САСПАЕВ Аман: МОНГОЛДОРДУН КУПУЯ ТАРЫХЫ (ТӨРТҮНЧҮ БАП)

Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ

127. Ал кыйса, Темүрчин Аркай Касар, Чагуркан экөөнү Жамуканын алдына элчиликке жиберди. Темүрчиндин хан болгонун уккан Жамука:
– Силер барып Алтун менен Кучар экөөнө мынабу сөздөрдү жеткизгиле,– деди ал. «Алтун, Кучар экөөңөр Темүрчин андам өкөөбүздүн ортобузда жүрүп, эмне үчүн андамдын белине сүзүп, андамдын кабыргасына сайып, бизди ажыратасыңар? Арабызга суукчулук түшпөй жакшы жүргөн учурларда эмне үчүн аны хан шайлаган эмессиңер? Бүгүнкү күндө кандай максат менен аны хан шайлап алдыңар? Алтун, Кучар экөөңөр айтканыңардан кайтпай, андамдын көңүлүн алып, анын жакшы досторунан болуп өткүлө!»
128. Көп өтпөй биз Сагры түздүгүндө отурганда, Жалма тоосунун күңгөй жагындагы Өлегей булак деген жайда турган Жамуканын иниси Тайчар биздин Жочи Дармаланын жылкыларын тоноп кетти. Жочи Дармаланын достору жылкылардын артынан кууп барууга батына албагандыктан, Жочи Дармаланын өзү жалгыз тигилердин артынан кууду. Кеч киргенде ал жылкылардын жанына келип атынын жалына жашырынып туруп, Тайчарды жүлүнгө атып өлтүрүп, жылкыларын айдап келди.
129. Иниси Тайчарды өлтүргөн кабары Жамукага жетээри менен, Жамука өңдүү Жадаран уруусунун он үч уруулаштарынан түзүлгөн үч түмөн аттуулар Алахугут, Туркагут, тоолорунан ашып өтүп, Чынгыс ханга чабуулга аттанышты. Йикирестеден Мүлүк Тутаг менен Боролдай экөө Гүрелгү тоосунда жаткан Чынгыс ханга кабар жиберди. Мындан кабардар болгон Чынгыс хан он үч айылдан үч түмөн черик даярдап, Жамукага каршы аттанды. Булар Далан Балжут деген жерде кезигип согушуп, Жамукага тең келе албаган Чынгыс хан Онон дарыясынын боюндагы Жерен жылгасына чегинип жашырынды.
– Биз аларды Онон дарыясы жээгиндеги Жерен жылгасына чейин сүрүп таштадык!– деп өзүнө ыраазы болду Жамука. Алар кайтып келе жатып Чинус уруусунун бала-чакасын кармап келип, жетимиш казанга салып дымдады. Дагы Негүдай Чаган Уванын башын кесип, аны аттын куйругуна байлап сүйрөтүп келди.
130. Жамука кайтып келгенден кийин уругут уруусунан Жүрчедей уругут уруусун алып, маңгут уруусунан Койылдар маңгуттарды алып Жамукадан Чынгыс ханга келип кошулушту. Коңкутан уруусунан Меңлик чал да жети уулун жетелеп, Жамукадан Чынгыс ханга келип кошулду. Мынчалык көп улустардын Жамуканы таштап, өзүнө арты-артынан келип кошулуп жаткандыгына кубанган Чынгыс хан жана Өлүн Ужин, Касар, Жүркилерден Сачабег, Тайчулар:
– Биз Онон дарыясы боюндагы токойдо той жасайлы!– дешип той кылышты. Бул тойдо Чынгыс хан Өлүн Ужин, Касар, Сача Бегдердин алдына бир түсүргө (сабаа) кымыз койду. Сача Бегдин таэжесинин алдына бир түсүргө кымыз койду. Муну көрүп намыстанган Корижин Хатун менен Когорчин Хатун:
– Алды менен бизге койбой эбегейлердин алдына кымыз койгонуң эмнең? – деп Баурчи Шикигүрдүн жакасынан алып төпөштөп кирди.
Таякка арданган Шикигүр:
– Йесүкей Батур, Негүн Тайшылар өлгөндөн кийин көргөн күнүм ушубу!– деп өңгүрөп ыйлап жиберди.
