О’ГЕНРИ: Поездге кол салуу (аңгеме, которгон Таалайбек АБДИЕВ)

АҢГЕМЕ

Автордун эскертүүсү: Муну мага айтып берген киши бир нече жыл аутло (аутло (outlow) – мыйзамдан тышкары деп жарыяланган киши) катары Түштүк-Батышта жашап, өзү ачык баяндаган иш менен алектенген экен. Анын баяны чынында эле кызык, кеңештери да кол салган поезддеги жүргүнчүлөр үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Поездди тоногондордун башынан өткөргөндөрү башкаларды бул ишке азгыра албасы бышык. Мен анын баянын мүмкүн болушунча так, дээрлик сөзмө-сөз айтып бергенге аракет кылдым.

О.Г.

Эгер көпчүлүк элден сурап көрсөк, поездди токтотуу кыйын деп жооп беришмек. Бул туура эмес – поездди токтотуу оңой эле. Мен темир жол жүргүнчүлөрүнүн тынчын алып, «Экспресстер компаниясындагы» кызматкерлердин түн уйкусун бөлгөн кишимин. Жеке мен үчүн поездге кол салуу менен байланышкан жалгыз жагымсыз окуя өз үлүшүмө тийген акчаны сарптап жатканда кара ниет адамдардын мени алдап кеткени болду.

Коркунуч жөнүндө айтпай деле койсок болот, анткени кооптоно турган дегеле эч нерсе жок! Бир жолу бир киши поездди токтото албай кала жаздаган. Эки киши да кээде ушундай болушу мүмкүн. Эгер ыкчам жигиттерден болсо, үчөөнүн колунан келет. Бирок эң ылайыктуусу – беш киши. Жер менен убакытты тандоо ар түрдүү жагдайларга жараша болот.

Мен поездге кол салганга алгач 1890-жылы жолу катыштым. Балким, мени ошого алып барган жол темир жол каракчылары ошол ишке биринчи жолу кантип барары жөнүндө бир аз маалымат бериши ыктымал. Батыштык алты аутлонун ичинен бешөө жумушсуз калган ковбой болчу, алтынчысы болсо Чыгыштан келген бир кески эле. Анын кийингени да ошондой эле, ар түрдүү жаман иштерди жасай бергендиктен, анын айынан бүт банда жаманатты болуп жүрдү. Бешөөбүз оор турмуштан каракчы болсок, тигил кара ниеттигинен каракчы болуп чыгыптыр.

Жим экөөбүз Колорадодогу 101-ранчодо иштечүбүз. Бай жер ээлери малчыларды сүрүп чыгарчу. Алар жерлерди тартып алып, бийликке иштеше албай турган кишилерди коюшчу. Бир күнү Жим экөөбүз түштүккө качып, Ла-Хунтага атчан жөнөдүк. Ал жерде эч кимге зыян келтирбей бир аз көңүл ачтык, бирок бир фермер бизди каматмак болду. Жим шерифтин жардамчысын атып салды, мен болсо ага жардам бердим. Башкы көчөдө ары-бери жүгүрүп атышып жүрөбүз, полициянын такыр жолу болбой койду. Акырында курчоону жарып чыктык да, Серизодогу бир ранчого бардык. Аттарыбыз уча албаса да, учкан кушту кубалап жете тургандай күлүк эле.

Бир нече күндөн кийин Ла-Хунтадан бир топ полиция келип, бизди алып кетмек болду. Ранчодогулар бизге болушуп, биз турган үй атылган октон элек болуп калды. Күүгүм киргенде, полицияга бир куту окту жаадырып туруп, тоого качтык.

Алар биздин чыгып кеткенибизди билип калышса керек, ошондон улам айланып отуруп Оклахомага түштүк.

