САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: КЕЗЕКТҮҮ ДҮЙНӨ

АҢГЕМЕ

Калий деген кишинин алты жашар уулу көчөдөгү барып турган тентек бала деп аталды. Өзү теңдүү балдарды оюнга чакырат да, аягында келип ыйлатып жолго салат. Ыйлаган баланын ата-энеси балдардын ишине киришип, бир-эки ооз сөз айтуудан кээде уялышат Анткени, бирде балдар жакшы ойносо, бирде бирин-бири ыйлатат. Ушул бир кичинекей кишилердин турмушу ар качан да ушундай эмеспи. Булардын арасына түшкөн чоң кишилер аз учурайт.

Керексиз темир, дөңгөлөк, оюнчук, жада калса чыбык талашып да алар чоңдордон үйрөнгөн жаман тилдерин айтышып, аягында келип чаңырып ыйлай турганы кимге аян эмес. Бирок канча кылган менен «ичтен чыккан ийри жылан» дегендей, көчөдөн баласы көл-шал түшүп ыйлап келсе, анын көкүлүн сылап, ата-энеси сооротпой койбойт. Аз да болсо ичтери ачышат. Биздин элдин тукум сүйүү ыйык касиети бар эмеспи.

Дүкөндөн жыдып, кызматынан бошогон Жантайдын төрт жашар уулу Бакыт көчөнү башына көтөрүп, ыйлап келатты. Дарбазасына кире бергенде болсо, андан бетер аңгырап, көзүнөн да, мурдунан да булактай агызды.

Жантай үйүндө китеп окуп отурган. Ал аялына карады да:

– Эшикке чыкчы, Бакыт ко бул, – деп коюп китебине кайра үңүлдү.

Аялы эшикке чыга берип, азан-казан түшкөн баласын тосуп алды. Көз жашын аарчып, мурдун тазалап: «Эмне болду? Ким урду?» – Кайталап үйрүлүп түштү. Бакыт ыйлап жатып болсо да Калийдин уулу Эркин урганын айтып берди. Эркин Бакыттын бурама мыгын тартып алыптыр да, анысы аз келгенсип ат кулак менен башка чааптыр. Эмне деген зордук дебейсиңби!

Сөздү Жантайдын аялы баштады:

– Оңбогон жашабагыр десе! Көчөдөгү балдарга күн көргөзбөс болду. Ага жолобо дебедим беле, балакетинди алайын десе…

– Ким уруптур?! – деген Жантайдын үнү ички үйдөн угулду.

– Жаңкы Калийдин чечеги уруптур. Качан болсо эле жыланча чагып алат! Барып ата-энесине бирдеме айтсаң боло. Баласын тыйып коюшсун!

Жантай китебин жаап ойлонуп калды. Кечээ дагы бирөөнүн баласын кирпичтин сыныгы менен чекесин томуйта койгонун уккан. Минте берсе арийе жакшы эмес. Кошуналардын ынтымагына таасири тиет. Муну эскертип коюу керек. Бир күнү болбосо, бир күнү бирөөнүн баласынын көзүн чыгара чапса, оңой менен бүтпөйт эмеспи.

Жантай баласын соорото баштады:

– Мен азыр барып Эркиндин кулагын чоём, экинчи саа тийбес болот.

Бакыт ыйын токтоткондон кийин Жантай костюмун кийип, Калийдин үйүн көздөй басты.

– Сен эмне үчүн урган жоксуң? Муштумуңду моминтип түйүп алып, кулак түпкө момундай коюп жиберсең саа тийбес болот, уктуңбу? – деп Жантайдын аялы түшүндүрүп жатты баласына.

Мындай сөздөр Бакытты кайсы жолго баштап жатканын ал өзү да түшүнгөн жок. Бакыт башын ийип, макулдап, мындан кийин ошенте турганын билдирип жатты.

Жантай дарбазадан киргенде эле издеген кишилерин толук тапты. Тентек бала да, анын ата-энеси да бар экен.

– Мен саа келдим, Калий, – деди Жантай олуттуу иш менен келгенин сездирип. – Сенин мобереки балаң көчөдөгү балдарга тыным бербес болду. Жаңкы, менин баламды сабап коюптур. Кечээ да бир баланы кирпич менен уруптур. Муну тыйгыла. Ар кимдин эле баласы өзүнө сүйгүнчүктүү да…

Калий Жантайдын сөзүн шашпай угуп турду да мындай жооп берди:

– Бала деген урушат, кайра ойноп табышат. Ата-энелер ага киришпесе болот. Бул жарыбагырды эми асып эле сабабасам, айтып да, коркутуп да көрдүм. Үйдө да тыным жок!

– Асасыңбы же аспай тим коёсуңбу бул өз ишиң. Бирок ата-энелер иштин алдын-ала байкаса болот. Бирөөнүн баласынын көзүн чыгара чапса кантет?!

– Оо, кудай сактасын, эси бар. – Калий ушуну айтты да ары басып кетти.

