АЙТЫМБЕТОВ Орозбек: ОРОЗБЕК АЙТЫМБЕТОВ: ЖЫМЖЫРТ ШААР

АҢГЕМЕ

Бүгүн Балыкчы жымжырт. Көп күндөн берки алай-дүлөй басылган. Таштак көчөлөр, асфальт жолдор шамалдан кийин бирөө шыпырып кеткендей тасырайып жатат. Асман тунук. Көл көпкөк. Кыштан жазга тарткан учурдун шарапаты болсо керек, күн жылымык тийип, таштак көчөлөр жездей сары нурга бөлөнүп турат.

Жоомарт чак түштө порттон чыгып, кулкуну куурап, көнгөн жагына жөнөдү.

Жашыл «пивокананын» ичи кажы-кужу. Күрөшкөлөрдүн, ыстакандардын, бошогон тарелкалардын шаңгыр-шуңгуруна аралаш: «Күрөшкөңүз бошодубу?», «Ыстаканыңызды бере турасызбы?», «Бош орундук барбы?», «Силердин үстөлдү мен ээлеп коёюн…», «Кечиресиз, бир бөтөлкөгө жетпей атат, бирикпейлиби?», «Карындаш, таанышып коёлу…», «Ой, сен иттенбе!», «Ие дос, баягы карызыңды качан бересиң?», «Эй, ашлямфусу бар бекен?», «Жеткире куй, бу жерде сегиз киши отурат», «Кашыгы кир экен…», «Баш жазып алалы», «Пивосу жалаң эле суу экен», «Ой, сиз эмне жөөлөйсүз?!», «Ыстакандарды тез бошоткула», «Сиз мага жөнү жок тийишпеңиз!», «Бу жерге арак ичүүгө болбойт!», «Мантуусун албагыла! Эти жок жалаң эле пияз экен», «Дагы бирден ичпейлиби?», «Камыры былжыраган ушундай да лагман болобу? Кечээ күнкү турбайбы!», «Бир ыстакан сок бериңизчи…», «Эй катын, бүгүн алахывалың кандай?», «Жүргүлө кеттик, бу жерде кезек көп экен», «Чылымыңыздан кайрылып коюңузчу?», «Кана эмесе, ден соолук үчүн! Калтырбай ич…», «Эй, эмне ле асыласың? Бүкүргө айтып койсом мурдуңду кекейте коюп жүрбөсүн?!», «Айылды-ы-ын а-ары жагы-на-ан…», «Ха-га-га-га…», «Карачы бели кындай болуп турганын!», «Эй, машинеңе дөңгөлөк таптыңбы?», «Кечээ соолуктуруучу жайга түшүп калыппыз…» деген кобурлар чыгат.

Эч бир таанышын көзүнө илештире албады. Ар кимди үмтөтө карап, бир аз айланчыктап турган соң супсуну сууп, үйүнө бет алды. «Аттиң-ай, ушундайда бир бөтөлкө муздак пиво болсо ээ?! — деп ойлоду чоң кейиште. — Мындайда тааныш да кезикпейт…»

Крандын өөдүк-сөөдүк майы жугуп, сырты жылтырап турган кара купайкесинин жан чөнтөгүнөн тамеки алып, чеге кетти. Жана ле жүрөгү айлангансып турду эле, эми ага тамекинин кермек дат түтүнү кошул-ташыл болуи, ого бетер жипкирди. Аргасыздан кыяван жолдон чыгып, жоон байтеректердин далдаасына бурулду. Жетип эңкее бергиче болбой эле «өөк» эте ачыла берген оозунан даамы жедеп жүрөгүнө тийген илешкээк сары зил балп-балп кулгунуп, жердеги майда кумдуу борпоң топурак бетине жайыла берди.

