АЙТМАТОВ Чыңгыз: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: ЧЫҢГЫЗ – СЫРТТАН

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына көбүбүз тыкыр «кыргызкөз» менен карап көнгөнбүз. Маселен, теги ар башка «Кожожаш» менен «Карагул ботомду» жууруп салыш – тегеле эклектика! Же чынар Раймалы менен чырпык Бегимай. Болбосо, Гүлсарат, Каранар, карышкырларынын «адамдаша» түшкөнү…

Мен да, бир кез, блокнотума: «Айтматовдун жазганы сулуу бугу. А Ыймаштын айтканы тирүү бугу» — деп жазып койгонум бар. «Сулуу-тирүү» болгону – анын бугулары сырттан көрүнгөнү, жазуучунун бугулары. Алар кээде чыныгы кыраа натуралисттин байкаганынчалык деңгээлдерде так эмес. Жазуучунун идеясына жараша кызмат кылып романтикалашып кетет. А Ыймаш деген Эки Нарында көп жыл уй багып жүрүп калган Куланактык киши.

Бир жолу мага бугулардын анык турмушун айтып отурса, оозум ачылып калган. Өйдөкү сүйлөмдү ошондо жазып койгом. Негизи, табият жашоосун таптаза табияттын өзүнүн көзү менен көрүп, мисалы, Пришвинче жазсаң, керемет ко! (Бирок бул – башка чыгармачылык да максат эмеспи). Дегеле, терең адабиятка терең натурализм керек! Мындан ал эч качан уттурбайт, утат гана! Эми, булар булуңдай кеткен сөздөр…

Ошентип, Чыкенин чыгармаларына биз, кыргыздар, кыргыздын өз демейки турмушунан чыгып мамиле этебиз көбүнчө. Ошондо, өйдөтө айтылгандай, айрым натуралисттик моменттерде анчейин өксүктөрдүн учурай калышы мүмкүн. Деталдарда. Бирок ал башка эл көзүнө көрүнбөйт да, кереги да жок. Анткени, ал олуттуу контекстте эң эле майда-чүйдө арзыбастын да арзыбасы гана сыяк… Эми кыргызтерибизден бир мертем эле суурулуп чыгып көрбөйлүбү. Айтматовго сырттан бир карап. Ошондо эмне көрүнөр эле бизге. Салыштыра багалы.

Баксак, ХХ кылымдагы Азия мейкиндигинен дүйнөлүк даркандар: Индиядан – Р.Тагор (прозасы); Кытайдан – Лу Синь, Лао Шэ; Жапониядан Р.Акутагава, Я.Кавабаталардын караандары көрүнөр эле. Мен башка айкын ысымдарды издеп убара тартпайын. Аталган жазуучулар аркылуу ар кыл элдердин нукура улуттук турмушун билдик, жашоосун тааныдык, психологиясына кандык. Артыкча, соңкусу – Ясунари Кавабатага «дүйнө элине дүйнөнү жапон көзү менен карап, жапончо ойлоо деген эмне экенин таасын тааныткандыгы үчүн» деген негиздеме менен Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Айтматовдун кыргыз дүйнөсү же жалпы эле көчмөн түркий ааламы (башка элге ошон үчүн Айтматовдун «кыргыз-казак» темасы кошуна айылдардын эле бир турмушундай сезилет) башка дүйнө калктарына дал ушундай күтүүсүз  жаңы, бир-ак кайталангыс, өзөктөн өтөктөп өрттүү кабылданат.

Айтматов дүйнөгө – кыргызча дүйнө кабылдоону, кыргызча ой жүгүртүүнү алып кирди, жөн эмес, аны дүйнөлүк бийиктиктин сересинен туруп сиңирди. А бул деген – улуттук натурализмди (сөздүн жакшы маанисиндеги) нукура улуттук сүрөткеркөркөм чындыкка өстүрүп өткөндө гана ишке ашуучу нерсе. Биз кыргызчээнибизге бек камалып алып, өз-деӊгээл даражасында баа бере албай келаткан провинциал бир өксүгүбүз ушунда эмеспи?

Анан да Айтматовдо Кавабатанын өтө аяр, морт, назик улуттук таза философиясы эле эмес, Акутагаванын курч драмасы да, Лу Синь, Лао Шэнин катаал реализми да, Тагордун турмуштук романтикасы да, баары, баары бар. Анда – айтылган азиялык даркандар бир ширелишип калгандай…

ДҮЙНӨЛҮК СЫЙЛЫК ТУУРАЛУУ

«Азия»,  «Нобель» дедик.  Ушундан улам…

Айтматовго Нобель сыйлыгын ыйгаруу сунушу менен түрк боордошторубуздун Комитетке кайрылганы белгилүү. Эми, залкардын көзү өтүп кеткенден кийин: «арбакты сыйлап, балким, берип коюлары да мүмкүн» дегендей кыяз алардын өкүлүнүн аза митингде сүйлөгөн сөзүнөн байкалды. Ушерде, бизди – кыргыздарды, намыска чыйралтаар бир жагдай туру. Бул эмне өзү, Нобель дегениӊ, өлбөстүктүн дарысыбы, мүрөктүн суусубу?

