ТОКТОШОВ Капар: КАПАР ТОКТОШОВ: ТЕМИКЕ ТЕРМЕ

Ит доктур

Темирбек Алымбеков досум анда-санда ачкыл азгырып темине койгону болбосо албан адам, балбан акын. Теминсе бир жумалап теминет. Анан аяшыбыз аркандап коёт. Жемсөөсүнө жем түшүп кеткенсип бир далайга канат какпай, “асыл” бар жерден айланып өтүп, “бөтөш” бар жерде бөгүп жүрөт андайда.

Башкалар “теминет деген ушу” деп обу жок теминет ко?.. Темике баштаганда аста-секинден баштайт: ар кайсы камокко башын тыга калып элүүдөн эңшерет. Анан жүзгө көчөт… Ошентип тегерек-четин “мүлжүп” бүткөндөн кийин аркандагы аттай улам арылап “оттоп”, шаарды айланып түгөтөт буту ооруп, таманы жооругуча. Баспай калганда мага келет “керкашканы мин” деп. Анысы кызыл машийнеси. Минем. “Айда” дейт, айдайм. Эки-үч күн минип эсти оодаргандан кийин аяшка тапшырып артымды карабай качам…

Бир күнү Темикем теминип калган экен… “Мин” деди, миндим. “Айда” деди, айдадым. Өйдөкү Көк-Жарга бардык. Көк дарбаза алдынан “дыр-р” деди, токтотуп бердим. Чыга калып дарбазасын түрттү эле, бек экен. Кашаага асылып короо ичин карады. Аңгыча, ары жактан арстандын башы чыга калды сорок этип. Темикем “апалаганга” алы келбей “баа” деп бакырып жолдун аркы бетине өтө качты. Үйдөн бирөө чуркап эле чыкты дейсиң!.. Темике менен теледе чогуу иштеген теңтушу экен. “Киргиле” десе Темикем кирбейт: “тетиги желмогузуңду жоготмоюн кирбейм” деп. Азиат тукумундагы албарстысын ары алып кетип сабап келдиби, камап келдиби… айтор, көзүн тазалап келди бир маалда. Ошондон кийин Темикени бирибиз алдынан сүйрөп, бирибиз артынан түртүп араң киргиздик.

Мен чайын, Темикем “пайын” ичип отурсак сырттан иттин кыңшылаган үнү чыгып калды. Аңгыча баласы кирип келди “ит өлгөн атат” деп. Чуркап чыгып карасак байкуш ит сөөккө какап, жата калып-тура калып кыйналып аткан экен. Үй ээси жалгыз чыгара албай атат. Карасам ары жакта от көзөгүч турган экен. Тигиниси итти кармап берди, мен шиш менен тыгылган сөөктү тартып алдым. Айбан болсо да акылы бар, эки буту менен кучактап бетимди жалап жиберди кудая тобо!..

Муну кийин Темикем терме кылып ырдап жүрөт “ишсиз калган күндөрү, иттин тишин сууруган” деп…

Арноограф

Жайдын толук кези эле, кезүү келди тез эле. Ошентип уй кайтарып кетсем Темикем Чолпон-Атага эс алганы баратып Тамчыдан мага түшүп калыптыр, жаңы чыккан китебин таштай кетейин деп. Келсе мен жок. “Кайда?”. “Уй кайтарып кеткен”. “Келе ручка” дейт. “Атаңдын көрү, дүнүйө” деген  китебинин  биринчи  бетине мас таракандын тайтаңдаган изи менен минтип “арноограф” жазып кетиптир.

Капыке,
жүрчү элең журналисттин курчу болуп,
Ажолорго сынчы болуп.
Көргөн күнүң эмне болгон
Кургурум ай,
Көлдүктөргө кетипсиң го уйчу болуп.

Сайгак тийсе уюңду тосуп жүргүн,
Уйду куусаң букадан озуп жүргүн.
Айталаада аялыңды көп эстебей,
Анда-санда китебимди окуп жүргүн!

