САСПАЕВ Аман: МОНГОЛДОРДУН КУПУЯ ТАРЫХЫ (ҮЧҮНЧҮ БАП)

Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ

  1. Алкыйса, Темүрчин Бурхан Халдун тоосуна сыйынып болгондон кийин Касар, Белгүтейлер менен акылдашып, Тула (Тугла) дарыясынын боюндагы Каратүн деген жерде олтурушкан Керейлердин Ваң Ханы Тогрулду издеп келишти да ага:

– Үч меркит кокусунан басып кирип катын, бала-чакамды олжолоп кетишти! Хан ата, сизден бала-чакамды куткарып беришиңизди суранып келдим,– деди.

– Былтыр сага айткандарым эсиңдеби?– деди Ваң Хан Тогрул Темүрчиндин сөзүнөн кийин. Сен: «Атам тирүү кезинде сиз менен антташкан дос болуп өткөн экен. Ошол достугуңар үчүн биз сизди ата ордуна көрүп издеп келдик», – деп кара булгун ичикти мага жаап койгондо, сага:

– Кара булгун ичиктин бодоосуна,
Тарап кеткен тобуңду жыйнап берейин,
Кара булгун ичиктин бодоосуна,
Тозуп кеткен элиңди чогултуп берейин,
Эсиме бекем сактайын,
Жана көңүлүмө түйөйүн,
Сенин мага берген белегиңди!» –
деген болчумун. Ошол сөзүмө туруп:
– Кара булгун ичиктин бодоосуна,
Меркиттерди талкалап,
Байбичең Бөрте айымды
Жаныңа келтирейин.
Кара булгун ичиктин бодоосуна
Меркиттерди талкалап,
Катының Бөрте айымды,
Колуңа карматайын!

Сен киши жиберип Касарга айтып кой, ал азыр Коркунаг Чүбүрдө, мен эки түмөн черик алып оң канат болуп аттанайын, иним Жамука дагы эки түмөн черик алып сол канат болуп аттансын. Баш кошоор жерибизди, убактысын Жамука белгилесин!

  1. Темүрчин, Касар, Белгүтей үчөө Тогрулхан менен коштошуп кайра келген соң, Темүрчин Касар менен Белгүтейди Жамукага жиберди. Алар Жамукага Темүрчиндин айткандарын жеткизишти:

– Үч меркит басып кирип,
Үй жайыбызды талап алышты.
Ант ичишпедик беле,
Өчүбүздү толук алууга.
Үч меркит чабуул коюп,
Жүрөгүмдү, жарымды алып кетишти.
Туугандашып убадалашпадык беле,
Кегибизди бирге алууга!
Ал дагы Касарга мындай деди:

– Ваң Хан Тогрулхан атам Йесүкейдин өз кезиндеги кылган жакшылыктарына кайрым кылуу үчүн сизге жардамга келмек болду,– деп керейлердин Ваң Ханынын сөзүн жеткизишти. Ал мындай деген: «Мен оң канат болуп эки түмөн черик чыгарып аттанайын, Жамукага айтып койгула, ал дагы эки түмөн черик менен сол канат болуп аттансын. Баш кошоор жайды жана убактысын Жамука белгилесин деп айтты», – деди.

Булардын сөзүн уккан Жамука:
– Эзелки досум Темүрчин,
Мекениңдин жайраганын угуп,
Жүрөк-боорум эзилди,
Назик жарыңды алып кеткенин угуп,
Жүрөк-боорум эзилди.
Өчүбүздү албай койбойбуз,
Удуйт жана Увас меркиттерин,
Тукумун туздай курутуп,
Бөрте айымды куткарып алабыз!
Кегибизди албай тынбайбыз!
Кагат меркиттин, насилин такыр жоюп,
Бөрте айымды куткарабыз!
Токумдарыбызды камчылаганыбызды угуп,
Чайкаш добулбасы кагылды – деп,
Бугра Кегерде,
Жашап жаткан Токтуга,
Коркуп жүрөгү кабынан чыгаар,
Зуулдаган жебелерди көрүп,
Орхон, Селенге,
Аралыгындагы Талкун аралда,
Жайлоолоп жүргөн Дайыр Усун,
Коркуп тамтырап калсын,
Камгактын шылдыраганын угуп,
Карачы Кегер кара токоюнда,
Жашырынып жаткан Кагатай Дармала,
Чочуп энтигээр!

