САСПАЕВ Аман: МОНГОЛДОРДУН КУПУЯ ТАРЫХЫ (БЕШИНЧИ БАП)

Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ

  1. Алкыйса, Чынгыс хан тайчигуттарды басып алып, Агучу Батур, Кодун Урчаң, Кудугудар деген тайчигуттардын бирин койбой кырып таштаган соң калган эл-журтту көчүрүп келип, Кубакая деген жерде кыштады.
  2. Этчүгүт Багарин уруусунун аксакалы Ширгүгетү Алак, Наяга деген эки уулу менен кетип баратып, Чынгыс хандын душманы, семиздигинен атка да мине албаган Таргутай Кирилтугдун токойду көздөй качып баратканын көрүп калды. Ал дароо артына түшүп кууп, кармап алды да арабасына отургузуп ала кетти. Аксакал Ширгүгетү уулу Алак, Наяга менен Таргутай Кирилтугду алып баратканын көргөн Таргутай Кирилтугдун балдары менен инилери арабанын артынан кууп жетти. Алар жетейин дегенде Ширгүгетү аксакал ордунан козголо албаган Таргутайды чалкасынан жаткызып үстүнө минип алды да жанынан бычагын сууруп чыгып:

– Балдарың менен инилериң сени куткарам деп келатышат. Сени өлтүрбөй коё берсек кармап алган күнөөбүз үчүн да хан жаныбызды алат. Өлтүрсөк да, өлтүрбөсөк да бизге баары бир өлүм. Андан көрө сени өлтүрүп таштап тынганыбыз оң! – деп кекиртегине бычактын мизин такаганда Таргутай Кирилтуг балдары менен инилерине:

– Ширгүгетү мени өлтүргөнү жатат, өлтүрүп койсо өлүгүмдү эмне кылмак элеңер! Жанымдын барында тезирээк кетип калгыла! – деп жанынын барынча кыйкырды, – Темүрчин болсо мени өлтүртпөйт болчу. Анын кичине чагында талаа-түздө ээсиз жүргөнүндө мен аны көзүнөн от, чырайынан нур таамп турган бала экен, тарбияласак киши болгудай деп кайра алып келип кунан-быштыны баккандай баккан элем. Ошол учурда элдин сөзү боюнча аны өлтүрсөм өлтүрүп коёт элем, бирок андай иштөөгө колум барган эмес. Угушума караганда ошондо кылган жыкшылыктарым анын эсинде экен. Ал бар болсо мени эч качан да өлтүртмөк эмес. Ой, балдарым, инилерим тез кеткиле! Ширгүгетү мени мууздап таштап жүрбөсүн!

– Биз атабызды куткарабыз деп жүргөндө Ширгүгетү аны мууздап таштаса,анын өлүгүн көтөрүп кетип жүрбөйлү! Өлтүрө электе тез кетели! – дешти да балдары менен инилери кетип калышты.

Таргутай Кирилтугдун балдары менен инилери кууп келгенин көрүп качып кеткен Ширгүгетүнүн уулу Алдак менен Наяга тигилер кеткенден кийин кайра келишти. Кутугул Нугу деген жерге келгенде, Наяга:

– Биз, Таргутай Кирилтугду кармап барсак, Чынгыс хан: «Өзүнүн ханына упаа кылбай кармап келишкендер кимге упаа кылмак эле? Булардан бизге жакшылык келеби? Өзүнүн ханына кол салган упаасыздардын башын алуу керек!» – деп бизди өлүмгө буйруп жүрбөсүн?! Эң жакшысы, аны ушул жерден эле коё берип, Чынгыс хандын алдына барып: «Биз, хан сиздин кызматыңызда бололу деп келдик! Жолдо Таргутай Кирилтугду кармап алып алдыңызга алып келели дегенбиз. Бирок өз ханыбызды өлүмгө кармап берүүгө дитибиз чыдабай коё бердик. Бизди кызматыңызга кабыл алыңыз!» – деп кеп жасайлы деген ойго келишти. Ата, бала Наяганын кебин угуп аны макулдап, Кутугул Нугу деген жерге келгенде Таргутай Курилтугду коё беришти. Аксакал Ширгүгетү уулдары Алак, Наягандар менен Чынгыс хандын жанына келишти.

