САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ФЕРГАНА БАЯНЫ ЖӨНҮНДӨ

Жазуучунун жан дептеринен

Кытайдын өтө көрүнүктүү тарыхчысы Сыма Чиендин мындан 21 кылым илгери жазган «Шыжи» («Тарыхый жазмалар») аттуу 130 томдон турган тарыхый китептер сериясынын 123-томунун «Фергана жөнүндө баян» деген 63-бабы, кытай тилинен кыргыз тилине, кыязы, туңгуч ирет которулуп отурат. Бул тарых толугу менен Батыш элдеринин тилдерине, ошондой эле орус тилине да которулган болушу мүмкүн. Анткени ХVIII–ХIХ кылымдардагы Батыш элдеринин жаңы колонияларга арааны аябай ачылып, таманы тийген жерлердеги элдерди жакшылап билип, максаттарына ылайык саясат колдонуунун зарылдыгы, ал элдерге алды менен миссионерлерди, кала берсе, этнографтарды, жер шартын изилдөөчү географтарды арты-артынан аттандырууга мажбурлаган. Миссионерлер Кытайга келип диний үгүткө жамынып отуруп, кытайдын байыркы рухий казынасына даап кол салганы менен, үйрөнүп бүтүү мүмкүндүгү эки таалай болгон бул «лабиринтке» таң калууга аргасыз болушкан.
Кытайдын байыркы жылнаамаларын тартынбай эле «архаикалык лабиринт» десек аша чапкан болбойбуз. Батыш миссионерлери кытай тилин, жазуусун үйрөнүп, аларды өз тилдерине которуп, экзотика катары тааныштырууларынын натыйжасы, илимдин чындап кийлигишүүсүнө алып келди. Акыры синология деген илим пайда болду. Бирок орус синологдорунун жазышына караганда, бардык эле жерде кытайдын байыркы анналдары алиде толугу менен изилденип бүтө элек.
XVII кылымдан баштап быгып жаткан, коңшу кытай элинин деги кандай эл экендигин билүү үчүн, башка империялар менен атаандаша отуруп, Орус падышалыгы да христиан миссионерлерин жылма аттандырган. XIX кылымдын башында жиберилген монах, кадимки Иакинф Бичурин Бээжинде он нече жыл туруп, христиан динин үгүттөп, христиандык түшүнүктүн бирден бир душманы кунфузычылык менен күрөшүү үчүн Кунфузынын тек жайын, окуусун изилдей келе, туптуура 25 кылым артка серпилип, Кытайдын байыркы тарых деңизинде калкый баштаганын дароо сезген. Деген менен Бичурин кажырлуу эмгектенип кытай иероглифтерин үйрөнүп, жылнаамалардан орус тилине которуп, байыркы түрк уруулары менен Кытай, Тибет мамлекеттери жөнүндө көз карашын баяндап, акыры, орус синологиясынын алгачкы дың бузарларынан болуп калды.
Анын 15 төөгө жүктөп алып келген кытайдын байыркы сансыз китептери, кытай таануу жөнүндө жазган эмгектери, орустар үчүн, жер шарында байыркы Грек, Рим, Вавилон (Бабил), Мисир (Египет), Ассирия, Персиялардан башка да убакыт жагынан ошого туташ келген, бирок иликке алынбай келе жаткан, чыгышта али да дың, байыркы бир маданият жаткандыгын моюндоого, үйрөнүүгө, ошентип, орус синологиялык тармагынын пайда болушуна түрткү болду. Кийинки күндөрдө болсо, Бичурин жалгыз Россиянын гана эмес, башка элдердин да, асиресе, ата-бабасынын тарыхы боюнча дайыма илең-салаң ачка жүргөн биздин кыргыз окумуштууларыбыздын да наар алаар азыгына айлана алды. Бирок Бичуриндин транскрипциясында котормо жана болжоолорунда кийинки орус синологдору белгилегендей, аздыр-көптүр кемчиликтери бар экендиги ачык эл көрүнүп турат.