131. Бул тойду биз жагынан Белгүтей, Жүркилер жагынан Бөри Бөке башкарды. Белгүтей Чынгыс хандын атын кармап турган. Бирок ал аттар байлоолуу турган жерден чылбыр уурдап жаткан катагиндердин бир уурусун кармап алды. Бөри Бөке ууруга жан тартып, Белгүтей менен бир кыйла текерлешип, анын оң жеңин жулуп таштады. Аны аз дегенсип, жылаңач ийнин кылычы менен чаап жиберди. Белгүтей каны агып жаткан жаракатына этибар бербей кетип бара жатканда бак көлөкөсүндө сайрандап отурган Чынгыс хан тигинин ийининдеги канды көрүп калды да, дароо анын алдына келип:
– Ийиниңе эмне болду?– деп сурады.
– Эч нерсе болгон жок, – деп жооп берди ал, – кичине жаракаттады деп туугандар менен араздашып калбайлы! Эч нерсе эмес, айыгып кетет. Туугандар эми гана таанышып, бир жакшы отурганда каршылаша кетсек жакшы болмок беле, сабыр кыл аба!
132. Чынгыс хан Белгүтейдин кой дегенине болбой бактын шактарын бутап, иркит бишкегин сууруп алып Жүркилердин адебин берди да Корижин хатун менен Когорчин хатунду тартып алды. Кийин алар элдешели деп, ортого элчи салып Корижин хатун менен Когорчин хатунду кайра берүү жөнүндө сүйлөшүп жатканда Кытандардын Алтын Ханы, татарлардын Мегүжин Сөгүлтүлөрдү буйрукка моюн сундуралбай Вазир Ваң Жиңга кошун тартып, аларга кылчалык да ракым кылбай сазайын окутууга буюрган эле. Чынгыс хан Вазир Ваң Жиңдин азык-түлүк, ат-унааларын даярдап Мегүжин, Сегүлгү өңдүү татарларга чабуул коюу үчүн кошун тартып, Улжа дарыясын өрдөп аттангандыктары жөнүндө кабар укту.
133. – Татарлар эзелтен эле ата-бабаларыбызды өлтүрүп келген кас душманыбыз эле. Ошон үчүн ушул учурдан пайдаланып биз да татарларга чабуул коёлу!– деп Тогрулханга элчи жиберди. Барган элчи Тогрулханга:
– Алтун Хандын вазири Ваң Жиң кошун баштап, Мегүжин Сегүлтүлөргө басып кирүү үчүн Улжа дарыясын өрдөп аттанышыптыр. Биз дагы ата душманыбызга чабуул коёлу. Тогрулхан ата, тезирээк даярданыңыз! – деп Чынгыс хандын сөзүн жеткиришти.
Мындан кабардар болгон Тогрулхан:
– Уулум Темүрчиндин айтканы жолдуу. Тигилерге кошулуп биз да чабуулга өтсөк өтөлү!– деп Чынгыс хандын сөзүн колдоду. Үчүнчү күнү, ал кошуун даярдап, Чынгыс хандын алдына дароо жетип келди. Чынгыс хан менен Тогрулхан дагы Сачабег, Тайчулардан турган жүркилерге элчи жиберип:
– Ата-бабабыздын кектүү душманы татарларга ушул пайттан пайдаланып, Темүрчиндерге кошулуп чабуулга өтөлү! – деп кабар жиберди. Бирок алардан алты күнгө чейин кабар келген жок. Дагы күтүп турууга такаат кылбай Чынгыс хан менен Тогрулхан кошундарын алып Улжа дарыясын бойлоп, Вазир Ваң Жиңдер менен жолугушуп чабуулга тең аттанышты.
Бул кезде, Мегүжин Сегүлтү өңдүү татарлар Улжа дарыясынын боюндагы Кустушитүген жана Нарату Шитүген деген жерлерде коргон согуп жайланышкан эле. Чынгыс хан менен Тогрул хан коргон сактаган адамдары менен Мегүжин Сегүлтүнү кармап алып аларды ошол жерде эле өлтүрүп таштады. Чынгыс хан ал жерден күмүш бешик жана маржан шурулуу жууркан олжо алды.
134. Чынгыс хан менен Тогрул хан кошун баштап, Мегүжин Сегүлтүнү өлтүрүптүр деген кабарды угуп кубанычка бөлөнгөн вазир Ваң Жиң Чынгыс ханга «Жагут кури» (?) деген наам, керейлердин Тогрул ханына «Ваңхан» деген наам берди. «Ваңхан» деген наам вазир Ваң Жиңдин ошол жердеги берген титулу эле.
