ТОКТОШОВ Капар: КАПАР ТОКТОШОВ: АТАНЫН УУЛУ

АҢГЕМЕ

Кеч күүгүм. Жалгыз ат чегилген арабада эки караан кетип барат, Ара-Талааны аралап. Абышка эски чөмөлөдөй үңкүйүп бүт дитин жолго койгон. Бала болсо жаңыдан чыга баштаган жылдыздарды санап убара.

Эшпай-Коонун ичинен чаап-жыйнаган чөмөлөнүн улам бирине арабаны токтотуп, атасы ыргыткан чөптү тебелеп чоң ишке жарады бала. Ошого жетине албай кудуңдап келаткан кербези…

Кайтып келатканда керкашка сый бастыбы же арабанын дөңгөлөгү арыкка кирип чыктыбы, чөп ооп барып оңолду. Аркандын учун кармоого үлгүрүп жыгылбай калды бала. Жүрөгү оозуна кептеле түштү. Көздөрү чанагынан чыкчудай алайган. А, атасы кебелип койбойт. Эч нерсе болбогонсуп жолун улайт. Зыңкыйган кебетеси “ушуга да чочуйт бекен?” дегендей сүрдүү. Бала ошондо барып эсин жыйды.

— Ата-о!

— Ов.

— Чөп урап кала жаздады ээ?

— Ии.

— Урап калса жакшы болмок ээ?

— Эмнеге, ботом!?

— Мен кайра салышат элем да…

Атасы унчуккан жок. Карап да койбоду. Чор каткан алаканы менен баланын башын секин сылады.

— Өзүмдүн баламсың да, айла-а-найыным!..

Бул сөзгө баланын ичи элжиреп, көкүрөгүн ысыткан жылуулук бүт денесин айланып өттү. Эмеле чочулоо байырлаган көздөрүндө бакыт нуру чачырайт. Бу сөздү миң уккандан тажабас-ов!..

Айылга чейин али алыс. Жыбыраган жылдыз саймалаган күз түнү  өзүнчө бир ажайып. Сыдырым жел беттен аймап, чөп менен аңыз топосу аралаш керемет жыт келет.

Теребел тынч. Ат бир калыпта илкип, арабанын май жебеген дөңгөлөгү гана Ара-Талаада тирүүлүктүн кабарын даңазалай ырдап келет.

— Чыы-йк… Чыы-йк… Чыы-йк…

Зеригип кетти бала.

— Ата-о!

— Ов.

— Мен сенин балаңмын ээ?

— Анан кимдики болмок элең?..

— Анда эмне эле “кайдан чыккан эмесиң” дей бересиң?

— Тентек күчүк десе!- Атасы Ара-Талааны жаңырта каткырды. Анын мындай чер жаза каткырганын биринчи угушу баланын. Дайыма эле ушинтип күлүп жүрсө, атаңгөрү!..

Минтип ойлогуча атасынын жүзүнөн күлкү тарап, биликтей тымды. Кадыресе ойлуу кебетесин кийди да, үңкүйүп башын салды. Эмнени ойлоп, эмнени издейт? Бала ушуга таң.

…Назарматтын курагы өтүп барат. Жетимишти таяды. Олбурлуу, сөөк-саактуу киши. Чокчо сакалы сүйрү жүзүн ого бетер сүйрөйтүп Дон-Кихотко окшош. Көп жашап, көптү көрдү: кемпири Жийде 19 бала төрөдү, он экиси чарчап калган, жетөөнү эл катарына кошту. Эки уулу өзүн такымдап келет: улуусу элүүгө таяп, кичүүсү кырктын кырында. Кыздары болсо эр бүлөнүн энеси. Жогорку билим алышып, очор-бачар оокат кылышат. Баарысы атанын атын булгабай – эл ортосу. Бу жагынан сыймыктанаар жөнү бар. Бирок шум жалганда боору бүтүн, көөнү ток пенде болбойт тура. Кенжеси Акматбек аксатып кетти. Эрке өстүргөн өзүндө болду чекилик. Анүстүнө, кудай ага өң-келбетти ченемсиз берип койгон экен: мектепте кезинде эле кыз-кыркынды мындай кой, койнунда эри, мойнунда наристеси бар келиндер көз кырын артып тамшанчу.

