеринче ишенгендиктен, акыл айткан кишилерди иттей жек көрүүчү. Болбосо аракка берилүүнүн бир себеби, жашоодон үмүтсүздөнүү экенин ар ким эле билет эмеспи. Акыл айткан киши барган сайын сейрек боло баштады. Кээде, ал өзү таптакыр сайда жок киши өңдөнүп, башкалар менен катышпай да кала турган.

Кечинде, күүгүм киргенде, көң алууга чыккан Кашым тээ, алыстан эле күйөөсүнүн темтеңдеп келатканын көрдү. Жүрөгү дүпүлдөп, чылапчыны колунан түшүп кете жаздады. Кашым үйгө кирди да, уктап жаткан Ырысбекти колуна ала койду. Бирок өзүнүн эртерээк камынып алганын ойлоп баланы кайра жаткырды. Али алыс, жакындай элек. Сереңбай теңселип эки колун эркинче таштап, жер карап, абаны сүзгүлөп короого келди. Терезенин тушунан өтүп баратканда Кашым да камынды. Анын камынганы эле: Ырысбекти жулкулап ойготуп жиберип, алдына алып отура калуу.

Эшик акырын ачылды да, Сереңбай үйгө кирди. Эшиктен алгач кирип келаткансып, Кашымдын бүткөн бою дүркүрөдү. Бала да ыйлабайт, бирдемени сезип, коркок көздөрү менен экөөнү алмак-салмак карайт.

Сереңбай теңселе басып төргө барды да, мындан ары жол барбы, жокпу деген кишиче туруп калды. Анан жанын сыйпалап, чөнтөгүндөгү кулдуйган бирдемени чыгара албай чукулай берди.

– Ка-ашым, Кашым дейм…

– И, эмне? – деди Кашым акырын гана. Уруштун учугу ушундан башталат. Унчукпай койсо андан бетер жаман.

– Эми-не? Ба-тин-ке! – деди да, солк этип ыктытып коюп, күрөң ботинкасын сууруп чыкты. – Кана, жаңкы биздин бала…

– Мына, Ырысбек менин алдымда отурат, – деди Кашым. Анан балага карап: – Карачы, Ыкен, папаң саа батинке алып келиптир, татынакай, – деп жиберди.

– Ырысбек… бекпи, ыя?… Бек болсун… – Ал отура кетти.

Сереңбай кыйшая кеткенде Кашым эсин жыйып, балага ботинкасын кармата салды да, Сереңбайдын башына жаздык койду. Секең бат эле коңурукка кирди. Ал коңурукка киргенде Кашым да колдорун соймоңдотуп, тигинин чөнтөгүн аңтара баштады. Чанда боло калуучу мындай учурду ал колдон чыгаруучу эмес. Ушул жол менен болсо да бир бөтөлкө арактын акчасын ажыратып кала алса, эч болбогондо он күндүк чай, туз болот. Кашым чөнтөктөрдөн жыйыштырып беш сом сексен тыйын алды. Мас киши ар качан да акчаны чогуу бир чөнтөккө салбайт. Бир жаман жери, Сереңбай өлө мас болсо да жанында канча акча калганын сергигенде эсине келтире алуучу. Кашым муну ойлоп да коркту. Баары бир эртең баш айыктырыш үчүн бир бөтөлкөлүк бирдеме жанында калышы керек. Антпесе Кашымдын чай-туздук акчасынан да тартып алат эмеспи. Ал эки сом элүү тыйынды алды да, калгандарын бөлүп-бөлүп Сереңбайдын чөнтөктерүнө салып койду. Анан ундан ашкан өзүнүн акчасына аны кошуп, тышкы үйдөгү эски-ускулардын арасына катып таштады.

Эртеси эртең менен Сереңбай күркүлдөй жөтөлүп, ары карап көпкө чейин турбай кийимчен жата берди. Эмнегедир бирдеме жөнүндө терең кайгыга баткансыйт. Кашым чайын дайындап, Ырысбекке жаңы ботинкасын кийгизип жатты. Ырысбек атасы үйдө жок өңдөнүп, аны капарына албай ары-бери басып кубанганы менен башка бирөөнүн киймин кийгенсип, кандайдыр кичинекей жүрөгү дүпөйүл. Атасы жаткан капшыт жака жолобойт. Бир кездери Сереңбайдын жакшы көңүлү кармап турганда алып берген кичине машинасын бул күнгө чейин бузбай ойноп жүргөн. Азыр да ошону алып, үнүн катуу чыгарбай ойноп жатты. Качан Сереңбай үйдөн кеткенде гана бала болсо да өзүн, өзүнө кошуп мамасын жакшы көрө турган.

