САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ХАДИЗАТ

АҢГЕМЕ

I

Дем алыш күнү. Китеп окуу тажатып жиберди. Саат үчтөрдө жаныбыздагы кинотеатрга барууну ойлоп кийине баштадык.

Асыресе, Москванын ачык асманы мени кызыктырды. Күн бөтөнчө ысык. Ага карабастан, чыкыраган суук терезелерге балдырган жалбырактарын тартып үлгүргөн. Мындай учур көп колго тие бербейт. Киного барбаса да көчөлөрдө аязга каарылып, ары-бери басуу кишини эс алдырат.

Жаңыдан колума ачкычты ала бергенимде эшик кагылды.

– Кириңиз.

Эшиктен күржүйгөн күрөң жигит саал тартына кирди да менин фамилиямды этип, ошол же башка экенимди сурады.

— Дал үстүнөн түштүң, — дедим мен.

– Чотон, – деп колун сунду да кыргызча амандаша кетти. – Мен сизди өткөн жылы Фрунзеде көргөм. Азыр, өзгөрүп кетипсиз.

– Кел, чечин, – дедим. Өзүм кайра чечиндим.

Ал шамдагай кыймылдап чечинип, пальтосун илди да алаканы менен жаагын сүргүлөп кирди. Мен аны «мурда көрдүмбү, жокпу» деген ой менен өңү-башына кунт коё карадым. Кууш маңдай, сейрек, нары жазы каш, анын астынан орун алган бүтүгүй кабак менен жылтыраган кичинекей эки көз көрүндү алды менен. Эки беттин урунчагы бөйрөктөй тысырайып, өзүнөн саал гана көтөрүлгөн. Булары аз келгенсип, табият ага асты-үстү кыйышып көп жабыла бербеген калдагай эки эрин тартуулаптыр. Сүйлөгөндө «3» тыбышын «Д» тыбышына жакын айтканына карап, тилинин учунда да артык-оош эт бар экенин байкоого болот. Кыскасы, адамдар жактырбай бет-ажарынан алып ыргыткан мүчөлөрдү кайдан жайдан жыйнаштырып, бети-башына чаптап, пайдаланып жүргөнсүп көрүндү мага. Бирок табияты назик, сезгир мамилеси сыпаа.

– Сиз бир жакка камындыңыз беле?

– Ооба. Бирок конок келгенде үй ээси жолго чыкпайт да бизде. Кайдан, кана сүйлөй бер… Эшик аяз, бир-бир чыны ысык чай ичебиз, – мен кухняга кеттим. Бул өңдүү жигитти көргөнүмдү мүлдө эсиме алалбадым.

Мындай түрү менен бул жигит бир көргөн кишинин эсинде калышы мүмкүн эле. Кайра келсем столума имерилип, эки колун артына алып, китептерди башын кыйшайта карап туруптур. Адептүү. Сүйлөшө келе, анын түстүү металлдар институтунун акыркы курсунда окуп жатканын билдим. Өзү Таластан экен.

– Мен да жазайын, деп жүрөм, – деди ал тартынбай эле.

– Мүмкүн, – дедим да адаттагы сөздөрдөн козгодум.– Кийинки кездери жогорку билимдүү адистер катарыбызды көбөйтө баштады. Инженер-жазуучу бул мага эң сүйкүмдүү угулат…

Ал божурайып күлө баштады. Экөөбүз үндөшө кеткенсидик. Чай үстүндө үй-бүлөсү жөнүндө сурадым. Аялы кетип калганын, андан бери үйлөнбөй жүргөнүн айта отурду.

– Ал келиним сенин өңү-башыңды байкабай тийген го, кыязы. – Күлдүм азилдеп. Коногум ачык-айрым, абдан жылуу жигит болуп чыкты.

– Байкап көрүп эле тийген. Кайра ага караганда мен сулуураакмын!

– Жолу болсун, анда экөөң ажырашып кеткениңер жакшы болуптур. Биригип алып тукумубузду таптакыр бузмак экенсиңер. – Дагы күлдүм.

Сейрек жайгашкан жүгөрү тиштер дагы көрүндү. Жигит кысылбай ыракаттана күлөт экен. Ал тарсылдап күлгөн сайын менин көңүлүм ачылып жаткансыйт. Ошентип экөөбүз сырдаш дос болуп чыга келдик. Ал жарым сааттай гана отурду. Кетээринде болсо ички чөнтөгүнөн эки бүктөлгөн кагаз чыгарып мага сунду:

– Бул сүйгөн кызыма жазылган кат, – деди ал. – Окуп көрүңүз. Мен дагы бир жолу келем.

