САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: «КЫЗЫРАЛЕЙ САЛАМ»

АҢГЕМЕ 

Мындан көп жылдар илгери шаар – калаа деп аталуучу. Ал кезде азыркыдай асфальт көчөлөр, тынымсыз агылган машиналар мүлдө жок.

Калаанын дайыма чаң каптап жатуучу, четки көчөсүнөн өтүп алган соң ысыкта ширидей каткан боз чологун теминип, чымын-чиркейлүү араба жолдо бир киши келе жатты. Кедейлик келиштире тытып салган кара көк кашкар чепкенин, мынчалык алыс жолго көйнөкчөн кетүү сөлөкөт болгондуктан гана ийнине илип алган. Бир замандарда кадимки калпак катары жасалса да, азыр көктөлгөн самын капка көбүрөк окшогон кууш кийизи башында. Калаалык тууганы ушул укмуштай калпакты колунун учу менен кармап, ары-бери аласалдырып, башын чайкап катуу намыстанды да, кездемеден шырылып жасалган бир калпак сатып бермекчи болду. Бирок Имакең жайдын күндөрүнө караганда баш кийим кышында зарыл экенин эскерип, шырымадан көрө тумак алып бер дегенди билдирди.

Быйылкы жазды болсо башындакы «самын кап» да алат эмеспи. Ошентип, тууганы бул «эстүүлүктү» да башын чайкап кабыл алган соң кулун терисинен жасалган кадыресе тумак алып кийгизди. Ал кулун тумакты кызыга аласалдырды да, өмүр бою кийүүгө жарай турганын ойлоп ичинен кудуңдаган эле. Азыр болсо, ошол тумак куржундун бир жак көзүн жалгыз ээлеп, канжыганы да, Имакеңдин көңүлүн да кыйла дөмпөйтүп келе жатты.

Капырык урган, борпулдак жолдо ал түрдүү ойлорго чөмдү. Жанга баткан жакыр турмуш кишиге эмнелерди ойлонтпойт. Ушундай жалгыз келе жатканда эки бөйрөгү тышына тепкен бир намиян жолдо жатса, ала коёру менен башка жолго бурулуп кете берсе, аны эч ким да байкамак эмес. Далай эле кишилердин кымбаттуу буюмдары түшүп калып, башка кишилер таап алып жүргөнү белгилүү да. Имакең тээ, алыстан намиян көргөнсүп, боз чологун кокус теминип алды, бирок анысы чунаң этип башын экчегени болбосо, кашаң жүрүшүнөн танган жок. Имакеңдин деми сууп, билинер-билинбес улутунду.

Мына ушул кезде алды жагынан эшек минген бир киши көрүндү. Сакалы куудай ак, жайдак төш, куш мурун чал эшегин кыдыңдатып келе жаткан эле. Анын бутунун учунда качан жасалганы, дагы канча жыл чыдаары белгисиз кең кепичи илинүү. Согончогу жерге сүйрөлөт. Эшеги менен калың куурайды аралап кетсе да, түшүп калбай турган бул кепичтин өзү эле жомоктордогу машайыктарды элестетет.

«Машайык» чал утуру келе жаткан кишини алыстан байкап, камчыланган ак таягын бооруна кысып, өтө эле мусапырсый түштү. Таяктан айбыгып кыдыңдаган сур эшек, эми урбасын сезип илкип калды. Бирок тигинин үстүндөгү жаман чепкенди, башындагы «эски самын капты» көргөн соң: «Бул кедейден эмне чыкмак?» – деп ойлоду да ал жандап өтө бермек болду. Деген менен, чалдын кытмыр көзү томпойгон куржунун куру жиберген жок. Ал андан өтө берди да таягы менен эшегин мойнуна уруп, өзү артына кайрылды:

– Ай, балам!

Чалдын үнүн угаары менен боз чобур тык токтоду. Чал кайрылып жанына келди да Имакеңдин аяк башына көз жүгүтүп өттү:

– Балам, пешенең жарык экен. Мен Султанивайыс мазарынан келе жатам. Дуба окуп коёюн!

Чал ушуну айтып таягын чомуна кыстара койду да, колун жайды:

– О-омийин!

Имакең да колун жайып, таң кала чалды карады. Чал ичинен күбүрөп бирдемелерди окуп жатты. Тиги болсо, «О, кудай – деп ичинен жалынып жиберди, – бир жакшылык бере көр. Кызыралей салам го, бул!»

