Антон Чехов: Хамелеон

  • 15.04.2022
  • 4057

АҢГЕМЕ

Жаңы шинели боюна куп жарашкан тартип сакчысы Очумелов колуна көтөрүнчөгүн иле базар аралай келе жатты. Ага куйрук улаш сары чийкил жардамчысы опузадан алынган жемишке толгон калбырды бооруна кыса илээлейт. Айлана мурун кескендей жымжырт… Базарда тирүүлүктүн жышааны билинбегенсип ыңкыйт… Дүкөнчүлөр менен аракканалардын кагыраган эшиктери ындыны өчкөндөй күнгө какталат. А түгүл мындайда бура бастырбаган кайырчылар да көрүнбөйт.

Аңгыча болбой:

– Кабасың ээ, каргыш тийгир? – деген кыйкырыкты Очумелов угуп калды. – Балдар, коё бербегиле! Ким тиште деди сени?! Карма! А… а!

Ага улай каңкылдап үргөн иттин үнү угулду. Адегенде эле Очумеловдун көзүнө Пичугин көпөстүн отун сарайынан артын каранып үч буттап качкан ит урунду. Артынан крахмалданган чыт көйнөгү менен желеткесин желбектеткен бирөө кууп жүрөт. Кармайм дегенчелик кыла эңкейе бергенде олдоксон денеси менен жерге күп эте кулап түшкөнүнө кайыл боло иттин арткы шыйрагынан кармап калды. Иттин үнүнө жарыша “Коё бербе!” деген кыйкырык экинчи ирет эшитилди. Дүкөнчөлөрдөн уйкудан көздөрү шишимик тарткан жүздөр биринин артынан бири чыга баштады. Көз ирмемчеликте жаандан кийин жерден чыккан козу карындай жамырашып, отун сарайдын жанына котолошту.

– Тартипсиздик ко, улуу урматтуум!.. – деп жардамчы безилдейт.

Очумелов күпчөктөй денесин топтошкондорго бура кадам шилтеди. Сарайдын каалгасынын түбүндө желеткесинин боорун ачкан киши оң колун өйдө көтөрүп, канаган бармагын элге көрсөтүп жатат. Аракка чала тоют өңүнөн “Сени элеби, шашпа!” деген жазуу байкалат. Буга кошумча бармактын өзү да жеңиштин белгисин ырастагансыйт. Очумелов бул кишини  көрүп эле колунан көөрү төгүлгөн Хрюкин экенин баамдады. Чатактын күнөөкөрү болгон далысын сары темгил баскан шиш тумшук кула күчүк бүткөн бою титиреп, салмагын артына сала топтун чок ортосунда отурат. Коркконунан капалуу көздөрү жашылданат.

– Бул жерде имине болуп кетти? – деп корс этти топту жарып кирген Очумелов. – Эмнеге бул жерде? Бармагыңа эмне болду?.. Ким кыйкырды?

– Мен эле, улуу урматтуум, кой оозунан чөп албаган… – деп баштады Хрюкин муштумуна жөтөлүп. – Митрий Митричтин отуну туурасында айтсак, бул жүзү кара ойдо жок жөн жерден бармагымды тиштеп алды… Кечирип коюңуз, нан таап берген ушул колум… Майда жумуш. Бул бармак менен бир жума кыймылдай албайм. Төлөп берсин… Улуу урматтуум, айбандын тиш салганына чыдоо мыйзамда да жок… Чыкканы эле тиштей берсе, жалганда жашап не керек..?

– Гм! Болуптур…– деди олуттуу жөтөлө Очумелов кашын кыймылдатып. Болуптур… Кимдин ити? Мен муну бул боюнча калтырбайм. Силерге итти коё беришти көрсөтөм! Эрежеге баш ийбегендерге чара көрүү керек! Кандай айып салар экенмин ал митаамга! Атасын таанытпасам элеби!.. Елдырин! – тартип сакчысы жардамчысына кайрылды, – кимдин ити экенин билип, протокол түз! Итти болсо, көзүн тазала. Азыр! Кутурган ит болуп жүрбөсүн… Кимдин ити деп жатам?

– Генерал Жигаловдун ити болуш керек! – топтун арасынан бирөө үн катты.