Сереңбай кыймылдап койду. Кашым да Ырысбек да ага карап калышты. Бирок ал кайра тим жатып калган соң беркилер да өз иштери менен айланышты. Бир кезде атчан киши терезенин түбүнө келди да:

– Сереңбай. О-о Сереңбай!– деп чакырды. Бул бригадир болуучу.

Сереңбай башын көтөрүп Кашымга жаңдады.

– Чыкчы…

Кашым эшикке чыгып баратканда «үйгө түш де» – деген сөздү кошту Сереңбай.

Бригадир үйгө кирди.

– Ии, баатыр, жинин алдырган бакшы болгонсуң го кыязы…

– Кечөө жетилте ичип коюпмун.

– Ошондой, теңселип келатканыңды көргөм. Ферма сени сугатка чыксын дейт. Бараласыңбы?

– Бүгүн кайдан барам, – деди да Сереңбай чөнтөгүн аңтара баштады.

– Кашым бирдеме алып кел, тур. Башым баш болбой калыптыр.

Бригадир мына ушуну күтүп келген. Ал бул сөздү уккандан кийин жайланып отурду да, ферманы жамандап кирди.

– Бир оңбогон немеге кез болдук. Элди жашасын деген нээт жок. Мен айттым, Сереңбай сугатка жарабайт деп…

Кашым бригадирди жек көрө турган. Ал азыр мында ферманы жаман көргөнү менен, ферманын алдына барганда Сереңбайды же бир башка жумушчуну оозу-мурду кыйшайбай туруп жамандай берет. Муну элдин баары билет. Сереңбайдын чөнтөгүнөн акча чыгаарын күтүп Кашым эшик түбүндө бир аз буйдалды.

– Кечөө…–деди да Сереңбай акчаларын жыйнаштырып Кашымга сунду. – Кечөө Бокбасар да жакшы кетсе керек эле. Бир кезде тааныбайм, айтор, бир жигит жалпактап, абакелеп болбой жатып бирди алды. Аны-ы ичип отурсак, кой десе болбой жатып Жолболду бирди алды. Анан дагы, дагы бирөөлөр алып жаткан. Бир аз кызыдым окшойт. Ичким деле келген жок болуучу, мына бу Ырысбекке батинке алайын деп барып, кабылдым окшойт…

Өтө ырааттуулук менен айтылып жаткан бул сөздөр калп болуучу. Ар бир арак алган кишини зордоп, ага кадыр-көңүл салып, таарынып-урунуп, колдон келген бардык амалды иштетип жатып алдырган.

– Бокбасарга баертең барсам, сен өңдөнүп ал дагы башым деп жатат. Катынын дүкөнгө чуркатып, болбой жатып бирди алгызды, – деди бригадир. – Анын да ишке чыгалаар түрү жок… Сугатка кетти деп коёюн, эртең шартына карарсың…

Сереңбай буга унчуккан жок. Кашым келгенден кийин чай берилди, арак да куюлду. Аракты куюп жатканда Сереңбайдын колу калтырап, стакандын оозу бөтөлкөнүн оозуна тийип шыңгырап турду. Булар эшикке чыкканда ферма башчысы көчөдө кетип бараткан. Ал буларды көрдү да, бери бурулду. Бригадир да, Сереңбай да ыңгайсызданып күйпөлөктөшө кетти.

– Кана, сугатка баргының? – деди ферма башчысы Сереңбайга. – Түш болду, эмгиче үйдө отурасың. Алты саның аман, ден соолугу жакшы жигит да сендей болобу? Башка жумушчулар өңдүү иштеп акча табышың керек да. Карачы, мындан үч жыл мурда үй салам деп жыйган таштарың эмгиче жатат. Ушул фермада сенин үйүндөн башкасынын барыныкы жаңы. Же бир жаш бала эмессиң, акылы токтоло элек дегендей…

Кашым үйдө отуруп бул сөздөргө табасы канып жатты.

– Мына азыр, – деди Сереңбай дулуюп.

– Кечөө кечке чейин дүкөндүн жанында арак ичип отурдуңар, азыр эси бар сендей киши тапканын аракка түгөтөбү? Турмушуң болсо бул, деги сен үчүн элден мен уялып жүрөм. Минте берсең бир күнү бармагыңды тиштейсиң. Айт дедим, эмне керек болсо берейин. Кирпичиңди куй да, үй салып ал дегеним качан? Же мен салып берейинби?!

– Үй керек болсо, өзүм салып алам, –деди Сереңбай кыжыры келип, – Иштесем өзүм үчүн иштеймин, эч кимден токоч сурап да барбаймын…

– Көрчү, мунун акылын, – деди ферма башчысы. Менден келип токоч сурайт деп жаткандырмын. Көп сөзүңдү кой, үй сал. Оокатыңды… түзө, эл катары бол. Тил албасаң өзүң бил!– деди да ферма башчысы өз ишине бастырды. Бригадир болсо ферма уксун деп:

– Эртерээк бар дебедим беле, азыр да кете бер. Мен кийин барып текшеремин, – демиш болуп ферманын артынан сороктоп желдирип калды.