Азырынча бул жөнүндө пикир айтуунун зарылдыгы жок, албетте. Жалгыз транскрипция маселесинде, өзүбүзгө менчиктүү бир маанилүү ишти ортого коюуга убакыт жеткендигин айткым келет. Бул күнгө чейин биздин тарыхчыларыбыз кытай иероглифтеринин орус тили фонетикасына багыныңкы транскрипциясын колдонуп келди. Орус тилинде «ң» тыбышы жок болгондуктан Бичурин «Тхан» деп жазса, жакынкы заман орус синологдору «Тан» деп жазышууда. Бизге мунун экөө тең туура келбейт. Кытай иероглифтерин дал айтылышындай жазуу үчүн мүмкүндүгүбүз бар. Маселен: «Тхан династиясы» эмес «Таң династиясы», «Тан шу» эмес «Таң шу», «Цин» эмес «Чиң», «Синъцзян» эмес «Шинжаң» ж.б. Азыр Шинжаңда жашаган уйгур, казак, кыргыз улуттары кытай иероглифтери кандай айтылып, кандай угулушуна карай өздөрүнүн жазуулары менен транскрипциялашат. Биз да алардын жолун жолдоп, кытай иероглифтерин өзүбүздүн улуттук жазуубуз менен дал нары туура болгудай транскрипциялашыбыз керек. Бул котормодо мен өз мүмкүндүгүбүз боюнча транскрипциялоо принцибин колдондум.
80-жылдардын башынан тартып, Үрүмчүдөгү коомдук илимдер академиясы, Шинжаң университети шефке алган «24 тарыхты которуу редакциясы» түзүлгөн. Бул редакциянын туңгуч жемиши, Сыма Чиендин «Шыжи» («Тарыхый жазмалар») деген тарых китебиндеги кытайдын түндүгүндө, түндүк батышында жашаган байыркы элдерге тиешелүү тексттерин бөлүп которуу болду. Бул уйгур тилинде бир том болуп Шинжаң эл басмасынан 1989-жылы жарык көрдү. Бул томдо Кундар жана ошол учурда «Батыш деп аталган азыркы Шинжаң, Орто Азия, Казакстан аймактарында жашаган элдердин географиясы, турмуш салты, тарыхы алына жараша камтылган. Байыркы кытай мамлекетинин «Батыш өрөөн» менен туңгуч мамилеси кандай башталгандыгы жөнүндө да кытай тарыхчылары жашырып-жаппай ачык жазып калтырышкан. Бу албетте, биз билип коюуга тийиштүү тарыхый окуялар катарына кирет.
«Фергана баянынын» колумда кытайчасы болгону үчүн өз тилибизге которууну ылайык көрдүм. Алгачында «Кундар жөнүндө баян» деген бөлүмүн уйгур тилинен которууга ниеттенгем. Бирок анын кытайчасы колумда жок болгон соң кийинки планга калтырдым. «Фергана баянынын» уйгур тилинде эки котормосу бар, экөөнү эки киши которгондуктан стилистикалык жактан кыйла айырмаланып, биринде бар сүйлөм биринде түшүп калган. Ал түгүл, бул эки котормонун айрым сүйлөмдөрү кытайчасына дал келе бербейт. Бул шарт, которууда жалгыз гана кытайчасына сөөнүнүн зарылдыгын туудурду. Сыма Чиен өз колу менен жазган текст боюнча басылган китепти окуп түшүнүү кыйын. Биз түгүл кытай тарыхчылары да кыйналат. Окууга, пайдаланууга оңой болсун үчүн, байыркы жылнаамаларын кытай окумуштуулары архаизмден арылтып, азыркы адабий тилдерине «которушкан».
«Фергана баянын» кытайдын азыркы тилине ким которгону белгисиз, китепте эскертилген эмес. Бирок уйгур котормочулары ушуну негиз кыла отуруп которгону талашсыз, «Фергана баянына» берилген комментарийлер да толугу менен уйгур котормочуларынын эмгегинен пайдаланылды.
Неси болсо да, кытайдын байыркы жылнаамасынан туңгуч ирет кыргыз окурмандарына бир тамчы болсо да тааныштыра алганыма кубанам. Ошондой эле окумуштууларыбыздын бул материалдын орусчасын же башка тилдекисин таап салыштырып, сын пикир айтуусун кош колдоп кабыл алмакчымын.

«Жаңы Ала-Тоо» 2013 №2 (46)