САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: КАНЫКЕЙДИН АЛТЫН БИЛЕРИГИ

АҢГЕМЕ

Улуу даражалуу балгер, дөргө Эрликхан: «О, Манибатмахум!» деп колун таяна аюу талпагынан өөдө турду. Кечинде ал Чадан — бутканага барып, шам түбүндө Латманатка сыйынып, зулхурал жасоого ниеттенип отурган. Чакыра келген жоокер ийменип, босогодон жылган жок. Дөргө бүкүрөйө басып, эшикке жакындаганда, карылык азабынан кышылдап, бучкактагы көк жибекке оролгон калың китепти зорго алды. Жоокер жардамдашмак болду эле, дөргө көзүн жуумп, сол колу менен жай гана «тийбе!» деген ишарат көрсөттү. Анан:
— Хан жалгызбы? — деди ал тилин шылпылдата.
— Улуу даражалуум, аны билбеймин, — деди жоокер жабыккан түр менен.
Мамыда турган күрөң-сары жоргого Эрликханды сөөп мингизгенден кийин, чаңы уюулгуп жаткан Хан ордосун көздөй жөнөштү булар. Күн экинтиге таяп, Гоби чөлүнөн жылуу аба Коңурбай жайлаган өрөөндө салкын жел пайда кылган. Кытайдын Сары жибеги менен капталган чатыр жыгачтарынын түйүлүшкөн жерлери ак күмүш менен кадалып, жерге аюу талпактары төшөлгөн. Төрдөгү жолборс талпагында ойлуу отурган Коңурбай түш бешимден бери бир да козголуп койгон жок. Ал, өз тагдырына байланышкан оор кыялга чөккөн. Жоокердик өрүү быйыл жазды алаары бышык эле. Анткени, хандыктын тегерегинде баш көтөрөр уруулар калган жок. Кандуу кыргындар аларды тизе бүгүүгө мажбурлады. Хан Коңурдун эң кичүү токолу Сеткил гана чатырда ары-бери кыймылдап, оокатын иштеп жатты. Жашы он алтыга жаңы эле толгон Сеткил найман уруусунан тартууга келген.
Сом алтындан жасалган түпөктүү найза кармаган эки жоокер чатырдын эшиги алдында каккан казыктай катып калган. Чатырдан алысыраак, тегерете тигилген жорук чатырларында нойондор, нөкөрлөр жоокерчиликте олжого түшүрүлгөн көчмөн урууларынын кыздары менен шарап ичип, дуулашууда. Алардан тышкары, оолагыраак керилген кермелерде жапыз каштуу, көк желдик ээрлер токулган күлүк мөрүндөр өрүүдө турушат. Чатырлардан, аттардан алыс жерде уландардын жүздүктөрү аттарын кара терге сала, чаңызгыта чаап жүрүшөт. Тышынан караганда, Хан ордосу — айлана чөйрөсү бир чакырымдай алыс, сес көрсөтүүчү жоокердик кыймыл менен курчалган.
Эрликхан ары-бери чаап жүргөн жүздүктөргө жакындаганда уландар жапырт аттан түшүшүп, жерге чыканак, тизелерин тийгизишип, койондой бөгүп калышты. Жоокер коштогон күрөң-сары жорго ачык калтырылган аралык менен өзүнө баш койгон жоокерлерди сыймыктана аралап өтө чыкты. Алтын-күмүш менен ачекейленген сары чатырга — ордого жакындаганда дөргө атынан түшүп, эңкейген бойдон жөө басты. Көкүрөгүнө кыса кармаганы көк жибек тыштуу ыйык китеп. Ал өтө зарыл иш болбогондо ордого чакыртылуучу эмес. «Дагы кан төгүү башталат өңдүү. Оо, Манибатмахум!» деп ойлоду ал келе жатып.
Дөргө чатырга он кадам калганда, бүгүлүп жерге өбөктөдү да, эмгектеп, эптеп эшик алдына жетти. Алтын найзалуу жоокерлер баштарын ийишти. Жаш сулуу Сеткил алдынан чыгып, ийилип жүгүндү да коңшу чатырга кетти. Чатырдын серпе салма эшигин сүзүп кирип Эрликхан аюу талпакка алаканы урунаары менен маңдайын жерге тийгизип, жансыз катып калгансыды.
— Кел, — деген кырылдак картаң өкүм үн угулду.
Дөргө эмгектеп бир аз жылды да маңдайын көлдөлөңгө такады. Эрине чыккан, бирок өкүм үн кулагына дагы угулду:
— Башыңды көтөр, Эрликхан. Сен, жаңкы тигилген сары кагаздарың менен сүйлөш…Жооп так болсун!
«Оо, Манибатмахум!» деп күбүрөп алган дөргөнүн жүрөгү шуулдай баштады.
— Мен быйыл канчага келдим?
— Улуу Ханым, быйыл жылаан жылы, Сиз токсонго келдиңиз,
— Ым-м, — деген канааттануу үнү угулду. Дагы канча жылым калды, баарын айт…
Чабуулга аттанаарда жеңип чыгаарын же бир кырсыкка учураарын китебине карап так айтып, абыдан ишендирип алган дөрге көзүн жуумп, тарамыш колдору менен китепти төбөсүнө койду. Ичинен бирдемелерди күбүрөп жатып акыры ал бал китебинин бир бетин манжасынын учу менен белгиледи да төмөн түшүрүп тизесине койду. Коңурбай кысык көздөрүн сүзүп, жооп күтө сурданат.
— Бурут… ым-м, — деди да Эрликхан күрмөлө кетти, бирок боюна кайрадан кайрат жыйнап сөзүн улады, — Бала чоңойгончо дагы он эки жыл бар экен…
Хан кысык көздөрүн сүзүп, балгеринин сөзүнө түшүнбөй кыжыры келди:
— Кайдагы бала? Сен менин калган жашымды тап!
— Ошо-о…, — деп күрмөлдү Эрликхан жүрөгү оозуна кептеле, ал кайрадан китебине үңүлө карап, — Сиз дагы бир мүчөл жашайт экенсиз, — дегенге араң чамасы келди.
— А Бурут, бала дегендериң эмне?
— Атасын Сиз өлтүргөн Буруттун баласы он экиге толгондо-о…
— И? — Коңурбайдын үнү өктөм чыкты.
— Сизди…башыңызды… китепте айтылышынча…
— Кесет бекен? — Коңурбай оң бутун акырын чойду. Жалтанууну билбеген канкор саал үрөй алганын бутун сунуу менен билдирди.
— Ошонусу…- Эрликхан кайгылуу үн катты.
«Манас баатырдан тукум калган экен го, акыры ажалым ошондон болгонубу?!» деген маскара ой калчанын көкүрөгүнө ийнедей кадалды. «Бурут деген ойной турган эл эмес! Ондогон жылдар кан төгүшүп, Манастын кайраты менен баш ийбеген немелер да. Коргоочусунан айрылып, биздин көздү карап, мүңкүрөп турган аз элдин бир күчүгүнөн ажалым жеткен болсо, укум-тукумум алдында маскара болот турбайымбы!»
Коңурбайдын жаак эттери титиреп, өңү түксүйө баштады. Улгайып калганына карабастан билек булчуңдары түйүлүп, жеңине батпай чыкты. Тез-тез дем ала, сөзүн тишинин арасынан сызылта чыгарды:
— Күчүк кудайына кетүүгө тийиш!
Эрликхан селт эте түштү. Тиши калбаган оозун шылпылдатып, чындыкты айтып алганына катуу өкүндү. Мынчалык каарданганда Коңурбай бирөөнүн канын ичпей тынч алчу беле!
— Кагазың менен сүйлөш! Кутурган албарсты. Мен күчүктү өлөт деп жатам.
Дөргө китебине калтырай үңүлдү.
— Ал чөндөлөй жакында өлчү түрү жок…
— Ал эмне кудай бекен? Түбөлүк жашайт бекен?
— Улуу ханым, китепте ошондой…
«Карган дөбөт! — кыжырлана ойлонду Коңурбай жаак эттери бүлкүлдөп, — сени ушул келжиреген кагазың менен кошо кудайыңа жөнөтөйүн!»