Сереңбай үйгө киргенден кийин дулуюп отуруп алып, бышылдап өтүгүн чече баштады. «Бул жатканы жатса керек!» деп ойлогон Кашым төшөк, жаздык алып келатты.

– Тарт, ары! – деди Сереңбай акырая карап. Анан ал өөдө туруп шымын чече баштады. Кашым түшүнбөй, Сереңбайдын оозунан эмне чыкса ошону орундоого даяр турду. Бирдеме башталып кетпесе экен дегендей жалтактап Ырысбек да ата-энесин алмак-салмак карай берди. Сереңбай чечинип, дамбалчан калганда кыйкырды:

– Эмне турасың, алып кел, жаман шым менен ырзынке өтүктү!

– Сугатка барасыңбы?

«Анан эмне, тойго барат дейсиңби!» дегенсип Сереңбай Кашымды дагы алая карады.

* * *

Жүздөгөн гектар жүгөрүгө суу жайылгандан кийин кара-көк тартып такталанып, жапырт бой көтөргөнсүйт. Сереңбай аттап басып кулак ачат. Суу бороз менен көлкүй агып аркы башына жете бергенде, ал эң мурда ачкан кулагын барып бекитет. Анан кайра келип жаңы кулак ачат…. Күн бешимге таянган кезде Сереңбай түшкү тамакка кайтты. Ал күрөгүн жүгөрүнүн арасына сойлотуп салды да, өтүгүн жууп, тамеки тартып, арыктын жээгинде бир аз турду. Тээ алыста эмнегедир эл үймөлөктөшөт. Үйүнө баруучу жолдон бурулуп Сереңбай ошону көздөй басты. Ал жакындаган сайын байкады, машина оодарылган – авария!

Сереңбай булардын жанына келгенде бүткөн бою дүркүрөп коё берди. Оодарылган машина эмес, прицеп сүйрөгөн трактор. Тракторист өз айлынын баласы. Аны жакшы тааныйт. Далай жолу бирге ичишкен. Жолдун жээгиндеги аңга кулаптыр. Трактордун төрт дөңгөлөгү асманды карап жатат. Прицеп да аңтарылыптыр. Кишилер трактористти сүйрөп ары чыгарышыптыр. Анын сол колу жогору көтөрүлүп, бирдемени чапчымакчы болгонсуйт. Жылаңбаш. Бети киши таанылгыс көпкөк. Көзү бакырайып асманды тиктейт. Оозунан кан сызылып агып жатат. Жапжаңы кара плащынын чөнтөгүнөн «Прибой» тамекисинин бурчу чыгып турат.

– Кайран бала! – деди көк башы көз жашын аарчып. – Баертең эле жадырап дүкөндүн алдынан жолго чыккан. Бир бөтөлкөнү ичип, дагы бирди…

Сереңбай бул сөзгө кулак какпай басты. Эмне экенин билбей делдиреп, өлүп жаткан трактористтин жанына барды. Аңгыча алыстан эле ызы-чуу башталып, аттуу-жөндүү кишилер келе жатты. Тирилтип алчудай шудундашып, алар бат эле жетип келишти. Жигиттин атасы, агасы. Дагы тууган-туушкандары. Сереңбай мындай окуяны уккан менен көрө элек болучу. Кандайдыр эси көтөрүлгөнсүп, жүрөгү дүкүлдөп, бир түрдүү болуп баратканын сезди. «Кой, кетейин, – деп ойлоп ары басты Сереңбай. – Киши башына түшкүлүк кылбасын! Бекер келген экемин, ооруп калбагай элем!..» Ал үйүнө тез кайтты. Эмне көргөнүн ойлонбоого тырышты. Ырылдап-чырылдаган катын-калачтын үнү чыгат. Кезиге кеткен кишилер: «Сен бирдеме билдиңби» деген көз менен карайт. Билгенде эмне кылмакчы? Анын кулагы дүңгүрөп, кыжылдашкан бир үндөрдү угат.

«Арак, баарын кылган арак!» дешкенсийт. Дагы башкалары: Аракты зордоп ичирип жатабы? Ичпей койсо бул дүйнө бүлүнүп кетеби» дегенсийт. Жер тиктеп, эки колун бош таштап келаткан Сереңбайдын тышкы кебетеси абдан жүдөө кишини элестетет. Башка бир дүйнөдөн келаткансып, ал дүйнө бардык тиричиликтен бездиргенсип, ичинен туюкталат. Сереңбай үйүнө кандай жеткенин билбей калды. Эшиктин алдында Ырысбек ойноп олтурган. Тиги баланы көрө коюп серпиле түштү. Кудая шүгүр, жарык дүйнөгө не жетсин. Ал Ырысбекке барды да, көтөрүп бетинен өптү. Жалпак үйүнө болсо, күн нурун аябай төгүп турган. Устундун коңулуна уя салып, чегирткени кымкара тиштеген эне чыйырчык да Сереңбайдын көөнүн бурду. Чыйырчык кышылдап, бышыксынып ары-бери карайт. Ата-бала чыйырчыкты карап турганда үйдөн Кашым чыгып келди. Сереңбай Кашымдын жүзүнө карады эле, тиги жер карады. Анын коркок көздөрү өтө эле аянычтуу экенин күйөөсү биринчи жолу байкады. Көйнөгү кир, өтүгү да эскирген. Көзүнөн жол-жол сызыктар даана таралып турат.

