ТОКТОШОВ Капар: КАПАР ТОКТОШОВ: ЧЫР-ДӨБӨ

(сатиралык аңгеме)

Протон колхозунун бүт эли убай- чубай Тынч- Дөбөгө бет алды. Алдыда чыбык минген мадыра баштар баратты чаң сапырып. Алардан соң калбаат баскан жигиттердин сөзүн тыңшап боз балдар барат. Алардын артында катын- калачын алдыга салып айдаган чоң кишилер. Эшекчендер улам- улам теминип артта. Аларга удаа айылдын эринчээк иттери топ ичине даап кире албай ыркырашып келет.

Ошентип биринин сөзүн бири укпай бака- шака болгон эл Тынч- Дөбөгө жете келип уй мүйүз тарта токтошту. Тынч- Дөбө бу секинин кийинки, жаңы аты. Эски аты Чатыр- Дөбө боло турган. Жыйын өткөрүү үчүн атайы кол менен жасап койгондой жайык жер. Бу чөлкөмдүн тою да, ашы да, майрамы да мына ушу дөбөдө өтөт. Бирок бир да жыйын тынч өтпөсө керек кыязы, ошондон байкуш дөбө Чыр- Дөбө атын алган.

Жо, бир ирет тынч түлөө берилген ушу жерде. Анда Матен жаңы эле обком болуп келген кез. Келип эле ишти атагы алыска угулган мына ушу дөбө атын которуудан баштаган. Эл көп чогулду ал жыйынга. Борбордон чоңдор келишти. Элден милийса көп. Жакалаша түшкөн протондуктарды жаакка чабат аларың. “Опей, өзүңдүн жаагыңдан бетер чабасың да! Абайлап эле чапсаң боло бирөөнүн жаагын” деп каяша ыргытат жаакка жегендер. Антсе милийса аны жагжаңдата сүйрөп барып кара машинеге камап салат.

Ошентип ак боз бээге бата кылынып, эл ынтымакка бата беришти. Чыр дегенди эгерим унутмай болушкан. Чырдын баары дөбөнүн атынан чыгып келгенсип, аны Тынч- Дөбө атап таркашты. Таркашмак деле эмес, чыр башталып кете электе дештиби, жанагы самсыган милийсалар чогулган элди ит куугандай кууп таркатып ийишкен.

Бирок… Обком бул түлөөгө эрке небересин ээрчите келет эл башкарганды үйрөнсүн деп. Ал балакай болсо жүнү сыйда кандегин жетелеп алган тура. Кишилерди иттей итерип кууган милийсаларды оозун ача карап тура берип, кандегин колунан чыгарып ийет. Кандек болсо протондук жолбун иттерди карай чү коёт. Ал эми тоолук жапайы короочулар мындай атыр жыттанган кичине итти өмүрү көргөн бекен?.. Аны кызыга жыттагылап, ит болгон соң бири- биринен кызганып талаша башташат. Ыркырашып кабышкан бир короо ит кандекти каңкылдата тебелеп, Чыр- Дөбөнүн саманын асманга сапырат. Тапанчаны тарсылдата атып, милийсалар итке таланганына карабай кандекти эптеп куткарып алышты. «A- а, Чыр- Дөбөнүн аты өчсө да, касиети калыбында тура» деп ичтен ыраазы боло таркады жыйылган эл. Обкомдун кандеги таяк жегенине маашыр боло таркашты. Өмүрү эркелетпеген итин сылап- сыйпап мурдунан өөп жүргөндөр андан көп.

Ошондон көп жыл бою бу дөбөдө жыйын өткөрүүгө тыюу салынган. Демократия келгени дөбөнүн багы ачылды. Байма- бай жыйын өткөрүлөт бу жерде.

Ошентип Тынч- Дөбөнүн тынчы кетти бу күнү. Бака- шака басаңдамак тургай улам күчөп барат. Көрсө, секинин үстүн узун үстөл менен киши туруп сүйлөөчү төрт бурч жашигин жүктөй чапкан чоңдор небак ээлеп алган экен. Талаш ошолор отурган жерге жакын орун талашуудан тутанган тура. Аксакалдар алдыга жутунат, сөз талашка камынып алган эр- азаматтар ыктуу жерди тарттырып ийүүнү каалабай моюн толгошот. Ошентсе да, кулагы катуу байбичелер колдорундагы таяк менен аларды башка- көзгө койгулап үстөлгө жакын орунду тартып кетишти. Минтпесе алар айтылган сөздүн баарын укпай калышпайбы. Анда, эмне айтылганын эртеси элге ким жаймак?