Түндө аябай чагылып калгаи неме өзөгүндө эчтеке калбаса деле курулай окшуй берди. Дем алган сайын ичинен чыккан ичкиликтин көңүл айныткан жыты анын жанын жайына койбой, жүрөгүн оготодон айлантып, окшуган сайын оозу уу даамданып, ансайын жаны калбай окшуп, бирок көңүл айныткан жыттан башка эч нерсе чыкпай, окшуган сайын бүт иче карды кекиртегине чейин тирелип келип алкымына кептелгенсип, өңгөчүн тартып окшуган сайын «үзүлүп» кетчүдөй татарып, анткен сайын «өхүлөп», жаны кейий оор дем алып, жаш чыгып кеткен көздөрүн купайкесинин кара май сиңип жалтырап турган жеңи менен сүртүп, кайра ле оозун араандай ачып, бир нерсе кусууга далалат этет. Колкосуна сөөмөйүн сойлотот. Бирок эч нерсе чыкпайт.

Окшуп атып эси ооп болгондо өөдө болду. Эч шилекей чыкпаса деле курулай түкүрүнүп, кеберсип куудурап турган эриндеринин тегерегин жеңи менен бир жанып, байтеректердин далдаасынан чыгып, кыяванга түштү. Көл жээктей көчө менен үйүн көздөй жүрүп отуруп, базарга кетчү көчөнүн кесилишине келгенде «биргадирдин атынан бетер» токтоп калды. Көчөнүн базарга алып барчу жагын карады. Көзүнө тааныштардан эч ким чалдыкпады. Кантсе да, үйүнө баргысы келбей ошо ченде узакка турду. Көзүнө базардын четиндеги көк пивокана элестеп, кулагына кайрадан күрөшкөлөрдүн, ыстакандардын кагышкан шылдыры, кызымтал кишилердин кажы-кужусу угула кеткендей, кызык авалда турду.

Аңгыча арт жактан шартылдай баскан адамдын дабышы чыгып калды. Кылчайса — кеме чарбасынын жетекчиси.

Жоомарт шашып калды да кесилиштен өтө кетти. Артындагы дабыш Жоомарт турган алиги жерге жеткенде базарга кетчү көчөгө бурулгандай болду. Башы кеңгиреп турган неме ошондо гана артына уурдана карады. Тиги Жоомартты байкадыбы, жокпу, алиги ле дем менен өөдө карай кетип баратты.

Жоомарт жакында ле соолуктуруучу жайда «мейманда» болуп, баскомфлоттун жыйналышына түшүп, эл алдында жүнү жулунган тооктой «тепкиленип», «эми оңолом» деген убада менен ишинде зорго калганын эстеди. Базар жакка канчалык баргысы келип турса да мойнунан байлаткан иттей шылкыйып, үйүнө жөнөдү. Бир чети, мунусун өзү туура көрдү. «Жоомарт үйүнө барып, жарма ичип, кайра базарга келгиче тиги чоңу да кетет. Анан пивочудан карыздап болсо да эки-үч күрөшкө алып ичет. Акысын айлык алганда берип кутулат же ага балык керек болсо, эртең эле…».

Жоомарт ушул ниетте үй тарабын көздөй бир аз илгерилегенден кийин, кайра айнып калды. Жолдун астындагы ресторандан көзү өтүп, чөнтөгүндө сокур тыйыны жок болсо да бир баш бага кеткиси келди. Анан ошол оюна биротоло жетеленип, кандайдыр бир күчтүн жетеги астында жөнөп калды. «Тим өлө койбой… Барбай эле койбой..» деп, арсар кейиди. Бирок ал канчалык кейимиш болсо деле болбой, буту ресторан жакка шилтене берди. Ооздогу тепкичтерден көтөрүлүп баратканда ресторандын өтө чоң, кыркалекей терезелерине көз кыйыгын салды. Ресторандын үчүнчү терезесинен «кызыл жакаларды» көргөнсүп кетти. Жүрөгү болк эте түштү. Ошентсе да, ал ага деле моюн берген жок. Ресторандын эшигин ачып, ичкери кирип, каалганын түбүнө туруп калды. Кийим илгич тосмонун нары жагынан баягы — элүүлөргө келип калса да упа менен эндикти чанбаган, өзүн али жаш эсептеген, оң көзү азыр эле башкаларга ымкыла түшчүдөй кыбыңдаган аялды көрдү. Аял: «чечиниңиз» дегендей ишарат кылды. Жоомарт баш чайкады. «Киши издеп жүрөм» дегендей күңк этти.