– Жүр, Ыкен, үйгө кирели, – деди Сереңбай улутунуп, анын мындай мамелеси балага абдан жакты. Бала бирдемелерди айтып кыйкыра баштады. Сереңбайдын кылыгына жадырап күлүү Кашымда жок болучу. Ал азыр жылмайды эле, бырыштары узара түштү.

* * *

Өлгөн тракторист көмүлдү.

Айта калаарлык бир иш, авария болгондон кийинки бешинчи күнү эле: «Сереңбай аракты таштаптыр!» деген «укмуштуу» кабар тарады.

– Мен билген Сереңбай болсо, канча күн чыдаар экен!? –дешти кээ бирлер…

– Таштагандын канчалык кыйынчылыгы бар? – дешти дагы бирөөлөр, – өзүн бек кармап, ичпей койсо эмне болот…

Ортодо айга жуук убакыт өттү. Сереңбай аракка жологон жок. Бул айда Сереңбай сугатта болуп, дагы башка жумуштарды иштеп алтымыш сегиз сом тапты. Акча колуна тиери менен бир тыйынын коротпой өмүрүндө биринчи ирет Кашымга берди. Кашым аны өзүнүн акчасына кошуп чемодандын эң түбүнө катты. Үй-үй болгону буларда жүз сом сакталып көргөн эмес. Сереңбай эрте туруп, короосун тегерете карап, мындан үч жыл мурда үйгөн ташынын жанына басып барды. Тегерете кызыл куурай чыгып, чөпкө көмүлгөн таш баягы эле өзүнүн үйгөнүндөй. Ал ташты карап туруп: «Эми, үй салыш керек!» деген чечимге келди.

Кашым болсо, айылдагы эки-үч кемпирди чакырып, жууркан каптай баштады. Ал кемпирлерге берээрге эчтеке таппай, жеңилденип жатты. Чай кайнатып, узун сөзгө кирмек болду. «Биздин үйдө деле ушундай ичип-жеп отурууга болот» дегенсип кыймылдарын да колунан келишинче жасап, күлүмүш болуп, кемпирлердин көңүлүн алууга тырышты.

– Сереңбай ичип жүргөн кезде, – деп аны тарых катары айтчу болду, – алда нече ушул жууркандарды каптамак болуп камындым. –Такыр колум бошободу. Анын үстүнө Ырысбек да колдон түшпөйт. Эми жаңкы бир үч дөңгөлөктүү велосипед дегени бар эмеспи, ошондон алып берип өзүнчө койбосом…

– Ооба, балага ошондой бирдеме карматып өзү менен өзү ойной турган кылып коюш керек, – демиш болду отурган кемпирлердин бири.

– Эртең-бүрсүгүнү атасы ээрчитип барып алып берет ко. Ой, бир азыраак акча жыйнадык эле, ал да түгөнүп баратат. Эл беш тыйын тапса, изберкассага чуркашат экен. А мен үйдө эле сактайм, эчеманеки чөнтөгүмдү тешип баратса да…

– Ооба, акчанын колдо болгону жакшы, керек кезинде колдоно коёсуң – деди дагы бир кемпир, шекерден чайына кашыктап салып жатып.

– Эми, үй салам деп калыптыр, баертең, «кирпич куялы», дейт, куялы дедим. Деги өлсөк да эл катары эки ооз бирдеме тургузуп албасак болор эмес.

– И, балам, – деди үчүнчү кемпир, – чайыңан куй, чайың таттуу экен. Ошенткиле экөөң тең жашсыңар. Иштейм десеңер силерден оокат качып кутулабы.

– Бул айда экөөбүз жүз сомдон ашырып таптык, – деди Кашым. Анын кемпирлерге айтпай калган эң акыркы жаңылыгы ушул болду.

– Ошентип, Кашым үйдө кемпирлерге жууркан каптатып жатканда, Сереңбай иштен келип, үйдүн фундаментинин ордун каза баштады.

Кирпич куюлуп үй тургузулду. Бир күнү Сереңбай ферма башчысынын үйүнө келди.

– Келипсиң, айта бер, жумушуңду, – деди ферма башчысы.

