АЙТМАТОВ Чыңгыз: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: АЙТМАТОВДУН «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИНДЕГИ ЖАМИЙЛА МЕНЕН ДАНИЯРДЫН ОБРАЗЫ

(Кырк жыл мурда)

Өзүнүн чыгармачылык кыска жолунда Кыргыз Совет адабиятын жаӊы жогорку тепкичтерге көтөргөн, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, «бах! чиркин, махабат баяны деген даана ушул эмеспи», «жолуӊ байсалдуу болсун» дедиртип окуучуларын тамшандырган, жаш жагынан кандай жаш болсо, чыгармачылык жагы да ошондой жаш Чыңгыз Айтматовдун реалисттик формада жазылган повесттери бизде гана эмес, чет өлкөлөрдө да алкоого татыктуу болду.

Биринчилерден болуп автордун жүзүн миӊдеген окуучуларына ачып, даана көрсөткөн Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан көпчүлүктүн талаш-тартыштарын, кызыгууларын, оӊ-сол пикирлерин туудурганы, бул – «Жамийла» повести эле.

«Жамийла» повестти жарыкка чыккандан баштап эле көпчүлүктүн оюн өзүнө тартып, өзү жөнүндө эки ача пикирди туудурду. Алардын бирлери – Жамийланын жоруктарын «чектен чыккан кашкалык» деп, аны далилдөөгө аракеттеништи. Бул повестке биринчилерден болуп пикирин айткан, боордош казак адабиятынын даӊкын дүйнө элине тааныткан Муктар Ауэзов эле. Анын «Жолуӊ байсалдуу болсун» аттуу эмгеги «Жамийла» повестине арналып, ага негизинен оӊ баа берген. Ал эми француз элинин демократ жазуучусу Луи Арагон «Жамийланы» өзү которуп (а жазуучу чанда-чанда которот) «Махабат жөнүндө дүйнөдөгү эӊ сонун баяндардын бири» деп жазган.

Ошондой эле повестке жазуучулар Э.Межелайтис, Н.Ниношвили жана башкалары өздөрүнүн адилеттүү сын пикирлерин айтышкан. Буга чейин эле повесть кыргыз коомчулугунун көӊүлүн өзүнө буруп, кызуу эки түрдүү талаш-тартышты туудуруп келген. Алардын бирлери «Жамийланын» жоруктарын «чектен чыккан кашкалык» деп табышып, аны далилдөөгө аракеттенишкен. Алардын ою боюнча, Садык кан кечип, фронтто эл-жерин коргоп жүрсө, анын «сүйүп» алган аялы Жамийла, Садыктын жалгыз энесин багуунун ордуна, ээсиз аӊгырап калган үй чарбасын тейлөөнүн ордуна, кайдагы бир тентип келген Данияр менен качып кетиши – чектен чыккан ээнбаштык экен. Бул пикирдин туура, туура эмес экендигине кийинчерээк токтолобуз. Ага чейин повесттин мазмунун аздан баяндасак, иштин пайдасы биз үчүн гана кызмат кылмакчы.

Жамийла – тоолук жылкычынын кызы. Кайсы бир кыз куумайда, аны кууган жигит Садык жетпей калып, сокур намыстын айынан аны ала качып алат. Көп өтпөй согуш чыгып, эр азаматтар фронтко аттанат. Тылда жаш бала, келин-кесек, кемпир-чалдар калат. Ошол учурда фронттон демобилизацияланып Данияр аттуу жигит келет. Окуя мына ошондон баштап чиелене баштайт. Көӊүлдөрү туура келген эки жаш баш кошушат да, өмүрдүн узак сапарына аттанышат. Повесттин финалы мына ушуну менен аяктайт. Повесттин негизги өзөгү, сюжетинин бар болгону ушул. Повесттин жүгү, ажары андагы образдар менен бирдикте караганда гана даана көрүнмөкчү.

Жамийланын образы

Жамийла жаштайынан тоо арасында ат чаап өскөн, тоо койнунда обонун эркин салып, аска-зоону жаӊырта ырдаган жылкычынын жалгыз кызы эле. Автор Жамийланын балалык чагына сараӊ карап, бизге бар болгону ушул гана маалыматтарды берет. Бирок биз анын тоонун салкын абасында, алдыӊкы жылкычынын тарбиясында өскөндүгүнөн тоо суусундай, ак мөӊгүдөй таза кыз экендигине ишенебиз. Балким, Жамийла убагында: «Өмүр бою чач агартаар кишим ким болор экен?» — деп кыялданган чыгар. Анткени, Жамийланын жашы курагында ар бир жаш ошол ойду ойлобой койбойт эмеспи. Бирок Жамийланын өзүмдүн сүйгөн адамыма баш кошсом деген ою таш капты.

Бирок Жамийла Садыкка капыстан тийсе дагы, аны менен алгачкы күндөрдө сүйгөн адамындай мамиледе болду. Садыкка ак жашагысы келди. Жамийла келин болуп келгенден баштап эле көзгө көрүндү. Анын ачык, шайыр мүнөзү кээ бир абысындарына жакпай да калды. Ошон үчүн Жамийланын кайненеси Жамийланын азоо мүнөзүн байкап, аны жактырып, өзүнүн ордун баса турган адам болоруна көзү жетип, бирок ал бир ээленсе, аны токтотуу кыйын экенин сезип, ага карылык насааттарын айтып жатпайбы.