Аңгыча сулуу Сеткил чатырдын эшигин кыйгач ачып, хандын каракүрөң тарткан өңүн көрө коюп чочуп кетти. Эшикти кайра жаап кетип да калган жок. Неси болсо да, мындай учурда өзүнүн керек болорун сезип, босогодо катып калды. Дөргөдөн көтөрүлгөн жырткыч көздөр сулуу Сеткилге кадалды. Кенже токол бул сүрдүү көздөргө көпкө карай алган жок. Бүрүшүп, агат кетиргени үчүн өкүнүп, жалооруй жалтаңдаган Эрликханга көзү түштү анын. Балгер кичирейип, кунчуюп, адамдык алетинен кетип, калчылдап отурган. Дөргөнүн абалын мышык оозундагы тирүү чычканга окшотууга болор эле.
— Көөкөр! — деп күрр этти калча.
Чатырдын эшиги шырп жабылып, зыпылдай басып алыстаган аяк добушу угулду. Карт калча кыйгач кысык көздөрүн сүзүп, чатырдын капталындагы эскирген, бирок өзүнө сырдана курал жарактарына, Манастын башына урулган айбалтасына карап отурду. Чатырдын ичинде киши жоктой тып-тынч. Акыры, ырымчыл канкор өзүн басалбай, дем алуусу тездеген сайын таноолорунан чыйылдаган үн чыга баштады. Ушул бир саам мөөнөттөн пайдаланып, ырымчылдыгын карматып, болочок тагдыры жөнүндө китепте айтылгаң келжиректер чындыкка чыгабы, жокпу, өзүнчө сынап, биротоло ишенимге келүүнү чечкен эле. Бийлик колдо турганда пендечилик кылып, адам баласы аркандай акмакчылыкка барары белгилүү эмеспи. Анын бул сыноосу өзүнө эски курал болгон менен өлүмгө чектелген ар бир адам үчүн жаңы болучу. Анткени, сынактан өткөнү да, өтпөгөнү да бул жөнүндөгү сөздөрдү элге тараталбай өлүгү менен кошо ала кетүүчү.
— Бул кагаздарың менен сенден башка дагы ким сүйлөшө алат? — Коңурбай саал жумшаргансып сүйлөдү.
— Баатур дөргө – иле жооп айтты Эрликхан.
— Ым-м, — кырылдады калча. Анан өзүнүн ырымы жөнүндө: «Эгер бул кары дөбөт суроого жооп тапса, китептеги келжирек чынга айланганы, бул анын өлүмү. Таппай калса, демек, мен ал күчүктөн өлбөйм, мунун ажалы жок болгону» деп чечти.
— Сага бир суроом бар, жооп айт. Сенин тагдырың ошону менен чечилсин. Ук, адамдын өзүндө билинбеген үч душманы бар, ошону тап! — деди калча. Анын үнүнөн дүрт эте калма ачуусунун тараганын байкоого болор эле.
Бул суроо Эрликхандан мурдагы Мыргенцеренге да берилген. Белгисиз шум тагдыр ушул эле чатырда дагы кайталанып отурат. Эрликхан муну кайдан билсин. Жылт эте калган жашоонун алдамчы үмүтүнө ишенген карт дөргө көзүнүн кычыгына келген ачуу жашты кирпиктерин ирмөө менен таратты да ойлоно отуруп, шашпай жооп айтты:
— О-б, Улуу Хан, адамдын өзүндөгү билинбеген үч душманы — тил, көз, кулак. Ушул үчөө…
Ырым үчүн өкчөгөн чүкөсү алчы эмес чиге түшкөн карт калчанын деми ичине түшүп кетти. Дөргө анын оюндагы табышмагын таасын жандырган эле. Кайрадан таноолор оор чыйылдап кирди. Акыры, ажалы Буруттун баласынан болору аныкталды. Болгондо да анын күчүгүнөн! Коңурбай сунган оң бутун жыйнап, бүт денеси муздап баратканын сезди. Бул маскара, көзү ачыктык жан баласына билинбөөгө тийиш!
Чатырдын эшиги ачылды да сулуу Сеткил эки бөйрөгү чиймеленген, күмүш ооз, алтын алкактуу капкагы бар күрөң көөкөрдү оң колуна, күмүш чөйчөгүн сол колуна кармап кирип келди.
Коңурбай көөкөрдү колуша алды да, кара-күрөң тартып чыңалган өңүн Эрликханга бурду. Анан, уу чыланган шарапты куюп, кайрадан эс учунан айрыла баштаган дөргөнүн алдына койду.
— Ич!
Эрликхан азыр өлөрүн сезди. Анткени, китепте айтылган шум тагдырды Коңурбайдан башка эч ким билбестиги керек да! Илгертен эле хандардын сыры ушул. Хан өз башына келээр катал күндөрдү букарасынан жашырат. Дөргө чөйчөктү калтырай колуна алып, аянычтуу эки жагын каранды. Канкор алдында жалгыз, жардамсыз экенин каңырыгы түтөй ойлонду. Билинер-билинбес чайпалган күмүш чөйчөктүн ээрдине такай келгенин сезип оозун ачты. «0, Манибатмахум!» дөргө ичип жиберди. Чөйчөктү шашпай жерге коюп, хандын тилегин орундаткандыгы жөнүндөгү жылуу сезим боюн чарпыгансыды. Өлүм алдында да, өзүн өлтүрүп жаткан хандын жүзүн карай алган жок ал. Кары дөргө барган сайын бүкүрөйүп, түйүлүп, ычкынып барып аюу талпакка башы менен тик сайылды, анан чирене чалкасынан оодарылды. Оң көзүнөн чыккан жаш саамайына жете бербей токтоп калды. Бээжинден ала чыккан, бул элде жалгыз өзүндө гана сакталган кытайдын сыналган уусу, дөргөнүн сезимин чорт кесип түшкөн эле.
Бул мыкаачылыкты баштан аяк карап турган сулуу Сеткил көз жашын төгүп, үрөйүн жашыралбай бышактап жиберди:
— Каргашалуу ушул чөйчөктү кармагандан жийиркенем. Ээрдин тийгизген жүздөгөн адам көз алдыбызда заматта жан үзүштү. Алардын ичинде аялдарыңыз, балдарыңыз, нойондоруңуз, нөкөрлөрүңүз, башка уруулардын хандары бар. Бары сизге ак нээти менен берилгенин айтып отуруп өлүштү. Баарын көрдүм. Жан дүйнөм сыздап, мындан ары чыдаар алым калган жок. Эмне үчүн бул шордуулар өз ажалы менен өлө алышпайт?! Мен жинди болуп кетет окшойм, түшүнбөйм, бул кылык-жоругуңузга…
Жакшы көрген, жаш аялынын сөзүн кыжырлана угуп отурган Коңурбай: «Анткени сен катынсың!» деп өкүм үнү менен күрр этти да Сеткилдин жаагын жап кылды. Назик келин коркконунан ыйын да токтото койду.
Күн кылкылдап батып бара жатканда Эрликхандын сөөгү өзү минип келген күрөң-сары жоргого жүктөлдү. Андан ары сөөк Чадандагы кечилдердин колуна тапшырылды. Мындай окуя Чадандакыларга жаңылык эмес болучу.
* * *
Кыргыздын ханы Жакыпкан аткошчулары менен Коңурбайдын уландарынын курчоосунда суут жүрүп келе жатышты. Кан жыттанган калчанын ордосуна жакындаган сайын Жакыпкандын бүткөн бою дүркүрөп, тоо-ташка алактап ойсуз көз чаптырат.