Жантай мындай болот деп ойлогон эмес.

– Биздин бала тийишпеген балага таптакыр тийбейт, – деди Калийдин аялы. – Сенин балаң да оңой эмес, өзү келип кабылган го. Өзү кабылган неме сазайын алат да.

Жантай эмне айтаарын билбей турду да калды. Күнөө айланып келип өз баласына ообадыбы. Баласын тыймак түгүл, кайра жалаа жапты. Мунусу көрүнөө кордук!

– Балаңарды тыйгыла! – деп кыйкырды Жантай күйүп-бышып. – Экинчи жолу баламы уруучу болсо, айтып эскертип коёюн, жөн эле жаагын айра чабам!

Жантай шарт бурулуп үйүн көздөй жөнөдү. Анын ичи туз куйгандай ачышып келатты.

– Муну көрсөң «бала урушат, кайра ойноп табышат» деп деле жооп берээр эмес. Баласынын тентектигине мактанат ой!

Ачуусуз киши жок. Кишидеги ачуу көпкө туруштук бере албаганы жакшы эле касиет эмеспи. Эгер ачуу өмүр бою болбосо сиз да, ушуну жазып отурган мен да – баарыбыз эле эбак күйүп күл болуп кетмекпиз!

Жогорку окуядан кийин үч жыл өтө чыкты. Бул үч жылдын ичинде кыйла өзгөрүү болду. Жантай соода иштери боюнча кайрадан курс бүтүрүп, бир дүкөнгө ээ болду. Баласы Бакыт жетиге чыкты. А Калийдин тентек Эркин деген баласы, эс тартып, сомкесин көтөрүп мектепке баруучу болду. Ал таң калаарлык токтоо, эстүү болуп өзгөрдү. Мунун тескерисинче Жантайдын уулу Бакыт чыгаандан чыккан тентек болду. Ал балдарды ыйлатуунун учурунда кээде, чоңдорго да чабуул коюп жүрдү. Көчөдөн өтүп бараткан бей тааныш киши болсо, топурак же таш ыргытып, өзү билмексен болуп калаарын да айта кетишибиз керек.

Бир күнү түшкү дем алышта Жантай үйүндө дем алып жаткан. Байкоосуздан эле короодо чаң-чуң боло кетти. Ыйлаган бала, бакылдаган долу аялдын үнү чыгат. Жантай башын көтөрө койду да, тынчсызданып короого чыкты. Жесир катын Алмадай кичине кызынын колунан жетелеп алыптыр. Кыздын чекесинен аздап сызылып кан агып жатат. Алмадай күйүп-бышып ачууланды:

– Ой, Жантай, балаңды тыйсаң, боло. «Атасы жок, жетим» деп кордогонуңбу. Карачы, сөөк менен уруп жибергенин. Ушуну менен үч жолу болду. Кичине тыйып койсоңор боло. Өзүнөн кичине балдарды зарлатып жүргөнү жүргөн…

– Бакыт уруптурбу? – деп сурады Жантай аңкоосуп.

– Анан ким урат. Үйдө отурсам эле чыр эте түштү!

Жантай кызды сооротумуш болду да өзүнө тартып чекесин карап чыкты.

– Эмне менен урган оңбогур?

– Сөөк менен уруптур, – деди жесир Алмадай, ыйлап жибере жаздап, – мында эмне жазык?!

Бул кезде Бакыт өрүк жыгачынын түбүнө жашынып алып «пистолет» менен Алмадайды жана анын кызын «аткылап» аткан.

– Ай, үйдөн момпосуй алып чыгып берчи, байкуш кызга, – деп Жантай аялын жумшады.

Бул сөзгө Алмадайдын ачуусу андан бетер келди:

– Момпосуйуң менен момуран кал! Жетишкен экенсиң, момпосуй менен баланы алдайсың, мени кантип алдайсың? Балаңды тый, тыйбасаң өзүм сазайын берем! Ар кимдин баласы өзүнө, ай көрүнөт көзүнө!

– Болду эми, коюңуз. Ачууланбаңыз, бала менен бала болобузбу? «Бала деген урушат, кайра ойноп табышат». Вовще, ата-эне ага кирише берсе болбойт…

Аңгыча Жантайдын аялы бир ууч момпосуй алып чыгып кызга сунуп калды. Алмадай кыжырланып, аялдын колун кагып таштады:

– Жетим-жесир, эчтемеси жок дейсиңер го. Бизде момпосуй кайдан болсун? Өзүм жесир болгонум менен көңүлүм жесир эмес. Кудая шүгүр, элим-журтум бар. Көрчү муну, баласына бир-эки ооз сөз айтпайт да, момпосуй менен алдагысы бар…

Алмадай кызын жетелеп короодон чыга жөнөдү. Артынан карап турган Жантай:

– Элде акыл-эс калган эмес экен. Баланын ортосуна түшүп да ушунчалык ачууланабы? Бала деген бала да… – Ал эс алуусун улантуу үчүн үйүнө жай кирип баратты.