ТОКТОШОВ Капар: КАПАР ТОКТОШОВ: ЖОРОКАНА КЕЧТЕРИ

АҢГЕМЕ

Бул отуруштар качан, кайда, кайсы жерде болгону эсте жок. Бирок сөз болгону, бажырашып отурганыбыз, анан да алиги асылдын аягына чыга албай азап чеккенибиз азыр да көз алдыда.

Оо, андай кечтер арбын эле болду го!.. Ортодо асыл. Ал турганда, тоюс, ичке киргенде сөз дегениң чууруп чыга берет тура, чиркин!..

Ал бажырап айтып атат, мен унчукпай угуп атам. (Чынында андан башка айлаң барбы?)

— Мен өзүм барецмин,- дейт. — Өзүң билесиң да Жапыке. (“Ооба, Таластын баары эле барец эмеспи» деп коём ичимен). Бир күнү көк дүкөн түбүндө береги асылдан алып коюп отурабыз. Иттей ичип салыппыс деп кой. Бир маалда эле Темике экөөбүз тепкилеше кетип жүрөбүз. Эмне үчүн экени эсимде жок. Көтөрүп чаап эле көздөн ары бер-рип-берр-рип калдым дейсиң. Мурду-башынан кан кетип, көзү кайсы, мурду кайсы… билинбей эле калды. Анан бир маалда үйгө кетип калыпмын. (Ооба сага, көтөрүп жеткирип коюшкан чыгар?) Үйгө барып уктап калыпмын-эй. Түн бир оокумда ойгонсом аялым атып эле турду дейсиң!..

— Атың кана? Атаңдын канын ичкир!.. Ээрин эбак бирөө шыпырып кетти го!- деп ыйлап жатат. Ошондо эстедим атымды унутуп баса бергенимди. Неңдурайын катын күйгүзөт да-а! Ат жоголгонуна ыйлабай, ээр жоголду го деп ыйлайт-ой. Унчукпай чыгып атымды издеп жөнөдүм. (Ий-а, киши!) Мен ошентип атымды издеп жүрсөм, Темикенин да иттей далдайган бир барец иниси бар болчу, «байкемди сабаган эменин башын жулам» деп ал мени издеп чыгыптыр. Чоң көчөнүн чок ортосунан кармап алды. (Атаны кокуйгүн, анан!..) Кармап алып эле «өлтүрөм сени» дейт. Мен айттым:

— Эй байкеси, коё бер. Менин колум бош эмес. Ат издеп жүрөм.

— Ат издеп жүрсөң эмне кылайын ыя!- деди.

— Эй байкеси, таң атып келатат. Жарык түшө электе атты таап алайын, коё бер эй.

— Ат издеп жүрсөң эмне кылайын, дабай, азыр өлтүрөм,- деди.

— Эй байкеси, коё бер дейм. Менин колум бош эмес деп атам го. Ат издеп жүрөм, а-ат… Түшүнсөң эй!

— Ат издеп жүрсөң эмне кылайын ыя?

— Эй байкеси, таң атып келатат. Жарык түшө электе атымды таап алайын, коё бер эми…

— Коё бербейм!- деди демитип. — Азыр өлтүрөм сени!

Ошентип коё бербей койду деп кой. Анда мен:

— Эй бала, мындай бир… сенин башың барбы ыя! Мен азыр атымды таап алайын. Таап алганча эмне, өлүп баратасыңбы?! Же мен эмне, бир жакка качып баратыпмынбы? Азыр атымды таап алайын, анан деле өлтүрөсүң, туурабы ыя?..- дедим. (И-и, анан?..)

— Ке, береги асылды алып ийеличи…

Дагы бирди тартып ийип ал сөзүн улады. Мен унчукпай угуп атам.

— Ошентсем: — Эй, сен катын экенсиң, качып атасың,- деди. — Дабай мушташабыз. Эркек болсоң чык!

— Эй, сен оозуңа карап сүйлөсөң! Мен эмне, сенин көзүңө ургаачы көрүнүп атамбы ыя? Атты таап алайынчы, анан сага көрсөтөм катынды!..- дедим. Десем:

— Эй, сен калп айтып качып атат көрүнөсүң ыя?- деди.

— Кудай урсун калп айтсам,- дедим. Анда ал:

— Дабай, атыңды тап батыраак,- деп алдына салып айдап алды. Улам көчүккө тебет «батыраак атыңды таппайсыңбы эй!» деп.

— Сен ушинтип көткө тээп жатсаң кубарымын куу чокусуна атымды табамбы ыя?!- деп ыйламсырап ийсем теппей калат. Бирок баса түшүп эле ал тээп келаткансып көчүгүмдү бултаң эткизе буйтап калам. Анда тиги:

— Энеңдурайын, качам деп атасыңбы ыя?- дейт. — Кача турган болсоң нака өлтүрөм.

Ошентип алдына салып айдап алды. Айылдын үч көчөсү бар эле, үчөөнү тең айланып чыктык. Ат көрүнбөйт. Бир маалда тиги чыдабай кетти көрүнөт:

— Эй неңдурайын, ушинтип көчө айланып эле жүрө беребизби? Таппайсыңбы атыңды батыраак!- деди.

— Табылбай атса, эмне, өлүп кетейинби!- дедим. Десем:

— Өлбөй эле кой, неңдурайын, сени өзүм өлтүрөм, кудай урсун!- деп дагы тепкени келатат. Бутун мына шилтей берерде:

— Эй, коё тур байкеси… Атты бирөө байлап койгон чыгар, деги сурап көрөлүчү,- дедим.

— Эми сурабайсыңбы анда!- деп теппей калды. Түз эле Кадырбектикине барып терезесин тыкылдаттык. Катыны чыкты. Жылаңач. Чыгып эле:

— Эй чечектер, эки түндө эмне үйдү тарсылдатып атасыңар ыя?- деди. Атымды  сураштын  ордуна,  шашып кетип: «Кадырбек кайда?» деп ийипмин.