– Силер бизге кошулуп, Мегүжин Сегүлтүнү өлтүрүп, Алтун хандыгыбызга зор кызмат көрсөттүңөр, – деди Вазир Ваңжиң. – Бул кызматыңар жөнүндө Алтун ханга кабарлап, Алтун хандан Чынгыс ханга мындан да чоңураак «Жао тао» деген наамды берүүсүн талап кылам.
Вазир Ваң Жиң ушул кубанычы менен чериктерин чегиндирип кетти. Чынгыс хан менен Ваңхан татарлардан олжого түшкөн мүлктөрдү бөлүшүп алгандан кийин өз жерлерине кайтышты.
135. Татарлардын Нарату Шитүген деген жердеги коргонду алганда, таштап кетишкен бир баланы кошунубуз таап алышты. Кулагында жана мурдунда алтын иймектери бар, алтын гүлдүү, жибек тыштуу булгун ичик кийген бул баланы алып келип, Өлүн Ужинге белек кылышты. Өлүн Ужин:
– Жакшы болду, насили асыл кишилердин баласы экен!– деп аны беш баласынын кичүү иниси – алтынчы баласы катары багып алып, ага Шигикен кутуг деген ат койду.
136. Чынгыс хандын ооругу (тылы) Карылту Көлү деген жайда эле. Жүркилер басып кирип, оорукту сактаган элүү кишинин кийим-кечелерин алып кетишти, он кишисин өлтүрүштү. Аман калгандары Чынгыс ханга жетип кабар беришти. Бул кабарды угуп жаалданган Чынгыс хан:
– Жүркилер бизди өзгөчө аний таба баштады. Өткөндө Онон дарыясынын боюндагы токойдо Бавурчи Шикигүрдү урган да ошолор. Белгүтейдин ийнин жаралагандар да ошолор. Алар жарашалы деп жалынганы үчүн Корижин Хатун менен Когорчин Хатунду кайра бергенбиз. Андан кийин кектүү ата душманыбыз татарларга жорук жасайлы деп элчи жиберсек алты күнгө чейин келип беришкен жок. Азыр болсо душманыбызга чокмор болуп биз менен душман болгусу келгендиктен булар да биздин душманыбыз! – деди да дароо кошун алып жүркилерди жазалоого аттанышты. Чынгыс хан Керүлен дарыясынын Күлөге аралынын Долуган Бултаг деген жеринде турган жүркилерди жазалап, талап-тоноду. Сачабег менен Тайчу экөө бир аз адамдары менен качып кетти. Чериктерибиз артынан кууп, Сачабег менен Тайчу экөөнү Телетү тоосунун оозунан кармап алышты. Аларды кармап келгенден кийин Чынгыс хан:
– Илгери биз эмне деп убадалашкан элек? – деп сурады Сачабег менен Тайчудан.
– Кара беттик кылдык, ошондогу убадабыз боюнча болсун!– деп моюндарын сунду. Чынгыс хан да алардын күнөөлөрүн өздөрүнө таанытуу үчүн, убадага ылайык алардын баштарын алып, ошол жерге таштап коюшту.
137. Сачабег жана Тайчу экөөнүн башын алып жүрчилерди көчүрүп келгенде жалайырлардан Телегетү баяндын Гүвүн Гува, Чилагун Кайчи, Жебке деген үч уулу жүркилерде эле. Гүвүн Гува болсо Мукали, Бука деген эки баласын хандын алдына алып келип:
Балдарымды сага тапшырдым,
Босогоңдо кул болсун – деп,
Эгер босогоңдон тайса,
Булардын толорсугун кыркып ташта!
Балдарымды сага өтүндүм,
Кол астыңда кул болсун – деп,
Эгер босогоңдон аттап кетсе,
Булардын жүрөгүн сууруп ал! – деп балдарын тапшырды.
Чилагун Кайчи да эки уулу Түге менен Кашты ханга алып келип:
Балдарымды сага белек кылдым,
Алтын босогоңду баксын – деп,
Эгер босогоңдон аттап кетсе,
Башын кесип чөлгө ташта!
Балдарымды сага белекке бердим.
Куттуу дарбазаңды кайтарсын – деп.
Дарбазаңдан кадам ары кетсе,
Чөл-талааларга ташта! – деп ал дагы балдарын тапшырды.