Бөөбүй жорго

Бөөбүй деген классташ-курбубуз бар. Темикем айтмакчы, алтымыш киши арасында турса да алыстан тааныйсың түгөттү. Аны тааныткан – ата мурас курсагы. Атасы Салмоорбек аксакал да эткээл, курсактуу киши болчу. Ал жагынан Бөкөм атасын “абгондоп”, курсак жагын чыгармачылык менен өнүктүргөн.

Ошо Бөкөбүз тууралуу Темике “Атаңдын көрү, дүнүйө” аттуу китебинде минтип жазат: “Ал кезде Орто-Сай базарынын тушунда турчу элек. Жумуштан кайтканымда камоктордун биринен жүздү басып алып, ыраматы аялым айтмакчы “жылтырап” кирип барар элем. Кашайганда, бул жоругум адатка айланып баягы камоктордун жанынан түз өтмөгүм азап болду. Жакшы эле айланып өткөнсүйм, бирок буттарым кантип кайра алып барганын, бригадирдин атындай тегеренип тумшугумду камоктун тешигине салып туруп калганымды өзүм да байкабай калчумун. Ошондой “сонун” күндөрүмдүн биринде “эсептен” жаңылып калган окшойм, эки бутум эки жакка сүйрөп, кадимки эле арык көзүмө “канал” көрүнүп, аттаганга батынбай “айлампаш” болуп турганымда, кудай бетин салбасын, жорго мингенсип жаным көшүп, кош арыкты катар аттап, жыргай эле түшпөдүмбү!.. Көрсө, баягы Бөкөм кайдан келе калганын ит билсинби, жонуна мингизе салып үйгө жеткирип бараткан кербези экен. Ой, ошондогу ыраазы болгонум ай!.. Көп эле жорго миндим, бирок ушу кезге чейин Бөкөмдөй жорго минип көрө элекмин”.

Кайсы бир тойдо өткөн-кеткендерден кеп салып калжаңдашып турсак Бөкөм айтып калды “толук жазбай коюптур” деп. Анын айтымында окуя мындай болот:

— Үйгө кайтып келатсам, көзүң жамандыкты көрбөсүн, жолдун аркы бетинде жеңдей арыктан аттай албай желпинген бирөө турат. Жакшыла-ап карасам Темикеге окшойт. Мени көрө салып эле теректи кучактап калды. “Ой эмне турасың?” десем бу түгөнгүр өлалбай атып өлөң айтып атат: “опей, сен экен деп сендей жоон теректи кучактап алган турбаймбы”  деп…

Ошону кийин минтип термеге салган.

“Ажат ачкан дайыма,
Жолу жакшы Бөөбүйдүн.
Адашып түндө жүргөндө,
Ашкере ичкен күндөрдө,
Аттай токуп мингенде,
Жону жакшы Бөөбүйдүн”.

Эт икая

Күндөрдүн бир күнүндө журналист-акын досум Кемел Белековдун үйүнө кирип калдым. Парашют-турсийин белге бек байлап балкондо эт мүлжүп отурат. Кайдан-жайдан келгенин ит билсинби, эки чара үймө эт. Мени караган да жок.

— Бар, барып “парашютуңду” байланып кел балконго,- деди. Чечинип чыктым. Колума эки кулач шамшарын карматып койду. Карасам, өзү андан да узун кылыч кармап отурат.

