САСПАЕВ Аман: МОНГОЛДОРДУН КУПУЯ ТАРЫХЫ (ЭКИНЧИ БАП)

БИРИНЧИ БАП ушул шилтемеде

  1. Алкыйса, Меңлик Йесүгей Батурдун осуяты боюнча Дей Сечендин үйүнө келип:

– Йесүгей абам Темүрчинди сагынып, тынчсызданып жатат. Ошон үчүн аны алып келүүгө мени жиберди,– деди Меңлик.

– Йесүгей кудам баласын сагынган болсо, сени менен барып учурашып келсин. Бирок учурашкандан кийин эле дароо кайра келе турган болсун, – деди Дэй Сечен. Ошентип, Меңлик Темүрчинди алып келди.

  1. Ошол жылы көктөмдө, Амбагайдын Хатуну Өрбай менен Сокатай экөө ата-бабаларынын мүрзөсүнө барып назирдик тамак-аш бышырышты. Өлүн Ужин кечигип калды. Алар аны күтпөгөнү үчүн Өлүн Ужин Өрбай менен Сокатайга:

– Йесүгей өлдү, бирок балдарым чоңойду да, – деп кейип-кепчиди, – назирлик саркыттарды үлөштүргөндө эмне үчүн мени күткөн жоксуңар? Назирлик быякта калсын, бизди таштап көчүп кетмекчи болгонуңар эмнеңер?– деди.

  1. Бул сөздөрдү уккан Өрбай менен Сокатай жооп берип мындай деди:

Чакырып берүү адаты жок,
Мурдараак келген болсоң,
Катарыбызда,
Бир кишилик назирден жейт элең,
Күтүп калуу жосуну жок
Талабың бар болсо,
Бир үлүш насибиңди алаар элең.

– Амбагай өлгөндөн кийин сенин тил догуңа калдыкпы биз? Бир амал таап, аны балдары менен журтка таштап коюп көчүп кетели, – деп акылдашышты алар. Эртеси тайчыгут уруусунан Таргутай Кирилтуг, Төдөген Гирте баш болуп тайчыгуттар Онон дарыясын бойлой көчө башташты. Өлүн Ужинди балдары менен таштап көчүп жаткандарды көргөн Коңкутандардын Чага чал көчтүн алдын тосуп, насаат кылды эле Төдөген Гирте:
Терең суу соолуду,
Асыл гаухар да сынды! – деп, кетип бара жатып, дагы:

– Сенин жолубузду тосууга акың жок! – деп келип Чага чалдын артынан сүбөөсүнө найза сүңгүттү.

  1. Чага чал жараланып, үйүндө жатып калганда Темүрчин анын ал-абалын сурап келди.

– Даанышман атаңдын карамагында жашап келген элди башкалар азгырып кетип жатканда,– деди Чага чал Темүрчинге,– алардын алдынан чыгып насаат айттым эле мени ушул абалга түшүрүп кетишти.

  1. Бул сөздү уккан Темүрчин өңгүрөп ыйлаган бойдон кайтып кетти. Тайчыгуттардын мекенин таштап кетип жатканына чыдап туралбаган Өлүн Ужин Тууну көтөрүп, атчан барып, бир бөлүк элди кайра алып келди. Бирок алар да көп өтпөй тайчыгуттардын артынан кетип калышты. Тайчыгуттар жесир Өлүн Ужин менен жаш жетимдерди таштап көчүп кетишти.

Төрөлгөндөн акылман
Өлүн Ужин,
Наристелерине мээрин төгүп,
Догдакты башына келиштире кийип,
Онон дарыясынын боюнда тирмелеп жүрүп,
Жапайы ашпурттарды терип балдарын бакты.
Туума парасаттуу
Өлүн Ужин
Таалайлуу балдарына бакыт тилеп
Найзасын колдон түшүрбөй,
Онон дарыя бойлорун кыдырып,
Жапайы сарымсактан балдарына жегизди.
Өлүн Ужиндин
Жапайы чөптөр менен баккан балдары,
Акыры барып Хакан болду.
Эмгекчил эне,
Кызыл гүл, сарымсак менен баккан балдары,
Акыры салабаттуу, даанышман, балбан болду.