– Генерал Жигаловдун? Гм!.. Елдырин, чеччи пальтону… Куйкалайт ко, жарыктык! Ушундайда жаан да жаабайт… Бир нерсеге башым жетпей турат: ал кантип сени тиштеп алды? – Очумелов Хрюкинге кайрылды. – Дөңгөчтөй болгон сендей неменин бармагына жеткенине таңмын! Сен, балким бармагыңды мыкка илдирип алып, муну атайын жасап жүрбө? Мындайга маш экениңерди билем!

– Ал, улуу урматтуум, жумурткадан кыр издеген чын тийбес неме!

– Жаныңды жебе, шумпай! Өз көзүң менен көргөн жоксуңбу, үн дебе. Акылдуу төрөм ким калп айтат, ким кудай алдында ынсабы менен жүрөрүн билет… Эгер мен жалган айтсам, айтышсын. Мыйзамда айтылган… Азыр бардыгы бирдей. Агам жандарм кызматкери… эгер билгиңер келсе…

– Талашпагыла!

– Жок, бул генералдыкы эмес… – жардамчы терең ойлуу түр менен айтты. – Генералдын мындай иттери жок. Аныкы бүт машке иттер…

– Анык билесиңби муну?

– Анык билем, улуу урматтуум…

– Өзүм да билем. Генералдыкы кымбат, асыл тукум иттер, бул болсо – эмне ит экенин шайтан билеби! Же жүндөн жок, турпаттан да кудай айтпаптыр… Мындай итти багып эмне кылам? Акылыңар барбы деги? Ушундай ит менен Петербургга же Москвага барып көрчү, эмне болорун билесиңерби? Мыйзамды карап отурбастан дароо көзүн курутат! Сен, Хрюкин, колуңду тиштеттиңби, ишти бул боюнча калтырба… Катыгын бер!

– А балким генералдыкыдыр… – жардамчы ойлогон оюн  угуза айтып алды. – Тумшугунда жазылган эмес да… Жакында эле анын короосунан ушундай итти көрүшүптүр.

– Чындап генералдын ити болуп жүрбөсүн! – деген үн топтун арасынан чыкты.

– Гм!.. Елдырин, пальтону кийгизчи… Жел уруп койду окшойт… Чыйрыккансып турам… Генералга алып барып, сура. Мени таап алып, сизге жиберди дегин… Анан да айт, көчөгө чыгарышпасын. Балким, ал кымбаттыр, ар кимиси минте берсе жоготуп алуу тез эле. Ит – назик макулук… А сен акмак, колуңду сырайтпай түшүр! Өзүң айыптуусуң!..

– Генералдын ашпозчусу келе жатат, сурап көрбөйлүбү… Эй, Прохор! Мында бура тарта кет! Мобул итти карачы… Силердикиби?

– Тапкан экенсиң! Мындай неме башынан эле жок!

– Көп сурап башты оорутпайлычы, – деди Очумелов. – Ал көчөдөгү ит! Көп сүйлөгөндөн эч нерсе чыкпайт… Көчөдөгү дедим, көчөдөгү… Көзүн тазалаш керек, болду.

– Бул биздики эмес, – деп Прохор сөзүн улантты. – Жакында келген генералдын бир тууганынын ити. Асыл тукум иттерди жактыра бербейт. Агасы аңчы…

– Агасы келди беле? Владимир Иванычпы? – деп Очумелов сурады, жүзүн элжиреген жылмаюунун туманы каптап баратты. – Оо, кудай! Кашайып билбегенимди кара! Конокко келиштиби?

– Конокко…

– Оо, кудай… Бир тууганын сагынды да… Кара басып билбей калган турбаймбы! Ошондо, бул алардын итиби? Ошондой де… Көтөрчү. Кандай сүйкүмдүү күчүк… Тыпылдаган… Буттарын кара. Ха-ха-ха… Эмне титирейсиң? Ррр… Рр… Ачууланып атканын кара, жамандын…

Прохор итти чакырып, отун сарайдан алыстап кетти… Эл Хрюкинге каткырып жатышты.

– Мен дагы сазайыңды берермин! – деп кекенген Очумелов шинелин кымтылана жолун улады.

Которгон Эрмек Шоруков

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз