ЭЛЕБАЕВ Мукай: МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ: МАЛАЙ АРТЕЛИ

АҢГЕМЕ

I

1929-жыл эле. Толубай төрт үй болуп, мурунтан жайлап жүргөн Кең-Төр деген жайлоодо жаткан. Жайлоо жакага алыс эмес, күн чыкпай аттанган киши шашкеде кирип барат.

Жайлоо чатырап толгон кез.

Бир күнү кечинде Толубай жакын сырдашы Баймурат менен үй артында, дөңсөөгө көпкө сүйлөшүн жатты. Толубай элүүгө келген, багжагай сакал, чатыраган кызыл киши. Саң-саң көрпөдөн тыштап жасаган, жер чийген көйкөлгөн жаңы тону бар.

— Заман бузулуп, басар жер тарып барат,— деди Толубай бир кезде кабагын чытып, алыска карап, оор улунутуп. – Кечээ эле күчтүүлөрдүн колунда аяк ашка жетпей телмирип ар эшикте бир жүргөн Калман деген кара кулдун бүгүн ызасы батып турат. «Байлардын малын алабыз» дегенди чыгарып жүргөндүн бири ушул дейт. Колдон мал, аяктан аш кетсе — өлүм ошол. Ошону көрүп, заман бир жаңсыл болгончо, мал карасын азайтып, бир жерге буйтай турсак дедим эле. Муну кандай көрөсүң?

Маңдайында жер чукуп, салаңдап, жанбаштап жаткан Баймурат өөдө болуп:

— Бирок көздөй киши болбосо, эмки адамга ишеним калбаган турбайбы. Өткөн айда Катаган бай, тескейде кудасына бир топ мал качырыптыр, аны ал жердин кедейлери сезип коюп, бүлүк салып, ошол мал катканды түрмөгө жаткырыптыр. Теги байкап иштеш керек, азыр эки көздүн бири жоо чыккан заман турбайбы,— деди.

Толубай сөз арасында үй жагына карап:

— Ой, бээни саап агыткыла, кеч кирип кетти!

Көптөн кийин суурдай семиз, быштактай балжайган сар катын, колуна көнөк алып, дардайган чоң ак үйдөн деңкее басып, салмак менен жай баракат чыгып келди. Бул Толубайдын катыны — Асылкан.

Масилетчилер ошол калыптан жазбай, жылдыз толгуча дөңдө болду. Жылдыз толуп, мал короого кирип, эл аягы тыңгыча үйгө кирген жок.

Түн… Төрт үйдүн ортосунда акты-каралы быкыган көп кой аралашып, тынч алып, бырт-бырт кепшеп, жуушап жатты. Кезек-кезек бирдери тура калып, жөткүрүп коёт. Үйдөн окчун бир жерде, коркулдап бир кош топоз, андан бери, мал туз жеп такырайткан ачыкта өркөчтөрүн соройтуп, бурт-бурт күйшөп беш-алты төө жатты.

Ушу мезгилде айды булут басып караңгылап күңүрттөп турду. Жайлоонун салкын жели бир калыпта элбелектеп ойноп турду. Сай-сайдан аккан булактар жылып агып, көйкөлгөн сулуу гүлдөрдүн башы менен бир жерден кошулуп, күчөп кутуруп алып, айсыз караңгыда, алда кайдан табыштап, алда эмнелерди обонго салып жаткандай болду.

Ушунун баары келип Толубай менен Баймуратты бүгүн ого бетер ойго чумутуп, убайымдуу, кайгылуу күүгө түшүргөндөй эле. Бүгүн дүйнөдө мырс эткендин бары буларга кайгылуу, жүдөө көрүнүп, ичтери бьшты.

Булар козголбой баягы дөңдө али олтурат. Бир кезде:

— Эт бышты, үйгө кирсин дейт,— деп бир бала чакырып кетти.

Булар туруп кеткенде көк шибер уйпаланып, бири-бирине жөлөнүп, кыңырайып калды.

Жаңкылар үйгө кирди. Толубайдын үйү кең, жабыкка чейин жүк тиреле жыйылган. Үй буюму көп. Казан-аяк жактар аралашып кобурап жатат. Чыгдан жакта, төрдө Асылкан, анын ылдыйында 30 жаш чамасында бир кара жигиг отурат. Бул Шержан деген, Толубайдын тун баласы. Мунун эки кыз, бир эркеги бар. Балдары жаш, эң улуусу быйыл он бирде. Анысы да кыз. Иреге жакта анда-санда от ичкелештирип коюп бир кызыл тоголок, жаш аял отурат. Бул Шержандыкы. Үйдө булардан башка да катын-калач болуп, үч-төрт адам бар.

Толубай бир кезде эшик жакта отурган бир балага карады:

— Тышта, мал жакка көз салган жан барбы теги? Короо жакка бир кыйкырып койсоңорчу, бөрүсү болуп жүрбөсүн!

Анда Асылкан сырт карап:

— «Мал» деп эми мал кимге опаа болор дейсиң, кудай бир куураган заманга алып келип туш кылды го…

— Э, мунуң кайсы? Азыр мал-жан аман го, — деди топучан жамбаштап жаткан Баймурат, Асылканга бурула.

— Аманы болсун, ушу айылга өкмөт үч жол очойто нөлөк салды эле, өмүрдө көрбөгөндү көрдүм,— деди да, артынан: — ким билет? Бүгүн-эртеңдерден быякка дагы өкмөт чыгат деген кеп бар, алар эмне кылып кетерин бир кудай өзү билсин. Жакында батырактары чогулуш өткөрүп: «байлардын малын алабыз» деп токтом кылды дейт. Анысы бышык болсо, курутту дей бер… — Аз токтоп. Шержанга карап: — Сен эртең бир топ малды базарга айдасаңчы. Калганын биз бу жерден бирдеме кыла турабыз… Атасынын көрү, кедейлер алгыча жокпу, андан көрө бир күн да болсо өзүбүз убайын көрө туралы. «Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол» деген. Балам, заман минтип турганда бир теминип, чыйралып аракет кылсаңчы, — деди Толубай.