– Силер кандайча мында келип калдыңар? – деп сурады Чынгыс хан.

– Биз Таргутай Кирилтугду кармап алып алдыңызга алып келели дегенбиз. Бирок өз ханыбызды өлүмгө берүүгө дитибиз чыдабай аны коё бердик. Анан, хан, сиздин кызматыңызда бололу деп келдик,– деди аксакал Ширгүгетү.

– Эгер силер өз ханыңар Таргутай Кирилтугду алып келген болсоңор, силер өңдүү өз ханына упаасыздык кылгандардын тукумун курутуп коймокмун! Ханыңарга кол салбай коё берип туура кылган экенсиңер! – деп Наягага тартуу берди Чынгыс хан.

  1. Мындан кийин, Чынгыс хан Терсүттө турганда керейлерден Жака Гамбу көчүп келди. Ал көчүп келгенден кийин, согушууга келген меркиттерди Чынгыс хан менен Жака Гамбу кыра чегиндирди. Ошол жерлердеги Түмен Түбеген, Өлүн Туңгайт өңдүү уруулар көчүп келип, Чынгыс ханга кошулду. Керейлердин Ваңханы Йесүкей тирүү чагында туугандарча мамиле түзүп, бири-бирин анда деп өтүшкөн.

Булардын анда дешип өтүшкөнүнүн себеби мындай болгон: Ваңхан өз атасы Курчакус Буйрук хандын инилерин өлтүргөндүгү үчүн атасынын иниси Гүрхандын каршылыгына учурап, Карагун жылгасына качып барып жашырынат, ээрчиген жүздөй кишиси менен Йесүкей ханды пааналап көчүп келишкен. Алар келгенден кийин Йесүкей хан кошун тартып, Гүрханды Кашын деген жерге чейин кууп салган да Ваңхандын эл-журтун өз колуна кайта берген эле. Мындай иш болуп өткөн соң алар андалашып калган экен.

  1. Андан кийин Ваңхан иниси Эрке Караны өлтүрмөкчү болгондо ал качып наймандардын Инанч ханына пааналап барган. Инанч хан дароо чериктерин жыйып Ваңханга чабуул коймокчу болгондо Ваңхан Үчбалыкты кесип өтүп кара кытандардын Гүрханы жакка барат. Көп өтпөй, ал Гүрхан менен да чыгыша албай уйгур, таңгыт шаарларын кезип, жол бою беш эчкисин саап, төөлөрдүн канын ичип миң бир азап менен Гүсегүр көлүнө келет. Мындай кабарды уккан Чынгыс хан илгери атасы Йесүкей менен анын жакын болгонун эскерип, Тагай Батур менен Сүкегейди элчиликке жиберип алдына чакыртты. Чынгыс хан да Керүлен дарыясынын башындагы Терегүн деген жерден алдынан тосуп чыкты. Ваңхан арыктап шимектей болуп калганын көрүп Чынгыс хан эл-журтунан салык алып, аны өз айылында багып калат. Ошол жылы аны менен жайлап, Кубакая деген жерде кыштап калышты.
  2. – Биздин бул хан агабыз ичинин тардыгы, ниетинин жамандыгынан туугандарыбыздын баарын өлтүрдү, – деди Ваңхандын инилери жана ноёндору, – булары аз келгенсип, кара кытандарга багынып, эл-журтун азапка салды. Ошол кегибизди кантип алсак болор экен? Илгери аны жети жашында меркиттер колго түшүрүп кетиптир. Ала эчкинин терисинен тигилген тон кийин Селеңге дарыясынын боюндагы Бугра талаасында меркиттерге кызмат кылып жүргөн жеринен анын атасы Курчакус Буйрук хан меркиттердин сазайын колуна берип аны кутулдуруп алат. Он үч жашка киргенде татарлардын Ажай ханы аны энеси менен тартып алып төө бактырган экен. Кийин Ажай хандын койчусу төө багып жүргөн жеринен алып кетиптир. Анан наймандардан коркуп, сартагулдардын журтуна качып барып, Чүй дарыясынын боюндагы Кара Кытандардын Гүрханына паана тартып барыптыр. Ал жерде да Гүрхан менен чыгышалбай бир жыл өтө электе эле уйгур, таңгыттардын шаарларын кезип, ачарчылыкта беш эчкисинин сүтүн жана төөлөрдүн канын ичип жүрүп, акыры Сокур Колиси менен азап-тозок тартып Чынгыс хандын жанына келген экен. Темүрчин аны жакын көрүп, эл-журттан салык чогултуп баккан экен. Эми болсо, аш бергенге муш берип Темүрчинге кастык ойлоп жатат. Муну кандай кылабыз!