– Кызыма дейсиңби?

– Окусаңыз билесиз.

– Сулуу кызбы?

– Анын сулуулугун сурабаңыз, абдан сулуу. – Жигит аз жерден тамшанып ала жаздады.

– Мына кызык, – деп жибергенимди өзүм да билбей калдым. «Көңүл чиркин айга асылат, күнгө жармашат, айла барбы?»

Чотонду ээрчий чыгып автобуска салдым. Бирок андан ары бир жакка баргым келген жок. Аз болсо да күлүп, тамашалашып отургандыктанбы, өзүмдү жеңил сездим. Кайра келдим да анын «чыгармасын» колума алдым. Эң жакшысы — каттын өзүн келтирейин:

II

«Бул сезимди башыман саал кечигип өткөрүп отурам. Кайсы бир жазуучу кишинин ички дүйнөсүн ааламдын кеңдиги менен салыштырган. Азыр мен буга кошулбаска аргам жок. Өмүрүмдө эмне бар, айталык, адаттагы кубанычтар, кайгылар эбегейсиз кең боштукта калкып, сүзүп жүргөнсүйт. Адамдар өздөрүнүн ааламындагы кең боштукта күтпөгөн нерселерге туш келишет. Жек көрүүгө да, сүйүүгө да аргасыз кабылышат. Мага болсо, сүйүүнүн лаззаты алда-качан кезигип, карама-каршы багытка учканы алиде эсимде. Ал кайталангыстай караан үздү. Анын кайрылуусун күтүүнүн да мага зарылдыгы жок өңдөнөт. Бирок азыр адамдардын аалам боштугунда кайталануунун боло берээрин өзүм моюндап, маңдайымды жерге такай жүгүнүп отурам. Анын бергендерин күндөлүктүү ашымдай аргасыз кабыл алуум керек болду. Муну, албетте, жаманга жорубаймын. Тескерисинче, ал менин кайра гүлдөшүм, кайра ачылышым. Аны мен өмүрүмдүн тартуулаган бактысы деп түшүнөм.

Мен, өзүмө тиешелүү ааламымда чагылгандуу жамынчысы менен чолпондун жаркырап сүзүп жүрүүсүн каалайм. Азыр мен бала эмесмин. Дайыма болуп туруучу өкүнүүнүн, кусалыктын, эңсөөнүн ширин минуталарын ар кандай кубанычка алмашпас кезим. Аларды жерүү мага балалык өңдөнөт. Тыптынч мелмилдеген ааламымда биринчи ирет улуу окуя жүз бергенсийт. Бул өзүнчө түбөлүктүү тынчтыкка бет бурган бейкут жерде укмуштай жарылуу пайда болгонун элестетет.

Улуу адамдар деле жоюлуп кетүү мүмкүндүгү көп болгон көзгө илээшпес клеткадан өсүп чыгат дешет. Улуу окуялардын да өзүнө караганда эч нерсеге арзыбаган майда себептери бар. Булар менен мен ыйык сезимдин төрөлүшүнө да кыпындай учкун зарыл экенин айткым келет. Буга кошуп билгенимдин баарын өзүңө кайрадан айтып бербесем болбойт.

Сен менин көңүл ааламымда эркин сүрүп жүргөнүң менен, ал дүйнөнүн эмнеден жасалганын биле бербейсиң. Анын көрксүз каалгасына назик, нары бек кулпу салынган. Бирок азыр сенсиз ал аалам бөксөлүгүн гана көрсөтмөк.

Тунгуч жылуу сезимге мен троллейбустун аялдамасында кабылдым. Бул капысынан болгонун балким сен унуттуң. Анткени, ошол кезде ал секундалар сен үчүн анчалык таасирдүү боло албаганын кыймылыңан байкаган элем. Мен болсом, аны азыр да көз алдымда дапдаана келтирем. Аны кайра кайталасам, кайрадан ыракатка бөлөнө алам. Аялдамада бизден башка эч ким жок болсо да, сен эмнегедир күлүп, сумкаңды ары-бери чайкай бердиң. Сенин эмне үчүн күлүп жатканың менен менин ишим болгон жок. Бирок күлүп туруп ары караганыңда жарым-жартылай тоголок жүзүңдү көрүп, бир орунда туруп кала жаздадым. Анда атаандашкан жаштык менен сулуулук жарыша ойноп турду. Кандайдыр бир жылуу кан денеме тарап үлгүргөнүн сездим. Сага жакындай басып жаныңдан өтө бергенимде, эрксизден бир караганым эсимде, ошондо сенин көздөрүңөн башка эч нерсе көрүнгөн жок мага. Укмуштай балбылдап күйгөн кош чыракты жашыл алоо чарпып өткөнсүдү. Андан мээрим менен муң чачырап тургансыйт. Тез ары карап кеттиң да жарым-жартылай тоголок жүзүңдү кайрадан тартууладың. Дагы күлүп турасың. Бирок менде өз табиятыма жараша, анча-мынча ууларды сиңирип алар кудурет бар болучу. Ошол пайда боло кетти да, мени тизгиндеп үлгүрдү.