Шержан:

— Бир-эки күн аярдай туралы, бизди байкап, аңдып жүргөндөр бар. Мен бүрсүгүнү тиги шалтадагы кудага барып келейин, анан бир жаңсыл кылалы. Ага чейин келе койбос.

Эт жеп болуп, көптөн кийин эл жатууга келди. Бүгүн күндөгүдөн кеч жатты. Толубай жатарда:

— Саамалдан куйчу! — деди. Асылкан сабаны күрп-күрп бышып, чоң чыны толтура көбүртүп, кыжылдатып куюп келди.

Анткен менен Толубай бүгүн аркы-беркини ойлоп, көпкө уктай албай тынчы кетип, ары-бери. оонап жатты. Асылкан да кыйналып жатып көптөн кийин уктап, кезек-кезек чоочуп ойгонуп, ала салып чукуранып коюп жатты…

Ошондо, түн ортосу ченде, ат дабышын түрсүлдөтүп бирөө келди.

— Сен ким? — Чала уйкуда жаткан Толубай селт ойгонуп кетип сурады.

— Мен Орозбакмын! — Келген киши акырын гана атчан эңкейип, Толубайдын тушуна келди.

— Эмне кабар бар?

— Кабар ошол, бүгүн эртең менен Карымбайдыкына ГПУ келди. Аны чокуда карап жатып көрдүк. Ка чан экени белгисиз, быякка да чыгат деген кеп бар. Ошону кабарлайын деп келдим.

— ГПУдан башка кимдер бар экен?

-0 Калман, Каракүжүр бар дешет. ГПУну көбүнча кутуртуп, райондон баштап чыккан ошолор окшойт. Ушул эми… Мен тиги Качагандыкына да тие кетейин, — деп атчан эңишип турбай жүрүп кетти.

Муну уккан соң, Толубай таң аткыча уйку көргөн жок. Таң заарынан туруп, бир баланы чакыртып алып:

— Бүгүн жылкыны түшүрбөй… ошол төрдүн бир жерине буйтап, көздөп турсун деп баланы жүгүртүп жиберди да, өзү бир аяк кымызды сыңар тизелеп тартып жиберип,- аттанып алып Баймурат менен жогору бир жыбытты өрдөп чыгып кетти. Жолдон да бирөө кошулуп, үч киши болуп алды.

Бүгүн бээ байланган жок. Күндө созулгаң узун желеде кулундар чыңырып, тыбырап, балчайган, чоң курсак бээлер шыйпанып, айгырлар кезек-кезек азынап жатчу жер бүгүн жымжырт.

Айылда калган катын балдар да күндөгүдөй эмес. Ит үрдү болду «карачы» деп, үрөйлөнүп тынчы кетип жатты.

Толубайлар кеткен бойдон төрт, беш күн жоголду. Күндүз алыстан бугуп, айылды карап жатат. Түн кирсе берилеп, айылга жакындап, кулак түрүп, айылдын жаң-жуңун тыңшап жатат. Кээде Жакып деген жигитти жиберип, айылдан кабар алып да турушту. Жакып киши колунан ашын жулуп ичкен шум жигит. Өзү илгерки сан кедейди бир чыбык менен айдаган чоңдун тукуму болсо да, кеңеш өкмөтү чыкканы элге алынып, ишке катыша коюп жүрүп, соңку кездерде четке кагылып калган.

Бир күнү Толубайдын үйүндө түн ортосуна чейин от өчпөй, жылтылдап жатты. «Эмне экенин барып билип келчи» деп Жакыпты жиберишти. Үйгө жакындаганда обочо бир жерге байлады да, мышыктай аңдып басып отуруп үйгө келди. Үй жанына келгенде токтоп, аз тыңшап алды. Бөтөн табыш жок экен, кирип келди. Бар эл кыйрап, уйкуга кеткен. Ирегеде тезекке кулап уктап жаткан бирөөнүн бутун жаза басып алды. Төрдө бирөө чалкасынан чачылып уктап жатат. Отто казан борт-борт кайнап турат.

Көрсө, Толубайдын кудасы эртең кетмек болуп бир ирик союп, ошого эт бышырып жатышыптыр. Бул Иликбай деген кудасы эле. Аялы, дагы бир эрке баласы менен келгени он чакты күн болгон. Ошого мына булар тамак бышырып жатып көпкө отуруп, талыкшып уктап кетиптир.

— Ой, эмне болдуңар? Тургула! — деп Жакып тырайып жаткандарды ойготуп жиберди. Алар бирден уйпаланып, эстеп тура баштады. Эл тургандан кийин Иликбайга карап Жакып:

— И, Илике, кеткени жатасыздарбы?

Иликбай көзүн ушалап, оозун чоң ачып, эстеп алып:

— Ооба, заман бу болуп, силер тигинтип жүрсөңөр, биздин ичкенибиз да аш болгудай эмес, амандык болуп, заман оңолуп турса келим-кетим качпас. Анын үстүнө бирин-эки үй оокатыбыз бар, ошого эрте күндө жетип алалы дедик. Жакып:

— Багыбызга түшкөнү ушул экен, Илике! Бизди болсо өзүңөр көрүп турасыңар, болбосо жаркырап-жайнап, төрт көз түгөл отуруп узатсак болор эле, убакыт ушул болду…— деди да, артынан Асылканга:

— Деги эмне кеп бар? Кимдер келди? Кечээ бул жерден чаап өткөн боз атчан ким? — деп үстү-үстүнө ушул өңдүү суроолорду берди. Бирок мурункудан өзгөргөн көп жаңылык уккан жок.

Жакып көп отурбады. Этти камтып, ашыгып чыгарып, конокторго жасап, алуучусун алып коюп, өзү бир жиликти тез мүлжүдү да, аттанып, тоо таяна кайра чыгып кетти.

Деген менен эч капсалаң жок, тынчтык болгон соң беш күн дегенде качкындар кайтып үйлөрүнө келди. Тоодогу жылкыларын түшүрүп, кайра бээ байлап салышты.

Антсе да мурункудай болбой тынчсызданып, күндө бир жаңы кабар алып турушту.

II

Арадан үч күн өткөн.

Бир күнү эртең менен маңдайкы кыядан төрт-беш атчан чубап түшүп, туура Толубайдыкын көздөй тартты.