Алды жак тынчып, бака- шака артка ооду. Улам арткысы алдындагысынын тумагын жулуп ыргытып желкеге чукуйт.

— Жолдош протондуктар, тынчтаныңыздар!-  Айыл кеңешинин төрагасы чогулушту ачмай болду эле:

— Биз протондуктар эмес, булатондуктарбыз,-  деп чуу салды Алатон тукуму.

— А биз буратондуктарбыз,-  Бууратон тукуму өңгөчү үзүлгүчө кыйкырышат.

— Болотондук де, келжиреген шволуч!-  Болот тукуму туурадан ушинтип аралашат. Бир маалда баары:

— Калкос атын так айтпаган эме чогулушту башкарбасын!-  деп талап кылышты. Кезек башкармага тийди. «Телпейген кудай аткы, кенедей чогулушту башкарганга жарабайт» деп селсебетти жаман көзү менен карай, төрт бурч жашикке чыга келди. Бирок оозунан жаңылып алды. «Жолдош туугандар! Зачем бизге ызы-чуу? Зачем туугандар?” дегенде эле: «Тил мыйзамын бузуп салды. Тил мыйзамын бузган эме чогулуш башкарганга жарабайт!” деп кууп түштү аны. Ошентип чогулушту райондун акими алып бара турган болду.

— Жолдош туугандар!-  деди ал «оозумдан жаңылып элге уят болбосом экен” деп аярлай. Ошо замат эл ичинен: «Жолдош-молдошуңду таштасаң боло партократ аке! Мобу отурган эл эгемен мамлекеттин мырзалары жана мырзайымдары!» деген үн чыкты. Ким айтканы белгисиз.

Аким ормоё тиктеп эл ичин сыдыра карады. Караса баары эле сыр алдырбай отурат. Отургандар арасынан томпоюп чыгып турган көчүктөн шекшиди. «Башын катып алып кыйкырып жатканын кара, таанып калсам…» деп кекенет ичинен. Райкомдун биринчи катчысы болуп турган заманын эңсеп каңырыгы бир түтөдү дейсиң. Айла жок.

— Макул, жарайт,-  деп сөзүн улантты. Бирок көчүктөн көзүн албайт: — Эмесе, мырзалар жана мырзайымдар, колхоздун атын өзгөртүп, ага тарыхый өз атын кайтарып берүүгө арналган салтанатыбызды ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер.

Эл шатырата кол чаап орундарынан тура калышты. «Аттиң» деп өкүнүп калды аким. Көз кырынан жанагы көчүк кутулуп кеткени.

Электрик Эрмек жетектеген эстрада тобу салтанатты коштоп «Ай карындашты» кайрып ийгенде салтанат ого бетер салтанаттуу боло түшпөспү. Алар узун зымдын учуна таш байлап ыргытып, үн чоңойткучту токко кошуп алышкан экен. «Ай карындаш» тоо жаңыртат тим эле. Өткөндө да аягына чыкпай калган мына ушундай салтанатта токко асылам деп эстраданын  бир  мүчөсү  курман  болгон. Ошого карабастан буларды бүгүн да айдап келишти «музыкасы жок кантип салтанат болсун? Калкосубуздун тарыхый аты кайтарылып жатса, аны коштоп жок дегенде “Интернасионалды” аткарып койгула” деп.

— Эмесе мырзалар жана мырзайымдар, кана… колхоздун азыркы Протон аты өчүп, ата- бабабыз койгон өз аты кайтарылып берилсин десеңер… бир добуштан кубаттап койгула!.. Ким каршы?.. Жок. Ким калыс?.. Калыс жок. Бир добуштан.. Сиз эмне? Каршысызбы?.. Калыссызбы?.. Анда эмне… Эй, эмне унчукпайсың?