Азыр биз Килгу дарыясын кечип өтөлү, дарыя боюндагы сакал чөп бар да, ошондон сал жасап дарыядан өтөлү.

Коркуп чочулаган Токтуганын
Түндүгүнөн түшкөнсүп басып калалы.
Боз үйлөрүнүн уук, керегесин талкалайлы,
Катын, балдарын талап алалы.
Боз үйлөрүнүн куттуу босоголорун талкалап,
Эл-журтун айдап кетели!

  1. – Темүрчин андам менен Тогрул агама мына бул сөздөрүмдү айтып койгула, – деди Жамука:

– Айбаттуу туубузга назир кылып,
Бука териси капталган добулду күрс-күрс кагып,
Кара тулпарды минип,
Мыкты сооттордон кийип,
Катуу найза, учтуу жебелерди алып,
Кагат меркиттин,
Баарын кырып таштоого бекидим.
Касиеттүү туубузга назир кылып,
Өгүз териси капталган добулду
Күрс-күрс кагып,
Кара дулдулду минип,
Тери куякты кийип,
Өткүр кылыч, учтуу окторду алып,
Удуйт меркитин,
Бирин калтырбай кырууга бекидим!

– Тогрул агам чериктери менен Бурхан Халдун тоосунун күңгөйүн ала жүрүп, Темүрчин андамдын айылы аркылуу келсин, – деди Жамука тигилерге, дагы: – Биз Онон дарыясынын башындагы Ботоган Богоржи деген жерде баш кошолу. Мен ушул жерден аттанам. Онон дарыясын өрдөп, Темүрчин андамдын элинен бир түмөн черик чогултуп, өзүм бир түмөн черик алып, бардыгы эки түмөн черик менен Онон дарыясын өрдөп барып,Ботган Богоржыда баш кошолу!

  1. Касар менен Белгүтей кайтып келгенден кийин Жамуканын сөзүн Темүрчин менен Тогрулханга жеткизди. Тогрулхан Жамуканын сөздөрүн уккандан кийин эки түмөн черигин баштап, Бурхан Халдун тоосунун күңгөй жагындагы Керүлен дарыясынын Бүрки колтугуна карап аттанды. Темүрчиндер да Бүрки колтугунда болчу. Тогрулхандын кошун алып келе жаткандыгын уккан Темүрчин айылын иретке келтирип, жол бошотуп, Төңгелик дарыясын өрдөп, Бурхан Халдун тоосунун күңгөй жагындагы Тана деген кичине дарыянын боюна келип кош тикти. Анан чериктерин баштап жолго чыкты. Тогрулхандын бир түмөн чериги, анын иниси Жака Гамбунун бир түмөн чериги болуп бардыгы эки түмөн черик Кимурга дарыясынын Айыл Карагана деген жерине келип, жайгашып жатканда Темүрчиндер да келип, алар менен учурашты.
  2. Темүрчин, Тогрулхан, Жака Гамбулар учурашкандан кийин ошол жерден бирдикте жолго түшүштү. Онон дарыясынын башындагы Ботоган Богоржи деген жерине келгенде Жамука ушул эле жерде аларды күтүп турганына үч күн болгон. Темүрчин, Тогрулхан, Жака Гамбунун келатканын көргөн Жамука эки түмөн черигин сапка тургузуп, тигилерди тосуп алды. Темүрчин, Тогрулхан, Жака Гамбулар да чериктерин сапка тизип кошулушкандан кийин Жамука:

Бороон чапкын болсо да,
Бар деген жерге барабыз.
Жаан-чачын төгүп турса да,
Элдин артында калбай,
Чогулууга барабыз! –
 деп убадалашпадык беле?– деди тигилерге иренжигенсип: – Биз, моңголдор убаданы ант деп билген эл эмес белек. Илгери: «Убадасында турбагандарды саптан чыгарып таштайбыз!» – дебедик беле.

– Убадалашкан жерге үч күн кечигип келдик, иним Жамука кандай айыптайм десең туура болот,– деп күнөөсүн мойнуна алды Тогрулхан.

  1. Булар Ботгон Богоржиден аттанып, Килго дарыясынын жээгине жетип келишти. Сал жасап дарыядан өтүшүп, Бугра Кегердеги Токтога бектин үйүнө түндүктөн түшкөндөй эле басып кирип барышат.

