ТОКТОШОВ Капар: КАПАР ТОКТОШОВ: ШАКЕ РЕКОРД

Университетте окуп жүргөн кезибиз. Шайлообек Дүйшеев бизден кыйла улуу, ошон үчүн группага староста шайлап алганбыз. Лекция бүткөндө суусаган койдой чуркайбыз көк дүкөндү карай. Бирден “зомгараны” бөктөрүп ошо тегеректеги эле калың бакка кирип кетмей…

Катуураак бакылдашып калган кербез белем, мотосекилин дырылдатып токтогон милийсаны байкабай калыппыз. Кармап алды. Катарга тизип, алдына салып айдап баратат. Бир маалда Шакем “зыр” койду. Айдап келаткан милийса бизди таштап Шакенин артынан кууп кетти. Алтымыш кадам аттаганда, жетпесин сездиби, мотосекилдеги өнөгүнө кыйкырды “итти коё бер” деп. Тигиниси килейген немис итин “ал” деп айдактап ийди. Шакем баратат көзгө илешпей, артында ит… Ой-тобо-о, итке караандатпай №5 жатаканага кире качты. Анан тиги эки милийса керебеттин астын аңтарып, Шакемин изин ити да таппай чыгышты.

Азыр Жаныбек Юморалиев атыгып жүргөн таланттуу акын да биздин курсташыбыз:

— Балдар, Шаке самолёт скорус менен кетти. Тормузу токтобой калса Ат-Башыны аттап Кытайга кирип кетпесин. Жүргүлөчү, карап коёлу,- дейт. Жатакананы бүт аңтардык. Жок. Сырттан издеп жүрөбүз. Жок… Бир маалда өзү чыгып келди башкы корпустун артындагы бадалдан. Көрсө, экинчи кабатка чыгып, (анда аяшыбыз менен үйлөнө элек кези) Зейненин бөлмөсүнүн терезесинен жатакананын артына секирип кетиптир. “Ушинтип-ушинтип сени издеп чыкканбыз” десек мурдун балта кеспей айтып атпайбы:

— Ой-ата, силер скорусту көрө элек турбайсыңарбы?.. Бул – экинчи эле скорусум болчу. Төртүнчүсүнө салсам көрөт элеңер…

Анан көрсөттү төртүнчү скорусун: элге алынган эчен “араба” ыр жазып, Байдыке менен Токтогул сыйлыгын Эл акыны наамына кошуп бөктөрдү.

Жанызак жарыш

Тамчыда таң атпай уй кошуп бартам. Бутта бок каткан өтүк: уюң шатыратып кете берет, а сен болсоң бут булганат дебей кече бересиң. Бок каткан өтүк эгерим бокко булганбайт.

Ошентип кетип баратсам белчесине чейин бок чачыраган тыпыгый кара машина токтоп, айдоочусу түшө калып эле колтелефонуна тартып кирди мени. Мындай карасам Жаныбек Жанызакка окшойт. “Тамчы Талас эмес да, таң атпай биякта суутуп коюппу” дейм. Көл бышкан маал болсо бир жөн, эрте жаз беле, кеч күз беле, же кычыраган кыш беле, айтор, сууга түшөр кез эмес. Машинадан күпчүктөй шишиген бир баш чыкты “ээ, болчу бат” деп. Көр казгычтардын бири экен.

— Айланайын Капаке, менин көрүмдү да казып ийе электе кетейин… Аяшым өлгөн. Ошоякка кел,- деп жөнөп кетти.

Көз көрсөтүп бардым жуунуп-таранып алып. Башка жерде “эсил кайран, эми кайдан” деп эки кайрып өкүрөт ко, бул жакта “эсил кайранды” эле бир чозуп коёт. “Эсилдин” жарымын кайрый электе жеңден тартып сүйрөп кетти Жакең “жүр чайга” деп. Ошо жерде тургандын баарын айдап кирди. Анан чай ууртатпай баштады бакылдап.

— Ии, Каке, айтчы, биякта кайдан жүрөсүң? Төркүнбү же кайын-журтпу?

— Кайын-журт.

-Анда күч күйөө турбайсыңбы? Мен да күч күйөөмүн. Кел анда, жарышалы кимибиз кыйын күч күйөө экенбиз? Бу тургандар калыс болсун. Биринчиңби же экинчиңби?

— Экинчим.

— Аа, анда тең экенбиз, меники да экинчиси. Эми айт: биринчиден кантип кеттиң эле?

— Кагазым менен калем сабымды колтуктап чыгып кеткем.