Жооп жок. Элдин баары “бу ким?” дешип топ ичинен сороюп чыгып турган колду аңырая карап калышты. Карашса кулагы керең кара кемпирдин добуштан утуш максатында колго окшотуп жасап алган таягы сайылып турат сороюп. “Кол көтөр дегенде муну да кошо көтөрүп тур” деп ага карматып койгон жасалма кол- таягын убагында сууруп коюуну унутуп койгонбу курган киши, же колуңарды түшүргүлө дегенди укпай калганбы, Алатон уруусунун “уурусун” карматып койду ошентип. Таякты Бууратон уруусунун бир келинин жула качты эле, Болот уруусу «колго салган жарабайт, чырдап коюшту, добушту эми баш санап жүргүзөлү» деген сунуш киргизишти. Ошентип кайра добуш берүү башталды. Санак кемисиясы түзүлүп, баш саноого киришти. Колхоздун ата- бабадан калган аты үчүн 290 баш ийкелип, “бир баштан” добуш берилди. Эрмектин эстрада тобу «Интернасионалды» ойноп коё берди. Баш- аягы жарым саат ойнолду го ал күү. Эстрада ойноп бүтүп, эл ураалап бүтүп карашса төрт бурч жыгачты Калыс жинди ээлеп алыптыр.

— Оо калайык,-  деп кайрылды ал чогулгандарга: — Ойлонуп баш ийкесек кантет ыя? Качанга чейин баштын ичин иштетпей оокат кылабыз? Чууңардан душман үркөт, эмне кылып жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Калкосубуздун тарыхый кайсы аты бар эле? Ошо тарыхый өз аты үчүн канча кишибиз атылып кеткенин унутуп койдуңарбы ыя? Калкосубузга “Балчабек бизге бакыт алып келди, ошонун атын коёлу агайындар” деп Большевик атын койдурган биринчи башкармабыз Алатон аксакал чоң жыйында “Мен Балчайбек калкосунун башкармасы болом” деп айта коюп балекетке калбады беле. “Сен “балчайбек” атап большевик атын маскара кылдың” деп атылып кетти эле го. Же муну унутуп салдыңарбы? Анан “элдин тили келбейт экен, элибиздин баары атылып кеткенди каалабайт, Большевик атын өзгөртүп бөлөк ат коёлу” деген алты азаматыбыз атылып кеттиби партияга душман делип. Кийин калкосубузга Сталин атын берип алдык. Анда Бууратон аксакал башкарма. Бир ирет аны борбордон келген чоңдор “планды аткарбайсыңар” деп көр жемеге алса, “эми эмне кыл дейсиңер, айланайындар! Эгин чыкпай үшүп кетсе да Сталин эли күнөөлүүбү? Анда “Сталинди” кулакка тартып ийгиле” деп балекетке калдыбы? Калды. “Сталинди кулак деди. Бууратон эл душманы. Атылсын” деп ушу турган эл кол көтөрүп, ушу Чыр- Дөбөдө аттырып ийбедик беле. Аны да унуттуңарбы ыя?! Анан элдин баары социализм кура албай жатса, биз кыйраткансып калкосубузду Коммунизм атап ийдик. Эл катары эмгектенгендин ордуна чыр- чатагыбыз көп болуп бизге башкарма токтобой койду. Ошондо “өзүңдүн элиң, өзүңдүн жериң” деп бизге Болот аксакалды башкарма кылып бериштиби. Беришти. Муну бу жерде отурган аксакал- көксакалдар жакшы билишет. Бир жылы план аткарылдыбы ошо кезде? Жок. Ким жаман?  “Коммунизм” жаман. Ким жаман? Болот башкарма жаман. Жамандан жадаган соң Болот аксакал Маскөөгө кат жазат: “мени башкармалыктан алгыла. “Кемунизм” жаман десем болбой коюшкан мени ал орунга. “Кемунизмден” тап- такыр тажап бүттүм” деп. Эртеси эле КыГыБысы келип, “Коммунизмди жамандаган, буржуйлардын тыңчысы” деп Болотту айдап кетиштиби дайынсыз жок кылып. Кетишти. Анан “жаман калкоско жакшы ат жарашпайт экен, калкосуңардын атын өзүңөр каалагандай которуп алгыла” дегенде биз алты ай ат тандай албай, алдыбыз атышып соттолуп, артыбыз тытышып соттолуп, малыбыз кырылып, эгинибиз тепселгенде “адамзаты атом доорунда жашап жатышыптыр. Биз алардан бир кадам алдыда жүрүшүбүз керек. Атомдон соң протон доору башталат. Калкос атын Протон коюп алалы” деп бир бүтүмгө келбедик беле? Чын айтамбы? Эми калкосубузга кайсы тарыхый атын кайтарабыз ыя? Ушундан көрө Татьяновка дедирбей айылыбыздын атын кыргызчалап алсак кантет ыя? Шерменде болуп бүттүк ко. Качанга чейин эле аарынын уюгундай уу- дуу боло беребиз? Мына, алты айдын жүзү болду, алты короо кой өлдү багылбай. Талааларыбыз айдалбай, эгинибиз себилбей калды. Уйдун баары көтөрүм, жылкыларыбыз кырчаңгы. Келгиле эми, ушуну менен чырыбызды бүтүрөлү. Колхоз- совхоз тарап жоюлуп жатса, биз анын атын өзгөртөбүз деп тытышып жатабыз. Андан көрө айылыбыздын Такыр- Сай деген тарыхый атын кайтарып албайлыбы…

