АЛАХАН Садык: САДЫК АЛАХАН: КАЗЫБЕКТИН КАПАСТАГЫ ЫРЛАРЫ ТУУРАЛУУ

Казыбек казалчынын көркөм мурасын дыкаттап окуган адам биринчи кезекте таланттын тубасалыгын, ошондон улам ойдун тунуктугун байкап багат. Сүрөттөө объектисинин (түрмө, сүргүн) адаттан сырт бөтөнчөлүгү бул жерде ырчынын пайдасына чечилчү кошумча каражат катары эсептелинбейт. Биринчи кезекте, кайталап айтабыз, табият берген таланттын нукуралыгы менен бийиктиги гана ырчынын чыгармаларынын чыныгы нарк-насилин аныктап турчу касиет болуп эсептелинет. Муну Казыбек ырчы өзү да өтө жакшы сезген. Ошондуктан

Алдым колго калемди
Ак кагазды каралап,
Алым келсе бир сөздү
Айткым келет чамалап.
Калк ичинде бир нуска
Калса деймин аралап,
Кадырсыз болсо угууга
Кала берсин талаалап, – 
деп ар бир сөздү чамалап, б.а. салмагын“кармалап” көрүп айтуу кажет экендигин, ошону да алы келсе айтууга батынарын ачык билдирет да, эгерде ошол айткан бир нускасы угууга жарамсыз болсо, анда бул сыяктуу ырлардын талаада калгандан өтөрү жок экендигин тике эле айтат. Чыгармачылыкка мындай олуттуу, мынчалык катуу, мынчалык талап менен кароо, жашырганда эмне, ар бир эле ырчынын колунан келе бербейт. Мындай олуттуу сөздү, албетте, биринчи кезекте өзүнүн көркөм талантынын кудуретине тереңден ишенген киши гана айта аларын да эстен чыгарбасак.Казалчынын тагдыры менен тааныш болгон соң ар бир адам “Казыбектин ырлары баштан-аяк түрмө, сүргүн жөнүндө болсо керек” деген тыянакка келиши толук ыктымал. Албетте, аталган багыттагы ырлар да аз эмес, ал турсун ырчынын көркөм мурасынын басымдуу бөлүгүн түзүп турушат – мындан башкача болушу мүмкүн да эмес эле, бирок Казыбек казалчы баштан кечирген касирети жөнүндө канчалык даражада ары бийик, ары көркөм айтып бере алса, элибиздин өткөн турмушу, каадалуу салт-санаасы, Ата конуштун көз жоосун алган көркү, бу жашоо менен өмүрдүн баркы жөнүндө да дал ошондой эле бийиктиктен туруп, дал ошондой көркөм айтып бере алган.

Арийне, Казыбектин көркөм мурасынын басымдуу бөлүгүн түрмөдөгү, айдоодогу ырлары түзүп турат. Дал ушул ырларда анын адилеттүүлүк жөнүндөгү, бийлик жөнүндөгү, пенде баласынын адамдык нарк-насили жөнүндөгү терең ойлору камтылган. Ошону менен бирге бул ырлардын дээрлик баарысынан терең кусанын, зор сагынычтын илеби уруп турат. Ошондой эле түрмөдөгү ырлар түрмөгүнөн ырчынын өз пенделик тагдырын өзү таразага салып, өз жан дүйнөсүн өзү тереңден аңдап-билүү аракетинде болуп жүргөнүн да ачык байкайбыз. Казыбек бүт ишеничи менен:

Айдалып келдим агынан, –деп эсептеген. Бирок

Барган жерим Орунбор

Маңдайымда калың шор, – дейт да, бул шорго кабылткан нерсеге зор нааразычылык менен

Сандалттырдың мынчалык

Саясаттын темир тор, – деп жыйынтык пикирге келет.

Минтип тагдыры саясаттын курмандыгы болуп жатканын тереңден түшүнө билүүсү ырчыдагы зирек акылды, чоң кыраакылыкты туюндурат. Ал эми түрмөнүн тор терезесинен тиктеп туруп чоң дүйнө жөнүндө ырдаганы кимди болсо да муңайтпай койбойт.

Терезеден карасам
Теректин башы чайпалат.
Жашылдан жибек жамынып,
Жай келген түрү байкалат.
Капаста жаткан шордуудан
Кандай куш кабар алалат.

 Канаттуу кушка мен карып,
Арманым айтам зарланып.
Ак жерден торго чалындым
Арам ниет душман каралап.
Кайрыкер болсоң канаттуу
Сөзүмдүн баарын жаттап ал
Чындыкты уккан жан болсоң
Чабыттап учуп айта бар.
 (1. 82-бет)

Инсандын терең трагедиясын ырчы ушинтип турмуштук ар түрдүү деталдарды ыктуу пайдалануу менен жеткилең айтып берет. Ошондой эле:

Жыйылган оокат, тапкан мал,
Жыргатып кимди куунатты.
От жалындай өмүрүм
Отко күйүп, сууга акты
 – (1. 86-бет) деп бир келген өмүрдүн кор боло жок болуп жаткандыгына ичи күйөт. Анан таптакыр айласы кетип, не кыларын билбей чарасы түгөнгөндө мезгилдин ушундай тилкесинде туулуп калганына да нааразы боло өкүнүч айтат:

Ар жактын көрүп жыргалын,
Алтымыш жашап калбадык.
Берээкте туулуп бул кезде,
Беш жашар болуп калбадык.
 (1. 83-б.)