Ал жерден эч нерсе таба алган жокпуз. Мукурап айлабыз кеткенде темир жолду көрөлү деп чечтик. Жим экөөбүз ага-ини Мурларга – Том жана Айкка кошулдук. Алардын атын эми айта берсем болот, анткени экөө тең кийин каза болуп калышты. Том Арканзастагы банкты тоногондо өлдү, Айк болсо андан да коркунучтуураак жерде – бийге барганда өлдү. Биз Санта-Фе деген жердеги терең дарыяга салынган, айланасы чытырман токой көпүрөнү тандадык. Жүргүнчү ташыган поезддердин баары ошол көпүрөнүн башындагы түтүктөн суу алышчу. Бул тынч жер болчу, анткени эң жакынкы үй беш миля ары жакта эле.

Кол салардын алдында аттарды тыныктырып, ишти ойлонуштурдук. Эч кимибиз мурун поезд тоноп көрбөгөндүктөн, планыбыз абдан начар эле. Санта-Феге барчу экспресс поезд суу түтүгүнө түнкү саат 11ден 15 мүнөт өткөндө келмек. Он бир болгондо Том экөөбүз жолдун бери жагына, Жим менен Айк ары жагына өтүп жаттык.

Поезд көрүнүп, жарыгы жолду алда кайдан бери жарытып, паровозунан буу атырылып келатканын көргөндө, жаман болуп кеттим. Бул ишке катышпас үчүн ранчодо бир жыл бою бекер иштегенге даяр болуп кеттим. Кийинчерээк мындай ишке адис болуп калган кашкөй кишилердин айрымдары да ушундай болгонбуз деп айтышканын уктум. Паровоз келип токтору менен тепкичине ыргып чыктым, ары жагынан Жим чыкты. Машинист менен кочегар мылтыгыбызды көрөрү менен айттырбай кол көтөрүп, ата көрбөгүлө, айтканыңарды аткарабыз деп жалдырашты.

— Түшкүлө!- деп буйрук бердим.

Жерге түшөрү менен аларды поездди бойлото алып жөнөдүк. Ал ортодо Том менен Айк мылтык атып, апачидей чаңырып, вагондон чыкпагыла деп поездди бойлой жүгүрүп жүрүштү. Бир жигит кенедей револьверин терезеден чыгарып, атып жиберди. Мээлеп туруп анын айнегин талкалай аттым эле, ошол бойдон тынчыды.

Анын ортосунда баягыдай толкунданбай өзүмө келип калдым. Балда жүргөндөй өрөпкүп эргий да түштүм. Бардык вагондордун жарыгы өчүп, Том менен Айк кыйкырып аткылаганын токтоткон соң, айлана көрүстөндөй жымжырт боло түштү. Эсимде, бадалдан бир чымчык ойготуп ийдиңер дегенсип чыйпылдап жиберген.

Кочегарга панар таптырдым да, проводникти коркутуп, эшигин ачтырдым. Ал эшигин ачты да, колун көтөрдү.

— Секир ылдый, тууганым,- дедим.

Ал коргошундай болуп жерге күп деп бир тийди. Вагондо эки сейф бар экен: бири чоң, экинчиси кичинекей. Айтмакчы, адегенде курьердин куралын – кош ооз мылтык менен револьверди алдым. Мылтыктын патрондорун чыгарып алдым да, револьверди чөнтөккө салдым. Анан курьерди чакырып, мылтыкты мурдуна такап туруп иштете баштадым. Ал чоң сейфти ача албай койду, бирок кичинесин ачты. Анда болгону тогуз жүз доллар бар экен. Бул биздин тобокел ишибиз үчүн аз болгондуктан, жүргүнчүлөрдү карап чыкмай болдук. Туткундарды курьердин вагонуна камадык да, машинистке бүт поездди жарык кылдырдык. Биринчи вагондон баштап ар бир эшикке бирден киши коюп, жүргүнчүлөрдү колун көтөртүп тургузуп койдук.

Эгер көпчүлүк эркектердин кандай коркок экенин көргүңүз келсе, жүргүнчү поездине кол салыңыз. Алар коргоно албаганы үчүн эмес (мунун мүмкүн эмес экенин анан айтып берем), апкаарый түшкөндүктөн коркок болуп калышат. Бир аз мурун вагонду жаңырта бакылдап, мактанып отурган эңгезердей кишилер, фермерлер, мурунку солдаттар, спортсмендер, бийик жакалуу дендилер ушунчалык корккондуктан, калтырап туруп беришет. Кадимки вагондордо түнү эл аз болгондуктан, уктоочу вагондорго жеткенче аз эле нерсе чогулттук.