– Аллаху акбар, – деди чал. Анан бетин сыйпаган алакандары менен сакалын да сыйпай өттү. Имакең бата кылып жатып чылдын көзүндө таң каларык момундук барын байкады. Аяр чал сөзгө кирди: – Сени эми бак карайт, балам. Жерге түшө калып кыбыла жакка үч адым аттагын да, бир катуу чалма алгын.

Имакең боз чобурдан ыргып түшүп, батышты көздөй үч аттады да бир ууч топуракты уучтап алып, туруп калды.

– Балам, чалмаңды бисмилла деп менин алакыныма сал.

– Бисмилла, – деди Имакең топурагын чалдын алаканына аярдап коюп жатып.

– Балам, – деди чал, – кыбыланы карап эки колуңду бооруңа алып, чын ниетиң менен тобо оку.

Башын төмөн ийип, чын ыкласы менен уюган Имакең кыбыланы карап, эки колуна бооруна алды.

Бир аздан кийин чал мындай деди:

– Балам, бери кара, мына бул алып берген чалмаңды бисмилла деп оозуңа сал, чайнап жеп коёрсуң!

Тиги саал кичирейип калган топуракты оозуна салды да, чайнап-чайнап жутуп жибирди. Топурак кант кошкондой таттуу экен. Топурактын таттуу даамы эрксиз жер жалатты.

– Балам, – деди чал шашпай сүйлөп, – куржунуңда кишинин ыраазылыгысыз алынган нерсе турат. Ал эмне?

– Албы? – деп сурады, Имакең шашканынан. Анан: «Шырыма калпакты эле албай, кап, тумакка ыраазы болгон эмес тура!» деп ойлоп үлгүрдү.

– Куржунуңдагы эмне деп жатам?

– Тумак…

– Ошого дуба түштү.

Имакеңдин колу калтырап, куржундан тумакты араң чыгарды да чалга сунду.

– Жаныңда тыйын-тыпыр жокпу?

– Жок.

– Анда, – деди чал, – тиги куржунуңду бер…

– Бул куржун кишиники, – деди Имакең бирдемеге шекшине түшүп.

Ал күйпөлөңдөп боз чобуруна жакындап, чылбыр-тизгинин жыйнаштыра баштады. Мунун кыймылына шекшиген чал эшегинен түшө калды да, тумакты колтугуна кыса коюп алаканын жайып, көктү карап күбүрөп калды. Имакең болсо, атына минди да жолуна түштү.

«Кызыралей саламга» капысынан жолугуу Имакеңдин ичин туз жалагандан жаман ачыштырды. «Кайра кууп жетип, тумакты тартып алсамбы», — деген да ойго келди. Бирок  коркту. Анткени, чалдын кызыр экенин же кадимки киши экенин ажыратууга анын акылы жетпей жаткан эле. Деген менен, жүрө-келе, иштин маанисин да аңдады. «Кызыр пайгамбар, китептерде айтылышына караганда, жолуккан кишисинен буюм алган эмес. Ага буюмдун да эч кандай кереги жок. Демек, тиги чал сөзсүз алдамчы болгону да», — деген ойго келген эле.

«Алдайт деген ушул да, – деп муңарды Имакең өкүнүп, – үйгө эмне деп барам, кайран гана тумагым. Коё тур, мен деле өз кезинде калам шарифти оодарбадым беле…»

Боз чобур илкий басып, Ийри-Суу кыштагына туягы илингенде Имакең бир жайма дүкөнчүдөн «дарылыкка» деп жабышып жатып, үч мейиз сурап алды. Анда жанында сокур тыйыны жок болучу. Мейиз колго тийген соң боз чобурдун тилегине каршы шып үстүнө мине койду да, жолун улады. Ал бери чыккан соң ат чалдырып отуруп жерден топурак алып, аны мейизге кошуп алаканына мыжыгылдай берди. Топурак менен мейиз камыр болгондо, аны үчкө бөлдү да, кургасын деп жаман калпагынын кырбуусуна кыстра салды.

Ал ордунан «Я, пирим!» деп кыйкырып турду. Эмки иш эле, алдынан чыккан кишини алдоо болуп калган эле. Бечара боз чолоктун жерге жабыша калып жатканына карабастан, суулуктан силке тартып, кыймыл сайын «бисмилланы» кайталай берди. Атына минген соң тышкы кебетем да окшосун деген ой менен, канжыгасындагы бош куржунду чечип, ат үстүндө туруп, ийнине арта салды. Ошентип, Имакең анда-санда «Алла!» деп коюп ээн жолдо күңгүрөнүп, зикир чалып келе жатты.