Эң алдында Калман, анын артында куржун бөктөргөп бир ак куба жигит, элдин арт жагында бир көк ала сакал чал келе жатты.

Калман быйыл отуз үчкө келген. Орто бойлуу далылуу болуп, күдүрөйгөн кара жигит. Он жашынан жетим калган, ушул Толубайга беш жыл кой баккан. 1925-жылга чейин Караколдо тегирмен зоотунда беш жыл иштеген.

Жаңкы ак куба жигит партиянын райкомунан келген. Аты — Кентай.

Булар келгенде Толубай сескенип, өңү бузулуп, чочуп кетсе да артынан, эч нерсени байкабаган киши болуп күлүп жайраңдап жиберди.

Топ Толубайдын үйүнүн жанында болду.

Көп турган жок. Кентай куржундан тизмени алды да, малды түгөлдөп кирди. Аңгыча жайытта жүргөн уй, кой дебей, бар мал күтүрөп короого да айдалып келип калды. Ошого чейин Толубай шексиз киши болуп жайраңдап, аралашып жүрө берди. Бир кезде:

— Жүр, кымыз ичиңиздер өкмөттөрүм,— деди Толубай жайпактап.

Эл чубап желеге барды. Калман желеге баргандан кийин:

— Агыт кулундарды,— деди жанындагыларга карап, Толубай күлүмсүрөп:

— Ай баатыр, аста, сабырлык?.. Күн кеч эмес!..— деп андан ары сөз таппай туттугуп калды.

— «Сабырлык» деп! Сабыр кылып жүрүп да мүйүз эки болгон жок! — деди Калман Толубайга акырая карап үрпөйүп.

Алар ошентип жатканда көк ала сакал чал:

— Ой, силер эмне, колуңар барбай турабы? — деп беркилерге бир карап алды да, кулундарды четинен агытып кирди. Шержан чамынып:

— Сага эмне жок? Сен мында кандайча кийлигесиң?! — деп чалды кармай калып барып, акшыя түштү.

— Арам гана кул, сага да бир баккан балаа бардыр!..- деп Асылкан чалды каргап-шилеп, сыйын «сыпайы» сөз менен берип жиберди. Артынан чыдай албай бошоп, көзүнө жаш алды.

. — Коё бер, былжырабай! — Калман чалды кармай калган Шержанга ачууланып, күркүрөп барды.

Башкадан да Калман барып тор жоргону жүгөндөп жатканда, Асылкан чыдай албай, жүгүрүп барып:

— Өлтүрүп кет бу көрөкчө! — деп чачы тик туруп үрпөйүп, чылбырга жетип оролду.

Тор жорго Толубай менен Асылкандын эң артык көргөн малы. Быйыл беш асый, мамыктай тынч, катуу жорго. Алдына жорго салып көргөн эмес. Бул бүтүн Курамыш айлына маалым.

Асылкан чылбырга оролгондо, Калман:

— Бар ары, мал менен кул айдап жүрүп да мүйүзүң эки болбоду!— деп күржүйгөн чоң колу менен түртүп жиберди.

Кулап калган Асылканды көрүп Толубай:

— Ой катын, ургаачылык кылбасаңчы,— деп «акыл» үйрөткөн болуп койду.

Чал желеге камап, ат кармап жүрүп Асылканга карап:

— Куйругуңдун бүлкүлдөгү кетер «балам», шашпа!- деди да, беркилерге: — Адам силер эмне, мында конокко келдиңер беле? Кармагыла! — деп күчөнүп койду.

Кентай баятан кагазга бирдемелерди жазып жатты да, бир кезде:

— Кана, болдуңарбы? Жөнөгүлө! — деп кыскартып салды. Аңгыча болбой, малды күтүрөтүп айдап жөнөп беришти. Толубай менен Шержанга: он үч кой, бир ат, бир уй калды.

Калгандар: «тиги кашка бээ»,тиги тор кунан, тиги күрөң уй…» — дегендей, айдап бараткан мал карааны үзүлгүчө көзүн албай артынан карап турушту.

Иш бүткөн соң Асылкап үйүнө келип алып:

— Кудай ушул күнгө не туш кылдың экей! — деп коломто жанында кычкачты таянын шолоктоп ыйлап отурду. Толубай үн жок, сөз жок төргө сулап, ойлонуп жатып алды. Шержан үйгө кирбей, тышта ары-бери басып жүрдү.

Ушул жылы февраль айында бир күнү Курамыш айлында бир мектепте жыйналыш болду. Келген эл жыйырма чакты. Эл топурап жыйналып, олтуруп жатты. Президиум шайланды.

Бир кезде үстөл башы болгон быйпык мурун, кетирекей чап жаак киши туруп:

— Сөз жолдош Кентайга берилет,— деди.

— Жолдоштор, бүгүн карай турган маселебиз, колхоз тууралу гана. Бул көптөн бери өз ичиңерде сөз болуп да келди. Бул тууралу борбордон келген деректип бар. Ошондуктан, бүгүн мында жыйылган батырак, кедей ортолор болуп кандай да бир колхоз уюшууга тийишпиз. Силерди, кара таман эмгекчилерди бир чыбык менен айдап, жылдар, кылымдар эзип келген бай, манаптарды биротоло аягына чыгара жеңип, силер өз турмушуңарды жакшыртуу үчүн колхоз болбой иш оңолбойт. Быйыл Курамыш айлынан 8 байды кампискелеп, аларга катуу тапшырма берилди. Алар тапшырманы орундабаса, дагы экинчи чара көрөбүз. Ошону менен катар, алар төмөндөп басынмак түгүл, кайра күндөн-күнгө бизге каршылыгын арттырып барат. Биз алардын биротоло аягына чыгуубуз керек. Эгер ушундай жылалы дей турган болсок, батырак, кедей жана ортолор бытырап жүрбөй күч кошуу керек болуп отурат. Күч кошуп, колхозго уюшуп алып, аларды малдан, жер-суудан, айыл чарба шаймандарынан алсыратып каңтаруубуз керек. Алар ошондо гана жоюлат, ошондо гана биз жеңип чыгабыз. Мына маселе кайда жатат! — деп эпкин менен колду бир силкип алды да, колундагы кагазга бир үңүлүп, сөзүн узата берди: — Биз бүгүн колхоз болсок, өкмөт эртеңки күндө мыктап колдоп, көтөргөнү турат. Мурункудан бетер колдоп, көтөрүп, соко, тырмоо, унаа берүүгө даяр. Бир эсиңерге сала кетерим: колхозго каршы, колхозду жамандап, тескери үгүт жүргүзүп жүргөндөр бар. Мындайларды аябай кыйрата согуу керек. Анткени, буларды эл ичине таратып жүргөндөр көбүнчө: байлар, кулактар же болбосо алардын жандакерлери. Мына, түшүндүңөрбү? Бүгүн эмгекчилер баш кошуп колхоз болгоңдо, эртеңки күнү бай, кулак, манаптар алсырай баштайт.