Пульман вагонунун проводниги мени эшиктен тосуп алды, Жим аркы эшигине кетти. Проводник бул вагонго кирүүгө болбойт, анткени темир жол компаниясына тиешелүү эмес, анын үстүнө жүргүнчүлөр кыйкырыктар менен атылган октордон ансыз де коркуп жатышат деп сылык-сыпаа түшүндүрдү. Мен өмүрүмдө мистер Пульмандын улуу ысымы мынчалык кадыр-барк жана ишенимдүүлүк менен айтылганын көргөн эмесмин. Алты заряд револьверими проводниктин көкүрөгүнө ушунчалык катуу такаган экемин, жилетинин топчусу револьвердин оозуна кептелип калыптыр. Аны чыгарыш үчүн атканга туура келди.

Проводник оозун баскан бойдон вагондун тепкичинен ылдый кулап кетти. Мен уктоочу вагондун эшигин ачып, ичкери кирдим. Узун бойлуу, семиз чал ынтыгып, демигип мени көздөй келатыптыр. Сюртугунун бир жагын кийип, анын үстүнө жилетин кийгенге аракет кылып жатат. Ал мени ким деп ойлоду билбейм.

— Жигит,- деди ал,- сиз токтоо болушуңуз керек. Баарынан мурун токтоо болуңуз да, аптыктаңыз.

— Анте албайм,- дедим мен. – Өрттөнүп турам.

Анан айкырып ийип, револьвер менен шыпка аттым.

Чал төмөнкү керебеттин алдына кире качмакчы болду эле, ал жактан чайылдаган үн чыгып, бир жылаңач бут аны курсакка тээп, тышка чыгарып койду.

Аркы четтеги эшиктен Жимди көрдүм да, бардыгыңар чыгып, тизилгиле деп буйрук бердим.

Жүргүнчүлөр ылдый түшө башташты да, вагон бир саамга үч ярустуу циркке окшой түштү. Эркектер калың карда калган коёндордой болуп бүжүрөп турушту. Алардын үстүндө кийимдеринин төрттөн бири, бирден өтүк бар эле. Кээ бирлери жерге отуруп алышып, татаал арифметикалык маселени чечип жаткансып кырк бешинчи өлчөмдөгү бутуна аялдардын отуз сегизинчи батинкесин кийгенге аракет кылып атышат.

Аялдар ыкчам кийиништи. Алар тирүү каракчыны көргөнгө кызыгышып, шейшеп-одеялдарды жамынган бойдон чурулдап чыгышты. Дегеле аялдар эркектерге караганда сезимталыраак жана жүрөктүүрөөк келишет.

Биз баарын тиздик да, тынч тургула дедик. Анан мен катарынан кыдыра баштадым. Тапкан нерселерим (баалуу нерселерди айтам) аз эле болду. Лекция учурунда абдан акылдуу сезиле турган семиз, бою узун, кекирейген акмак чалдардын бирөө күлкүнү келтирди. Ал узун сюртугу менен бийик жибек цилиндрин кийип чыгыптыр, ылдый жагында болсо пижама. Мен ал принц Альбертти аңтарганда жок дегенде куйма алтын же бир таңгак акча таап чыгам го деп ойлогом, бирок андан төрт дюйм келген балдардын кичинекей ышкырыгы чыкты. Аны эмнеге алып жүргөнүн билбейм. Жиним келип, ышкырыгы менен оозго бир койдум.

— Эгер акча бере албасаң, ойноп бер.

— Мен ойногонду билбейм,- деди ал.

— Анда тезирээк үйрөн,- деп, револьверди такадым.

Ал ышкырыкты алды да, кызылчадай кызарып, ышкырып ойной баштады. Бала кезде угуп жүрчү ыр экен:

«Өлкөдө мындай кыз жок деп,

Какшаган эле ата-энем.»