Гүвүн Гува уулу Жебкени Касарга карматты. Жебке жүркилер айылынан Борогул деген баланы таап, Өлүн Ужинге тапшырып берди.
138. Меркиттерден таап алган Күч, тайчыгуттардын Бесүттөрүнөн таап алган Көкчү, татарлардан таап алган Шигикен Кутуг, жүркилер журтунан таап алган Борогул төртөөнү үйүндө багып жүргөн Өлүн Ужин эне: «Бул балдарыма күндүз караган көз, түн ичинде уга турган кулак болуучу менден башка ким бар?» – деп ойлоп, аларды багып, чоңойтуп катарга кошту.
139. Жүркилердин жүркин болуудагы себеби мындай, Кабул хандын жети баласынын ичиндеги эң чоңу Өкин Баркаг эле да анын баласы Суркату Жүрки болучу. Бул Кабул хандын балдарынын чоңу болгону үчүн эл ичинде:
Кайраттуу, коркпос,
Жаа атууга чебер,
Кеп, сөзү эркин,
Теңдешсиз баатыр,
Эр жүрөк, тайманбас,
Жигиттик балбандыгы бар.
Кишилерди тандап бергендиктен булар жигердүү, тайманбас, кайраттуу, теңешерге киши жок элге айланып Жүрки деп аталган.
Чынгыс хан мына ушундай кудуреттүү жүркиндерди багындырып, өзүнүн элине айлантып алды.
140.– Бүри Бөке менен Белгүтейди күрөштүрүп көрөлү! – деди Чынгыс хан бир күнү. Бүри Бөке жүркиндерден эле. Бир жолу ал Белгүтейди бир колу менен эле жамбашка салып көтөрүп ургандыктан эл ичинде балбан деп аталып калган. Белгүтей менен Бүри Бөке күрөшкө түшүштү. Тең келээри жок Бүри Бөке Белгүтейге атайын жыгылып берди. Аны жерге баса албаган Белгүтей анын далысынан кармап соорусуна минип туруп, Чынгыс ханга карады. Чынгыс хан астыңкы эрдин тиштеп койду. Хандын максатын түшүнгөн Белгүтей Бүри Бөкенин далысына минип туруп мойнун кайрып, тизелей коюп жүлүнүн үзүп таштады. Жүлүнү үзүлгөн Бүри Бөке:
– Белгүтейге жеңилбейт элем, бирок хандан ыйбаа кылып атайын жыгылып берем деп жандан ажырадым! – деп коюп жан үздү.
Белгүтей жүлүнү үзүлгөн Бүри Бөкенин өлүгүн сүйрөп таштады да кетти.
Кабул хандын жети баласынын чоңу Өкин Баркаг, кенжеси Бартам Батур, Бартам Батурдун уулу Йесүкей батур, кенжеси Кутугту Мөңгүр, Кутугту Мөңгүрдүн уулу Бүри Бөке эле. Бүри Бөке Бартам Батурдун балдарынан ыраакташып, Өкин Баркагдын баатыр балдары менен жакын болгону үчүн эл ичинде балбан деп наам чыгарган Бүри Бөке Белгүтейге жыгылып берем деп жанынан айрылды.
141. Андан кийин тоок жылы, катагин салжыгуттар биригип, Баку Чорогинин жетекчилигиндеги катагиндер, Чиргидей Батурлар башчылыгындагы салжыгуттур, дөрбен, татарлар менен биригип калыптыр. Качгунбегдердин жетекчилигиндеги татарлардан Алчы татарлары, Түге Макалар жетекчилигиндеги йикирестер, Дергеге Эмел, Алкуйлар жетекчилигиндеги оңграттар, Жунаг Чагаган башчылыгындагы короластар, Күчгүт, Буйрук хандардын жетекчилигиндеги наймандар, Токтогабектин балдары Куту жетекчилигиндеги меркиттер, Кудукабег башчылыгындагы ойраттар, Таргутай кирилтуг, Кудун Урчаң, Агучу батур башчылыгындагы тайчыгуттар Алку булаг деген жерге чогулушуп, жажырадайлардан Жамуканы хан шайлоо үчүн айгыр, бээлерди союп бирлик түзүштү. Андан кийин алар Эргүнө дарыясын бойлоп, Кен дарыясынын Эргүнө дарыясына куюлган жериндеги Шина деген жерге келишип, Жамуканы Гүрхан кылып шайлашты. Булар Жамуканы Гүрхан шайлагандан кийин:
– Биз, Чынгыс хан, Ваңханга чабуул коёлу,– дешти. Бирок бул кабарды Короластардан Коритай Гүрелгү тоосундагы Чынгыс ханга жеткирди. Мындан кабар алган Чынгыс хан Ваңханга кабар жиберди. Ваңхан бул кабарды уккандан кийин кошуун тартып, Чынгыс хандын жанына дароо жетип келди.