Ресторан ичи тыптынч.

Жоомарт экиден, үчтөн биригип, шарап ичип, ысылык жеп, маектешип отургандарды ачык турган эшиктин түбүнө келип, баш багып, кыдырата карады. Мында да жарма тааныштарын көрө албады.

Бирдеме сеп этүүгө болгон кумарлыгы күчөп кетти. Дале болсо үмүтү үзүлбөй, отургандарды кайталап карады. Бирок тааныштарынын бирин да көзүнө сүртө албады.

Ошо учурда ресторандын оозгу бөлмөсүнө бир аялды ээрчитип, адеми кийинген жигит кирди.

Жоомарт таңдайы кургап, батташып турган оозун көөп турган тили менен жаланып, кулкуну куурап, аргасыздан сырттан киргендерди карап калды. Эркек ага тааныш туюлду.

«Кайдан көрдүм эле?». Жоомарт тигини кадала карады. А тиги кийимдери майланышкан «кызыл мурунду» көрмөксөн болуп, жанынан өтө берди.

— Салоомалеки! — Жоомарт жандана түштү.

Тиги ормоё карады.

— Алекисалам. — Кол алышканга да жараган жок. Ооз учунан мыңк этип, баш ийкеген болду да, аялды колтуктап, ары кирип кетти.

Жоомарт төркү эшик түбүндө көпкө турду.

Кийин «кетейин» деген ниетте бурулуп баратып, бет маңдайынан дагы бир «таанышты» көзү чалып калды. Кара тумакчан, купайкечен, трайке шымчан, колтойгон өтүкчөн. Баары кирдеген, майланышкан. Керзо өтүктүн кончу төрт эли жеринен төмөн кайрылган. Өзүн жалдырай тиктеп турган неменин сакалдары түксөйүп, өсө түшкөн. Көзүнүн кычыктары шоролонуп, өзү шишип-көөп, азыр эле жипкирип ийчүдөй болуп турат…

Жоомарт өзүн күзгүдөн көрүп, сабыры суз — бир эсе кейигендей, бир эсе мейлиге салгандай, көпкө турду…

Жолдо келатып алиги таанышты эстеди. «Автобазада икженер болуп турганымда алыстан салам айтып, бүжүңдөп турчу эле,— деп ойлоду. Анан, өзүнө-өзү наалый кетти. — Эмне үчүн эми мен озунуп, салам айтышым керек? Эмне үчүн ал өзүн төрөпейил тутушу керек? Бар болгону ал механик, а мен инженер… Ал техникум, а мен институт…»

Жоомарт үйүнө чукулдап калганын бузулган суу чоргосун көргөндө гана сезди.

Ал бүгүн өзүнөн кичүү бала алдында басынып калганына, жада калса инженерликтен ыргып, эптеп-септеп бир автокранга «баш калкалап» жүргөнүнө деле анча терикпеди. «Саламга келбей кеткендер азбы? Эмне, кызматынан кичирейгендер жокпу? Бар. Атасынын көрү, алардын баарына түкүрдүм. Кызматтан коркуп, элден коркуп жашай албайм. Каалагандай өмүр сүрөм, каалагандай ичип-жейм. Себеби, мен адаммын. А адам деген ичиш керек, жеш керек, басыш керек! Антүүгө азыр ар кимдин укугу бар…

Менин жеке турмушумда эч кимдин иши болбосун!..»

Жоомарт өзүндө эч тыйын-тыпыр жок экенине көзү жетип турса деле, «болуп калбасын» деген алдамчы үмүттө, чөнтөктөрүн дагы бир сыйра тинтип чыкты. Базар оюнан али чыкпады. Ошо арада ал мурдагы жана кийинки ызаларынын баарын унутуп, баарына кол шилтеп койгондой болду.