Вагондон чыкканча ойното бердим. Кээде алы кетип, адашып калып атты. Мен болсо бурулуп, баягы кыз эмне болду, артынан кеткиң келген жокпу деп револьвер менен опузалап койсом, кайра ойноп кирет. Ошентип, кеминде бир алтымыш жолу ойноду окшойт.

Цилиндр кийген, жылаңайлак, кичинекей француз ышкырыгын ойногон ошол чалдай күлкүлүү немени эч көргөн жокмун. Жанында турган сары аял аны көрүп, каткырып жатты. Анын күлкүсүн коңшу вагондон да укмаксыңар! Мен керебеттерди карап чыкканча, Жим тигилерди көзөмөлдөп турду. Тинтип атып, жаздык тышка бир шумдук нерселерди толтуруп чыктым.

Кээде тиш чукуганга гана жарай турган чөнтөк тапанчалар чыгып атты, аларды дароо эле терезеден ыргытам. Топтоп бүткөн соң, тапкандарымы капталдагы орундукка төктүм. Сааттар, билериктер, шакектер, чөнтөк дептерлер, жасалма тиштер, вискиси бар флягалар, упалар, шоколаддар жана ар түрдүү түстөгү жана узундуктагы жасалма чачтар жайнап калды. Саат, акча тыгылган аялдардын он чакты байпагы чыкты. Аларды матрацтын алдына тыгып коюшуптур.

Биз согуштагы индеецтер эмеспиз деп айттым да, «скальптарды» кайра алгыла дедим. Бирок тиги жасалма чачтардын кимдики экенин бир да аял билбей койду. Чаар одеялга оронгон бир айым (абдан сулуу экен!) бир нерсе тыгылган байпакты кармаганда, чаңкылдап жиберди:

— Ал меники, сэр! Сиз аялдарды тонобойсуз го деп ойлойм!

Биринчи жолу поездге кол салып жаткандыктан, кандайдыр бир этикалык кодексти сүйлөшкөн эмеспиз. Мен эмне дээримди билбей калдым да, анан мындай дедим:

— Албетте, ал биздин адистигибиз эмес. Байпактагы сиздин буюмуңуз болсо, алсаңыз болот.

— Албетте, меники,- деди ал колун созуп.

— Баары бир карап көргөнгө уруксат бериңиз,- дедим, байпакты учунан кармап.

Андан эркектин эки жүз долларлык сааты, кийин эсептесек алты жүз доллары эркектин намыяны жана 32-калибрдеги револьвер чыкты. Анын ичинде аялдыкы десе боло турган элүү центтик күмүш билерик гана бар экен.

— Мадам,- дедим ага билерикти берип атып,- мына сиздин жеке буюмуңуз. А эми айтыңызчы, өзүңүз бизди алдаганга аракет кылып жатып, бизден туура жүрүм-турумду кантип талап кыласыз? Мен сизге таң калып турам!

Жаш аял уурулугу кармалып калгансып кыпкызыл болуп кетти.

Бир аял «Айбан!» деп кыйкырып ийди. Анын тиги аялды айтканын, же мени айтканын билбей калдым. Иш аяктагандан кийин, барып жата бергиле деп, эшиктин сыртынан жакшы түш көрүп жаткыла дедик да, кетип калдык.

Таң атканча кырк миля жол жүрүп, анан гана олжону бөлүштүрдүк.

Ар бирибиз 1752 доллар 85 цент акча менен алдык. Жасалгаларды топ-топ кылып бөлүштүрдүк.

Анан ар бирибиз өз жолубуз менен кеттик.

Бул менин биринчи кол салуум болду, бирок кийинкилериндей эле оңой болду. Мен ушунда гана жүргүнчүлөрдү тонодум. Иштин бул түрү мага жаккан жок. Кийин кызмат вагондору менен гана иштеп жүрдүм.