Боз үйлөрүнүн уук, керегесин талкалашты,
Катын-балдарын талап алышты.
Үйлөрүнүн куттуу босогосун талкалашты,
Эл-журтун байлап алып кетишти.

Булар Токтога бекти кызуу уйкуда жатканда басып калмак болгон. Бирок Килго дарыясынын жээктеринде жүргөн балыкчылар, киш кармоочулар тигилердин басып келе жатканын көрүшүп түн ичинде кызуу уйкуда жаткан Токтога бекке: «Душмандар келип калды!» – деп кабар жеткизгендиктен Токтога бек Увас Меркиттерден Дайыр Усунду жанына алып бир нече кишиси менен Селенге дарыясын бойлоп Баркужинге качып кетишти.

  1. Меркиттер талкалангандан кийин Селенге дарыясын бойлоп качышты. Чериктерибиз алакташып качып бараткан меркиттерди артынан кууп жүрүп кармашты. Темүрчин кымкуут элдин ичинен: «Бөрте! Бөрте!» – деп кыйкырып издеп жүргөндө, тымтыракайы чыккан эл ичинен Темүрчиндин үнүн таанып Бөрте Ужин арабадан секирип түшүп, Гуагжин кемпирди жетелеп үн чыккан жакка жүгүрдү. Караңгы болсо да Темүрчин минген атты тааныган Бөрте Ужин менен Гуагжин кемпир чуркаган бойдон барып, Темүрчиндин чылбырына асылышты. Ай жарык эле. Бөрте Ужинди тааныган Темүрчин дароо аттан түшүп, аны бооруна басып кучактап калды. Темүрчин ошол түнү киши жиберип: «Издеген кишимди таптым! Түндөлөтүп сапар чекпей ушул жерде эле түнөп калалы!» – деп Тогрулхан менен Жамукага кабар жиберди. Меркиттер түнү менен качып, буту жеткен жерлерине барып жайгашышты. Мына бул Темүрчиндин Бөрте Ужин менен учурашканы жана аны меркиттердин колунан кутулдуруп алганынын баяны.
  2. Илгери Удуйт меркиттерден Токтога бек, Увас меркиттерден Дайыр Усун, Кагат меркиттерден Кагатай Дармалалар үч жүздөй Монголдордун купуя тарыхы адамы менен келип Йесүкей батурдун Токтога бектин иниси Йеке Чиледудан Өлүн Ужинди тартып кеткендигине байланыштуу кек алуу үчүн келгенде Темүрчин качып, Бурхан Халдун тоосуна барып бекинген. Меркиттер артынан кууп Бурхан Халдун тоосун үч тегеренип Темүрчинди табалбай Бөртө Ужинди кармап алып Йеке Чиледунун иниси Чилгер Бөкегге бере салышкан эле. Эми Темүрчиндердин чабуулунан кабар алган Чилгер Бөкеге качуу алдында:

Ашып калган ашты жешке,
Жаралган кара каргага,
Жапайы өрдөк, турналарды жешке,
Маа эмне?
Мен – бир жараксыз Чилгерге,
Асыл айымга чаң салууга,
Маа эмне!
Меркиттердин келтирген балээсине,
Мен пас Чилгер калдым!
Жанымды сактоо үчүн качайын дейм,
Караңгы туюкка кирип алайын дейм,
Бирок ким мени коргоп, калкаа болот?
Курт, чычкандарды жешке,
Жаралган жаман сарыга,
Ак куу, турналарды жешке,
Ким коюптур?
Мен бир жалаң төш Чилгерге
Бактылуу айымды кармап калууга
Ким коюптур?
Меркиттердин жапаасына,
Мен акмак Чилгер калдым!
Аман калуу үчүн качайын дейм,
Көрдөй караңгыга кирип алайын дейм,
Бирок ким мени коргоп калат? –
деди да алды-артына карабай качып жолго түштү.