Троллейбус келди. Менин түшпөгөнүмдү көрүп сен да түшкөнүң жок. Сүйкүмдүү кептин экинчисин күтүп алууга сол көкүрөгүмдү камдай баштаганымды сездим. Кийинки келген троллейбуска түшөрдө, тез басып мени жандап өттүң да, мурдараак түштүң. Бирок менин жаныма келип турдуң. Орун жок. Бир-бирибизге тийишип тик турдук. Эмне үчүн сүйлөшпөйбүз? Өзүм жакшы билген тилдерден караштырып бир да ылайыктуу сөз табалбай жаттым. Троллейбус чайкалды да экөөбүздү тыкыс турууга мажбурлады. Ар жагыңда кыстаган эч ким жок болсо да, мага ыктай түшкөнүңдү сездим. Мына ошондо эмнегедир ойлоно кеттим, өзүмдү сенден саал алыстаттым. Мага жалт караганыңда билинер-билинбес башымды чайкадым. «Бул эмнең? Мен сенин теңиң эмесмин да. Мен бир көрксүз куураймын, сен болсоң ачылып турган кызыл гүлсүң. Мени козгоп, көтөрө алгыс түйшүк артканы турасың. Сага эч нерсе эмес, мага албетте, кыйын. Мага караба, мага жакындаба, мени тынч кой…» дедим ичимен.

Сенин экинчи жолу караган көздөрүңдөн оюмду түшүнгөнүңдү байкадым. Көзүң күйүп турат, күйүп туруп мына буларды айтып жаткансыйт: «Тагдыр ушул. Мен атайын сени шылдыңдайын деп турганым жок. Сенин бардык жагыңды көрүп турам. Бирок ушундай иштөөмө туура келсе эмне кылайын. Менде деле айып жок…»

Кээде, жай күндөрү эртең менен болор-болбос желаргы пайда болот да, бүт эркти бийлей баштайт. Тоонун миң сандаган гүлдөрүнүн жыты келип ээликтирет. Бирден эле наристеге айланып, кишинин көкүрөгү ченемсиз кубанычка бөлөнөт. Турмуш түйшүктөрү бир саам унутулган ушул минуталар мага эң кымбат сезилет. Бирок ал көпкө созулчу эмес. Мен троллейбуста кетип баратып, ушуларды ойлоп саал түтөгөнүмдү сездим. Эмне болуп кетти азыр? Бул суроого кандай жооп керек экенин билип турсам да аны тышка чыгаруу эмес, ойлонуудан да кызгана баштадым. Кызганганда да дал өзүмөн кызгандым. Ошону менен бирге мени жаман ой басты. Курудан куру алкынганымды ойлодум. Мен күчүмдүн жетишинче көңүл ааламын жалгыз эмденүүнү эңсеген кишимин. Ага бирөөнүн кокус кол салып, баса-көктөп кирип келерин күткөн эмесмин. Эмнени айтып кеттим, бирөө өзүнчө күлгөн экен, анын денеси мага тийип туруптур, ушул да «кол салуубу?» Бул эмне деген шумдук кыял? Аял кызыккыдай өң барбы менде! Ойлоно башты чайкаганымда – бул мага ошондой сезилген жөн эле «бирдеме» деп ыйгардым.

Мага пайдасыз, бирок ага амалсыз кабылып калган кээ бир түйшүктөрдү унута албасымды билип турсам да, «унутуп койдум» деп өзүмдү алдай алам. Мен сени унуттум. Алды менен сени, жок, алды менен өзүмдү, анан сени аяйм. Ошон үчүн унутууга туура келет. Мен сенден оолак жүрүшүм керек. Кеп ушул!