— Оп-бали! Мен да ошентип кеткем. Тең келтабыз ай… Анан бу, экинчиге ырым-жырым кылып бирдеме бердиңби? Мен ырым-жырымын жасап анча-мынча бирдеме алпарсам кайнилерим “мунуң аз го жезде?” деп келишиптир. “Аз болсо эшиктеги машинамды ал” деп ачкычын карматкам. Эшикке чыгып кайра кирди тигиниси “ээ жезде, машинаңыз эски турбайбы” деп. “Ала бер, эжекеңер деле эски болчу” дегем. Эми айт, эски-уску болсо да бирдеме ыроолодуңбу менчилеп?

— Мени ыроолотпой эле өзүлөрү ыроолоп салышты, ошону айдап жүрөм,- дедим. Аткан бойдон эшикке чыгып кеткен. Кире элек жатып бакылдап келатат.

— 45-16 деген “Ауди” беле? Ой, сен сип-сивежий бала турбайсыңбы!.. Кеттик ары: баягы Арча-Бешиктеги үстү лоток менен жабылган үйдү балдызыма энчилегем. Кайниме бартир тартууладым. Бу жагынан кандайсың?

— Менде кайдагы үй? Кайын-журт эки үйүн берип коюшкан, биринде жашап, экинчисине жайкысын киши киргизип оокат кылып атабыз.

Жакең “чынбы?” деп ошо жерде отурган тамчылыктарга карады эле, алар “чын-чын” деп жаалап кетишти.

— Кеттик дальше. Өзүң билесиң Капаке, атбашылыктар аябагандай сыйчыл эл болот. Мен барганда козусун союп, үч күн катар коноктоп шайды оодарып кетирет. Көлдүктөрдүн сыйы кандай экен?

— Билбейм Жаке. Беш жыл мурун чакырышкан “көлгө түшүп, эс алып кетиңиз жезде” деп.  Ошондон бери эс алдырып атышат.

— Аа, сен эрке күч күйөө экенсиң, ашып кеттиң! Келе колду…- деп бак-бак этти Жакең ошондо.

Жеңе жүрүш…

Узак жылдар Кыргыз радиосунда эмгектенип, кечээ жакында “Сары-Өзөн” радиотелекомпаниясынан ардактуу эс алууга кеткен белгилүү журналист Макен Калбаев менин курсташым. Жашы улуу болгон менен университетке келгенден тарта бир батирде жашап студенттик дооронду дос катары чогуу сүрдүк.

“Б” тобунда үч Асаналиев болор эле: биринчиси – Көлдүн Жети-Өгүз райкомунда, кийин Саруу айыл өкмөтүндө бир топ жылдар жетекчилик кызматта иштеген Турар Асаналиев. Аны биз “Тасаналиев” деп койчубуз. Экинчиси – Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым өкүлдүү элчи даражасына ээ Эрик Асаналиев. “Эсаналиев” деп коёбуз аны. Үчүнчүсү – Көлдүн Сары-Камышынан чыккан журналист Байкалык Асаналиев эле. Аны, албетте, “Басаналиев” кылып албай жан жокпу…

Ошо Тасаналиев менен Макен үчөөбүз бир бөлмөдө жашап калдык. Турар экөөбүздүн кыз жандай элек кезибиз. Ал эми Макебиз болсо, кантсе да улуураак эмеспи, Мединституттун бир кызы менен сүйлөшүп жүрчү. Бир күнү эле “жылан чакпай, жылкы теппей” эки жаштын ортосун мышык аралап кетпеспи…

Макебиздин маанайы суз. Сабактан келет. Тескери карап жатып калат. Жо, бирок, анысы узакка созулбады. Бешим ченде бети-башын жууп, тармал чачка бреолин деген майды жалтырата сыйпайт да, “Шипр” атырынан себине салып жөнөп калат. Чыгып баратып зоңк этет:

— Салтанат жеңеме кеттим!- деп.

Турар экөөбүз калабыз тиктешкен бойдон. Анан, оо түн бир оокумда Макебиз келет көзүн кылгыртып.

— Салтанат жеңемкине барсам байкем жок экен. Жакшы тамак жасап ой-да-а сыйлады белем! Анан эле муздаткычтан виносун алып чыгып куюп калды. Эки эле ыстакан ичтим кудай урсун!- деп актанып кирет.

Жүрө-жүрө Макендин жеңелерге “визити” арбый баштады. Бир күнү Бермет жеңесиникине барат, экинчи күнү Чынар жеңеси күтүп алат, үчүнчү күнү Сейил жеңеси чакырат, төртүнчү күнкү тизмеде Чолпон жеңеси турган болот. Кыскасы, Макебиздин жеңелегени шек туудура баштады акыры.