Ошону менен бирге ырчы бул күнгө кантип туш болуп калган себебин түшүнгүсү, аңдап-билгиси келет. Бир туруп арам санатай адамдардын чыккынчылыгынан, кара ниеттигинен деп болжосо, бир туруп:

Тобо деп куран окубай,
Тоотпой кээде кудааны,
Толгонуп ойлоп отурсам
Ошондон тарттым убайды,
 – (1. 83-бет) деген жыйынтыкка келет. Кыскасы, жогоруда айтылып өткөндөй, бул багыттагы ырларда Казыбек өзүнүн инсандык жан дүйнөсүн бүтүндөй кайрадан электен өткөрүп чыккандай пикир калтырат.

Ырчынын түрмөдөгү ырлар түрмөгүнөн байкалган дагы бир сыпат – ал чыгармаларда дээрлик баштан-аяк сагынычтын сары кусасы кызыл сызык менен өтүп тургандыгы. Туулган жерге, ата-энеге, тели-теңтушка болгон сагыныч бул ырларга өзгөчө муңдуу ыргак берип турат. Бул багыттагы чыгармалары туулуп өскөн жердин жүрөккө жакын көркүн, карекке сүртүлгөн бир элесин кепке тартуу менен лирикалык каармандын чексиз муң-зарын, көөдөнүн тыткан кайгы-касиретин баяндап турушат.

Ойноп жүргөн Орто-Сырт,
Бийигиңди сагындым.
Атчан жүрүп уулаган,
Кийигиңди сагындым
, – (1.100-бет) деп ырдайт акын. Анан да ийгиликтүү табылган бир эле сөздү ыктуу пайдалануу менен акын көкүрөк тээп, жүрөк-жүлүндү өрттөгөн сагынычка андан бетер терең маани сыйдырып, ыр саптарынын жугумдуулугун андан бетер арттырат. Акын минтип жазат:

Келберсиген кең Ак-Сай,
Өңүңдү кыйын сагындым.
Асманга жакын Ала-Тоо,
Мөңгүңдү кыйын сагындым
 (1.100-бет).

Бул саптардагы “кыйын” деген сөздүн өз орду менен колдонулушу автордук ойду андан бетер тереңдетип, лирикалык каармандын көөдөн жарган сагынычын дагы да дааналатып, ал эми уккан да, окуган да адамда түркүн түс ассоциацияларды пайда кылат. Арийне, залкар казалчы сагынычтын сары убайымы ырга салынган ушул сыяктуу саптарында да өткөн жана азыркы доор, кечээги жана бүгүнкү заман жөнүндө ой калчап жүрүп олтурат. Мындай учурда тараза ташын өткөн доор, кечээги заман жөнүндөгү ойлору басып турганына күбө болобуз. Лирикалык каарман үчүн атчан жүрүп кийик уулаган өткөн доор көздөн учкан көк жээк тариздүү ырга кошулат. Ошондон улам Казыбек акын:

Тамашалуу күн көргөн
Заманыңды сагындым,
 – деп (1. 100-б.) өкүнүч да, арман да, кусалык да, сагыныч да, эңсөө да толгон саптарын жараткан.

Терезеден карасам
Теректин башы чайпалат.
Жашылдан жибек жамынып,
Жай келген түрү байкалат.
Капаста жаткан шордуудан
Кандай куш кабар алалат.

Канаттуу кушка мен карып,
Арманым айтам зарланып.
Ак жерден торго чалындым
Арам ниет душман каралап.
Кайрыкер болсоң канаттуу
Сөзүмдүн баарын жаттап ал
Чындыкты уккан жан болсоң
Чабыттап учуп айта бар.
 (1. 82-бет)

Арийне, залкар казалчы сагынычтын сары убайымы ырга салынган ушул сыяктуу саптарында да өткөн жана азыркы доор, кечээги жана бүгүнкү заман жөнүндө ой калчап жүрүп олтурат. Мындай учурда тараза ташын өткөн доор, кечээги заман жөнүндөгү ойлору басып турганына күбө болобуз.

Байге берип, кулан чаап,
Баш бошобой үлүштөн.
Көкбөрү тартып жаштары
Көөнүнчө ойноп күлүшкөн.
Эки балбан беттешип,
Эр эңиште эңишкен.
Топту бузган баатырга
Тогуздап байге беришкен.
 (1. 51-бет)

Же болбосо:

Көчмөндүү кыргыз эли бар,
Көрөргө түрлүү салты бар,
Алы жеткен үйлөрдө
Алмач өркөч алты нар,
Жабдык салса төөсүнө
Жайса килем жаркырар.
Ойдон кетпейт бул нуска
Ошончолук баркы бар.
 (1. 54-бет)

Лирикалык каарман үчүн атчан жүрүп кийик уулаган өткөн доор көздөн учкан көк жээк тариздүү ырга кошулат. Ошондон улам Казыбек акын:

Тамашалуу күн көргөн
Заманыңды сагындым
, –деп (1. 100-бет) өкүнүч да, арман да, кусалык да, сагыныч да, эңсөө да толгон саптарын жараткан.

Дегеле казалчынын түрмө, сүргүн темасындагы ырларына, айтылып өткөндөй, дал ушул сагыныч мотиви өзгөчө бир өң-түс берүү менен ал чыгармалардагы жеке инсандын өзүмдүк кайгы-касиретин өтө бир жогорку деңгээлге, эгер ушинтип айтууга мүмкүн болсо – көтөрүп турат.