142. Ваңхан Чынгыс хандын жанына келгенден кийин экөө: «Жамукага чабуул коёлу!» – деп келишишти да Керүлен дарыясын бойлой аттанышты. Чынгыс хан Алтун, Кучар, Дарытай үчөөнү, Ваңхан Сеңгүм, Жака Гамбу, Билге бег үчөөнү чалгынчы кылып жиберишти. Алардын алдына дагы кайгуулчу жиберип, Элеген Гүйлетү деген жерге бир бөлүк кароол, булар жагындагы Чекчер деген жайга бир бөлүк кароол, андан ичкерирээк жайга бир бөлүк кароол коюшту.
Чалгынчыларыбыздан Алтун, Кучар, Сеңгүмдөр Удкия деген жерге жаңыдан келишине Чыкурку жагындагы кароолдордон: «Душман келди!» деген кабар жетти. Кабар келгенден кийин булар ал жерге түшпөй: «Алдына чыгып, душмандардын ким экендигин билели!» – деп алардын алдына келишти.
– Ким болосуңар?– деп сурады алар.
– Муңгулдардан Агучу Батур, наймандардан Буйрук хан, меркиттерден Токтуга бектин уулу Куту, ойроттордон Кудука бег дегендер болобуз. Төртөөбүз Жамуканын чалгынчыларыбыз.
– Бүгүн кеч болуп кетти, эртең алышып көрөлү,– дешип түнөгөн жайга келишти биздин чалгынчыларыбыз.
143. Эртеси эки жак кармашууга аттанышты. Булар Күйтен деген жерде учурашып, жааларын октоп, кылычтарын сууруп турганда (Жамуканын) чалгынчыларынан Буйрук хан, Кудука бегдер жайчылык кылып бороон-чапкын пайда кылып жиберишти. Кокусунан боло кеткен бороон-чапкындан илгерилей албай жылгага камалып калган Жамуканын адамдары:
– Теңирдин каргышына калдык! – деп удургуп кача жөнөлүштү.
144. Алар качканда наймандардын Буйрук ханы Алтай тоосунун күңгөй жагындагы Улуу тоого качып жөнөдү. Меркиттерден Токтогабегдин уулу Куту Селеңге дарыясы жакка бет алды. Ойроттордон Кутуга бег токойду ээлеп калуу үчүн Шигис деген жерге качып кетти. Тайчигуттардан Агучу батур Онон дарыясын көздөй сызды. Жамука өзүн хан шайлаган элин тоноп, Эргүнэ дарыясын бойлой качты. Булар алды-алдына качып жөнөгөндөн кийин Ваңхан Эргүнэ дарыясын бойлоп качып жөнөгөн Жамуканын артына түштү. Чынгыс хан Онон дарыясын бойлоп качып кеткен тайчигуттардан Агучу Батурдун артына түштү. Качып келген Агучу Батурду көргөн улустагылар коркконунан туш-тушка качып жөнөштү. Агучу Батур, Кодун Орчаң өңдүү тайчигуттар Онон дарыясынын аркы жээгинде калган Тура чериктерин уюштуруп согушууга даярланды. Аңгыча жете келген Чынгыс хан тайчигуттар менен катуу тирешип кирди. Күн ордуна отургандан кийин ар эки жак ошол эле жерде карама-каршы түнөп калышты. Согуш азабынан тамтыгы чыккан тайчигуттар ушул жерге топтолуп, чериктери менен бирге түнөп калышты.