  1. Кагатай Дармала колго түшүп, мойнуна тактай кишен салынып, Бурхан Халдун тоосуна жер которду. Белгүтей энесинин (Йесукейдин токолу) ошол айылда экендигин угуп издеп барды. Ал энеси турган үйдүн эшигин ачып оң жагынан кирип келсе, кой терисинен тигилген тытык эски тон кийген энеси сол жагынан чыгып эшикте тургандарга:

– Уксам уулдарым хакан болуптур,
Мен болсом мында бир жаманга туш болдум.
Көрүшөйүн дейм, бетим чыдаар эмес,
Сагынуудан кирпиктеримде жаш!
 – деди да чуркаган бойдон токойго кире качты. Белгүтей канчалык издесе да аны табалган жок. Катуу ачууланган Белгүтей Нойон: «Энемди тап!» – деп кыйкырып меркиттерди, ал түгүл Бурхан Халдун тоосун курчап, талкалаган үч жүз меркиттердин урук-туугандарынын күлүн көккө сапырып жиберди. Аман калгандарынын кыз-келиндеринен катын, токолдукка алчуларын алды, күң кылчуларын күң кылды.

  1. Темүрчин Тогрулхан менен Жамукага ыраазылык билдирип мындай деди:

– Хан атам жана Жамука андам,
Бизге калканч болгону үчүн
Көк Теңир жана кара жер
Бизге күч бергендиктен,
Ата душман меркиттин
Элин кырып таштадык.
Көздөрүнөн кан агызып,
Жүрөктөрүн сууруп алдык.
Үй-жайларын талкалап,
Тукумун туздай куруттук.
Өлбөй тирүү калгандарын
Колго түшүрүп кул кылдык.

Меркиттер жоюлуп болгондон кийин булар: «Эми кайталык!» – дешти.

  1. Удуйт меркиттери талкаланып качканда чериктерибиз ошол жайдан башына булгун тумак, бутунда бугу өтүк, үстүндө болсо жээгине булгун терисинен ока кармалган ичик кийген көзүнөн от жанып турган Күч деген беш жашар баланы таап алышты. Анан аны Өлүн Ужинге белекке беришти.
  2. Темүрчин, Тогрулхан жана Жамука үчөө меркиттердин үй-жайын талкалап бүтүп, сулуу кыз-келиндерин олжого түшүрүштү. Булар Орхон менен Селенге дарыясынын аралыгындагы Талкун деген аралдан чегинип чыгышып, Темүрчин менен Жамука Коркунаг тоосунун этегиндеги жолго түшүштү. Тогрулхан болсо Бурхан Халдун тоосунун тескейиндеги Күкертү тоосунун этегиндеги Качагулату жылгасы жана Гуляну жылгасы аркылуу аңчылык кылып, Тула дарыясы боюндагы Каратүнгө кайтып келди.
  3. Темүрчин менен Жамука Коркунаг Чүбүргө келип кош тигип жайгашышты. Алар илгерки андалашкан учурларын эскеришип:

– Бири-бирибизди кадырлап өтөлү,– деп дагы убадалашты. Булар алгачкы андалашкан кезде Темүрчин он бир жашта эле. Ошондо Жамука эликтин сакасын Темүрчиндин кыт куйган сакасы менен алмашып андалашып, Онон дарыясындагы музда чүкө ойношкон. Көктөм киргенде булар жыгачтан жасалган жебени атышып ойноп жатканда, Жамука торпок мүйүзүнөн жасалган огун Темүрчиндин арча жыгачынан жасалган жебеси менен алмашып, дагы андалашкан. Мына бул алардын экинчи жолу андалашуусунун учуру.

  1. «Андалаштык, жаныбызды коштук,
    Куткарышып, колдошуп
    Бир өтөлү түбөлүктүү достошуп»,
     – дечү эле илгеркилер, өз ара ушундай болуубуз керек. Азыр дагы андалыкты тилге алдык. Мындан кийин да бир бирибизди кадырлап өтүшүбүз гана керек, – дешти алар. Темүрчин меркиттердин Токтогасынан олжого түшүргөн алтын кемерин Жамуканын белине байлап, аны Токтоганын Кула атына миндирип койду. Жамука Увас меркиттеринин Дайыр Усунунан олжого түшүргөн алтын кемерин андасы Темүрчиндин белине байлап, Дайыр Усундун камыш кулак боз атына миндирип койду. Алар андалашканынын урматына Коркунаг Чүбүрдөгү Кулдарга тоосунун күңгөй жагындагы чоң бир бай карагай түбүндө сыяпат өткөрүштү. Бир-бирин анда дешип, жарым түнгө чейин оюн-тамаша кылышып, ошол жерде бир жуурканга оронуп жатып калышты.
  2. Темүрчин менен Жамука бир жарым жылдай андалашып достошуп, кадырлашып өттү. Бир күнү алар: «Биз көчөлү!» – деди. Ошондой эле алгачкы көктөмдүн 16-күнү – Куттуу күнү көчүп калышты. Темүрчин менен Жамука арабалардын алдында кетип бара жатып, Жамука:

– Темүрчин анда, анда!
Тоо бооруна түшөлү!
Бул жерде алачык тигип жылкы баксак
Эң сонун болот.
Суу боюна түшөлү!
Мындай жерден кой-козуларга
Жакшы чөп табылаар.

Бул сөздүн ички маанисине түшүнө бербеген Темүрчин унчукпай эле көч артында арабада келе жаткан энесин күтүп турду. Ал кетип баратып энеси Өлүн Ужинге:

– Андам Жамука
Тоо бооруна түшөлү,
Бул жерде алачык тигип жылкы баксак
Жакшы болот.
Суу боюна түшөлү!
Кой-козулар мында жакшы тоюнат»
 – дейт. Анын айткан сөздөрүнө түшүнбөй сени күтүп турам, – деди.

Өлүн Ужин оозун ачкыча Бөрте Ужин:

– Эл Жамуканы жеңил-желпи киши деп жаткан, – деди кыстарыла, балким, ал бизден безгиси келгендир, жаңкы сөзү мен калып калайын дегени чыгар. Биз түшпөй түндөлөтө болсо да жолубузду улайлы!

  1. Бөрте Үжиндин сөзүн туура деп тапкан Темүрчин түшөлү деген жерге түшпөй түнү менен көчүп, тайчыгуттардын журтун басып өттү. Буларды көрүп коркуп кеткен тайчыгуттар түнү менен Жамука жакка көчүштү. Тайчыгуттардын бесүт уруусунун айылынан биздин кишилер Көкчү деген бир баланы таап алып, Өлүн Үжинге белекке беришти.
  2. Ошол түнү көп көч келип кошулуп жатты. Таң атканда караса, Жайыр уруусунан ага-ини Качгун тограгун, Карагай тограгун жана Каралдай тограгун өңдүү үч Тограгулар көчүп келиптир. Таргут уруусунан ага-ини кадаган Далдуркандар башчылыгында беш таргут уруусу көчүп келиптир. Дагы Меңгүтү Кыяндын эки баласы Өңгүр өңдүүлөр чаңшыгут, баягут урууларын да ээрчитип келиптир. Барулас уруусунан ага-ини Кубылай, Кудустар, маңгут уруусунан ага-ини Жетей, Доргулгу Черби экөө келиптир. Бугурчунун иниси Өгерей Черби аруулат уруусунан бөлүнүп чыгып, агасы Бугурчуга келип кошулуптур. Желменин иниси Чагуркан менен Сүбегетей Батур экөө Урияңка уруусунан бөлүнүп чыгып, агасы Желмеге келип кошулуптур. Бесүт уруусунан ага-ини Дегей, Күчгүр экөө тең келиптир. Сулдус уруусунан ага-ини Чилгүтей жана тайчыгуттар, Жалайыр уруусунан Сече Домог, Аркай Касар бала деген эки баласын ээрчитип келиптир.

Коңкутай уруусунан Сүйкетү Черби, Сүкекеден Жегей менен Коңдакурдун баласы Сүкегей Жегун, Негүдей Чаган Увалар, өлкунугут уруусунан Киңкиядай, Горолас уруусунан Сечегүр, Дөрбен уруусунан Мочи Бедүгүндөр, йикирес уруусунан Буту күйөө уул болуу үчүн кошо келиптир. Ноягин уруусунан Жөңсө, Оронар уруусунан Жыргуган, барулас уруусунан Сугу Сечен менен Карачар балдарын ээрчитип келиптир. Дагы Багарин уруусунан Корчи, Усун чал, дагы Көкчүс менен Багарин уруусунун бир айыл кишилерин ээрчитип келиптир.