Эрликхандын сөөгү алынып кетээри менен карт калча түн бою «Манастан калган күчүктү» кантип жоготоорун ойлонуп чыкты. Азыр анын болочок тагдырынын эмне менен аякталаарын өзүнөн башка эч ким билбейт. Эми, «күчүк» жоюлса, улуу Теңирдин маңдайына жазмышына каршы, иш ойдогудай аяктайт. «Бир ууч кыргыздын эне сүтү оозунан кетелек баласына башын кестирүү деген эмне тамтык! Бирок Кыргыздар Найман, Курыкан эмес. Булардын учкул аттарга минген шамдагай жоокерлери жүздүктөрүбүздү далай жолу таптап өтпөдүбү! Ынтымактуу, бир ооздуу журт. Бирок башынан ажыраган. Жайлоосу жакын, малга жай жерлеринен куулду. Бир өмүр баш көтөргүс болду. Кыргыздардын башын мыкчып, алман-салык алып, баш көтөргөнүн кыркып гана туруу керек. Ой, дүнүйө-ай! Эр Манастан тукум калган экен. Шерден шер гана туулат, чөндөлөй туулмак эмес! Ой, кыргыздар ай, кыргыздар! Бизге керек «күчүктү» көрсөтпөйт да, билгизбейт. Мен буга ишенип отурам. Ал эми өз этин өз майына куурса гана эптеп бирдеме болушу мүмкүн. Бир улус кыргыздан кантип бир-эки акмак чыкпасын!»
Жакыпкан аткошчулары менен ордонун чегине илингенде эле сес көрсөтүп, аттарын булоолонто тердетип, жөн эле чаап жүргөн жүздүктөр жолун торгоду. Муруттары жаак ылдый чубалган, кара-сур эки нойон Жакыпканды аттан түшүрүп, Ханга жолугуунун шартын айтты:
— Жатасың, төбөң жеткен жерди чиесиң да ордуңан туруп ошол чийинге барасың. Анан дагы жатасың, төбөң жеткен жерди белгилеп, дагы ал жерге барып, дагы жатасың. Ушул жүрүштү ордого жеткиче кайталай бересиң. – Нойон чакырым алыстагы күн нуруна чагылышкан Сары чатырды жаңдады. — Биз — Зууга — ыйык жерге ушундай барабыз. Ташта камчыңды… Кана, жат!
— Мен Кыргыздын Ханымын, — деди Жакыпкан жүрөксүнө үн катып, — Коңурбай хан муну жакшы билет. Алман-салык кече жакында эле төөгө жүктөлүп жеткирилди. Мен карыган адаммын, минтип жер боорлоп баралбайм…
Жашыруун тапшырманы аткаруу үчүн Жакыпкандын алдына утурлай чыккан муруттуу нойонлор кумсарып бирин бири карап алышты.
— Бул жерде кыргыз жок. Сөз алман-салык жөнүндө эмес, биздин мыйзам ордого келгендердин жашы-карысын ылгап отурбайт. Айтканды иштебесең…
— Өлөсүң! — деди барк этип экинчи нойон. Анан, бүктөлгөн камчысын Жакыпкандын кежигесине такап «Жат!» дегенди билгизип басып койду. Бозала боло түшкөн Жакыпкан буту алдындагы жатуучу жерине көз жүгүрттү да чөк түшө калып, ичи толгон ыза-кордук менен суналып жата кетти…
— Эми тур!
Катал эки нойондун көзөмөлдөөсү менен жатып, туруп ордо жакка багыт алган Жакыпканды карап турган аткошчулары аттарынан түшүп, чыдагыс кордук ичинде ээрлерине беттерин такашты. Бары өксүк жутуп, душманына билгизбей ичтеринен шолоктоп ыйлап жаткан эле.
Жакыпкан тердеп, кышылдап түн ортосу дегенде чатырга жакындады. Эми, таң атканча хан ойгонгончо ал жерде күтүп отурушу керек. Амал жок! Адам деген өз бийлиги колунда турганда гана кыйынсынат. Бийлиги башка бирөөгө өтсө, аний табылат, кордолот. Бул эзелтен ушундай. Кордукка чыдабагандар өзүн өлүмгө кыят. Азыр хан Коңур эмес, мынабул нойондору Жакыпкандын башын кыя чапса да өз эрки!
Таң сүзүлүп, Гоби чөлүнөн соккон жел талаа шыбактарынын баштарын кыймылдатып, айлана жандана кеткенсиди. Жакыпкан чарчап, чаалыккан денесинин чыйрыкканына карабастан оозу кургап, таңдайы катып турганын сезди. Сары чатырды тегерете тигилген бирине-бири окшош жорук чатырларынан узун чапан жамынган нойондор бирлеп-жарымдап чыгып, даарат ушатышып, ордо кыймылга келе баштады. Ар жерден түтүн көккө чубалжыды. Аңгыча, алыстан атчандардын дүбүртү угулуп, элүүгө жуук жоокер жакын келип, аттарынан түшүшүп, ээр токумдарын оңдошуп, өздөрүнчө кулдурашып, коюртмак тарта кетишти.
Чатырга жакын соксоюп отурган, башкача кийинген карыяга алар карап да коюшкан жок. Күн кылайып чыгайын деген учурда, жакын эле чатырдан бир нойон жарак-жабдыгын асынып, чайкала чыга келди да атчандарды көздөй басты. Жетектеги Кызыл ат алдына туура тартылды. Нойон үзөңгүнү тээп ыргалып минип болгуча тигилер шамдагай кыймылдашып, ат үстүндө даяр болушту. Бакылдаган буйрук угулду. Андан ары ат сооруларына согулган камчы үндөрү мөндүр сабаган боз үйдөй дыбырады. Атчандар Жакыпкандар келген багытка текирең-таскак менен жөнөп кетишти. Зүңкүлдөшкөн көпкөлөң жоокерлер алыстаары менен, кайдан жайдан жүздүктөр пайда болду да, ат туягы тытмалаган шыбак түптөрүн чаңызгытып, кечээкүдөй курулай чапкылашып киришти. Адепсиз каткырган, бакылдаган, сүрөгөн үндөр уламдан улам күчөп, ордо тегереги заматта эле адаттагы ызы-чуусуна бөлөнө кетти.
Чатырлар ортосуна таштап койгон керексиз буюмдан бетер, ач өзөк отурган Жакыпкан тегерегине көз чаптырып, сындырып алган шыбактын башын чыйратып, каңырыгы түтөп ойлонот…
Күмүш кумгандар жаркылдап, кындырдай белдерине кызыл жибек курчанган кыз-келиндер шыңкылдай күлүшүп, көөкөр менен күмүш чөйчөктөрүн ташып, Сары чатырга кирип чыга башташты. Күн аркан бою көтөрүлгөндө гана кечөкү мурутчан эки нойон пайда болду.
— Бурутхан, улуу Ханга эмгектеп барасың. Чатырдын эшигинен киргенде маңдайыңды жерге такап, жооп күт. Жөнө!
Колу-буту сайгылашып араң отурган Жакыпкан, өлсөм да эртерээк өлөйүн деген кыргыз ой менен чатырды көздөй эмгектеди.
Кидан жергесинен тартууга келген жолборс терисинде ойлуу отурган Коңурбай чатырдын эшигинен жер чийген калпактын төбөсүн, андан кийин төө жүнүнөн согулган чепкендин ийиндерин көрдү. Калпакты көрөрү менен: «Шүмшүк Бурут, мен өлтүргөн арстандын атасы!» деп ойлоду. Ордо мыйзамына моюн сунуп, маңдайын жерге сүрүп келе жаткан чалдын кыргыз кийими калчанын жүрөгүн болк эттирди. Ал өзүнүн түбүнө жетүүчү, Манастан калган баланы көргөндөй боло түшкөн эле. Жакыпкандын мурдуна талпактын чаңдуу ачуу жыты келип, башын жүндөрдөн бир элидей көтөрдү.
— Дагы көтөр башыңды, хан Жакып, — кирилдеген картаң үн угулду, — Ордого жеткиче батыр уулуң Манасты миң жолу эстегендирсиң! Ал адамдын берээни, чыныгы эр жүрөк, көй кашка болучу.
Жакыпкан өөдө болду. Бирок калчанын сүрүнө тик багалбай эки санына эки чыканагын коюп, өбөктөп калды.