  1. Сулуу Өлүн Ужиндин,
    Жапайы чөп, сарымсак менен,
    Чоңойткон баатыр балдары,
    Коркпос азамат болуп жетилди.
    Коргоочу эрлерден болуп таанылды.
    Теңдешсиз балбан саналды,
    Энебизди ыраазы кылабыз – деп,
    Эне дарыя Онондун,
    Жээктерине келишип,
    Кайырмактарын ыргытып,
    Балыктарды кармады.
    Кайырмак жасап ийнеден,
    Ичке, балык түрлөрүн кармашты.
    Торлорун таштап дарыяга
    Чоң балыктарды да кармашты.
    Энелерин зарлатпай, жакшылап бага башташты.
  2. Бир күнү Темүрчин, Касар, Бектер, Белгүтей төртөө балык кармап жатканда Темүрчиндин кайырмагына бир жарым карыш келген сары тирне балыгы илинди. Бектер менен Белгүтей экөөлөп Темүрчин менен Касардан балыкты тартып алды. Темүрчин менен Касар үйгө келип:

– Биз сары тирне балыгын кармадык эле аны Бектер менен Белгүтей экөөлөп тартып алды, – деп энесине даттанды.

– Андай кылбагыла! – деп насаат айтты Өлүн Ужин, – Ага-ини бир туугандар андай кылганыңар эмне? Көлөкөбүздү эш тутуп, куйругубузду камчы кылып жүргөн ушул учурда, өз ара батышалбай жүрсөңөр, бизди ушул күнгө калтырган тайчыгуттардан кегибизди кантип алмакпыз? Эмне үчүн Алан Гуванын балдарындай батыша албайсыңар? Мындай тентектик кылбагыла!

  1. – Кечөө башы жок ок менен атып алган боз торгойду тартып алды. Бүгүн болсо, балыгыбызды тартып алды. Ушундай кыла берсе кантип батышмак элек?– деп энесинин насаатына кулак койбой, эшикти катуу жаап чыгып кетишти. Бектер тогуз чобурун багып дөңдө отурган. Темүрчин артынан, Касар алдынан жашынып, жаасындагы окторун мээлеп атмакчы болгондо, аларды көрө койгон Бектер:

– Тайчыгуттардын дартын тартып, алардан кегибизди алалы деп жүрсөк, мен көзүңөргө кирген тикенек, тамагыңарга туруп калган сөөктөй болдумбу? Көлөкөбүздү эш тутуп, куйругубузду камчы кылып жүрсөк, кандайча жаман ниетте болосуңар? Уруубуздун чырагын өчүрбөгүлө, Белгүтейге да зыян кылбагыла! – деп мандаш уруп алардын атуусун күтүп отуруп калды. Темүрчин менен Касар бири алдынан, бири артынан атып таштады да, кайтып кетишти.

  1. Алар үйгө кирээри менен каардуу жүздөрүн көргөн Өлүн Ужин:

Ой, балекет баскырлар!
Ысык бооруман төрөлгөндө,
Алаканыңда бир тоголок кан бар эле,
Өз күчүгүн өзү жеген,
Кутурган ит экенсиң!
Тик жарга өзүн урган,
Кабылан экенсиң.
Жаман пейилин басалбаган,
Арстан экенсиң.
Жанга жабыр келтирген,
Желмогуз экенсиң.
Өз көлөкөсүнө өзү атылган,
Шумкар экенсиң.
Шыбыш билдирбей чабуулга өткөн,
Ит балык экенсиң.
Боорундагы ботосун тиштеген,
Буура экенсиң.
Жут күндөрү аңдып жаткан,
Ач бөрү экенсиң.
Басалбаган баласын таштап кеткен,
Аңыр экенсиң.
Үңкүрүнө жакын келтирбеген,
Чөө экенсиң.
Кылчалык ыракымы жок,
Барак ит экенсиң.
Кабылганды кайсаган,
Жолборс экенсиң.
Көлөкөбүздөн башка эш тутарыбыз жок,
Куйругубуздан башка камчыбыз жок,
Тайчыгуттардын дартын тартып жатканда,
Кек алууга кимиң жараар экенсиңер?
Тиричиликти кандай өткөрөбүз деп турганда,
Эмне үчүн өз ара батышалбайсыңар? – деп элдик накылдардан айтып, балдарын тилдей баштады.