Кийинки сегиз жылдын ичинде колуман көп акчалар өттү. Эң чоң олжо алгачкы кол салуудан жети жыл өткөндөн кийин болду. Биз өкмөт кызматындагы солдаттарга көп акча алып өтө турган поездди билип калдык. Кичинекей станциянын жанындагы кумдуу адырга бешөөбүз бекиндик да, чак түштө поездге кол салдык. Акчаны он солдат кайтарып келатыптыр, бирок алар үйүндө же дем алышта жүргөндөй эле жатышыптыр. Терезеден башын чыгарып караганга да үлгүрүшкөн жок. Эч кандай тоскоолдуксуз эле акчаны алып кеттик, болгондо да алтын тыйын менен экен.

Албетте, кийин бул боюнча чоң ызы-чуу болду. Өкмөттүн акчасы болуп аткандан кийин, өкмөт жанагы кайтарган солдаттар эмне үчүн жөнөтүлгөнүн билгиси келди. Жылаңач адырда чак түштө кол салары эч кимдин оюна келген эмес деп актанышты. Өкмөт буга эмне деди билбейм, бирок чындап киришти. Күтүүсүздүк – мына кол салуучулардын негизги артыкчылыгы!

Гезиттер ар нерсе деп жазып атышып, акырында тогуз-он миңдей акча бар экен деп аныкташты. Өкмөт да муну колдоду. Бирок так цифраны азыр биринчи жолу айтам: кырк сегиз миң доллар болчу. Эгер кимдир бирөө тынчы кетип, Сэм абанын купуя эсептерин карап көрсө, менин центине чейин так айтканымы көрөт. Биз ал кезде тажрыйбалуу болуп, эмне кылышты билип калганбыз. Жыйырма миля батышка кетип, Бродвейдин полициясы да ээрчий турган из калтырган соң, изибизди жашырып кайра келдик.

Кол салгандын эртеси полиция тегеректи тинтип жүргөндө, Жим экөөбүз ошол шаардагы бир досубуздун үйүнүн экинчи кабатында кечки тамакты ичип отурдук.

Досубуз маңдайдагы басмакананы, андагы басма станогун көрсөттү, анда бизди кармап бергендерге сыйлык бериле тургандыгы жөнүндө кулактандыруу басылып жатыптыр.

Колго тийген акчаңарды эмне кыласыңар деп менден көп сурашат. Чынын айтсам, акча сарпталгандан кийин анын ондон бир бөлүгүнүн да эсебин бере албас элем.

Аутлонун достору көп болуш керек. Кадимки шаардыкка бир аз тааныштары болсо жетиштүү, а биздей кишилерге достор керек. Жарыяланган сыйлыкты алыш үчүн полиция артынан сая түшүп кууп жүргөндө, аутлонун токтой турган, тамактанып, атына жем жедирип, бир нече саат санаасы тынч уктап ала турган жерлери болуш керек. Кол салуудан кийин акчанын бир бөлүгүн ошол достору менен бөлүшүш керек. Ошондой жерге барганда, жерде ойноп отурган баланын этегине уучтап алтын же акча салып жатып, жүз доллар же миң доллар берип жатканымы билбеген учурларым көп болду.

Эски каракчылар чоң иштен кийин адатта чоң шаарларга кетип калышат да, акчасын ошол жакта жок кылышат. Жаңылар болсо, кол салуу канчалык оңунан чыкпасын, акчасын тапкан жерден чачышып, колго түшүп калышат.

Мен 94-жылкы бир ишке катышып, ошондо жыйырма миң доллар алдык. Анда да өзүбүз жакшы көргөн качуу планын аткардык, башкача айтканда, кайра келип, поездди тоногон жерге жакын бир жерге жайгаштык. Бир күнү эртең менен бир гезитте шериф сегиз жардамчысы жана отуз куралчан киши менен Чамарронадагы токойдо темир жол каракчыларын курчап турат, бир нече саттан кийин алар колго түшөт же өлтүрүлөт деп жүрүптүр.

Мен ал кабарды Вашингтондогу келишкен отелдердин биринде окуп отурдум. Артымда атайын форма кийген лакей турат. Жим болсо маңдайдагы үстөлдө эс алууга чыккан деңиз офицери менен бакылдашып отурат. Биз бул жакка келип, келишкен кийимдерди сатып алып, оор жумуштан кийин эс алып жатканбыз.