Бир күнү ашканадан чыгып келатып, эмнегедир жарым жолдо туруп калдым да, өзүмчө эле силер окуган корпустун экинчи кабатындагы терезелерге көз чаптырдым. Жөн кете берсем болмок. «Бечаранын жылмайып карап баратканын!» деген көз караш менен терезеден көрүнө кеттиң. Укмуштуу чындык! Көңүлүм караңгылай түштү. Каргашалуу жерден тез оолактагым келди. Кетип баратып кызык, өзүмдүн биротоло өчкөнүмдү сездим. Бул не деген шумдук! Ушунчалык назик экем да! Дүйнөдөн, тиричиликтен заматта тоюп чыга келдим. Мына керек болсо, бүт акыл-эсимди көңүлсүздүк басты. Көкүрөк боштугумда жалаңдаган эки миздүү канжар ойноктоп, тилгилеп жүргөнсүйт. Мен максатсыз эле өзүбүздүн каңгырап бош турган аудиоторияга кирип бардым. Он минута мурда эле камынып, мындан чыгып кетпедим беле? Кетейин. Өтө жай басып көчөгө чыктым. Карасам алдымда дагы сен кетип бара жатыпсың. Артыңа карап бурулуп, сумкаңды чайкап жылмайдың. Эки жагымды карасам, тротуарда менден башка эч ким жок. Бул өңдүү сыйкырдуу көрүнүштөрдү өмүрүмдө көргөн эмесмин. Мен сени узак карабадым. Жүрүшүм акырындай түштү. Сенин күтө-күтө басып бара жатканыңды, улам артыңа бурулуп караганыңды сезип келатам.

Кээ бир нерсе менин эркимен тыш боло баштаганына таң калдым. Азыр, ички сезимим да, башкасы да ушундай болуп жатпайбы! Адатта, мен көчөнүн башка канаты менен кетичү элем, сен жүрүүчү жол башка болуучу. Туптуура өзүм бурулаар жерге жете бергенимде, эмне болуп кеткенин түшүнсөм буюрбасын, буттарым саал чалыштай түштү да, сенин артыңан зыпылдай басып жөнөдү. Бут меники эмес, ишенесиңби? Аз жерден машиналардын агымын кесип өтө жаздадым. «Жай басуум керек!» дедим өзүмө токтоо берип. Сен элге аралашып караан үздүң. Бирок дагы алдымда турупсуң. Жолдогу фотовитринаны карамыш болуп турганыңды көзүм чалып калды. Ага Парижден, Версальдан фотоэтюддар чапталган. Жакындап келаттым. Мына ошондо сенин таасир этүү сфераң өтө чоң экенин билдим.

Мен ага үч метр аралыкта кабылдым. Сени менен токтоп сүйлөшүү оюма да келген жок. Магниттик толкундар сферасынан хорда жасап өтүүнү гана ойлодум. Бирок ал хорда түз сызыктуу болбой шанын айта кетейин. Бүт денем күйүп түз баса албадым, ошондо барып, качып да кутула алгыс торго түшкөнүмдү бирден сездим. Мен аялдамага «түшүп» араң жеттим.

Бул өңдүү жалындаган оттун үшүтүүсүн биринчи ирет башыман кечирип отурам. Троллейбустун бурулушка жакындап токтогону кыжырымды келтирди, сенден качып мурдараак кетүүнү ойлогон элем да. Бирок троллейбус менен кошо сен дагы тез басып келаттың. Ошол ортодо саа бир киши кабыла кетти да, бир жерлерди сурап калгансыды. Сен кайсы бир көчөлөрдү жаңсап жооп берип жаттың. Мен троллейбуска шып түштүм да бош орунга отура кеттим. Ичиме толуп кеткен желди үйлөп, терең үшкүрүп алдым. Үлгүрө албай калганыңа табам канып, көңүлүмдө кубаныч жылт этти. Бирок көп өтпөй эле, жүрөгүмдүн жарымы сен жакта калып койгонун тымызын ойлоп кусаландым. Көңүлүңдө эч нерсе жок болсо да мени күтө-күтө басканың, маа сыйкырдуу канат бүтүргөнсүйт.

Калкылдап учуп адам билбес көңүл кенчине туш келгенсийм. Бир аздан кийин дүнүйөм түптүгөл тургансып, бир түрдүү жылуу сабыр пайда болду мага. Мындан он минута мурда баскан жаман ой изсиз жоголгонсуду. Мына ошондо, колума чырак алып өзүмдүн рухий дүйнөмдү бир карасам, айда сенден башка эч нерсе жок экенин сездим.

Кийинки күндөрү эмне үчүндүр өзүмдү кайраттанууга мажбурладым. Намыстана баштадым. Бирок бул мени тереңден калкытып тайгыз жерге шилеп жаткансыйт. Ошондо да сени менен биринчи сүйлөшүүм жөнүндө көз алдыма сансыз варианттар элестей берди.