— Мурда, ынтымактуу коңшу жашаган элек, — Коңурбай алыстан кеп козгомуш болду, — тентек уулуң ар эки жактан эсепсиз кан төгүлүүгө себепчи болду. Баса, анын баласы бар да, ыраспы?
— Алар бизден алыс жашайт, — деди Жакыпкан суроонун тегине түшүнбөй, —Билбейм, мен башка аялым менен турам.
— Ым—м, Манасты туурап жаа тарткан, найза сундуруп, айбалта шилтеген балдарың бар чыгар.
— Жок.
— Ым—м, бул силерге да, бизге да жакшы. Сен Манастан калган тукумду жашырып жаткан жоксуңбу? Аны билүүгө тийишсиң!
Жакыпкан өбөктөй отурган бойдон башын көтөрдү.
— Билбейм.
«Мына, — ойлоно кетти Коңурбай сурдана көзүн сүзүп, — Айтышпайт. Анын кайда экени түгүл бар экенин жашырышат. Баланы сактап калуу үчүн жүздү, миңди саюуга даяр. Көк бет немелер!» Бирок ички сезимин баса билди.
— Эл ичиндеги эр жүрөк баатырлар менен даанышман уламаларды ордого жыйноо ата-бабабыздын эзелки салты. Ордо дегениңиз ошонусу менен даңкка бөлөнөт. — Карт калча акылы тунук элдин ханы алдында байкоос калет кетирбейин деп сөзүн токтото койду. Чымынды өлтүрүү үчүн да ык керек эмеспи. Хан ордосу баатырлар менен акылдууларды чогултса, зарыл болгондо көздөн тазалоого оңойлук туудурууну, артынан эл ээрчип күч топтобостугу үчүн аларды элден оолак кармоону бийликтегилердин байыркы кытайлык ыкмасын жылтырата сырдап, жагымдуу түшүндүрөйүн деген эле ал. Бирок хан катары жарым жолдо күрмөлүүнү да эп көргөн жок. Коңурбай жөтөлдү да жибек чапанынын майланган этеги менен оозун аарчып сөзүн жаай улады.
Манастын уулу биздин ордодо чоңойсун. Өз уулумдай өстүрөйүн. Анын бодосуна ордодон бир уулумду же бир неберемди силерге берүүнү ойлоп жатам….Ым-м, эгер буга көнбөсөң, анда ордо тышында бир да баатырдын тукуму жашабастыгы керек экенин өзүң деле билесиң да. Сен кол кабыш эт, ордодон каалаганыңды ал. Манастын уулун бизге берсең болду. Ошондо-о, силер да, биз да тынч болобуз. Кан төгүүдөн тажай элекпизби? Жок, менин акылыма көнбөсөң аныңды да угайын…
Жакыпкан Коңурбайдын оюн эми толук түшүндү, бала ордого алынса да өлөт, ордо тышында болсо да өлөт өңдөндү. Макул дебесе, канкордун катаал өкүмү менен жүздөгөн, миңдеген адамдардын каны суудай агат. Талоончулукка учурайт. Жакыпкан ойдон башын көтөрүп, кайра эңкейди да сакалын сылап үшкүрүндү.
— Хан, — деди ал өзүнө өзү кайрат берип, — өз кылычынан өлгөн баатырдын наристесине кол салуу эрдин наркына жатпас! Эгер ал жарык дүйнөдө бар эле болсо, сиздин кең пейилдүүлүгүңүзгө бир кезде алкышын айтаар…
Коңурбай зилдүү «бырс» күлдү. «Неткен акмак неме эле!» деп ойлонуп алгандан кийин, тике качырбаса болбосун билди. Анын жаак булчуңдары бүлөөлөнүп, кең таноолору чыйылдап, өңү кара күрөң тартып, дем алышы кыжырлуу кышылдакка айланып бара жатты. «Буруттарды кан төгүү менен гана көңүлдөгүдөй башкарууга болот!» деп айткан Эрликхандан мурдагы балгер, Мыргенцерен китебине карап, Коңурбай ушуну эсине алды.
— Эки күндөн кийин нойон барат. Бөлтүрүк ошол нойондун көзүнчө өлтүрүлөт. Иш ушуну менен бүтөт! — деп жиберди ачык эле, Коңурбай өзүн басалбай.
Күрүлдөй чыккан катаал үндөн Жакыпкандын аза бою тик турду.
— А десе, тоого жамынасыңар, — деди карт калча, эми аянаарым жок дегенсип сөздөрүн тишинин арасынан сызылта чыгарып, — Бу, баш ийүүнү каалабагандыктын белгиси. Тоонун сай-салаасынан, токой-чер, аска таштарынан кайсыл душман издеп табат силерди?! Түз жерге конуш тепкен эл жоо таманында калаарын эзелтен билесиңер. Ошон үчүн да биздин эл көп кырылды. Силердин шумдуктуу оюңарды мен билем. Бир кыргыз айкырык салса, жүз кыргыз даяр. Коркконуңардан гана баш ийимиш болуп турганыңарды билбейт дейсиңби! Кудайыңар ким экенин таанытып, элиңерди тып-тыйпыл чабайынбы?! Эркегиңерди биттеп, тукум курут кана кылуу керек силерди. «Наристеге кол салуу баатырдын наркы эмес» деп койот келжиреп. Бар, билгениңди кыл. Эки күндөн кийин нойон барат. Андан аркысын сага айтып отурбайм! — Коңурбай хандык чапанын оңдоп жамынды да, — Эпке келбес кары дөбөт! — деп жиберди.
Аңдып тургансып баертеңки эки нойон Жакыпкандын эки бутунан сүйрөп чатырдын тышына чыгарды. Басалбай мууну шалдыраган чалды кыйлага жетелеп барышты да:
— Кете бер, — дешти нойондор.
Жыгылып кала жаздап сенделген Жакыпкан ат кошчуларына бир эт бышымда араң жетти. Аткошчулары аттарын чылбырынан кармап, үй ордундай жерге оттотуп, түнү бою жана эртең мененден бери үйрүлүп турушкан. Өң алеттен кеткен Жакыпканды көрүшүп алардын да үрөйлөрү учуп, аттарын тез туура тартып кетөрүп мингизишти да ордо тегерегинен кеткиче шашышты…
* * *
Кыргыздар Коңурбайдын ордосунан узап алган соң, өздөрүн эркин сезишти. Бирок Жакыпкан жорго үстүндө теңселе толкуп, көргөн билгени, укканы жөнүндө бир ооз да сөз айткан жок. Хандын каш-кабагына карашып, аткошчулары да тунжурай жүрүп отурушту.
Кыргыздар мекендеген аймактын чегарасына жете бергенде күн кеч бешим эле. Булардын алдыларынан желдире жортуп, чаңызгыта келе жаткан атчандар тобу чыга түштү. Алдыда баертең Жакыпкан көргөн кызыл атчан нойон. Муруттары жамажайларынан ээгине түшкөн кара сур жоокерлер катаал, нары сүрдүү көрүндү. Алар жакындай бергенде беркилер жол бошотуп, четке чыга беришти. Коңурбайдын атчандары жол бошотуп ыктала түшкөн адамдарга этибар бербестен, тизгин учу өтө чыгышты. Нойондун канжыгасында акак чөгөрүлгөн күмүш ат жабдык жаркылдайт. Айрым жоокерлердин канжыгасында күмүш кемер, күмүштөлгөн алабакан, кымкап аяккап, шырдак, көшөгө өңдүү буюмдар шашып байлангандыктан аттын соорусун койгулап бара жатты.
Жол чаңы көөлгүй тарап, жер боорлой шамал ыгына көчкөндө Жакыпкан эсине келгенсиди. Кордук менен кек алоолонгон кара көздөр тым-тырс ат жалын тиктеп турушкан. Хан жолун улады. Эчким ооз ачып үн каткан жок.