Бул сөздөрдү угуп калган Алтун Ашук Ваңханга төкпөй чачпай жеткизди.

– Ошол кеңеште мен да бар элем. Бирок көңүлүм сиз жакта болгондуктан сөздү жашыргым келген жок.

Мындан кабардар болгон Ваңхан кеңешке катышкан Эл Кутур, Кулбари, Арин Тайши өңдүү ага-инилерди жана ноёндорду карматып алып келди. Ал ага-инилер ичинен Жака Гамбу гана качып кетип наймандарга багынды. Ваңхан тигилердин буту-колун байлатып үйүнө алып келип:

– Уйгур, таңгыттардын шаарларында көрбөгөн күндү көргөндө эмне дештик эле. Оо, кара нээттер, бүгүнкү күндө менден бет бурасыңарбы? – деп беттерине түкүрүп, буту-колдорун чечтирип койду. Ваңхандын түкүргөнүн көргөн үйдөгүлөр да алардын беттерине түкүрүштү.

  1. Ошол жылкы кыш да өттү. Ит жылынын күз мезгилинде Чынгыс хан Далан Нетүргес деген жерде Чаган татар, Алчы татар, Дутагут татар, Алугай татарларга чабуул коюу алдында жоокерлерине:

– Душманды жеңгенде олжого ашыгып кетпегиле, олжолор баары бир бизге калат, ашыгып кетпесеңер да аны тең бөлүшөбүз. Эгер, душман күчтүү келип чегинип калсаңар, дароо мурдагы чабуул койгон жерге чегингиле. Эгер кимде ким чабуул койгон жерге чегинбесе анын башын алам! – деген жасакты (мыйзамды) чыгарды.

Булар Далан Ненүргесте чабуулга өтүп, татарларды жеңип чыкты. Булар жеңиштин кубанычы менен Улгуй дарыясы боюндагы Шилугилжит деген жерде татарлардын жергесине басып кирип Чаган татар, Алчы татар, Дутагут татар, Алугай татарларды багындырды.

Алтун, Кучар, Даритай үчөө Чынгыс хан айткан жасакка моюн сунбай олжого ашыгышып өз мейлинче кеткендигинен Чынгыс хан Жебе менен Кубулайга буйрук берип, тигилердин олжого алган мал-жылкыларынын баарын кайра ортого алды.

  1. Татарлар багынгандан кийин алардын элин бир жактуу кылуу үчүн Чынгыс хан уруулаштарын бир үйгө чакырып кеңеш өткөрдү. Уруулаштары:

– Татарлар ата-бабабызды өлтүргөн кектүү душманыбыз. Алардан ошол кегибизди алышыбыз үчүн аларды арабанын шатысына теңеп туруп, бою шатыдан ашкандарынын баарын кырып таштайлы. Калгандарын кул кылып бөлүп алалык, – деп кеңешип үйдөн чыгып келе жатканда татарлардан Йеке Черен Белгүтейге учурап калып:

– Бүгүн чогулушуп эмне жөнүндө кеңештиңер? – деп сурады.