— Атаңдын башы, жинди!-  деп аны төрт бурч жашиктен сүйрөп түштү калбаат кара сакал: — Айланайын туугандар, буга ишенбегиле! Жиндиге ишенип жинди болобузбу эми… Эк, койтурчу ары!..

Ага бирдеме шыбырайын деген акимди ушинтип кагып алып тиги неме коркуп кетти аябай. Аны жалбара карады, кечирим сурай, ыйламсырай карады дейсиң…

Эл дуулдап жиберди «сүйлөсүн. Алатон тукумунун атынан сүйлөсүн» деп.

— Туугандар, баарыңар билесиңер го, калкос аты биздин атабыз Чоюндун атынан коюлган эмеспи. Өзүңөргө белгилүү, ал киши өмүр бою ала тон кийип жүрүп Алатон атка конгон. Анан аны тапан жоро- жолдоштору менен уят- сыйыттуу келиндери тергеп, Булатон аташыптыр. Атабыз бүт өмүрүн өкүмөт менен партияга арнап, жалган жерден атылып кеткен. Кудая шүгүр, өкүмөт калыс экен, атабызды актап берди, атын калкоско коюп берди. Буга биз, кырк түтүн Алатон тукуму аябай ыраазыбыз! Жашасын партия! Биз атабыздын атын өчүрбөйбүз! Өлсөк да өчүрбөйбүз!..

Ушинтип жашып түштү ал жашиктен. Кезекти аны шыкактап турган кер мурут алды.

— Туугандар… Ыя туугандар! Калыстыгыңар каякта?-  деп ыйламсырай кыйкырып жатты ал: — Мына мен Буратон тукумунанмын ээ? Бу биздин калкостун биринчи башкармасы Алатон болгон менен, анын түбүн түптөп калкос кылган Бууратон атабыз болчу. Өңгөнү унутсаңар да, ушуну кантип унуттуңар калайык? Арбак урбайбы бизди. Же натуура айтып атамбы?

Эл ичинен «туура, туура» деген үндөр чыкты.

— Жаныңды жебе! Атаңар тилинен тапкан, тилинен, — деп айкырат бир тобу.

Жыгач жашикти колунан чыгарып ийбөө аракетинде аны бек кучактап алган кер мурут сөзүн улады:

— Ошо калкос курган кезде жалгыз менин атамдын бурка тону бар эмес беле. Андан бөлөк, кана, кимиңердин атаңардын бурка тону бар эле? Болот атанын “кара тону бар болчу” деген карандай калп! Ушуну мен мобу… урматтуу акимибиздин көзүнчө апитсиалдуу жарыялап коюшум парс. Ал тургай Чоюн куркуттун Алатон болгону да калп. Жалгыз менин атамдын бурка тону болгон. Үстүнөн түшүрчү эмес дешет аны, байкуш киши. Атылганда да, ошо бурка тонун кийип атылды дешет…

Кер муруттун үнү каргылданып кетти.

«А- алда курган акем ай- е, адамдын айкөлү эле!» деп кошок кошуп жиберди кара кемпир кемшеңдеп.

— Мына кара жеңем күбө, атамды Бурка тон деп тергеп жүрүп, Буратон атка кондурган. Атабыздын атын өчүртмөк тургай, керек болсо эстелик тургузабыз. Калкос аты өзгөрүлбөсүн!

Жыгач жашик андан соң Болот тукумуна тийди.

— Мен… Мен…-  мукактанып- муунуп алган көсөөнүн жаалы көзүнөн чыгат: — Айтаарга сөз таппай турам. Ушундай да калыссыздык болобу, айланайын эл- журт! Калкос аты Протон. Протон деген кыргыз сөзү жок. Ал Буратон да эмес. Пр- ротон! Болотон деген биздин атабыздын атынын орусча туура эмес айтылышы эле. Атам Болот темир топчу шабыра тон кийип жүрчү эле. Келиндери анын тонун “болот тон” деп тергеп жүрүп, атамдын эл билген аты Болотон болуп калыптыр билгиңер келсе. Баарын кылган орус. Бишкекти Пишпек кылып ийгендей эле, Болотонду Протон кылып салган тура. Так што, калкос аты Болотон болуп такталсын! Анан ушу Болотон аты түбөлүккө сакталсын!