121.– Биз, Богда Бодунчардын олжого түшүргөн аялынан төрөлгөн балдарбыз. Жамука дагы биздин бир эне курсагынан туулган бир тууганыбыз. Ошон үчүн да аны таштабасак дейм, – деди Корчи, – Ягрынчи мына бул ишти көз алдыма аян кылды, бир уй Жамуканын жанынан өтүп, араба, үйлөрдү кулатып талкалагандан кийин туптуура эле келип Жамуканы сүзөм деп мүйүзүн сындырып алды. Бир мүйүзүнөн айрылып калган уй Жамукага: «Мүйүзүмдү төлө!» – деп жер тепкилеп мөөрөп, топуракты чаңдатты. Дагы бир таз өгүз ордону үстүнө артып, казыктарын сүйрөп, Темүрчиндин артынан араба жолун бойлоп келип:

Асман жер кошулуп,
Темүрчинди Хан кылды.
Ошон үчүн да мен сага,
Таажы, дөөлөттү артынып келдим!
– деп мөөрөдү.

Ягрынчы (балгер, далыга карап алдын-ала болжоочу) ушул иштерди көз алдыма аян кылып көрсөттү. Темүрчин, сен элдин ээси болгонуңдан кийин сага көз алдымда аян болгон ишти айтканым үчүн мага кандай бак-таалай берээр элең?

– Эгер айтканың келсе,– деди Темүрчин, – сени түмөн башы кылам.

– Ушунчалык акыл көрсөткөн кишини түмөн башы кылсаң, анын эмне ыракаты бар? – деди Корчи көп ыраазы боло бербей, – Түмөн башылыкты берсең берээрсиң, бирок эл ичинен отуз сулууну тандап алышыма уруксат кыласың. Жана башка талаптарым болсо аны да орундайсың!

  1. Гунан деген генигес уруусунун бир айыл кишилерин, Дарытай Отчигин бир айыл кишилерди ээрчитип келди. Жадаран уруусунан Мулкалку дагы келди. Дагы Ужин өңдүүлөр Сакайит уруусунун бир айыл кишилерин баштап келди. Жамуканы таштагандар барган сайын көбөйө баштады. Темүрчиндер Кимүрга дарыясынын Айыл Карагана деген жерине кош тигип олтурганда Жамукадан бөлүнүп чыккан жүрки уруусунан Соркату Жүркинин баласы Сача бег, Тайчу экөө бир айыл кишилерин, Негүн Тайшынын баласы Кучар бег бир айыл кишисин, Кутула Хандын баласы Алтын Отчигин бир айыл кишилерин баштап келип, Темүрчиндер менен кошо жашап калышты. Кийин Темүрчиндер алар менен Кимурга дарыясы боюндагы Кара Юрек тоосунун жанындагы Көк-Нур көлүнүн боюна көчүп келишти.
  2. Алтын, Кучар, Сача Бег үчөө акылдашып алгандан кийин Темүрчинге:

– Сени Хан шайлайлы,
Эгер бизге Хан болсоң,
Душмандар басып кирсе,
Алдыңда кайгуулчу болуп аттанып,
Сулуу келин-кыздарды
Сага белек кылабыз!
Кенен ордо иамараттарды
Сага алып беребиз!
Башка элдердин
Сулу келин-кыздарын
Сага белек кылабыз!
Соорусу бийик тулпарды
Сага тартуулайбыз!
Жырткыч аңдарды уулаганда,
Алдыңа чыгып курчайбыз.
Талаа, түздөгү аңдарды
Тобу менен алдыңа айдап келебиз.
Жылга, сайлардагы аңдарды,
Кош-кошу менен алдыңа
Сүрүп айдап келебиз.
Урушка даярданганда,
Буйругуңа каршы чыксак,
Бала-бакырабызды курутуп ташта,
Башыбызды кесип ташта!
Жеңишке жеткенде,
Сөзүңө каршы чыксак,
Катын, токолдорубузду,
Тентитип ташта!
Бизди чөлгө ташта! –
 деп ант беришти жана Чынгыс ханды Хан деп аташты.