– Силердин арабанын шатысынан бою ашкандарын кырып таш-тоону кеңештик! – деп жооп берди Белгүтей. Бул кабарды Йеке Черен өзүнүн татарларына дароо жеткизээри менен алар буктурма жасап даярдана баштады. Ошентип, чериктерибиз татарларды жоёбуз деп оор чыгымга учурады. Татарларды буктурмадан көп бедел төлөп алып чыгып, араба шатысына теңеп кырмакчы болгондо, татарлар: «Ар бирибиз жеңибизге бычак катып алып жок дегенде бирди өлтүрүп анан өлөлү!» – деп кеңешип алган экен, бул дагы чериктерибизге көп зыян алып келди. Татарлардын араба шатысынан ашкандарын өлтүрүп бүткөндөн кийин Чынгыс хан:

– Белгүтей биздин кеңешибизди ачыктап коюп чериктерибизди оор чыгымга учуратты. Мындан кийинки уруулар кеңешине ал катышпай турган болсун! – деген буйрук чыгарды. – Биз кеңешүүдөн мурда ал тыштагы уруш-чатак, уурулук, алдамчылык иштерди башкара турган болсун. Кеңеш бүткөндөн кийин биз өтөктөнүп болгондо Даритай экөө кире турган болсун!

  1. Чынгыс хан татарларды багындыргандан кийин Йеке Чирендин кызы Йесүген Хатунду катын кылып алды. Чынгыс хандын мээримине туш болгон Йесүген Хатун:

– Улуу Хандын мээримине ээ болуп чоң урматка ээ болдум! Менин Йесүй деген эжем бар эле. Ал менден да сулуу. Улуу Ханга абыдан ылайык келет, күйөөгө тийгенине аз гана убакыт болгон, талпагы ташка жайылган бул күндөрдө ал кайсы жерлерде болду экен? – деп кайгырды.

– Эжең сен айткандай сенден да сулуу болсо, киши жиберип издетип көрөйүн. Эгер табылып калса, өз ордуңду берүүгө ыраазысыңбы? – деп сурады Чынгыс хан.

– Улуу Ханым, сиздин мээримиңиз менен эжем табылып калса, баарын берүүгө ыраазымын! – деди Йесүгей Хатун. Анын сөзү боюнча Чынгыс хан буйрук түшүрүп, Йесүйдү издетти. Башаламан башталганда Йесүй күйөөсү менен токойго качып баратканда, чериктери-бизге кезигип калып күйөөсү качып кетип, Йесүйдү кармап келишти.

Эжесин көргөн Йесүгей Хатун убадасы боюнча ордун берип, аны төргө отургузду да өзү андан төмөн отурду. Йесүй Йесүген Хатун айткандай эле Чынгыс хандын көңүлүнө бирден эле жагып калды. Ошентип, Чынгыс хан Йесүйдү аялдыкка алып өз катарынын орун берди.

  1. Татарлар багынгандан кийин бир күнү өткөрүлгөн көңүлдүү отурушта Чынгыс хан тышта Йесүй Хатун менен Йесүген Хатундун ортосунда даам ичип отурганда Йесүй Хатун улутунуп алды. Аны сезе койгон Чынгыс хан шектене түшүп, Богорчу, Мукалий деген ноёндорго:

– Силер бул отуруштагыларды аймактарга бөлүп, араларындагы жат аймактагыларды бир жерге топтогула, – деп буюрду. Тигилер буйрук боюнча отургандарды аймактар боюнча ажыратып чыккандан кийин, сымбаттуу бир жигит жалгыз калып калды.

– Эмне адамсың? – деп сурады тигилер.

– Мен татарлардын Йеке Чирен дегендин чоң кызы Йесүйдүн эри болом,– деди жигит,– душмандар басып алып жатканда коркконуман качып кеткем. Эми, эл-журт тынчыды го деп көптүн ичине кирип алсам тааныбай калар деп ойлоп кайра келген элем.

Бул кабарды уккан Чынгыс хан:

– Тополоң козгоо максатында көптүн арасына кирип алып жашырынып жүргөнү эмнеси? Мындай немени арабанын шатысына теңеп туруп башын албай эмне карап турасыңар! Аны тез көзүмдөн тазалагыла! – деп буйрушу менен жигиттин башы дароо алынды.