— Аа, сен Сандалсыңбы ыя? Өлүңгөрөйүн гана алкаш!.. Кадырбектин балакет-мээнетин ал! Кадырбек деген жок үйдө. Экинчи ага жолобо!- деп мени ташка алып кууп, Темикенин инисин кармап калды:

— Ай, сен Айты акенин уулусуңбу ыя? Ботом, сен да алдагы алкаштарга кошулуп калгансыңбы ыя? Буларга жакын жолобо кокуйгүн, кошулсаң эле кызыл мурун алкаш кылып салышат,- деп. «Кудай мындай бербеспи, буюрса бир баш оорудан кутулдум» деп кудуңдаган бойдон качып жөнөдүм дейси-иң!.. Анда тиги жөн калбай кыйкырып атпайбы:

— Эй, неңдурайын, качпа эй! Качсаң нака катынсың!- деп. Намыстанып кеттим. Кайра келдим:

— Качкан жокмун, эй! Баспайсыңбы өзүң,- деп. Анда Кадырбектин катыны:

— Атаны кокуйгүн-ай, сен да бузулган турбайсыңбы. Бир кошулдуң бүттү, эми булардан кутула албайсың,- деп аны коё берди да, анын ордуна мени кармап алды: — Тур бала, кет! Кетип кал!..

Антсе тиги кетпей туруп алды.

— Жеңе, коё бер алдагыны,- деди.

— Муну эмне кыласың ботом?- деп сурады Кадырбектин катыны. Анда тигиси:

— Өлтүрөм,- деди.

— Эмнеге өлтүрөсүң ботом?- десе:

— Ай жеңе, алдагы неңдурайын, байкемди өлөрчө сабап салыптыр. Ошонун өчүн алып азыр өлтүрөм,- деди. Кадырбектин катыны:

— Андай экен, эртеден бери өлтүрүп салбай эмнеге ээрчишип жүрөсүңөр ыя?- деди. Анда ал:

— Атын таап алсынчы. Андан кийин өлтүрөм,- деди. Кадырбектин катыны:

— Атын тапса эле өлтүрөсүңбү?- деп сурады.

— Кудай урсун жеңе, мунун канын ичмейин кетпейм! Андан көрө коё бер жеңе, тезирээк атын таап алсын. Эй неңдурайын, жеңемдин көтүнө жашынбай, дабай, батыраак атыңды тап. Катынданбай бас дейм!- деди.

— Басса басам эле! Мени эмне, качып атат деп ойлойсуңбу. Давай кеттик!- деп бассам, неңдурайын Кадырбектин катыны белимден  кучактап  коё бербей койду. Тигиниси ары тартат, мунусу бери тартат. Ошентип тартышып атабыз, тартышып атабыз… тартышып атабыз… (Эми кечке эле тартыша бересиңерби, анан?..)

— Ке, алдагы асылды кечке жалдыратпай алып ийеличи!..

Дагы бирди тартып ийип: «Коё тур Жапыке, азыр айтам. Неңдурайындын ачуусун айт! Деги ушу арак деген балээни ким ойлоп тапты экен?» деп коюп желим табакта жарымы желген жалгыз бадыраңды кор-р эттире жыттады. Моокуму кана, кайра-кайра жыттады.

— Ох-х!.. Жулмалашып жаткан жерден токтодук беле?- деди.

— Жо, тартышып аткансыңар,- дедим.

— Ии, ошо. Тартышып атабыз. Мени экөө улак кылып тартып эле атышат. Же Темикенин иниси коё бербейт, же Кадырбектин катыны коё бербейт. Бир маалда эле… жанагы Кадырбектин катыны чаңырды деп кой. Ээ Жапыке, андай ачуу чаңырыкты өмүрү уга элекмин ушуга чейин!.. «Өлтүрдү-ү» деп чаңырды. Кулагым тунуп, эсим ооп калыптыр. Билесиңби-эй, жезкемпир да анчалык ачуу чаңырбайт. Ошону менен токтоп калса эмне, «өлтүрдү кокуй» деп атат, «союп салды» деп атат, «ой, эл-журт, барсыңарбы?» деп атат. Өзү, неңдурайын, чыканактай эле сары катын, анан үнүнүн ачуусу тим эле… Байкуш Какем кантип түтүп жүргөнүнө таңым бар!.. Аңгыча эле Кадырбек чуркап жетип келди ыштан-дамбалчан бойдон. Келип эле мени кулактан ары бир койду. Колу кол эмес эле барыскан экен-эй. Кулап эле түштүм. Анан Темикенин инисин кулакка чапты эле, ал да кулап түштү. Кыясы, Кадырбек деле барец болсо керек. (Ооба, таластын баары эле барец!) Неңдурайындыкы, бир кулагым тунуп, бир кулагым уюп эле калды деп койсоң. Бир маалда карасам, көзүң жамандык көрбөсүн, тиягынан эки-үчөө, биягынан эки-үчөө чуркап келатат. Кадырбектин катыны дале патипондой чаңырып бүтпөй атат: «өлтүрдү, сойду, жайлады» деп. Тигилер жетип келип эле, караңгыда ким кимди таанып коюптур, Кадырбектин өзүн басып калышты.

Топо-топ, түпө-түп. Кимиси кимин жайлап атканы белгисиз… Тура калып зуу койдум. Артыман Темикенин иниси зуу берди. Мен тызылдап кетип баратам, ал калбай келатат. Биздин артыбыздан калганы келатат «карма эле, кармалап». Кадырбектин катыны чаңырган бойдон келатат. Иттер ажылдап үрүп, үй-үйдөн кишилер чыгып эле, эмне болгонун түшүнбөй сүрмө топко кошулууда. Айыл бүт ойгонду ошондо. Өлүк эле ойгонбой калбаса, Кадырбектин катыны, капыра-ай, менимче, өлүктү деле ойготту болуш керек!.. Ушунча киши кармап алса соо калбайбыз деп ойлодум кетип баратып. Карасам, биздин айылда бир жалгыз бой келин бар эле Сымап деген. Короосунун бир ныптасы урап жатчу. Зуу ошо короого секирип түшүп эле бугуп калдым. Жатам дем чыгарбай. Түпүрөп өтүп атышат, өтүп атышат… өтүп эле атышат… (Деги өтүп бүтүшөбү?) Бир маалда бери өтө башташты. Өтүп атышат, өтүп атышат… (Анан?) Өтүп келип эле короонун так тушуна токтошту. Бирөөсү айтат:

— Ушу тушка келип эле жок болушту. Деги аларың ким экен ыя?

Анда күйүгүп-демигип алган Кадырбектин катыны айтып атат:

— Бирөөсү Айты акенин уулу,- деп.

— Кайсынысы?- дешти.

— Темиринен кийинкиси,- деди.

— О кокуй, анысы Болот эмеспи, ошо кантип киши өлтүрсүн?!- деди бирөө.

— Ай, Болот деген улуусу. Бу өлүңкөрөйүн Ысталбекти айтып атат ко,- деди дагы бирөө.- Ооба-ооба, ошонусу. Колунда маа-мындай болгон шамшаар бычагы бар экен,- деп атат Кадырбектин катыны: — Өлтүрөм деп келип эле шилтеп калбадыбы ботом! Аз эле жерден кекиртегимди кыйып кете жаздады ай! Буйтай бербесем мойнумду кыйып кетмек! Оо кудайым-ай! Кудайым гана бар экен да!..