«Иштеп, иштин акырына чыккан кишини көрө албадым. Иштеген сайын иш көп. Ал бүтпөйт. Иштен өлүп эле кутулбасаң, кутула албайсың. Атасынын көрү, түштөн кийинки ишти… Көп болсо бошотуп ийишээр. Бошотсо, ушу килейген шаардан мага бир иш жокпу? Тургандыр да бир машийне…». Жоомарт ушул оюна аябай бел байлап алды да, үйдөн өзөк жалгап чыккандан кийин пивоканага бармай болду. «Атасынын көрү, жыйналышка кимдер түшпөгөн?» «Ичесиң-ичесиң!» дешет. Азыр ичпеген ким бар? Тимеле гой буларды, оюна койсо ушу «ичесиң» деген сөз менен менин кендиримди кескилери бар. Атасынын башы! Ошого мүңкүрөчү биз эмес! Мына аларга!» Жоомарт сөөмөйү менен ортонунун ортосунан баш бармагын булайтып, ошол колун асмандата жаңсап, өзүнчө ле каны кызый берди. Акыры «Оңол!», «Токтол!» деген кишилерге да итатайы тутулуп, аны менен эле жөн калбай, аларды жаман оюнда каарып-кууруп, ашатып алган соң, кыялында: «Булардын баары киши эмес, манекен!» деген бүтүмгө такалып турду.

Орто жолдогу жапыс дүкөндүн жанына келгенде андан өзүнүн бир кездеги тамга тааныткан ак чач эжейи чыкты. Колунда нан, сүт, кант салынган себет.

Жоомарт өзү билим алган көп эле мугалимдерди унутуп калды. Бирок «а» деген арипти таанытып, колуна калем кармаганды үйрөткөн тунгуч мугалимин эч унута алган эмес. Эжейинин энелик мээрими да өтө чоң болучу. Андан ушу кезге чейин айбыкчу. Айбыкканы — дилинде терең сыйлаганы болучу. Жолугуп калган учурларында саламын жазбаган. Эжейи да бир кездеги өзүнүн отличник окуучусун эч унутпаган. Орто мектепти жакшы бүтүп, институтка өтүп, студент болуп жүргөндө, бүтүп келип автобазада иштей баштаганда алгачкы эжейи Жоомарт менен сыймыктанып кала турган. Ата-энелердин чогулушунда Жоомартты оозго ала сүйлөчү. Түз эле «Жоомарттан үлгү алууга» чакырчу…

Дүкөндүн алдында эл көп болгондуктан эжейи Жоомартты байкабады. «Өтүп кетсин» деген ниетте Жоомарт да тескери карап, өсүп кеткен сакалын кырт-кырт тырмап, туруп калды. «Жолукса ле айткандары акыл-насаат».

Эжейи те үстүңкү көчөлөрдүн биринде туруучу. Кээде астыңкы дүкөнгө да келе калат. Бу жолу ал адаттагыдай эле көл бойлой кеткен көчө менен жүрүп отуруп, Жоомарт турчу кесилиш көчөгө жеткенде өөдө бурулду да, үйүнө бет алды.

Бүгүнкү күн оюндагыдай болбогондуктан Жоомарттын көңүлү чөгүп, кандайдыр чарчагандай, үстөккө-босток үшкүрүнүп, купайкесинин төшкү бүчүлүктөрүн чечип, шылкыя басып, эжейи бурулуп кеткен үйдүн булуңуна келгенде алды жактан белгисиз бир баланын үнүн угуп калды. Бала бирде өкүрүп-бакырып, бирде чоң кишилердин сармерденин заңкылдап ырдап калат.

Жоомарт тегерегин карап, эч кимди чалдыктыра албай, өзү турган кесилиш көчөгө бурула бергенде гана эжейи андан он беш эле кадамдай алды жакта, ары карап турганын көрдү. Элдин баары иште болгондуктан көчө ээн.

Жоон терекке далдаалана калды. Бир аздан соң алды тарабын акыры-ын моюн созуп карады. Ана кызык! Алиги ырдап бараткан бейтааныш бала топуракка оонаганбы, айтор, баштан аяк ботала, кийимдери чаң, жылаңбаш… ары теңселип, бери теңселип, жыгылып кетчүдөй болуп барып оңолот да, өкүрүп-бакырып сөгүнүп калат. Андан да «айылды-ы-ын а-ры жа-гына-аы…» деп булдуруктап ырдап жиберет.