  1. Көп өтпөй эле тайчыгут уруусунан Таргутай Кирилтуг өзүнүн коргоочуларын ээрчитип келип:
    Козулар чоңойду,
    Балапандар канат какты! – деп аларды кармамакчы болду.
    Мындан кабардар болгон
    Өлүн Ужин токойго кире качып кепе жасады,
    Белгүтей бак-шактардан кашаа жасады,
    Касар, Качгун, Темүге, Темүлүндөрдү таш үңкүргө жашырып коюп тигилер менен алыша баштады. Ошол алышууда тайчыгуттар:

– Темүрчин абаңды чыгарып бер, силердин керегиңер жок! – деп кыйкырышты. Алар тайчыгуттардын калабасын угуп, Темүрчинди атка миндирди да токойду көздөй жөнөтүштү. Аны көрүп калган тайчыгуттар артынан түшүштү. Темүрчин Тергүне тоосунун калың токоюна кирип кайып болду. Тайчыгуттар токойго кире албай, токойду курчап алышты.

  1. Темүрчин токойдо үч күн түнөп, атын жетелей чыгып келе жатканда ээр токуму шыпырылып түштү. Темүрчин артына караса басмайыл, чап олоң – баары бар турса да ээр тердиги менен жылбышып түшкөн. Ал: «Басмайыл, чап олоң тартылуу турса, ээр токум кандайча түшүп калат? Теңирим жолумду торгоп жаткан окшойт!» – деп ойлоп, дагы үч күн түнөдү. Ал токойдон дагы чыгып келе жатса, бир чоң ак таш томолоп түшүп жолун тосуп калды. Ал «Теңирим дагы эле жолумду тосуп жаткан экен!» – деп ойлоду да дагы үч күн токойдо түнөдү. Ошентип ал токойдо азыксыз тогуз күн түнөдү.

Акыры, «Минтип жүрүп эч кабарсыз өлгөндөн көрө, тобокел кылып чыгып көрбөймүнбү?» деген ойго келген Темүрчин жаңкы жолун тозгон ак таштын жанындагы бак-шакты жебе жасачу бычагы менен бутап жол ачып, атын жетелеп чыгаары менен курчап жаткан тайчыгуттар аны кармап алды.

81.Таргутай Кирилтуг Темүрчинди кармап келгенден кийин өзүнө караштуу улустагы айылдарга аралатып нөөмөт менен бир күн кондуруп күзөтүүгө буйрук түшүрдү. Ал күн көктөм айынын 1-күнү эле. Аны «Куттуу күн» деп аташчу. Тайчыгуттар Темүрчинди бир арык балага бактырып коюп, өздөрү Онон дарыясынын боюнда той өткөрүп, күн бата таркалышты. Алар тарап кеткенден кийин Темүрчин колуна салынган кишен тактай менен күзөткөн баланы уруп жыгып, Онон дарыясы жээктериндеги токойго качып кетти. Эл көрүп калбасын деп дарыяга өзүн таштады да кишен тактайды суунун агымына коё берип бетин гана чыгарып, чалкасынан жатып суу менен кошо ага берди.

  1. Тарап кетишкен тайчыгуттар Темүрчинди качырган баланын: «Туткун качты!» – деп бакырган үнүн угуп, кайра чогулушту. Алар сүттөй ак айдын жарыгында Онон дарыясынын жээгиндеги токойлорду тимискилеп аңтарып чыгышты. Сулдус уруусунан болгон Суркан Шира да издеп жүрүп, Темүрчинди көрүп калды.

– Көзүңөн от чачырап, чырайыңда нур жайнап турганы үчүн тайчыгут туугандарың көрө албастык кылып жатат. Коркпой тура бер, мен эч кимге айтпайм! – деп кетип калды. Ал эми тайчыгуттар:

– Кайра дагы бир жолу аңтарып чыккыла, – деп жатканда:

– Ар кайсыбыз, келген жолубуздагы изделбеген жерлерди дагы жакшыраак аңтаралы,– деди Суркан Шира.