  1. Ошол ит жылы Чынгыс хан татарларды жазалап жатканда Ваңхан меркиттерге чабуул коюп, Токтога Бегди Баргужин Төкөм деген жерге чейин сүрүп таштап, Токтоганын чоң уулу Тогусбегди өлтүрүп, анын Кутугтай, Чагарун деген эки кызы менен катындарын тартып алды. Дагы, Куту, Чилагун деген эки уулунун эл-журтун талап-тоноду. Мындан Чынгыс ханга эч нерсе берген жок.
  2. Андан кийин Чынгыс хан менен Ваңхан наймандардын күчгүттөрүнүн Буйрук ханын жазалоого аттанышты. Булар Улуу Тоонун Согуг Усун деген жерине жеткенде Буйрук хан каршы туралбай Алтай тоолоруна качып жөнөдү. Чынгыс хандар Буйрук ханды Согук Усундан кууп Алтай тоосун ашып, Кум Сиңирдеги Үрүңгү дарыясын бойлоп кууп баратканда кароолдо жүргөн наймандардын ноёну Йеди Туйлуг кароолчуларыбызга кезигип калып тоого карай качып бара жатканда анын басмайылы үзүлүп кетип, аттан кулап, кароолчуларыбыздын колуна түштү. Буйрук ханды болсо Үрүңгү бойлой кууп Кызылбаш Көлгө жеткенде кармап алып ошол жерде эле өлтүрүп салышты.
  3. Чынгыс хан менен Ваңхан кайра келатканда наймандардын согушчулу Көксегү Сабраг Байдараг Белчир деген жерде чериктерин чогултуп, согушка даярданып турган экен. Чынгыс хан менен Ваңхан да чериктерин даярдап ошол жерге жеткиче караңгы түшүп кетет. Согушту эртеси кыла турган болгон соң булар ошол жерде түнөп калышты. Ваңхан түшкөн жерине отторду жагып коюп, жарым түндө Кара Сегүл дарыясы жакка кача жөнөлдү.
  4. Ваңхан менен кошо качкан Жамука Ваңханга:

– Андам Темүрчин илгертен бери эле наймандар менен барыш-келиш кылып, элчи жиберип турган. Азыр анын биз менен бирге болбой айрылып калганы эмнеси?

Хан ата, Хан ата!

Жаныңан кетпегеним үчүн,

Булбул өңдүү жүрөм.

Андам Темүрчин,

Жаныңан кеткенден кийин,

Тозгон торгойдой болду!

Наймандарга багынмакчы болуп, атайын ажырап калса керек!

Жамуканын сөзүн угуп бараткан упчигатайлардын Курин Батуру:

– Эң жакшы, адилеттүү тууганыңа кара чаптоого кантип тилиң барды? – деди.

  1. Чынгыс хан ошол жерде түнөп, таң атканда согушка камынып Ваңхан түшкөн жерге келсе, алар эбак эле кетип калышкан экен. Чынгыс хан:

– Булар бизди курмандыкка чалып кеткен экен да! – деп ал жерден козголду. Булар Эдер Алтай жылгасынан өтүп, Сагры талаасына келип түнөштү. Ал жерде Чынгыс хан менен Касар наймандардын жалпы абалынан кабардар болгондон кийин, наймандарды киши катарында көрбөй калышты.

  1. Көксегү Сабраг Ваңхандын артына түшүп кууп чабуул коюп, Сеңгүмдүн катын-баласын, эл-журтун талап-тоноду. Анын үстүнө, Ваңхандын Телегүтү тоосунун оозундагы бир бөлүк кишилерин талап-тоноп, алардын мал-мүлкүн, азык-түлүгүн талап алышты. Ушундан пайдаланган Токтуганын эки баласы Коту менен Чилагун ошол жердеги эл-журтун баштап Селенге дарыясын бойлоп, атасы Токтога турган жерге качып кетти.
  2. Көксегү Сабрагда талантаражга учураган Ваңхан Чынгыс ханга:

– Наймандар катын-балдарымды, эл-журтумду талап-тоноп кетти. Уулум төрт күлүгүңдү жиберип, катын-баламды, эл-журтумду кайра алып келип беришиңди өтүнөм! – деп элчи жиберди. Чынгыс хан мындан кабардар болгондон кийин төрт күлүгү – Богорчу, Мукали, Борогул жана Чилагун Батурду черик даярдатып жолго салды. Төрт күлүк барелектен мурда Сеңгүм Кулаган Кут деген жерде наймандар менен согушуп, атынын соорусуна ок тийип колго түшүү алдында турган экен. Аңгыча, төрт күлүк жетип барып аны кутулдуруп алды.