Сыягы, биз ошол чытырман токойдо өлдүк окшойт, анткени колго түшкөн жокпуз да.

Эми поездди токтотуу эмне үчүн жеңил экенин жана эмне үчүн ага барбаш керек экенин түшүндүрүп берейин.

Биринчиден, артыкчылыктардын баары кол салгандарда болот, албетте, бул үчүн алар тажрыйбалуу жана эр жүрөк болуш керек. Алар тышта, караңгыда болот, ал эми алардын душмандары поезддин ичиндеги тар, жарык жерде болушат. Терезеден же эшиктен башын чыгарса эле, сырттагы эч нерседен кайра тартпаган мергенчилердин бутасына айланат.

Бирок поездди тоноонун негизги шарты, менин оюмча, күтүүсүздүк менен жүргүнчүлөрдүн ой-кыялы болуш керек. Эгер мурун «локо» деген чөптү жеп алган жылкыны көрсөңүз, менин айтайын деген оюмду дароо түшүнөсүз. Андай жылкынын көзүнө ар нерсе көрүнө берет. Аны эки фут келген кичинекей суудан кечире албайсыз, анткени анын көзүнө ал Миссиссипи болуп көрүнөт.

Жүргүнчүлөр да ошондой болот. Эки же үч каракчы атып атканда, аларга жүз киши атып жаткандай туюлат. Револьвердин оозу туннель болуп көрүнөт. Жүргүнчүлөрдү тоногон оңой, бирок кээде алар да кууланышы мүмкүн, мисалы, бир таңгак акчаны өтүгүнө салып жиберишет да, алты атар револьвер менен кабыргага нукумайынча, кайра алып чыкпайт. Бирок негизи жүргүнчү – зыяны жок адам.

Поезд кызматкерлерин айта турган болсок, алар бир короо койдой эле эл болот. Мен аларды коркок деп айткым келбейт, алар болгону баарына көзү жетет да, куру опузага баш ийишет. Чиновниктер да ушундай. Жашыруун полициянын агенттери, шерифтер жана темир жол детективдери акчаларын Моисей сыяктуу момурап туруп бергенин көп көрдүм. Мага жолуккан абдан эр жүрөк шерифтердин бири куралын отургучтун алдына ката салып, башкалардай эле чөнтөгүн аңтарып акча бергенин да көрдүм. Ал корккон жок, болгону артыкчылык бизде экенин аңдады.

Анын үстүнө чиновниктердин көбүнүн үй-бүлөсү бар, ошондуктан тобокелге сала бербеш экенин түшүнүшөт. Поездге кол салгандарга өлүм коркунучтуу эмес. Ал качандыр бир кезде мени өлтүрүшөт деп күтөт жана көбүнчө ошондой болот. Эгер кокусунан кол салган поездде болуп калсаңыз, башкалар менен бирге эле катарга тизилип, эрдикти башка бир пайдалуу боло турган учурга калтырыңыз деп кеңеш берер элем. Чиновниктердин каракчылардын ишине киришүүнү каалабаганынын экинчи бир себеби – таза финансылык маселе.

Куралдуу кагылышуу болуп, киши өлгөндө, чиновник адатта зыянга учурайт. Эгер каракчы качып кетсе, Жон До жана башкаларды кармоо жөнүндө буйрук чыгат да, шерифтер жүздөгөн миля жерди кыдырышып, күбөлөрдүн далилдерин жазышат. А чыгымдардын баарын өкмөт төлөйт. Ошентип, чиновниктер үчүн бул эрдик эмес, жол кире маселеси.

Күтүүсүздүк – каракчылардын негизги артыкчылыгы деген сөзүмө бир далил келтирип берейин. 92-жылы Дальтондун шайкасы индеецтердин аймагындагы агенттерди аябай убара кылышты. Анда аларга оомат келип турган убак эле; алар ушунчалык кашкөйлөнүп, эмне кылышарын күн мурун жарыялап калышкан. Бир жолу алар баланча поездди индеецтердин аймагындагы Праер-Крик деген станциядан баланчанчы түнү токтотобуз деп жарыялашты. Ошол түнү темир жол компаниясы Мескожиден он беш полицияны поездге отургузду.