Буга көпчүлүк «макул!» дешти да келген жолдору боюнча кайра издеп киришти. Суркан Шира жаңкы жерден кайра өтүп баратып:

– Туугандарың тиштерин кычыратып сени издеп жатат. Чыкпагын. Бирок этият бол! – деп коюп кетип калды.

  1. – Кайра дагы издейли,– дешти тайчыгуттар.

– Эй, тайчыгуттардын кол башчылары,– деди Суркан Шира,– Силер аны күндүз качырып жибердиңер, эми түн караңгылыгында кайдан тапмак элек! Келген жолдорубуз менен кайра дагы бир жолу издеп көрөлү да ишти токтотолу. Эртең келип чогулуп, дагы издеп көрөбүз, колунда кишени бар бала кайда качмак эле! Көпчүлүк «ошентели» дешти да үйлөрүнө кетишти. Суркан Шира дагы баягы жерден өтүп баратып:

– Биз бүгүнкү издөөнү токтотуп, эртең дагы издемей болдук. Биз тарап кеткенден кийин энең менен бир туугандарыңдын жанына жет. Эгер бирөө учурап калса, мени көрдүм дебе жана эч кимге эч нерсе айтуучу болбо! – деди да кетип калды.

  1. Тигилер тарап үйлөрүнө кеткенден кийин Темүрчин: «Өткөндө тигилер мени айылдарга бир түн түнөтүп күзөттүргөндө, Суркан Ширанын үйүнө түнөө кезеги келгенде анын эки уулу Чымбай менен Чилагун мага боор ооруп, түн ичинде колумдагы кишенди алып таштап жаткызган эле. Эми болсо, Суркан Шира мени көрсө да эч кимге айтпай кетип калды. Кыязы, ушулар гана мени кутказып калышы мүмкүн!» – деп ойлоп Онон дарыясын бойлой Суркан Ширанын үйүн көздөй жөнөдү.
  2. Суркан Ширанын үйүнүн белгиси катары, жаңы сааган саамалын сабага толтуруп аны таң аткыча бышып жаткандагы үнү экен. Темүрчин ошол үнгө кулак сала акмалап жүрүп отуруп, саба бышылып жаткан үйгө кирип барды. Аны көрө койгон Суркан Шира:

– Энең менен бир туугандарыңдын жанына кет дебедим беле? Мында эмне үчүн келдиң?– деди.

– Турумтайдан качкан торгой бадалга кире качып, жанын сактап калат. Үйүбүздү пааналап келген балага ошондой сөз айтсак болобу? – деп баласы атасынын сөзүн бөлдү да анын колуна салынган тактай кишенди чечип отко ыргытып жиберди. Андан кийин аны үйдүн артындагы арабадагы жүндүн арасына жашырып, карындашы Кадаганга:

– Тирүү пендеге оозуңан чыгарбагын, – деп такалады.

  1. Үчүнчү күнү тайчыгуттар: «Аны арабыздагы кимдир бирөөлөр жашырып койгон окшойт. Бир бирибиздин үйүбүздү аңтарып көрөлү!» – деп бири-биринин үйүн аңтара баштады. Кезек Суркан Ширага келгенде анын үйүн, арабасын, үйдөгү жууркан-төшөктөрүн ал түгүл тактанын астыларын тыкыр аңтарып чыгышты. Андан ары үйдүн артына өтүшүп, арабадагы жүндөрдү түшүрүштү Темүрчиндин буту көрүнүп кала жаздаганда Суркан Шира:

– Мындай ысыкта кандай киши жүнгө оронуп жатмак эле! – дегенден кийин тигилер арабадан түшүп кетишти.

  1. Тигилер кеткенден кийин Темүрчинди жүн арасынан чыгарып:

– Күлүбүздү көккө сапырып жибере жаздады! Эми, энең менен бир туугандарыңдын жанына кеткин, – деди.