«Ок, кудая тобо!» дедим ичимден: «Кудайды карап калп айтса боло!» Жо-о, тим эле чындай кылып айтып атат:

— Буйтай бердим эле шамшаары тигинин колтугунун мобул жеринен кайып өттү. Анан тигиндей шилтеди эле аркы колтугунун мобу жеринен кайып өттү. Аңгыча силер жетип келбедиңерби. Болбосо койдой кылып мууздап коймок,- деди.

— Ой тигиниси ким экен? Ошону айтсаң боло?- деди бирөөсү. Айтмак беле элирип алган эме, тигиндей шилтеди дейт, мындай шилтеди дейт, ортодо «көзүң жамандыкты көрбөсүн» деп кошуп коёт. Айтор, бир маалда анын оозун араң жабышты. Ошондо айтты:

— Тигиниси өзүбүздүн эле Сандалбек экен,- деп.

— Ой ал экөөнүн эмне чатагы бар экен?- деп сурады кимдир бирөөсү. Аңгыча мотосекилин дүрүлдөтүп учасковой жетип келди «чом дело?» деп. Кадырбектин катыны баягысын кайра баштады. Ошондо ойлодум «чын эле бычагы болсо керек» деп. Бирок шилтегенин эстей албай койдум. Анан бир маалда чын эле шекший баштадым «балким бир жерине катып алган го» деп. «Жулмалашып алаксып атканда шилтесе шилтегендир, жан деген таттуу эмеспи буйтасам буйтагандырмын» деп. Ошентип эки анжы ойдо жатсам… Көзүң жамандык көрбөсүн, Жапыке-ай!.. (Ии, дагы эмне балакет болуп кетти?!) Жалт карай салсам эле жанымда бирөө жатат!..

Бышш-бышш дем алып аткансыйт. Көөдөй караңгыда же анысы көрүнсө эмне. Жа-акшылап карасам… карасамчы, ээ!.. (Эми батыраак карабайсыңбы?!) Карасам менин карагерим жатат керилип. Жетип барып эле мойнунан кучактап калыпмын деп кой. Сүйүнгөнүмдү айтпа эми! Сүйүнүп атам, сүйүнүп атам… (Сүйүнүп бүтчү батыраак. Анан?) Сүйүнүп атып ээри жоголбоду бекен деп сыйпап көрсөм ээри үстүндө эле экен. Анан ого бетер сүйүнбөдүмбү. Ошентип көчөдө чурулдаган элди да, желкелеп жүргөн Темикенин инисин да унутуп коюпмун. Анан эле жалт карай калсам… Ары жакта дагы бирөө жатат дем чыгарбай. Ойлодум «ушу Ысталбек эле болуш керек» деп. Ошентип ойлоп атсам:

— Эй сен ким?- деди. Точно, Ысталбек экен. Дым чыгарбай катып эле калдым деп кой.

— Эй сен Сандалсыңбы?- деп шыбырады. А менде үн жок.

— Унчукпайсыңбы-эй!- деди. Мен унчукпай эле турам.

— Эмне-эй, атыңды таптыңбы?- деди. Дым-м. Ой, неңдурайын, ошентип коюп мени көздөй акырын сойлоп келатат.

— Эй, токто!- дедим. Токтоп калды.

— Ташта бычагыңды, катындаба,- дедим.

— Бычагым жок эле турат-эй,- деди.

— Жок-погуңу билбейм, неңдурайын, ташта дегенден кийин таштагын катындабай. Согушсаң эркекче чык!- дедим.

— Кудай урсун, бычагым жок эле турат,- деп жакындап келатат. Коркуп калчылдап кеттим. Качайын дейм короо бийик. Качпайын десем тигинин соо койчу түрү жок. Анүстүнө, неңдурайындын аты да мына ушундай кысталышта табыла калганын карабайсыңбы! Колума бирдеме урунаар бекен деп жер сыйпасам кыктан бөлөк эчтеме урунбады. Уучтап туруп тигинин көзүн карай шилтеп калдым. Көзүнө кирдиби, оозуна кирдиби, «ой, энеңди…» деп эле тура калды. Колунда бычагы барбы же коркконго кош көрүнөт болдубу, бирдемеси жылт дегенсиди айтор. Ош-шондо «апа-а!» деп аткан бойдон дубалдан артыла аттай бердим деп кой… (Кудай сактай көр!) Аттап баратканда Ысталбек да кыйын экен, багалектен тартып калды. Анан эмне болгонун билбейм. Киндик астым “тыс-с” дей эле түштү. Сайып салды деп ойлодум. Жан дегенчи ээ… жан деген таттуу экен, Жапыке, короодон аттап түшө элек жатып тура чуркабадымбы. «Жардамга-а!» деп жер жаңырта бакырып баратам. Ичимди кош колдоп уучтап алгам. Учасковойдун чын аты Карагул болчу. Бетинен май тамган капкара киши эле. Ошон үчүн элдер аны Майчанач деп тергечү өзүнө угузбай. Өз аты оозума кирбей, берки аты кириптир.

— Майчанач байке-е!- деп декилдеп кетип баратам деп кой. Ал дагы мотосекилин дүрүлдөтүп мени көздөй келатат. Мотосекилдин жарыгына салып карасам көйнөгүм салаа-салаа тилик. Колумдун салаасынан кан чыпылдап кызыл жаян боло түшүптүр. Неңдурайын Ыстал курсагымы таптакыр жарып салган экен деп ойлодум. Сыйпап көрсөм баары эле былжырайт: богубу, каныбы же ичеги-карыныбы, белгисиз. Алаа жагыман бирдемеси колго урунду салаңдап. Ай-атаа, ичегим ушукка чейин чубалып калган тура деп эстен танып жыгылыпмын… (Анан?) Көзүмдү ачсам бирөө башымды кучактап алып үңүлдөп ыйлап атыптыр:

— Кагылайыным-ай!.. Каралдым менин!.. Кара көзүмдү кашайтып кимге таштадың мени?..- деп коёт. Бака-шака, дабырт-дүбүрт. Ары жакта бирөөнү озондотуп сабап атышат. Ыйлап жаткан эме аялым экен. Өмүрү анын оозунан ак ит-кара иттен бөлөк жылуу сөз угуп көрбөгөн жаным… Жалынып-жалбарып атса ичим ого бетер эзилип эле… Өлүп баратам. Көзүмө жаш тегерене түштү.