145. Ушу жолку атышууда Чынгыс хандын мойну жараланып, кан токтобой жатты. Ошол карбаласта күн батып калгандыктан эки жак бир бирине каршы түнөп калышкан. Желме Чынгыс ханды башкаларга таштап коюуга чыдабай жаракаттын оозундагы канды соруп жутканын жутуп, жуталбаганын түкүрүп, жарым түнгө чейин жанынан кеткен жок. Таң атаарга жакын эсине келген Чынгыс хан:
– Кан токтоптур, суусап калыпмын! – деди. Муну уккан Желме баш кийимин, өтүгүн, көйнөктөрүн чечип таштап ыштаны менен гана каршы жактагы элдин курчап койгон арабаларын аңтарып бир ууртам кымыз табалган жок. Согуш мезгилинде эл тымтыракайы чыгып, бээлерин саабай калышкан. Кымыз таба албагандан кийин бир арабадан бир көнөк айран таап аны көтөрүп келди. Теңир өзү колдосо керек, Желме барып келгенге чейин аны эч ким да сезген жок. Желме айранды алып келип суу кошуп чалап жасап, Чынгыс ханга ичирди. Чынгыс хан айранды үч тынып ичип алгандан кийин:
– Пах, эми мага жан кирди! Көзүм да ачылды, – деп ордунан туруп отурду. Аңгыча таң атып жерге жарык түштү. Тегерек Желме түкүргөн кан менен жошолонгон эле. Аны көргөн Чынгыс хан: – Бул жерге эмне болгон? Эмнеге алысыраак түкүргөн эмессиң?– деп сурады.
– Сен азап тартып жатканда алыстап кетсем, сени кыйналып калаар бекен деп жаныңан жылганым жок, – деди Желме, – ашыгып жутканын жутуп, түкүргөндү түкүрдүм, канчасын жутканымды өзүм да билбейм…
– Мен жараланып жатсам, мени таштап коюп, эмнеге жылаңачтанып душман жакка өтө алдың?– деп сурады Чынгысхан, дагы:
– Кармалып калсаң, менин оор абалда жатканымды аларга айтаар белең?
– Мен жылаңач кармалсам, – деди Желме,– «Мен силер жакка өтөйүн деп тургам. Бирок кишилерибиз мени сезип калып өлтүрмөкчү болуп кийимдеримдин баарын чечтирип ыштанымды чечтирейин дегенде алардын колунан жулунуп чыгып, ушул боюнча силерге качып келдим!» десем алар ишенип, кийим-кече берип жанымды сактап калаар деп ойлогом. Караңыз, аралык ушунчалык жакын болгон соң, амал таап бир атка минип качып келбейт белем! Хан аба, суусунуң канып, жаның аман калсын деп ушул ишке барбадымбы!
– Сага кандай ыракмат айтсам экен? – деди Чынгыс хан анын сөзүн уккандан кийин,– мурда үч меркиттер Бурхан Халдун тоосун курчап үч жолу чабуул койгондо сен менин жанымды аман сактап калгансың. Азыр дагы жаратымдагы канды соруп жанымды куткарып калдың. Аның аз келгенсип, суусунумду кандыруу үчүн жаныңды тигип коюп, кооптуу ишке тартынбай душман ичине кирип айран алып келип, жанымды дагы бир жолу сактап калдың. Сенин мага кылган ушул үч жолку жакшылыгыңды түбөлүккө эсимден чыгарбасмын!
146. Таң атып, жерге жарык түшкөнгө чейин эле тирешип түнөп калган душман чериктери түн ичинде эле тымтыракайы чыгып качып кетишкен. Топтолуп, түнөп калган эл кача албай ошол жерде калышкан. Чынгыс хан атка минип, кайсалап көчүп жатышкан элди кайра алып келүү үчүн кетип бара жатканда чокуда кызыл кийимчен бир аялдын: «Темүрчин! Темүрчин!» – деп ый аралаш кыйкырган үнүн угуп калды. Чынгыс хан: «Бул кимдин аялы, эмнеге ыйлап жатат?» – деп киши жиберди. Жиберген кишиге тиги аял:
– Мен Суркан Ширанын кызы, атым Кадаган, эримди силердин чериктер өлтүргөнү алып кетти. Жанынан айрылгыча эримди куткарар бекен деп Темүрчинди чакырган элем! – деди. Бул кабар Чынгыс ханга жетээри менен аялдын жанына чаап жетип келди да атынан түшүп аял менен кучакташып көрүштү. Бул учурда чериктерибиз анын күйөөсүн өлтүрүп болгон эле. Чынгыс хандын кошуну көчүп жаткан элди кайтарып келгенден кийин ошол жерде кош тигип, Кадаганды чакырып келип өз жанынан орун берди.