— Сакталсын, сакталсын!-  деп чуулдап ийди четки катар.

— Ой эл- журт! Темириң да, болотуң да, чоюнуң да бир эле металл. Ошо сыңары Темир, Болот, Чоюн үчөө тең эле бир уруу, бир атадан туугандар. Анда эмнени талашып, кырылышып атасыңар ыя? Көзүңөрдү ачсаңар боло! Ойгонсоңор боло акыры!-  Калыс жинди жыгач жашикке кайра чыкты эле, «Бузукунун тилин укпагыла, жиндини жашикке жакындатпагыла» деп аны секиден сүйрөп түшүп, көчүккө тээп кубалап ийишти. Аңгыча чүкөдөй сары кемпир чаркырап калды, колунда бир чакча насыбай.

— Мага сөз бергиле! Бербесеңер мобу асмайды бүт атып ийип уугуп өлөм!

Эл толкуй түштү. Карылуу беш- алтоо кемпирдин карышкан колунан насыбайды араңдан зорго тартып алышты. Алар кармашып жатканда жыгач жашиктин жанында сөз талашып жаткандар ийге келишип, кемпирге кезек бере турган болушту. Энтиккен сары кемпир жашикке жармашып, анан үстүнө чыгып алды.

— Айланайын аким уулум,-  деди ал район акимин карап: — Сени жакшы уул деп мактап жүрсөк… Сени деле мына биздей апалар төрөгөн чыгар. Асмандан түшкөн эч ким жок бу жалганда. Анан эмне апаларыңды таарынтасың ыя? Керек болсо мобу, үстөлдө отургандардын баары ушундайсыңар. Көзүңөргө келин- кыздар гана көрүнөт. “Мырза айымдар” деп… А, “мырза апалар” деп бизге деле көңүл бөлүп, көңүлүбүздү көтөрүп койсоңор эмне болот экен? Же биз эмне, мырза апа атка татыбайт бекенбиз?.. Кечирим сура уулум. “Мырзапалар, кечирип койгула” дебесең…

— Айланайын мырзапалар, кечирип коюңуздар! Кечирип коюңуздар!-  деди аким мылжың- мылжың эте. Сары кемпир жашып барып акимдин бетине жабышты. Жарым саат өпкүлөп, оозу бошой калганда акимдин кулагына шыбырап атты.

— Тетиги сары чийкил менин жаманым, айланайын. Көз кырыңды сала жүр.

Чогулган эл үч ата болуп бөлүнүп тирешип турушту. Сөз уккан киши жок. Жашыраактары жеңдерин түрүп мушташка камынып калган.

— Агайындар, менин сөзүмдү тыңшап койгулачы. Мен адабияттан сабак берем. Калкосубуз Протон атында эле калганы оң. Анткени Протонов деген улуу жазуучу. Анын атасы Протон Архимед аттуу окумуштуунун көздөй досу, керек болсо кан кудасы болгон. Вот- таак! Мына ушуну да эсиңерге алып койсоңор.

— Сага корогон кайран беш жыл! Кайран гана диплом!-  деп жер жаңырта кыйкырып калды Калыс жинди. Жыгач жашикке жете албасын түшүнгөн соң ал эстраданын үн чоңойткуч аппаратын артына асынып зым карагайдын башына чыгып алган экен: — Протонов деген жазуучу жок, кудайды карап айтсаң боло! Ал жазуучунун аты Плотонов. Так ушу биздейлерди безге сайган чыгармаларды жараткан. Анын аты бизге куп жарашат. Калкосубузду Плотонов атап алалы анда.

— Бу жиндиден кутулбай калдык ко. Сүйрөп түшкүлөчү аяктан,-  дешти үстөл кучактап отургандар. Беш- алты жигит карагайга бет алды эле:

— Кел, келегой,-  деди Калыс жинди каткырып: — Чыгаардан мурда, протондук акмак кыке, алдагы жазууну оку көзүң бар болсо.

Калбаат жигиттер карагайдын түбүнө келип токтошту. Карагайдын этегинде адамдын баш сөөгү тартылып, «Чыксаң өлөсүң» деген жазуусу бар сүрдүү сүрөт илинип турат. Окуп алып кайра тартышты.