— Ой, мунуң мурдумду шылып кетип балээ болбосун, кичирээги жок беле?- десем, “жей берчи ары, мен деле мурдумду кеспей жеп отурам” деп мулуңдап койду. Чечинип чыкканым ырас болуптур, семиз жылкынын эти экен, тиштегенде тизеге май чачырайт. Мүлжүңдөп мүлжүп атабыз, мүлжүп атабыз… дегеле чети оюлар түрү жок. Бир маалда мындай сунуш киргиздим: “Буларды экөөлөп бу жумада түгөтө албайбыз, Кыкеңди жардамга чакыр”. Акын досубуз Кыялбек Урманбетов ошо тапта 500 жылдык маареке урматына “Эр Курманбектин” либреттосун жазып жаткан. Аяшыбызды бала-чака менен көлгө жөнөтүп, үйүндө жалгыз эле. Кемел чалса: “Либреттону жазып бүтмөйүн эшикке чыкпайм деп каманып алгам, келсеңер өзүңөр келгиле” деп коюптур. Эки чара этти эки чоң баштыкка салып жөнөп калдык. Туңгучтун аржак-бержагынан чогулган эки үйүр кара чымын экөөбүздөн калбай келатат. Маршруткага түшө качып кутулдук. Шабдан баатырга чейин кууп келип, шайы ооп калды көрүнөт…

Камокко кайрылып “канчаны алайын?” десем: “Аяш бирди таштап кетиптир, экөөбүзгө экини ал, үчөөбүзгө үчөө жетет”, — деп койду. “Литровойдон” экини бөктөрүп жөнөп кеттим. Кыкеңде тыпыйган шортик, Кемел экөөбүздө шалбыраган “парашют”. Үстөлдүн үч капталына отуруп алып жилик мүлжүп, артынан “асылдан” аттырып атабыз… Кыкең кыйшайып отуруп алып либретто жазат, Кемел экөөбүз кыйшайып отуруп алып оңдойбуз…

Үч күндөн кийин эт да түгөндү, “аркынын” да аягына чыктык. Кудай жалгап бир маалда эшик чырылдап калса болобу!.. Кыкем жетип барып ачса таланттуу ырчы кызыбыз Гүлнара Тойгонбаева “ыр заказ” кылып келиптир. Экөөбүздү ашканага камап, аларды залга киргизип кетти.

Магнитофондон музыкасын угузуп, Гүлнара “кыңылдап” ырдап атат. Жаңылбасам, “Асылзаттын” обону болуш керек эле. Аны укканда Кекем “Бремен музыканттары” аттуу мультфильмдеги Никулинче бөдөнөнүн бөтөгөсүндөй курсагын бөрсөйтүп бийлей баштаган, ошо бийлеген боюнча алардын үстүнө кирип кетти. Анан Кыкем чыгып “ташы калдыбы, сен да жүр”, — деп мени ээрчитип кирди. Мультиктеги Трус, Балбес, Бывалыйга окшоп үчөөбүз турабыз: Гүлнара айым көлөмдүүлүгүнөн эле калды белем, башка бирөө болгондо бакырып чалкасынан түшмөк.

Эртеси түнү Гүлнаранын авансын “ап” дей салып отуруп калдык. Же баш жазганга, же үйгө качканга акча жок… Анан Кыкем таң атпай композитор Турдубек Чокиевге телефон чалды “тез жардам бекен?” деп. “Тез жетип барам” деген Тукең жок. Күтүп атабыз, күтүп атабыз… Келди бир маалда. Бир колунда дарбыз, бир колу бош. “Келатып чалынып кеттим” дейт. Анда Кыкем айтып атат: “Ай, анан дарбызды кармабай тигини кармабайт белең!” деп… “Эми кайра барып келейин” деп кайрылып кетти Тукең.

Бир маалда эшик тыкылдады. “Келди!” деп жетип барып ачсак үйдөн чыккан коюу түтүндөн киши көрүнбөйт. Үчөөбүз үңкүйүп отуруп чылымдан күчтү чыгарган экенбиз… Түтүн тараганда карасак, Кемел экөөбүздүн аялыбыз турат босогодо “айланайындар, деги барсыңарбы?” деп. Энебиз эркек туугандай сүйүндү белек!..

Темикем ошону да жөн койбой терме кылып жиберди.

Ашказаным деп коюп,
Арак ичсе түтпөгөн.
Айнып кеткен күндөрү,
Аялы түндөп издеген.

Калпакты катуу сүйлөгөн,
Кашайып өзү кийбеген.
Кайгыга салып далайды,
Капыкем өтөр дүйнөдөн.