Кентайдан соң президиумдун сол жагында отурган Калман сөз алды. Калман сөзгө төгүлгөн чечен, чебер эмес, бирок кемчиликти тартынбай дал, таамай айткан кызымтал, өткүр, эр жигит. Бул төгүлгөн чечен болбосо да, кемчиликти көрсөтө, кычыган жерге тийип күүлөнүп сүйлөп бергенде, көптүн жанына жаккандай, тынч алып тыңшап калчу.

Эгер бирөө Калмандын көңүлүнө жакпай калса, анын көзүнө карабай, «бул калжырагандык» деп кыскартып, чорт кесип таштоочу.

Билим жагын алгаңда тантыр-мунтур чала сабаты бар. Аныда быйыл ар кимден өз бетинче жүрүп үйрөнүп алган.

Баятан сүйлөп, сүйлөп келип, бир жерине келгенде:

— Бизде бай, манаптардын азгырыгына кирип алып колхоздон безип жүргөндөр бар. Көбү колхоздун максатын ушу күнгө жете билбей келет. Бирок бул тууралу сүйлөп, толук түшүндүрүлгөн жок. Эгер колхоз максатына түшүнүп, колхоздун эртеңкисине көзү жетип туруп да бултактай тургандар болсо, андайларды барар жолуна салып жиберүү керек. Батырак, кедейлер! Кече эл байлардын эшигинде таяк жеп, кул болуп, жыл он эк ай тыйынсыз иштеп, аяк ашка жетпей жүргөңдө кайд элек?! Унутуп койдуңарбы? Көп сөздөн, аз иш артык, Курамыш айлындагы батырак, кедейлер баш кошуп кечикпей колхоз болуу керек. Ошондо колхозго каршы ниеттер менен, артыкча бай, манаптар менен чындап күрөшүп, алардын аягына чыгуубуз керек! — деп колду силкип, сөз аягын чорт кайрып таштады.

Мунун артынан элдин орто ченинде отурган жүдөө кара сакалдуу, жапалдаш келген бирөө сөз сурады.

— Ал, сүйлө!

— Сүйлөсөм, мен мурунку убакта байларда сегиз жыл малай жүргөн адаммын. Ушул күндө зайбым, эки кыз, үч эркек балам болуп, бир үйдө жети баш жанмын. Өзүмдөн башка карууга жарарым жок. Малдан өзүмдөй көптү көргөн бир көк чологум бар. Мындан башка түгүм жок. Өзүмдүн жыл он эки ай иштеп тапканым, келеркиге балдарымдын курсагын асыроого жетпейт. Бул абалым тууралу айтканым… Эми узун сөздүн кыскасы, чын колхоз кыла турган болсоңор, мына биринчи мени жазгыла. Ата көйү, ушул отургандардан колхоз болбой жүрүп этеги узарганы бар бекен? Баарыныкы эле менден бетер чолоюп жүргөнү жокпу?! Ошону менен биздин колхоздон күтөрүбүз: үстүбүз бүтүн болуп, карын кампайып, токочко чоң тойсо болгону, садагасы, жыргал ушул! — деп тамаша аралаштыра келип токтоду.

Бул отура бергенде, артта, четкерек отурган бирөө сөз алып:

— Колхозго каршылык жок, бирок элдин баары биз айткандай бир иштеп, бир тиштеп, ичүүгө көнөр бекен? Барынан да жумушка келгенде бири кылса, бири жатып алып, бири аз, бири көп иштедим деп иштен береке чыкпай, ыйкы-тыйкы болуп жүрөр. Бу жагын да ойлой отуралы. Айланайын, башкадан да жумушка келгенде биздин Бердикул кантип көнсүн? — дей бергенде, Калман ыргып туруп:

— Беш-алты кара күткөндүн баары сен өңдөнүп калтылдап отурганы жок. Мында «болор бекен, болбос бекен» — дегендей мүлтүлдөк, арсар кептин кереги жок. Муну айтар жер бул эмес. Сен колхозго көңүлдөнбөсөң, элдин көңүлүн бөлбөй, жаркыратып ачыгыңды айт. Зордобойбуз. Бизге колхоздун ар кандай жумушуна чын берилип киргендер керек. Ысылы-суукка биз менен бирге бышып, бирге чыдагандар керек,— деп жаңкыны бастырмалап салды.

Булардан кийин да бир тобу сүйлөдү… Үстөл башы бир кезде:

— Кана, колхоз болом дегениң кол көтөргүлөчү! — деди.

Үч-төрт киши көтөрбөй калды. Артта, мешке жакын отурган бирөө «көтөрсөмбү, жокпу?..» деп ойлонуп туруп, ал да көтөрүп жиберди. Көтөрбөгөндүн себебин сурап, текшерип отурган жок, эл колуң түшүргөндөн кийин Кентай туруп:

— Колхозго ким алынып, ким коёрун түшүндүңөр, ошону менен катар, кирбейм дегендерди биз да кулактан алып зордобойбуз. Бирок батырак, кедейлер, колхозго кирбей калып, эртеңки күндө: «кап сени» деп жүрбөгүлө. Ушул эсте болсун, — деп эскертип койду..

Күн батууга жакындап калганда жыйналыш бүттү. Бүгүн ар ким үйүнө барып, колхозду өзүнчө жоруп, ар түрдүү кеп уруп жатты. Бири «колхозго кирем» деп биротоло чечип алды. Эми бири «малым эмне болор экен деген ойдо болду. Айтор, ар түрдүү ойлор туулду.