Ваңхандын катын-балдарын, эл-журтун да куткарып берди. Буга ыраазы болгон Ваңхан:

– Илгери, Чынгыс хандын кадырлуу атасы Йесүкей батур тамтыгы кеткен элимди кутулдуруп берген эле. Бүгүнкү күндө болсо, анын уулу Темүрчин төрт күлүгүн жиберип, талап-тонолгон эл-журтумду дагы бир жолу куткарды. Ата-бала экөөнүн мага кылган жакшылыгын кайтаруума Теңир ээм, касиеттүү кара жер медет бергиси бардыр! – деди.

  1. Андам Йесүкей батур тамтыгы чыгып тарап кеткен элимди куткарып берген. Азыр Темүрчин эл-журтумду дагы бир жолу кутулдуруп отурат. Ата-бала экөө чачыраган элимди чогултуп, башын кошту. Алар мен үчүн азап-тозокко туруп бербедиби?

Карып да калдым,

Эми, бийик тоолорго чыгып,

Аркы дүйнөгө кетем,

Эгер аркы дүйнөгө кетсем,

Эл-журтум, букараларым,

Кимдин колунда калаар экен?

Инилерим колунан иш келбеген бекерчилерден болду. Тикенектей жалгыз уулум Сенгүм да бар-жок дегичелик. Темүрчинди Сенгүмгө ага кылып берейин. Эки уулум болсо, көөнүм ток болчудай! – деп, өкүнүчүн билдирген Ваңхан Тула дарыясы боюндагы Каратүн деген жерде Чынгыс хан менен кезигишип, өз ара «ата-бала» дешип чакан той өткөрүштү. Булардын ата-бала болушунун себеби мындай эле.

Илгери Хан ата Йесүкей Батур Ваңхан менен андалашкан. Азыр, Ваңхан Темүрчиндин атасы катары болгону үчүн ата-бала болушуптур. Булар ата-бала болушкандан кийин мындай деп убадалашты:

Жырткыч душмандарды жоюуга аттансак,

Чабуулга тең баралы!

Жырткыч айбандарды ууласак,

Курчоого тең баралы.

Чынгыс хан менен Ваңхан дагы буларды айтышты:

Тиши бар жылан

Ортобузга от жакса,

Өз ара тиштешип калбайлы.

Сөзүбүз ачык болсун,

Бир бирибизди түшүнөлү.

Тиштүү чаян арабызга

Кирип кутуртса,

Өз ара талашып калбайлы.

Сөзүбүздү ачык айтып,

Бирибизге бирибиз ишенели!

Булар ушундайча убадалашып ынак өтүштү. Чынгыс хан достугунун үстүнө куда-сөөк болушуп, уулу Жочиге Сеңгүмдүн карындашы Чагур бикени алып берүү, кызы Кочин бикени Сеңгүмдүн уулу Тусакага берүү үчүн кудалашууга барганда, Сеңгүм манчыркап:

– Биздин кызыбыз аларга берилсе босогодон төргө өтө албайт. Алардын кызы бизге келсе, төрдөн түшпөйт! – деп бизди кемсинтип сүйлөп Чагур Бикени берүүгө кошулган жок. Бул сөздү уккан Чынгыс хан Ваңхан менен Нылка Семгүн экөөнөн тең көңүлү калды.

Чынгыс хандын тигилерден көңүлү калганын Жамука сезип, доңуз жылы көктөмдө Жамука, Алтун Кучарлар жана Кардакитай, Эбүгежин, Ноягиндерден Сөгегетай, Тогрил, Качгун, Бегдер акылдашып, Жежегер Өндүрдүн тескей жагындагы Берке Элет деген жерде турган Нылка Сеңгүмдүн жанына көчүп келгенден кийин Жамука:

– Темүрчин андам наймандардын Таян ханы менен элчи жиберишип, тил бириктирип алышыптыр, – деди арага от жагып,– ал оозунда гана атам деп жүргөнү менен нээти башка, ошон үчүн да ага ишенип кетпегиле. Ушул учурдан пайдаланып кол салбай эмнеге карап турабыз? Эгер Темүрчин андамга чабуул койсоңор, мен дагы силерге кошулуп чабуулга өтөм!