— Жиндини же кудай албайт, же ток урбайт!-  Кетип бараткандардын бири ушинтип сөгүнүп калды.

— Жиндиге теңелбей эле коёлу. Келгиле калайык, эгер адабият мугалиминин айтканы чын болсо калкос атын Протонов атап алалы,-  деп чыгышты бир даары. Көпчүлүк бул сунушту колдоп кетти. Баш саноо башталды. Бирок, добуш жетпей калып чатак кайра ырбады. Ары талашышты, бери талашышты. Акыры чарбага жаңы акимдин аты берилмей болду.

— Эми, мен не дейин?.. Көрсөткөн урмат- сыйыңарга ыракмат! Ушу силер үчүн ары- бери чапкылап кара жанды карч уруп жүрбөймбү. “Эмгегимди эл бааласа” деп эңседи элем. Ошо кыялым ишке ашкан турат көрүнөт. Колхозго атым берилсе мен деле четте калмак белем. Актаганга жараармын. Бирок, азыр мен тургай Президентибиздин аты бериле элек эч жерге. Ал киши кандай ойдо калат деп чочуп турам,-  деди аким сөз алып. Эл кайра чурулдап ийди:

— Эмнеге чочуйсуз? Азыр деген демакратия заманы. Мобу турган эл чечип  койсок Президентибиз демакрат эмеспи, элге каршы чыкпас.

— Эй, татыянөпкөлүк өпкөсү жок кыргызым,  калкосуңарга алдым- жуттум алдагы акимдин атын бергиче Президентиңердин атын берип алсаңар кичине  кайрымы тийбейби ал кишинин. Ушуга да мээңер жетпейт, күйөм да күйөм.-  Калыс жинди тоо жаңырта зоңкулдайт.

— Апей ботом, Калыс жиндинин айтканы да жөн болуп турат ай! Келгиле, акимге караганда Президент чоң эмеспи, калкоско анын атын берели,-  деп чогулгандардын бир даары Калысты колдоп кетишти.

«Алтернатип демократия болсун. Бүлүтөн жасап, аким менен Президентибиздин атын жазалы. Жашыруун добуш берип, кимиси жеңсе, ошонун атын берели калкоско» деген бүтүмгө келишти.

— Мынча болду, бүлүтөнгө менин атымды деле киргизип койгула. Баары бир мен жеңбесимди билип турам. Айта жүргөнгө эле жакшы.-  Карагайдын башынан Калыстын үнү чыгат: — Эй, ары жок Алатон тукуму. Тукум болбой куруп эле кеткиле! Калкос аты өчкүчө өлгөнүбүз артык деп жатпадыңар беле? Печара кыргыз десем арданасыңар анан…

Ал ошентип ар кимди чучукка сайып эрмектеп жатканда чогулган эл бука- мүйүз тарта үймөлөктөшүп, Калыс жиндини карагайдан кантип түшүрүштүн амалын издешти. Акыры анын үйүн өрттөп иймей болушту.

Айыл үстүн коюу кара түтүн каптады.

— Эй жинди, үйүң өрттөнүп атат. Маймылдай болуп олтурбай, бар, барып үйүңдү өчүрүп кал.

— Карагай бийик ко ботом, көрүп турам. Өрттөнгөн үй меники эмес, кошунаныкы.

Калыс жинди камаарап да койгон жок. Кошунасы чабарман жигитти басып жыгылды муунтуп.

— Кудай урсун, Калыстын үйүнө өрт койгом, кудай урсун!-  Муунган жигит ушинтип карганып жатты.

— Ой жинди, сенин эле үйүң экен. Мына, көрүп келгендер айтып отурат.

— Меники болсо ырас болуптур. Барып өчүрүп койгула. Болбосо баарыңардын үйүңөргө от жабышат… Жинди болсом деле акыл менден чыгат акыры. Калкос атын Чыр- Дөбө коюп алгандан артыгы жок.

Аңгыча айылдын аксакалы Осоке молдо сөз алды.

— Кудай урган калк экенсиңер, айланайындар! Араңарда Калыс жиндиден бөлөк соо киши жокпу деп калдым. Ушунчаңарда талашыңарды токтоткула да, айылды өрттөн аман алып калгыла.

— Опе- ей ай, чын эле, өрт бүт айылды каптап баратат!..

Эл дүрбөп Татьяновканы карай самсыды. Тынч дөбөдө карагайдан түшө албай жалгыз Калыс жинди калды.