III

Курамыш айлында кечикпей жети түтүн батыракта: .«Малай артели» деген бир колхоз уюшту. Бул айылда эң алгач уюшкан колхоз ушул эле.

Өкмөт муну аябай колдоду. Айдоо жакын калганда бир соко, үрөн жана малды асылда деп бир зоот бука берди. Калманды башкарма шайлашты. Бирок Калман ага корстон болгон жок, кайра калгандарың баштап, кай жумушта да талкалап, кыйратып алдында  жүрдү,

А, бу дегиче жаз келди. Ушундан тартып «Малай артели» бир «тыным» көргөн жок. «Мынча болду эми байларла таба болбойлу» деп кай жумушкадыр бир бет алып, кыйратып отурушту. Кошту да жандан мурда чыгарып, пландан алда кайда ашырып, мөөнөтүнөн мурун айдап, септи.

«Малай артели» деп уюшканда «ушулардын колунан эмне келер дейсиң» дечүлөр болду. Бирок буга мокогон жок. Кайра күчөп, аскарлап өсүп отурду. Күндө кечинде жумуштан кайтканда чогула коюп, өздөрүнчө масилет куруп, «эртең сен буга бар, тиги тигиге барсын», — деп кепти бышырып, жумушту «пландап» алышат да, таң ата үйдө жан калбай мелтиреген талааны көздөй ашыгып чубап беришет.

Башкасын ким билиптир, ошол колхоз болгондон тартып булардын кылганын кара жумуштан атыккан кара мужуктар да кыла албас. Буларда «сен иш кылбайсың» же болбосо «сен жалкоосуң» деген сөз угуш «арам». Кай адамын көрсөң да, алда күткөн бир узун максатка жетүүгө күрөшкөн немедей, ар ким өзү билип, бар ынтаа, бар күч-кубаты менен жумуш токоюн кыйратып жүргөнүн көрөсүң.

Жайкы отоо, сугаруу өңдүү жумуштарда да «Малай артели» алдына жан салып көргөн жок.

Ушинтип ала жаздай адам айткыс аракет кылып келип, күзүндө кирешеге карк болуп, онтоп калды. Эгин планын ашырып орундаган үчүн райком сыйлык берди.

Ушундан ары карай мунун «колунан эмне келер» дейсиң дечүлөрдүн үмүтү кайтып, «ботом, баягы жамандар аскарлап күчөп барат», — дечү болду. Муну көбүнчө Толубай айтчу. Анткени, Толубайдын өмүрдө жек көргөнү «Малай артеля» эле.

Соңку кездерде Толубай бир топту ээрчитип алып, Калманды «өлтүрөбүз» деп артынан да түшүп жүрдү. Бирок натыйжа чыккан жок. Толубайдын сөзүнө эрип жүргөндөр кийин чочунуп, чегине берди.

«Малай артели» жылга жетпей чарбасын чыңап, тыңып, сала берди. Мүчөлөрдүн да мурункудан көздөрү ачылып, ким дос, ким кастарын айрып калды. Булар күчөп аскарлаган сайын Толубайлар да күндөн күнгө суук көрүп, душмандыгын арттырып отурду.

Кечикпей бир топ немелер камакка алынды. Бир күнү Каракүжүрдү сельсоветтин кеңсаларына бирөө чыкырып алды да, бир топ кагазды Калманга берип жатып:

— Мына бу бай, кулактардын тизмеси: буларды районго жеткирип, тапшыр да, расписке алып кайт,— деди да, артынан: — Сак бол, көз жазып калба! — деп бышыктап койду.

Каракүжүр «Малай артелинин» мүчөсү өзү да байларда илгери жети, сегиз жылдай малай жүргөн.

Алды менен Толубайдыкына барды. Толубайдыкы элден обочо, бир тумшуктун алдындагы жалгыз үй эле. Каракүжүр барардын алдында эле баласы менен күңкүлдөшүп сүйлөшүп отурган:

— Балам, баягы байталды эптеп жеткирип сатып, бирдеме алып келбесең күн кыйындап барат, жатып алгандын оозуна бирөө салып береби, заман кедейлердики болгонун көрбөй турасыңбы? Эми бизде баягы заман барбы?! — деп отурган.

Каракүжүр барып түштү. Бул сыпайылашып отурган жок, аттан түшүп кирип барды да, Толубайга:

— Кана, кийинип жүр, районго барасың!— деп бир гана айтып салды. Үйдөгүлөр өңү бузулуп, үрпөйө түштү. Толубай маасысын кийип жатып унутуп кетип, шымынын бир багалегин ичине, бирин сыртына келтирип кийип койду. Асылкан көрүп:

— Э, кокуй, тигил эмне?! — деди, Толубайдын бутун карап. Толубай карап алып:

— Жерге кирсин, теле эс калган эмес турбайбы! — деп адашканын билип, үшкүрүп, бир бутун кайра чечти…

Толубайды жөө айдап алды. Калгандары Толубайдын карааны үзүлгүчө артынан карап турушту.

Толубай үйдөн мындай узап, башын жерге салып кетип баратып өткөн күндөрүн ойлоду. Өткөндөгү жыргал күндөрү, миңден кой айдап, желе-желе бээ байлап, салкын төрдө сайрандап жатканы; ондоп малай жумшаганы; заманында сан кедейлерди бир чыбык менен айдаганы; мен-менсиген нечендер буга тик айтып көрбөгөнү; эң аягында ушул азыр артына түшүп айдап бараткан Каракүжүр да бир кезде эшигинде кул болуп жүргөнү,— баары бир демде алдынан жамырап чубап өттү…

Бүгүн бул айдалгандардын ичинде Сагымбай деген да бар. Бул чоң бай болчу. Бир кезде мунун улуу катыны сегиз жүз, кичи катыны жети жүз сексен кой күткөн. Конфиска болор жылы 38 топозу тууган.

Он күн өтпөй түрмөгө Шержан да камалды.

Алардын катын-калачтары: «Өмүрүндө жакшылык бетин көрбөй калган арам, кудай ушул Калманга да бир баккан балаа бардыр!» — деп сыртынан Калманды каргап-шилеп жүрүштү.