Ошентип балакатка толо элек жатып ургаачы кумарын татып кудай урду. Келиндердин койнунан тутулуп кан түкүрө токмок жеди. Кыз-кыркынын коругандардан канча кордук көрбөдү, ашыгын кайтарып канчалары какыс-кукус кылбады, болгон жок. Жууган чүпүрөктөй акжуумал жүзүн жаранын тактары саймалап, өмүрү кетпеген көгала издер ого бетер сулуу кылып турар эле аны. Малакай кийип алса да жарашып калчу чиркинге. Кудум –  сымап: урсаң каткырып, жалынсаң ыйлайт, кучактап кармай албайсың, култ эте чыгып кетет. Ооз учун кыбыратып сөз баштады дегиче уюңду музоосу ээмп, кайнаган сүтүң ташыйт. Ойду-тоону койгулап таппаганы жок, ичек-кардың эзилип, ич этиң эки-үч күн кыймылдатпай ооруйт. Сөккөнгө да маш анан калса: шытыратып коё бергенде жаныңан түңүлөсүң… Кыркында жүргөндө Карыпбек деген жигиттин мурутун келиштире сөккөн экен, Ак-Кудук боюнча мурут койгон эч ким жок ошондон тарта. Шаардыктардай тасырайта кырып жүрүшөт.

— Капырай, кайдан чыккан бу өзү?- деп оозун карманат айылдыктар. Назарматтын өзү да жедеп алы жетпей калганда эркине койгон.

— Эки агаң тең жоош, дегеле биздин тукумда сендей тентек жок эле, ушу сенин кайдан чыгып калганыңа таңмын,- десе, кебелбей минткен:

— “Жетөөнүн бири жинди” деп шарыятта айтылат турбайбы, ошо менмин.

— Аман бол айланайын, башка эмне дейин…

Ошентип кол шилтеген айласыз.

“Бир жакшынын, бир жамандын өмүрү кыска болот” деген ырас. Акматбек бу жалганга көргөзмө үчүн келгенсип аз жашады: күлбөгөндү күлдүрдү, ыйлабаганды ыйлатты; бата да алды, каргыш да укту; таякты кана жеди, и-и далайын токмоктоду; барбаган кыз-кыркыны, баспаган жери калган жок, айтор, баарын көрдү. Өрттөй жанып, суу сепкендей өчтү. “Аскерге барып-келсе өзү эле токтолот” деп турганда жолдош-жоролору тепкилеп өлтүрүп салышты. Анын өлүмүнө көп деле кейиген киши болгон жок. Назармат менен Жийде-апа гана жоктоду уулун…

Ошентип Акматбектин артында из калбады. Калганы – “баягы Акматча” деген ылакап менен боорду эзип, үрөй учурган укмуштар… Жо-о, бирок бир жакшы менен бир жамандын учугу үзүлбөйт: жаш болсо да жасап кетиптир пенделик ишин. Жазда жайраган жубарымбектин ашын күздө берээрде аркы өйүздүк Ысырайыл деген киши онду бүтүргөн кызын чачтан сүйрөп Назарматтын улагасына итерди да, эртеси Чүйгө көчө качты. Кыздын аты Гүлшайыр боло турган. Бирок аны эл-журт Мөөр аташчу, көз тайгылткан өңү бар эле бечаранын…

Көп өтпөй Назарматтын жалпак тамында ыңаалаган наристе үнү жаңырды. Ал күндү бүт аккудуктуктар эшигинин жылчыгынан шыкаалап тыңшап турушкан. Баланын эркек экенин укканда каалгалар шарактап жабылды белем: “Атасын тартса чекеге чыккан чыйкан болор!”

Табылдыны Мөөр эки ай гана эмизди, анан шаарга качып кетти. Ошо бойдон дайынсыз.

Тирүү адамга убакыт билинбей өтө берет тура. А-бу дегиче Табылды эрезеге жетти. Атасынан бой-келбетти жазбай энчилеген менен жүрүм-турум, мүнөз жагын тарткан жок. Токтоо, салабаттуу, жайдары мүнөзү бар. Баарынан жалжылдап караган көз оту шумдук: муңайып атасы менен апасынын арман-асилин чогулткан өңдүү. Аны карап ыйлай берип Жийде-апанын көзү шорологон: “олда, кургурларым-ай!” деп сыздап-сыздап алганда жанына киши тура албайт.

Көп сүйлөбөгөн жоош бала болду Табылды. Бирок чечилип сөз баштачу болсо маңдайыңда Табылды турганына шек санап кетесиң кээде. Акматбектин үнү менен бак-бак этет. Билбеген балээси жок атасычылап.  “Мунун баарын кайдан билесиң?” деп сурап көр. “Бекеринен Акматтын баласы эмесмин да!” дейт атасы бир атактуу киши болгонсуп. Ошентип оозуңду жап кылат.

Онду бүткүчө Назармат менен Жийдени “сен” деп жер каратпады. Тилинен чыкпай, жеңилин жерден алышты. Мектепти жакшы бүтүп, окууга өтүп алды. Андан аскерге узады. Шаарга Назармат малдан бошоп бара албады. Уулун узатканы Жийде-апа жалгыз кеткен. Кеткен менен кур келбей, жаңы төрөлгөн бала көтөрүп кайтты.