– Сен үчүн Өлүн Ужиндин балдарынын ага-инилерин койбой кырып таштайбыз! – деди Алтун менен Кучар.

– Сен үчүн биз дагы буту-колун байлашып беребиз! – Эбүгежин Ночгин кара кытандар да, Тогрил: – Бир амал таап Темүрчиндин элин колго түшүрөлү, – деди.

– Алар элинен айрылса чамасы эмнеге жетмек эле? – дегенде Качигун Бег: – Уулум Нылка Сеңгүм, эмне ойлогон болсоң баарын айта бер, биз даярбыз, суу келсе суудан, от келсе оттон да кайтпайбыз! – деди.

  1. Нылка Сеңгүм бул сөздөрдү Сайган Түдеге аркылуу атасы Ваңханга жеткизди. Бул сөздү уккан Ваңхан:

– Темүрчин баламды эмне үчүн андай ойлойсуңар? Бул күнгө чейин ошого таянып келатабыз го. Ага жаман нээтте болсоңор Теңирим да силерди кечирбес! Жамука оозуна келгенди жөөлүй берет. Анын алдаганына көнбөгүлө, – деди да тигилерди жолго салды. Сеңгүм дагы бир жолу киши жиберип атасына:

– Оозу, тили бар кишилер ошондой деп жатса, кантип ишенбей коём?– деп кайра-кайра киши жиберип атасын көндүрө албаган соң, акыры өзү атасына келип: – Хан ата, көзүң ачык турса да бизди назарыңа албадың. Кокус жакшы күндөрдүн жаманы келип калса, Курчакус Буйрук хан атабыз көп азап менен чогулткан элибизди биз башкарбаганда ким башкармак эле? – деди. Муну угуп убайымга түшкөн Ваңхан:

– Тежемел баламдан кантип ажырайм? Бүгүнкү күнгө чейин ал бизге түркүк болуп келатат. Ага каршы жаман нээтте болсок кантип болсун? Теңирим бизди кечиреби? – деди. Бул сөздү уккан уулу Нылка Сеңгүм ачууланып эшикти тарс жаап чыгып кетти. Бирок Ваңхан уулу Сеңгүмдүн көөнүн аяп, аны кайра чакырып алып:

– Балам, Темүрчинден айрылалы дедиңер, ошентсең Теңир бизди кечиреби? Мейли, чамаңар жетсе билгениңерди кыла бергиле!

  1. – Алар биздин Чагур бикени алмакчы болуп куда болмок эле да, биз аларды куда болуу үчүн аксарбашыл койду союп масилет чайга чакыралы. Ошентип Чынгыс ханды колго түшүрөбүз, – деди Сеңгүм. Баары ошентели деп келишимге келе кетишти. Анан аларга киши жиберип:

– Чагур бикени силерге берели, масилет чайга келип бериңиздер! – деп кабар беришти. Чайга чакырылган Чынгыс хан он киши менен жолго чыгып, жол үстү Меңлик чалдын үйүнө түшүштү.

– Өткөндө биз Чагур бикеге куда түшөлү десек бизди жаратпай коюшкан, – деди Меңлик чал, – эми кандайча чайга чакырып калды экен? Өткөндө жолу менен алдына барганда манчыркаган адам эми кызды берели дегени эмнеси? Мында бир сыр бар. Уулум жакшыраак ойлон, алардын жаман нээтине кабылып жүрбө! Азыр көктөм кези, көктөм мезгили, ат ылоолорубуз арык, малдарыбыз эт алганда бирдеме дешели, – деп киши жиберип коюп, өзүңдүн барбаганың түзүк го дейм.