IV

1931-жылы март айында «Малай артели» жьшырма сегиз түтүнгө жетти.

Быйыл кошту былтыркыдан эрте чыгарды. Бар аттар чучуктай семиз. Баары төрт кош чыкты.

Бир күнү Калмандын бригадасы күүгүмдө кошту чыгарып, аттарын отко койду да, аглопту соройтуп көтөрүп коюп, чака асып, тамак бышырып жатты. Бирөө ары басып тезек терип, Аргынбай деген орто жашаган киши соконун бирдемелерин оңдогон болуп, дагы бирөө аттарга чөп салып жүрдү. Калман күр-күр үйлөп, отко тезек калап жатты. Айтор, тамак бышкыча ар кими ар кайда жайылып, бирдемелерди кылып жүрдү…

Көптөн кийин бир кезде Калман:

— Ой, келгиле! — деди үнүн жогору көтөрүп. Келишти.

Эл келер менен Каракүжүр, жем салган капты жайып салып, үстүнө дулдуйган кара нанды туурап кирди. Бири мүшөктөн шагыратып аяк, табактарын алды.

Көп болбой отко тегеректей отуруп, аяк-аякка бир-бирден сорпо куюп алып, калың токочту катмарлата согуп, караңгыда күшүлдөп киришти. Чаканы чыгарып алгандан кийин от акырындап үлүңдөп, карарып өчүп баратты.

Тамактан кийин баары жадырап, жайлангандай болду. Бирлери эзген желге төшүн тосуп, чалкасынан чачылып, делдейип жата кетти. Эки, үчөө караңгылап чокту тегеректей отуруп алып көпкө кобур-кобур болуп жатты.

Ушул кезде жаздын салкын жели сыдырып агып, тоңозуп сууп баратты. Айлана мемиреп, тыптынч коңур тартып, жуушап турду. Бир гана суудагы бакалардын чардаганы, салкын сайдан түшкөн булактардын алыстан, алда кайдан табыштап создугуп, шылдырап агып жаткан үнү угулуп турду.

Көптөн кийин оюна бирдеме түшкөндөй:

— Ушул өткөн күндөгү байлардын жоругу эсиңерден кеттиби? — деди Каракүжүр. Муну укканда Калман өткөн, алыскы күндөр эсине түшкөндөй, көпкө ойлонуп калды да, бир оокумда:

— Ээ, ал күндөрдүн нөсиң айтасың! Бир күндөр болду да, кетти,— деди улутунгансып.

Каракүжүрдүн жанында жамбаштап жаткан бирөө:

— Ушунда отургандардан кедейликти кимибиз көп көрдүк? — деди.

Анда Калман:

— Кедейликти да, жетимдикти да менден көп тартканың жоктур. Ушул Толубайдын иниси Эмилбай ары манап, ары барып турган жинди болчу. Али эсимде: бир күнү мени чакырып алды да: «Таң аткыча ырдайсың» — деп жылдырбай отургузуп койду. Амал жок ырдадым. Түн ортосуна жеткенде үнүм каргылданып бүтүп калды. Анан: «Сен үнүңдү эмне бүтүрөсүң!» — деп тамагыма камчы салып толгоп, таң аткыча кыйнап, сабап чыкты…

— Ит, экен ээ! — деп отургандардан бирөө күңк этти.

— Иттигин мындан бил, жаздын бир күндөрүндө менин көйнөк, ыштанымды чечтирип, дырдай жылаңачтап туруп, «жайдак өгүзгө минип тоодон тик ылдый чап» — деп да кыйнаган, аны да кылдым. Бирок өгүз бир аз өңкүлдөп барганда тоңкочук атып, тетигиндей алыс барып түштүм. Өгүздүн мүйүзү аз жерден кардымды жарбай калды. Да бир күнү бир кедейге серкенин чаначына чымчып буума кымызды «ичип бүтүр» деп кыйнады. Жаңкы байкуш кымызды теңине жакындабай туруп шаркыратып кусуп берди. Ал кускан сайын «ич» деп сабай берди, акыры кечке жакындаганда кымыз бүттү. Жаңкы эртеси турбай калды. Андан да кызыгы, кароосуңа бирөөнүн малы кокус жазып келип калса, союп алчу. Арымкул деген бир кедейдин саан уюн музоосун мөөрөтүп коюп өзүн какшатып туруп союп алган. Мунун айлынан чөйрөсүнөн да киши даап өтө алчу эмес. Андайды: «менин айылымдын арасынан гана тоотпой бастырып өтөсүң!» деп байлап сабачу.

— Жаңкынын уюн төлөп бердиби кийин?— деди от жанында тырайып жатжан бирөө.

— Эмнесин төлөгөнү. Аны эт жогунан сойгон жок, уй этин өзү да жеп көргөн жан эмес. Бул жөн эле кутургаңдык, жиндиликтен кылганы. Не кыласың, Эмилбайдын кылган санаттарын айта берсең бүтпөйт,— деди да, артынан: — Мен башкадан да жаңкыдай эрмек кылып кыйнаган кордуктарды көп көрдүм. Толубайда койчу болуп жүрүп, бир токтусун жоготконум үчүн үч күн арыкта сууга салып сабаганы да бар,— деди.

Аргымбай бир убакта:

— Балдар, ал күндөгү жоруктардын несин айтасыңар? Андан көрө бириң ырдап жибергилечи, анан жаталы, түндүн да көбү болуп калды,— деди сөздү бөлүп.

Дагы кобур-кобур болду. Аңгыча, араба жакта аттарды жайлап жүргөн бирөө:

— Оо-ой! — деп келип караңгы тунук абада үнүн созуп, кубултуп келип таштап койду. Мындан кийин ар кай жерден жамырап ырдаганга киришти.