Күн батып бара жатты. Эми булардын алдынан быкшып түтөгөн чакан кыргыз айылы чыга келди. Жакындап келгенде, кыязы, келе жаткандар кыргыз экенин билишти көрүнөт, бирөө далбактап чуркап жетти буларга. Боз үйлөр жылаңачтанып, катын-калач ар жерде бирдемелерди жыйнаштырып, карбалас жүрүшкөнсүйт. Созолонгон кошок, өксүгөн ый угулат. Айыл ортосунда коңурсуган өрт, аны тегерене чуркаган үч-төрт адам күлдөн бирдемелерди чыгарып жатты. Айыл четинде ит улуп, адамдардын башына түшкөн кырсыкка наалып жаткансыйт.
— О-о, айланайындар, кыргызсыңарбы?! Чаап кетти, тукум курут болдук! Айланайын эл-журт, бул эмне деген кордук! Эркек балдарды бешиги менен алып чыгып, өрттөп жиберишти. Ушуну көрмөк экенбиз… — Чуркап жеткен адам аптыгып араң сүйлөйт, — баласын өрттөн алам деген катындарды отко түртүп кошо өрттөштү… Оо, Теңирим, Манастын баласын бербесеңер бардык кыргыздын балдарын өрттөйбүз дешти… Аз айыл элек, бала калтырбай өрттөп салды. Бул кордук, айланайындар, буга кантип чыдайбыз?! Эмне унчукпайсыңар?!…
Жакыпкан күйүттөн теңселе түшүп, аттын жалынан ооп баратканда аткошчулары кармап калышты. Кыргыздардын түксүйгөн өңдөрү кек менен чыңалып, көздөрү жалын бүркүп жаткансыйт. Жолоочулар хандын абалына карап, үйгө тезирээк жетүүнү ойлонушту. Булар унчукпай бастырып кетээри менен жалгыз калган айыл адамы башын койгулап өкүрүп жатты:
— О-о, шум дүйнө! Кабылан Манас өлгөн тура! Өлбөй кал Манас, өлбөй кал! Өлүмгө жетпегир Манас! Бизди ушинтип таштамак белең… О-о береним Манас, бир боорум Манас, ала жат баарыбызды! Өлгөнүң эми билинди… — Ал быкшып жаткан айылы жакты карап алып өкүрүп ыйлап чөк түшүп отурган бойдон калды…
Жакыпкан үйүнө келээри менен төшөк тартып жатып калды. Карт денеси күйүп жаткансып алдастады. Сакалдуулар чакырылып, ак сары башыл мал арнап союлуп, өпкөсү кагылды.
Катуу ызаланган Жакыпкан эл тараган күнү түн ортосу ченде гана эсине келип, сагаалаган балдарын, келин-кесектерин, туугандарын үйлөрүнө кетирди да болгон ишти кемпирине төкпөй-чачпай айтып, төшөгүндө онтоп жатты. Эртең эл чогулганда, кыргыздын жаман-жакшысы топ курганда эмне айтышы керек? Кандай чечим болот? Нары көп, нары күчтүү канкорлор басынтып, эмне кылам десе ошону кылары бышык эмеспи!
Мээрчөптүн тамырынан кырынды салынып ачытылган, ал-кубат берүүчү кымыздан алтын чөйчөккө куюлуп Жакыпканга сунулду.
— Бир-эки ууртачы ханым, өз тукумуңдун азабын тартуу үчүн жаралган турбайсыңбы! — деди Бакдөөлөт кабаттап коюлган куш жаздыкка сөөнө онтоп отурган абышкасына, — Теңирим-ай, мынча не азап. Баарын кылган жаңкы кара кемпирдин баласы! Тынч жашап жаткан элди бүлүндүрдү. Кайран эл, кайран жер! Сайда саныбыз, кумда изибиз калган жок. Коңурбай акмак эмес, кек сактап, кун кууп чыгаар тукумдун жашап турушу ал үчүн коркунуч. Манас жокто деле кыргыздар кырылбай эле жашаган. Бергиле сураганын. Антип кутулбасак, элди дагы бүлүнтүп алабыз!… Ханым, Коңурбайдын тилегин орундатып, кайгы чекпей эле, баланы колуна салып бергиле. Кыргыздын бир баласы тумоодон деле өлбөйбү! Эл намысы, элдин эркиндиги деп жүрүп көргөн күнүбүз бул болду!..
Мындай сөздү сүйбөгөн Жакыпкан, демигип капшыт жакка оодарылды. Тышкы күйүт аз келгенсип, ичтен билгизбей үңүп жеп жаткан курт да бар тура, көрсө! Күнүүлүк күрмөөгө келбеген акыл-эс оңой жоо болгонбу?! Бүткүл кыргыз сыймыктанаар эр азамат төрөп бере албаган Бакдөөлөт, илгертен эле Чыйырдыны көрөйүн деген көзү жок болучу. Манастын тукумун үзүү жөнүндө ал Коңурбайдан кем ойлонбойт эмеспи. Мына азыр эң сонун сааты түшүп, оюндагысын тартынбай айтып отурат.
Жакыпкандын ноокасы салмактана түштү. Анын төшөктөн турбай бир нече күн жатып каларын ойлогон Бакдөөлөт ишке өзү кол салып киришти.
Түн бою кирпик көзүн ирмебей отурган жакындары күн чыга, хан жай алып уктап кеткенде көздөрүн ушалап үйдөн чыгышты. Бакдөөлөт кундуз жакалуу кымкап тонун жамынып, күңдөрүнүн кол кабышы менен жүзүн чайып, элечегин оңдоп салынып, эшикке чыкты.
Күн чайыттай ачык эле. Тоодон артылган күн нурлары закымдап чык байлаган майда жалбырактарды бермет чачылгандай жылтылдатат. Таңдын салкын нары тунук абасынан дем алып, Бакдөөлөт желбегей тонун кымтылана алыскы желелердеги бээлердин окуранганын угуп, кулундардын чирелеп байлатбай жатканын карап турду. Анын айлана чөйрөгө караган көздөрү ойсуз эле. Түндө Жакыпкандын жанында отурганын унутуп койду. Чыканактай кара кемпирдин жалгыз уулу кыргыздын башын кошуп, душманы менен тең ата болду. Менин балдарым андай ишти колдоруна алалган жок. Чындыгында, алардын колдоруна тизгин тийбеди. Мына эми, кыязы, балдарымдын кезеги. Хан Жакып эртең аркы дүйнөгө сапар чексе, хандык так тул калабы? Өзүм отурбасам да аны салт боюнча балдарымдын бири ээлейт. Байкуш кыргыздарга баш керек. Ал үчүн азыртан аралашуу, көзгө түшүү, Коңурбайдын көңүлүн улоодон башка жол жок. Бакдөөлөт мына ушул чечимге тымызын келген эле.
Сабадагы алиде бышыла элек көгүлтүр кымыздан кытайдын фаянс кеселери менен экиден тартып жиберишкен бир туугандар аталарынын начар абалына кейиштүү түр көрсөтүмүш болушту. Бирок көгүлтүр кымыз ачкарын ичилгендиктен көңүлдөрү болор болбос серпиле түшкөн эле. Алыстан бир басып, эки басып жай келе жаткан Бакдөөлөттү көрө койгон келиндердин бири шашып, төргө тукаба төшөгүн жая салды. Алар ийменип эшик ачып, күмүш кумганга суу толтуруп, жез илегенин камдашты. Балким, энелери эртең мененки чайды Көбөштүн үйүндө ичээр… Бакдөөлөт эки уулунун тең ушул жерде экенине ичинен кубанды. Баары ойдогудай башталганы турат…
Өзүнө арнап салынган төрт кабат төшөккө барып отургандан кийин, сунулган эртең мененки кымыздан ооз тийип кайра берди Бакдөөлөт. Андан ары болсо, кымкап тонун кымтыланып, келин-кесегин тышка чыга турууга буюрду. Көбөш менен Абыке энесинин айбатынан бир аз айбыгып, баштарын жерге салып сөз күтүштү.
