Акыл тегерете алгандардын баары – атеисттер.
* * *
Байлар – кунарсыз журт… бардыгы окшош да.
* * *
Айрым адамдардын кемтиги күлүк аттын сымбатындай эле сыртынан даана көрүнүп турат.
* * *
Шайыр адамдар адатта курч келишет да, согушта биринчилерден курман болушат.
* * *
Жансыз жазгандардын айланасында кагазы көп.
* * *
Өткөн мезгилде мекен үчүн өлүүнүн таттылыгы жана кереметтиги туурасында көп жазышчу. Азыркы согуштун эч кандай таттысы да, керемети да жок. Ит сыңары эч себепсиз эле өлүп каласың.
* * *
Баары коркушат. Матадорлор гана өз коркуусун баса алышат, ошону үчүн букага каршы чыгат. Эгерде ал коркуу сезими болбогондо Испаниядагы бардык өтүк тазалагычтар матадор болуп кетишмек.
* * *
Эң ыпылас жамандыктар кемпайлыктан башталат.
* * *
Америкалык адабияттын баары «Гекльберри Финнден» чыккан. Бардык эле тореролорго байдай болбосо да жок дегенде сөөлөттүү көрүнүүсү кажет, анткени Испанияда эр жүрөктүккө караганда сырткы каада жогору бааланат.
* * *
Ачкалык көптү үйрөтүп, тартиптүү кылат. Качан окурмандар аны түшүнгөнгө чейин сен алардан өөдө болосуң.
* * *
Испаниянын эки шору: букалар жана динчилдер.
* * *
Эгерде такай эле иш тууралуу ойлой берсең, эртеңки үстөлгө олтурганга чейин ага кызыгууңду жоготуп аласың.
* * *
Чарчоо керек, бөтөнчө сүйүктүү аялыңдын лаззатынан.
***
Эгерим өмүрүңдө кенедей жакшылык жасай алсаң, андан качпоо керек.
* * *
Эгерде бардык жашооң алдоо менен өтсө, аны менен бирге өлүү кажет.
* * *
Жашоо, негизинен трагедия, анын соңу бештен белгилүү.
* * *
Ар бир адам кайсыл бир иш үчүн жаралат.
* * *
Бийликте болсоң, кай бирде таш боор болууга туура келет.
* * *
Качан мени көзүмө мактап жатканда, жүрөгүм айланып кетчү.
* * *
Сени кеңкелес дешсе, баарынын ишеничинен чыкканың.
* * *
… Жашооңдо жаманбы же жакшыбы бир нерсең түгөнсө жандүйнөңдө ээн, боштук пайда болот. Жамандан кийинки боштук өзүнөн өзү эле толот. Ал эми жакшы нерседен кийинки боштукту кайрадан толтуруу үчүн андан жакшысын гана таап, толтурууга мүмкүн.
* * *
Ишсиз жүрүүдөн көрө, идеологиясыз жүргөн артык.
* * *
Эркек киши төшөктө жатып жанын Кудайга тапшырууга укугу жок. Же согушта, же чекеге ок.
* * *
Муссолини сойкуканаларды жок кылды. Эми алар – ресторандар.
* * *
Согушта көп ирет калп айтууга туура келет, эгерде жалган айтуу зарыл болсо аны тез жана мыкты жасоо керек.
* * *
Парижди толук билүү эч качан мүмкүн эмес, анда болгондордун ар бири шаарды өз-өзүнчө эскерет.
* * *
Сүйгөндөрүң менен гана саякатта.
* * *
Иш – бардык жамандыктын дарысы.
* * *
Согуш учурундагы ар бир адамга мүнөздүү ой: мени эмес! Мени эмес. (Бул жолу мени эмес.)
* * *
Кимде-ким иштеп жана ишинен ырахат алса, жокчулук эч качан анын жанына батпайт.
* * *
Ар бири менен бирден күрөшүп гана жалпы тапты жеңүүгө мүмкүн.
* * *
Өзүңдүн тирүү экениңди сезүү үчүн өзгөнү өлтүрөсүң.
* * *
Жооптор гана эмес, суроолор да эскирет.
* * *
Жакшы проза айсберг сымал – сегиздин жети бөлүгү суу алдында катылуу.
* * *
Эмнеге кунарсыз адамдар бактылуу келишет да, акылдуу жана кызыктуу адамдар акыры түбү өзүнүн да, жакындарынын да жашоосун ууландырып тынышат?
* * *
Эгерде адам сындала турганынан жаман жазса, талантын өлтүргөнү.
* * *
Жазуучуга эмне жолтоо болот? Ичкилик, аялдар, акча жана куру намыс. Ошондой эле ичкиликтин, аялдардын, акчанын жана куру намыстын жоктугу да жолтоо.
* * *
Адамды жок кылса болот, жеңүү – эч качан.
Которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ
Көп окулгандар
Антон Чехов: Хамелеон
- 15.04.2022
- 5163
О'Шакир: Соңку сөзүм: Элге кайрылуу
- 16.05.2024
- 881
О'Шакир: Метафизикалык дзэн
- 15.05.2024
- 549
О'Шакир: Мырзагүл Үсеналиевага
- 15.05.2024
- 500
Конкурстук чыгармалар
Биздин Архив
- Май 2024 56
- Апрель 2024 99
- Март 2024 99
- Февраль 2024 73
- Январь 2024 70
- Декабрь 2023 62
- Ноябрь 2023 63
- Октябрь 2023 60
- Сентябрь 2023 34
- Август 2023 50
- Июль 2023 41
- Июнь 2023 38
- Май 2023 50
- Апрель 2023 57
- Март 2023 54
- Февраль 2023 41
- Январь 2023 48
- Декабрь 2022 37
- Ноябрь 2022 25
- Октябрь 2022 32
- Сентябрь 2022 29
- Август 2022 29
- Июль 2022 45
- Июнь 2022 41
- Май 2022 37
- Апрель 2022 42
- Март 2022 49
- Февраль 2022 51
- Январь 2022 50
- Декабрь 2021 59
- Ноябрь 2021 41
- Октябрь 2021 72
- Сентябрь 2021 63
- Август 2021 69
- Июль 2021 83
- Июнь 2021 85
- Май 2021 63
- Апрель 2021 66
- Март 2021 85
- Февраль 2021 74
- Январь 2021 82
- Декабрь 2020 96
- Ноябрь 2020 63
- Октябрь 2020 51
- Сентябрь 2020 67
- Август 2020 56
- Июль 2020 61
- Июнь 2020 30
- Май 2020 43
- Апрель 2020 86
- Март 2020 24
- Февраль 2020 4
- Январь 2020 1
- Декабрь 2019 8
- Ноябрь 2019 2