— Кош, алтыным!- дедим ийип кетип жүрөгүмдү чаап: — Кечирип кой мени… Ат Сымаптын короосунда. Ээри жоголбоптур. Мен сага эки дүйнө ыраазымын. Балдарымды жергаратпай жакшы бак…

Андан аркысын билбейм. Чын айтам-эй!.. Ушу жашооңду урайын!.. Куйчу алдагыңдан, бир ичип алалы!..

Асыл алынып, сөз кайра уланды.

— Доктурга жеткенде эсиме келдим. «Бычак жеген киши апкелишти» деп дүрбөп эле калышты. Хирургу го дейм, мени карабай туруп эле «аперационныйга» деди. Насилкесине көтөрүп ыргытып декилдете бир бөлмөсүнө алып киришти. Догдуруңа баары бир экен, ары оонатып, бери оонатып дароо жылаңачтап салышты. Ана-ан, бакыртып жарамды жууп атышат деп кой. «Беш жеринен сайыптыр» деди бирөөсү. Ошону укканда бакырмак биякта калсын, дем алганга шайым келбей калды Жапыке. «Неңдурайын Ысталбек, эмне мени бешилик бычак менен сайганбы?» деп ойлодум. Чын айтам-эй, бир эле жолу шилтегендей болгон. Көз ирмемде беш сайыш жезтырмактын эле колунан келбесе?.. «Башканы айтып жаткан чыгаар» деп көзүмдү жылтыратып жанжагымы карасам менден башка сыркоо жок экен. Ары жакта жапжаш бир супсулуу медайым устарасын алаканына жанып-жанып келип эле… (“Ий-ата деп тура калып айланып-айланып ийди). -Жүнүмдү кытыратып кырып кирсе болобу. Ачышканына, ооруганына карабайт экен. Өлүктүн жүнүн кырып аткансып кырып атат эй. Аңгыча хирургу келди «ну чо?» деп.

— Беш жерине сайыптыр,- деди бирөөсү.

— Жарааты оорбу?- деп сурады.

— По моёму, жеңил эле,- деди тигиси. — Үч жери острый пиредмет менен, эки жери тупой пиредмет менен тилинип, жараат канталап исиркектеп турат.

— Давай анда аперационныйга, ошо жерден карайын,- деп догдур алдыга түштү, мени анын артынан алып жөнөштү. Аперация кылчу үстөлүнө жаткырып колу-бутуму таңып койду. Анан жанагы догдур деген эмеси бакыртып-өкүртүп жарамды чукуп кирсе болобу. Боор деген жок экен буларда. Улам бир жерин чукулайт деп кой.

— Я айланайын догдур байке, наркоз берип сойсоңуз боло,- десем:

— Жөн жат! Сени али соё элекпиз. Жараатты карап жатам,- деп койду. Ошентип жарым саат жарамды чукуп жанымды кыйнады да: “Тигип салгыла” деп басып кетти. Ана-ан бир кычыратып тигип атышат деп кой. Буларың жеткен мыкаачы болот экен-эй, тим эле чокой жамап жаткансып, адегенде шибегеси менен көзөп алып, анан жибин өткөрүп, анан маалкатып түйүп… Жарым саат тигишти. Тигип бүткөндө жаным тим эле жыргай түштү-эй. Жо-о, «ушуну менен бүттү экен» десем, дагы бир догдуру келди жанына жалаңдаган милийсасын ээрчитип. Судмедэксперт экен. Милийсасы тергөөчү белем, аты-жөнүмдү, туулган жылымды, айлымды сурап жазып алды.

— Ким сайды?- деди.

— Ысталбек,- дедим.

— Эмне менен сайды?- деди.

— Бычак менен,- дедим.

— Канча жолу сайды?- деди.

— Бир эле жолу шилтегендей болгон,- дедим. Аңгыча эле жанагы судмедэксперт деген эмеси жаткан жеримден эле жарамды кайра чукуп:

— Та-ак, киндиктен 4 санти ылдый, солду карай 2 санти, тереңдиги 02-03 милли, узуну 9-10 санти курч пиредмет менен тилинген,- деп жарамды муздак сызгыч менен чукуп өлчөп кирди. Мен бакырып атам, ал бакырганыма карабай эле чукуп-өлчөп жаздырып жатат. Оголе бир топко чукулады. Анан:

— Та-ак, жарааты орто истепен,- деди. Анан ары оодарып, бери оодарып арка-мойнуму аңтарып карап чыкты.

— Ичтиң беле?- деди.

— Кечээ кичине ичкем,- дедим.

— Та-ак, анда канын алгыла!- деп туруп кетти. Анысы кеткен соң милийсасы баштады эзип:

— Эй, сен чыныңы айт! Эмне менен сайды эле?- дейт.

— Бычак эле болуш керек,- десем:

— Бычак эле болуш керек дебей, бычак менен деп так айт,- деди.

— Ооба, бычак менен,- десем:

— Канча ирет сайды?- дейт.

— Бир эле шилтегендей болду,- десем:

— Анда, аркы экөөнү ким сайды?- дейт.

— Билбейм,- десем:

— Келесоосуңбу билбей калгыдай, давай чыныңды айт! Беш ирет шилтеди де!- деди.

— Ооба байке, беш ирет шилтеди,- дедим. Айтканымды жазып алды. Жазып алып, анан:

— Хорошо, үч ирет бычак менен сайыптыр. Аркы экөөнү эмне менен сайды?- деди.

— Эчтеке менен,- десем ээктен ары бир койду, неңдурайын.

— Арматура менен сайдыбы?- деди.

— Ооба байке, арматура менен сайган,- дедим коркуп кетип. Ошентип сурак бүттү. Бирөө келип канымды алды. Анан палатага которушту. Палатага алып киришсе… Жапыке-ай! Бүт эле тааныштар жатат: Темике жатат, Ысталбек жатат, аталаш үкөлөрүмөн үчөөсү жатат көзү-башы көк-ала болуп. Эшиктин оозун милийсага кайтартып коюптур.

— Эй,- дейт. -Сүйлөшпөй жаткыла давай!