Ошол күнү түн ичинде тел эмген бир козусун союп этин бышырып, гөөкөр чаначка эт жана кымызды толтуруп, Темүрчинди бир субай чобурга жайдак миндирип, бир жааны жебеси менен берип жолго салды.

  1. Темүрчин ошол кеткен бойдон илгерки конушуна келди. Анан ал жерлердеги чөптөргө түшкөн из боюнча жүрүп, Онон дарыясын өрдөй бойлоп энеси менен бир туугандарын издей баштады. Онон дарыясынын күн батыш жагынан келип куюлуучу чакан дарыя Кимурга боюна келгенде ал жердеги издерди да карады. Ошол издер менен Кимурга дарыясын өрдөп, акыры, Кимурга жээгиндеги Бедер тоосунун тумшугундагы Курчугуй деп аталган жетим тоо этегинен энеси, бир туугандары менен табышты.
  2. Булар дидарлашып чогулгандан кийин Бурхан Халдун тоосунун күңгөйүндөгү Гүрелгү тоосун таянып, Сеңгүр дарыясы боюндагы Кара жүрөк тоосундагы Көкнур көлүнүн боюна келип жайгашты. Булар ошол жерде суур, момолой чычкандарга аңчылык кылып тиричилик өткөрүштү.
  3. Бир күнү Белгүтей кула чобурду минип, суурга аңчылыкка кеткен эле. Үйдүн тегерегинде жайылып жүргөн сегиз чобурду каракчылар уурдап кетти. Үйдөгүлөр болсо алардын артынан кууп жетише алган жок. Күн бата бергенде Белгүтей кармаган суурларын кула чобурга артып өзү жөө келди. Сегиз чобурду уурдап кеткенин уккан Белгүтей:

– Мен барып аттарды алып келейин,– деди. Муну уккан Касар:

– Сенин чамаң жетпейт, мен барайын,– деди. Ошондо Темүрчин:

– Силердин күчүңөр да жетпейт, мен эле барайын!– деди да кула чобурга минип, чөптөргө түшкөн издерди кууп, уурулардын артына түштү. Үчүнчү күнү эртең менен жолдо бээ саап жаткан бир жигитке кезиге кетти да жоголгон аттар жөнүндө сураштырды.

Тиги жигит:

– Бүгүн саар маалында, күн чыга электе, сегиз чобурду ушул жерден бирөөлөр айдап өтүп кетти. Сага жолдош болуп издешейин,–деди да Темүрчин минген кула чолокту коё бергизип, жакшы бир кызыл атка мингизип, үйүндөгү атасына да билдирбей көнөктүн оозун бекитпей чөптүн арасына катып коюп, өзү кула байгеге минип:

– Нөкөр, көп кыйналып кетипсиң, эр жигиттин башына далай кыйынчылык түшө берет, мен сага жолдош болуп аттарыңды издешейин. Атамдын аты Наку Баян, мен анын жалгыз уулу болом, атым Богорчу!– деп тааныштыргандан кийин издин артына түшүп жүрүп кетишти. Үчүнчү күнү кечинде бир күрөгө (айылга) келгенде айыл четинде оттоп турган сегиз чобурду көргөн Темүрчин:

– Нөкөр, сен ушул жерде күтө тур, мен барып аттарымды айдап келейин,– деди Богорчуга. Богорчу:

– Сага жолдош болуп келсем, бул жерде эмнеге калмак элем,– деди да аттын оозун коё берип, тиги сегиз чобурду айдаша кетти.

  1. Күрөдөгүлөр (уурунун айылы) тигилердин аттарды айдап кеткенин көрүп артынан куушту. Булардын арасында боз ат минген колунда укуругу бар бирөө топтон узап чыгып, Темүрчиндерге жетейин деп калганда, Богорчу Темүрчинге:

– Нөкөр, жааңды бер, мен алар менен атышайын, – деди.

Темүрчин:

– Мен үчүн зыянга учурап жүрбө, өзүм атышайын!– деп артына бурулуп тигилер менен атыша баштады. Боз атчан жаңкы киши даабай токтоп калды. Калгандары да анын жанына топтоло түштү. Бул учурда күн батып караңгы түшө баштаган, тигилер артына чегинип, көздөн кайым болушту.