Эртеси тайчигуттардан Төдөгелердин үй кызматкери Суркан Шира менен Желме экөө келишти. Чынгыс хан Суркан Ширага:
Мойнуман өткөн тактайды,
Талкалап аны таштаган,
Кежигемди баскан кишенди
Талкалап бузуп таштаган,
Ата-бала экөөңөр,
Менден жакшылык аябаган,
Неге эртерээк келбей,
Кечигип, эми келдиң? – деди.
– Качан болсо да келет элем да. Эмнеге ашыгам, деп ойлогом, – деди Суркан Шира, – жаныңызга ашыгып келип алсам, Тайчигуттардын ноёндору калган бала-чакамды, ат-унааларымды, азык-түлүктөрүмдү талап алып ойронун чыгаруудан тайманбас эле. Ошон үчүн да ушуларды ойлоп сабыр кылдым. Мына эми келип ханыбызга кошулуп отурам.
– Туурасын айттың,– деди Чынгыс хан анын сөзү түгөнө электе эле.
147. Күйтен деген жерде өлүм-өмүр тирешип согушуп жатканда тоо чокусунан ак тумшук кула атымдын жүлүнүн үзө аткан ким?– деп сурады Чынгыс хан.
– Мен,– деди Жебе,– эгер таксыр ханыбыз мени өлүмгө буюрса алакандай жер канга боёлот, ырайым кылыңыз!
Улуу хандын алдында,
Деңиз, океандарды кечип,
Таш-тоскоолдорду жемирем.
Бар деген жерине барып,
Уюл таштарды талкалайм,
Аттан деген жерге аттанып,
Корум таштарды күкүмдөйм.
– Душман болгон адам, өзүнүн өлтүргөнүн жана душмандык иштерин жашырып өзүн актоого тырышат. Бул жигит атканын да, чапканын да кылчалык жашырбай айтып берди. Достошууга жарактуу азамат экен. Ак тумшук кула атымдын жүлүнүн үзө атканына караганда мергендиги билинип турат. Ошол мергендигиңе жараша сага Жебе деген ат коёлу. Мындан ары соот кийип жанымда болосуң! – деп буюрду Чынгыс хан. Бул Жебенин тайчигуттардан бөлүнүп келип ханга нөкөр болгондугунун окуясы.
Төртүнчү баптын түшүндүрмөсү
Он үч уруу– булар уруулук байланышы жок уруулар. Алар: жадаран, тайчигут, йикирес, уругут, ноягин, барулас (Темирлаң таандык 5 уруу), багарин, горолас, оңграт (коңурат), катагин, салжигут, дөрбен, татарлар.
Мүлүк Тутаг– киши аты. Мүлүк– кадимки мүлктү билдирген. Бирок бул араб сөзү делинип жүргөн. Эч кандай катышы жок эки башка жердегилердин сөзү бирдей чыгышы таң калычтуу.
Чинус – уруу аты. Бул Негүс уруусуна, тайчигуттарга таандык уруу.
Кытан– уруу аты. Батышта, орустарда «китай» деген сөз ошондон калган.
Алтун хан– Жин хандыгынын ханы. Аты Жин заңруң (1190–1208).
Мегүжин Сегүлтү – киши аты. Татарлардын аксакалы.
Ваңжиң– киши аты. Жин хандыгынын оң кол вазири.
Жагут Кури– мансап аты. Кароолчу дегенге жакын.
Жао тао– мансап наамы. Жазалоочу деген мааниде.
Дологан Бултаг– жер аты. Жети чоку деген мааниде.
Чылагун кайчи – киши аты. Таш кайчы, таш кыпчуур деген мааниде.
Жүркин– уруу аты. Борбору, жүрөгү деген мааниде.
Бүри Бөке– киши аты. Бүри– толук, Бөкебалбан деген мааниде.
Тоок жылы– биздин жыл санообуз боюнча 1201-жыл.
Жалин Бука– киши аты. Куу, айлакер деген мааниде.
Куту– киши аты. Былтыр деген мааниде.
Агучу Батур– киши аты. Агучу – уучу, аңчы деген мааниде.
Гүрхан– Батыш Лиао (Кара кытай) ханы Йоллуг Ташиндин ардактуу наамы. Гүрхан– хандардын ханы деген мааниде.
Күйтен– жер аты. Суук деген мааниде.
Жебе– киши аты. Жебе– жаанын огу.