САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: КӨЗДӨР, КӨЗДӨР

АҢГЕМЕ

Жолоочулап бара жатып, «Н» селосунун кичинекей, ашканасына кирдим. Көбүнчө мындан ары-бери өткөн шоферлор азыктанышат. Ашкана жол үстүндөгү шоферлордун жупуну кийимдерине, орой шылдыңдашып, эркин отурууларына мүмкүндүк берип тургансыйт. Шоферлор гана эмес, мындай жерге кирген ар бир киши эмне кылса да өөн сезилүүчү түрү жок. Бизде, адатта, көпчүлүк жыйналуучу жерде тамеки тартылбайт. Бирок мында көк түтүн дайыма ашкананын төбөсүн каптап турат. Тамак берилүүчү тешиктен, пияз менен куурулган майлуу эттин жыты чыгып, андан даамдуу тамактын буусуна семирген ашмачынын чулчуйган бети да көрүнө калат.

Мында киргеним болбосо, тамак ичүүгө табитим тарткан жок. Буга ашкананын начар тазалыгы себепчи эмес, жол үстүндө тамактанып, жайланып отура албаймын. Буга көнүп да кетипмин. Ошондо да бир стакан карандай чай алдым да, сигарет тартып, шофердун тамактанып бүтүүсүн күтүп, четте отура бердим.

Бир кезде чаңкылдаган кыргыз аялдын үнү баарыбыздын назарыбызды оодарды. «Ашкананын толбой жаткан бир кемтиги ушул эле!» деп ойлодум мен.

– Уятсыз! – деп чаңкылдады аял каршысындагы жакшы кийинген жигитке кадалып. Аял жанатан бери үстөлдөрдү тазалап, аяк-табактарды жыйнаштырып жүргөн.

– Сен жугунду жыйнаганыңды бил. Маа чаңкылдаба, түшүндүңбү!

Жигит майлуу колдорун үстөлдүн үстүнө силкип-силкип коюп аялдан оолактай берди.

Ачууланган аялдын көзүнөн бул тийишүүдөн кумары канбай калганын байкоого болор эле. Жигит муну түшүнгөн жок. Ал эшик жакка барды да, аялдын жаман күңкүлдөгөнүн угуп кайра келди. Анын кебетесинен опсуз кыжырдануу көрүндү.

Аңкоо киши: «Эми болучусу болот!» деп ойлогучалык эле. Бирок иш мүлдө тескерисинче кетти. Аял өзүнө жакындап келе жаткан, кара-күрөң катаал өңгө эки секунддай карап калды да, табактарды столго коё койду. Менин көзүмө ал чабыла кетүүчү капканды элестетип кетти. Арада үч секунда өткөн жок, аялга жакындаган жигиттин сол жак бети «чуу!» дей түштү. Жигит муштумун түйүп кулачтай бергенде, жакын столдо отурган орус шофер билектен алды. Жигит колун жулуп алалган жок. Ичи күйгөндүктөн анын оозунан өтө көп жагымсыз сөздөр чыгып кетти. Анын эмне айтып жатканы менен ишибиз болгон жок. Анткени, ал бизге түшүнүктүү эле. Көзүбүз мурдагыдан бетер чаңкылдаган аялда болду.

– Арсыз… Сен өңдөнгөндөрдүн кесири элге тиет. Ой, ботом тамагын ичип болуп майлуу колун мына бул ашып калган нанга аарчып жатат, акмак…

Маселе эми түшүнүктүү болду. Чындыгында эле колдун кири менен майга ушаланган нан күкүмдөрү үстөлдө жаткан. Биз эмне дээрибизди билбей туруп калдык. Нан күкүмүнөн көтөрүлгөн көздөр жеңил ойчул, кесирдүү жигитке багытталды.

Мен ушул кадалган көздөрдүн көбүнө серп салып үлгүрдүм. Заматтын ортосунда серейген тулкулар, сурданган өңдөр менен каардуу көздөрдүн бүтүн бир комплектиси пайда болгон эле. Жашы кырктар чамасына келип калган, тоголок кыргыз шофердун көзү ички дүйнөсүн баарыныкынан ачык-айкын баяндап тургансыды. Жек көрүү сезими туудурган мындай кароону кемде-кем учуратам. Анын күрөң кирпиктери үстүңкү кабагына жамына, азыр эле сайыла кетүүчү найзадай октолуптур. Көз каректери душмандын буйтап кетпестигин күзөткөн кандайдыр кекчил жапайынын тиктөөсүн элестетет.