Жоомарт эч нерсе түшүнө албады. «Мектепке жашы жетип эле калган көрүнөт, бу кимдин баласы болду экен?». Дагы карап, эжейи да эми бир чоң терекке далдааланып, баланы оюна коюп, байкап калганын көрдү.

Бала оозго алгыс сөздөр менен сөгүнө берди. Аны чыдап угуп турууга эч мүмкүн эмес эле…

Богоозго жини кайнаган Жоомарт өзү турган далдоодон чыгып, оозуна эмне келсе ошону кепшеп аткан тиги ээнбаш баланы жазгап-жузгап, тыйып койгусу келди ле, ушу түрү менен эжейине көрүнүүдөн тартынды.

Бала эми алигиден күчөп сөгүнүп, оготодон теңселип, ар кайсы бакты таянып, кез-кез «Өөк!.. Өөк…» эте, курулай окшуй кетет. Анан кайра ле заңкылдап ырдап жиберет.

Төшөктү салсаң тар салчы-ы
Бир эле киши баткандай…

«Тааныш ыр экен,— деп ойлоду Жоомарт. — Бу чычым муну кайдан үйрөнүп алган?»

Ырдын аяккы саптары чыкканда Жоомарт негедир жылмайып алды.

Бала дагы эле темтеңдеп, кээде баса албай жер таянып, төрт аяктап, окшуп, анан оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, кимдир бирөөлөрдү ашатып калат.

Жоомарттын үйү ушу кууш, чолок көчөнүн орто ченинде эле.

Бала темтеңдеп баратып, биринчи үйдүн тушуна токтоду да сөөмөйүн дарбазага кезеп, бодо сөздөрдөн төгүп калды.

— Эй, Алымкул — карыган какбаш! Карыганда токолдон айланасыңбы?! Сенин «көрөр көзүңдү» тыяктагы шоопурлар… Киши эмессиң, Алымкул! Түк эркек эмессиң! Итсиң! Жөн эле ит эмес, бычылган итсиң!..

Бала Алымкулду кыйлага ашатып, ары карай ырдап жөнөдү. Темтеңдеп барып, аркы үйдүн бурчуна токтоду.

— Эй, энеңди гана… ботугур[1]. Сенин жиниңди азыр эле кагып коюп жүрбөйүн?! Эр болсоң чык бери! Кана! О, канчык! — Бала теңселип, жеңдерин билегине түрүнүп, кичинекей муштумун короо жакка кезеп, дале булдуруктап, сөгүнүп атат. — Отун базасында иштегекиңе көпкөн экенсиң, акмак! Сенин былыгыңды чукутуп туруп, сотко өзүм айдап барам! Күнөөңдү мойнуңа албасаң эле өлдүң, байкуш! Андан көрө эки колуңду бооруңа алып, кечирим сурап, аны-мунуңду көтөрүп алып, азыр алдыма түш! Кокус эртеңге калсаң кеч болуп калат…

Бала аны да аябай сөгүп, темтеңдей басып, арылап жөнөдү. Ошо арада: «Алтынчы күнү кечинде…» деп, ырдай да кетти.

Бала ыргалып барып, үчүнчү үйдүн түбүнө токтоду.

— Ээй, Калыйман жеңе! Алахывалдар канда-ай?! Мени унуттуң го?.. «Меймандар» келип атабы? Бу жолу мага ооз басырык бербесеңиз болбойт! Мен оозу боштордон эмесмин, ошентсе да… Ооз басырык! Антпесе болбойт. Кудай урсун, болбойт! Эгер ооз басырык болбосо, «меймандарыңыз», кудай урсун, быякка жолой албай калат. Мага жүз эле грамм! Э, жеңе, жүз эле! Калганын кудай ала койсун!..

Бала бу жерде да бир аз кармалып, баш аягы жок балдырап, кээде аялга жалына кетип, ары карай темтеңдеп жөнөдү. Күтүлбөгөн жерден эле:

Элге берген курутта-ан,
Бизди кандай курутка-ан! — деп заңылдап калды.