  1. Темүрчин Чынгыс хан деп аталгандан кийин Богорчунун иниси Өгерей Черби курчылыкка (коргоочулукка) Качыгун Тограгун Корчулукка, ага-ини Жетей, Доголгу Черби экөө тең корчулукка дайындалды, Өңкүр,Сүйкету Черби, Кадаган Далдурхан үчөө:

– Эртең мененки тамакты
Кечиктирбей даярдайбыз,
Кечинде даамдуу тамактарды
Кемитпей даярдайбыз, – 
деген эле, буларды баурчулукка (ханга тамак даярдоочулукка) койду. Дегей:

– Ириктерди сойдуруп,
Эртең менен кемитпей,
Кечинде өз убагында
Сага сорпо сунайын.
Ала койлорду бактырып
Араба алдына жаткызайын,
Боз койлорду көбөйтүп,
Айылдарга толтурайын.
Напсим жаман эле,
Семиз куйрукту жегенге
Сага койчу болоюн!
 – деген эле аны койчулукка койду. Анын иниси Күчгүр:

– Арабаны кулатпай,
Огун да сындырбай,
Көздөгөн жерге аман-эсен жеткизем,– 
деген эле, Чынгыс хан:

– Андай болсо, сен ордо арабаларына жооптуу бол. Дорай Черби сен тутыгарларга жооптуу бол,– деди. Жана Кубилай, Чилгүдей, Карагай Тогурагун үчөөнү жана Касарларды үлдүчиликке (кылычтууларга) коюп:

– Өктөмдүк кылгандардын
Мойнун үзгүлө! Менменсингендин
Боорун тилип таштагыла!
 – деди аларга. Дагы:

– Белгүтей, Каралдай Тогурагун экөөңөр чериктердин аттарына жооптуу болгула,– деди. Тайчыгуттардан Куту, Морчи Мулкалку үчөөнө:

– Силер жылкычы болгула,– деди. Анан, Аркай, Касар, Тагай, Сүкегей Чагурган төртөөнө: – Силер алыска атаар Когочакым, жакынга атаар Одорарым болгула, – деди. Сүбегетей:

– Чычканың болуп,
Жыйнап берейин,
Каргаң болуп талаадан таап берейин.
Жуурканың болуп,
Жамынчың болоюн,
Кийизиң болуп,
Бороондо далдаа болоюн,–
 деди Чынгыс ханга.

  1. Чынгыс хан Хан болгондон кийин Богорчу менен Желме экөөнө:

– Силер экөөңөр,
Көлөкөмдөн башка пенде жок кезде,
Келип көлөкө болгула,
Көңүлүмдү кубанткыла!
Куйругумдан башка камчы жок кезде,
Келип камчы болуп,
Жилимди шаттандыргыла!
Түбөлүккө унутпасмын,
Кылган жакшылыгыңарды!
 – дегенден кийин, дагы:

– Силер экөөңөр баарынан мурда келгенсиңер. Эмнеге силер бул элди сурабайсыңар? – деди. Анан көпчүлүккө кайрылып: – Көк Теңир менен кара жер мени дилиңерге салганы үчүн Жамуканы таштап мага жолдош болгону келдиңер,– деди. Дагы: – Ошон үчүн да силерди мындан кийин да куттуу жолдошторум деп этибарга алам. Ар дайым силерге таянам!

  1. Чынгыс хан Хан болгондугун кабарлоо үчүн Тагай, Сүкегей экөөнү Керейлердин Ваң Ханы Тогрулга элчиликке жиберди. Анын Хан болгонун туура деп билген Тогрулхан:

– Темүрчин баламды Хан шайлап өтө жакшы кылыпсыңар.– деди тигилерге, – Силер, моңголдордо Хан болбосо кандай болмок?

Айтканыңардан эч качан буйтабагыла,
Ынтымагыңарды бузбагыла!
Өз жакаңарды тытпагыла!

III. Айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү

Коркунак Жубур– жер аты. Жубур– тоо боору деген мааниде.
Бугра кегер– жер аты. Кегер– талаа деген мааниде.
Талкун Арал– жер аты. Талкун– толкун маанисинде.
Ботоган богорчи– дарыя аты. Онон дарыясына куюлат.
Тана– дарыя аты. Тана– бермет маанисинде.
Жака Гамбу – киши аты. Гамбу тибеттиктердин ажосу деген мааниде.
Кишчи– киш кармоочу.
Көчү– киши аты. Көкчү– көк чөптөрдөн дары жасоочу.
Черби– аскери мансап. Кол башчы.
Бугда– ыйык деген мааниде.
Корчу– коргоочу. Бавурчи – Ханга тамак жасоочу.
Когочак, Одору– Жебе түрлөрү.
Жаңы Ала-Тоо 2012, 5 (37)