– Мага кыйыныраак жумуш керек.

Ферма башчы аны бир карап алды да:

– Кел, тамакка отур, акчалуу жумуш керек дейсиңби?

Сереңбай күлүп жиберди.

– Курулушта иштесем кандай болор эле?

– Болот, тез курулуп бүтө турган короого жиберейин.

Сереңбай дасторконго отургандан кийин, бир табак күрүч келтирилди.

– Үйүңдү тургузуп алдың ээ! – деп коюп ферма башчы алыстан эле оозун ачып бир кесек майлуу этти «таштап» койду. Анан аны чайнап жатып сөзүн кайра улады. – Быйыл баары бир бүтүрө албайсың.

Сереңбай башын ийкейт, кашык менен анда-санда күрүчтөн алып оозуна салат.

– Помидор жокпу? – деди эле аялы чыгып кетип бир талинкеге туздалган помидор алып келди. Ферма башчы алды менен бармагынын учундакы кыпындай майды тили менен жалап алып, анан помидорго жабышты. Бычак менен жукалап кесип-кесип, күрүчтүн жан-жанына койду.

– Ал, мына мындан кошуп жең, – деп ферма башчы карандай чайдан ууртап коюп жандуу кыймылдайт.

– Арак ичпей калдыңбы?

– Ой, ошол курусун…

– Ым-м, көп, ичүү же ичпөөдө эмес. Маселе, киши өзүн башкарууда. Напсиңди тый, бүттү.

Бул барып турган чындык болгон соң Сереңбай буга кошулбаска чарасы жок эле. Ичпеймин деп Сереңбай өзүнө өзү токтоо берди, ичпей эле койду. Арак түшүнө да кирген жок. Албетте, ичкиси далай эле келгендир. Ал өзүн кармай билди. Бирок арактан өлгөн трактористтин укмуштуу кебетеси анын эсинен чыгып кеткен болучу.

Эртеси тоо этегиндеги базаны ремонттоп жаткандарга барып Сереңбай да кошулду. Анын көөнү биротоло тынгансыды.

Бир күнү кечке жуук, анын эски досторунун бири Тынай кирип келди. Аздап кызуу. Ал кирээри менен эле быжылдай баштады.

– Той! Тойго баргыла. Баланы бешикке салдым. Кандай ой, Секе аксакал, эмне болгон сага, пай-па-ай!.. Атайын чакырып келдим. Мен, мен той берип турган кезим. Үйдү болсо заңкайтып тургузуп алдың. Ырас эмеспи, же мен калп айтып жатамбы, ыя? Тургула, бүгүн ичебиз, жейбиз…

Кашым Сереңбайды карады. Сереңбай терезе жакты карады. Кызуу Тынайды жактырган жок.

– Кана, болгула.

– Кыймылдаар чамам жок, катуу чарчап турам.

– Кой, баатыр акеси. Алдыңа келсе минтип кекирейип калмаң бар… Чакырсам киши толуп жатат, чынбы? Эт жегенден ким качат, ыя? О-о-о – башын чайкады, – сен андай кылба, – же теңиңе албай турасыңбы?

Кашым Сереңбайды дагы карады.

– Сен, барчы, – деп Кашымды ээги менен жандап коюп Сереңбай кыйшайды.

– Жок-жок, болбойт. Мен эмне бөлүнгөн киши белем, бөлүнүп барбагыла, казан аса элекмин, болгула…

– Койчу, Тынай, мен бара албаймын.

– Чынбы? Адам эмес турбайсыңбы! – Тынай тышкы чапанынын топчуларын чече баштады.

– Абдан чарчадым, анын үстүнө арак ичпеген соң…

Ал жерде кымыз гана ичилет.

– Чын эле барбайсыңбы?

– Чын айтып жатам, Тынай, бир жолу менин шартыма көнчү.

– Анда эмесе, мына. Муну ичебиз, азыр жана ушуну менен бирөө тоюмду куттуктады. Өзүлөрү барган жок, – деп Тынай кымыз куюлган бөтөлкөнүн оозундагы калайын тиштеп ачууга камынды.

– Келе, стакан.

– Ой, койчу, балакетиңди алайын. Тиги болсо, жолобойт. Мен болсом ичпейм, – деп Кашым жүрөкзаадаланды.

– Алып кел, кымызды өзүм ичем!

Сереңбайдын жүзү уламдан-улам кара күрөң тарта баштады. Кашым айласыз туруп чыныны алып берди. Тынай куйду да Сереңбайга сунуп калды. Сереңбай бир чыныга, бир Тынайга карап буйдалды.

– Me, карма!

Ушул учурда кара күрөң тарткан Сереңбайдын колдору калтырап, мурдагысындай чыныга жабыша кетти да, толтура кымызды ала коюп, шып эле тартып жиберди. Муну көргөн Кашым кубанып кетти. Эмне болуп кетти, чын эле кымыз ичип жатабы?