Ошентип сүйлөштүрбөй койду. Эртеси күнү догдур келип текшерип, адегенде Ысталбекти алып кетишти милийсанын машийнесине салып. Түрмөгө алып кетти дешти. Анан мени алып барып камерага тыгышты. Артымдан тиги үч үкөмдү алып келишти. Көрсө, неңдурайындыкы… мени сайып салды деп Ысталбекти өлө сабашып, анан жанагы үкөлөрүмдүн бири шибеге менен Ысталды так көчүккө үч сайган экен. Биздин айыл эки урук эл болот — Анаркул, Анарбек деген. Мен — Анаркулдан, Ысталдар — Анарбектен. Анан эки урук былчылдаша кетишиптир. Соо бирөө да калган жок дешти. Жада калса катындарынан бери чачташыптыр. Сымап бечара «айылдан көчүп атат» деп келишти. Көрсө, менин катыным анын бетин тытыптыр. Ал бир бетин тытып кетсе Ысталдын аялы барып аркы бетин тытып кетет. Ойлошуптур «биз аны талашып мушташыптыр» деп. Анан биздин айылдын чычымдары да кыйын-эй! Эки уруктун балдары эки жаат болуп ырагатка менен атыша кетишет. Ошентип атышып атканда биз тараптын балдары тигилердин бир Бурма сокур деген кемпири бар эле, ошонун айнек көзүн талкалай атып, кыскасы, бир көз карыз болушат. Неңдурайын-ий!.. Тияктын чычымдары да тың деп кой! Абдыраалы деген абышкабыз бар алжып калган. Маал-маал бала-чакасы сийгизип коюп, анан сөрүдө уктап жата берчү. Неңдурайындар, ошо чалдын сакалын кесип кетишиптир. Ошентип алар бизге сакал төлөмөр болушат. «Аркы көчө берки көчөгө өтпөй аңдышып турушат» деп келишти. Биздикилер «өңгөсү өңгө, көздү кантип төлөйбүз» деп чычымдарын чычыра кууп жүрүшөт дейт. Тигилер болсо: «алжыган абышканын сакалына асылып абийрибиз төгүлдү» деп балдарын чыркырата сабап атышат дейт. Кечке жуук менден түшүнүк жаздырып алышты «Темикени эмне үчүн сабадың эле?» деп. Аны болсо туугандары «мээси чайкалган» деп догдурга жаткыра салышыптыр. Анан эртеси бекен же андан кийинки күнү бекен, «очный ыставка» деп Ыстал экөөбүздү беттештирип сурак кылышты. Болгонун болгондой айтып бердик. Ишенбей коюшту.

— Силер калп айтып атасыңар, давай, чыныңарды айткыла!- дейт. Неңдурайындар, киши эмес калк болот экен аларың. Такыр ишенбей, бир суроосун он кайталап бере берет экен. Тим эле боткодой эзишти го!

— Ысталбек сени кантип сайды эле, көрсөтүп бер,- дейт.

— Ой, милийса байке, мен короодон аттай бергенде эле бир шилтегендей болгон,- десем:

— Жо-ок, мобу сволуч сени бурчка такап алып үч жолу бычак менен сайып, анан бычагын жулуп алсаң ары жактан арматураны ала коюп эки сайды беле? Ушу чынбы?- дейт. Калпты кантип чын дейсиң, Жапыке, анүстүнө өзүң билесиң, өмүрү калп айтып көргөн жан эмесмин го. (Ооба сага!..)

— Анткен эмес, кудай урсун, бир эле жолу шилтегенсиди,- десем, улам желкеден ары бир коюп: “Чыныңы айт!” дейт. Алардын ою боюнча Ысталбек мени тургузуп алып улам бир сайып кетип туруптур да, мен болсом «давай, айланайын Ыстал, сай, сая кой» деп курсагымды тосуп туруп берипмин. Ой, атаңгөрү-ай! Мен деле жанмын го, Жапыке, анүстүнө барец болсом… Кантип эле Ысталга сайдырып туруп берейин. Колун жулуп алмакмын да, туурабы ыя?.. Акыры, аларың деле чарчайт экен. Чарчашты.

— Эртең окуя болгон жердин өзүнө алып барабыз, ошо жерден кандай болгонун көрсөтүп бересиңер,- деп кайра камерага тыгып салышты. Жарам улам кычышат, тырманып коюп жатам. Эртеси күнү көңкөбай машийнеге салып айылга алып келишти. Адегенде эле көк дүкөндүн түбүнө токтодук. Баягы биздин Майчанач арак ичкендердин баарын ошо жерге чогултуп туруптур. Айыл бүт, милийса бүт ошо жерде экен. Айылдын итине чейин келишиптир.

— Каерде отурдуңар эле?- дешти.

— Мобуерде,- деп баягы биз отурчу көк шиберди көрсөттүк. Темикенин ордуна Ысталбекти отургузуп коюшту «сен Темирбек болосуң» деп. Кадырбек «мен буерде отургам» деп өз ордун тапты. Ошентип ал жерден канча бөтөлкө ичтик, ким эмне деди, анан чатак кантип чыкты, мен Темикени кантип чаптым, бизди тигилер кантип ажыратып, анан кантип үй-үйгө алып кетишкенин көрсөтүп беришти. Мени Уркаш менен Жаныбек солдойтуп көтөрүп жөнөштү.

— Көтөртпөй эле өзүм басам,- десем, милийса:

— Болгонун болгондой чын көрсөтүп бергиле, понятый элдин көзүнчө ушунун баары бротоколго жазылат,- деп болбой койду. Ысталбекти, эми ал Темике болуп атпайбы, Кадырбек менен Каракойчу көтөрүп кетти үйүн карай. Эл эки жарылып, жарымы биздики тарапка, жарымы Темикенин үйү тарапка бет алды. Кез-кез сүрөткө тартып коюшат. Тергөөчүсү болсо жазып жатат. Уркаш менен Жаныбек досум улам мени копшоп коюшат, антсе жарам ооруйт. Туйлап кирем, «неңдурайын, жөн жатчы туйлабай, ансыз деле өгүздөй оор экенсиң» деп урушуп коюшат. Бир маалда үйгө жакындап, үйдөн аялым атып чыгып эле аңырая катып калды. Сулк жатып бердим. Экөө мени өлүктөй кылып көтөрүп келатса, жарым айыл каратаан эл ээчип келатса, менин сөөгүмдү алып келаткан экен деп ойлоптур катыным. Эки бетин жара тытып, кокуйлап эле кошок кошуп кирди. «Кара көзүм кашайдыбы» дейт, «каралдым-ай, мени кимге таштадың?» дейт, неңдурайын катыны. Өлгөнүмө күйбөй, «кимге таштадың?» деп сурап атат-эй!.. Мен эмне, аны бирөөгө табыштап туруп өлүшүм керек бекен?.. Катындын акылы кыска деген чын, эй. «Атаңбашы!» дедим ичимден. Мобу жерим ачышып баратат,- деди көкүрөк тушун тарс чаап: -куйчу алдагы асылдан, Жапыке!..