  1. Темүрчин менен Богорчу аттарды айдап күнү-түнү үч күн жол жүрүп, Наку Баяндын үйүнө жакындаганда Темүрчин:

– Нөкөр, сен болбосоң бул аттарды издеп кайсы жерлерде жүрмөкмүн. Ошон үчүн бул аттарды бөлүп алалы, канчасын сага калтырайын?– деди.

– Сен миң бир азап-тозок менен бул жерге жеттиң,– деди Богорчу,– дос катары жардам кылып издешип бергениме сенден бирдеме үмүт этсем болмок беле? Атам атактуу Накубай, анын үстүнө мен анын жалгыз уулумун, атам жыйган мал-дүйнө мага жетип, ашат. Аныңдын маа кереги жок. Эгер аттарыңан үмүт этсем, сага кылган жардамымдын пайдасы кайсы? Албайм!

  1. Булар Наку Баяндын үйүнө келгенде, Наку Баян уулу Богорчуну жоголуп кетти деп ыйлап отурушкан экен. Баласынын жерден өнүп чыккансып жетип келгенине көзүнөн жашын куюлтуп туруп уулун айыптай баштады. Богорчу:

– Ата, бул эмне кылганың? Бул досум нече күндөн бери аттарын издеп жүргөн экен, аны менен кошо издешип бердим. Мына эми сак-саламат кайра келбедимби! – деди да чөптөрдүн арасына катып койгон кымызы бар көнөктөрдү алып келди. Наку Баян тел эмген козусун союп бышырып, эттерин чаначка толтуруп жол даярдыгын кылып болгондон кийин:

– Экөөңөр бири-бириңерге дос болуп өткүлө. Кийинки күндөрдө да бир бириңерди таштап кетүүчү болбогула!– деп Темүрчинди жолуна салды.

Темүрчин аттарын айдап күнү-түнү үч күн жүргөндөн кийин Сеңгүр дарыясынын боюндагы үйүнө келди. Энеси Өлүн Ужин менен иниси Касар эмне кыларын билбей отурушкан. Алар Темүрчиндин кайра келгенин көрүп, абдан кубанып калышты.

  1. Темүрчин тогуз жашында гана көргөн Дей Сечендин кызы Бөрте Ужинди көрүү үчүн Белгүтейди ээрчитип, Керүлен дарыясын – Сага жолдош болуп келсем, бул жерде эмнеге калмак элем,– деди да аттын оозун коё берип тиги сегиз чобурду айдаша кетти.
  2. Шотан кайтып кеткенден кийин Темүрчин Белгүтейди Богорчуну нокерликке чакырып келүүгө жиберди. Белгүтей Богорчуга барып, Темүрчиндин сөзүн угузгандан кийин Богорчу атасына да айтпастан атына минип токулма көк чапанын канжыгага байланып Белгүтей менен жолго чыкты. Мына бул анын Темүрчинге өмүрлүк дос болуп калуусунун башталышы эле.
  3. Темүрчин Сеңгүр дарыясы боюнан Керүлен дарыясынын башындагы Бурки колтугуна келип жайгашты. Бөрте Ужиндин энеси Шотан кызын узатууда ага кара булгун терисинен тигилген ичикти кайната, кайненеси менен көрүшкөндө белек кылып бер, – деп берген эле Темүрчин:

– Керейлердин Ваң Ханын хан атам андам (антташкан дос) деп оозунан түшүргөн эмес. Биз аны ата катары издеп баралы,– деп кара булгун ичикти алып иниси Касар, Белгүтейлер менен Тула дарыясынын Каратүн деген жеринде жашап жаткан Ваң Хандын алдына келди. Аны менен учурашкандан кийин, Темүрчин:

– Атам тирүү кезинде сиз менен анда болуп өткөн экен. Биз сизди ата ордунда көрүп издеп келдик. Азыр үйлөнүп-жайландым. Аялым биздин үйдөгүлөргө кийгизген мынабу кара булгун ичикти сизге жабайын деп алып келдим,– деп кара булгун ичикти анын ийнине жапты. Өтө кубанычка бөлөнгөн Ваң Хан:

– Кара булгун ичиктин бодоосуна, Тарап кеткен тобуңду жыйнап берейин. Кара булгун ичиктин бодоосуна, Тозуп кеткен элиңди чогултуп берейин.