Сереңбайдын ичин жылуу бирдеме шүйшүндүрүп, жорголоп өттү. Абдан сагынган. Заматта эле чекесинен тер бурк этти. «Сереңбай ичпес!» деп ойлогон Тынай кымызды арактай тартып жибергенин көргөндө делдее түштү. «Кудай у-ур, – деп ойлоду ал, – ишти буздум. Тынай кайра ичирип коюптур десе, эмне бетим калды? Элге эмне дейм?» Тынай көпкө чейин бирдеме айталбай кекечтене берди, ылайыктуу эч нерсе табалган жок.

– Ак тилек эмеспи, ак тилек… – дей берди. Кымыздан куюп Кашымга сунду эле, ал ичпей ордунан туруп кетти. Соолуга түшкөн Тынай эми кетип калууну көздөдү.

– Кой, мен кетейин, – деп бөтөлкөнүн оозуна кагаз тыгып Тынай ордунан тура бергенде, Сереңбай шып этектен алды:

– Токто, ак тилекте да киши ашыгабы?

– Эт салына элек, Секе…

– Азыр түн узарып калды, – деди Сереңбай жай гана. – Таң атканча үч ирет конок узатууга болот. Чынбы?

Бир тынымга делдее калганын Тынай көрүнөө сезди. «Кымызды да ичпейт экен десе!» деп ойлоп кайра отурду.

– Куйбайсыңбы? – деди Сереңбай күлүп. Жаны кашайып очок жакта күйпөктөгөн Кашым күңк этти:

– Кетсин, эмне кыласың? Коноктору келип калат.

– Кой, Секе мен кетейин. Кымызга арак кошосуңбу, ич! – деп Тынай бөтөлкөнү жерге коюп обдулду эле, Секең дагы этектен алып отургузду.

– Эмне, арактан өлгөнү жаткан киши бар дейсиңби? Тең эле ичели, баланын бактылуу болушуна…

Тынай күйүп-бышып ордунан тура калды.

– Жөнү жок жабышат экенсиң! Жайчылыкта болсо отурбайт белем.

– Сабыр кыл, баатыр, – деди Сереңбай да ордунан туруп. – Биз да барабыз, кошо баралы, – ал ушуну айтып жатып, арактан стаканга толтура куйду да. – Me, ич, – деп стаканды Тынайдын тумшугуна жакын алып барды.

– Ичпейм!

Сереңбай аны да шып ичип жиберди. Калганын куюп дагы сунду эле, Тынай кайпактай баштады. Эмне айтаарын билбей Кашымга жалтаңдап карай берди. Анын ушул кылыгына байланыштуу Сереңбай дагы этектен мыктап кармай түштү:

– Me, ич ушуну!

– Ичпейм.

– Ичпейсиңби, өзүм ичип алып жүрбөйүн?!

– Ич, өзүң, мага катылба!

– Катылба дейсиңби? Мына, «катылба» деген!

Сереңбайдын колундагы стакан Тынайдын бетине барып шак дей түштү. Арак, кан аралаш суюктук Тынайдын чекесинен бурк этти. Тынай ошол эле замат Сереңбайды басып калды. Кашым чыңырып Ырысбегин эшикке ала качты. Үйдүн ичинде дүпү-дүп, кимди-ким уруп жатканын билип болбойт. Бир кезде шаңгыр этти эле, катуу онтогон кишинин үнү угулду. Кашым эшикте кокуй-алатын айтып, эл чакырып жатканда «дүп!» дей түштү эле Ырысбеги колунан ыргып кетти. Өзү да жерге кулап түштү. Сереңбай Тынайды башка чаап жыгып, эшикке чыкканда бөтөлкө менен чыңырып турган Кашымды да бир коюп өткөн болучу.

Бул кезде каш карайып калган. Кайдан-жайдан катын-калач, бала-чака толуп кетти. Сакалдуулар да пайда болду. Үйгө кирип-чыгып жатышат. Катындар Кашымды эсине келтиришти, баланы сооротушту. Эмне болуп кеткенин билген киши жок. Чекесинен кан жошолоп Тынай да үйдө башын көтөрдү.

– Ай, арак, ай, арак! – дешти кишилер баш чайкап.

– Арак эмне кылды, – деди бир чал бакылдап, бөтөнчө кыжырланып.

– Өзүңөрдөн көрбөй келип арактан көрөсүңөр. Арак бар жерде кымың-кымың, мулуң-мулуң этип, кылтылдап, сөздүн сонунун таап сүйлөп кетесиңер. Ушул абийирби! Ченеп иче турган чагыңар болду го.