Куйдум. «Жарымдап коёлу ээ» деди. Жарымдап койдук. Анан сөз уланды.

— Катынымдын бетинен кан шорголоп, буурчактап аккан жашы менен аралашып эле жатып калды. Аяп кеттим байкушумду. Жанына келип:

— Эй, катын, бери кара!- дедим. Элирип алыптыр. Карачу түрү жок. -Эй, катын, эмне озондойсуң балдардын жүрөгүн түшүрүп? Мен тирүүмүн-эй!- дедим. Десемчи ээ, Жапыке… Көзүн чакчайтып, чачын саксайтып мени бир карады деп кой. Жүрөгүм түшүп кала жаздады.

— Тирүүсүңбү, ыя?- деди.

— Азырынча тирүүмүн,- дедим. Десем ого бетер озондоп кирсе болобу:

— Ушундан көрө өлүп калсаң эмне-е! Эл караган бетимди жер караттың, акмак-алкаш!- деп.

— Кой-эй, эл угат,- десем угуп да койгон жок.

— Сен шүмшүк жөн өлбөйсү-үң! Эл-журтка ит кылдың! Бар, Сымап шуркуяң менен кошо көчүп кет! Жолобо үйгө,- дейт.

— Кой эми бала угат,- десем:

— Баланын балакет-мээнетин ал! Баладан айлан, акмак!- деп такыр эле сөз укпай каргап-шилеп жатып алды. Баягы демитип жаткан прокурор жок. Оозунан сөзү түшүп тамекисин түтөтүп турат ары жакта. Бирдеме деп койгонго жарабады. Ага барып айттым:

— Дабай, эсперментиңерди бүтүрүп батыраак кайра камагылачы,- деп. -Десем… Ой, неңдурайын о-ой, күйдүрүп атпайбы:

— Аялыңды соорот, анан улантабыз,- деп. Айла жок, аялыма бардым кайра.

— Эй, катын, эмне, сен менин өлгөнүмдү эле каалап калгансыңбы, ыя?

— Ооба, өлүңкөрөйүн алкаш, ошону эле каалап турам. Сендей жаманды кудай да албайт. Уялбай кантип тирүү басып жүрөсүң, ыя?- деди. Аябай ачуум келди ошондо. «Неңдурайын, элге керегим жок болсо, аялга керегим жок болсо, анда асылып өлөйүн» деп шарт короого атып кирдим да, каалганы ичинен илип салдым. Байкуш карегерим жаткан экен керилип. «Башың азат!» деп ноктосун шыпырып алдым. Кыл чылбырдын бир учун кылтак кылып, бир учун карагайдын учуна байлап, ат акырга чыга калып кылтакка башымды салайын десем кылтак кыска болуп калыптыр, боюм жетпей койду. Ага чейин милийсалар короодон аттап киришип мени сүйрөп түшүштү. Эки колумду толгоп туруп кыл чылбыр менен кычырата таңып салышты. Аңгыча Ысталбекти алып кеткендер жетип келишти «баспайсыңарбы» деп. Алдына салып, баягы Ысталбек мени кармаган жерге алып келишти. Ысталбек айтып атыптыр:

— Мен Ысталбек Айтиев, атайы өлтүрөм деп издеп чыгып Сандал Азыгалиевди ушу жерден кармадым,- деп.

— Чын эле өлтүрүш үчүн атайы издеп чыктың беле? Эмне себептен өлтүрүүнү чечтиң эле?- деп сурашты.

— Ооба. Агамды аябай тепкилеп салыптыр, ошон үчүн өлтүрөйүн деп чечкем.

— Анан эмне кылдың, көрсөтчү?- дешти. Ал мени келип аткыдай болгон колу менен желкеден апчыды деп кой. Ай-ий, мойнумун ооруганын айтпа! Ошентип кармап туруп, көзүнөн заарын чыгарып тишин кычыратып туруп:

— Азыр мен сени өлтүр-рөм!!!- деди. Ошентип тынып калды. Милийсалар:

— Анда сен эмне дедиң?- деп сурашты. Мен айттым:

— И-ий, неңдурайын мойнум… Эй бала, коё бер мени! Мен деген ат жоготуп, ошону издеп баратам. Азыр колум бош эмес. Жерге жарык киргиче атымды издеп таап алайын. Анан деле өлтүрөсүң,- дедим. Анда Ысталбек:

— Дабай, атыңды батыраак тап. Анан өлтүрөм сени,- деп мени алдына салып айдап алды. Баягы баскан жолубуз менен үч көчөнү үч айландык. Ээрчип алган эл эриге баштады бир маалда.

— Ай милийса балам, биз деген бекер жаткан эл эмеспиз. Мал бар, үй бар дегендей. Давай, андан көрө кантип сайганын көрсөтсүн. Ошону көрүп алып кетели биз,- деп милийсанын жолун тороп туруп алышты эле, тигилер макул көрүп биз Сымаптын короосуна бет алдык. Бечара келин көчүп кетиптир чын эле. Мен «моминтип секирип түшкөм, анан мобу жерде жаткам» деп жатып бердим. Ыстал да «моминтип кирип, бу жерде жаткам» деп ары жакка жата кетти. Анан мени көздөй сойлоп жөнөдү.

— Эй неңдурайын Ыстал, катындабай бычагыңды ташта!- дедим. Ысталдын көзү чакчая түштү «бычагым жок болчу, кудай урсун!» деп. Анда мен:

— Жок-погуңу билбейм! Ташта дегенден кийин таштагын, болбосочу… Болбосо башыңды жулуп алам,- дедим. Ысталбек:

— Эй, сен антип айткан эмессиң эй!- деди.

— Атаңбашы, анан эмне дедим эле?

— Бычагыңды ташта эле дегенсиң. Калганын кошуп жатпайсыңбы каратып туруп…- деди. «Кошкон жокмун» деп мен айтам, «кошуп атасың» деп ал айтат. Ошентип айтыша кеттик. Анда милийса бизди арачалап:

— Дальше эмне болду эле, давай уланткыла!- деди да, кагаз бычакты алып келип Ысталдын колуна карматып коюшту. Ыстал «бычагым жок болчу» деп аны ыргытып ийди.