— Кетээринде эки күн жоголуп кетти таптырбай,- дейт кемпир болгон окуяны шашпай баяндап: — Издебеген жерибиз калбады. Оюма нелер гана келбеди-аа!.. -Жүрөгүнүн үшү кеткен кемпир оор үшкүрөт. — Акыры ушуякка келер деп балдарды поюска салып жаткан жерге келсек, шоп этип чыга калып жүрөт, каралдым. Колунда бу… — Учтуу эрди менен баланы жаңсап көргөзүп: — Айланайын апаке, эчтеке сураба, суранам дейт. Бул менин уулум, эч кимге бербей бага тургула дейт. Ошентип чамаданын да албай түшүп кетти поюсуна…

Баланын атын Алмаз коюшту. Бир ай өттү, Табылдыдан “Түркмөн жериндебиз” деп кат келген. Алмазды издеген да, доолаган да киши болбоду. Ончакты күндөн кийин экинчи кат келди “Ооганстанга аттандык” деген. Анан узакка кабар келбеди. “Мына келет, ана келет” деп турганда кат ордуна Табылдынын табытын алып келип тапшырышты…

Андан бери алты жыл артта калды. Назармат кобурашып келаткан бала ошо – Алмаз.

Абышка ушуларды эстеди тунжурап. Уулу менен небересин элестетти көз алдына. Башына ар кандай ойлор келет тынчын алып. Тагдырына таарынбайт, бирок анын өзгөрүлмө, татаалдыгына таң. Маңдайга жазылганды көтөрбөскө айла жок дечи. А бирок жазмыш бир маңдайга эки согушту кайсы дити менен сыйдырды ыя?.. Ата Мекендик Улуу согуш азабы аздык кылат беле?.. Денесине эки жаракат жеп, эки бирдей инисинен айрылганы аздык кылат беле?.. Башы жетпейт.

Абышканы баланын үнү ойготту.

— Ата дейм!

— Ов.

— Өзүмдүн баламсың деп жүрчү ээ мени.

— Макул, айланайын! — Ушинтти да, абышка жанаа, биякка чыгар алдында ачуусу менен “ушу сен кайдан чыккан эмесиң!” деп урушуп койгонуна өкүндү. Өгүнү эле бу каргашалуу сөздү “экинчи оозанбайм” деп карганган ичинен. Бирок көңүл чиркиниң жаман турбайбы: басса-турса “Алмазым өз канымбы, кандай эне төрөдү экен, таяке-таасы ким, көзүм өтүп кетсе эл эмне дейт баланын башын айлантып?” деген ойлор кыйнайт. Оюна койсо ичинен кан өткөнүнө карабай энесин таап чөбүрөсүн табыштагысы бар. Ошенткенге күч кана?.. Өзүнчө эле бушайман. Ошентип беймаза болуп турганда ооздон чыгып кетет тура бейчеки кеп.

— Макул, каралдым,- деди абышка саам тына калып.

Акматбеги бейбаш чыкканы жарытылуу жакшылык көрө элек. Адам баласы жакшылык менен жашка тойбойт көрүнбөйбү: көргөн жакшылыгы канча, бирок көңүл чиркиниң, үмүт чиркиниң самайт экен да кол жеткизди. Жакшылыктан үмүт үзбөдү эле, акыры келди ошо күн. Уулдун уулунун уулунан мындай сөздү угуп туру, эмне арман?.. Ныпым арманы жок Назарматтын. Ушу азыр өлүп кетүүгө даяр. Жылуу сезим көөдөнүн кыса тээп, жүрөгүн сууруп барат. Өзүнө ээ боло албай барат. Оозу эле кыбырайт, эмнени айтып жатканын билбейт.

— Өзүмдүн баламсың деп кантип айтам, айланайын? Мобу тоону кара!- Чокчо сакалын экчей күнгө, шамалга тотуккан жүзүн Баба-Ата тарапка бурду: — Ушу тоодон чыккансың. Каның мобу суудан бүткөн, ушу суу чуркап турат денеңде. Мобереги талааны таанып ал!- Бешилик айрынын тишиндей арык, узун манжаларын тарбайтып Ара-Талааны айланта жаңсайт. — Денең ушу топодон жуурулган. Атаң болуп эмне кылыпмын? Болгону бир уругумсуң, бутагымсың менин. Тамырың кайда билип жүр, садагам! Ушул жердин чынарысың! Ушул элдин уулусуң!..

Абышка ушинтип сүйлөп келатты кызуулана. Жок, ырдап жатат. Ыры улам катуулап барат. Коңур үнү манасчынын обонуна айланып, ошол обон, ошол ыр үлп-үлп соккон сыдырымга аралаш талаа кезип, белес кезип алыска-алыска-а жаңырды…

Ыр соңуна абышка айыл четине жеткенде чыкты. Ал жерде калдайган калың мүрзө бар: алдыңкы бийик эстелик – Табылдыныкы, арткы жапызы – Акматбекке коюлган.

Ыр соңуна ошо тушка келген кезде бала да чыкты кичинекей мээсине “элдин уулусуң” деген сөз шынаа болуп кагыла…