Жоомарт бул ырды укканда ченде жок күлкүлүү анекдот уккандай ырсайып, «муну уккан эжейим кантип атат болду экен?» деген кыязда жашынып турган жеринен алды жагын моюн созуп карады. Бала да, аны аңдып бараткан эжейи да арылап кетиптир.

Бала төртүнчү үйгө жетип бакылдай баштаганда сүйлөгөн сөздөрү Жоомарт турган жерге үздүк-создук угулуп калды. Баланын жоругуна кызыгуусу арта түшкөн Жоомарт биринчи короонун жашыл дарбазасы чендеги жоон дарактын далдаасына жетип, туруп калды.

— Ээй, кеңкелес! Балаңдын тушоосун кескенде кошунанын баарын чакырып, мени унутуп калганыңа жол болсун!.. Чакырбай койгудай, мен эмне, ата-энеңди өлтүрдүм беле?! Ата-энең өз ажалынан эле өлгөн! Угушума караганда атаң «чоңураак сугунам» деп, чучукка какап өлүптүр!.. Сен мени унутуп калганыңдан чакырбай калган эмессиң, битирлигиңден… Сен битин сыгып, канын жалаган неменин бирисиң! Тетиги ботугур өңдүү ле кошоматчысың!..

Экинчи үйдөгү ботугур менен төртүнчү үйдөгү экспедиторду Жоомарт абдан жек көргөндүктөн баланын кылыгы ага жага бербей калды. Бирок баласын ушундай абийирсиз өстүргөн ата-энени ичинен негедир жек көрө баштады. А бала дагы ле ыргала басып, жер сүзө темселеп, өзүнчө сөгүнүп-сагынып, күтүлбөгөн жерден «лай-ла-ла-ай…» деп ырдап, бешинчи үйдүн түбүнө барды.

— Ээй, Кемчонтой! Баягы дүкөнчүдөн карыз алган бир бөтөлкөнүн акчасын алиге чейин бербегениң кандай?! Ишенимден кеткен экенсиң, акмак! Азыр жөнө! Бер! Агер антпечи болсоң көз ирмемде эшигиңди талкалап, үйүңө кирем да бүт үй-бүлөңдү жайлап чыгам…

Жоомарт жүрөгү бир нерсени сезгендей опкоолжуп, туш келди сөгүнүп аткан баланы суроолуу карап калды. «Ой, бу күлапса кимдин баласы?». Баланын үстү-башы чаңга аябай чамбылала болгондуктан аны ушул аралыктан таанууга эч мүмкүн эмес эле. Бирок үнү алигиден да кулакка тааныш чыгып атканын туйду.

Бала алтынчы үйдүн жанына алигидей эле теңселип, бара албай, алдыга жүткүнүп, кайра артка кетенчиктей берип, зорго жетти. Ошо арада: «чыттан бир сенин…» деп, куюлуштуруп ырдап жиберди.

— Эй, чурку! Сенин катыныңды…

Жоомарт элтее калды. Негедир, бул чычымды жек көрүүсү күчөп кетти. «Бирөөлөрдү кемсинтүүгө бул айбандын кандай акысы бар?!». Жашынып турган жеринен атып чыгып, ээнбашка көз ачып-жумганча жетип, жаагын түлөтө-түлөтө чаап, ата-энесине сүйрөп баргысы келди. Бирок өз кейпи эсине түштү да, ушу түрү менен эжейине көрүнүүдөн чындап ардыкты.

Ал аңгыча болгон жок, тиги бала теңселип, жетинчи үйгө бет алды. Бирок үйгө жетпей жүзтөмөнүнөн кулап түштү. «Өөк-өек» окшуп, жерде ары-бери оонап, акыры боору менен сойлоп, кээде эмгектеп, жыгачы сырдалбаган боз дарбазага жетти. Эптеп өөдө болду.

«Мени кандай сөгөөр экен?». Теректин далдоосунда турган Жоомарт демин ичине тартып, жүрөгү дүкүлдөп, бүт дити менен тыңшап калды.

Бала дарбазага далысын жөлөп, ыргалып, колун өөдө-төмөн шилтеп, какырынып-түкүрүнүп, кимдир бирөөлөрдү жалпы жонунан ашатып бүткөндөн кийин, төш кагууга өттү.