Кайсы бир күнү Макең адатынча аттанып калды.

— О, Маке, каякка жасанып?

— Салтанат жеңем чакырган. Кеттим!- деп салып-уруп жөнөдү. Турар экөөбүз мурда эле сүйлөшүп койгонбуз, артынан аңдып баратабыз.

Макең артын бир кылчайып карап койгон жок ко, атаңгөрү! Түп-түз эле стадионго танапташ “Салтанат” кафесине бурулуп кирип кетти. Барсак, терезеден баары алаканга салгандай көрүнүп турат: Макен досубуз 200 граммдык стаканга мелт-калт вино куйдуруп, турма столдун чекесине тура калып жарымысын култ эттирди. Билмексен болуп кирип бардык “жаныңыз бош болду бекен?” деп. Макеңдин колундагы ыстаканы ыргып кете жаздады го!..

— Ой шволучтар, аңдып келип кармап алдыңар ээ!- деп “уурусун” моюнга алды дароо. Көрсө, “жеңеме бардым” деп коюп, “Бермет”, “Сейил”, “Чынар”, “Чолпон” аттуу Фрунзенин кафелерин кыдырып жүрөк өртүн басчу тура вино менен.

Ошондон кийин жалгыздабай, биз менен чогуу айылчылап калды жеңелерине.

Макен тикме

Университеттин Алтын-Бешик аталган жатаканасында алтынчы күн сайын бий болчу. Жасанып-түзөнүп алып жатакананын көчүк айланбаган кире беришине түшөбүз. Эски магнитофондо эски музыка жаңырат. Түртүшүп-жөөлөшүп шалкылдамай. Бир маалда жай музыка кетет: эки-экиден кучакташып эле тегеренип калабыз. Деген менен, андан артык романтика болбостур!..

Медик-эжекеден бир аз түңүлтүп барып Макенди бийге аралаштырдык ой-боюна койбой отуруп. Сүлкүлдөп бийлеп атканда көчүк менен акырын жөөлөп отуруп улам бир кызга ыктатып коёбуз Макеңди. Бат эле качып келет “жаккан жок мунуңар” деп. Акыры бирөөнө ыктады. “Кудай буюрса байланды го” деп Турар экөөбүз бөлмөбүзгө жылт койдук.

Макен биздин артыбыздан удаа келди.

— Ой, эмне болду? Дагы жакпай калдыбы?- деп суроо салдык жарыша.

— Иттей сонун кыз экен, эй! Жакты,- деди көздөрүн кыбыңдатып.

— Анда эмне таштай салып жетип келдиң? Башка бирөө тартып кетпейби сен биякта жүргөндө…

— Тарттырбай калайын!- деди камырабастан: — Көйнөгүмдү которуп алайын деп эле келдим…

Макен, негизи, аябагандай шамдагай, ошонусуна жараша аябагандай шашма жан эле. Үстүндөгү көйнөгүн кандай чечип, жаңы көйнөгүн кандай кийгенин билбей калдык. “Илип койгулачы” деп бир көйнөктү керебет үстүнө ыргытып эле көздөн кайым болгон.

А бирок чыкканынан киргени бат болду. Шып кирип келип эле колтугун көрсөттү:

— Шволучтар десе, карап койбойсуңарбы!..

Карасак, чаар көйнөктүн колтугу сызылып сөгүлүп турат.

— Ой, анан карап кийсең болмок да,- деген болдук актанымыш эте.

— Келе ийне-жипти,- деди көйнөгүн чечип атып. “Башка көйнөгүңдү кие сал” дегенибизге көнбөдү. Арыдан-бери жөрмөй салып үстүнө кийди да, күзгүгө каранды колтугун. Тимеле мизилдете жамаптыр. Кыз да андай жамай алмак эмес.

— Ыя Маке, мизилдете жамаптырсың тим эле! Тикмечи болуп алсаңчы,- дедим машинка менен тиккендей жамаачыны таңдана карап.

— Атаңдын так башы!- деди Макен мени карабай туруп: — Алты жыл кулап атып араң өтсөм…

Ошентип коюп ичинен кыңылдап чыгып кеткен. Бир маалда кайра келди акактап.

— Ой, дагы эмне болуп кетти?

Унчукпай эле колун өйдө кылып колтугун көрсөтүп туруп калды. Карабаскыр көйнөктүн баягы жыртыгы ошо бойдон…

— Ой, азыр эле жамап кетпедиң беле?!

Анда анын камаарып койбой айтып турган кербези:

— Шашып жатып жыртык колтукту эмес, тиги бүтүн колтугун жамап кеткен турбайымбы…