Жамийланын оюндагы, сезиминдеги турмуш Садыктын каттарын окугандан кийин болду. Ал катты ачканда эле: «Күйөөм мен жөнүндө нени жазды экен?» — деп бети албыра түшүп окуй баштайт. Акырында сустайыӊкы мүнөзү менен катты кайненесине сунат. Анткени күйөө сөрөй Садык өзүнүн аялы Жамийла жөнүндө бар болгону каттын акырында гана бир ооз сурап өткөн экен. Кайненеси Жамийланын ички сырын билбей туруп, анын сустайышын башкага жоруп: «Эмне үчүн сустаясыӊ, же согушка кеткен жалгыз эле сенин күйөөӊ беле?» — дейт.

Ошондо Жамийла: «Алдаа энекем-ай, түшүнбөй эле айта бересиӊ да» — деп оор улутунуп коёт. Ушул оор улутунууда канча ой, канча шакардай кайнаган сезим жаткандыгын кайненеси билген жок. А балким, Садык ата салтын улап, уялып, Жамийла жөнүндө каттын акырында жазгандыр деген да суроо туулат. А бирок жаштайынан тоонун азоо стихиясын өзүнө сиӊирип алган тунук Жамийла анын опсуз уяӊдыгын кабыл алган жок. Ал өзү сүйгөн, жүрөгү сүйгөн кишисин тынбай издей баштады. Айылдагы Ороз сыяктууларды аздап, аздап чексе, алар чоркоктуктарын гана көрсөтүштү. Ошондо Жамийла: «…колуӊардан аӊгиликтен башка эмне келет дейсиӊ?» — деп, ички сырынын четин гана кылайтты.

Жамийла өз сүйгөнүн тынбай издеди. Ошол учурда повесттеги дагы бир каарман Данияр келди. Окуя мына ошондон баштап чиелене баштады. Көпчүлүк адамдардай эле Жамийла да адегенде аны этибарга алган жок. Ачык-айрым Жамийлага анын түнттүгү, бир мүнөздүүлүгү жаккан жок. Ошондуктан ал: «Ой, ырдап койсоӊ боло, сустайбай, эркексиӊби же уургачысыӊбы» — деген  ачуу сөздөрүн да жумшады. Бул сөздөрдү Жамийла, бир чети, аны сынап айткан эле.

Бир жолу ал Даниярды тамашалап, жети пуддук капты анын арабасына салып койду да, ага: «Ай неме, ыштаныӊды тарт, шыпырылып калбасын, алыӊа чактасаӊчы» — деди.

Оо, ошондо Жамийла эмнени көрдү. Алиги алсыз, араӊ жан көрүнгөн Даниярга эми күч киргенсип, тоодой капты бийик трапка көтөрүп чыкты. Жамийла эми гана  Даниярдын ким экенин билди, анын жүрөгүндөгү тоодой махабатты сезди. Ошондон тарта Жамийланын жүрөгүндөгү назик кылдар «Данияр» деп күү чала баштады. Көрдүӊөр го, Данияр Жамийлага эч сөз айткан жок, унчукпай жүрүп гана сүйүлүп калды. Чынында эле, Жамийла да сүйүлүүгө татыктуу аял.

Станциядан келе жаткан жолдо Жамийла кандай да болсо ага сүйүүсүн билдиргиси келди, Даниярды бек кучактап өөп алды. Ал эми Данияр маселенин ылдам эле мындай болуп кеткенине көп түшүнө бербей аӊкыйып калды. Ошондо Жамийла өзүнүн опсуз бейбаштыгына нааразы болуп, Даниярга мындай деп кыйкырды: «Болду, жетишет, неге мынча таш боорсуӊ, неге адамдын ичин түшүнбөйсүӊ, эзбегин!» Эгер ошол учурда Данияр Жамийланы кыса-кыса кучактаган болсо, анда Жамийла эч качан минтмек эмес. Баары бир Данияр да ички сырын ката албады. Ал талаа-түздөн обон салды.

Оо, Ала-Тоо, Ала-Тоо
Ата-бабам өскөн жер,
Оо, Ала-Тоо, Ала-Тоо
Ак булут ойноп көчкөн жер.

Бул ырлар Даниярдын чын жүрөгүнөн сызылып чыккан жерине болгон сүйүүсү эле. Анын ыры Жамийланы эритти, Жамийла махабаттын 9-валында чайкала баштады. Жаратылышы тубаса үн берген адам болсо да, ал Даниярдай ырдай албайт эле. Анткени, Даниярдын көкүрөгү ата мекенди сүйүүгө жык толгон эле. Бул адамды Жамийла жаш кезинен баштап эле издеген болучу. Бирок Жамийланын издегени бир жагынан сылтып баскан, мойну куркуйган, түнт Данияр эмес. Анын издегени – сүйүүнү баалай билген, көкүрөгү махабатка толгон Данияр эле. Данияр чындыгында эле, ушундай адам болуп чыкты.