— Ай сен айтчы, мунун бычагы бар беле же жок беле?- деп сурашты. Мен:

— Бычагы бары-жогун даана көргөн эмесмин, бирок колунда бирдеме жарк деп көрүнгөнсүгөн. Ошондо коркуп кетип, мен чуркап келип так ушу жерден секирип кеттим,-  деп короонун кырынан артыла бердим. Бирок, неңдурайындын короосу итапкан бийик экен. Өгүнү кантип аттап кеткенимди билбейм. Короонун кырына көкүрөгүм артыла берип дагы тыс-с этти. Шыпырылып түшүп карасам жалгыз кабат көйнөгүм эки-үч жерден тилинип, көкүрөк ылдый кан жая берди. Жардана карап турган эл дуу этип… Жарымысы кудайлап атса, жарымысы «догдур чакыргыла» деп карайлап шашып калышыптыр. Эки милийса короонун артына чуркап «эч ким көрүнбөйт» деп келишти. Мен айттым:

— Мага кудайыңардын да, догдуруңардын да кереги жок. Бир жолу тиктирдим жетет ошо! Андан көрө ийот, бинт, анан жүз грамм алып келип бергилечи,- деп. Аларды бат эле таап келишти. Бирок, неңдурайын милийса, аракты алып койду. Кыз деген жакшы болот экен, Жапыке. Уругубуздун аты Анарбек болот дебедим беле. Ошо Анарбектин кыздарынын бири жаратыма ийот сүйкөп, бири бинттеп бат эле таңып салышты. Анан дагы Зойке деген бир карындашыбыз «байкеме суу жуткурсам  болобу?» деп бир чыны суу алып келе коюптур. Ичим өрттөнүп жаткан жаным, шак эле тартып ийип «өх!» дедим. Таптаза арак экен анысы. Зойкени кучактап өөп  ийипмин кубанганымдан.

— Алтын карындашым! Апкелген сууң өзүбүздүн Аң-Арыктын суусу тура. Апкелчи дагы бирди, түрмөдөн келгиче моокум кана бир ичип калайын,- деп компоюп койдум эле, Зойке тызылдап барып дагы бир чыны суу алып келе койду. Аны да дем албай туруп басып алдым.

Милийсалар шаты алып келип, короонун кырын сүрөткө тартып:

— Ай ата-а, курсагыңды дубалдын кырына сайып койгон айнектерге тилдирген турбайсыңбы,- дешти. Көрсө, неңдурайындыкы, «ууру кирбесин» деп биздикилер короосунун кырына айнектин сыныгын сайып шыбап салышчу. Ичимди айнек тилиптир. Ошондо жети өмүрүм жерге кирди го, чиркин! Уятымдан өлүп атам деп кой. (Ики, ата!) Баарынан да Ысталга боорум ооруду. Бечара бала жөн эле жерден таяк жеп көчүгүн калбыр кылыптыр. Же отура албайт, же тура албайт. Үңкүйүп эле бир ордунда тегеренип атат.

— Ыя Зойке, тиги Ыстал байкеңе да суу апкелчи,- дедим өзүмдү күнөөкөр сезип. Зойке аткан бойдон кетип суу алып келди. А деле чаңкап араң турса керек, шак эттире тартып ийди. Бирок, неңдурайындыкы, чакап кетти. Чакап кетип суусунун жарымысын төгүп алды. Төгүп алып, тим эле күйүп кетти го бечара!

— Буерде Анаркул уулунан кыз жокпу ыя!- деди калч-калч этип. -Мага деле суу берип койсоңор боло!

Десе Анаркулдун эки-үч кызы эки-үч чыны суу алып келе салышты. Ыстал алардын суусун бир ууртап кайра узатып эле:

— Айланайын Зойке, өзүңдүн эле сууңдан апкелчи!- деди. Милийса болсо бирдемелерди жазып, баягы короонун кырындагы айнектерди омуруп алды. Бизди карап да койгон жок. Аңгыча Кадырбектин сары катынын салпайтып айдап келишти. Келип эле ал баягысын кайра баштады: «чын айтам-ай, калп айтсам кара башымды жейин! Колунда берегидей шамшаары бар болчу. Тигиндей бир шилтеди, мындай бир шилтеди» дейт. Элдин баары эле аны жаман көзү менен карап калыптыр.

— Ай, бетикара! Сандалыңардын ичин айнек тилиптир. Кудайды карап сүйлөсөң боло!- деди Ысталдын бир жеңеси. Ой-кудая тобо-о!.. Анда Кадырбектин катыны айтып жатпайбы:

— Көөдөй караңгы түн болсо силердин Ысталыңардын колундагысы бөтөлкөнүн сыныгы экенин көрүп коюпмунбу. Мага шамшаардай эле көрүнгөн,- деп. Ошентип атса милийсалар аны четке жетелеп кетишти. Бир топко сүйлөшүп туруп колундагы кагазына кол коюп берди да, артын карабай кетти. Эл да кызыгы сууп четинен тарай баштады Ыстал экөөбүзгө «жоругуңар курусун!» деп наалат айтып. Бир убакта, неңдурайын, милийсалар да кетип атат.

— Эй, эмне, бизди таштап кетесиңерби?- дедим. Десем унчугуп да коюшкан жок. Машийнелерине отуруп кетип калышты. Сымаптын короосунда үңкүйүп Ыстал экөөбүз калдык. Ачкарын ичкенгеби, баягы эки чыны арак башка тээп чыкты.

— Ыя, Ыстал,- дедим бир маалда. -Мени өлтүрөм дедиң беле?

— Ооба, өлтүрөм дегем.

— Анда өлтүрчү батыраак, жашагым келбей туру,- дедим. Анда Ысталбек:

— Мен эмне, өлө албай жүрүпмүнбү? Өлгүң келсе бирөөнү ала жатпай өзүң өл!- деди. Ошентип коюп үйүн карай кетип калды, неңдурайын. Сымаптын короосунда кечке отуруп, күүгүм киргенде Ысталдыкына барыпмын:

— Эгер чын эле эркек болсоң, өлтүрөм деп оозуңан сөз чыккан соң өлтүр дабай,- деп. Ыстал бечара качат дейт, мен болсом артынан калбай кууп алыпмын. Ошондо эки ата эл чогулуп келип, дагы эки жүздү кабаттай соктуруп экөөбүздү элдештирип коюптур. Өзүлөрү да элдешип алышыптыр. Тиги тарап Бурма апанын көзүн кечсе, биз тарап Абдраалы атанын сакалын кечип дегендей… Айылга айла жок тура!.. Ух-ата, ушундай күн өттү баштан!.. Неңдурайын арактын кылбаганы жок ко!.. Ке, Жапыке, кенедей эме калыпыр, калтырбай алып коёлу!..

…Ортодо алиги асыл. Улам жүздөн ууртап коюп ал айтып атат, мен угуп атам.

— Анан эмне болду?