— Балдарым, атаңардын чикиртин көрүп турасыңар, — Бакдөөлөт үшкүрүндү, — Жаман айтпай жакшы жок дегендей, атаңарды аркы дүйнөгө узатып калсак, атпай журт алдында нарктуу узатуу милдети турат. Бирок үстөккө-босток жан кейиткен иш чыга калып, айла кетип турган учур… Эгер хандын сырыкарага белгилүү болсо, анда ордодо, хандыкта, хандын үйбүлөсүндө нарк болмок эмес. Өзөккө тутанган өрттү өчүрүү үчүн өзүңөргө гана айтайын деген сырым бар. Ал адам баласына билинбегени түзүк. Жамандыгыңар болбосо, жаштыгыңар калган жок, калдайып өсүп чоңойдуңар. Эл камын ойлоор чагыңар. Түпөктүү найза сунуп, кылыч сермеп, жаа тартканы болбосо, Манас силерден артык беле?…
Энесинин мактоо сөзүнө ээликкен Абыке купшуңдап, тынч отуралбай толук угалек жатып аралаша кетти:
— Коркпоңуз эне, ал оңой! Өзүңүздү баш кылып, айылдагы катын-калачтын баарына кара кийдирип, жыл бою коштуруп ыйлатабыз. Кыргыздын алыскы урууларына, батышы Кыпчак, чыгышы Коңурбайды баш кылып бардык нойонлорун, түштүгү Темиркан кудага чабаган жиберебиз. И, айтмакчы, Уйсун ханын унуткан турбаймбы, ага да кабар жиберебиз. Болуп көрүлбөгөндөй ат чаап, байгесине үйүрү менен жылкы, короосу менен кой саябыз…
Бир көйнөк мурда жыртканын билдирип Көбөш инисин какмалады:
— Койо турчу, деги сөздү аягына чейин уксаң боло!
— Эмне, энем сен экөөбүздөн акыл сурап отурат. Билгенимди…
— Балдары-ым, — деди Бадөөлөт кейиштүү үн менен, — Мен силерден акыл сураганы келгеним жок. Орою келип турган ойрондуу ишке жумшаганы отурам.
Сөз төркүнүнөн ирмем селдее түшкөн балдары кайрадан бойлоруна кайрат жыйнагансыды:
— И, айтыңыз анда… Биздин колдон бары келет, — деди Абыке.
— Ой бир эси жок неме экенсиң, — Көбөш кыжырлана кетти, — Айтып баратпайбы, кичине күйсөң боло? Дайны жок чеченсинбей…
— Эмне? Сен эстүү болуп калдыңбы? Качантан бери? Кече эле тиги сарт жеңени өзүм алсамбы, кыркка чыкса да кызга бергис деп менден акыл сурабадың беле! Сенин эстүүлүгүң деле белгилүү… — Абыке энтиге дем алып энесинин алдында агасынан жеме укканына намыстана түштү.
Энесинин оюн билүүгө ынтызарланганы менен Көбөштүн акыл-эси Абыкеникинен айырмаланчу эмес. Каныкей жөнүндөгү жашыруун оюн энесине билгизип койгонуна катуу намыстанган Көбөш буулугуп: «Бас, жаагыңды!» деп кыйкырып жибере жаздады.
« Балдары-ым!» деген кейиштүү коңур үн кайрадан угулДУ:
— Балдары-ым, силер миң-сан жолу уккан бир сөздү кайталайын. Бирине бири эрегишип, биринин сөзүн бири жөнөтпөй, бирин бири аңдыган элде береке болбойт. Көбөш Каныкейди алгысы келсе, агасынын жесирине инисинин эгедерчилик кылуусу — кыргыз салты. Бул жакшы иш. «Коюндан төгүлсө кончко». Бирок ага жетүү үчүн алдыда өтө алгыс аска-бел жатат. Майда-баратка алаксып, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, алагүү немелерче жүрсөңөр алаканыңардагы алтын тактын, өрүшүңөрдөгү сан-миң малдын эмне касиети болмок! Силердин жөнү жок кыжылдашканыңарды мындан ары көрбөс болоюн… Эми, угуп тургула. Бакай элге жолобой ат тизгинин оолак салды. Анын оюнда, Манастан кийин элде сөөнөр адам калган жок. Силер эмне, татыбайсыңарбы ага? Көзгө түшүп, оозго илинсе бардык адам ага татыктуу. Азыр кыргыз эли бардык балтыр бешик балдарынан айрылганы турат, кыймылдагыла!
Көбөш менен Абыке бул сөзгө түшүнбөй бирин бири карап коюшту. Бакдөөлөт сөзүн улады:
— Коңурбай хан атаңарды чакыртып кыргызга бир бала керекпи, же миң бала керекпи дептир. Мен жиберген нойондун көзүнчө Манастан калган баланын көзүн тазалагыла. Эгер антпесеңер, кыргыз айылдарын кайра чаап, балтыр бешик бала калтырбай өрттөйбүз, — дептир. Кайра келе жатканда атаңар четки бир айылды калмактар чаап кеткенин, балдарын өрттөп жиберишкенин көрүптүр…
— Баса, атам эмнеге ооруп жыгылды дейм… Аткошчулары келгенден бери бир киши менен да сүйлөшкөн жок. Баарынын кабагы бүркөө!
— И, акылдаша отуруп, Манастын уулун келген нойондун көзүнчө..ым-м, жоготолу дедик. Андан башка айла жок. Бүгүн силер жол чалып келгиле. Сарт келин айлы менен Төрткүлдүн кайсы жерин жайлады, конушун тактагыла. Баланын бар жогун билгиле. Жанагы мен айтам деген ойрондуу иш ушул!
Көбөш менен Абыке жеңилдене түшүштү. «Ошол элеби!» дегенсишип, ийиндерин күйшөшүп бир бирине жылуу чырай менен карап алышты.
— Абайлагыла балдары-ым, Манаска канжар шилтеген сарт келин силерди майып кылуудан кайра тартпайт…
— Тиги-и, нойону качан келет экен?
— Эртең.
Кечкурун «чалгындан» келген эки эргул көргөн билгендерин энесине баяндашып, жарыша сүйлөп жатышты.
— Таптык, билдик, бары жайында!
— Шашпай сүйлөгүлөчү, Көбөш сен айтчы?
Көбөш тамагын кырынып, кадыресе түс алып, айтууга кам урганда:
— Ой, бул билбейт, бери жакта турган. Чалгында мен…- мен болдум. Колго түшүрүп туруп баарын билдим…
— Кимди колго түшүрдүңөр?
— Сен койотурчу, — Көбөш ызасын араң басып, энесин туурап салмактуу болууга аракеттенип инисин тыйымыш болду, — Биз Төрткүлгө жеткенибизде күн түш маалы болуп калган. Токой арасындагы бактын көлөкөсүнө түшүп, ачык жердеги ак өргөөсү бар айылды бирден эле тааныдык. Аттарыбыздын ооздугун чыгарып, жашыл тулаңга оттотуп турганбыз, чылбырлары колубузда… Экөөбүз тең не бар, не жок деп учуна коргошун уютулган жылан боор камчыларыбызды алып алганбыз, бүлдүргөсү аты жокто илинүү. Эки көзүбүз айыл жакта. Бир кезде токой аралап кеткен бээлерди чогултуп жүргөн күңдү көрө койдук…
— Мен… мен биринчи болуп көргөм!
Бакдөөлөт тымызын үшкүрүп коюп, кейиштүү угууда. «Атаңдын көрү-ү, арман дүйнө! Базарлуу жаш кезимде тукум алууга элден акыл-эстүү бир эркек табылбагансып…» деген өкүнүч ойго кеткен эле ал.
— Анан, аны кармадык да баарын сурадык.
— Унчукпайт, жылан боор менен…
— Анан айтты. Семетей ак өргөөдө күмүштөлгөн бешикте жатат. Сарт жеңебиз баланын жанынан карыш жылбай көз жашын көлдөтүп отурат, — дейт. Айылда каршылашар эркектер да жок дейт…
— Кызык! — деди Абыке делөөрүп, — Жылан боор менен ийинден ашыра басып алганымда чалкасынан кетип, буту сырайып калды. Жука чапрка басып-басып алдым эле, чыңырып алактап, өң алеттен кетип, айтып берейин абакелер урбагылачы деп жалынып жиберди…
— Дал эле ошол сарт жеңенин күңүнө жолугуппуз.