Бир жолу деп баштайын кыялым болсо да – күн нурун аябай төгүп турган шашкеде, адаттагыдай эле аялдамада сени менен кезигиштим.

– Саламатсызбы, сулуу, – дедим тийише. Майыша берген эркекти силер жактырып көргөн эмессиңер да. Жооп иретинде жылмайдың да ээрдиң бүлк этти. Мен күлүп тамашалап кирдим: – Сиз менен таанышууга болобу? Сизди ыр жазат деп уктум, чынбы?

Сен тигиле карай турганың менен, карегиң бети-башымды бойлоп жүгүрүп жатты. Билинер-билинбес башыңды чайкадың.

– Эмне унчукпайсыз? Сиз мында көптөн бери окуйсузбу?

– Биринчи жылы.

– Да… – дей бергенимде троллейбус келип калды. Түштүк. Бош орунга экөөбүз катар отура кеттик. Мен кайрадан суроолорго көчтүм: – Кинотеатрларга барып жүрөсүзбү? Эгер… эгер бош убактыңыз болсо, бирге барсак…

Сенден жооп болгон жок. Бул түшүнүктүү. Бирок эмне ойлоп отурганыңды билүү кыйын. Сен жооп бербеген сайын эрегише түшкөнсүйм.

– Сиз, – дедим мен жайлап гана, – үйүңүздө кишилер менен, маселен, айталык, ата-энеңиз менен сүйлөшчү белеңиз. Эмнеге унчукпайсыз? Бая күнү кыйын сүйлөп жатпадыңыз беле? Кабагың салкындай түштү.

– Качан? – деп таң кала сурадың. Каректериң дагы секире баштады.

– Бая күнү отуруштачы? Бат эле унутуп каласызбы?

Ушул сөзүмдөн кийин биринчи ирет сенин көзүңөн көңүлсүздүк байкадым. Ал түгүл саамай чачыңды оңдодуң да, менден качып терезе жакка саал ыктай отурдуң. Бирок мындай кезигишүүнүн ортобузда өтүлбөгөнүн билесиң. Мен канчалык кыялдансам да сени жеңил ойлуу кылалбадым. Сен чыныгы турмушта кандай болсоң, кыялымда да ошондой экенсиң. Сен кезиккен сайын, мурдакыдай эле сырдуу түйүндөр түрмөгүнөн улам бирди көрсөтө бердиң. Алар өтө көп. Аларды мен кадимки жипке тизген бермет шурудай көңүлүмө тизе бердим. Алар көбөйгөн сайын салмагы да ашты. Мени тереңге чөгөрө берди. Буга каршылык кылганым жок. Дагы эмнелер болорун эңседим. Туура, бир жолу аябаган күч менен каршылык көрсөткөн экенмин. Ошол бактысыздык мени жээкке ыргытышы керек эле, ыргыта алган жок. Тилекке каршы, кайра чөгөрө түштү. Биздин, экөөбүздүн ортобузда өтүлгөн эң майда «кагылышуулар» эмне үчүндүр, ар качан троллейбус аялдамасынан старт алат. Аялдаманын өзү бизди улам-улам баш коштуруп, байкап жаткансыйт. Мен троллейбуска жүгүрүп үлгүрө албай калдым. Сенин артымда келе жатканыңды байкабапмын. Адаттагыдай күлдүң да, башынды саал кыйшайтып экчеп койдуң. Өзүң мени көздөй басып келатасың. «Көрдүңбү тагдырды, ойлобогон жерден кезиктирет кишини!» деген жароокер кебете бар өңүңдө. Мен сени караган бойдон катып калыпмын. Сен таң калсаң керек, күлкүңдү токтотуп, менден бир метр алыс келип туруп калдың.

Мына ошондо, буттарым өзүнөн-өзү кыймылдап, сенин жаныңа алып барды. Экөөбүз тиктеше калдык. Бул жолу өңү-башың толук көрүндү. Жылуу сезим менен таң калуу алпуруша кетти. Анткени сен, адаттагы сулуу аялдардын бир да бирине окшобойсуң. Ишенсең, мен өзүмдү ошондо аялдар дүйнөсүнүн эң жаңы жер ачуучусу катары сездим. Айтсак, ымыркай чагыңан ушул кезиңе чейин өстүргөн мээримдүү ата-энең сенин жүзүңө миңдеп үйрүлө карап, өпкөн чыгаар. Бирок сенин сулуулугуңду менчелик көрө албагандыгына күмөндөнөм. Ушуну ойлоп сага карап жалдырап тура берипмин. Акыры бир дүлөй күч суроо берүүгө мажбурлады:

– Сиз кайдан келгенсиз? – дегеним эсиңде чыгаар. Бул менин сага биринчи үн катуум.