Кыжы-кужу күчөп, түн ичинде айылдын ушул бир кичине бөлүгүн көңүлсүздүк басты да калды! Бир нече күндөн кийин, ушул боюнча иш алып барган жолдоштук соттун заседателдери тамекилерин күйгүзө, сахнанын артына чыгышты. Мына алар Сереңбайдын тагдырын чечиши керек. Бирок бул иште Сереңбай өзүн айыптуумун деп тапкан жок. Ал көпчүлүк алдында өз оюн чечендик менен айтып түшүндүрө албады. Кээ бир жандай чапмалар майын тамыза сүйлөп киргенде, ал оозун ачкан бойдон калды. Кыскасы, Сереңбай эл ичинде өзүнүн канчалык салмагы бар экенин ушул жолу ачык түшүндү. Анын үстүнө шапкесин колуна алып, зуңкуюп эл алдында жоопко тартылып отуруу дегениңиз, эр азаматка оңой тиймек беле!

Заседателдер кайра кирип, орундуктарын ары-бери жылдырышып, отура баштады. Соттун председатели көпчүлүк тынчыганда сөз алып, Сереңбайдын илгерки тарыхына – ичип жүргөн кезине, кийинки турмушуна кыскача токтоло келип, чыккан чатак Сереңбайдан экенин жарыялаганда бечара Сереңбай жерге кирип кете жаздады. Анын каны кайнаганы шончо, председателдин сөзүнүн аякташын күтпөстөн эле ордунан ыргып турду. Залдагы жык-жыйма эл менен заседателдер Сереңбайдын ар бир кыймылына көз салып тына калышты. Ал клубдун чыгаар эшигине таң калаарлык тездик менен жетип барды да, эл жакка шарт бурулду:

– Иш эч качан андай эмес, – деди титиреп колун силкип. – Мен ичип жүрдүм. Бирок кара ниет болгон эмесмин. Мен барбайм дегенде эле Тынай кетип калса иш кандай болор эле? Ии, менде да… – ал шапкесин кармаган колу менен көкүрөгүн койгулап жиберди, – менде да жүрөк бар!

Клубдун ичи чымын учса угулгандай тымтырс. Эл: «Дагы эмне айтаар экен?» дегенсийт.

– Силер өңдүүлөр… – деди Сереңбай зил менен. Анан шашпай ары бурулуп эшиктен чыгып кетти. Клубдун ичи тымтырс бойдон кала берди.

Ошондон кийин, бул айылдан бир да бири анын кабарын биле алган жок. Бирок эл болгон соң ал жөнүндө божомолдоолор айтпай койгон жок. «Айыпталыптыр» деген сөз да тарады. Кээ бирлери Кашымга боору ооруй сүйлөдү. Ал эми Тынайды жемелегендер:

– Эмне үчүн арак бересиң? – деп тике качырышты.

– Ой, мен ичпейт экен дедим, – дейт Тынай таңылуу башын койкоңдотуп.

– Деги ага арак көрсөтүүнүн эмне кереги бар эле?

– Ой, мен ак көңүлүм менен сунуп калбадымбы.

– Ак көңүлдүүлүктүн аягы эмне менен тынды? – дешет Тынайды илгери бастырбай.

– Ой, мен, – дейт да сөз табалбай Тынай жаңылыштык кетиргенине кызыраңдайт.

Ал эми Сереңбайдын артынан суроо салып, издеп барууга Кашымда мүмкүндүк болбоду. Күйөөсү жокто Кашым өзүн бир аз эркинирээк сезген менен, кандайдыр үйдө эркектин жоктугу да билинди. Бирок тиричилик Кашымды ой-боюна койгон жок. Белин бекем бууп, оокатын иштеп, Ырысбегин асыроого мажбурлады. Күндөр, айлар биринин артынан бири жылып өтө берди…

* * *

Жаз келди. Сереңбайдын тамына жыл сайын келип балапан учурган карачыйырчык дагы пайда болду. Чыйырчык келээри менен эски уясын оңдоп, кандайдыр бир жерлерден куштардын жүнүн тиштеп келип, болочок балапандарынын астын жумшактап, жылуулай баштады. Айылда өрүктөр гүлдөп, кызгылт, ак майда гүл бүткүл кыштакты каптады. Сереңбай бир кезде өз колу менен отургузган бай өрүк да аппак гүлдөрүн ачып энтеледи.

Тал-теректер жалбырагын жайып, алмалар гүл ачайын дегенде маршрут боюнча каттап турган автобустан колунда чемоданы бар, плащчан, арык, кара жигит айылдын тушунан түшүп калды. Ал түшөөрү менен көкүрөгүн кере дем алып, айылды бир азга карап турду. Анан тааныш көчөсү менен лыпылдай басып келатты. Бул Сереңбай болучу. Ага өзү басып келаткан көчө да, үйлөрдүн терезелери да – баары, сүйкүмдүү… Үйүнө жакындай бергенде Кашым эшикте жүргөн. Аны бирден эле тааныды. «Бечара Кашым, – деп ойлоно кетти ал, – Жоош да!» Короого келип калган Сереңбайды көрө коюп, Кашым селейип туруп калды. Бүгүнкү күнү жетип келээрин ал ойлогон эмес.