Калмандардын маңдайында дүкүйүп жаткан коштон бирөө созултуп ырдап коё берди. Мунун үнү эч кимисине жеткирген жок, бөтөнчө сонун чыкты. Уккандардын жанынын курчун кандыргандай болду. Абаны калтыратып, сулуулап толкутуп жиберди. Бул ырдаганда Каракүжүр тыңшай калып, жанында кобураша кеткендерди тыйып:

— Токтогулачы, мына мунун обону сонун экен,— деди, баары жуушап тыңшай калды. Үн басылар замат баары бир табыштан:

— Бали!— деп тынык абаны селт эттирип ойготуп койду. Баятан тынып жаткан жым-жырттык бир заматта ырга, күүгө толуп тириле калды. Ар кай жерден созултуп, кубултуп салган: үндүү, көңүлдүү обондор көпкө басылбай, талаанын көркүн чыгарып базар кылып жатты.

Ошентип жатып сокочулар бир кезде кандай уйкуга кеткенин да билбей калышты…

Көп болгон жок, бир-эки тук эткенде боз торгой асманга көкөлөп бийик чыгып алып, безеленип төгүлтүп сайрап жибергенде, сокочулар ар кай жерден уйпаланын туруп, каамыттарын издеп, аттарын кошуп кирди…

Таңкы тунук абада чытыраган семиз күр жер, жыландай бузулуп барып жондонуп, аңтарылып эшилип жатты…

Жай мезгили эле. Бир күнү «Малай артелинин» он чакты аялдары бир жерде жайнап эгин отоп жүрүп, береги аңыздын аягы менен кетип бараткан Шержандын аялы Сулайканы көрүштү. Мингени сопол куйрук, арык көк байтал; чойт-чойт камчыланып, өчөңдөп, теминип өтүп баратат.

Эгин отоп жаткан аялдардын бирдери анда-санда жерден жамырап, созолонтуп ырдап коёт. Эң алдыда бараткан бир жоон балтыр, толук кара-күрөң аял созолонуп ырдап келди да, басылган кезде тура калып, артта, алыс калган бүрөөнө:

— Оой, арам катын! О, жүрү!— деп кыйкырып колун булгап, ысык абаны толкутуп, жоон үнүн заңк эттирип барып таштап койду.

Бир катын жанындагысына:

— Тетигини! — деди, береги өтүп бараткан Сулайканы көрсөтүп. Аял башын көтөрүп, колунда жулган чөбүн таштабай туруп:

— Апээй! Ошонун катыны беле! — деп оюнга буруп, чалкалап керилип койду.

Орто ченде бир катын өтүп бараткан Сулайканы карап туруп:

— Өлүгүңдү гана жети жерден көрөйүн арам, заманыңда чом токулган чолок түгүл, чылк күмүш жапкан жорго мингенден эринчи элең, эми баарына көнүп отурасыңбы? Эми менде да арман жок! — деди.

Бер жакта бир катын:

— Оой! О, салпаяк маржа, жүрү! — деп бая кийин калган аялга кылчайып, колун булгап кыйкырып койду.

Сулайка буларды карамаксан болуп тепең-тепең теминип өтүп кете берди.

Жүрүп отуруп бешимде районго келди. Район айылдан отуз беш километр.

Сулайканын районго келгени бир күн эмес, эң кечиккенде жети, сегиз күндө бир келип, түрмөдөгүлөрүнө бирдеме кийрип, алардын жай-күйүн билип кетип турчу.

Бүгүн да кеч кирип кетип, бир чайканага конуп калды. Эртеси түрмөдөгүлөрүнө барып, кайта келе жатып бир жигитке кезикти. Бул Толубайга жакын тууган эле.

Экөө бурчта бир көлөкөгө барып отурушту.

— Кайдан жүрөсүң? — деди жигит.

— Кайдан болсун, түрмөдөгүлөргө барып келе жаттым эле. Айылдан кечээ келгемин,— деди Сулайка ысыктан боругуп, өңүн бырыштырып муңайып.

— Капырай, бешиктен белиң чыкпай жатып, быйыл эле карып калыпсың,— деди жигит Сулайкага карап.

— Аа, айланайын, карыбаганда бизде эмненин сыны, адамды санаа карытат турбайбы,— деди салбырап жер чукуп туруп.

— Теги кандай кабар бар?

— Жакында борборуна айдай турган көрүнөт, андан ары кайда кетери белгилүү эмес. Өзүбүз да жүрө-жүрө түңүлүп болдук.

— Үй оокатыңар эмне болуп жатат?

— «Оокат» деп кайсы оокат дейсиң, өлбөгөн бир оокат болуп жатат да. Ушу башка түшсө бала да көнөт экен, башта каршы жерге жалгыз чыкпаган жаным, эми беш-алты күн үй көрбөй кетсем да, балдарым жүрө берчү болду. Мен кетсем үйдө балдарга баш, көз болуп кайненем калат. Үйдө ал экөөбүздөн бөлөк баш көтөрөр жан калган жок. Ал байкуш да кайгы менен жүрүп карып болду. Айтор, бир жан өлбөсө дылдырап жүрө берет тура.

— Баягы батырактар кандай?

— Кокуй аларга эмне, даң салып жыргап жатышат. Аштыгы көп, карды ток, мал десе дагы бар. Баягы Калман теле кудай теңирин тааныбай калды. Кудай алардын көктөн тилегенин жерден бербедиби. Калман жакында менин күйөөм менен кайын атамды «бу жерден айдалса экен» деп арыз бериптир,— деди да бир аз ойлонуп алып: — жерге кирсин, мындайда кишинин баары жоо чыгат турбайбы. Башкадан да баягы кара чечекей жээңдики бир тең болду. Чиркин, ушулар камалгандан бери бир бастырып келип көңүл айтууга жараган жок. Ушундан кыйын күндөрдө карабаган, башка кезде караганы курусун…

Жигит зерикти белем:

— Эмесе бар жумушуңа, дагы бир…— деп туруп басып кетти.

Ал кеткенден кийин Сулайка ошол жерде бир аз отуруп калды да, ордунан үшкүрүп туруп чайкана жакка басты.

VI

«Малай артели» быйыл күз 45 түтүн болду. Толубай, Эмилбайлардын кыштак короо-жайларынын ордуна, колхоздун кыштагы түштү. Быйыл жаз ара-чололордо кармай коюп жүрүп, ар мүчөгө бирден үй салынган. Ошону менен созулган узун эки көчө кыштак болуп жатып калды.