— Мен деген мен! Жыйырма эки жашымда политех институтун бүткөмүн! Жьшырма үч жашымда автобазада начальник колонна болуп тургамын! Жыйырма төрт жашымда инженерликке дайындалгамын! Ошол эле учурда начальниктин орун басарлыгынын да милдетин аткарып жүргөмүн.

Жоомарт селт эте түштү. Жүрөгү лакылдап, көздөрү алачакмактай калды.

— Мен автобазаны бийлеп турганда… Кана, эр болсоңор маа теңелип алгыла! Бирок маа теңелмек кайда?! Силер бир байкушсуңар, бечарасыңар. Мына, мен!..

Жоомарттын аза бою төбөсүнөн таманына чейин бир «дүрр!» этип алды. Анан жүзү чымырап чыкты.

— Эй, катын! — деген кыйкырык жаңырды аңгыча. — Ач эшикти! Мен келдим! Ой энеңди гана… бол! Силерди багам деп жүрүп… Жашабай жатып, көз ачып жумгуча төрт кыз, бир эркек тууп жибердиң. Карачы, бир гана эркек! Ушуну ойлогондо күйүп гана кетем, а! Ий-ий, кара жерге кир-ий! Карачы, төрт кыз, бир гана эркек! Кыздарың чоңоёт да, бирден эркекти ээчип, туш келди кетет. Баккан гана убарам!.. Ушу төрт кыздын ордуна бир эле эркек тууганыңда эки эркек балам болот эле го?! Эркек тууш жагынан береги экспедитордун катынынан үлгү алсаң боло!

Ошо тапта темтеңдеп турган бала сөгүнүп, ансыз да кылтылдап араң турган эски дарбазаны койгулап, каалганы тепкилеп кирди.

«Кы-ыйч» этип ачылып кеткен каалгадан чоң кара даңгыт чыгып, баланы көргөндө шыйпактап, колу-бутун жалап, эркелей кетти.

— Айланайын, карындаш! — деди темтеңдеп турган бала бир учурда кара дөбөттү мойнунан кучактап. — Көзүңүз эле жылуу учурайт, сизди кайдан көргөнүмдү эстей албай турам… А, менби? Мен — инженер! Мен — диплом! Тааныбаган жерге барсам иш да, катын да бар!

Бала итти өпкүлөп атып, кокустан эле:

Жүректеги жалынсың
Басымдагы багымсың…

— деп, казакча ырдап жиберди.

— Токточу айланайын.

Жоомарт карай салса, эжейи итти мойнунан кучактап алган баланын жанында турат.

— Эмне үчүн жанатан бери тартипсиздик кылып атасың?

Бала бейтааныш аялды көргөндө чочуп, алаңдап коркуп кетти. Итти коё берип, түзөлө түштү. Азга буйдала калып:

— Тартипсиздик кылган жокмун,— деп мурчуйду.

— Анан эмне кылып атасың?

— Атамды туурап.

— Атамды туурап?

— Иги. — Бала жер карады.

— Эмне, атаң ушундай мас болобу?

Бала жооп берүүнүн ордуна шылкыйган тейде баш ийкеди.

— Атаң ким?

— Жоомарт…

Далдаадагы Жоомарт жаакка бирди жегендей бозала болду. Уятынан кирээрге жер таппай калды. Башы жерге кире түштү. Дарактын четинен моюн созуп караганга да бети чыдабады. Жашынып турган жеринде катты да калды. Баласы Аргендин үнүн бирде тааныса, бирде тааный албай, нес боло берди…

…Көп өтпөй көчө ээн калды…

Жоомарт үйүнө кире албады. Өзү турган көчөдөн алыстап, башы оогон жакка кетип баратты. Алиги окуяны ойлой берип бир эсе жылдызы түшсө, бир эсе арына келди. Бирде өзүнө ачуусу келсе, бирде ичи күйдү. Уулун эстеген сайын каны бетине чаап, намыстанып, көзү кылгыра арданып, бушайман боло берди. Ал буга чейин мынчалык туталанган эмес…

…Бүгүн Балыкчы жымжырт…

1977

[1] Уруунун аты.