Бир кезде алдынан килем куржундуу үч атчан киши чыга келди. Булар соодагер уйгурлар болуучу. «Ушуларды алдап көрсөмбү!» деген ой Имакеңе кылт дей түштү. Соодагерлер өтө берген кезде:

– Токтогула, балдар, – деди Имакең энтигип.

Соодагерлер тизгин тартып, дагы эмне айтарын билбей шашып калган тигини таң кала тиктеп калышты. Имакең эсине келип, эми ээрдин козгоюн дегенде:

– Бастыргыла, – деди жүргүнчүлөрдүн бири. – Бул бир жүргөн жинди неме да!

Соодагерлер жүрүп кетишти. «Атаңдын этин жегир десе, жинди неме дейт тура!» деп күбүрөп, деми сууган Имакең ордунан араң козголду. Ал ойлоно, зикир чалганын таштап, мойнундагы куржунун да кайра канжыгасына байлады. Минтип кызыр пайгамбар болгуча, жөн жүрүүнүн өзү ага чыныгы бакыт сезилди. Бирок тууганы белек кылган бирден бир тумагын эстегенде, ичи күйгөндүн үстүнө күйүп жатты.

Жол боюнда Гөр-Жылга, Шайтан-Сай деген аты укмуш жерлер бар эле. Ал жерлер жөнүндө нары коркунучтуу сөздөр эл ичине көп таралган. Кимдир бир жолоочу ошол жерден шайтан көрсө, экинчи бир жолоочу качып жүргөн ат башындай алтын көргөн имиш. Ушул себептүү тегерегиндеги эл бул жерлерди бир түрдүү коркунуч менен оозго алыша турган. Имакең ушул жерге келгенде күн бешимден ооп кеткен эле. Бир кезде алды жактан жорго минген бир бала жана картаң аял чыкты. Аялдын башында элечек, кийгени дукаба чепкен, белинде саймалуу белдемчи, кара бачайы жууркан үстүндө теңселет.

Баланын башында жашыл дукаба капталган кызыл чачылуу кара көрпө тебетей, кийгени күрөң чийбаркут бешмант, саймалуу кара сатин кур курчанып, кара таз баркут көрпөчө үстүнө конуп алган. Бала энесинен аркан бою озуп келе жатты. Экөөңдө тең шарактаган күмүш жабдык.

Жоргосун катуу салдырып келе жаткан бала Имакеңди көрө коюп, тизгинин тартып энесине катарлашты. Түрүнө караганда бирдемеден чочулаганы байкалат. Бул кылык Имакеңе бирден ой салды. Ал кемпирдин куржунуна алыстан эле көз чаптырып, ичинде баалуу буюм барын да сезе койду. Эне-бала жоргосун салдырып өтө берерде:

– Балам, токтой тур, – деди да Имакең оштонуп көктү карап калды.

Жолоочулар токтошту. Имакеңдин тышкы кебетеси ууру-каракчыга караганда мусаапырларга көбүрөк окшой турган. Ошон үчүн эне-бала көп чочулаган жок. Имакең көктөн көзүн албай туруп, колун жайды:

– О-о, кудай жалгыз экен! Жалгыздын жары боло көр, – деп жиберди ыйламсырап. – Макул, макул атайын… я субахан алла зулжалал…

Эне-бала мындай машаякты кезиктиребиз деп ойлогон эмес эле. Бала чынында эле жалгыз болучу.

– Бешенең жарык, зоболоң бийик болуучу бала экенсиң, – деди ал. – Жай колуңду батамы берейин!

Эне-бала жуураттай уюп колун жайды. Имакең күбүрөп батасын берген соң, кебелбестен сөзгө кирди:

– Мен Султаныавайыс мазарынан келе жатам. Кызыралей салам жолугар кишинин кабарчысымын. Бул сайлардан катуу жүрүүгө жарамайды, аяш. Ым-м, бала өзүңүздүкүбү?

– Өзүмдүкү, айланайын, жалгыз балам эле…

– Олой болсо-о, – деди Имакең ого бетер касиеттүүсүнүп үнүн созо, – атыңардан түшүп, жүзүңөрдү кыбылага каратып, үч кадам аттангандан кийин жерден топурак алыңар…

Тигилер унчукпай эле аттарынан түшө-түшө калышты да, аттап-аттап барышып жерден топурак алышты.