Колхоз быйыл ого бетер чыңалып өсүп, тыңайып алды. Эгинди элден мурда камтып, өкмөткө пландан тышкары элүү центнер эгин берди жана трактор сатып алабыз деп кампага жүз центнерге жакын эгин куюп койду. Мал жагынан: 450 кой, 25 саан уйга жетти. Эгин планын быйыл да райондо биринчи болуп бүткөн үчүн өкмөттөн бир соко, эки жүз сом, бир туу сыйлык алды.

Камтып айтканда, быйыл «Малай артели» кирешеге карк болуп, берген-койгондон башка жылдык азыгын күрөп алды. Ушундан ары карай Курамыш айлында «колхозго кирем» деген арыздар кардай жаады.

Күз. Эгин алып, бар жумуш бүткөң соң, бир күнү «Малай артели» бир айыл кеңешти бүт чакырып, чоң той берди. Райкомдун катчысы келди. Эрте саат тогузда, кыштак артындагы кең майданга жыйналыш ачылды. Эл каргадай каптап жайылып, тегеректей отуруп жатты.

Ортого президиумга шайлангандар отурду. Алдында кызыл менен жапкан узун стол; Анын оң жагында дагы бир кичине стол коюлган. Бул чечендер чыгып сүйлөөчү трибуна.

Эл тынчып, текши отуруп, жайланып болгон кезде:

— Жолдоштор, сөз райкомдун катчысы жолдош Матаевге берилет,- деди стол башы болгон быйпык мурун, чап жаак, сейрек мурут кара киши.

Матаев көп сүйлөдү. Аягында:

— «Малай артели» райондо биринчи колхоз. Бул бай, манаптарды тап катарында жоймокко белсенип күрөшүп, партиянын бардык саясы, чарба өнөктүктөрүн, артыкча эгин планын дайым ашык орундап отурду. Жеке бул эмес, «Малай артели» биздин тарыхта биринчи болуп калмак. Мунун мүчөлөрү социализмдин анык тандалган геройлору. Ошону менен мындан ары «Малай артелин» «Ленин колхозу» деп атайбыз,— деп келип, сөзүн бүтөрдө: — «Жашасын Ленин колхозу! Жашасын коммунист партиясы!..» — деп трибунадан түштү.

Дагы үч-төрт киши чыгып, кызуу-кызуу сөздөр менен куттуктап сүйлөп өттү. Булардан кийин Калман колхоздун бир жарым жылдык иши жөнүндө доклад жасады.

Калман колду силкип алкынып, кызык сүйлөп жатты. Сөзүнүн бир жеринде:

— Батырактар эми чындап ойгонуп, чындап көзү ачылды. Эми бай, манап жана алардын жандакерлерин аягына чыгара, биротоло бүтүрүш керек! — деп кызуу, катуу сүйлөп өттү. Эл мунукун ыкласы менен тыңшап отурушту.

Мунун артынан президиум ичинен чачтуу бир кара тоголок жигитке сөз берди. Ал:

— Партиянын райкомунун токтому боюнча, тап душмандары менен тартынбай күрөшкөндүк аркасында, «Малай артелин» уюштуруп, буга эмгекчилерди темирдей топтоп, кай иште, кай жумуштарда дайым алдында болуп келген жолдош Калманды казына расходу менен Москва, Ленинград, Харьковдорго саякатка жиберебиз жана ар дайым жумушка жан-дили менен берилип, ак ниети менен иштеп, эпкиндүүлүк көрсөтүп келген береги жолдошторго сыйлык беребиз,— деп алдындагы бир тилке кагазга карады да, тизмеден адамдардын аттарын чакырып, дүкүйгөн бир ором немени берип жөнөтүп жатты. Үстү-үстүнө жер жаңыртып, шакылдатып чапкан алакан дабышы бир топ сөздү угузбай кетти.

— Каракүжүр Күрөңкөй уулу, — деп тизмеден чыкырып алды да, алдына келгенден кийин бетине карап туруп: — Бул жолдош, колхоз адеп уюшкандан тартып дайым жумуштун алдында болуп, нечен жерде өзүнүн жарамдуулугун, эпкиндүүлүгүн көрсөкөн. Бир күн жумуштан калбаган. Бардык мелдештен чыгып отурган,— деп мактап келип, бир ором немени кучактатты.

— Закия Чынарбай келини!— дегенде топтун ортосунан бир кара тоголок, кара көз, жаш аял шылк күлүп, уялып ордунан кыйылып туруп келе житканда, жанындагы бир аял:

— Бар арам катын, жыргадың! — деп элге угузбай акырын унчугуп, артынан түртүп койду.

Закия келгенден кийин элге угуза:

— Бул жолдош өткөн жылкы жазгы жумуштарда жана эгин орууда бардык аялдардын алды болгон. Быйыл ала жаздай он беш уйду жеке саап, музоолорун жакшы, сапаттуу баккан жана быйыл жаздай, күздөй жумуштун кайнаган кездеринде жумушчуларга өксүтпөй азык жеткирип турган,— деп өзү кол чаап жибергенде, бар эл кол чапкылап, жерди астын-үстүн кылып жиберди.

Аял тердеп кетти. Кайра ордуна барганда, жаңкы аял: «кичи, соогат» деди акырын.

— Бердикул Тоймат уулу! — дегенде кыбың-кыбың эткен чүңкүл көз, эки тиши жок, бети бир ууч, бекене чал топту жарып, жайтаңдап чыга келди. Куйтуң-куйтуң этет. Бул чыгып келгенде, топтун оң жагында турган бирөө:

— Бактылуу чалды көрдүңбү,— деп жанындагысын укуп калды.

Чал кайра ордуна келе жатканда шартылдап кол чабылды. Көбү чалды көрүп күлүп жүрөт. Чал кайра келгенде:

.- Кана жазчы, көрөлү! — деп эки киши чалга тегеректеп, үйрүлө калды. Чал жазып көрүп жатып:

— Жарыктык өкмөт менин кемпирим барын билген го,— деп тамашалап, бир калың кездемени калдыратып ушалап койду.

— Атасынын көрү, өмүрдө көргөн жок элең, карганыңда бир баркыт кийип көөп кал, — деди бирөө тамашалап.

«Иштесең тиштейсиң» деген иштегендики ушул!..