Эгер эле ошондой болсо, аны ичпей, жебей жүрүп, залкар бул дүйнөдөн кетпедиби (Анда да: «Иче албай жүрөт, жей албай жүрөт, кантсин», — деп айрымдарыбыз аа мыскылзаар (злорадство) күлүп коюп турбадыкпы. Ал эпадам ушул сыйлыкты алып калса, тимеле калганыбыздын кадырыбызга доо кетип калчудан бетер, «Чыңгыз» деген атак кыргызды басып, Манасты ашып кетчүдөн бетер, шүйшүнүп, күрсүнүп, тыӊсынып, мыӊсынып).

Сөздүн ачыгы, канча умсунтушту – бизди, залкардын өзүн. Бул – умсунтуу да эмес, кемсинтүү, керек болсо. Эми ошенткен сыйлыктын кимге кереги? Айтматовгобу? Айтматовго эми, даана кереги жок! Айтматовдун кадыры эми ушул сыйлыгы жок жакшы өсөт. Бизгеби? Бизге да эч кереги жок! Улуттук намыстын, билсек, бизге эми, башка улуу жолу ачылды! Бул эмне жол?

Белгилүү, биринчиден: Нобель сыйлыгы арада, ал эми акыркы он жылдарда, айрыкча билинбей, жылма саясатташып кетти. «Биздики» жана «биздики эмес» конъюнктурасы басты. Мындан бир азыраак эле жылдар илгери Индонезиянын бир чакан аралындагы эки епископ католик (молдо!) дин ишеним эркиндигин коргоп, миллиондогон мусулман Индонезия калкына каш кайтарганы эле үчүн дүйнөлүк сыйлыкка ээ болушту.

«Тынчтык үчүн талыкпас күрөшүүчү!» Өткөндө бул сыйлыкка арзыган түрк жазуучусунун да чыгармалары керемет көркөм дүйнө ачкандыгынан да мурда, түрк калкы армян геноцидине жол ачкандыгына көбүрөк байланышкандыктан сыйлык алды деп жазып чыгышты. «Адилеттик үчүн күрөшүүчү!» Мындай айыпсыз таптаза «тынчтык», «адилеттиктер» коом турмушу же көркөм дүйнө эле эмес, саясаттан такыр  сырт (!) делген таптаза илим аймагын да жылма бийлеп кеткен…

Экинчиден: Нобель сыйлыгы өзү, түбү, каргыштуу уюп калды. Анын өзөгүндө адам канына забын жаргыч динамит жатыры. Бул сыйлыкка азгырган ар кандай иш ал төккөн кандын, арман зардын ачуу тагын жууш үчүн гана моралдык мүнөзгө ээ жалданма кызматка чегилип кеткендей… Ал эми кыйраткыч уу-дары өз ишин дале тынымсыз-тынымсыз улантып келүүдө…

Ушундан улам – түбү каргыштан таза; экинчиден – жүүттенденциялуу конъюнктурадан тыш, Азия мейкининде Нобелге тараза дүйнөлүк жаӊы сыйлыкты уюштуруунун кыябы жетилди. Бул сыйлык, түбү адамды жардыргыч дарыга эмес, адамды жашарткыч дарылык кубатка ээ, гуманизм идеяларына чылк каныккан, бардык адамзатка, Батыш, Чыгыш канатка текши алымдуу, тегиз жагымдуу Айтматов атындагы сыйлык болушу мүмкүн. Өткөн кылымдын экинчи жарымынан тарта Азиядан Айтматовго тете башка жазуучу чыга элек, жок. Ушул аралыктагы Күн Батышка баксак деле, Латын Америка прозачылары М.Астуриас, К.Фуэнтес, Х.Кортасар, Х.Борхес, Г.Маркестердин биздин дүйнөбүзгө кыйла жакын (анткени, алыскы тектешпиз!) повесть, романдарын эске албаганда, христиан батышында Айтматов менен таймашаар караан жок.

Демек, Айтматов атындагы, ар тараптуу болбосо да, руханий аймакка жайылтылган жаӊы сыйлык уюштурса, жарашат. Эгерде, эпаадам, Азия мейкинине чабыт кере албасак, кур дегенде жалпы түркий дүйнөнү улуу биримдикке уюта алар кудурет ушул ысым-сыйлыктан сөзсүз табылар эле. Бул үчүн мамлекеттик деӊгээлдеги уюштуруучулук күч, алгачкы демилге-эрк, санаалаш мамлекеттер менен тил табыша эптүү сүйлөшүү, дипломатия ж.б. керек.

Айтматовдун көзү өтүп кеткенден кийинки зор кадыры да ушуга кызмат кылып бермек. Мындай сыйлыктын уюштурулушу – Айтматовдун (демек, кыргыздын!) кадырынын Нобелге эч муктаж эместигин белгилөө менен, кыргыз колунда Айтматов көтөргөн туунун көкөлөп сакталып кала беришине ыӊгай түзмөк.

Ойлонуп көрбөйлүбү ушуну бир, ойрон кыргыз, Айтматов – 90 маараке-эскерүү күнүнө катар…