– Грузиядан.

– Грузинка турбайсызбы?

– Осетин.

– Осетин?

Сен саал жабыркап башыңды ийкедиң. Менден башка сөз күткөнүңдү билдим. Бирок менде жогоркудан башка суроо дээрлик жок болучу.

– Атыңыз ким?

– Хадизат.

– Хадизат?

Сен дагы башыңды ийкеп жооп бердиң.

Менин бардык дүйнөм ушул беш суроону гана берүүгө уруксат этти да, андан артык сөз айтуума тыйым салды. Сен мунун баарын башкача түшүнүпсүң. Аны кийин билдим. Биздин тунгуч үн катышып, сүйлөшкөнүбүздүн түрү ушул.

Троллейбус жандап келип туруп калды. Мен сага «жүр» дегендей ишарат бердим. Алдымда жеңил кыймылдап кирип кеттиң. Мен белиңе алаканымды коюп ээрчите келдим да, ортодогу бош орунга отургуздум. Ортодо менден башка тике турган эч ким жок, сенин жаныңда кароолдо тургансып туруп калдым. Анда-санда сумкаңды кармалап коём. Бул албетте, сен эмес, өзүмө да жаккан жок. Бирок иш ушундай болуп жатты.

Менин оюмча жүрүш акырындай түшкөнсүдү. Жолдун мынчалык алыс экенин мурда билбепмин. Аялдамалар да эсепсиз. Ар бир аялдамада көпкө туруп калып жаткансыйт. Мен болсом, унчукпастан бодурайып «кароолдо» турам. Бир кезде эңкейип көзүңө бир карап алдым. Көзүң суз, саал муң бар, ойлуусуң. Жеңилдене түштүм. Сенин да ойлогонуң, мага аябай жакты!

– Биринчи аялдамадан бери түшүп калалы, андан ары жөө кетебиз, – дедим мен эңкейип. Сага айтаар сөзүм «көп» өңдөнөт.

Башыңды ийкеп макулдугуңду билгиздиң. Сенде эң бир сонун адат бар, өзүң сезбейсиң, Хадизат. Макул деп унчукпай башыңды ийкегениңде кирпиктериң жабыла түшөт да, токтоолугуң, эстүүлүгүң, бүткүл сулуулугуң бир мезгилде чагылып үлгүрөт. Назарыңды төмөн салып, башыңды алда нече ийкеп жибергениңди кайра-кайра көрө бергим келет.

Андан ары дагы тынч калдык. Биз түшүп калар аялдама көз алдыма элестегенде, сени менен сүйлөшөрүм эсиме түшүп, кокус жалын күчөй түшкөнсүдү. Троллейбус да тез жүрө баштады. Аялдамаларга токтогону билинбейт.

Түшүп калалы деген жерге уламдан-улам жакындап, учуп келатабыз. Троллейбус учкан бойдон келип мен айткан аялдамага токтоду. «Жүр, түшөлү!» деген эки сөз эсиме мүлдө түшкөн жок. Эмнедир бирдеме айтышым зарыл өңдөндү. Анын эмне экенин өзүм түшүнгөнүм жок. Жок дегенде өзүм анда-санда кармалап келаткан сумкаңа жабыша кетип, унчукпай эле «түшөлү» деген ишааратты беришим керек эле да. Аны да жасай албадым. Эрегишкенсип, троллейбус да ошол аялдамада көп туруп калды. Сен мурда кандай отурсаң дал ошондон жазганың жок. Балким, мага жардам берүүнүн зарылдыгы жок деп түшүнсөң керек.

Троллейбус козголгондо мен эс ала түштүм. Оор экзаменден оңой кутулгандагы кубаныч пайда болгонун сездим… Ошондо менин бардык абалымды акылыңа салып ойлоп келе жаткан экенсиң. Троллейбустан түштүң да мага жеткизбестен кете бердиң. Мени кысылтып, андан бетер шайын кетирбейин дедиң. Бирок мен эмнедир бирдеме айтмакчы болуп артыңан шаша ээрчий басканым эсимде. Бурулуп да караганың жок. Эшик алдында болсо баш кийимиңди ала коюп, кундуз чачыңды көрсөттүң. Мен сенин майда кыймылдарыңа чейин көз салып, өзүмө пайдалуураак кылып, өзүмчө түшүнөм. Менин алдымда эмне жасасаң да, өзүңө жарашып турганын гана сезем. Мага жеткизбей кеткениң жакшы болду!