Чагылгандуу түн Жамийланын: «Жаным, секетим, мен сени сыртыӊдан билгендей, бала күнүмдөн бери сүйөм, кереги жок мага анын түштөн кийинки сүйүүсү» — деген сөзүн ааламга жар салып жатты. Ошол күн дүйнө жаралгандан берки эӊ бактылуу күн эле, анткени, ошол күн тунук сүйүүгө күбө болду. Тынымсыз жаап жаткан жаан Жамийланын Садыкка деген сүйүүсүн жууп кетти. Ал эми Данияр үчүн таптаза аял. Окуянын чечүүчү мезгили эми келди.

Садыктын бир айдан кийин келээри бышык болду. Биздин каармандардын тагдыры эмне болор экен. Алар алдыларындагы бийик аскадан жол таап чыгып кете алышар бекен? Чынында эле, бирин бири сүйгөн эки жашка токсон тогуз аска келсе да кеп эмес эле. Алар өз жолдору менен бактылуу турмуштарын көздөй канат сермеп учуп кетишти.

Жазуучу Жамийланын образы аркылуу өзүнүн эркин сүйүүсүнө умтулган, өз сүйүүсүн табуу үчүн жанын аябаган, эскинин торунун быт-чытын чыгарып, өз жолу менен кеткен кыргыз кызынын эркин сүйүүсүн көрсөткөн. Жамийла сыяктуу эрктүү болгондо гана өз максаттарына жетээрин айткан. Жамийланын кылганы азыркы жаштарга үлгү. Жамийла биздин жаштарга «эссиз сүйүүгө эстүү мамиле керек» экендигин көрсөттү, Азыр Жамийланын жолун жолдогон сиӊдилери сансыз. Чыгарманын күчү мына, ушунда.

Даниярдын образы

Данияр менен окуучу алгачкы ирээт ал арабалардын дөӊгөлөгүн майлап, эртеӊки ишине камынып жаткан кезинен баштап таанышат. Ушул кичинекей деталдан Даниярдын эмгекти сүйгөн, аны баалаган, эртеӊки иши үчүн бүгүн кам көргөн адам экендигин окуучу эч кыйынчылыксыз баамдай алат. Даниярдын ким экендигин көрсөткөн төмөнкүдөй эпизоддор бар.

Согуш десе, жомок көргөн жаш балдар ал келгенде согуш кандай болот экен деп сурашты. Ошондо Данияр бир топко унчукпай туруп: «Сендер аны билбей эле койгула» — деди. Даниярдын ушул сөзү боз балдарды ийне менен сайгандай чочутту, төбө чачын тик тургузду. Анткени Даниярдын жогорку сөзү «согуш алаамат, согуш жерге кирсин» деген кур кыйкырыктан алда канча таасирдүү эле. Бул – Даниярдын биринчи төрөлүшү эле. Жүрөгүндөгү махабат үчүн, Жамийла үчүн, өзүнүн ким экенин көрсөтүү үчүн Даниярдын жети пуддук буудайды көтөрүшү – Даниярдын экинчи жолу төрөлүшү эле. Ал дагы өз сүйгөнүнүн ким экенин ачык сезди. Көрсө, анын алгачкы кездердеги түнт, басмырт болушу – өзүнүн жүрөгүндөгү сүйүүсүн таппай мүӊкүрөп жүргөн убагы турбайбы.

Анын кеч киргенде суунун шарын тыӊшап дөӊдө жатышы – суунун шарынан өз сүйгөнүнүн ким экенин сурап жаткандагысы турбайбы, бир топко күндү ээрчий карап турушу – бул күндөн: «Менин сүйгөнүмдү көрдүӊбү?» — деп сурап жаткандагысы турбайбы. Өзүнүн сүйгөнүнүн ким экендигине көзү жеткен Даниярдын талаа-түздү жаӊырта ырдап жатышынын себеби да ушунда жаткан экен да. Махабатка мас болгон Даниярдын кой десе болбогон ырына, калыӊ буудайлардын башын ийиши, айдын болуп көрбөгөндөй мээримдүү тийиши – Даниярдын чыныгы сүйүүсүнө болгон тилектештиктер турбайбы.

Эл айткан келесоо чалыш Даниярдын чыныгы ата мекенин сүйгөн патриот экенин биринчилерден болуп Жамийла сезди. Алар сүйүүсүн тапты. Ак сүйүүгө бардыгы бир тилекте болорун, повесттеги көрүнүштөрдөн: жеӊесин ыксыз коруган Сейиттин ичи тарышынан, ошого дейре ай нурунун мынчалык жарык тийбешинен көрүүгө болот. Жамийланын айдай сулуу образын окуучуга ачык көрсөтүш үчүн ай нуру да сүттөй төгүлүп, Жамийланын жамалын, ичин Даниярга дагы да ачык көрсөттү.

Повестти окуганда ар бир окуучунун да сүйүүсү Даниярга арналат. Ал окуучулардын сүйүүсүнө толук арзыган адам.