Андан тышкары элүү куралчан адам Прайер-Криктеги деподо буктурмада жатты. Кати курьердик поезди станцияга келгенде, Дальтондун бир да кишиси жок экен. Кийинки станцияга, Адейрге, чейин алты миля бар эле. Поезд ага жакындап калганда, полиция жайбаракат отуруп алып, азыр Дальтондун шайкасы келсе мындай кылмакпыз деп бакылдап отурган эле. Ошол учурда мылтык атылганы угулуп калды. Бир армия атып жаткандай туюлду. Кондуктор менен бир жумушчу «Каракчылар!» деп вагонго кыйкырып кирип келишти. Бир нече полиция жерге секирип түшүп, поездди бойлоп жүгүрүп кетишти. Калгандары винчестерлерин отургучтун алдына ката коюшту. Экөө аткылаша кетип өлдү.

Дальтондун шайкасы он мүнөттүн ичинде поездди токтотуп, күзөттү алып коюшту.

Анан жыйырма мүнөттүн ичинде акча келаткан вагондон жыйырма жети миң долларды алып, изин суутуп кетишти. Менин оюмча, кол салуу күтүлгөндөй Прайер-Крикте болсо, полиция катуу согушмак, бирок Адейрде алар апкаарып, эмне кыларын билбей калышты. Дальтондун кексе каракчылары болсо муну билишкен.

Аягында сегиз жылдык каракчылык тажрыйбамдын кээ бир жыйынтыктарын бөлүшпөй кетсем болбос. Поезд тоноо – пайдасыз иш! Укук жана адеп-ахлак маселелерин мындай коюп (мага аларды козгогонго болбойт) айтканда, аутлонун жашоосунда көз арта турган нерсе деле жок. Ал темир жол менен темир жолчуларды өз банкириндей, револьверин ар кандай сумманы жазса боло турган чек китепчесиндей көрө баштайт. Акчаны болсо чача берет.

Өмүрүнүн көбү жортуулдап жүрүп өтөт, күнү-түнү ат үстүндө болуп, кээде көргөн күнү ушунчалык оор болгондуктан, тапкан олжосунун да ыракатын көрө албайт. Анткени акыры бир күн өлөрүн же камаларын, азырынча көзгө атарлыгы, атынын күлүктүгү жана ишенимдүү револьвери гана куткарып жүргөнүн билет.

Бирок бул полициядан коркуп уктай албай калат деген сөз эмес. Өзүмдүн тажрыйбамдан көргөндөй, полиция аутло шайкасынан үч эсе көп болмоюнча кол сала албайт.

Бирок аутло бир нерсени эч унута албайт жана ушунун өзү анын жашоосун тозокко айландырат: ал полиция өз агенттерин кайдан аларын билет. Ал агенттер мурун каракчы, ууру, алдамчы, тентимиш же өзү сыяктуу аутло болгонун, өз досторуна чыккынчылык кылып, түрмөгө камап, өлтүргөнгө жардам бергени үчүн жазадан кутулуп, мамлекеттик тыңчы болгонун да билет.

Бир күнү өзүнө да чыккынчы чыгарын (ага чейин өлтүрүп салышпаса!), ошондо башка бирөөлөр эмес, өзү торго түшөрүн да билет.

Мына ошондуктан темир жол каракчысы шериктерин акылдуу кыз күйөө тандагандан да миң эсе этият болуп тандайт. Мына ошол үчүн түнү төшөгүнө отуруп алып, ар бир аттын дүбүртүн тыңшайт. Мына ушундан улам ал шеригинин анчейин бир айтып койгон сөзүн, кыймылын же түнү уйкусурап кобураганын көп күн бою ойлонот.

Темир жол каракчыларынын кесиби ага жакын саясат же биржа спекуляциясындай жагымдуу эместигинин бир себеби мына ушунда.

Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