Сен мага берген белекти,

Эсиме бекем сактайын,

Жана, көңүлүмө түйүп коёюн! – деди.

  1. Темүрчин Ваң Хан менен коштошуп, Бүрки дарыясына келгенден кийин урияңкалардын төмүрчи чал Жарчыгутай көөрүгүн көтөрүп, Желме деген баласын ээрчитип, Бурхан Халдун тоосунан келди. Ал Темүрчинге:

– Сен Онон дарыясынын Делигүн Булдаг деген жеринде туулганыңда үстүңө булгун жалаяк жапкан элем. Мына бул Желме уулумду да силерге бермек болгом. Бирок ал кезде уулум кичине болгону үчүн кайра алып кеткем. Мына эми чоңойду, мындан ары атыңды токуп, босогоңдо кызматта болсун!– деп баласын тапшырды.

  1. Булар Керүлен дарыясынын башындагы Бүрки Эргиде тынч жашап жатышты. Бир күнү таң саарда Өлүн Ужиндин үй кызматкери Гуагчин кемпир ордунан ыргып туруп:

– Эжеке, тез туруңуз! Аттардын дүбүртү угулуп жатат. Балекет баскан тайчыгуттар келе жаткан окшойт. Тез болуңуз, – деп Өлүн Ужинди ойготту.

  1. – Балдарды тезирээк ойготкула!– деп шапа-шуп ордунан турду Өлүн Ужин. Артынан эле Темүрчиндер турушуп, аттарына чуркашты. Темүрчин бир атка, Өлүн Ужин бир атка, Касар бир атка, Качгун бир атка, Темүге Отчигин бир атка, Белгүтей бир атка, Богорчу бир атка, Желме бир атка минди. Өлүн Ужин Темүлүндү өңөрүп коштоого ат алгындыктан Бөрте Ужинге ат жетишпей калды.
  2. Темүрчиндер Бурхан Халдун тоосун көздөй качышты. Гуагчин кемпир Бөрте Ужинди жашырып калуу үчүн ала өгүз кошулган кара чүмбөттүү арабага отургузду да, Төңгелик дарыясын өрдөп жолго түштү. Таң атайын дегенде алдыларынын аттарын чаап келаткан чериктер Гуагчинди көрүп калды. Алар жакындап келип:

– Эмне кишисиң?– деп сурашты Гуагчин кемпирден.

– Темүрчиндердин үй кызматкеримин, кожоюнумдун үйүнө кой кыркканы баргам, азыр кайра кетип баратам, – деди Гуагчин кемпир.

– Темүчин үйүндөбү? Үйү кай жерде?– деп сурады чериктер.

– Үйү алыс эмес, бирок Темүрчин үйүндөбү-жокпу, билбейм. Мен үйдүн аркасындагы жеринен келдим, – деди Гуагчин кемпир.

  1. Чериктер аттарын чапкылап кетип калышты. Гуагчин кемпир ала өгүздү сабап эми жүрөйүн дегенде арабанын огу сынып түштү. Аны оңдоп алууга көзү жетпеген Гугчин кемпир:

– Токой жакка качалы!– деп турганында жаңкы чериктер Белгүтейдин энесин буту-колун салаңдатып атка арта салып жетип келишти да, Гуагчин кемпирден:

– Арабаңда эмне бар?– деп сурашты.

– Койдун жүнү,– деди Гуагчин кемпир. Чериктердин ичиндеги чоңураак бирөө:

– Инилерим, балдарым, аттан түшүп карап көргүлөчү, – деп буюрду.

Аттарынан түшүп кара чүмбөттүү арабанын пардасын ачып, анын ичинде сулуу бир аялдын отурганын көргөн чериктер аны арабадан сүйрөп түшүрүп, Гуагчин кемпир менен бир атка мингизип койду да, Темүрчинди издөө үчүн чөптөр арасындагы туяк издерин кууп Бурхан Халдун тоосун көздөй бет алышты.