Эбак унутула баштаган кыйынчылык, ачарчылык анын көзүндө өз өкүмүн жүргүзүп тургансыйт. Кесирдүү жигит бир да бирөөнүн көзүнө тике карай албады. Ал башын төмөн салды да, көптүн ортосунан суурулуп эшикке чыгып кетти. Анын кетип бара жаткан кебетесинен: «Мындан көрө ушул турган кишилердин бири кулак түпкө келиштирип бир урса жакшы болмок!» деп ойлогону билинип турду. Тигилген көздөр үчүн анын карапайым дыйкан же профессор болгону бир тыйын эле. Бул кырдаал эч кандай титулду кошпогон адамдардын чындык мамилеси да. Ал чыгып кеткенден кийин да калгандар ал жөнүндө сүйлөшкөн жок. Анткени, мындай жосунсуз ишке кошумча түшүнүктүн кереги эмне?

Биз жолго чыктык.

Күндүн какыраган ысыгында чыйылдап ырдаган уйгур аялдар, эртеден кечке чейин аңыздарда куют чачар эле. Куют деген кык.

Эшек айдаган картаң уйгурлар көчөлөрдөн зорго жыйнаган азыноолак жаңы тезектерин ошол аңыздарга төгүп турушат. Айдоо мезгилинде болсо, өгүздөр жетишпегендиктен ар бир жөөккө кишилер бөлүнөт да, катар туруп алышып кетмен менен бир келки оодара башташат. Үрөн себилээри менен дагы куют чачылат. Ал эми, сугаруу кезинде болсо, жөөктүн жээгинде белчесине чейин көөмп коюлган карапалардагы кишинин заарын, аялдар чөмүч менен арыктагы сууга куюп турууга тийиш. Көндүм иш катары, жумуш үстүндөгү аял-эркектердин баары карапалардан башка бей сабат жерге заара кылышпайт.

Кол баладай бапестеп өстүрүлгөн эгин, орулуп жыйналары менен кандайдыр бир кампаларга жөнөтүлөт. Кайрадан дагы түйшүктүү жумуш башталат. Буудай ордуна ак конок себиле баштайт…

Бир күнү түштөн кийин «Коммунарлар» менен шоссе жанындагы жөөктө, чыгышты көздөй өтүп жаткан машиналар колоннасын карап турдук. Баарыбыз эле мындан он нече минута мурда колубузга карматылган бир-бир жевендени, карапа чыныга куюлган кара чайга чылап жеп чыкканбыз. Жевенде дегенибиз – ак коноктун унуна аздап татытып, буудай унун кошуп жасаган нан. Бети боз чаңгыл тартып, чийки бышуусу билинбеген ушул бир кичинекей энчибиз биздин жарым күндүк жумушка кеткен ал-кубатыбызды камсыз кылууга тийиш. Бирок бул көбүнчө үмүт боюнча кала турган. Курсагыбыз канчалык ачса да, баары бир дагы бир жевенде колубузга тийбесин билип канаат этпеске айлабыз да жок.

Түштүктүн алоолонгон ысыгы, тоё ичпестик – тыштан келген мен эмес, жергиликтүү дыйкандардын өзүн да ширидей карартып жиберген.

Шосседеги оор машиналардын кабиналарынан автомат кармаган солдаттарды көрдүк. Алар жарданып карап турган дыйкандарды көрмөксөнгө салып өтүп жатканын байкадым. Брезент менен жабылган кузовада аштык салынган кыска мешоктор даана байкалып турду.

Мен жанымдагы чала тоют дыйкандарды карадым эле, бүткөн боюм дүркүрөп коё берди. Өмүрүмдө мынчалык кадалган көздөрдү көргөн эмесмин. Автомашиналар шосседен эрксиз бурулуп келип катиңки каректерге кирип жаткансыды мага. Үнсүз кумсарган жүздөр таш болуп катып калгансыйт. Алардын жаак булчуңдары титиреп, чеке тамырлары бүлөөлөнөт. Каардуу көздөрдүн кудурети өтүп жаткан машиналарды бууга айлантып, тыптыйпыл кылып жибериши керек эле. Тескерисинче, карапайым кишилердин көздөрүнөн чачыраган укмуштуу учкундар бууга айланып, абага сиңип жоголуп жаткансыды.

Биз жөөк кырында канча карап турганыбызды билбей калдык. Оор машиналардын куйругу да үзүлдү. Мына ошондо жарданып тургандар машташкандай бир ооздон ыңгыранышты! Мен алардын улутунгандан кийинки бактысыз көздөрүн кайра карагым келген жок. Анткени, бактысыз көздөр ар качан да кайратсыздыкты, башкача айтканда, маанисиздикти гана көрсөтөт. Машиналар өтүп жаткандагы каардуу көздөр менин эсимде түбөлүк сакталып калды. Ооба, бул көздөрдү дүйнөнүн улуу актёрлору да сахнада туурай алмак эмес.

«Н» селосундагы ашканадан чыккандан кийинки эсиме алган көздөр мына ушундай болучу.