Бул акылды туура көргөн Чынгыс хан өз ордуна Букатай менен Киратай экөөнү жиберет. Булар бараары менен Сеңгүм:

– Алар сырыбызды билип койгон экен, эртең эрте барып курчап, жоготолу! – дешти.

Алар курчап алып согушууга келгенден кийин Алтундун иниси Йеке Черен үйүнө келип катынына:

– Эртең менен Темүрчинди карамакчы болдук, эгер муну Темүрчинге бирөө жеткизип койсо, ал эмне тартуулар эле? – дейт.

Анын катыны Алак ит:

– Эмне деп жөөлүп жатасың? Башкалар чын экен деп калбасын да дегенде, саамал алып кирген жылкычы Бадай булардын сөзүн угуп калды. Ал кайра баргандан кийин жылкыны бирге баккан Кишиликке Йеке Черендин сөздөрүн ага айтып берди. Кишилик:

– Мен дагы барып угуп көрөйүн, – деп Йеке Черендин үйүнө барат.

Эшикте жебе огун жонуп отурган Йеке Черендин уулу Нарын Кеген:

– Жана эмне дедик эле? Тилибизди кесип таштайлыбы? Кимдин оозун басалабыз! – деди жылкычы Кишиликке. Дагы: – Тезирээк барып ат короодон меркиттердин боз атын жана калтар атын алып келип байлап кой. Эртең эрте минем! – деп буйрук кылды.

Кишилик кайра келип Бадайга:

– Жаңкы айткандарың чын экен. Муну тезирээк барып, Темүрчинге айтып коёлу! – дешип меркиттердин боз аты менен калтар атын алып келип байлап коюшту. Түн ичинде Кишилик менен Бадай бир козуну союп, тактанын жыгачтарын алып тилип, этти бышырып жеп, эшикте байлоолу турган меркиттердин боз аты менен калтар атына минишип түн бою жөнөп отуруп Чынгыс хандын ордосуна келишти. Бул экөө аттан түшпөй туруп эле Йеке Черендин жана анын уулунун айткан сөздөрүн, дагы «Меркиттердин боз аты менен калтар атын алып келип байлап кой!» дегендерин Чынгыс ханга төкпөй-чачпай айтып берди.

– Хан аба, айткандарыбызга ишениңиз, кылчалык шектенбеңиз. Алар сизди курчап, кармоого макулдашып алышты! – дешти.

Бешинчи баптын түшүндүрмөсү

Куба Каяа– жер аты. Керүлен дарыясынын баш жагына туура келет.

Таргутай Кирилтуг– киши аты. Таргун– семиз деген мааниде.

Карагун– жер аты. Карагун– караңгы деген мааниде.

Кашин– Таңгуттардын жери.

Инанч Хан– De Rachuwiltzдин текшерип далилдөөсүнө караганда Инанч Билге – Бөгө хан, Буйрук хан менен Таян хандын атасы.

Күре– жер аты. Биз айыл деп алдык.

Сартагул– элдин аты. Батыш жана Орто Азиядагы Ислам динине ишенгендер. Селделүүлөрдү Сартагул, селдеси жокторду Чаган Малихай (Ак калпактуулар) деп аташкан.

Чүй дарыясы– биздин Чүйдү айтышат.

Алтун Ашук– киши аты. Алтын чүкө маанисинде.

Ит жылы– 1202-жыл.

Өтөг– арак ичип дуулоо.

Йеди Тублуг– киши аты. Байбачанын балдары маанисинде.

Сагри– жер аты. Соору (Жер соорусу).

Күлүк– байгелүү ат, кишиге карата баатыр деген мааниде.

Кочин Бике– киши аты. Кочин – хан же бектин кызы, Бике – кыз.

Доңуз жылы– 1203-жыл.

Тогрил– Ваңхан менен аты уйкаш, мурда Чынгыс хандын малайы болгон киши.

Өндүр– тоо чокусу, Өндүр.

Берке Элет – жер аты. Берке – кыйын, кыйынчылык. Элет – кумдуу талаа, элет.

Алак ит– киши аты. Ала ит маанисинде.

Кишилик– киши аты. Кишилик– кең пейил деген мааниде.