— Анан эмне болгонун мен айтпайын, сен укпа,- деди. Башын мыкчып о-о бир топко ойго батты. Ошентип отуруп, отуруп… бир маалда каткырып ийди. Кайсы арына каткырды түшүнбөй калдым.

— Эмне ырсаңдайсың, бирөөнүн бир жери көрүнүп атабы?- дедим сиркем суу көтөрбөй.

— Жалгыз атыңдан айрылсаң сен да ушинтип ырсаңдамаксың,- деди. -Ээ, Жапыке, эртеси эл-журт жапырт элдешип, Ыстал барып Темикени ооруканадан алып чыкты. Анан мага айтышты: «баргын да, милийсаңды өзүң бүтүрүп ал» деп. Бардым башты жерге салып.

Адегенде опуруп-жапырып алган менен аларың деле адам экен-эй. «Болуптур, берериң эмне?» дешти. Аттан башка менде атамдын башы барбы?.. «Жалгыз атымдан башка эчтекем жок» деп койгом. Деп койсом, неңдурайындар, үч үкөмдү камактан чыгарып үйгө жеткиче көңкөбай менен чаап келишип, небак эле атты алып кете беришиптир. Катыным үйгө киргизбей кууп чыкты…

— Ий, итиң!- деди ал. -Темикемди эмнеге тепкилеп салганымды айтпай кеткен турбайымбы. Кийин уксам, ал неңдурайын, атын сабаганын кеп кылса керек. А мен аны «катын сабады» деп каңырыш уккам го сыягы. «Катын сабаган андай эмес мындай» деп бетке берип калган экем…

Ушу менин иттей жаман бир адатым бар деп кой. Боорукермин аябагандай. Өзгөчө ичип алганда ал адатым ашынып кетет. Бир ирет поюс вокзалдын рестаранынан чыгып келатсак эки кызыл шапке бир кыргыз баланы бакыртып сабап атыптыр. Боороруп болуша кетемби! Анда тиги экөө баланы коё берип, менин өзүмдү баса калып жүрөт. Экөөнү эки жакка ыргыткан экенмин атакөрү, сулап эле жатып калышты. Карасам ары жактан дагы эки шапке чуркап келатат. Дыр койбой жан жокпу?! Анүстүнө, өзүң билесиң Жапыке, Сакең чуркаганда сайгактай эле кетет эмеспи. (Эми силерде өпкө жок да) Дыр берип зуулдап баратсам, неңдурайындыкы, парк өйдө эки салдат менен бир афисер келатыптыр. Алдымдан торой чыкты. Кудай жалгап ошо маалда Фрунзе таякемдин эстелигин оңдоп жатышкан экен. Эстеликтин секисине шаты жөлөп коюшуптур. Шаты менен шып секиге чыктым да, шатыны тартып алдым. Тигилер ай караган теке болуп жетпей калышты. «Сыйың менен түш» деп коюшат. Атасынын кубары, андан ары чыгып Фрунзе таякеме учкашып отуруп алдым. Көрсө, бечара таякебиз эчен жылы байтал минип турган экен. Анан биздин кыргыз кыйын калк эмеспи, «баатыр кишиге байтал мингизип койгону эмнеси?» деп Биринчиге арызданып ийишкен го, эстеликчилер эртеси эле баягы байталдын алаасына куулук жамап киришет. Бир жамаса чоңдук кылып, экинчи жамаса же атка окшобой, же айгыр сынына чыкпай, айтор, алардын эси ооп аткан маалы экен. Топурап эли да, милийсасы да ошо жерге чогулду. Акыры, кантип таап келишкенин билбейм, бир маалда эле деканымы алып келишти. «Түш» деди. Түштүм. Ошо агайыма азырга чейин өлө ыраазымын ай! Милийсага бербей алып кетти. Бирок, неңдурайындыкы, университеттен чыгып калдым…

Андан кызыгы, «окууңду эмне таштадың?» деп апам урушат ко деп коркуп барсам, аным жалгыз куруп аткан экен. Кайра барбалаңдап сүйүнүп атпайбы! Эл-журт да: «Асыгалынын жалгыз уулу аябагандай эстүү чыгыптыр, энесин ээн калды деп окуусуна да кайыл болду» дешип аброюмду асмандатып салышты…

— Анан?

— Ай, ананыңы коё туруп куйчу алдагыдан. Кулкунду кууратып таштадың таптакыр.

Асыл алынып, сөз уланат кайрадан.

— Анан «эстүү-баштуу баланын бой жүргөнү болбойт» деп Уултай деген кызды алып берип коюшту. Күлөсүң да, Жапыке, күлөсүң! Уултай мага футбол клуб уул тууп берет деп үмтөтүпмүн. Чыкыйыңа!.. Катары менен төрт кыз төрөп, анан төрөбөй калды. Мен төрөтпөй аткансып апам күндө урушат «уул туудур эле, уул туудур» деп. Ошентип безилдеп жүрүп ал киши да өтүп кетти. Дагы жакшы, атамдан калган Лениндин коло бюсту бар эле. Анча-мынча сеп этип келгенде ошо башты кучактап уктап калчумун. Датымды да, сырымды да уккан ошо Илеке. Ошентип жүрүп байкабай эле ленинис болуп кеттим көрүнөт. Ичип алганда алдымдан киши өткөрбөйм «айт, сени ким таарынтты?» деп. Айтып койсо барып өтүн алам. Эртеси эле, аялым байкуш эстүү жан эмеспи, мен өтүн алгандын алдынан өтүп, а өзүм болсо эки ай бөдөнө болуп бөгүп калам. Анан, бу асылга айла жок тура, ак көңүлүм кармап кетип арстан болуп чыгам заматта. Бир күнү бүт айылды эзсем керек ко «ким таарынтып атат?» деп.

Эптеп кутулалы дешкенби, «бизди Өкмөт таарынтып атат» деп салышпайбы!.. Анда мен «азыр барып Өкмөттүн өтүн алам» деп Фрунзени карай жөө жөнөпмүн. Суу сактагычтын жанына жетип калгам. Жалт карай салсам кайран Илекеңдин башы турат кырда «мы пайдём другим путём» дегенсип. Ошо жерден эле артка тарттым… Кийин-кийин, мен айылдан биротоло кетип баратканда карасам суу сактагыч үстүндө Илекемдин башы жок. Сууруп кетишиптир, неңдурайындар!.. Ошо кетип баратканымда «эй катын, атамдын башын бер!» деп Илекемдин башын ала кеткем. Бекер кылыпмын. Автовокзалда түнөп жүргөндө уурдап кетишти, неңдурайындыкы!..