Мен эми мурдакыдай өзүмдү сооротпойм. Сени көрүүнү кадимкидей эңсеп, сен жөнүндө ойлончу болдум. Анын эмне экенин айтуу да кыйын. Ошону менен катар, өзүмө эмне экенин айтуу да кыйын. Ошону менен катар, өзүмө-өзүм ишенбеген жаман сезимдерге да бөлөнө жүрдүм. «Мүмкүн эмес!» деген эки сөз маңдайымда жазылуу тургансып, сенин аны дайыма таң кала окуп жатканыңды элестетчү болдум.

Акыркы бир жолугуу түнкү окуудан келе жатканыңда, жатактын үчүнчү кабатындагы тепкичте карама-каршы өтүштүк. Төмөн түшкөн соң карасам, тепкичтерден секирип-ойноп, артыман түшүп келатыпсың. Балким, мен үчүн келбегендирсиң, ошондо да мен турган жерди бүт өрт каптады. Оттон качып лифтке жармаштым. Сен болсоң биз көтөрүлө бергенде жетип келип, лифттин терезесинен мени издей карап калдың. Алыстап баратып көзүңдөгү жек көрүүнү даана байкадым. Кирпигиңдин ар бир талы кара таякчалар болуп түзгөн тамгалардан: «Сен да кишисиңби!» деген илеп белгиси бар эки сөздү окуп үлгүрдүм. Бул ойлогонуң да туура. Сен эмес өзүмдү-өзүм: «Киши эмессиң!» деп аягына илеп белгисин койгон учурларым көп. Мен сени өз сезимимдин курмандыгына чалып жогору көтөрүлдүм. Сенин нааразылыгыңды козгоону эңсеген элем да.

Мунун натыйжасы укмуштай сонун болду. Толук күчүнө келбеген улуу толкун күчүнө келди. Ошол улуу толкундун курманы болгум келген… Бирок улуу толкун төмөнкү кездешүүдөн кийин мени биротоло жалмап кетти. Мен көкүрөгүмдү тосууга да үлгүрө албадым. Өз алдымча камынууга тийиш элем. Жаныбыздагы почта… Ошол почта жөнүндө азыр да кыйнала эскерем. Перевод бланкасын толтуруп жатканымда колдорумдун калтыраганын да сенден жашырууга чамам жетпеди. Сен да акча алмакчы экенсиң, мен таптакыр башка көздөрдү көрдүм. Мурдагы өзүм көргөн, кумарланган шам чырак эмес, мени жериген, тажаган, сүйбөс аялдын тике караган жапайы көзү! Ары карап кеттиң дагы. Улуу толкун дал эле ушул учурда, ошол орундан мени жулуп алып жолго түштү. Сенден жардам сурап, жалына бир караганымды билем. Көзүңдүн мурдагы абалына келүүсүн өтүндүм. Бирок сен ордуңа башка бир кызды коюп, менден алыс кетип калдың…

Мен бир кездеги алыстагы деңиздердин жээгинде болгон. Деңиз бороону башталганда кара күрөң коюу суюктук каалгый чайкалып, бир нече метр көтөрүлүп келип дамбаларга өзүн уруучу. Замбирек атылгандай күркүрөп, ак көбүгүн он метр бийиктикке бүркө артына кайрылуучу. Эбегейсиз зор көөлгүгөн суу массиви каардана түшкөнсүп, азыр эле дамбалардын быт-чытын чыгарып, жээктекинин баарын жалмап, деңизге ала кирип кетчүдөй үрөй туудуруучу. Бирок анте алган эмес. Мен ошондой тоскоолдорду катуу эңсеп кеттим. Азыркы мени ороп, бүктөп жолуна түшкөн улуу толкунду чектөө мүмкүн эмес экени түшүнүктүү эле. Бирде тереңине жиберген толкун, бирде калкытып ойномок. Мен өзүмдүн бөлмөмө араң жеттим. Бөлмөдө эмес, учу-кыйрына көз жетпеген толкундар дүйнөсү… Бир кезде өтө тездик менен жогору көтөрүлүп бара жатканымды сездим. Тереңдеп атып чыккан толкун мени жепжеңил учуруп баратты. Мен алдымды карай албадым. Төмөндө кара күрөң суу жай чайкалып, кулак тундурган үн менен күрүлдөйт. Бийикте болсо кара туман каптап, күүгүм тарткан асман күңгүрөнгөнсүйт. Көпкөк жылдыздар астында кара туманга аралаш, тоодой катмарланган толкундар тизмеги горизонттон мени көздөй учуп келе жатты. Толкун ааламдыкы экенин ошондо байкадым. Бул өз ааламымдагы өзүм көрбөгөн алаамат! Үрөйдү учурган бул тынчсыз караңгылык өлүм деп түшүндүм. Толкун капталында жанталаша кыйкырып жибердим:

– Хадиза-ат…

Ишенсең, менин бул кыйкырыгым узакка созулган укмуштай жаңырык пайда кылып, бүт ааламды чайпалтты. Көпкөк жылдыздар тартипсиз учуп, азан-казан түшүп, кагылышып жатты. Эң акырында сырдуу Марс, күлүңдөгөн Чолпон, макоо Юпитер да күңгүрөнө жаңырганын уктум. Менин куру сүлдөрүм гана калгансыйт. Коркунуч ичинде чабалактап, катуу онтой баштаганымды сездим. Кроватымда чыны менен онтоп жатыпмын. Жанымда сен жүрөсүң. Колуңда градусник.

– Канча? – дедим мен.

– Кырк үч, – дегениңди кадимкидей уктум.

Андан ары мага дары камдап, ары карап суюктуктары стакандарга куюштуруп жаттың. Көзүмдү ачып карасам үйдө эч ким жок, өөдө болдум да эки алаканымды эки жаагыма коюп, көпкө отурдум. Ойлоно, сенин жек көрө караган чексиз сүйкүмдүү көздөрүңдү элестеттим. Өзүм жадап-жүдөсөм да бир саат ичинде эле көздөрүңдү кусалана сагынып үлгүрүпмүн. Көргүм келип турду.

Эшиктен чыгып келатып саа кезиктим.

– Жүр, Хадизат.

Унчукпай башыңды ийкедиң. Экөөбүз ээрчишип кетип баратабыз. Көчөлөрдө ары-бери жүргөн эл жок. Транспорттор да жок. Чындыгында, бирге кетип баратканыбыз менен сен да жоксуң жанымда.

– Билесиңби, Хадизат, – дедим мен. – Сени издеп мен бийикке көтөрүлдүм. Ал жердекилер мени шылдындашты. «Бийикте, көрдүңбү, жанга баткан суук. Тегерегиңдеги караңгылыкты тез сезесиң. Эр-аялдын лаззаты төмөндө, жерде. Бийиктен аны эч качан табалбайсың!» дешти алар. Мен өзүмдү жерге ыргыттым. Жерден сени мүлдө табалганым жок. Анан, тереңден издей баштадым. Ал жердегилер да шылдың кылышты. «Эр-аялдын лаззаты жердин үстүндө. Мына, көрдүңбү — туш тарабынан кысат, тумчуктурат. Баарынан мурда жалгыз калтырат!» дешти алар.

– Анан эмне болду? – дейсиң сен кызыгып.

– Эмне болмок эле, сени бийиктен, тереңден издегеним үчүн жердегилер да шылдыңдап күлүштү!

Сен бүгүлө түштүң да кыткылыктан, оозуңду басып көпкө күлдүң. Несин айтайын, Хадизат, сенин ушул күлкүң менин үрөйүмдү андан бетер учуруп жиберди… Мен сени буга күлбөйт деп ойлогом!

III

Магазиндерде кезек күтүүчүлөр, сатуучу, кассир дегендер жок. Бар болсо да алар көзүмө көрүнбөйт. Керектүү нерселерди тез алып кайтам. Аудиторияда профессор лекция окуп жатат. Кээде угам, кээде өзүн да көрүп калам. Менин жүрүшүм аудитория, ашкана анан өзүмдүн сырдаш бөлмөм болуп өзүнчө бир үч бурчтукту түзөт. Баарында тең эч ким билбес ыйык казынамды аркалап жүрөм.

Күндөр өтүп жатат, Хадизат. Сен азыр мени карап да койбойсуң. А менден болсо, сенсиз өткөргөн бир да күндү табалбайсың!..

IV

Катты окуп болгонумдан кийин, Чотонду дагы көрүүнү тымызын эңсегенимди сездим. Көпкө ойлонуп отурдум. Эки кишиде бирдей эки асылдык бар. Бириники тышында, бириники ичинде. Кайсынысы жакшы? Кишилер билгенин айтып жооп берет деңизчи, бирок турмуш буга кесе жооп берген эмес. Өмүрдүн бир кызыкчылыгы ушунда окшобойбу…