ТУРДУБАЕВ Жолдош: ЖОЛДОШ ТУРДУБАЕВ: КАДЫРКУЛ ДАУТОВДУН СЫНЧЫЛЫК ӨНӨРДӨГҮ ОРДУ ТУУРАЛУУ КАЛЫС СӨЗ

Замирбек Үсөнбаев кара күүнүн залкары Карамолдону:
«Нотаны билбей калганга
Болгон дейт кээде арманда.
Эгерде азыр бар болуп
Эң сонун билим алганда,
Атактуу Бахтан калышпай,
А балким ашмак андан да», —
деп ырдаган.
Айрымдар муну апыртуудай көрүшү ыктымал, бирок кыргыздын кандай таланттуу эл экендиги адабиятта, кинодо, музыкада – дегеле көркөм өнөрдүн түркүн салааларында далай ирет далилденип келатат го.
Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу деп «Манаска» эң жетик баа берген Айтматов өзү космостой мейкин, деңиздей терең чыгармалары менен элибизди дүйнөгө таанытты го!
Чыңгыз Айтматов биздин фольклордон эң жөнөкөй «Эгин себүүчүнүн айтымын» баяндап бергенде, Гете, Гейне сыяктуу рух алптары бар немис калкынын интеллектуалдары биздин элдин пейилине, акылмандыгына таазим эткен эмес беле.
Залкар Чыңгыз айтылуу Токтогул Сатылгановду биздин элдин генийи деп баалаган. Жеңижоктун жыйнагына да ажайып баш сөз жазган. Саякбайдай замандашын өтө жакшы көрүп, ал жөнүндө эң татыктуу (конгениалдуу) макала жазган.
Барпыга келсек, тубаса таланты, Токтогулдай залкардын таалимин алгандыгы, кыргыздын эле эмес, жалпы Чыгыштын поэзиясынан да кабары барлыгы, кошуна өзбектердин өнөр адамдары менен алака кылгандыгы менен көркөм сөздүн көз кайкыткан бийиктигине чыга алгандыгы анык. Мисалы, «Гүзалхан» ырында:
«Көзүм сүйдү миң сулуу,
Көңүлүм сүйдү бир сулуу», —
дейт. Махабаттын ушул ажайып көрүнүшүн сөз кылуу үчүн Расул Гамзатов «Мен жүз кызга ашыкмын» деген көлөмдүү ырын жазыптыр, ошол ырдын чыпкалап алар маңызы – кадимки Барпы апыз жеткире айткан «миң сулуу менен бир сулуу» жөнүндөгү эле кеп.
Кадыркул Даутовдун сынчылык өнөрдөгү орду тууралуу Олжобай абдан калыс сөз айтыптыр.
Аскар Медетовдун жосуну… Уят!