– Топурагыңарды «бисмилла» деп алаканыма салыңар.

«Бисмилланы» айтып жаткан эне менен баланын үнү титиреп чыкты. Алар ар бир кыймыл сайын Имакеңди муңдуу карап, ал талап кылган ар нерсеге даяр турушту.

– Атыңардын чылбырын бек кармап, кыбыланы карап, чын ыкыласыңар менен «Инна а тайнаны» үч кайтара окугула!

– Касиетиңен айланайын, жарыктык, биз аны билчү эмес элек…

– Анда, анда эмесе, менин айтканымды кайталап айтыңар, алла өзү кечирер… – деди тиги салмак менен.

Эне-бала катарлаша кыбылага жүз бурду. Берки болсо, сактанып эки жагын карап алган соң, билгенин айта баштады:

– Азырбудайни, чалмачийни, чаркурайни, чамалайни…

Имакең ушундайча үзүп-үзүп оозуна келгенди айта берди. Бир жагынан калпагынын кырбуусундагы мейиз кошкон топуракты чалма менен алмаштырды. Ал эми көзү аяшынын канжыгасындагы куржунду текшерип жатты. Беркилер эмне айтса чын ниеттери менен жарыша кайталоодо.

– О, кудайни, кулкулдайни, курутмайни, курукалмайни, шаарлайни, Шарапат, – деп жиберди Имакең эң аягында кайинэжесинин аты эсине түшө калып. Анан алаканындагы топуракка «сүф» деп дубасын тамамдады. Тигилерди бери каратып алган соң, эки топуракты экөөнүн алаканына салды да, чайнап жеп жибергиле деп буюрду.

Таттуу топурак тилдерине тиери менен эне-бала бири-бирине жалт карашты.

– Балам сени кыдыр даарыйт, бак карайт, – деди Имакең. – Сенин көрпөчөңө дуба түшүп турат.

– Алып бер, балам алып бер, – деди көз жашы кылгырып, бүт денеси балкып турган эне.

Бала күмүш басмайылды чечти да, кара таз баркут көрпөчөнү алып Имакеңе сунду.

– Аяш, ушундай баланы терөгөн сизди да кудай бекер жараткан эмес. Сиз да бирдеме ырым кылыңыз… – деп эми аялга кайрылды Имакең.

Аял эмне берерин ичинен ойлоно, бирдемелерди айтып күбүрөп куржунду көздөй басты. Куржун оозу сөгүлгөндө бышкан эттин жыты бур деди. Имакең шилекейин билдирбей жуткан менен ач курсагы ашкере курулдап коё берди. Аял барган жеринен кийген сегиз көз көк торгунду булак эттирип сууруп чыкты да, Имакеңе сунду. Мындай «жайыл дасторконду» колдон чыгарып жиберүү Имакеңе кыйын болду. Ошон үчүн ал дагы жок дегенде бышкан эттен бир кайсап калууну көздөдү.

– Аяш, өңү жылуу киши издеп эки күндөн бери уйкусуз, нарсыз келе жатам. Бечара ак боз атымдын курсагы ачкандыр, чалдырайын. Буюрган даам болсо, биз да тартаарбыз…

Ушуну айтты да атынан түшүп, жол жээгин ыктай берди Имакең. Аял унчукпай эле куржундан бир бүтүн койдун бышкан жамбашын сууруп чыкты да, Имакеңе келди:

– Касиетиңден айланайын, барар жерибиз ыраак эле. Сиз мындан ооз тийиңиз, биз аттаналы, – деп бүгүлө түштү аял.

Имакеңе мына ушу гана керек болучу. Эне-бала жорголоруна миништи да, теңселтип жолун улады.

Булар узай бергенде «Өх, эч ким жолукпаганы жакшы болбодубу!» – деп ойлогон Имакең жамбаштын майынан лапылдата кесип жеп жатты.

Ал этке тоюп, шашпай атына минди. Анан, өзүнүн алданганын унутуп, тигилерди мыскылдай мурдун «гиңк» эттирди да үйүнө жол тартты.

Ошентип, Шайтан-Сайда Кулубек байдын уулу кызыралей саламга жолугуптур деген сөз тараганы шончо, муну Имакең эртеси төшөгүнөн туруп жатып угуп, мурдун дагы бир жолу «гиңк» эттирди. Ал эми эне-бала болсо, үйүнө жетээри менен аксарбашыл союп, элге тамак бергени чындык болучу.