— Андан да кызыгы, — Абыке кызуулана түштү, — сасыйт эле сасыйт, көрсө жылан боор менен такымын айра чапканда, дамбалын толтуруп салыптыр!
Көбөш уялымыш болуп жер карап кытылдады.
— Ал күңдү эмне кылдыңар? — Бакдөөлөттүн өңү өзгөрө түштү, — Силерди таанычу беле?
— Та-аныйт, көрүп эле жүргөн күң.
— Чер токойго алып кирип, терекке таңып, оозуна башындагы жоолугун тыгып, кетип калдык.
— Ым-м, — деди Бакдөөлөт эс ала түшүп.
— Билебиз да-а, ал барып айтып койсо, нойон келгиче баласын жашырып койобу дедик.
— И-и, — деди ханыша кымкап тонун кымтыланып. — Эми, эртең сый тамактардан алып нойондун жолун тозуп чыккыла. «Атам катуу оорулуу, биз Манастын айылына ээрчитип барып, ишиңерди бүтүрүп беребиз!» дегиле. Анан, калмактардын каалаганын иштеп жолго салаарсыңар…
Бакдөөлөт кетүүгө камынды, бирок…
— Анан дагы бир кызыгы бар, — деп Абыке энесин токтотуп калды. — Төрткүлдөн бери чыга берээрдеги таштакта Шуутугулга жолугуп калдык.
— Үзүктөй калпак Шуутугул, — толуктады Көбөш.
— Баарекелде, Бакдөөлөттүн баатырлары, эмнеге сороктоп чаап калгансыңар, — деп чекмеледи. Мен, мына сороктосо дедим да жылан боор менен басып алганымда…
— Үзүктөй калпагы башынан ыргыды…
— Өзү желмаянынан ыргыды…
Калп айтышкан экөө тең кыткылыктады. Калп аралашпаса, акмакчылыктын даамы болмок беле!
«Үзүктөй калпак Шуутугул» деген атка конгон адам Манастын жакшы көргөн чоролорунун бири болучу. Терткүл жакта арамдардын шимшип жүргөнүнөн шекшип, Манас өлгөндөн бери эл четин мекендеп калган Бакайды көздөй желмаянын желдире жөнөгөн болуучу ал.
* * *
Күн чаңкай түш мезгили. Алтынтоо чокуларын байырлаган бирин-серин түйдөк ак булуттар гана көзгө урунат. Көпкөк асманда чалгынын кере жайып, каалгыган бүркүт сызып бара жатып, кокус төмөнгө шуңгуду. Кайрадан атып бийикке көтөрүлүп «Шаңк!» этти. Төмөндө булбулу безеленип, күкүгү таңшыган токой тунжурайт. Көк кашка өзөн шоокум таратып, токойдун бирде жээгине, бирде ортосуна оонап, күндүн алтын нурлары менен азилдеше ойноп, агып жаткансыйт. Бул жашыл өрөөн Манастын сөөгү чыккан ыйык конуш болучу.
Айылдын орто ченинде он эки канат ак өргөө, анын айланасына алыс-жакын конушкан Манастын тирүү кезиндеги кыйбас адамдары, нөкөрлөрү. Өргөөнүн жанында кул-кутандардын, күңдөрдүн, малчылардын алачыктары. Токой жээгиндеги кенен аянтта кулун байланган желелер. Жылкы үйүрлөрү ысыда четин, долонолордун көлөкөлөрүнө ыктап, бардыгы токойго жашырынган…
Акыркы желеде бээ саап жүргөн күң менен кул токой четинен илээлеп бери чыга берип, кайра бадалга жашынган сөлөкөттү көрүштү.
— Жаңылчак! — деди бээ сааган көнөчөгүн тизесине түшүрүп, желенин четине баскан күң.
Кулундун сагагын бекитип жатып, токой жакка эрине көз жүгүрткөн кул:
— Ал эмнеге сандалып жүрөт? — деди да жооп күтпөстөн, бээлерди таш ыргытып кайырып, токой жакка баштантып койду. — Дайны жок кылыктанган эси жок!
«Илээлеген сөлөкөт» койчулар бошотуп жиберген кечөөкү Абыке, Көбөш байлап кеткен күң болучу. Эмчегин сүт тээп сыздап, алачыкта калган баласына келе албай түндөн бери токойдо. Ачтык, жан жеген ички азап күңдү эсинен адаштыра жаздаган. Күң болсо да бир тууган эжесиндей кам көргөн Каныкей укса, анын чыккынчылыгын эч качан кечирмек эмес. Манас айлынын жоокердик салты ушундай!
Зор ак өргөөнүн сол капшытына Манастын сыр найзасы, ак келтеси, калкан, кылыч, канжарлары илинген. Булардан төмөн берээнден калган ээр токум кыргыз салты боюнча тулданган. Каныкей баштан аяк кара кийип, мына ушул ыйык буюмдарга бетин түзөп, күндө үч убак заңгырап кошок айтат. Кенен боз үйдө үч эле жан жашайт. Чыйырды, Каныкей, бешиктеги Семетей.
Каныкей түшкү кошогун кошуп болгон соң, көкүрөгү карс айрыла үшкүрүндү. Опоосуз дүйнө! Анан ал бери карап, күң куйган суу менен бети-колун чайып, эмне үчүндүр ээнсиреген көңүл менен кызматкер күңдүн кыймыл-арекетине ойсуз көз жүгүрттү. Күң чыгып кеткен соң төрдө отурган Чыйырдыга карады:
— Эне, түндө укмуштуу түш көрдүм, жооруп бериңизчи. Башка келгенди тартпаска чарабыз барбы? — ал оң билегиндеги алтын билеригин чыгарып, тегеретип шашпай карады, — Бакдөөлөттүн арамдары айыл арасын жойлоп өттү, атчан, алдуу-күчтүү көрүндү. Колумда жибек аркан бар экен. Абыкеге чалма ыргытып түшүрө албадым. Андан ары дагы бирдемелер аралашып кеткенсиди. Мынабул билерикти күң Жаңылчакка берип жатыпмын… Бул маркум энемдин керээзи болучу. Чочулап ойгондум окшойт. Манастын казаа болгонуна жыл айлана элек. Кара кийип, кан жутуп минтип отурганда тиги арамдар балага кастык кылабы деп корком…
Башынан көп иш өткөргөн каныша Чыйырды бул сөздөрдөн андан бетер тунжурай түштү. Неси болсо да, алдыда бир нерсе болорун ал сезди. Кыйла унчукпай отургандан кийин ордунан турду да бир чыны муздак суу алып, бешиги менен баланын, Каныкейдин башынан тегеретип, сууга түкүртүп, чыныны суусу менен эшиктен ары ыргытып жиберди. Кайра ордуна келип отурган соң кундуз жээктүү белдемчисинин этегин кармалап сөзгө кирди:
— Кулунум, нээти жаман көркоолор кастык кылбай койбойт. Манастан калган жалгызымды Теңирим сактасын! Белиңе бекем таңып, Теңирге сыйынып, Темиркан кудага ыктаганың дурус. Ал Манасты күйөө балам деп жакшы көргөн жээн небересин аярлап чоңойтор. Акыркы карманаарыбыз ушул. Жалгызымды арамдардын кастыгынан коргогун, кулунум! Менин болсо, бир бутум көрдө, мага караба! Бакай абаң менен кабарлашып, Букарга сапар тарт. Жаңкы, сен түшүңдө көргөн аркан — жол болот. Теңир колдоп аман-эсен жетип алгың бардыр… Жалгызым чоңойсо элин издеп келбей койбойт…
Каныкей ансыз да кургабаган көз жашын куюлтуп, Семетейдин бешигине башын коюп, өксүп ыйлап жатты. Анын түтүнсүз өрттөнгөн өзөгүнөн дем эмес жалып чыгып жаткансыйт.
— Кантип? Калдайган кыргыз элимди, мекендеген кутман жеримди кантип таштайм?! Айкөлүмдүн аты өчөбү? Мен бейбакты Манастын арбагы урбайбы?!