– И, – деп койду Сереңбай жылмайып. – Амансыңбы? Ыкен жакшыбы?

Кашым унчукпай өзүн зордоп күлүмүш болду. Анан эшиктеги ишин таштап, үйгө ээрчий кирди. Сереңбай тез-тез кыймылдайт, мурдакыдай ыкшоо эмес. Ал Ырысбектин уктап жатканына карабай тургузуп алды да чемоданын ачып, ага алып келген кийимдерин бере баштады. Чемодандан ал түгүл, аялдын көйнөгүн, сорттуу чайлар, шоколаддар да чыкты.

– Сууң, барбы? – деди Сереңбай, бирок өзү туруп барып жуунуга суу камдады. Чечинди.

– Кандай? – деди Сереңбай жуунуп жатып. – Оокаттан кыйналган жоксуңбу? Кантип жан багып жаттың?

– Турдук эптеп.

– Эмне жаңылык бар элде?

– Эч жаңылык деле жок. Бригадир ордунан түшкөн.

– Жакшы болгон экен. Биздин ферма башчы кандай?

– Жакшы.

– Ырысбекке эмне болгон, унчукпайт?

– Өзү эле ошондой эмес беле.

Сереңбай жуунуп, сүлгү менен аарчынып, үйдү тегерете карап отурганда гана кишилер келе баштады. Кашым самоорго камынды. Келгендер менен өз ылайыгында амандашып, Сереңбай Ырысбегин алдына алып отурду. Эл аны мурдакыдай түнт эмес, ачык, жайдары, чепеңдеген кара жигит болуп өзгөргөнүнө таң калышты.

Бир кезде эшиктен Тынайдын сүйлөгөн үнү угулду. Сереңбайды угуп ал дагы учурашканы келген. Отургандар: «Эми экөө кантээр экен?» деп тына калышты. Тынай эшиктен кирери менен Сереңбай ордунан туруп барып кол берди.

– Жакшы келдиңби?

– Эми арак бербес болгондурсуң өзүң да. – Сереңбай тамашалады. – Бешик тоюң узадыбы?

– Кайдан, бөтөлкө менен уруп чала жансар кылып кетиптирсиң…

Көңүлдө кир сакталбаган мындай мамилеге отургандар ыраазы болушту. Алар кобурашып, чайын ичип, кыйладан кийин таркашты. Жаңы кийим кийип, ары-бери чуркаган Ырысбек эрте эле уйкуга кирди. Кашым Сереңбайда кандайдыр бир түпкүлүктүү өзгөрүш барын байкап отурду.

Ал эми, Сереңбай болсо, үйдүн ичинин жана аялы Кашым, баласы Ырысбектин өтө эле илээнди экенин билди. Булардын баары мурда эле бар болучу. Бирок аны Сереңбай сезген эмес. Мунун баары көп өтпөй өзгөрүүгө тийиш.

Кечинде Кашым «салсамбы, салбасамбы» дегенсип арсар кыймылдап, төшөк салууга киришти.

– Кашым, – Сереңбай ага жакындады эле, Кашым ойт берип ары бурчка кетти, түшүнбөйт.

Салынган төшөккө Ырысбекти чечиндирип жаткызып жаткан Сереңбай Кашымга акырын айта баштады:

– Мен шаарда, заводдо иштедим. Жашоо деп ошолордукун айт. Жумушчулардын баары билимдүү. Турмуш бака-шака, кызык!.. Токарлык кесипке ээ болдум. Ырас, аны бул жерде деле үйрөнүүгө болот. Бирок ошого ким кызыгыптыр мында…

Кашым Сереңбайга тийгенден бери мындай сөздү уккан эмес. Кишиге ачылып сүйлөбөй, дайыма дулдуюп мас жүргөн, өзүн чыркыратып урган баягы кадырсыз Сереңбай азыр жок. Абдан өзгөргөн.

– Мен эси жоктук менен жүрүптүрмүн, – деди акыры ал.

Кашым дагы эле унчукпай, аны карап очок жакта тик турду. Ал унчукпаса да баарына ичинен макул.

Эртеси Сереңбай эрте туруп, өткөн жылы тургузуп койгон тамын көрүп жүрдү. Дапдаяр! Бир кезде анын жанына ферма башчысы бастырып келди. Сереңбай менен жылуу амандашты.

– Кайда бардың?

– Шаарга.

– Үйрөнгөнүң барбы?

– Бар, албетте…

– Жакшы-ы, – ферма башчы Сереңбайдын көзүнө тике карап турду.

Сереңбай анын көзүнө жай карап күлдү.

– Токармын.