  1. Булар Бурхан Халдун тоосун үч айланып, Темүрчиндерди табалган жок. Тегеректин баары саз, ит тумшугу өтө алгыс чер токой, тигилер ар канча кылса да ичкерилеп кире алган жок. Булар угут меркиттеринен Токтога, увас меркиттеринен Дайыр Усун, кагат меркиттеринен Кагатай деген үч меркит болчу. Алар илгерки Йеке Чиледудан Йесүкей Өлүн Ужинди тартып кеткендиги үчүн өч алууну көздөп келгендер эле.

Алар:

– Өлүндүн өчүн алуу үчүн бир аялын олжого түшүрүп алдык, – дешип Бурхан Халдун тоосунан кайра кетишти.

  1. Меркиттердин кеткен-кетпегенин же бир жерде жашырынып жатканын билүү үчүн Темүрчин Белгүтей, Богорчу жана Желме үчөөнү жиберди. Булар меркиттердин артынан үч күн кууп, алардын чыны менен кетип калганын аныктагандан кийин Темүрчин Бурхан Халдун тоосунан түшүп, көкүрөгүн керип туруп:

Гуагчын эне,

Кулагың сезгич экен,

Сасык күзөндөй,

Көздөрүң курч экен.

Арыс чычкандай,

Бизге кабар берген элең,

Жанымды коргоп качтым,

Атты тушоодон чечип минип,

Бугулардын жолун бойлоп жүрдүм.

Калың черди пааналадым,

Өзүмдү Бурхан тоосуна урдум.

Сен Бурхан, менин чымындай алсыз жанымды,

Аман сактап калдың.

Жанымды коргоп,

Жалгыз атымды минип,

Кандагай изин бойлоп жүрдүм,

Бак-шактарды далдаа кылдым,

Өзүмдү Бурхан тоосуна урдум.

Аман алып калдың Бурхан,

Чиркейдей алсыз жанымды!

Ичимен аман каламбы – деп

Коркуп турган элем.

Эй, жанымды коргогон Бурхан тоосу,

Ар күнү таң саарда,

Сени эскерип жүгүнөм!

Укумдан тукумума чейин,

Сага күндө сыйынабыз, Бурхан тоосу! – деди да курун мойнуна салып, баш кийимин колуна алып ордунан турду. Сыйынуу чырагына кымыз чачып, андан кийин күнгө карап тизелеп отуруп тогуз жолу жүгүндү.

  1. Айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү

Саркыт– наазирлик тамак.
Таргутай Кирилтуг– киши аты. Таргутай– семиз дегенди билдирет.
Төдөгөн Гирте– киши аты. Баланын кенжеси Гирте деген мааниде.
Бектер– киши аты. Жоокер кие турган чынжыр соот деген мааниде. Бектер– баатырлар кийген соот деген мааниде. Бектер менен Белгүтей Йесүкейдин токолунан төрөлгөн балдар.
Сулдус– уруу аты. Тайчыгуттардын ичиндеги бир уруу.
Кадаган– киши аты. Мык деген мааниде.
Көк-Нур– көлдүн аты. Азыркы Чиңхай провинциясында.
Моңголдор суурду тарбагатан дешет. Азыркы Тарбагатай аймагы сууру көп болгон соң ошол атка конгон.
Моңголдор укурукту курук дешкен.
Керей– моңголдордун бир уруусу. СУАРдагы тыргооттор, Элистадагы калмактардын көбү керей уруусунан.
Бүрки Эрги– жер аты. Эрги– колтук, жээк деген мааниде.
Увас– уруу аты. Увас– ууч, бир ууч деген мааниде.
Тогуз саны моңголдордо эң касиеттүү сан эсептелген. Ошон үчүн тогуз жолу жүгүнүү өтө урматтоону билдирген. Кыргыздарда да тогуз саны ыйык эсептелген. «Төө баштаган бир тогуз» деген сөз бар.

Кытайчадан которгон Аман САСПАЕВ
Жаңы Ала-Тоо 2012, 5 (37)