Мына ошол учурда, көктө сызып айланган бүркүт дал эле өргөөнүн түндүгүнө шуңгуп, шаңк этип сайрады да кайрадан көкөлөдү. Ой-кыялы менен майышып отургандарга ал дем берген эле. Анын « Шаңк» эткени — «Намыс, Эл намысы үчүн!» дегенди туюндурду. Эрдикти эрдик козгойт. Арстандын, бүркүттүн, адамдын эрдигинде табийгый тутумдаш бир өзөк жатат. Бири козголсо, экинчиси, үчүнчүсү дүүлүгөт! Бүркүт үнүнөн Каныкей серпиле түшкөнсүдү. Чындыгында ыйлап-сыктап, майышуу анын дартына даба эмес. Каныкей кайратына келип, акырын ордунан турду да каралуу кийимин чечип, ак тинтеси асылган алтын кемерин белине курчанды. Эзелтен эле жоокердик кам эрте көрүлөт. Салгылаш болбой калган күндө да, анын зыяны жок. Жашынан жоокерликке машыккан хан кызы үйдөгү Манастан калган куралдарга көз жүгүртө, зарыл учурда андан кандай пайдаланарын көкүрөгүнө түйүп жатты…
Каныкей ойдон серпиле электе, колунда бээ саган көнөгү бар күң да ак өргөөгө шашып кирип келди:
— Айланайын эжекең-ай, айылдын туш тарабынан шойкомдуу атчандар чаап келе жатышат!
— Ат келтирилсин! — Каныкей катаал буюрду да, ат келтирүүчүлөр эбак жок экенин эстеп, ушундай болмок, дегенсип, Чыйырдыны бир карап алды. « Капылда калдым э-э, аз болсо да шыбыш билсек эмне!». Бирок ат үстүнөн алдырып көрбөгөн аялдын көйкашкасы эр менен эл намысы үчүн акыркы демине чейин кармашууга даяр эле. Айбалтаны колуна ала койгон Каныкей кандайдыр ирмем ойлоно кетип, кайрадан аны керегеге сөөп койо салды. Анан, тез кыймылдап күмүш бешикте жаткан Семетейди чече баштады…
Айылдын токой жак четинен кызыл ат минген нойон баштаган Абыке, Көбөш Манастын мурдагы чоролорунан Тазбаймат, Кыргылчал дагы онго жуук калмак атчандары тике эле ак өргөөнү көздөй чаап келе жатышты.
Тоо жактан жана төмөнтөн да бир топ кол лап койгон болучу. Көбөштүн жигиттери Чыйбыт менен Адыбай бээ байланган желелерге жетип, кулундарын агытып кирди. Көлбай, Кочкор баштаган бир топ кол кыркада, алтыгана арасында жүргөн төөлөрдү, бир тобу өрүштө жуушап жаткан койлорду үркүтүп, карышкыр тийгендей чуу көтөрдү.
Кыргыздын кайтпас баатыры жөнүндө көп угуп, өзү да чет-бучкагын көрүп калган кызыл атчан нойон, Манастын ак өргөөсүнүн алдына жете келгенинде жүрөгү болк эткенин сезе, тизгин тартып теңселе токтоду. Аттарынан секирип түшүшкөн Көбөш менен Абыке жан алгычтай шымаланып, өргөөгө кирип барышты.
— Токто, арам какшаалдар!.. — Чыйырды балтасын жалаңдатып бешик жакка чуркаган Абыкенин жолун торгоду. Абыке кемпирди чалкасынан түртүп жиберип, күмүштөлгөн бешикти как ортосунан бөлө чапты. Чырр эткен баланын үнү угулуп, жердеги асыл килемге кан жая берди…
— Ушуну кылмак экенсиң, арам!… — Каныкей ак тинтесин кынынан сууруп, Абыкеге умтулду. Бирок учунда салмактуу коргошуну бар Көбөштүн камчысы ийинден артыла тийип, анын оң эмчегин тилип түштү. Каныкей талылуу жерге тийген камчыдан эсинен адашып барып жүккө жөлөндү. Бирок «Кулунум!» деп чыңырган Жаңылчактын үнүн угар замат эсине келе түштү. Эмчеги сүткө толуп сыздаган Жаңылчак тополоңдон пайдаланып алачыгына кирип чыккан болучу. Каныкей керегеге сөөп койгон айбалтасын ала коюп, чыңырган күңдүн башын бөлө чапты:
— Мына, канкорлор! силерге баарын өлтүрүп берейин! О- о, залимдер, бул өчпөс кек! Наалат бассын силерди!… — Каныкей кайрадан алсырап жүккө сөөнө кулады.
Кызыл-ала канга бойолгон күмүш бешикти, баланын ичегисин чубалта көтөрүп чыгып нойондун алдына таштады. Коңурбайдын тапшырмасы ушундай аякталууга тийиш эле.
Каныкейдин эси ооп калганынан пайдаланып, Көбөш менен Абыке, безеленген жалгыз Чыйырдыны көздөрүнө илбей Манастан калган жарак-жабдыктарды талап алышты. Анысы аз келгенсип, ак өргөөнүн жабыгын сыйрып, ууктарын жылаңач калтырды. Бир чай кайнатым убакыт ичинде эле алар бузуку ойлорун ишке ашырып, айылга чычкак улак калтырбай, душманынан бетер чаап, жолго түшүштү. Бул Бакдөөлөттүн тапшырмасы эле.
Туйтунган арамдар айылдан оолактап, улуган иттер сейректеп, ызы-чуу басылайын дегенде Чыйырды Каныкейге суу бүркүп эсине келтирди. Катуу чымыркануу, чочулоо анын дарманын кактап кеткен эле. Анын үстүнө душман дүбүртү басыла электе Каныкейди эсине келтирсе, мерт болот, — деп ойлогон.
Оң эмчегиндеги жаракат үстүндөгү көйнөгүн коомай кармап, сүтү толгон оң эмчегин ушалап, бир аз дүң-маң отурду Каныкей. Арамдарга канжар шилтей албаганына катуу өкүнүп, жабыгы сыйрылган ууктар арасынан көк асманга көз жүгүрттү ал. Алиде көктө сызып жүргөн бүркүт сезе койгонсуп, эки жолу төмөнгө шуңгуп, Каныкейдин акыл-эсине таазим кылып, кайра бийигине көтөрүлдү.
— Эне, — деди Каныкей акырын гана, — балага жете алычу түрүм жок. Курсагы ачты го…
Чыйырды күңдүн кара алачыгына барып, эски курумшулар арасынан, бешикке батпай буту чыгып, боргулдана тердеп жаткан балканактай Семетейди араң көтөрүп келди. Эч нерсе менен иши жок наристе энесинин эмчегине жармашты.
Каш карайганда Бакай жиберген Шуутугул эки ат коштоп жетип келди.
Каныкей үн катпастан, аздыр-көптүр жол камын кылымыш болду. Аттанаар алдында болсо, Жаңылчактын өлүгүнө көз жүгүртө келип, ичинен терең улутунду. Анан, сөөктү төргө жаткызып, үстүнө кымкап көшөгөсүн жапты. Өлүк тегерегине жети чырак жаккандан кийин, энесинен калган алтын билеригин чыгарып, күңдүн көкүрөгүнө койду. Көмүүгө бир соопкер чыгып калар. Улам кылчакташып булар үйдөн араң чыгышты. Чыйырдыны сөөп аткаргандан кийин Каныкей үзөңгүгө бутун койо ээрге башын сөөп, көз жашы аралаш күбүрөдү:
— Кош элим! О-о, опоосуз дүйнө! Жаным тирүү болсо, беренимдин туусун бир желбиретээрмин! Кош, Мекеним!
Үч атчан түн караңгысында заматта кайып болгонсуду. Алар Бакайга, андан ары жол билген адам алып, Букарга сапар тарткан эле.
Мына ушундайча, көрөгөч балгер Эрликхандын өлүм алдында айткандары таасын келээрин Коңурбай, ал түгүл Бакдөөлөттүн арамдары да билбеген бойдон калышты…